Муса Мураталиев, Москва. Ишембиде Дагстанда куралчан экстремисттик топко каршы эки жолу чабуул жаcалды. Жумуриятын коопсуздук кызматы боюнча федералдык башкармасынын жетекчиси Николай Грязнов журналисттерге айткан маалымдоосунда, куралчан экстремистер Дагстанда, куду Бесландагыдай ири терордук актыны кайталоону болжошкон. Биринчи чабуул Махачкала шаарында, экинчи чабуул Каспийск шаарында жасалган. Ок атышуу 14 саатка созулган жана үч милиция кызматкери ошондой эле атайын кызматтагылар төрт офицери окко учкан. Экстремисттер тараптан беш киши жок кылынган. Бирөө колго түшүрүлүп, бирөө качып кеткен.