Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өлкөнүн маалымат коопсуздугуна байланыштуу маселени карайт. Бул багытта көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө депутаттарга биринчи вице-премьер министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев маалымат берет.
Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары Ирактын убактылуу Башкаруу кеңеши өткөөл доордун конституциясынын долбоору боюнча талкууларын улантып жатат. Документти кабыл алуу мөөнөтү кечээ (ишембиде) соңуна чыкса да, кеңештин мүчөлөрү бүгүн-эртең бир мунасага келүүгө үмүттөнүп жатышат. Талаш-тартыш тутанткан негизги маселе – шарияттын конституциядагы ролуна байланыштуу болууда.
Нарын АЙЫП, Прага Өзөктүк курал өндүрүү сырларын чет өлкөгө сатканын пакистандык илимпоз Абдул Кадыр Хан мойнуна алгандан кийин, дүйнөлүк коомчулук андай куралдын террордук топтордун колуна тийүүсү тууралуу тынчсызданууда.
Көчкөн Сактанов, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы өлкө атуулдарынын, саясатчылардын арасында ар кыл пикирлерди жаратууда. Эгемен өлкө катары өз эне тилине күйүп, мамлекеттик тилге олуттуу көңүл бурулушун жактагандар менен бирге эле, ага каршы чыккандар да бар. Бул маселе тууралуу "Азаттыкка" экс-депутат Бегиш Ааматов маек куруп берди.
Ирактын башкаруучу кеңеши бир нече күндөн бери убактылуу конституциянын долбоорун талкуулап жатат. Мурда жетишилген макулдашууга ылайык, документ февралдын акыркы күнүндө бекитилүүгө тийиш эле. Акыркы талкууда кеңештин мүчөлөрү арасында кескин талаштар тутанып, айрымдары жыйындан чыгып кетишти. Бейтарап байкоочулар Ирактын убактылуу негизги мыйзамы калктын нааразылыгын пайда кылышы мүмкүн дешет.
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 28-февралда Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. Маалыматтарга караганда, талкуулар "иштиктүү маанайда" өткөнү менен тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктер жойулган жок. Алты мамлекет сүйлөшүүнүн үчүнчү айланпасын июндун соңуна чейин өткөрүүгө макулдашты.
Нарын АЙЫП, Прага Ирактын түндүк аймактарында жашаган күрддөр акыркы апталарда бир миллион 700 миң кол чогултуп, күрддөрдүн эгемендүүлүк алуу маселеси боюнча референдум өткөрүүнү талап кылды. Кээ бир эксперттердин пикиринде, бул талап Ирактагы абалды бир кыйла татаалдатышы мүмкүн.
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 27-февралда эртең менен Македониянын президенти Борис Трайкосвский түшкөн учактын сыныктары табылды. Куткаруучулар тобу менен иликтөөчүлөр кырсык эмне себептен болгондугун иликтеп жатышат. Босниянын Мостар калаасына учуп бараткан учакта президент Борис Трайковский жана өкмөттүн дагы 6 адамы менен эки учкуч бар эле.
Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн Македониянын өкмөтү менен эли дүйнөнүн туш тарабынан көңүл айтуу телеграммаларын ала баштады. Бейшембиде эртең менен Македониянын президенти Борис Трайковский түшүп бараткан учак Босниянын түштүгүндөгү тоолуу аймакта кырсыкка учурап, анын кесепетинен мамлекет башчысы менен анын жанындагы жардамчылары каза табышты. Бул окуя Балкандын эле башына түшкөн кырсык эмес, жалпы Европанын кайгысы катары каралууда.
Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн Македониянын президенти Борис Трайковский авиакырсыктан каза тапты. Гринвич убактысы боюнча эртең мененки саат 9дарда Трайковский түшүп бараткан учак Босниянын түштүгүндөгү тоолуу аймакта кырсыкка учураган.
Нарын АЙЫП, Прага 24-февралда Пакистандын коопсуздук кызматы ири аскерий операция жасап, ооган чек арасына жакын жерде жыйырмага жакын шектүү адамды кармады. Кээ бир гезиттердин жазышынча, бул чабуул учурунда "ал-Каида" террордук уюмунун жетекчиси Усама бин Ладен дагы кармалыш керек болчу, бирок андай болгон жок.
Дагы жүктөңүз