Европа комиссиясы Иран менен Орусия ортосунда жекшембиде түзүлгөн келишимге карата эч кандай каршылыгы жок экенин билдирди. Макулдашууга ылайык, Москва Ирандагы Бушер атомдук станциясын уран менен камсыздап, иштетилген өзөктүк отунду кайра алып кетип турмакчы. Германия, Франция жана Британия бир айдан бери Тегеранды уран байытуу процессинен баш тартууга көндүрүү аракетин көрүп жатышат.
28-февралда Кыргызстандын Борбордук Шайлоо комиссиясы жекшембиде болгон парламенттик шайлоонун алгачкы толук жыйынтыгын чыгарды. Биринчи айлампада 31 депутат шайланганы белгилүү болду.
Жума күнкү жан кечтинин чабуулунан кийин Израилдин өкмөтү Сирияга жана палестиндерге кысымын күч алдырды. Убактылуу элдешүүнүн мезгилинде орун алган Тел Авивдеги чабуулда беш киши набыт болгон.
Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жогорку Кеңештин депутаттыгына №24 Ноокен шайлоо аймагынан талапкер болгон беш жарандын жактоочулары 28-февралда Ош-Бишкек жолун жабышты. Митингдин катышуучулары бийлик жана округдук шайлоо комиссиясына беш талап коюшту. Эгер талаптары 1-март күнкү саат онго чейин аткарылбаса, нааразычылык чараларын улантууну убада кылышты.
Жекшемби күнү Тажикстанда болгон парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы маалым болду. БШКнын билдирүүсүнө караганда, парламенттин ылдыйкы палатасына депутаттарды шайлоого 3 миллион ашуун шайлоочунун 88 проценти катышкан. Элдин добуш берүүгө жапырт чыкканын оппозициячыл партиялар да ырасташты. Бирок, төрт партия Дүйшөмбү шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну бийликтерден талап кылышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму добуш берүү демократиянын эл аралык нормаларына ылайык өтпөгөнүн билдирди.
Тегеран менен Москва ортосунда түзүлгөн келишим Ирандын алгачкы атомдук реакторунун ишке киргизилишине жол ачмакчы. Жекшембиде кол коюлган документке ылайык, Орусия Иранды өзөктүк отун менен камсыздайт. Тараптар өзөктүк калдыктар маселесине байланыштуу көптөн бери мунасага келе албай жатышкан эле.
Аманбек Жапаров,Бишкек Шайлоолорго байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европа тармагынын өкүлдөрү 28-февралда өткөргөн маалымат жыйында Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүндө одоно мыйзам бузууларга жол берилгендиги айтылды. Алардын баамында, шайлоо аткаруу бийлигинин кысымы астында өттү.
Аким Өзгөн, Стамбул Түркиянын өкмөтү Иракта федералдык система орношуна каршы эмес экенин билдирди. Анкара өкмөтү бул жаңыча саясаттын чегинде Ирактагы күрт саясатчылары менен да баарлаша баштады.
Чолпон Орозобекова, Бишкек Парламенттик шайлоого жергиликтүү бейөкмөт жана коомдук уюмдар да байкоо жүргүздү. Бейөкмөт уюмдардын баамында, бул парламенттик шайлоону таза жана адилет өттү деп айтканга болбойт. Жергиликтүү айрым байкоочулардын пикиринде, бийлик канчалык административдик куралдарды пайдаланып, шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкенге аракет кылган менен өздөрүнүн шайлоочулар демократиялык эркин көрсөтө алышты.
Дүйшөмбүдө КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары 27-февралдагы парламенттик шайлоо тууралуу билдирүү таратты. Анда парламент шайлоо азыноолок мүчүлүштүктөрүнө карабастан мыйзамдык талаптарга ылайык өткөндүгү айтылат. А бирок, андай көңүлток билдирүүнү айрым байкоочулар колдобойт.
Айданбек Акмат уулу, Бишкеk 28-февралда Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин алдында оппозициялык партиялардын жана коомчулуктун 300дөй өкүлү парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын чыгарууга аракет жасады. Бул иш чара атайын уюштурулган чагымчылардын чыр салышы менен коштолду.
Азиза Турдуева, Бишкек Европадагы коопсуздук жана кызматаштык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросунун, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жана Европа парламентинин эл аралык миссиясы Кыргызстанда 27-февралда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүздү. Миссия Кыргызстандагы бул шайлоо демократиялык шайлоолорду өткөрүү боюнча ЕККУнун милдеттенмелерине жана башка эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берген жок деген бүтүмгө келди.
Дагы жүктөңүз