Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:30

Саясат

РЕФОРМА КЕЗЕГИ ЖАЗА ӨТӨӨ ЖАЙЛАРЫНА КЕЛДИ

Кыргызстандагы жаза өтөө мекемелериндеги абал 29-декабрда өкмөт жыйынында талкууланды. Анда абактардагы абалдын оор бойдон калып жатканы, майда кылмыштар үчүн камалгандардын жазасын өзгөртүү зарылдыгы айтылды. Жыйын сонунда тиешелүү тараптарга жаза аткаруу жайларын реформалоо боюнча бул тармактагы бардык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун камтыган улуттук программаны иштеп чыгууну тездетүү милдети коюлду.

Жыйында алгач юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелери боюнча башкармалыктын башчысы Капар Мукеев баяндама жасап, абактардагы абалдын оор бойдон калып жатканына, кызматкерлердин эмгек акысынын аздыгына токтолду. Ошондой эле ал бул системадагы абалды жөнгө салуу үчүн борбордук орган түзүүнү сунуштады:

- Жаза өтөө жайлары боюнча мыйзамдардын аткарылышы үчүн юстиция министрлигинин алдында жазаны аткаруу мекемелери боюнча борбордук орган түзүүнү сунуштайм. 20-октябрда абактардагы баш аламандык эмне үчүн чыкты? Эмне үчүн өкмөт башчы абакка барууга туура келди? Ошол убакта эч ким чечкиндүү чечим кабыл алган жок. Устав боюнча бөлүктүн башчысы чечиши керек эле муну. Эч ким жоопкерчиликти өзүнө алгысы келген эмес. Азыр деле абал андан өзгөргөн жок. Биз азыр юстиция министрлигинде арабадагы бешинчи дөнгөлөккө окшошпуз.

Капар Мукеев мындан сырткары азыр кызматкерлердин эс ала турган жайлары жоктугун, бул тармакка караштуу төрт эс алуу жайы мурдагы бийликтин тушунда менчиктештирилип кеткенин белгиледи.

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында Кыргызстандын абактарында сегиз жарым миң адам болсо бүгүнкү күндө алардын саны 16 миңден ашуун.

Өкмөт башчы Феликс Кулов учурда 16 миң адамдын абакта кармалып турушу Кыргызстан үчүн көптүк кылаарын, абактарда майда-чүйдө уурулук жасагандар отурганына өзү да күбө болгонун белгилеп, жаза мекемелеринин башчысынан канча кишини кыскартууга болоорун сураганда, ал алты миң деп жооп берди.


Мындай жооптон соң өкмөт башчы буларга токтолду:


- Эгер биз алты миң адамды бошотсок, бир канча колонияларды бириктирүү менен, анча көп каражат коротпой туруп, эски колониялардын базасында жаңы колоноияларды түзө алабыз.

Ал эми юстиция министри Марат Кайыпов министрликтин эсеби боюнча, эки миң эле адамды кыскартууга болоорун айтты:

- Кылмыш жаза саясатын гумандаштыруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Ал ишке аша турган болсо биздин эсеп боюнча, алты миң эмес, эки миңдей адам боштондукка чыгат. Алардын катарына биринчи жолу жана жеңил кылмыш жасагандар сыяктуулар кирет.

Министр жаза өтөө мекемелеринин башчысы алты миң деген санды каяктан алганына таң калды. Натыйжада талаш-тартыш болуп, өкмөт башчы аны дыкат иликтеп чыгуу маселесин койду.




Феликс Кулов ошондой эле абактарда жеке ишкерлер аркылуу болсо да өндүрүштү жандантуу зарылдыгына токтолду:

- Колониялардагы өндүрүш аймактарын менчик колго ижарага берүү жолдорун караш керек. Өндүрүштү жандандырып, абактагылардын иштеiине шарт түзүү зарыл. Албетте коопсуздук маселелери сакталууга тийиш. Азыр мамлекет абактарга ишканаларады кура албайт. Андыктан ал жерде керек болсо эркин экономикалык аймактарды түзүү керек.

Ал эми каржы министри Акылбек Жапаров адегенде сыноо иретинде бир колонияда эркин экономикалык аймак түзүп көрүүнү сунуштады.

Жыйын сонунда тиешелүү тараптарга жаза аткаруу жайларын реформалоо боюнча бул тармактагы бардык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун камтыган улуттук программаны иштеп чыгууну тездетүү милдети коюлду.

УКРАИН ПРЕЗИДЕНТИ ОРУСИЯ МЕНЕН "ГАЗ СОГУШУНДА" САЯСИЙ САЛМАГЫН САКТАП КАЛА АЛАБЫ?

Орусия жана Украина эки ортодогу газ чатагын чечүүгө багытталган сүйлөшүүлөрүн улантууда, бирок тараптар мунасага келе элек. Орусиянын келерки жылга газ баасын дээрлик төрт эсе ашуун көтөрүүсү украин президенти Виктор Ющенко үчүн ал мамлекет башчысынын кызматына киришкенден берки эң чоң проблема болгонсуду. Газ баасынын кымбаттоосунун Украинага тийүүчү ыктымал саясий жана экономикалык кесепеттери кайсылар?

Украин өкмөт башчысы Юрий Ехануров Москванын келерки жылга көгүлтүр оттун ар бир 1000 кубометринин баасы 230 доллар деген сунушун ушул шаршембиде кайрадан четке каккан эле. Ехануровдун айтымында, Киев муну кабыл алынгыс жана Украинага экономикалык кысым көргөзүү катары эсептейт. Украин өкмөт башчысы кошумчалагандай, эгер Орусия тарап алардын сунушун кабыл албаса, Стокгольмдагы арбитраждык сотко кайрылууга негиз бар. Украинанын энергетика министри Иван Плачков Москвага мына ошол сунуштар менен келгендей. Ал Киевден кабарчыларга, Украина келерки жылдын алгачкы үч – алты айында көгүлтүр оттун ар бир 1000 кубометрин эң көп дегенде 80 доллардан сатып алууну, ал эми Орусия талап кылгандай базар баасына 2009-жылга карата этап – этап менен өтүүнү көздөөрүн билдирди.

Айрым эксперттер болсо тараптар мунаса таба алуучу баа катары 1000 кубометр үчүн 150-160 долларды аташууда. Ошол эле учурда Украина өз аймагы аркылуу орусиялык газды Европага транзиттөө тарифин да 1000 кубометр үчүн 100 чакырымга буга чейин төлөнгөн 1,09 доллардан 2-2,5 долларга көтөрө алат.

Анткен менен мындай мунаса табылган учурда да, Украинанын газ үчүн келерки жылы чыгымы быйлкы 2,5 миллиард доллардан кеминде үч эсеге жогорулап, Түркмөнстандан газ кандай шартта келерине жараша болот. Натыйжада баанын жогорулоосу, экономикада жана эл турмушунда кыйла сезилчидей.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Economist Intelligence Unit" уюмунун эксперттеринин эсебинде, мындай жагдайда Украина газ үчүн ички тарифтерин 50-100%га, өнөр -жай үчүн эки эсеге көтөрүүгө мажбур. Бул өз кезегинде саясий жана экономикалык кесепеттерди алып келери шексиз.

Биринчиден, газ кымбатташына нааразы болгон украин электоратынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоодо президент Виктор Ющенкого оппозицияда турган саясий күчтөрдү, ириде анын былтыркы президенттик шайлоодогу атаандашы Виктор Янукович лидерлик кылган Региондор партиясын колдошу мүмкүн. Коомдук пикирди сурамжылоонун азыркы көрсөткүчтөрүнө караганда, Региондор партиясын украиналыктардын 25%ы, ал эми президентчил "Биздин Украина" блогун 15%ы колдойт экен.

Экинчиден, газ баасынын көтөрүлүүсү украин экономикасынын өзөгүн түзгөн өнөр -жай тармагында, өзгөчө энергияны арбын керектеген металлургия жана химиялык ишканаларда продукциянын өздүк наркынын кымбаттоосун, ага өндүрүштүн көлөмү төмөндөшүн, жумушсуздукту алып келет.

Украинанын улуттук дүң өндүрүшү 2004-жылы 12%га жогоруласа, быйыл бул көрсөткүч 3%ды гана түзгөн. "Economist Intelligence Unit" уюму кийинки жылы украин экономикасы стагнация абалына жакындайт деп болжолдойт.

Расмий Киев деле Орусия менен газ чатагынын кесепеттерин аңдап, билгендей. Буга каршы айрым чараларды көрүп жатат жана көрүлөрүн жарыялады.

Маселен 1-январдан тарта өкмөттүн чечимине ылайык, газ үчүн ички тарифтер 25%га жогорулатылат же орто эсеп ар бир украин үй -бүлөсү мурдагыдан 1,2 доллар көп төлөмөкчү.

Украин бийликтери Түркмөнстан менен келерки жылга газ боюнча келишим түзүүгө жетишти. Бирок газ канча көлөмдө келээри жана баасы ачыкталган жок. Ошондой эле Орусияда түркмөн газын Украинага өткөрүүчү куурду тейлеген компания кандай баа чектери белгисиз.

Айтор теориялык жактан караганда, украин өкмөтүн аракеттери Орусия менен газ келишимине кол коюлбаган шартта деле март айынын соңундагы парламенттик шайлоого чейин экономикада салыштырмалуу стабилдүүлүктү кармоого жардам бериши ыктымал. Бирок бул мезгилге дейре президент Ющенко жана анын өнөктөштөрү учурдагы саясий салмагын сактап кала алаар бекен. Бул - азырынча күмөндүү маселе.

БЕСЛАН ТРАГЕДИЯСЫ БОЮНЧА АР БАШКА МААЛЫМАТТАР ЖАРЫЯЛАНУУДА

Нарын АЙЫП, Прага 28-декабрда орус парламентинин Федерация кеңешинде Беслан трагедиясы боюнча доклад жасалды, анткен менен иликтөө аяктап бүтө элек жана жарыяланган маалыматтар дагы толук эмес деп айтылууда. Бирок мындан бир ай мурда Түндүк Осетиянын парламенттик комиссиясы да өз докладын чыгарган жана Маскөө менен Владикавказда жарыяланган маалыматтар бир биринен бир топ айырмаланат.

Маскөөлүк комиссиянын төрагасы Александр Торшиндин айтымында, Орусия өкмөтү Түндүк Осетия жана Ингушетия жетекчилигине трагедия башталганга чейин эле бир нече эскертүү жасап, аймакта ири террордук аракет ишке ашырылышы мүмкүн деп айткан, бирок тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес. Орусиянын Ички иштер министрлиги 1-сентябрда коопсуздук чараларын өзгөчө күчөтүш керек деп билдирген, бирок ал талап дагы аткарылган эмес. Андан тышкары, туткундарды бошотуу учурунда да көптөгөн ката кетирилген, алар болбогондо, өлгөндөрдүн саны алда канча аз болмок.

"Канча адам барымтага алынганы 1-сентябрда түштөн кийин эле белгилүү болгон, бирок бийлик туткундардын саны 354 деп жалган маалымат тараткан. Андан тышкары, тартип коргоо уюмдары жергиликтүү калкты окуя болуп жаткан жерден бөлүп-чектеген эмес жана эл мектептин жанына чогулуп, имаратка каршы ок да ата баштаган", - деп билдирди Торшин 28-декабрда.

Анткен менен Түштүк Осетия жумуриятынын парламенти өз алдынча да комиссия түзгөн, аны Станислав Кесаев жетектеген жана ал өзүнүн докладын мындан бир ай мурда, 29-ноябрда жарыялаган. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, туткундардын саны 354 деп айтууга Маскөөдөн келген генералдар буйрук берген, барымтадагыларды бошотуу учурунда болсо бир топ адам террорчулардын колунан эмес, өкмөттүк аскерлердин аракеттеринен улам каза болгон.

27-декабрда болсо Орусиянын Башкы прокуратурасы атайын билдирүү жасап, Бесланда барымтага алынган мектепти бошотуу учурунда бийлик эч кандай ката кетирген эмес деп билди

Осетиялык комиссиянын маалыматы боюнча, 2004-жылдын 1-сентябрында Беслан мектебинде бардыгы болуп 1388 киши туткунга алынган жана мектепте 354 гана киши кармалды деп жарыяланган маалымат террорчулардын жинин келтирип, алардын бир нече адамды өлтүрүшүнө алып келген.

Экинчиден, террорчулар талап кылган сүйлөшүү да башталган эмес, андай демилге менен бир нече белгилүү адам чыккан, "Ал-Жазира" сыналгысы болсо андай сүйлөшүүнү түз ободо көрсөтүүнү сунуштаган, бирок ал демилге дагы четке кагылган. Сүйлөшүүгө ортомчу болууга Аслан Масхадов дагы макулдугун берген, ал Бесланга 3-сентябрда кечинде келмек жана айрым эксперттердин пикиринде, дал ошол Масхадовду окуяга катыштырып, аны баатыр кылып жибербеш үчүн орус аскерлери мектепти бошотуу операциясын баштаган.

Бийликтин айтымында, 3-сентябрда түшкү саат бирге жакын мектептин ичинде жарылуу болуп кеткен, андан имараттын дубалы бузулган жана туткундар ошол көзөнөк аркылуу качып чыга баштаган, террорчулар болсо аларды артынан атууга киришкендиктен, өкмөттүк аскерлер да чабуулга өткөн.

Осетиялык комиссиянын айтымында, биринчи жарылуу менен мектептин чатыры бузулган жана ал жардыруу сырттан жасалган. Аны менен удаа болгон экинчи жардыруу менен имараттын дубалы бузулган жана ал дагы сырттан атылган танктын огунан болушу мүмкүн. Андан 25 мүнөт өткөндөн кийин гана үчүнчү, эң күчтүү жарылуу болгон жана ал - мектепте башталган өрттөн террорчулардын миналарынын жарылышы болгон.

Кесаевдин тапкан маалыматтары боюнча, өлгөндөрдүн 45 пайызы оор куралдан жана жарылуулардан курман болгон, 16 пайызы окко учкан жана 10 пайызы өрттөн өлгөн, ошондуктан бир топ адам өкмөттүк күчтөрдүн аракеттеринен өлгөн болушу керек, анткени бийлик танкилерден тышкары от атмаларды дагы колдонгон.

Бардыгы болуп 331 адам өлгөн, алардын бир жүз сексен сегизи - балдар. Террорчулардын саны 32 болгон, алардын отуз бири өлтүрүлгөн, колго түшкөн Нурпаши Кулаевдин үстүнөн азыр сот жүрүп жатат.

Бесландын коомдук уюмдары АКШ жетекчилигине кайрылып, спутник аркылуу тартылып алынган сүрөттөрдү жарыялоону суранды, анткени, алардын айтымында, орус өкмөтү көп маалыматты жашырып жатат жана айрым учурларда террордук аракеттерге өзү да атайын жол берет, анткени аны менен бийлик өзүнүн көптөгөн саясий жана коммерциялык маселелерин чечет.

ОРУСИЯДА «КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК АРАЛЫН ЖОК КЫЛА ТУРГАН» МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдүктү күчөтүүгө багытталган жаңы мыйзам долбоору эл аралык адам укугун коргоочуларын беймаза кылуда. Алар мыйзам күчүнө киргенде Орусияда адам укугун коргоо үчүн аракет кылган жааттын «оор кыйрашына алып келет» деп айтышууда. Эл аралык «Хьюмэн райтс үотч» адам укугун коргоочу уюму, кечөө, 27 декабрде, орусиялык өйдөкү палата кабыл алган мыйзам долбоорун «адам укугун коргоочуларга каршы мурда болуп көрбөгөн чабуул болду» деп сыпаттап, бул маселени «чоң сегиз» алкагында талкуулоо үчүн батыштык лидерлерге кайрылышкан.

Эскерте кетели, кечээ, шейшембиде, Орусиянын жогорку палатасы, «Коомдук бирикмелер тууралуу» аталышта жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды. Ал мыйзам күчүнө киргенде өлкөдөгү миңдеген өкүмөттүк эмес уюмдар кыйла тоскоолдукка дуушар болот дешет. Мыйзам жердиги сунуш этилишинен кийин кыйла оңдолду. Мурда, маселен, чет өлкөлүк уюмдарды бүтүндөй орусиялык кылып б.а. мамлекет мыйзамына бүтүндөй баш ийген уюмга айлантуу беренеси болгон. Бирок, батыштык коомдук уюмдар кийлигишүүсүнөн кийин президент Путин «жумшарткыла» деген көргөзмө берип, кийин азыркы абалына түшкөн. Ошого карабай азыр деле мыйзамда чет элдик уюмдарга оорчулук бар дейт. Алар эми өзүнүн ишкердүүлүгү орусиялык улуттук, коомдук же коргонуу кызыкчылыгына каршы келбейби ошону далилдечү маалыматты улам-улам берип турууга муктаж болот экен.

Саясий анализчилер баамында бул Орусияда көзкарандысыз добуштардын мындан ары да азайышына алып келет. Ошондой эле эми Кремлге ал каалап тургандай бейырасмий топторду эч үзгүлтүксүз ыза кыла берүүгө, б.а. аларды каалаган учурда «жаман бала кылууга» мүмкүнчүлүк берет дешет. «Бул мыйзам, негизинен, мурда советтик жумурият болушкан Украина, Грузия, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдө демократиялык кыймылдын өнүгүшүнө Батыш көргөзүп аткан колдоону тыюу үчүн жазылганын», - белгилешет.

Ошол себептүү Нью-Йорк Таймс (The New Үork Times) ал мыйзамга арналган баш макаласын «Өкүмөттүк эмес уюмдарга чабуул», - деп атаган. «Путин ысмы азыркы тушта чындыгында эл арасында кеңири маалым, ошондуктан Кремлдин таасир этүү алкагын мындан ары да кеңейтүүнүн эч кажети жок эле. Эми Путиндин бюрократтары аны ар бир эле, өзүн сынга алууга батынган мурдагы деп эсептеген оппоненттерине каршы колдонбосо болду», - деп жазат.

Кечээ, шейшембиде «Маяк» үналгысы таркаткан маалыматта өкүмөттүк эмес уюмдар каражатына бийлик катуу көз сала тургандыгын баса көргөздү:

«Мамлекет ал (өкүмөттүк эмес – ММ) уюмдардын чет өлкөдөн каржыланышын айрыкча көзөмөлдүккө алат», - деди прогамманы алып баруучу.

Жаңы мыйзам долбоору – бул борбую толуп келаткан Орусия жарадык коомуна урулган олуттуу сокку болорун Маскөөдөгү Хелсинки тобунун төрайымы Людмила Алексеева айтат:

«Биз - жарандык коомбуз. Бизге бийликтин сыйлыгы, каражаты, дагы башка артыкчылыгынын кереги жок. Биз өзүбүздүн адамдык кызыкчылыгыбыз чегинде, биздин жарандык абийирибиз астында аракет кылууну көздөйбүз», - дейт Алексеева айым.

Бийлик болсо жаңы мыйзам кабыл алууга террорчулук менен күрөшүү түрткү болду дейт. Бирок андай шек алдырган өкүмөттүк эмес уюмдарды текшерип териштирүүгө эч убакта эч ким каршылык көрсөтүлбөгөнүн өкүмөтүк эмес уюмдар өкүлдөрү айтышууда. Ошондуктан бул дымак артында Кремлге сын айткан жаатты такыр тыюу максаты турат, баарыдан мурда, Чеченстан согушу, өлкөдө басма сөз каражаттары, айрыкча сыналгы-үналгы абалы жана башкаларды сынга алууну ооздуктоо турат дешет.

Шейшембиде өйдөкү палата төрагасы Сергей Миронов журналисттерге: «ага (мыйзам долбооруна – ММ) Владимир Путиндин кол коюшуна күмөн санабайм. Эмне дегенде биз документти оңдообузда ал киргизген толуктоолор чечүүчү мааниге ээ болду», -деген.

ОРУСИЯ МЕНЕН УКРАИНАНЫН "ГАЗ СОГУШУ" УЛАНУУДА

Жаңы жылга үч эле күн калганы менен Орусия жана Украина келерки жылга көгүлтүр оттун баасын макулдаша элек. Украин өкмөт башчысы Юрий Ехануровдун шаршемби күнү билдирүүсүнө караганда, Орусиянын баа боюнча соңку сунушу кабыл алынгыс жана муну Украинага экономикалык кысым көргөзүү катары баалоого болот. Украин өкмөт башчысы ошондой эле газ чатагы акыр барып эл аралык сотто аякташы мүмкүн экенин белгиледи.

Украина аркылуу Орусиядан европалык керектөөчүлөргө багытталган газ өтөт. Ошол транзиттин акысы үчүн Украина буга чейин көгүлтүр оттун ар бир 1000 кубометрине 50 доллардан төлөчү. Эми Орусия газ соодасында базар мамилесине өтүүнү талап кылууда жанга жаңы жылдан тартып, Украина үчүн бааны мурдагыдан төрт эсе ашуун же 230 долларга чыгарды. Базар мамилесине өтүүгө Украина да каршы эмес, бирок Киевдин пикиринде, нарк бир нече жылдын ичинде акырындап көтөрүлүшү керек.

Мындан эки күн мурда украин өкмөт башчысы Юрий Ехануров алар өз аймагы аркылуу Европага өткөн орусиялык газдын 15%ын алып калууну көздөп жатканын, буга Киевдин юридикалык укугу бар экенин билдирген эле. Орусиянын мамлекет көзөмөлдөгөн "Газпром" компаниясынын өкүлү Сергей Купрянов муну уурулук катары баалады:

-Бүгүн айтылып жаткан билдирүүлөр, Украина европалык керектөөчүлөргө багытталган газды алат дегенди туюндурат. Бул иш жүзүндө газды уурдоо.

Эгер тараптар 31 –декабрга карата келишимге кол койбосо, окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн.

Биринчиден, Орусия Украинага кеткен башкы газ куурундагы басымды азайтып, Европага багытталган газга гана ылайыктышы мүмкүн. Украина учурда ошол газ түтүгү аркылуу кеткен көгүлтүр оттун 20%дайын алат. Куурдагы басымдын азайышы деле Украинаны көгүлтүр отсуз калтырбайт, бирок мындай жагдайда тартыштыкты европалыктар сезе баштайт.

Экинчиден, Украина жер алдындагы 13 газ кампасында топтолгон көгүлтүр отту пайдаланууга мажбур болушу мүмкүн. Ал кампалардын сыйымдуулугу 34, 5 милллиард кубометр газга эсептелген. Бирок өлкөнүн "Нафтогаз" компаниясынын билдиргенине караганда, кампалар 60-65%га гана толтурулган, бирок кыш мазгилинде жетишпеген газдын ордун жабат. Анткен менен ошол кампалардагы газга ээлик маселесинде кайра эле таш чыкчыдай. Себеби Украина менен катар Орусия жана Венгрия да ал кампаларда өз газы бар экенин айтып жүрөт. Мисалы Орусия быйыл жайда эле Украинанын кампаларында дээрлик 8 миллиард кубометр газы бар экенин билдирген.

Үчүнчүдөн, Украина Стокгольмдун Соода палатасындагы арбитрждык сотко Орусиянын "Газпром" компаниясына каршы доо арыз бериши ыктымал. Тараптар келише албаган шартта, Украинанын мындай мүмкүнчүлгү бар экенин премьр- министри Юрий Ехануров айткан. Себеби Киевдин ырастоосунда, эки ортодогу коммерциялык келишим 2009-жылга чейин эсептелген жана Орусия тарап ал келишимди бузууга барууда. Газ талашы акыр барып эл аралык арбитраждык сотто аякташы мүмкүн экенин украин өкмөт башчысы ушул шаршембиде да билдирди.

Баяндамачылар болсо эки коңшу өлкө ортосундагы азыркы газ чатагынын бир нече себебин көргөзүшүүдө. Андай себептердин бири – Орусиянын Украинадагы газ куурларына көзөмөл орнотуу аракети.

2002-жылы Киев жана Москва Украинанын оңдоого өтө муктаж газ түйүндөрүн башкаруу үчүн эл аралык концорциум түзүүнү макулдашкан. Бирок Украина куурлардын 50%ын "Газпромго" берүү жөнүндөгү Орусиянын талабына макул болгон эмес.

Азыркы сүйлөшүүлөрдө да "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер, эгер Украина куурлардын 50%ын Орусияга өткөрүүгө макул болсо, баа маселесин кайра карап көрүүнү сунуш кылды. Бирок украин бийликтери сунушту ошол эле күнү четке каккан.

Орусиянын мындай стратегиясы коңшу Беларусияда ийгиликтүү ишке ашкандай. Минск жаңы жылда газдын ар бир 1000 кубометрин мурдагыдай эле 47 доллардан алат. "Газпромдун" өкүлү жакында "Нью Йорк Таймс" гезитинде мунун себебин Беларусия өз газ куурларын Орусиянын көзөмөлүнө бергендигине байланыштуу деп түшүндүргөн. Куурлар "Газпромго" таандык болот да, алар жайгашкан жер узак мөөнөткө ижарага берилет. "Газпром" ушундай эле сунушту Армения менен Грузияга да жасаган, бирок аталган өлкөлөр мындай чечимге келе элек.

Газ чатагынын дагы бир түйүнү– Орусиянын Украинада келерки жылы, мартта өтүүчү парламенттик шайлоого таасир көрсөтүп, парламентке орусиячыл күчтөрдүн көбүрөөк келишине жетишүү мүдөөсүндө жаткандай. Саргылт ыңкылаптан улам былтыркы президенттик шайлоодо Орусия колдогон талапкер Виктор Янукович утулуп калганы белгилүү.

Орусия менен Украинанын газ талашында ошондой эле экономикалык фактордун да ролу бардай. Орусиялык айрым эксперттердин айтымында, "Газпром" жаңы кендерди өздөштүрө албай жаткандыктан, өндүрүштүн көлөмү азайышы мүмкүн. "Газпром" өзү мындай ырастоолорду четке каккан. Бирок жаңы жылдан тарта Түркмөнстандан мурдагыга караганда көгүлтүр отту көп сатып алууну караган келишимге кол койду. Эгер "Газпром" Украинага көгүлтүр оттун ар бир 1000 кубометрин 230 доллардан сатууга жетишсе, жылына 3 миллиард доллар кошумча киреше алат экен.

БИШКЕК МАИде КОРРУПЦИЯ КҮЧ

Аманбек Жапаров,Бишкек Бишкек шаардык МАИ башкармалыгы коррупцияга батып, жетекчилери катардагы кызматкерлердин кызыкчылыгын көздөбөй, өздөрүнүн кызыкчылыгын гана көздөп калышканын айтып чыкканы үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматтан бошотконун Бишкек МАИсинин мурдагы жетекчиси Касымбек Райымкул уулу маалымат жыйынында билдирген. Ал эми Ички иштер министри Мурат Суталиновдун айтымында, Райымкул уулуна Бишкек МАИсинин жеке курамы каршы чыккандыктан кызматтан бошотулган.

Ноябрь айынын соңунан бери Бишкек шаардык МАИ тармагынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин тегерегинде коомчулукта ар-кандай пикирлер айтылууда. Бишкек МАИнын мурдагы жетекчиси Касымбек Райымкул уулунун билдиргенине караганда, тармактагы коррупциялашкан системаны жоюу багытында иш аракеттерди жүргүзө баштаганда, анын мындай аракети шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиевге жага бербей, Райымкул уулун 29-ноябрда ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошоткон. Ал жакында маалымат жыйынын өткөрүп, Молдомуса Конгантиевдин буйругу менен Бишкек МАИсине тиешелүү автостоянканы ижарага алып иштетип жаткан «Калыс-транс» жоопкерчилиги чектелген коомдун келишими жокко чыгарылып, «Автоспец-терминал» жоопкерчилиги чектелген коомго берилгени тууралуу документтерди журналисттерге көрсөттү. Райымкул уулу ошондой эле үстүбүздөгү жылы 29-октябрда Бишкек МАИсинин башчысы болуп дайындалгандын эртеси Молдомуса Конгантиев кеңсесине чакырып, милиция кызматкерлеринин күнүнө карата сый тамак уюштурууга көрсөтмө бергендигин, жетекчи сунуштаган тизменин баасы 80 миң сомду түзгөндүгүн маалымдады. Касымбек Райымкул уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин мындай сунушунан баш тарткандыгын, ошондон баштап аны кысымга алуу башталганын, Бишкек МАИнын башчысы болуп бир айга чукул гана иштегенин билдирди.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев ага коюлган дооматтар негизсиз экендигин маалымат каражаттары аркылуу билдирген.

Бул маселеге байланыштуу Ички иштер министри Мурат Суталиновдун пикири:

- Мен ойлойм ал чындыгында эле коррупция менен күрөшүүнү каалаган жок. Бул жерде Молдомуса Конгантиевдин эч кандай тиешеси жок. МАИнин жеке курамы Касымбек Райымкул уулуна ишенбөөчүлүк көргөзүшүп, ошонун негизинде ал кызматтан бошотулду. Качан жалпы жамаат, өзгөчө сержанттык состав ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин, бул жерде бардыгы жайында эмес. -деди министр Мурат Суталинов. Ал ошондой эле Ички иштер министрлигиндеги коррупция 24-мартка чейинкиге салыштырмалуу кыйла азайганын белгиледи.

Касымбек Райымкул уулу болсо Бишкек МАИсинде калыптанып калган системаны бузууга аракет кылганы үчүн кызматтан алынганын мындайча сыпаттады:

- Мен келип өзүмдүн чөнтөгүм үчүн иштей баштаган жокмун да, же болбосо кызматкерлерди акча чогултуп келгиле, мурдагы системага түшкүлө деген жокмун да. Тескерисинче көмүскө иштеген Бишкек МАИсиндеги системаны бузуп, реформа жүргүзүү багытында ишти баштагам. Мен МАИ кызматкерлерине айдоочуларга өзгөчө сылык мамиле кылгыла, эреже бузгандар айып пулун төлөп, силердин мамилеңерге ыраазы болуп кетсин деген талапты койгом. Кыскасы мурдатан калыптанып калган системага каршы туруп аткам. Балким мен жалгыз болуп жаткандырмын. Бирок менин оюмча мени колдой турган көп адамдар, кызматкерлер бар.

Касымбек Райымкул уулу адилеттикке жетиш үчүн митинг, пикет уюштурбай, бул система менен башкача күрөшө тургандыгын билдирди. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин мыйзамсыз иш аракеттерине чара көрүүнү жана МАИ тармагындагы жагымсыз көрүнүштөргө каршы реформа жүргүзүү сунушу менен президентке, премьер-министрге кайрылган. Касымбек Райымкул уулу коомдо мыйзамдуулукту, тартипти орнотууга бийлик чечкиндүү кадамга барат деген ишенимде:

-Эртең же бүрсүгүнү бир чындык болуш керек да. Мамлекетте тартип болуш керек да. Мындай терс көрүнүштөр канчага чейин улана бериши керек?

АНЖИЯН ОКУЯЛАРЫНАН КИЙИН ТАШКЕНТ МАСКӨӨ МЕНЕН ПЕКИНДЕН КОЛДОО ИЗДӨӨДӨ

Нарын АЙЫП, Прага 2005-жылы Өзбекстан ири саясий чечим кабыл алып, Европа жана башка Батыш мамлекеттери менен мамилелерин дээрлик толугу менен бузуп, Орусия жана Кытай менен жакындашты. Ага - май айында Анжиян шаарында болгон элдик козголоңдун бийлик тарабынан кандуу басылышы жана аны Батыш мамлекеттери катуу сынга алганы себеп болду.

1989-жылдын июнунда Бээжин шаарынын борбордук Тянанмэн аянтындагы студенттик митинг канга жуурулуп басылгандан кийин Батыш мамлекеттери Кытайга каршы бир топ чектөө жарыялаган жана алардын айрымдары эмгиче алып салына элек. 2005-жылдын 13-май күнү Өзбекстандын Анжиян шаарында дагы элдик козголоң чыгып, ал дагы кандуу басылгандан соң өзбек президенти Ислам Каримов дароо Бээжинге сапар менен барганы бир топ нерсени түшүндүрөт.

Бийликтин айтымында, Анжиянда бардыгы болуп 187 адам курман болгон жана алардын көпчүлүгү - козголоңду уюштурган жана ага катышкан террорчулар болчу. Өзбек оппозициясы жана өлкөнүн дагы, эл аралык дагы укук коргоочулардын айтымында болсо, өлгөндөрдүн саны андан бир нече эсе көп болгон жана алардын көпчүлүгү карапайым адамдар болчу. Ошондуктан Батыш мамлекеттери окуяны эл аралык дэңгээлде иликтеп чыгууну сунуштаган. Бирок Ташкен ага кескин түрдө каршы чыгып, козголоң сырттан уюштурулуп, чет өлкөлөрдөн алынган акчага даярдалган деп жарыялады.

Натыйжада Европа Биримдиги Өзбекстанга каршы бир топ чектөө жарыялады, өлкөнүн жогорку жетекчилиги азыр европалык мамлекеттерге эркин бара албайт. Алманияга дарыланууга келген ички иштер министри Закир Алматовко каршы укук коргоочулардын талабы менен немис прокуратурасы тергөө да баштаган жана министр Алманиядан шашылаш түрдө чыгып кетүүгө аргасыз болуп, кийин кызматынан да айрылды.

Өзбекстандык саясат таануучу Фархад Толиповдун айтымында болсо, Анжиян окуялары эл аралык деңгээлде иликтенгенде, эгер анын даярдалышына чет өлкөлүк мамлекеттер катышкан болсо, иликтөөдөн ал ачыкка чыкмак жана козголоңду АКШ же башка бытыш мамлекеттери уюштурганын Ташкен батыш тергөөчүлөрүнүн колу менен далилдеп алмак.

Бирок анткендин ордуна президент Ислам Каримов - анын саясатын сынга албаган Бээжин жана Маскөө менен жакындашууну чечти, Анжияндан үрккөн качкындарды кабыл алып, алардын көпчүлүгүн үчүнчү мамлекетке жиберген Кыргызстанды болсо - террорчулар анын аймагында даярдалган деп күнөөлөдү. Качкындардын Европага жөнөтүлүшүн талап кылган АКШнын Өзбекстандагы базасын болсо Ташкен өлкөдөн чыгарып кетүүнү талап кылды жана Вашингтон ага дароо макул болгондуктан, Өзбекстандын эл аралык чөйрөдөн обочолонгону ого бетер күчөдү.

Козголоңго тийешеси бар деп бир жүз элүүдөн ашык адам кармалды жана алар баары сот аркылуу күнөөлүү деп табылууда. Ансыз деле мурда оппозицияга күн көрсөтпөй келген өзбек режими Анжиян менен байланыштуу сын айткандарды гана куугунтуктабастан, калыс маалымат тараткан уюмдардын, мисал үчүн "Интерньюс" же "Азаттыктын" Өзбекстандагы кеңселерин жапты. Ошондуктан 2005-жылы Ташкендин эң негизги шеригине - өзү Батыш таасирин азайтып, жарандык коомдун аракеттерин чектөөгө умтулган Маскөө айланды жана өз ыктыяры менен мурда чыгып кеткен Биргелешкен коопсуздук келишим уюмуна Өзбекстан эми кайрадан кошулууга умтулууда.

"Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер бүгүн мурда болуп көрбөгөндөй дэңгээлге чыгып жатат, мен аны толук түшүнүп турам жана өзбек эли дагы аны жакшы түшүнөт. Өзбекстан менен союздаш мамиле түзүү боюнча келишимге кол коюуга макул болгону менен Маскөө тарыхта болуп көрбөгөндөй кадамга барып жатат", - деп билдирди Каримов Маскөөдө.

Анткен менен айрым орусиялык жана батыш экперттеринин пикиринде, дүйнөлүк коомчулук тарабынан байталман мамлекетке айланган Өзбекстандын Орусияга мынчалык жакындаганы Маскөөгө кошумча баш оору да алып келиши мүмкүн.

БЕЛАРУС ПРЕЗИДЕНТИ ЛУКАШЕНКО ҮЧҮНЧҮ МӨӨНӨТ ҮЧҮН АТ САЛЫШАТ

Беларуста президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, мартта өтө турган шайлоого азыркы президент Александр Лукащенко баш болгон 8 талапкер катталды. Эми алардын ар бири кеминде 100миң шайлоочунун колун топтоп комиссияга тапшырууга тийиш. Бириккен оппозициянын талапкери Александр Милинкевич күчтүү атаандаштардын бири, бирок президент Лукашенко 3-мөөнөткө шайланбай калышы мүмкүн деп күмөн санагандар жокко эсе.

Лукашенконун атаандаштарын 19-марттагы президенттик шайлоого чейин алдыда дагы далай тоскоолдуктар күтүп турат. Алардын маалымат каражаттарына чыгуу мүмкүндүгү чектелген, акчасы аз, ага кошумча каалагандай жолугушуу жыйын өткөрө алышпайт. Жер-жерлердеги шайлоо комиссияларында оппозициячыл кыймылдардын өкүлдөрү жок. Ошентсе да, бирдиктүү оппозиция көрсөткөн Александр Милинкевичтин башка талапкерлерге караганда таасирдүү атаандаш экенин байкоочулар бир ооздон белгилешет. Ал өзү ушу тапта башынан кыйын күндөрдү кечирип жатканын айтат.

- Өлкөдө абал азыр абдан кыйын болуп турат. Мисалы, биздин активисттер саясий конгресстин жыйынтык документин таратканы үчүн камакка алынууда. Алар ушул күндөрү соттолуп, мойнуна олчойгон айыппул тагылууда. Бийликтегилер өзүлөрүнө жагымсыз маалыматтан коркуп-үркүп турган кез

Президент Лукашенконун атаандаштары убакыттан да уттурду. Беларус парламенти шайлоону мыйзамда көрсөтүлгөн июль айынан мартка жылдырып, алардын эл менен жолугушуу, каттоого даярдык көрүү жана башка иштерине бөлүнгөн убакытты 2 айга кыскартты. Ошентсе да, Милинкевич оппозициячылар баарын тобокелге салып, шайлоого бараарын, анткени бул эл менен жолугушуп-баарлашып, алардын оюндагысын билип, таасир этүүнүн бирден бир жолу деп белгилейт.

Профессор Олег Манаев – шайлоо кампаниясынын тегерегинде көз карандысыз изилдөө жүргүзгөн социологдор тобун жетектейт. Ал коомдук сурамжылоо көрсөткөндөй, эгерде шайлоо эртең өтсө, элдин кеминде 52%ы Лукашенкого добуш берип, оппозициячыл талапкер Милинкевич ашып кетсе 7% чогултмак дейт. Бирок профессор Манаев да президенттик шайлоо кампаниясы оппозициячылар үчүн маанилүү өнөктүк экенин, парламентте, Беларус телеканалдарында чыгып сүйлөгөн бир жөн, шайлоо – бул таптакыр башка маселе эмеспи деп белгилейт.

ПРОКУРАТУРА ОРУС БИЙЛИГИНЕН АЙДАР АКАЕВДИ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮНҮ СУРАНДЫ

Кыргыз бийликтери мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдарды өткөрүп берүү өтүнүчү менен орус бийликтерине кайрылды. Айдар Акаев бир катар экономикалык кылмыштарды жасаган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын баш прокурору Камбараалы Конгантиев журналисттерге маалымдады. Пресс-жыйында Казак бийликтерине өткөрүлүп берилген оппозиционердин да тагдыры талкууланды.

23-декабрда Кыргызстан тарап «Казакстандагы патриоттук жаштар союзунун» мүчөсү Абжан Махамадды аталган өлкөнүн тартип коргоо кызматтарынын карамагына өткөрүп берди. Бул тууралуу башкы прокурор Камбараалы Конгантиев «АКИпресс» агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында кабарлады.

Абжан Махамад Кыргызстанда эки айдан ашык убакыт болуп, анын себебин казак бийлиги куугунтуктап жаткандыгы менен түшүндүрүп келген.

Бирок Казакстандын башкы прокуратурасынын кайрылуусуна ылайык Кыргызстандын башкы прокуратурасы Абжан Махамадды кармоо жана аны өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Жаштар кыймылынын мүчөсү куугунтукка кабылды деп эсептеген «Бирге» кыймылы президентке, ал эми Борбор Азиядагы демократиялык конгресстин төрагасы Топчубек Тургуналиев башкы прокурорго бул маселени адам укугун эске алып чечүүнү сурап кайрылышкан.

Оппозицияны куугунтуктап жаткан казак бийлигине кыргыз бийлиги жан тартты деп санаган жоон топ укук коргоочулар шаршемби күнү маалымат жыйынын уюштурууну көздөп жатышат.

Ал эми башкы прокурор Камбараалы Конгантиев 27-декабрда уюштурган маалымат жыйынында мындай дооматтар негизсиз деп санады:

- Бизде Абжандын саясий себеп менен куугунтукталып жаткандыгы тууралуу маалымат жок. Ал кылмыш кылгандыгы үчүн Кишинев конвенциясына ылайык Казакстандын тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Урматтуу кесиптештер, кылмышкер түрмөгө отурушу керек.

Конгантиевдин айтымында, Казакстанга өткөрүлүп берилгенге чейин кыргыз тарап Абжанга байланышкан бардык жагдайларды кошумча иликтеп чыкты.

Айрым байкоочулар башкы прокуратура казакстандык жаранды ал өлкөнүн тартип коргоо кызматтарына өткөрүп берген сыяктуу эле учурда камакта отурган өзбекстандык төрт атуулду да Өзбекстандын тартип коргоо кызматтарына өткөрүп бериши ыктымал деп чочулашат. Буга байланышкан суроого башкы прокурор өзү төмөнкүдөй жооп берди:

- Өзбекстан маселесин өзүңүздөр билесиздер, ал таптакыр башка. Өзбекстандын түрмөсүнөн кылмышкерлер качып чыгышкан. Бүгүнкү күнү бизге укук коргоочулар биртоп мыйзамсыз талаптарды коюп атат. Аны өзүңүздөр жакшы билесиздер. Биз Конституциянын жана мыйзамдын негизинде ишибизди алып барышыбыз керек.

Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келген 600дөн ашык өзбекстандык жарандын 450сү БУУнун качкындар комиссарлыгынын жардамы менен үчүнчү өлкөгө чыгарылып, төртөө Өзбекстан башкы прокуратурасынын сунушуна ылайык оор кылмыш жасады деп, камакка алынган.

Бирок укук коргоочу «Адилет» уюму алардын качкын макамына ээ болуу укугун сот аркылуу далилдөө аракетин жасап жатышат. Анткен менен Бишкек шаардык соту төрт адамдын экөөнө байланыштуу райондор аралык сот чыгарган чечимди 13-декабрда жокко чыгарып, качкын макамын ыйгарууга болбой тургандыгы жөнүндөгү миграция департаментинин чечимин күчүндө калтырды.

Расмий бийликтин мындай кадамдары Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетирет деп эсептеген укук коргоочулардын бири - «Жарандык коом коррупцияга каршы» укуктук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова мындай ойдо:

- Ушу бүгүнкүгө чейин кашыктап чогулткан абийирибизди, гумандуу, гуманитардык өлкө болуп аткан статусубузду жоготуп, бир гана Конгантиевдин туура эмес кадамы менен көп жылдарга жаман өлкөлөрдүн арасына кирип калабыз. Ошон үчүн муну тыкат жана мыйзам ченеминде чечиш керек дагы, муну башкы прокуратура жана прокурор түшүнүшү керек. Эч качан СИЗОдо отуруп, тагдырын күтүп аткан бул төрт киши Өзбекстанга кетпеш керек.

Камбараалы Конгантиев маалымат жыйынында Кыргызстан башка өлкөлөр менен укук жаатында кызматташууда бардык мыйзамдарды сактоого милдеттүү экенин эскерте кетти. Бул жагынан башкы прокуратура эл аралык адвокат саналган Либерман менен макулдашуу түзүп, катачылыкка жол берген:

- Биз мамлекеттик органбыз. Ошондуктан биз мамлекеттик орган менен кызматташабыз. Эгер бул Кошмо Штаттарды алсак, бизге жакын орган катары федералдык чалгындоо бюросу саналат.

Либермен менен Азимбек Бекназаров башында турган башкы прокуратура түзгөн макулдашуунун негизинде адвокатка экс-вице-премьер министр Данияр Үсөнов
500 миң доллар төлөп берген. Бирок адвокат Акаевдердин мүлкүнүн бир тыйынын да таба элек. Ошол эле учурда ишкер Данияр Үсөнов акчасын кайтарып алууга кызыкдар болуп жатат. Мындай сунуш менен ал башкы прокуратурага кайрылганын, бирок, аны төлөп берүүгө башкы прокуратурада каражат жогун мурдараак билдирген.

ООГАНСТАНДА МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ КАРШЫ СОТТОР БАШТАЛДЫ

Нарын АЙЫП, Прага 26-декабрда Кабул шаарында - Ооганстандын коопсуздук кызматын бир кезде жетектеген адамдын үстүнөн сот башталды. Өлкөнүн жаңы бийлиги - адам укуктарын бузуп, туткундарды кыйнаган жетекчилерге эч кандай мунапыс болбойт деп жарыялады жана жакын арада өлкөдө дагы жаңы соттор болоору күтүлүүдө. Аскерий кылмышкерлерди жазалоо максатында өлкөдө атайын комиссия да түзүлмөй болду.

Президент жана парламент шайланып, жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин Ооганстанда - көп жылдар бою чечилбей келген айрым маселелер күн тартибине коюла баштады. Декабрдын ортосунда өкмөт - мурда өлкөдө орун алган аскерий кылмыштар жана адам укуктарынын бузулушу боюнча атайын комиссия түзүүнү чечти.

Ал беш адамдан турат, алардын үчөөнү президент, калган экөөнү - Ооганстандын Адам укуктар комиссиясы жана Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча башкармалыгы дайындайт. Комиссия жылдын аягына чейин түзүлүп бүтөт жана андан соң 2007-жылдын аягына чейин аскерий кылмышкерлерди кантип жазалаш керектиги жөнүндө план даярдап чыгышы керек.

Аны менен катар 26-декабрда Кабул шаарында - аскерий кылмышкер деп таанылган адамдын үстүнөн биринчи сот башталды. Соттолгон жетекчи - 64 жаштагы Асадулла Сарвари, ал Орусияда окуп, аскерий учкуч адистигине ээ болгон жана падыша Дауддун учурунда 1973-жылы аскерий гарнизонду жетектөөгө жетишкен. 1978-жылы бийликке коммунисттер келгенде, Сарвари коопсуздук кызматын башкарууга дайындалган, бирок ал кызматта бир гана жыл иштеген жана кийин Йеменге элчи болуп жиберилген.

Коммунисттик бийлик кулатылгандан кийин Сарвари 1992-жылы кармалган жана 1996-жылы бийликке талибдер келгенден кийин дагы Түндүк альянс аскерлеринин колунда жүргөн, 2001-жылы АКШ Талибанды Ооганстандан кууп чыгаргандан кийин болсо Сарвари Кабул абагына алып келинип отургузулган. Сот бирок бир гана күн болуп, 20 күнгө токтотулду, анткени Сарвариге - расми коргоо даярдоого уруксат берилди, анын адвокаты жок. Эгер күнөөлүү деп табылса, ал өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

Ооганстандын Адам укуктар комиссиясынын басма сөз катчысы Надер Надеринин айтымында, мындай соттор аркылуу Ооганстанда эми адилеттүүлүк орной баштайт: "Аскерий кылмыштар жана адам укуктарынын бузулушу менен байланышкан мындай соттор Ооганстанда адилеттүүлүк орнотуу жараяны башталганын көрсөтөт. Бул абдан жогору мааниге ээ. Андан тышкары бул окуя - аскерий жана башка андай кылмыштарга барган адамдарга ооган өкмөтү эч кандай мунапыс бербей турганынын дагы белгиси", - дейт Надери.

Октябрда Нидерландда да эки мурдагы ооган жетекчиси узак мөөнөткө эркинен ажыратылууга кесилди. 1983-жылдан 1991-жылга чейин өлкөнүн жашыруун полициясын жетектеген Хесамудин Хесам 12 жыл, ал эми ал кызматтын бөлүм башчысы болгон Хабибулла Жалалзой тогуз жыл түрмөдө өткөрөт. Нидерланд прокурорлорунун айтымында, коммунисттик бийлик учурунда Ооганстанда 200 миңге жакын адам куугунтукталган жана алардын 50 миңи өлтүрүлгөн.

ӨЗБЕК БИЙЛИГИ АНДИЖАН ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ЖАРАЯНДАРЫ АКЫЙКАТ ӨТТҮ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ

Өзбекстандын Андижан шаарында быйыл май айында орун алган кандуу окуяларга катышы бар деп айыпталгандардын арасынан азырынча 150дөн ашуун адам соттолду. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы сот жараяндары адилет өттү жана эл аралык коомчулуктун сыны негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу Улуттар уюмунун Адам укуктары комиссиясы соттун акыйкаттуулугуна күмөнсүнүү билдирген соң айтылды.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луис Арбур өткөн аптада Андижан окуясы боюнча айыпталгандардын ишин караган соңку сот жараянынан кийинки билдирүүсүндө анын акыйкаттуулугунан шек санап, чыныгы мыкаачылыктын даярдаган адамдар жазаланбай калып жатканын белгилеген эле.

Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өзүнүн жооп билдирүүсүндө Улуттар уюмунун жогорку даражалуу өкүлүнүн жогорудагыдай сынын четке какты. Баш прокуратуранын өкүлү Светлана Артыкова "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда мыдай дейт:

-Андижанда бир катар террактылар болгондугу чындык. Биз мында дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Андижанда адамдардын өлүмүн алып келген террактар жана өтө оор кылмыштын башка түрлөрүнүн жасалыш фактысы боюнча алдын ала, ошондой эле соттук териштирүү толугу менен кылмыш- процессуалдык мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөнүнө бургубуз келет.

Буга чейин сот жообуна тартылган 151 адамдын арасында 19 жоокер жана 5 милиция кызматкери бар. Алар ошол окуя болгон күнү кызматын аткаруудагы шалаакылыгы үчүн айыптуу деп табылды. Сот жараяндарынын көпчүлүгү негизинен жабык эшик артында өттү. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын жапырт сынынан кийин өзбек тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган чет элдик журналисттерге ушул айдын башында бир ирээт сот залына кирүүгө уруксат берилген болчу. Өзбекстандын Жогорку соту сот жараяндарынын жабык өтүшүн мамлекттик сырды сактоо жана айыпкерлер менен күбөлөрдүн коопсуздугун коргоо үчүн деп түшүндүргөн. Анткен менен өзбек Башкы прокуратуранын өкүлү Светлана Артыкова сот жараяндары укук коргоочулар менен журналисттер үчүн жабык болгон жок деп эсептейт:

-Мен толук жоопкерчилик менен билдирем. Сексуалдык мүнөздөгү жана мамлекеттик сыр менен байланыштуу кылмыштарды карагандарды эске албаганда, баардык сот жараяндары ачык.

Көз карандысыз байкоочулардын пикиринде, өзбек бийликтери Андижан окуясы боюнча сентябрдын аягы менен ноябрдын башында болгон алгачкы сот жараяны өлкөнүн беделине доо кетиргенин сезген соң калгандарын жабык өткөрүү чечимине келген. Айткандай эле байкоочулар, укук коргоочулар, чет элдик журналисттер, дипломаттар үчүн ачык болгон алгачкы сот жараянына укук коргоочулар жакшы даярдалган "көрсөтөмө сот" катары баа беришкен эле.

Анда Махбуба Закирова аттуу 33 жаштагы, үй –кызматындагы аял расмий бийликтин сөзүн сүйлөөдөн баш тартып, өкмөттүк аскерлер куралсыз аялдар менен балдарды көздөй ок жаадырганын айтып чыгышы ошол соттун көрсөтмөлүүлүгүн ачыктагандай болгон. Алгачкы сотто иши каралган 15 айыпкердин баары күнөөсүн моюнуна алып, 12ден 22 жылга чейин түрмөгө кесилишти.

Укук коргоочулардын пикиринде, алар күнөөсүн кыйноонун натыйжасында алышы мүмкүн. БУУнун кыйноолор боюнча мурдагы атайын докладчысы Тео ван Бовен өткөн аптада "Хьюман Райтс Уочт" уюму аркылуу тараткан билдирүүсүндө өзбек абактарында сотко чейин жана андан кийин кыйноо практикасы азыр деле өкүм сүрүп жатканын белгиледи.

Ал эми Улуттар уюмунун Адам укуктары комиссиясынын көз карашында, айыпкерлердин укуктары бузулбаганын ырасталыш үчүн сот жараяндарына байкоо жүргүзүлүш керек болчу. Хосе Луиз Диас аталган комиссиянын басма сөз катчысы:

-Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариат Андижандагы окуяларга байланыштуу айыпталгандардын жүрүп жаткан жана келечектеги сотторунда байкоочусу болушун каалар эле. Бул ошол соттук угуулар эл аралык нормаларга ылайык өткөн- өтпөгөнүн аныктоого негиз берет.

Өзбек бийликтеринин эсебинде, Андижандагы тополоң учурунда 187 киши мерт болгон, алардын көпчүлүгү согушкерлер, милиция кызматкерлери менен аскерлер. Бирок, укук коргоочу уюмдардын эсебинде, Андижанда аскерлердин ылгабай аткан огунан улам өмүрүнөн айрылнгандардын саны 1000ге жетиши мүмкүн. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар.

Өзбекстан Улуттар уюму, Евробиримдик, АКШнын көз карандысыз изилдөө жүргүзүү жөнүндөгү чакырыгын четке какканы белгилүү. Анткен менен ал бул маселеде Кытай менен Орусиянын дипломатиялык колдоосун алды.

АЧЕХ КОЗГОЛОҢЧУЛАРЫ КҮРӨШТӨН БАШ ТАРТТЫ

Индонезиянын Ачех провинциясындагы козголоңчулар куралдуу күрөштөн баш тартышты. Провинциянын борбору Банда шаарындагы маалымат жыйынында муну Эркин Ачех кыймылынын өкүлдөрү ырасмий түрдө тастыкташты. Быйыл августта жетишилген келишимдин шартына ылайык Индонезия провинцияга өзгөчө автономия берерин жана өкмөттүк аскерлерди чыгарып кетерин президент Сусило Юдхойоно да бышыктады.

Ачехтеги куралдуу козголоң мындан отуз жыл мурда башталган. Сүйлөшүүлөр жүргүзүп, мунаса тапканга эчен курдай аракеттер жасалып,алардын баары оңунан чыккан эмес. Былтыркы цунаминин – топон суунун апааты өкмөт менен козголоңчуларды сүйлөшүүлөрдү активдештиргенге түрттү. Быйыл августта эки тарап Хельсинкиде атайын меморандумга кол коюп,чатакты жөнгө салуу шарттарын макулдашкан. Атап айтканда, Индонезия өкмөтү Ачехтен аскерлерди чыгарып, провинцияга өзгөчө автономдуу статус бергенге, козголоңчулар болсо отряддарын таркатып, куралдарын өткөргөнгө милдеттенишкен.
Индонезиянын президенти Сусило Бамбанг Юдхойоно провинциянын борбору Бандада козголоңчулардын өкүлдөрү менен жолугуп, алар макулдашуунун шарттарын аткарууга киришкенин, мунун өзү былтыркы касиреттин көңүлгө төтө кылар бир шарапаты болгонун белгиледи. Юдхойоно Ачехтеги бейпилдик процесси кайра жанбас оролго түшөрүнө ишенет. Стабилдүүлүк, президент ырастагандай, былтыркы алаамат кырсыктан кийин провинцияны, жалпы өлкөнү ийгиликтүү кайра тикелөөнүн башкы өбөлгөсү. Ал ошондой эле өкмөттүк аскерлер жыл этегине чейин провинциядан чыгарылып бүтөт деп ишендирди.
Эркин Ачех кыймылынын колбашчысы Сойан Дауд да козголоңчулар үчүн саясий күрөштүн доору келди, эми аларга курал-жарактын кереги жок деп эсептейт. Алардын бул ниетин бышыктап, кыймылдын экинчи бир лидери Ирванди Юсуф ырасмий билдирүү жасады. Ачехтин азаттыгын көздөгөн күрөшкерлер отряддарын таркатты, куралдардын баары өткөрүлүп берилет, деп айтты ал козголоңчулардын атынан.
Эмки кезекте - мурдагы козголоңчулардын баарын жайкын калкка кошуу ишинде калды. Алдыдагы жылда алар провинцияда боло турган жергиликтүү бийликтердин шайлоосуна катышат.
Ачехтин көз карандысыздыгы үчүн отуз жылга созулган куралдуу козголоң кеминде 15 миңдей адамдын өмүрүн алды.

КЫРГЫЗСТАНДЫН МУРДАКЫ ЖАРАНЫ ГАЛИНА РЫБАКТЫН МАРТ ОКУЯЛАРЫНА ЖҮРӨГҮ ООРУДУ

Рыбак Галина Даниловна узак жылдар мурдакы Кыргыз ССРинин Борбордук статитистика комитетининин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти. Акыркы 15 жылда Германиянын борбор шаары Берлинде жашайт. Галина Даниловнанын Кыргызстандагы саясый окуяларга карата көз карашы кандай?

-Галина Даниловна! Сиз акыркы 15 жылда Германияда жашап жатсаңыз деле, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга көз салып турсаңыз керек? 24-мартта Кыргызстанда болгон ынкылап сизге кандай таасир калтырды?

Рыбак Г. Д.: - Кыргызстан өтө кооз өлкө. Республика дайыма көп улуттуу болгон. 1989-жылкы эл каттоо боюнча жумуриятта 170ке жакын улут жашаган. Мен Кыргызстандын мурдакы жараны катары 24-марттагы тополоңду жүрөгүм ооруп кабыл алдым. Ачыгын айтсам, мен кыргыз элинен мындайды күткөн эмесмин.

-Анда эмне, соңку 15 жылда Кыргызстанды бийлеп келген Аскар Акаевдин бийлиги Конституцияны улам алмаштырып, Акаевди өз ордунда калтыруу үчүн түрдүү мыйзам бузууларга барса да, эл чыдай бериш керек беле?

Рыбак Г. Д.: -Бул бийликти алмаштыруу керек болчу. Себеби, бир адам узак жыл бийликте отурса, бул албетте, жаман нерселер менен коштолот. Атап айтканда, коррупция-жемсөөлүк деген балээ коомдо кеңири тамыр жаят. Ошон үчүн, Аскар Акаев мамлекет башынан өз ыктыяры менен кетип, бийлик чылбырын жашыраак, иш билги жана компетенттүү адамдарга өткөрүп бериши зарыл эле. Андай адамдар Кыргызстанда көп.

-Кыргызстандагы азыркы саясый кырдаалга кандай баа бересиз? Март ынкылабынын кийин коом алга кеттиби же саздан чыга албай турабы?


Рыбак Г. Д.: -Кыргыздар табиятынан өтө мээриман эл жана бардык элдерге ак дилинен мамиле кылышат. Мен орус улутундагы катары кыргыздардын өтө жылуу-жумшак мамилесин көрдүм. Кыргыздар арасында досторум да көп болду. Ошон үчүн, ар бир акыл-эстүү адам катары, баарынан да узак жылдар Кыргызстанда жашап кеткенимден улам, республикада март айында болгон баш аламандыктарды өкүнүч менен кабыл алдым. Бирок, азыр коомдо тартип орноп, бийлик калыбына келип калды. Өлкөнүн президенти шайланды, премьер-министри дайындалды. Мага бийлик башында азыр Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүн камсыздоого жарачу татыктуу адамдар тургандай көрүнөт.

-Галина Даниловна! Кабарыңыз болсо керек, учурда Кыргызстандын жаңы конституциясынын долбоору талкууланып жатат. Саясатчылардын бир канаты Кыргызстан парламенттик республика болуш керек десе, экинчи тараптагылар азыркыдай президенттик республика бойдон кала бериш керек деген ойлорун айтууда. Сиздин оюңузча, республика үчүн башкаруунун кайсы системасы оң?


Рыбак Г. Д.: -Мен Германияда жашайм. Германиянын башкаруу системасын түшүнүп-билип калдым. Ошон үчүн булардын тажрыйбасына токтолоюн. Германияда социал-демократтардын лидери, канцлер Герхард Шрөдер эки мөөнөткө жакын же 7 жыл бийликте отургандан кийин, үчүнчү мөөнөткө да калгысы келди. Бирок аны атаандаш Кристиан-демократтык партиянын башчысы Ангела Меркель парламенттик шайлоодо жеңип, өкмөт алмашты. Бул балким жакшы болгондур?! Эмне үчүн? Себеби, коом ар качан жаңыланып турушу шарт. Жаңы дем, жаңы мыйзамдар, оюндун жаңы эрежелери керек. Алар балким жаңы натыйжа бериши ыктымал. Бирок, тескери натыйжага да алып барышы мүмкүн. Ушундан улам, Кыргызстан өз жолу менен өсүшү зарыл. Ар бир өлкөнүн өз жолу бар. Анүчүн кыргыз эли өздөрүнө ылайыктуу жолду тандап алышы лаазим. Кыргызстандын эли билимдүү, эл - мамлекеттик башкаруу жаатында да сабаттуу. Ошон үчүн, алар өздөрүнө ылайыктуу келген башкарууну тандап алганы жөндүү.

- Кыргызстандын экономикасы жөнүндө да кеп кылсак. Өкмөт бул багытта эң алды менен кандай иштерди жүргүзүүсү шарт деп ойлойсуз?

Рыбак Г. Д.: -Кыргызстанды табигый байлыгы мол өлкө деп санаймын. Кыргызстан жакшы даярдалган жумушчу күчүнө да ээ. Совет заманында Кыргызстанда ири завод-ишканалар курулган. Алардын айрымдары, мисалы, Бишкектеги бургалоочу тетиктерди чыгаруучу жана Оштогу насос заводдору тыш өлкөлөргө продукциясын сатып турушкан. Ошон үчүн азыркы өкмөткө токтоп турган ишканаларды калыбына келтирүү зарыл. Айыл чарба тармагын да унутта калтырбоо керек. Кыргызстан тоолуу өлкө. Бир кезде койлордун саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири болгон. Мына ушул бүлүнгөн чарбанын баарын калыбына келтирилсе, элдин жашоосу кадимки нукка түшөт. Республика да гүлдөп өсөт.

ОРУСИЯДА «БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ЖӨНҮНДӨГҮ» МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ПАРЛАМЕНТТИН ЖОГОРКУ ПАЛАТАСЫ ДА ЖАКТЫРДЫ

Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн, 27-декабрда, Орусиянын парламентинин жогорку палатасы, Федерация Кеңеши, «Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жактырды. Эми ал документке президент Владимир Путин кол койсо эле болду – мыйзам күчүнө кирет. Эларалык уюмдар жана укук коргоочулардын ишениминде, бул мыйзам күчүнө кирсе, ал Орусияда сөз эркиндигине олуттуу зыян келтирет.

Ошентип, бул мыйзам күчүнө киришине бир эмес, жарым эле кадам калды. Болгондо да, орус парламентинин жогорку палатасы бул долбоорду жаңы жылга калтырбай, быйылкы акыркы иш күнүндө карап чыгууну чечти.

Мыйзам долбоорун кароо Федерация кеңешинде узак убакытты деле алган жок. Анын кабыл алынышына палатанын бир гана өкүлү каршы болду. Документке ылайык, Орусиянын азыркы төрт мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилет. Булар: Атуулдук Кодекс, «Жабык административдик-аймактык түзүлүштөр жөнүндөгү», «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» жана «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүдөгү» мыйзамдар.

Мыйзам орусиялык жана чет-элдик бейөкмөт уюмдардын каттоодон өтүү эрежесин тактап, бул үчүн кайсыл документтер зарыл экендигин аныктайт. Мисалы, чет-өлкөлүк уюмдар каттоодон өтүш үчүн мурдагыдай Тышкы иштер министрлигине эмес, федералдык каттоо кызматына кайрылуулары керек.

Ал эми ушул убакта жумуриятта иштеп жаткан чет-өлкөлүк бейөкмөт уюмдар кайра каттоодон өтүшү зарыл эмес, алар федералдык каттоо кызматына мыйзам күчүнө киргенден тарта алты ай ичинде билдирүү жасашы талап кылынат.

Эгерде федералдык кызмат аларды каттоого албай койсо, уюмдар сотко кайрыла алышат. Бирок эгер уюмдун ишмердүүлүгү өлкөнүн Конституциясына жана мыйзамдарына, мамлекеттин суверенитетине, саясий эркиндигине, аймактык кол тийбестигине жана биримдигине, маданий мурастарына коркунуч келтирсе, анда ал каттала албайт деп айтылат документте.

Мыйзам ырасмий түрдө жарыя кылынгандан тарта 90 күндөн кийин күчүнө кирээри кабарланды. Жалпысынан документ чын эле эларалык коомчулукту кабатырга салды.

Дүйнөдө сөз эркиндигине баа берип келаткан Freedom House эларалык укук коргоо уюму да бул мыйзам долбоору боюнча «терең тынчсыздануусун» билдирип, «жаңы мыйзам Орусиядагы жарандык коомду дагы да кысмакка алат» деп билдирди.

Жергиликтүү укук коргоочулар да анын кабыл алынышына каршы болушкан. Хельсинки тобу укук коргоо уюмунун Москвадагы өкүлү Людмила Алексеева «Интерфакс» маалымат агенттигине билдиргендей, «Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам укук коргоочулар үчүн 2005-жылдагы эң жаман окуя болду». Алексееванын айтымында, укук коргоочулар эми Конституциялык сотко доо арыз менен кайрылышат, андан ары Европа Кеңешине да кайрылышы мүмкүн. Анткени мыйзам адам укуктары боюнча Европалык конвенцияны бузат» деп белгиледи Людмила Алексеева.

Анткен менен сенаторлордун көпчүлүгү мыйзам эч кандай укуктарды кыскартпайт, болгону кайсыл уюм эмне менен алек болуп жатканын жана каяктан акча алып, аны эмнеге жумшап жатканын тактайт деп эсептешет.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долборунун авторлорунун бири, Мамдума депутаты Сергей Попов «Мыйзамды кайра оңдоп, кароодо негизги көңүл президент Владимир Путин белгилеген жерлерге бурулганын айтты. «Европа Кеңешинин, мисалы, бейөкмөт уюмдар кайдан акча каражатын алаарын текшербей эле койгула деген сунушуна, албетте, кошула алган жокпуз, - деди депутат С.Попов.

Мамдуманын эларалык алакалар комитетинин башчысы Константин Косачев ушуну менен «Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын» айланасындагы чатакка чекит коюлду деп эсептейт. Ал жакынкы күндөрү бул мыйзам эмне үчүн кабыл алынганын Кошмо Штаттардын Конгрессине да түшүндүрүп, кат жибере турганын кабарлады.

ОРУСИЯ: «КСЕНОФОБИЯ БОРБОРУ – САНКТ-ПЕТЕРБУРГ»

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Санкт-Петербургда жекшембиде камерундук студентти өлтүрүп кетүү окуясына шаардык прокуратура ИНТЕРФАКС агенттигине айткан жообунда улуттук көралбастык негизги себеп болгон деп билдирди. Ишемби күнү африкалык эки студентке жоон топ питерлик жаштар кол салышкан. Камерундук студент бычак жеп ошол жерде өлүп, анын жолдошу намибиялык студент качып кутулган. Ошол эле күнү кечинде кениялык жаран да студенттерге кол салган жерден өтүп бартып бычак жеп, оор жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Петербургда окуган чет өлкөлүктөр кезектеги африкалык студентти өлтүрп кеткенге байланыштуу нааразылык актысын өткөрүүнү ниеттенип атышканы маалым болууда.

Агенттиктер жазганга караганда Питерде алтынчы күнү кечки саат 19дан 50 мүнөт өткөндө африкалык студенттерге жергиликтүү жаштар кол салып, камерундук Канхем Леона ошол жерде бычак жеп каза болуп анын жолдошу намибилик студент бир нече бычак жегени менен качып кутулган. Ошол эле күнү кечки саат 20:00да дал, ошол, студенттер бычакталган жерден өтүп бараткан кениялык жаран Мванги Эдди Майнга да кол салуу болуп, ал да бычак жеп, ооруканага жеткирилген.

Райондук прокурор Олег Шадов кечөө орусиялык сыналгыдан: «муну ээнбаштык деп эсептесе болот», - деген. Бирок ИНТЕРФАКС агенттигне шаардык прокуратура өкүлү: «бул улуттук көралбастык негизинде болгон», - деп билдирди.

Адам укугун коргоочулар эсебинде муну - эл аларды скинхэд деп атаган - экстремисттик жаштар тобу жазашкан. Эксперттер болсо мунун себебин орусиялык жаштар арасында расистик жана улутчулдук маанайдын кеңири тарашынан көрүшүүдө. Бийлик кыйладан бери чет элдиктерге жаштардын кол салуусун жашоо-тиричиликтеги болууп жүрүүчү бир кагылыш катары баалап, улутчулдук дегенди айттырбай келатышкан. Ошого карабай кийинки учурда фашисттик идеологияны бел кылган топтор мүчөлөрү беттери ачылып, иши сотко жетти. Маселен, мындан эки апта мурда, ошол эле Санкт-Петербургда жаштардын «Жаалдуу топтошкондор» аталышта экстремисттик жаштар уюмунун бир нече мүчөсү армян, азербайжан кишилери менен кытай студенттерине 5 жолу кол салып, аларды бычакташканы үчүн кесилишкен. Мындан бир апта мурда Лениндик федералдык соту экстремисттик дагы бир «Шульц-88» аталышта жаштар тобунун мүчөлөрүн ар кыл жылга кести.

Ырасмий булактардан алынган маалыматта быйыл Петербургга келип окуучу чет өлкөлүк студенттер катары кескин кыскарган. Жалпы орусиялык калааларда орус жаштарынын өңү – түсү чоочундарга касын тигүү барган сайын артып баратканын анализчилер кеп кылышат. Бийлик жазайын дегенин жаштардын колу менен жазатып атат дегендер да бар. Болбосо 4-ноябрде бийлик таңуулаган «Элдер ынтымагы» майрамы күнү улутчул жаштар Маскөөнүн кең көчөсү Тверскойдо жүрүш жазап, Кремл кызыл сепилинин алдында фашисттик тартипте колун асмандата жаңсап, улутчулдук маанайда чакырык-ураан жайбайт болуучу дешет. Ал күнү, баса, алар «бул өлкөдө ким кожоюн?» - деген суроого мындайча жооп айтышты эле:

«Орустар!Орустар!»

Кызыл аянт капталында кыйкырышкан орус жаштарынын каар-жаалын көрбөгөн африкалык студент Том Линита кечөө сыналгыдан камерундук студенттин эч кимге жамандык кылбаганын айтып таң калды:

«Ал эч кандай жаман иш кылган жок. Ал мас эмес эле. Эч кимге кол салган да жок. Бирок эмне үчүн?» , - дейт ал.

Үстүдөгү жылы чет элдиктерге кол салуу Орусияда болуп көрбөгөндөй көбөйгөн. Экстремисттик топтордогу жаштардын чет өлкөлүктөргө, дээрлик өңү-түсү башкаларга кол салуусу январда 6 жолу, февралда 3 жолу, мартта 4 жолу, майда 3 жолу, июнда 4 жолу, октябрде 13 жолу, ноябрде 2 жолу, декабрде 5 жолу болгон. Анын басымдуу көпчүлүгү орусиянын түндүк ордо калаасы атанган Санкт-Петербургда андан кийин Маскөө, Воронеж, Нижний Новгород, Курск, Ростов-на-Дону, Краснодар, Калуга, Липецк калааларда болгон. Курман болушкандар же бөйдө жерден томок жеп жабыр таркандандар: Вьетнам, Сирия, Тажикстан, Азербайжан, Тунис, Бразилия, Кытай, Перу, Конго, Индия ж.б өлкөлөрдөн келип окуп атышкан студенттер болушкан.

Мындай тизмени орусиялык эле басылмалар таркатышууда. Маселен, биз бул тизмени, News info агенттигинен алдык. Ал эми Питердеги Камерундук студенттин өлүмүнө кайра келсек, былтыр студенттик «Африкалык биримдиги» уюму ал калаанын губернатору Валентина Матвиенко айым атына кат жолдоп, камкордук суранышкан экен. Эми ошол чет элдик студенттер уюму кийинки күнү көчөгө чыгуу уюштурабыз деп атышканы кеп болууда.

Акырында айтарыбыз, ырасмий эмес булактан алынган маалымат боюнча бир эле 2005 жыл ичинде, бир эле Санкт-Петербуг калаада чет элдик студенттерге 800гө чукул жергиликтүү жаштар кол салышкан фактылар катталган.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БИЙЛИК МУНАРАСЫН АКАЕВДИН КАДРЛАРЫНАН ТАЗАЛООНУ ТАЛАП КЫЛУУДА.

Азиза Турдуева, Бишкек Экс-президент Акаевге таламдаш болгон жетекчилерди мамлекеттик кызматтан кубалоо жөнүндө элдик курултайдын чечими коомчулукта ар кандай көз караштарды жаратты. Мурдагы бийликте иштегендер аны негизсиз деп эсептешсе, айрым саясатчылар курултайдын чечимин колдошууда.

Өткөн жума этегинде Бишкекте болгон Элдик курултайдын башкы чечимдеринин бири «Аскар Акаевдин доорунда жан жөкөр болуп, Кыргызстанды саясий-экономикалык кризиске дуушар кылууга көмөк көрсөткөн бийлик төбөлдөрү кызматынан тез арада четтетилсин" деген талап болду. Ал президент Курманбек Бакиевге сунушталды.

Бул тизмеде учурда иштеп жаткан жетекчилер - Таштемир Айтбаев, Чолпон Баекова, Курманбек Осмонов, Дастан Сарыгулов, Мурат Суталинов, Улан Сарбанов, Турсун Турдумамбетов, Адам Закиров жана башкалар бар. Тизмеде ошондой эле Болот Жанузаков, Осмонакун Ибраимов, Кубанычбек Жумалиев, Тойчубек Касымов, Темирбек Акматалиев, Аманбек Карыпкулов, Накен Касиевдин жана башка ондогон адамдардын ысымдары аталган.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде, бийлик коомдук пикирди эске алышы керек:

Курултайдын чечими - бул коомдук пикир. Коом азыр Акаевдин тушунда иштеген чиновниктерге карата өз мамилесин, оюн билдирип жатат. Ал эми бийлик коомдук пикирди угушу керек. Эгерде укпаса биз да Акаевдин кейпин кийип калабыз. Коомдук пикирдин негизинде бийлик кандайдыр бир чечимдерди кабыл алышы мүмкүн .

Ал эми курултай түзгөн тизмеде аты аталган Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов «Азаттыкка» берген интервьюсунда курултайдын тигил же бул адамдар кызматтан алынсын же алынбасын деген талаптарды койууга юридикалык да, моарлдык да укугу жок деп билдирди:

Сабаттуу адам Конституцияны окуса, ар бир адамдын эмгекке болгон укугу бар. курултайдын чечими канчалык деңгээлде легитимдүү? Ар бир курултай каалаган чечимин чыгара берсе эмне болот? Курултайдын мындай чечимдерди кабыл алууга юридикалык жактан да, моралдык жактан да укугу жок .

Курултайдын катышуучулары мамлекет башчысынан экс-президент Аскар Акаевдин тушунда иштеп, коррупциялык иштерге малынып, мамлекеттик миллиондогон каражаттарды жеке кызыкчылыгына пайдаланган чиновниктерди сот жообуна тартууну да талап кылышты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Кыргызстан улуттук кыймылынын тең төрагасы Болот Байкожоев болсо буга чейин бийликте иштеп, мыйзамсыз иштерди жасаган жетекчилер өз кылмыштары үчүн эл алдында жооп бериши керек дейт:

Ошондой тизме жарыяланганы жакшы болду. Акаевдин мезгилинде ким мыйзамсыз иштерди жасаса, ошого жооп бериши керек. Эл көрсүн ким эмне кылганын, ким кандай зыян алып келгенин. Эмне үчүн бүгүн да Бакиев ошол эле адамдар менен иштеп жатат? Демек, ага ошондой адамдар керек экен да. Тизмеде ысымдары жарыяланган адамдардын мыйзамсыз иштери тергелиши керек .

Ал эми март окуяларына чейин жогорку кызматтарда иштеп келген Болот Жанузаков мурдагы бийликтин тушунда иштегендер да эл үчүн кызмат кылган, ошондуктан курултайдын аларга карата чечими негизсиз деген ойдо:

Эми бул чечим адамгерчиликке да жатпайт, адам укуктарын да тебелегендик болуп эсептелет. Акаевдин мезгилинде кимдер гана иштеген жок. Бакиев да, Кулов да, Сыдыков да, Сарыгулов да иштеген. Бирок биз Акаев үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылганбыз .

Жогорку Кеңештин депутаты, Демократиялык кучтөрдүн биримдиги партиясынын лидери Кубатбек Байболов курултайдын чечимин колдойт:

Мен Курултайдын чечимин туура деп эсептейм. Анткени, биздин коомдо адамдар өзүнүн жасаган саясаты үчүн, кабыл алган чечимдери үчүн, кыймыл-аракеттери үчүн жооп бергенди үйрөнүшү керек да. Болбосо, азыр көпчүлүк мындай деп ойлоп атат – биз өз билгенибизди жасай берсек болот экен, бийликтер алмаша берсе, эч кандай кыйынчылыксыз эле кайра эле ошол бийликке кирип кетип, бакубат жашай берсе болот экен деген ой калып калышы мүмкүн. Мен ойлойм, кыргыз коомчулугунда ар бир адам өзүнүн жасаган иши үчүн жоопкерчиликти баары бир тарта тургандыгын үйрөнүш керек, аны сезе билиши керек .

Курултайдын чечимдеринин, анын ичинде мурдагы чиновниктерге карата талаптардын да аткарылышы элдик курултайдын көзөмөлдөө палатасына тапшырылган.

МУКАР ЧОЛПОНБАЕВ АЙЫПТООЛОРДУ ЧЕТКЕ КАГУУДА

17-июндагы өкмөт үйүн басып алууга жасалган аракеттер үчүн экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин үстүнөн башталган сот иши 26-декабрда 1-Май райондук сотунда улантылды. Бул күнкү отурумунда сот «Мекеним Кыргызстан» саясий кыймылынын мүчөсү, күбө катары чакырылган Кенжалы Сарымсаковдун көрсөтмөсүн укту.

Урмат Барктабасов жетектеген «Мекеним—Кыргызстан» кыймылынын мүчөсү Кенжалы Сарымсаков 26-декабрдагы сот отурумунда берген көрсөтмөсүндө 17-июнь күнкү окуя бийликти басып алуу максатында болбогондугун айтып, Урмат Барктабасовдун БШК тарабынан президенттикке талапкер болуп катталбай калгандыгынан улам, элдин нааразылыгы күчөп кеткендигин билдирди:

-Чындыгында, бардыгына президенттик шайлоого Урмат Барктабасов талапкер катары катталбай калуусу себеп болгон. «Мекеним Кыргызстан» кыймылынын мүчөлөрү аянтта гимнди ырдап, БШКна талаптарыбызды коюп, тарап кетели деген гана оюбуз бар эле. Башка эч кандай максат, бийликти басып алуу тууралуу ой жок болчу.

Күбө Кенжалы Сарымсаков айыпталуучу Мукар Чолпонбаевдин «Мекеним Кыргызстан» кыймылына мүчө эмес экендигин да кошумчалады. Ошондой эле анын айтымында, Мукар Чолпонбаевге Урмат Барктабасовдун кызыкчылыгын сотто коргоп берүү тууралуу сөз болгон.

Бишкекте экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин үстүнөн сот жараяны башталганына эки айга жакындап калды. Ага карата мамлекеттик түзүлүштү басып алууга аракет жасаган, массалык баш-аламандыкты уюштурган жана бийликти кулатууга чакырган деген айыптар менен кылмыш иши козголгон. Бирок Мукар Чолпонбаев өзүнө коюлган күнөөлөрдү жалаа деп четке кагып келүүдө. Экс-спикердин адвокаты Икромидин Айткуловдун айтымында, ага коюлган айыптоолор азырынча далилденген жок:
-Ушул убакка чейин эч кандай далил болгон жок. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш-жаза мыйзамын бузуулар болду. Алсак: биздин арыздарыбыз каралган жок, көпчүлүк арыздар жоопсуз калды. Ошентсе да, биз сот калыс болоруна ишенебиз.

17-июндагы окуяны расмий бийлик мамлекеттик түзүлүшкө кол салуу аракети катары баалап, 200 дөн ашуун киши камакка алынган. Башкы айыпкер катары күнөөлөнүп жаткан Урмат Барктабасов эмдигиче издөөдө. Учурунда башкы прокуратура бул окуянын башында кызматынан четтетилген мурунку президент Аскар Акаев турат жана ал ошол күнкү тополоңду телефон аркылуу башкарган деген маалымат тараткан эле. Бирок бул маалымат азырынча далилдене элек. «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев 17-июндагы окуя мамлекеттик бийликти басып алуу максатында уюштурулган деген оюнан жазбай тургандыгын билдирди:

-17-июнда революцияга каршы төңкөрүш жасоо аракети болгон. Анын артында Барктабасов, Акаев жана алардын идеологдору туруп алып, миңдеген адамдарга акча берип, борбордук аянтка чыгарган.

ОШ: ЖАРДЫРУУГА ЭМНЕ КОЛДОНУЛГАНЫН ИЛИКТӨӨЧҮЛӨР БИЛЕ ЭЛЕК

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратындагы жардыруунун себептерин иликтөө иштери улантылууда. Жергиликтүү иш органдары кандай жардыруучу зат коюлгандыгы, жардыруу кандай шартта болгондугу жана аталган кылмышка түрткү болгон болжолдуу себептер тууралуу иликтөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты. Мындай так маалыматтын жоктугу коомчулукта түрдүү пикирлердин жана ушак-айыңдардын таркалуушуна алып келүүдө.

Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктары, Улуттук коопсуздук органдары биргелешип түзгөн оперативдүү иликтөө тобу жардыруу болгон жерде иштеп жатышат. Жардырууга кандай зат колдонулгандыгы, ал кандай максатта ишке ашырылышы мүмкүн экендиги жана жардырууга байланышы бар шектүү буюмдар жөнүндө оперативдүү иликтөө тобу азырынча маалымат бералбай тургандыгын билдирди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев иликтөө иштери азырынча тиешелүү деңгээлде натыйжа бербей жаткандыгын кабарлады:

- Улуттук коопсуздук кызматы менен ички иштер министрлигинин адистери келген Бишкектен. Бүгүн экинчи күнү иштеп жатышат. Биздин алган анализдер ар бир күйгөн, сынган нерселерден, эмнеден жарылганы бүгүнкү күндө аныктала элек. Анткени, Ош жергесинде химиялык анализ кылганга техникалык мүмкүнчүлүгүбүз жок экен.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын жардыруу окуясынын себептери боюнча расмий так маалыматтын жоктугу коомчулукта түрдүү түмөн ушак-айыңдардын пайда болушун алып келүүдө. Демократия жана жарандык коом үчүн бирикмесинин түштүк аймагы боюнча координатору Руслан Ташанов мындай абал терс жыйынтыктарды бериши мүмкүн деген оюн ортого салды:

- Элдин арасында ар түрдүү чындыкка туура келбеген ушак-айыңдар жүрүп атат. Биринчи кезекте мунун себеби биздин өзүбүздүн официалдуу органдар, официалдуу адамдар элге маалыматты бербей жаткандыгында. Эгерде так маалыматты элге кеңири берип турган болсок, ушул ар түрдүү чындыкка туура келбеген ушак сөздөрдөн эл алыс болмок эле. Ошол ушак сөздөр элдин арасында кандайдыр бир бейстабилдешүүнү алып келип атат.

Ал эми Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратындагы жардыруунун себептери боюнча оперативдүү иликтөө тобунун бүтүмү чыкмайынча расмий маалымат бергенге болбой тургандыгын айтып өттү:

- Туура, элдин арасында ар түрдүү божомолдор жүрүп жатат. Мен бир гана иликтөөчү топтун атайын официалдуу билдирүүсүнөн кийин гана айтышым мүмкүн бул жөнүндө. Себеби ар түрдү ойлор, ар түрдүү версиялар айтылып жатат. Мен жетекчи катары иликтөөчү топтун жыйынтыгы чыкканда гана айта алам.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев Оштогу жардыруу окуясына байланыштуу жергиликтүү күч органдарынын өздүк курамдары күчөтүлгөн кызмат абалына өтүп, кошумча коопсуздук чаралары көрүлүп жаткандыгын билдирди:

- Жардыруудан кийин дагы кошумча иштер жүрүп жатат. Айта кетсек, облус боюнча ички иштер органдары ар түрдү түшкөн маалыматтар боюнча кулактын сыртына калтырбастан текшерип, жардырууга байланышы барбы, жокпу, шектүү адамдардын үстүнөн дагы иштер алпарылып жатат.
24-декабрда саат 14 төн 45 минут өткөндө Ош облустук мамлекеттик администрациясынын биринчи кабатында жайгашкан саясий агартуу имаратынын буфетинде катуу жардыруу болгон. Анын кесепетинен имараттын бир катар терезелеринин айнектери сынган. Алынган маалыматтарга караганда жардыруудан жабыркагандар болгон жок.

САДДАМДЫН ДОҢУЗ ДООМАТЫ

Саддам Хусейндин башкы адвокаты экс-диктаторду түрмөдө америкалыктар кыйнашкан деп кайрадан ырастады. АКШнын мамлекеттик департаменти бул ырастаманы четке какты.

Иорданиянын борборундагы кеңсесинде адвокат Халил ал-Дулейми ишемби күнү Саддам Хусейнге жолукканын, экс-диктатор америкалыктардын колунан азар көргөнүнө кайрадан даттанып, сотко доо арыз жазганын маалымдады. Адвокаттар сотко кайрылып,ага Саддамдын арызын тапшырганы жатат. Мындан тышкары коргоочулар командасы Саддамдын кыйноо көргөнүн бышыктаган медициналык көз карандысыз үч комиссиянын көрсөтмөлөрүн да талап кылышмакчы. Саддамдын денесинде кыйноодон калган тактар бар, мунун салдарын миллиондогон ирактыктар Саддамдын кебетесинен да көрүштү,деп айтты ал-Дулейми.
АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак экс-диктатордун ырастоолорун четке какты. Иракта бул ишти иликтеп чыккандар Саддамдын айткандары доңуз доомат экенин ырасташты, деп айтты ал.
Бейшемби күнү Саддам өзү кыйноо көргөнүн денесинде калган тактар менен далилдей аларын айткан эле. Саддамдын сөздөрүнө караганда, врачтардын үч бригадасына көрүнүп,атайын текшерүүдөн өткөн.Сегиз айдан соң айрым жараттары айыкты, калгандары так бойдон калды. "Калпты биз эмес, Ак үй айтып жатат",- деп билдирди Саддам.
Мамлекетик департаменттин өкүлү Маккормак өткөн кылымдагы эң чоң канкорлордун бири минтип өлөрманданып жатканына таң калды. Маалымат каражаттары,Маккормактын айтымында, эфирде,гезит беттеринде Саддамдын колунан мүшкүл көргөн күбөлөрдүн соттогу көрсөтмөлөрүнө көп көңүл бурбай, экс-диктатордун айыптоолоруна гана назарын төшөп жатышат. Чыныгы тарыхты Маккормак Саддам Хусейнден кыйноо тартып, азап көргөндөрдүн сөздөрүнөн издөө керек деп эсептейт. Саддам өткөн кылымда, дегеле бүткүл тарыхта адамдарды массалык кыргынга салган зулумдардын бири, мунун баарына ынануу үчүн сотто көрсөтмө берип жаткандардын сөздөрүнө кулак төшөө зарыл.
Саддам Хусейн менен анын жакын жан-жөкөрлөрүнүн соту эмдиги айдын этегинде улантылат.

ОРУСИЯ: МАМЛЕКЕТ ЖАРАНДЫК КООМДУ КОЛГО АЛУУДА

Маскөөдө орусиялык Коомдук палатанын акыркы 42 мүчөсү тандалып алынып толук түзүлүшү аяктады. Ага жержерлерден баш-аягы 126 киши тартылганын айтышууда. Палатанын биринчи олтуруму январда өтмөкчү. Ал уюм, ырасмий булактар таркаткан маалыматка караганда, кабыл алынуучу мыйзамдарды алдын ала анализдөө милдетин аткарат. Ошол эле жума күнү орусиялык Мамдума өкүмөттүк эмес уюмдарды контролдукка алуучу мыйзам долбоорун үчүнчү жана акыркы окулушун кабылдады. Орусиялык адам укугун коргоочулар эгерде мыйзам ушул боюнча бекисе анда Европалык сотко арыз жолдошо тургандыгын билдиришүүдө.

Орусия Мамдумасынын төрагасы Борис Грызлов жума күнү РИА «Новости» агенттиги аркалуу «биздин өлкө үчүн мурда боло элек институт болуп кала турган – Коомдук палата толук тандалып бүттү», - деп жарыя айтты. Кремлдик саясатчылар оозунда: «муну менен президенттин эң маанилүү демилгелеринин бири – Орусияда жарандар коомчулугунун жандануусун арттыра турган максат ишке ашты». - болууда. Ал эми адам укугун коргоочулар айтканга караганда: «ал уюмга президенттин досу жана президент досторунун достору тандалды». Ошондуктан аны коомдук уюм экен деп атоо натура дешүүдө. Мындай ойду, маселен, эларалык адам укугун коргоочу уюмдун орусиялык бөлүгүнүн төрагасы Владимир Новицкий айтат:

«Эгерде, ал чынында эле коомдук түзүлүш экен, анда эмне үчүн ал жарандардын түздөн түз катышуусу астанда көрсөтүлбөдү? Же эл аларды рейтинг боюнча аларды өзү тандоо болгон жок?» - деп суроо коет.

Чынында эле президент Путин көрсөткөн 42 киши кийин 42 киши таап, алар дагы 42 киши атап акыры Коомдук палатанын 126 мүчөсү пайда болду. Алардын чакан олтуруму бул күндөрү талашка түшкөн өкүмөттүк эмес уюмдарды мамлекеттик түзүлүштөр көзөмөлдүккө алуучу мыйзам долбоорун бекүүгө арналды. Бирок Мамдума болсо ал мыйзамды кабыл алып таштады.

Жаңы мыйзам арибине жараша эми өкүмөттүк эмес уюмдардын максаты жана ишкердиги «Конституцияга жана федералдык мыйзамга каршы келсе, өлкөнүн суверендүүлүгүнө же жеринин бүтүндүгүнө коркунуч алып келсе» анда аларды каттабоо ал эми иштеп атканын жаап салуу болот экен.

Эл аралык адам укугун коргоочу «Эркиндик үйү» (Freedom House) орусиялык жаңы мыйзамдын өкүмөтүк эмес уюмдарга тийгизчү зыяны абдан оор болорун айтып сынга алды. «Эркиндик үйү» жетекчиси Томас Мелия кечөө Би-би-си аркалуу айткан пикиринде: «Мыйзам тийиштиги бар уюмдар биринчи кезекте орусиялык адам укугунун тебейленип атышын сынга алган уюмдарга карата болмокчу. Бул мыйзам сыртынан жылма көрүнгөнү менен абдан коркунучтуу» , - деген.

Коомдук палата ишкердиги өлкөдө кабыл алынуучу мыйзамдар долбоорлорун экспертизадан өткөрүү болот дешет. Саясий анализчилер болсо бийлик эмне дебесин аткарууга даяр эки палата б.а. мыйзам чыгаруу органдарына алардан кем эмес тилалчаак Коомдук палатанын пайда болушу жарандар жаатынын ишин илгери жылдыра албайт дешет. Дагы бирөөлөр: «Канткен менен Коомдук палатага тартылган көптөгөн аттуу-баштуу: Пугачева, Рошаль, Церетели сыяктуу инсандар сунушу бийликти ийитет», - дешет.

Кызык жери, Коомдук палата бул күндөрү Мамдумага жазган өкүмөттүк эмес уюмдар боюнча жакталып аткан мыйзамды токтото туруу өтүнүчү суу кечпей кала берди.

Орусияда азыркы тушта ондогон миң өкүмөттүк эмес уюмдар бар. Кайсынысына болбосун бийлик тишин кайрап келет. «Мемориал», Аскер энелери комитети, Маскөөлүк адам укугун коргоочулар топтору, иши кылып, толгон токой өкүмөттүк эмес уюмдар ишкердиги Орусияны «жаманатты кылган» уюмдар болуп эсептелинери ким-кимге болбосун маалым.

ОШТОГУ ЖАРДЫРУУНУН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ

24-декабрда Ош мамлекеттик акимчилигинин имаратында болгон жардыруу учурда иликтенип жатат.

Президент Курманбек Бакиев Ош облустук мамлекеттик администрациясы жайгашкан имараттагы ишембидеги жардырууну терең иликтөөнү тиешелүү күч структураларына тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев 25-декабрда “Азаттыкка” билдирди:

-Оштогу окуя боюнча мамлекет башчысына тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилери докладын билдиришти. Бул боюнча президент укук коргоо органдарынын жетекчилерине так изилдөө жүргүзүүнү тапшырды. Кечээ ал жерде Коргоо министрлигинин жардыруу кызматынын техниктери иштеп, бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын жардыргыч заттар боюнча адистери иликтөө жүргүзүп жатышат. Изилдөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин бул окуяга байланыштуу так маалыматтар берилет.

Эскерте кетүүчү жагдай 24-декабрда саат 14төн 45 минут өткөндө Ош облустук мамлекеттик администрациясынын биринчи кабатында жайгашкан Саясий агартуу имаратынын буфетинде катуу жардыруу болгон. Анын кесепетинен имараттын бир катар терезелеринин айнектери сынган. Алынган маалыматтарга караганда жардыруудан жабыркагандар болгон жок.

БУЮРСА ЭМДИГИ ЖЫЛЫ ДА БИЗДИН КӨЧӨДӨ РЕФЕРЕНДУМ

Аптанын маанилүү окуяларынын бири конституциялык реформанын негизги маселелерин калк менен кеңешип чечип алуу демилгеси болду окшойт. Кыргыз өкмөтү Көл жээгиндеги 4 пансионат Казакстан ээлигинде экенин тааный турганын билдирип, алардын ордуна заманбап эс алуу жайларын куруу талабын койду. Элдик ыңкылаптын башында турган саясий күчтөрдүн кезектеги курултайы өттү.

Конституция өтөле жеңилбааны көтөрө албаган, улам-улам кайталанган саясий эксперименттерди өткөрчү таяктын бир учу барып-келип демилгенин башында отургандын өзүнө тиерин быйылкы жылдын 24-мартындагы окуялар апачык айгинеледи. А.Акаевдин жеке бийлигин бекемдөө, ичара коошпогон саясий түшүнүктөрдү бириктирүү аракетин толкуган эл өзү токтотуп, буга чейин «альтернативасы жок» мурдагы мамлекет башчы артын карабай Орусияга из жашырды. Мурдагы президент кеткени менен конституциялык орчун проблема – мамлекеттин мындан ары кандай башкарууга өтүш маселеси кала берди. Элдик ыңкылаптан кийин Конституцияны дагы бир ирет өзгөртүү демилгеси парламентте колдоо тапкан.

Конституциялык кеңешти башкаруу жаңы шайланган президент К.Бакиевдин колуна тийгенден кийин батыл реформага шашпай туруу керектиги айтыла баштады. Сырсандыктын ачкычы ушул аптада табылды окшойт. 21-декабрда президент К.Бакиев жаңы Конституция боюнча оголе көп жаңы долбоорлор сунушталып жатканын, бирок да башкаруунун кандай формасына өтүү, сот реформасы, кол тийбестикти алып салуу сындуу түйүндүү маселелердин башын калктын жардамы менен чечүү калыс болорун жарыя кылды.

- Биз азыр негизги маселе Кыргызстанга кандай башкаруу ылайыктуу деген маселени чечүүгө даяр эмеспиз. Муну так аныктабай, Конституцияга уурултуп-чуурултуп өзгөртүү киргизе бергенден эч нерсе чыкпайт. Дүйнөдө башкаруунун үч-төрт формасы бар. Буга чейин мага Конституциянын 9 варианты келип түштү. Кечээ дагы экөө даярдалганын уктум. Башкаруунун президенттик формасы тууралуу Алмамбет Матубраимовдун Конституция долбоору бар. Экинчиси – президенттик-парламенттик башкаруу, автору – Чолпон Баекова. Депутат Кубатбек Байболовдун тобу башкаруунун парламенттик формасын сунуш кылууда.

К.Бакиев бу долбоорлордун текши баарына тиешелүү мүчүлүштүк катары мамлекеттик башкаруу системасы тууралуу ачык түшүнүктүн жоктугун белгилеп, мына ушул кенемтени элдик рефрендумдун жардамы менен толтуруу зарылдыгын ырастады. Анын пикири боюнча, эмдиги жылкы референдумда жаамы калк Кыргызстанга башкаруунун кандай формасы ылайыктуу, президент менен парламенттен кол тийбестикти алып коюу керекпи же жокпу, сот реформасы тууралуу түйүндүү суроолор коюлушу лаазым.

Ошентип, 2010-жылдан тарта Кыргызстан башкаруунун кандай жолун тандап алуусун жалпы элдик референдум чечмекчи. Бирок да, 21-декабрдагы Конституциялык кеңеш жыйынында К.Бакиев жергиликтүү бийлик жетекчилерине элге референдумдун максат-мүдөөсүн түшүндүрүү иштерин баштардан мурда коюлуп аткан маселенин чоо-жайын өздөрү жакшылап түшүнүп алышын атайын эскертти. Мамлекет башчысынын мындай пикири Акүй эмитен эле өзүнө жаккан долбоорду референдумдан алып өтүү камылгасына киришип алгандай таасир калтырат. Аны Конституциялык кеңештин жыйынына катышып олтурган парламент депутаты Азимбек Бекназаров алдагыдай сыпаттады:

- Бүгүн залды карап отурсам баягы эле А.Акаевдин тушундагы адамдар «тегерек үстөлгө» чогулуп алып дагы эле А.Акаевдин убагындай «биз чечип койдук, консенсуска келип койдук, эми ушуна элге жеткирип, парламентке кабыл алдыра коелу дегендей ошол эле методдон чыга албай жатабыз.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты Бегиш Ааматовдун ырасташынча, 24-марттан кийин жаңы бийлик реформаланбай, мурдагы көнүмүшүнө салып референдум идеясын көтөрүп чыгышы анын кескин өзгөрүүлөрдү жасоого батыналбай отурушун көрсөтөт.


- Революциядан кийин келген бийлик Конституцияны (1993-жылкы – Ред.) ордуна коюп койгондун ордуна А.Акаевдин тушунда басылып алынган бийликтин жолоюнан чыга албай келатат. Ошол А.Акаевдин колундагы мыйзам – Конституция азыркы бийликке да жагып жаткан окшойт. Бул жерде чоң катачылык бар.

20-декабрда жаңы өкмөт мүчөлөрү парламент алдында ант берди. Анын эртеси өкмөт башчы Феликс Кулов баштаган делегация Тараз шаарында Казакстандын аткаруу бийлик жетекчилери менен жолугушуп, эки тараптуу экономикалык мамиле-катнашты жакшыртуу маселелерин талкуулап кайтты. Алардын эң орчуну Казакстан өкмөтүнүн Кыргызстанга берилчү күйүүчү-майлоочу майларды мурдагы өлчөмүндө берүүгө макулдук берүүсү, Көл жээгиндеги төрт пансионатын ээлеп калганы болду окшойт.

- Проблема эмнеде? Мурдагы өкмөттүн чечими боюнча 1991-жылга чейин курулган объектилердин баары Кыргызстандын менчиги деп таанылган. Андан кийинкиси кургандыкы. Бул проблеманы тереңден изилдей келгенде, анын үстүнө беш жылдан бери маселе чечилбей келди. Андан түшүнүксүз шек-шоораттар чыга баштады. Акчасын эсептей келгенде мурунку рубль менен курулган эс алуу үйлөрүнүн баасы жарыбаган акчаны эле түзүп калат экен. Ошого ортодо кер-мур айтышкандын баары саясий талашка айланчудай. Экономикалык жагынан алганда, аларды тартып алганда деле өзүбүз ордуна жаңысын кура албайбыз. Эмне кылуу керек? Мен айттым, макул, шарттуу түрдө бул силердин менчигиңер, аны биз тааныйлы. Бирок биздин шарт бар, 2 – 4 жылдын ичинде жыл бою иштей турган 3 – 4 жылдыздуу мейманканаларды кургула, курулуш ишине биздин жарандарды тарткыла.

Ф.Куловдун ырасташынча, кымбатбаа мейманкалардын курулушунда, кийин аларды иштетүүгө жергиликтүү калк катышат.

Эки өкмөттүн биргелешкен расмий иш-чараларынын дээрлик баарында козголуп келаткан эмгек мигранттарынын шартын жакшыртуу, президенттик шайлоо алдында Алматыдан кууп чыгарылган соодагерлердин паспортуна коюлган белгилерди алып коюуга казак өкмөтү макул болгонун Кыргызстандын миграция боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова да ырастады.

- Казак өкмөтү биздин мигранттарды 90 күнгө чейин каттоосу жок жүрүүгө уруксат кылган токтом кабыл алганы жатат. Бул эмгек мигранттары үчүн чоң жеңилдик деп эсептейбиз. Экинчиси 10 миң адамга квота берилип жатат. Бул Алматы облусунда тамекиде иштеп жаткан, Астана, башка чоң шаарларда курулушта иштеп аткандарга берилмекчи. Андан тышкары чоң базарларда соода-сатык кылып жүргөн биздин жарандарга эч кандай квота коюлбайт. Алар жеке ишкердин күбөлүгүн алып ошону менен иштеп жүрө беришсе болот.

24-декабрда 8 партиянын башын кошкон «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылы кезектеги 3-курултайын өткөрдү. Анда козголгон маселелер тууралуу кыймыл жолбашчыларынын бири А.Бекназаров мындай дейт:

- Биз элдик референдумдан кийин каалайбызбы-каалабайбызбы бөлүнөбүз Кимдир бирөөлөр президенттик башкарууну жактырат. Биз парламенттик башкаруу формасын каалайбыз. Ошондуктан 65 саясий партиялар үч блокко биригишет. Президенттик-парламенттик башкарууну, президенттик башкарууну, болбосо парламенттик башкарууну каалагандар өзүнчө блокторго бөлүнүшөт.

Бишкекте саясий партиялар эмдиги жылкы референдумга кантип баруунун маселелерин талкуулап жаткан чакта Ош облустук акимчиликтин имаратында жардыруу болду. Облустук жетекчинин биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев «Азаттыктын» облустагы кабарчысы Кубаныч Жолдошевге билдиргенге караганда, жардыруу күндүзгү саат үчтөргө жакын болду.

- Ушу үчтөргө он-онбеш мүнөт калганда катуу жардыруу болгондой кабинет тарактап кетти. Чуркап коридорго чыксам ал жерде туман.

Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков бул сес көрсөтүү үчүн жасалган иш-аракет болушу мүмкүн деп эсептейт.

-Нары жагында Саясий агартуу деген бар. Ошол жердин балкон жагы жарылыптыр дейт. Ал жерде бирөө отурбайт деле, кабинет деле жок. Менимче, бул коркуткан эле окуя го.

Кыргызстандын ички иштер министринин орунбасары Шеркозу Мурзакаримовдун ырасташынча, ушу тапта иликтөө-изилдөө иштери жүрүүдө.

- Шаардык, облустук ИИБ иштеп жатышат. Анын кандайча жардырылганы, эмне себептен болгонун изилдешүүдө. Адистердин баары ошол жерде. Азыр адистер жыйынтык маалымат берише элек.

БИЙЛИККЕ ЫҢКЫЛАПТЫ АЯГЫНА ЧЫГАРУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ

Азиза Турдуева, Бишкек 24-декабрда Бишкекте өткөн Кыргызстан элинин 6-курултайында март окуяларына саясий баа берилип, өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал талкууланды. Курултайдын Резолюциясында мамлекеттик башкаруу системасын тандап алуу боюнча референдумду 26-февралда өткөрүү сунушталды. Ошондой эле 24-мартты элдик ыңкылаптын күнү катары майрам катары белгилөө, экс-президент Аскар Акаевди жана анын үй-бүлөсүн мыйзамсыз иштери үчүн жоопко тартуу, мурдагы бийлик учурунда иштеп, өлкөнү кризиске дуушар кылган чиновниктерди кызматтан алуу талап кылынды.

Курултай кабыл алган резолюцияда элдик ыңкылаптын максаттарына туура келген Конституция мамлекеттик тилде жазылып кабыл алынсын, президент Курманбек Бакиев кийинки жылдын 24-мартында бир жыл ичинде жасаган иштери тууралуу жана революциянын талаптарын жүзөгө ашыруу боюнча отчет берсин, экс-президент Аскар Акаев менен кошо иштеген чиновниктер кызматтарынан алынсын жана келечекте алар кызматтарга кабыл алынбасын деген сыяктуу 9 пункттан турган чечим кабыл алынды. Бул чечим эми президентке жана Жогорку Кеңешке жолдонот.

Жыйында адегенде «Асаба» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, 24-марттагы окуяга саясий баа берүү маселесине, ыңкылаптан кийин жургүзүлгөн иштерге токтолду. Анын пикиринде, март ыңкылабынан кийин мамлекет башына келген азыркы бийлик элдин талаптарын аткарган жок:

- Эл бизден 24-марттан кийин чоң өзгөрүүлөрдү күткөн эле. Бирок аны биз аткара алган жокпуз. Муну биз мойнубузга алышыбыз керек. Революциядан кийин жаңылануу болгон жок, тездик менен боло турган реформалар жүргүзүлгөн жок. Элдин башкы талабы – анын турмушун жакшырта турган саясатты жүргүзүү болчу. Башка чоң деле талап койгон эмес.

Бекназаров президент Курманбек Бакиевге 24-мартты Кыргызстандагы элдик ыңкылаптын жеңген күнү катары өлкөдө жыл сайын белгиленсин деген сунуш жолдоно тургандыгын да маалымдады.

Курултайга катышкан айрым саясатчылар болсо 24-марттагы окуяны элдик ыңкылап деп айтууга негиз жок деген ойлорун да ортого салышты. Мисалга алсак, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев «Азаттыкка» берген интервьюсунда 24-марттагы ыңкылап аягына чыкпай калгандыктан ага башкача аныктама бериш керек деди:

- 24-мартта ыңкылап болгон жок. Адегенде ыңкылап катары башталып, бирок аягында төңкөрүш менен бүтүп калды. Муну мамлекеттик төңкөрүш катары бааласа болот. Эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок .

Мукар Чолпонбаевдин мындай пикирине «Кыргызстан» улуттук кыймылынын теңтөрагасы Болот Байкожоев да кошулду:

- Элдик ыңкылап болгон жок. Бир үй-бүлөнүн ордуна экинчи үй-бүлө келип отурду. Ошондуктан, мен муну ыңкылап деп атоого каршымын. Коорупция күчөп жатат. Бакиев убада кылган нерселерин аткарган жок.

Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчилеринин бири Ишенбай Абдразаков 24-марттагы окуяга байланыштуу буларды айтты:

- 24-мартта төңкөрүш да болгон жок, ыңкылап да болгон жок. Болгону элдик кыймыл болду, анын натыйжасында, Акаев качып кеткендиктен бийлик алмашты. Бирок ыңкылапка таандык өзгөрүүлөр болгон жок.

Бирок жыйындын катышуучуларынын негизги бөлүгү 24-мартта элдик ыңкылап болду деген пикирди карманышаарын, болгону ыңкылап аягына чыга электигин билдиришти.

Жыйындын бир топ катышуучулары ыңкылаптан кийин жаңы бийликтин иш-аракеттерине карата сын-пикирлерин айтышты. Алар ошондой эле 24-марттан кийин өлкөдө укуктук талааны издебей, революциялык жол менен реформаларды ишке ашыруу керек эле деген ойлорун ортого салышты.

Депутат Азимбек Бекназаров да революциялык жолду эмес, укуктук талаанын алкагында иш жүргүзүүнү тандап алуу реформаларды кечеңдеткенин, коррупцияга каршы күрөшкө кеңири жол ачылбай калгандыгын белгиледи.

Ал эми президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун болсо, марттан бери бийлик тарабынан эч нерсе жасалган жок деген пикирлер негизсиз деген оюн билдирди:

- Марттан кийин эч нерсе жасалган жок деп айткандарга мен кошула албайм. Анткени, бул мезгил ичи кыйын кырдаал, анын ичинде жер басып алуу, кендерди басып алуу, 17-июндагы окуялар, митинг, пикеттер болгондугуна карабастан, өлкөдөгү абалды калыбына келтирүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Эң башкысы - өлкөдө туруктуулук орнотулду. Бул чоң жетишкендик. Азыр айрымдар Бакиев бийликтен кетсин деп атышат. Эгерде Бакиев кетсе анархия башталат.

Курултайда Аксы элининин атынан сөз сүйлөгөн Жаныш Курбанов болсо Аксы эли президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылаарын маалымдады:

- Биз төмөнкү адамдардын кызматтан алынышын жана сот жообуна тартылышын президенттен талап кылабыз. Алар: Ч. Баекова, А. Жекшенкулов, А. Ногоев, М. Керимкулов, Д. Сарыгулов, А. Карыпкулов, М. Суталинов, Ч. Абышкаев, К. Конгантиев, К. Абдиев жана башкалар.

Курултай кабыл алган чечимге ылайык Таштемир Айтбаев, Курманбек Осмонов, Турсун Турдумамбетов, Чолпон Баекова сыяктуу 43 адам Акаевдин доорунда иштеп, Кыргызстанды ушундай кыйын абалга алып келгени үчүн азыркы кызматтарынан токтоосуз четтетилүүгө тийиш. Тизмеде Касымов, Акматалиев, Карыпкулов, Ногоев, Суталинов, Тойчубеков, Рустенбеков, Адам Закиров, Топоев, Шарипов, Айбалаев, Касиев, Жанузаков сыяктуу адамдар бар.

Курултайдын башкы бир талабы – Аскар Акаевдин үй-бүлөсү ээлик кылып алган мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу, ал эми бул иштерге тиешеси бар мурдагы президент Акаев баштаган адамдарды сот жообуна тартуу болду.

ОШТОГУ ЖАРДЫРУУНУН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?

Кубанычбек Жолдошев, Ош 24-декабрь, ишемби күнү кечки саат он алтыларга жакын Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында жардыруу болду. Бактыга жараша адам курмандыктары катталган жок. Жардыруунун натыйжасында имараттын күн батыш тарабындагы кабинеттердин терезелери күбүлүп түшүп, жардыруунун очогу болгон жыйындар залы жайгашкан бөлмөлөр зыянга учураган. Улуттук коопсуздук жана ички иштер кызматтарынын жетекчилери болгон окуя боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Жардыруу Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан жыйындар залынын башындагы бөлмөлөрдүн биринен чыккан. Жардыруунун кесепетинен 1, 2, 3-кабаттардагы бөлмөлөрдүн күн чыгыш тарабындагы терезелер күбүлүп түшүп калган.

Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев имараттын ичиндеги жардыруу боюнча буларды билдирди:

- Карасак туман, кирсек электр жарыгы жанып турат, Кудайга шүгүр эч ким жок экен. Өзүңүз көpгөндөй, үчүнчү кабаттын айнектери да талкаланып калган. Биз өрт өчүрүүчү бөлүмгө жана облустук ички иштер башкармалыгына телефон чалдык. Бардык кызматтар келип текшерип атышат. Жардыруу абдан чоң күчтө болгон. Эмнеден болгонун саперлор текшерүүчү аппарат менен текшерип атышат, жарым, бир саатта толук аныкталып калат.

Жардыруу болгон имараттын бөлмөлөрүндө Улуттук коопсуздук, ички иштер жана прокуратура органдарынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Иликтөөнүн жүрүшү боюнча тиешелүү органдар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Облус губернаторунун пресс-катчысы Алишер Токсонбаевдин айтымында, жардыруу болгон жерден шектүү далил заттары али табыла элек:

- Иликтөөгө караганда, азырынча илинчек, шектүү заттар да табылган жок. Ошондуктан анча-мынча калдыктарды жүктөп кетишти, экспертиза кылышат экен. Атайын органдар бул террактбы, терракт эмеспи айталбай турушат.

Өзүнүн атын ачык атагысы келбеген адис-эксперттин айтымында, жардыруу эскертүү иретинде жасалган белгисиз кылмышкерлердин колунан келиши мүмкүн.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Дастан Ходжаев жардыруунун кесепетинен келтирилген материалдык зыяндын орду чоң экендигин белгилеп өттү:

- Биздин имараттын жанындагы буфет эң чоң кыйроого учураган. Ошондой эле жардыруунун негизинен имараттын айнек, рамалары сынып кеткен. Бул боюнча администрацияда атайын комиссия түздүк, биринчи орунбасар баш болгон. Ал комиссияга бардык тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү кирди. Эртеңден баштап келтирилген зыянды толугу менен эсептеп, анан толуктоо боюнча иш жүргүзөбүз.

Ош облусунун прокурорунун орунбасары Фархад Сайдалиев жардыруу окуясы боюнча терроризм беренесинин негизинде кылмыш иши козголгондугун билдирди.

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: «ПРЕЗИДЕНТТИН САЯСИЙ КОМАНДАСЫ ЖОК»

Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» элдик кыймылынын координациялык кеңешинин башчысы, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен маек

- Сиз 12-декабрда уюштурган маалымат жыйынында 6-элдик курултай революциялык курултай болот деп айттыңыз эле. Мына курултай соңуна чыкты. Кандай дейсиз, ал максатына жеттиби?

- Мен максатына жетти деп ойлойм. Анткени, революциянын тынчтык жол менен жүрө турган экинчи бөлүгүнө байланышкан нерселердин бардыгы ушул курултай кабыл алган чечимде камтылды. Мына эми биз муну президентке, өкмөткө, парламентке берип, анан жаңы партиялардын, жарандык коомдун атынан түзүлгөн коомдук палатадан талап кыла баштайбыз. Мен ойлойм, биз президентке да, өкмөткө да коркпой, революциялык чечкиндүү реформаларды жүргүзүүгө түрткү беребиз. Ушул курултай, дал ушуга түрткү берет. Мен ага ишенем.

- Курултайды уюштуруучулар кимдер, кайсы партиялар? Толук айта аласызбы?

- Уюштуруучулар – «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылына кирген сегиз партия. Топчубек Тургуналиев («Эркиндик») менен Клара Ажибекованын (Кыргызстан коммунисттик) партиялары катышкан жок. Телефондорун да таба алган жокпуз. Кийин кечирээк тапсак, Топчуке таарынып келбей койду. Калган сегиз партия катышты. Бизге жаңыдан «Жашылдар» партиясы кирди кечээ. Курултайды андан башка «Асаба», «Жаңы Кыргызстан», «Эрк», «КЭК», «КДК», «Республикачыл» партиялары уюштурдук.

- Ыңкылап жасаган партиялардын катарында «Эркиндик» саясий партиясынын аты аталып келатат. Бирок партия лидери Топчубек Тургуналиев силерди курултайда колдогон жок. Тагыраак айтканда, курултайдын негизги принципиалдуу жактарын колдогон жок. Муну «Кыргызстан» саясий кыймылына бириккен саясий партиялардын бөлүнүүсү катары баалоого болобу?

- Биз – «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылынын мүчөлөрү элдик референдум болгондон кийин каалайбызбы-каалабайбызбы бөлүнөбүз. Бирөө президенттик башкарууну каалайт, биз парламенттик башкаруу формасын каалайбыз. Ошондуктан, референдум өткөндөн кийин 65 партия үч блокко биригишет. Президенттик башкарууну каалагандар өзүнчө, президенттик-парламенттик башкарууну каалагандар өзүнчө, парламенттик республиканы каалагандар өзүнчө блок болушат. Ошондуктан, биз мамлекеттик башкаруу формасын тандап алууда «Кыргызстан» саясий-коомдук кыймылына кирген партиялар бири-бирибизди түшүнүү менен бөлүнөбүз деп чечим кабыл алганбыз.

- 6-курултайдын чечимдери ишке ашарына ишенесизби? Себеби биз курултайдын айрым катышуучулары менен сүйлөшкөн учурда алар муну элди дүрбөтө турган эле эмоциялык курултай болуп калды деген көз караштарды айтып атышат.

- Бизди Акаевдин кезинде да ошентип жүрүшкөн. Булар эл бузарлар, тополоңчулар, радикалдар, башка эч иш кылышпайт деп. Мына ошого карабай өз ишибизди үч жыл бою жүргүзүп келип, акырында революция кылуу менен жеңишке жеттик. Бүгүнкү күндө ошентип айткандар болсо, алар - контрреволюциячылар. Аларга акча керек, бийлик керек. Башка эч нерсенин кереги жок. Бүгүнкү күндө аларды турмушу канааттандырат. Бирок биз – курултайды уюштурган көп партиялар элдин кызыкчылыгынан карап атабыз. Элдин турмушу оңолгон жок. Мурдагыдай эле. Эч кандай, эч нерсе өзгөргөн жок деген көпчүлүк элдин пикирин эске алуу менен ушул курултайды өткөрүп, дагы бир жолу чогултуп, пикирлерин бир угуп көрөлүчү, анан топтоштуруп, президентке көпчүлүк пикир момундай экен деп сунуш кылалы дедик. Мына бүгүн биз көпчүлүк эл революциялык реформаны күтүп жатканына ишендик.

- Курултайда элдин революциядагы каалоосу ишке ашпай жатат деп ар бириңиздер айттыңыздар. Ким күнөөлүү деп ойлойсуз? Эмне үчүн ишке ашпай жатат?

- Ага революциянын башында турган Координациялык кеңештин мүчөлөрү – биз да күнөөлүүбүз. Ошонун ичинде мен да күнөөлүүмүн. Эмне үчүн дегенде биздин биринчи чоң катачылыгыбыз дароо революциялык комитет же партиялардын өкүлдөрү кирген коалициялык убактылуу өкмөт түзө албагандыгыбызда болгон. Биз дароо тынчтык жолун тандап алып, Акаев гана кетти мыйзамсыз, калганын баарын мыйзамдуу ишке ашырабыз деген ошол биринчи кадамыбызда кемчилик болуп калды. Экинчи чоң кемчилигибиз – ошону биз координациялык кеңештин мүчөлөрү Курманбек Салиевичтен катуу талап кыла алган жокпуз. Болуптур, тынчтык жолу болсо болсун деп, ошол жолду тандап алган экенбиз. Иш жүзүнө келгенде бул ишке ашпай турган нерсе болуп калбадыбы. Анткени, бир эле ошол Акаев менен иштешкен кызматкерди кызматтан бошотсо, ал сотко берип, эмне үчүн мени бошотосуң, мен мурда кызматта жүргөн үчүнбү деген саясатта туруп алды. Менчигине тийсең, сотко бергиле, ишти тергегиле, андан кийин гана аласыңар деп, аны бербей туруп алды. Мына ушул кетирген кемчилигибизден элдин мүдөөсү аткарылбай, нааразычылык күчөп атат.

- Айрым оппоненттери президентти принципсиздиги үчүн сындашууда. Сиздин көз карашыңызда Курманбек Бакиевдин катачылыгы эмнеде?

- Курманбек Салиевичтин катачылыгы - ушуга чейин Кыргызстанга кандай мамлекет кура ала тургандыгын ачык айта алган жок. Кандай программасы бар, беш-алты жылда эмне болот, кандай формада үй курабыз деп катуу тура алган жок. Экинчи катачылыгы – Курманбек Салиевичтин саясий командасы жок. Биз, «Кыргызстан» саясий-элдик кыймылы формалдуу түрдө саясий командабыз деп жүргөнүбүз менен чын-чынына келгенде биз саясий команда эмеспиз. Курманбек Салиевичтин кемчилиги ушунда. Өзү менен кечээ революция кылып жүргөн командасына караганда, жашыруун күчтөрдүн жетегине көбүрөөк кирип атканы. Кемчилиги так ушунда.

- Кызматтан кеткен мурдагы командасы кайра ага оппозициялык күч болуш ыктымалдыгы барбы? Айрым талдоочулар ушундай көз караштарын айтып жатышпайбы?

- Эгерде биз курултайда кабыл алган чечимдерди ишке ашырбаса, анда биз «Кечирип кой, Кыргызстандын эли биз лидерди тандаганда катачылык кетирген экенбиз. Революцияны жасагандан кийин көп кемчиликтерди кетирдик» деп элден кечирим сурап, анан өз жолубуз менен кетишке мүмкүнчүлүктөр бар.

- Сиз өзүңүздүн башкы прокурордук кызматтан кетишиңиздин негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз? Сизди Карасуу окуясы боюнча кетти деп жарыяланбады беле?

- Эми Карасуу окуясы боюнча, эгер, мен бир нерсе кылсам, кылмыш жообуна тартпайбы? Бул жөн гана шылтоо, шылтоо. Эң негизги себептерди мен башында эле айткам. Акаевдин убагындагы коррупционерлер менен азыркы жаңы пайда болгон коррупционерлер биригип туруп, мени жыгып түшүштү. Анткени, менин ар бир козгогон ишим, прессанын алдына берген ар бир маалыматым аларды тынч уктаткан жок. Аскар Акаевдин кызынын депутаттыгын ким алдыртты? Ким баласынын кол тийбестигин алдыртты? Ким Адил Тойгонбаевдин үстүнөн иш козгоду, Ал мына качып жүрөт. «Кошелектор» кайда качып жүрүшөт? Ошолор тынч жатат беле? Алардын колунда акча бар. Алардын колунда мурда Бакиев менен бирге иштешип жүргөн адамдары бар. Мына ошолор аркылуу акырын-акырын мени бул кызматтан четтетпесе болбойт экен деген жыйынтыкка келишти. Башкы прокурордон алып, каалаган кызматка коюу маселеси көтөрүлдү. Ошон үчүн дароо эле ортомчуларды салып, Жогорку Соттун төрагасы болуп бер деген сөз кетти. Анткени, башкы прокуратурада коррупция менен күрөшкүдөй, башка органдарга көзөмөл кыла турган күч бар. Ал эми Жогорку сотто эмне күч бар эле? Жөн эле келген ишти карап коюп, отура бересиң. Эгерде алардын башка бир себеби болсо башка кызматты сунуш кылбайт эле да. Ошентип, өздөрүнүн кадамдары менен маселенин себебин өздөрү далилдеп атат.

- Сиз юристсиз да. Жогорку Соттун шайланган төрагасы мыйзам боюнча кете албайт эле. Сиз ошону билип туруп баш тарттыңызбы же…

- Мыйзам боюнча мен кете алат белем? Мен да жети жылга бекитилгем. Айырмасы эмне?

- Ошентсе да сизде Жогорку Сот төрагасын сиз үчүн кетире алат деген ой бар беле?

- Президент кайсы бийлик башчысын болсо деле кетирем десе, кетирип эле коюп атпайбы азыр. Мыйзамсыз кетирип атат. Мисалы, мени да мыйзамсыз кетирген. Ошентип Осмоновду деле мыйзамсыз кетирип коймок. Ошондуктан, мен эртеси күнү эле интервьюмда мени мыйзамсыз кетиргени аз келгенсип, эми Осмоновду мыйзамсыз кетиргенине мен каршымын, эч кандай кызматына барбайм дебедимби.

- Курултайда Акаев менен иштешкен жоон топ кызматкерлердин атын атап, аларды бийликке жолотпоону, иштеп жаткандарды кетирүүнү колго салдыңар. Бул кайрадан жаңы душмандарды пайда кылбайбы?

- Сөзсүз түрдө. Мен ошол башкы прокурор болуп барганда биртоп душмандарды пайда кылбадымбы. Ошол 1992-жылдан бери жаткан иштерди козгоп койдум. Мына Дастан Сарыгулов мага душман болуп калды. Сен эмне үчүн кайра жаңыртып, эки ишти жокко чыгардың дейт. Өткөндө интервью берип, эч качан сурак берген эмесмин деп айтып атат. Сурак берген, мен ачык айтып коеюн. Жакында ошол иштин бирөөнү жаңы прокурор кыскартып салыптыр. Мен кыскартмак эмесмин. Мына Сулайман Иманбаевдин ишин кайра чакырып алышты. Эми логика болуш керек да. Сулайман Иманбаевди чакырып алган соң, анда Акаевдин кызынын колуна кайра жаңы ачылган жагдай боюнча депутаттыгын бериш керек. Ушуга окшогон күлкү келе турган нерселер биздин укук коргоо органдарында да, сотто да болуп атат. Мисалы, кечээ эле Акматбаевдин ишин кокуй Акматбаев жок экен карабайбыз деп атты эле. Бүгүн негедир ыкчам, тез-тез карап атат. Эмне себеп? Ошондуктан, Курманбек Салиевич мамлекеттин башчысы, Конституциянын, адам укуктарынын, эркиндигинин кепилдигин алган киши катары мамлекеттик, элдик позицияда катуу турбаса, орто жолдо ушундай нерселер пайда боло берип, эртең дагы бир революция болуп кетиши мүмкүн. Биз ушуга жол бербейли деген максат менен, бул коомдук пикир, контрреволюция жасайбыз дегендерге да айтып атабыз эсиңерге келгиле, биз барбыз, революцияны жөн эле тарттырып берип койбойбуз деп, революция менен келген бийликке да айтып атабыз, азырынча биз сени колдоп атабыз, иштегиле, адашпагыла, тезирээк элдин ишенимине кире турган кадамдарды жасагыла деп.

- Мурдагы суроого улай тактоо иретиндеги суроо: президентке кайсы тарап көбүрөөк таасир этиши мүмкүн: Жаңы бийликти Акаевдин кадрлары менен кызматташпоого чакырган курултайдын чечимиби же ошол тизмедеги Бакиев менен Акаевдин тушунда кызматташкан жоон топ мурдагы кадрларбы?

- Мен ойлойм: революция күнү жакындап келатканда, азыр ушу залда айтылган пикирлер көбүрөөк таасир этет. Башка жол жок. Себеби жыл жакындап келатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG