Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:13

Саясат

НАЗАРБАЕВ КАЗАКСТАНДЫ БАЙ ӨЛКӨЛӨРДҮН КАТАРЫНА КОШУУГА АНТ БЕРДИ

Бүгүн Казакстандын башкалаасында Н.Назарбаевдин президенттик ант берүү аземи болуп өттү. 1995-жылкы Конституция боюнча дагы бир жолу шайланган президент Н.Назарбаев Казакстан дүйнөдөгү бай мамлекеттердин катарына кире алат деп баса белгилеп, мындай улуу максат үчүн аракетин аянбай тургандыгын айтты.

Мындан жыйырма жыл илгери Казакстандын а кездеги башкалаасы Алматыда «желтоксан окуялары» болуп өткөн. Коммунисттик империянын кадыры кете баштаганын билдирген декабрдагы козголоң тушунда азыркы президент Н.Назарбаев министрлер кеңешинин төрагасы болчу.

1989-жылы ал Казакстан Компартиясынын биринчи катчысы, эки жылдан кийин эгемен Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган. Ошентип 17 жылдан бери мурдагы коммунисттик лидер президенттик бийлигин колдон чыгарбай келатат. Ушу азыр Н.Назарбаевдин артынан ээрчиген чуулгандуу «Казахгейт» талашына да чекит коюла элек.

2005-жылдын 4-декабрындагы президенттик шайлоодо Н.Назарбаев 91% добуш менен атаандаштарын утуп чыкты. 11-январдагы ант берүү аземинде ал мындай деп айтты:

- Казакстан калкына адал кызмат этүүгө, Казакстан Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарын катаң сактоого, азаматтардын укуктары менен боштондуктарына кепилдик берүүгө, Казакстан Республикасынын өзүмө жүктөлгөн мартабалуу милдетин адал актоого салтанаттуу түрдө ант этемин!

Н.Назарбаев шайлоодо сөзсүз жеңип чыгарын Казакстандагы Евразиялык адам жана коом институтунун директору Аскар Нурманов ага чейин эле момундайча мүнөздөгөн:

- Менин оюмча, Н.Назарбаевден башка ушул кыйын заманда бийликти кармап, өлкөнү бөлүп-жарбай кармоого ал кишинин тажрыйбасы бар.

Н.Назарбаев коммунисттик-партиялык номенклатура эреже-тартибиненби, болбосо бийлик каршылаштары - оппозиция өкүлдөрүн башынан эле жактырбайбы, каш кайтаргандардын айрымдарын абакка салды, анын колу жетпей калган Акежан Кажегелдин көптөн бери чет жерде баш калкалап жүрөт.

Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов Казакстандын экономикалык өнүгүүсү көбүнесе чийки заттарды сатуунун эсебинен жүрүүдө, жалпы калктын жашоо-турмуш деңгээли ал жерде деле бийиктеп кеткен жери жок, деген пикирде.

- Улуттук байлыктын ар бир жанга бөлүнүшү деген нерсе бар. Ошол боюнча алсак, мисалы, Казакстанда орточо айлык акы 200 – 250 доллардын тегерегинде. Бул көппү же азбы? Албетте, бул Кыргызстанга караганда көп. Бирок Советтер Союзундагы мурдагы республикалардын айрымдары менен салыштырып көрбөйлүбү. Тетиги жакта Балтика боюндагы республикалар бар, ошолордо орточо айлык 500 – 600 доллар болду.


Н.Назарбаев деле ушу тапта постсоветтик Борбор Азияда демократия куруп жатышканын билдирүүдөн тажабаган жанындагы бийликтен кеткиси келбеген президенттердeн айырмаланбаган, коммунисттик таалим-тарбияны канына сиңирип алган жетекчи, дейт белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиев.

- Борбор Азиядагы республикалардын президенттеринин баары эле демократия куруп жатабыз, базар экономикасына жол коюп жатабыз, шарт түзүп жатабыз деп жатышканы менен анын натыйжасын карашыбыз керек. Ошолор жасап жаткан иштеринин натыйжасы кандай чыгууда? Казакстан өзү жаратылыш ресурстарына бай мамлекет. Азыр мунайдын баасы кымбат. Ушунун пайдасын көрүп жатат. Коррупциянын деңгээлин алалы. Казакстан менен Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 122-орунда. Казакстанда деле жакырчылык жоюлуп кеткен жок. Бизден жакшы болгону менен өзүнө салыштырмалуу, энергиясы бай мамлекеттерге караганда анын деле проблемалары көп. Авторитардык башкаруу бийлиги деле Казакстанда биздикинен кем калышпайт.

Мамлекет башчысы болуу жоопкерчилигинин күңгөй-тескейин кашкайта көрсөтчү мисалдар толтура. Аны башка бирөө эмес, кечээ эле Н.Назарбаев менен канкуда болуп, үй-бүлөлүк алыш-беришке чейин жеткен А.Акаевдин сабагы деле айгинелеп туру. Ушу тапта Казакстан менен экономикалык алыш-беришке өзгөчө ынтызар болуп жаткан Грузиянын мурунку президентинин кейпи деле кыйла жыл өлкө башкарып отургандарды ойлонтушу керек эле. Бирок да андай маанай «түстүү ыңкылаптар» жетелек постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндө байкала элек, деп белгилешет биртоп серепчилер.

ЛИДЕРЛЕРИ БИЙЛИКТЕ ТУРГАН ПАРТИЯЛАР ОППОЗИЦИЯГА ООП ЖАТАТ

Азиза Турдуева, Бишкек Жетекчилери аткаруу бийлигинде отурган айрым саясий партиялардын конструктивдүү оппозициялык маанайдагы уюмга - Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясына кириши коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Ал эми бул партиялар жана бийликтин айрым өкүлдөрү мындай жагдайды мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эсептешет. Айрым саясатчылар болсо муну саясий оюн катары баалашууда.

Жакында Кыргызстандагы бир катар саясий партиялар өздөрүн конструктивдүү оппозициядагы саясий уюмга бириккендиги тууралуу жарыялашты. Алардын ичинде лидерлери азыркы аткаруу бийлигинде турган партиялар да бар. Мындай партиялар катары премьер-министр Феликс Куловдун жетекчилигиндеги «Арнамыс» партиясын, өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев менен каржы министри Акылбек Жапаровдун жетекчилигиндеги Социал-демократиялык партиясын атай кетсе болот.

Мындай көрүнүштү айрым саясатчылар кезектеги саясий оюн катары баалашууда. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков бул чанда учураган жагдай деп эсептейт:

- Эми бул туура эмес. Эгерде чыныгы оппозицияга өтө турган болгондо, анда мамлекеттик кызматты таштоо керек эле. Бул жагдайдын ток этээр жери – азыр эптеп президент Курманбек Бакиевдин жасап жаткан иштерине тоскоолдуктарды жасоо, бут тосууларды жасоонун бир көрүнүшү. Бул Алмаз Атамбаевдин, Феликс Куловдун кандайдыр бир макулдугусуз бул партиялардын калган жигиттери мындай кадамга бара албайт эле. Булардын дагы кандайдыр бир саясий оюндарга бараткандыгын элге жакшылап түшүндүрүү керек .

Кээбир серепчилер Кыргызстанда конструктивдүү оппозициядагы уюмдун пайда болушун азыркы бийликтин ишиндеги кемчиликтер шарттап жаткандыгын да белгилешүүдө.

«Арнамыс» партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев партиянын конструктивдүү оппозициядагы саясий бирикмеге өтөөрүнө партия жетекчиси алдын ала макул болгондугун билдирди. Анын пикиринде партиянын иши анын жетекчиси премьер-министр болуп тургандыгына карабастан өз алдынча жүргүзүлөт:

- Биринчиден, азыркы бийлик партияны башкара албайт. Анын ага эч кандай тиешеси жок. Эгерде биздин лидер же башка партиянын лидери деле бийликте турган кезде деле, алар партиялык программаны аткарган жок. Эгерде парламенттик республика болсо – анда партия жооп бермек эле. Азыркы бийлик- партиянын командасы эмес, бул жеке лидерлердин командасы. Эң негизги себеп – коалицияга киргенибиздин себеби – бул азыр өлкөдө системалык кризис орун алып жатат. Биздин өлкө парламенттик башкарууга өтүшү керек .

Социал-демократиялык партиясынын коалицияга киришине анын бийликте турган лидерлери - өнөр жай, соода жана туризм министри Алмазбек Атамбаев менен каржы министри Акылбек Жапаров – каршы чыга албай турганын билдиришкен:

- Демократиялык, укуктук өлкөдө конструктивдүү оппозиция болушу керек. Болбосо ага бийлик өкүлдөрү шарттарды түзүшү керек,-деп айтты социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов.

-Кечээ күнү ошол социал-демократтар коалицияга кошулаардын алдында мен милдеттүү түрдө биздин төрага Алмаз Атамбаевге, биздин саясий кеңештин мүчөсү Акылбек Жапаровго чыгып, өзүбүздүн позициябызды билдиргенбиз. Бул эң ириде ошол эле Курманбек Бакиевдин, анын тегерегинде отурган премьер-министр, ошол эле министрлер А.Атамбаев, А.Жапаровго чыгып, өзүбүздун мамилебизди билдиргенбиз. Алар менен бул маселе боюнча алдын ала макулдашылган. Алар партиялардын мындай пландарына каршы болуп, бут тосо албай тургандыктарын билдиришкен. Эгерде партиянын лидерлери бийлик башында турушса, алар жетектеген партия бийликти сындай албайт дегенди билдирбейт .

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев лидерлери бийликте турган саясий партиялардын оппозициялык маанайдагы саясий бирикмеге киришин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпаттайт:

- Бизде ар бир партиянын уставы, программасы бар. Тигил же бул партия бир адамга, бир лидерге баш ийбеши керек. Ар бир партия элдик партия болууга аркет кылат. Ошондуктан, мындай көрүнүш – лидерлери бийликте турган партиялардын конструктивдүү оппозициялык уюмга кошулгандыгы - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мында таң калыштуу деле нерсе жок. Жалпысынан алганда – бул жакшы көрүнүш деп айтууга болот.

ИРАН УРАН БАЙЫТУУДА ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТАН ЖАЗГАНБАЙТ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 10 январда Иран бийлиги Натанцедеги соотунун мөөрүн бузуп уранды каныктыруу жумушуна киришти. МАГАТЭге жазаган билдирүүсүндө Тегеран ишти аз өлчөмдө жүргүзөт. Ошол эле учурда ирандык ырасмий өкүл изилдөө иши өлкөнүн бардык өзөктүк борборлорунда болорун айткан. АКШ болсо ирандык «өзөктүк ишти» БУУнун Коопсуздук кеңешине берүүнү талап кылды. Евробиримдиги менен кайсы бир өлкөлөр Ирандын мындай кадамын «олуттуу кетирген жаңылыштык» деп баалашты. Орусия дагы Тегеранды сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.

Натанзеде ядролук соотту мындан эки жыл мурда эл аралык коомчулуктун пикирине ылайык Тегеран өз ыктыяры менен жапкан экен. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) көз салуусу астында ал соотко салынган мөөрдү шейшембиде бузуу менен ирандык бийлик эл аралык коомчулук пикирин тоотпой тургандыгын билдирди. Эми ал жеринен самап келе жаткан атомдук бомбага дүрмөт жазоосун улантат дешет.

Агенттиктер чөйрөсүнөн келген маалыматтарга караганда шейшембиде Орусия менен АКШ тышкы саясат уюмдарынын жетекчилери Сергей Лавров менен Кондолиза Райс телефон аркалуу сүйлөшүп, ошол кепте, Тегерандын өзөктүк тыюу салуудан өзүм билемдик менен чыгып кетишин сынга алышкан. Улуу Британия тышкы иштер министри Жек Стро «терең тынчсыздангандыгын» билдирген. Ошону менен катар Тегеран кабылдаган чечимди БУУ Коопсуздук кеңешине кароо керек деген.

Ал тургай, ушул себеп болуп, Улуу Британия, Франция жана Алмания өкүлдөрү ушул бейшембиде Ирандагы уранды каныктыруу маселесин кароо үчүн чогулушуп атканы маалым болуда. Тегеран тарап болсо өзөктүк отундан кубат алуу үчүн гана жазалып аткан иш дешүүдө. Өзөктүк куралды мамлекеттер арасында жайылтпоо келишимине кол койгон өлкө катары, ал келишимдик негизден чыкпасын айтып Иран тарап карганууда.

«Биз (уранды каныктыруу – ММ) бул жумушту кайра баштообуз бир гана илимий изилдөө максатта болуп атат», - деген Би-би-сиге айткан жообунда Ирандын атомдук энергия уюмунун жетекчисинин орун басары Мохаммад Саииди. Бирок, АКШ менен Евробиримдиги Тегерандын түпкү максаты – ядролук курал жасоо болуп атат дешет.

Орусиянын болсо өз кызыкчылыгы болуп атат. Газ, кара май сатып дүйнөгө таасирин арттыруу жолго коюла баштаганда, атомдук тармактан да тээк тапсам далалаты болуп аткандай. Ошол себептен Ирандагы уран боюнча дүйнө коомчулугу чырдаша баштаганда Маскөө андай уранды каныктырып берүү сунушун киргизген. Бирок, Тегеран ага бир «маакул» деп, бир «кереги жок» эки ача жооп узатууда. Орусиялык ядролук экологиялык жана энергетикалык саясат борборунун директору Лидия Попова экинчи мамлекетке уранды өндүрүшүп берүү Маскөө үчүн мурда да болгонун белгилейт:

«Андай сунуштар боло берет. Орусия башка өлкөлөргө да мындай кызмат өтөп берип атат», - дейт ядролук экология борборунун жетекчиси Попова.

Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенко пикирине караганда Тегерандын жакын арада атомдук бомба жасап ийиши анча ишендирбейт, бирок «ал ядролук технологияны экстремисттер колуна өткөрүп ийүүсү толук мүмкүн. Коркунуч ошондо турат», - дейт.

Былтыр жыл этегинде бийликке келген Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын бир нече жолу Израил мамлекетине каардуу опуза жазашы дүйнө коомчулугун ого бетер үрпөңдөтүүдө. Анын «эмне себептен Батыш менен АКШ Телавивдин атомдук бомбасын тыйбай менин өлкөмдүн курал жасоосуна карыш чыгат» деген кинесине Би-би-си анализчиси Стивен Икк «Телавивдин чын эле атомдук куралы болсо аны ал жаңыдан мамлекет болуп түзүлүп атканда жасаган. Азыркы тушта - бүткүл жер жүзүндө атомдук куралды өндүрүүгө тыюу салуу болуп атканда, Тегеранга да ал талап коюлуп атат», - деген.

Анализчилер айтымында, бул чыр Тегеранга бийликке фундаменталисттер келгенден тартып ырбаган. Эл аралык коомчулуктун Тегеранды экономикалык жол менен тороп салса же согуштук чара көрүп жиберсе эле андан жакшы натыйжа болот деш дагы жанылыштык.

ПАПАНДЫКТАР СОТТУ АЙЫПТАП, НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Папан айыл өкмөтүнүн үч жүзгө жакын тургуну 11-январда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алар Медербек Мырзабековду Папан айыл өкмөт башчылыгынан четтеткен сот чечимине нааразылык билдиришти.

Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган Медербек Мырзабековдун үч жүзгө жакын жактоочулары таң эрте Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына чогулушту. Колдоруна “Эң таза айыл өкмөт башчысына бут тоскондор жоголсун!” “Адилетсиз сот Папан элинин келечегине каршы иштеди. Жоголсун соттор, жоголсун!” “Элдин эсебинен жашаган арам тамактар” деп жазылган ураандарды көтөрүп алышкан.

- Шайлоодо жаш кадр Мырзабеков Медербек көп добуш менен өткөн. Мурунку биздин айыл өкмөт, орунбасары экөө сотко берген. Сот адилетсиз экен, мурунку айыл өкмөт, мурунку жегичтердин пайдасына чечип койду – деди нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири Тайырбек Токтомаматов.

18-декабрда болгон шайлоодо Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына Медербек Мырзабеков атаандашы, мурдагы айыл өкмөт башчысы Жаныбек Муратовду жеңип алган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкер Муратов Карасуу райондук жана Ош облустук сотторуна арыз менен кайрылып, сот чечими анын пайдасына чыккан. Медербек Мырзабековдун жактоочулары сотту акчага сатылган деп айыптап, акыйкат чечим талап кылышууда.

- Биздин талабыбыз мандатты алып берсе, башканын кереги жок. Калганын Медер өзү иштейт, өзү чечет. Саат сегиз жарымда ушул жерге келгенбиз. Бийликтен бир дагы киши чыгып эмнеге келдиңер, эмне турасыңар деген жок. Адам Закировду адам деп келгенбиз, ал да жок, – дейт Mырзабековдун жактоочуларынын бири Касым Бадиров.

Мырзабековдун жактоочуларынын нааразылык акциясы кечки саат төрткө чейин улантылды. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери губернатордун милдетин аткаруучу Адам Закиров жумушчу сапарда экендигин айтышып, нааразы тараптар менен эч ким жолуга албастыгын билдиришти. Мындай мамилеге папандыктар ого бетер өчөшүп, облус жетекчисин маселе чечилгенге чейин күтө тургандыктарын жарыя кылышты:

- Медербек Мырзабековдун мандатын тезирек берсин. Сотторго эч убакта ишенбейбиз, алар адилетсиз, паракорлор, жоголсун бул жерден. Мандатын бербесе биз бул жерден кетпейбиз. Керек болсо атчан келебиз – деп кыйкырып чыкты келгендердин бири Мухтар Камчыбеков.

Сот чечимине нааразы болгон папандыктар президент Курманбек Бакиевге эскертүү катын жөнөтүшкөндүгүн жана мындан аркы кадамдары президенттин жообуна жараша болорун билдиришти. Келерки күнү көчө акциясын улантарын айтып, тарап кетишти.

ТҮРКИЯНЫН КОҢШУЛАРЫНЫН ТЫНЧЫ КЕТҮҮДӨ

Жаңыл Жусупжан кызы, Прага Түркияда куш тумоосуна тушуккандардын саны өскөн сайын, коңшу өлкөлөр чек араларын жаап, өз аймагында бул ылаңдын жайылышын алдын алуу иштери менен алек болушууда. Орусия Грузия жана Азербайжан менен чек араларын бекемдеп, өз атуулдарын Түркияга барбай турууга чакырды.

Түркиянын Догубеязит шаарынын тооктору алардын айланасында кандай чуру-чуу болуп жатканы менен иштери жок, камырабайт. Дагубеязитте тоок тумоосу бир үйдөн үч бир тууган баланын өмүрүн алгандан бир жумадан кийин да тооктор мурдагысындай эле ээн-эркин жүрүшөт. Түркиянын чыгышындагы Ван өлкөнүн эң жарды аймактарынын бири жана калктын 90пайызы өздөрү кармаган тоок менен жан сактайт.

Бүгүн Түркияда 14 киши тоок тумоосун жуктуруп алгандыгы бышыкталды, ылаң Вандан сырткары Кара деңиз боюна жана баш калаа Анкарага таркады. Тоок тумоосуна байланыштуу үй канаттуулары кырылган учурлар 10 миллиондуу Истамбулда катталды. Ушундан улам Түркиянын коңшуларынын тынчы кете баштагандыгы таң калыштуу эмес.

Өткөн жекшембиде Иран Түркия менен чек арасын жаап жаткандыгын жарыялады, Армения, Азербайжан жана Грузия Түркиядан куш этин алып келүүгө тыюу салды. Догубеязит чек арасынан болгону бир нече чакырым жерде жайгашкан Арменияда тынчсыздануу айрыкча күчтүү. Өлкөнүн башкы мал доктуру Григор Багян чек ара өткөөлдөрүнүн бардыгында түркиядан тооктун бир канаты же жумурткасы Арменияга алынып келинбесин камсыздоо үчүн тазалык чаралары киргизилгенин маалымдады.

Өткөн аптада Воскетап кыштагында ондогон тоок кырылганда, адистер келип, бул тооктун тумоосу эмес экендигин аныкташкан. Бирок Мамлекеттик Ветеринардык Инспекторатынын жетекчиси бул ылаң эртең болбосо бүрсүгүнү каптап келиши мүмкүн экендигин эскертти.

Түркия менен узун чек арасы бар Грузияда айыл-чарба министри Михеил Свимонишвили өлкөдө тоок тумоосу жок деп ишендирди. Азербайжандын мамлекеттик ветеринардык бөлүмүнүн башчысы Исмаил Хасанов да ушуну айтып, Түркия менен чектеш Нахичеван аймагында чаралар күчөтүлгөнүн билдирди:

- Венеринардык кызматтар чек араларда күжүрмөн иштеп жатышат. Биз дезинфекциялоо жүргүзүп, коргоочу кийимдерди, атайын жабдыктарды даярдап койдук. Дезинфекция жүргүзө турган жабдыктар бизде жетиштүү.

Түркиянын коңшулары көрүп жаткан чараларга карабастан, Европа Биримдиги дүйшөмбүдө ага коңшулаш алты өлкөдөн канаттуунун этин жана жүнүн алууга тыйуу салды.

Орусия да Грузия жана Азербайжан менен чек араларында көзөмөлдү күч алдырууда. Түркияга барууга али тыюу салына элек, бирок Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүү чарасы киргизилип жатат.

АКШнын ЕВРОПАДАГЫ ЖАШЫРУУН АРАКЕТТЕРИ

Нарын АЙЫП, Прага Жашыруун абактар маселеси боюнча Америка Кошмо Штаттары менен Батыш Европа мамлекеттери ортосундагы мамиле акыркы мезгилде бир кыйла татаал өнүгүүдө. Америкалык тараптын айтымында, андай абактарды Вашингтон Чыгыш Европа мамлекеттеринин аймагында кармаган эмес, бирок швейцариялык бир гезит 8-январда андай абактар болгонунун кыйыр далилин жарыялады.

Айрым европалык мамлекеттердин аймагында АКШ жашыруун абактарды ачкан деп алгач "Вашингтон пост" гезити ноябрдын башында жазып чыккан. Террорчулуктан шектелген адамдарды өз аймагында кармаса, Америка аларга карата бардык эл аралык мыйзамдар менен конвенцияларды аткарып мамиле кылууга милдеттүү болмок, башка мамлекеттердин аймагында болсо алар алда канча катаал шартта кармалышы мүмкүн жана алар билген маалымат кыйноо аркылуу да алынышы ыктымал.

Бул маалымат гезитте жарыялангандан кийин бир нече укук коргоочу уюм - андай жашыруун абактар Польша менен Румыниянын аймагында түзүлгөн болуш керек деп чыккан, бирок ал эки мамлекеттин тең жетекчилиги андай күнөөнү четке каккан. Европа Биримдигинин жетекчилиги - эгер маалымат акталса, андай мамлекеттерге каршы чара көрүлөт деп билдирген жана Дик Марти деген адвокатка - атайын иликтөө жүргүзүү тапшырмасы берилген.

8-январда болсо Швейцариянын "Зоннтагс блик" деген гезитинде абактар чындап эле болгонун кыйыр түрдө далилдеген документ жарыяланды. Мисирдин Тышкы иштер министирлиги 2005-жылдын 15-ноябрында өзүнүн Улуу Британиядагы элчилигине спутник аркылуу факс жиберген жана анда - Румыниянын аймагындагы жашыруун абакта америкалыктар 23 адамды кармап жатканы тууралуу айтылган. Андан тышкары, андай жашыруун жайлар Болгария, Косово, Македония жана Украинанын аймагында түзүлгөнү тууралуу да айтылган.

Швейцариянын коопсуздук кызматы ал факсты спутник аркылуу кармап алган жана акыркы мезгилге чейин аны жашыруун кармаган, бирок кимдир бирөө ал маалыматты журналисттерге берген жана өлкө бийлиги ал тууралуу атайын тергөө баштады. Жашыруун калууну каалаган айрым швейцариялык жетекчилер андай факс бар экенин чын дейт, Мисирдин жетекчилиги маалымат берүүдөн баш тартууда, Европа Кеңеши болсо өз алдынча иликтөө баштады.

Кеңештин тергөөчүлөрүнүн айтымында, эгер маалымат такталса, биздин аймагыбызда эч жашыруун абак болгон эмес деген өлкөлөрдүн жетекчилиги калп айткан болуп чыгат. Британиянын "Гардиан" гезити 10-январда жазганга караганда, тергөө жүргүзүп жаткан Дик Марти ал факстын көчүрмөсүн Швейцариядан алды жана анын чыныгы документ экенин далилдөө аракеттерин көрүүдө.

Ноябрга чейин шектүү туткундарды АКШ Куба аралындагы Гуантанамо деп аталган америкалык аскерий базада кармап келгени белгилүү болчу, бирок ал үчүн дагы укук коргоо уюмдары жана айрым европалык мамлекеттер Вашинтонду сынга алып келген. Алманиянын жаңы шайланган канцлери Ангела Меркел 8-январда "Шпигел" деген немис журналында чыккан интервьюсунда америкалык жетекчиликти андай база кармаганы үчүн сындады.

Ошол эле Алманиянын "Цайт" деген журналы жакында жарыялаган маалыматка караганда, чет өлкөлөрдө кармалган шектүү адамдарды АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги Американын өз аймагында эмес, башка өлкөлөрдөгү абактарда жайгаштырууну президент Билл Клинтондун учурунда эле баштаган. Ал агенттиктин мурдагы тыңчысы, азыр пенсияда Алманияда жашаган Майкл Шеуэрдин айтымында, президент Клинтондун учурунда кеминде 40 андай шектүү адам кармалган.

Италиянын прокуратурасы болсо азыр АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин 22 кызматкерин суракка алуу талабын коюуда. Алар 2003-жылдын 17-февралында Милан шаарынан Абу Омар деген адамды жашыруун кармап кеткен. Мисирлик ал адам мурда Италиядан баш калка алган жана террорчулукка тийешеси бар деген шек менен аны италиялык прокурорлор өздөрү да аңдып жүргөн, бирок америкалык тыңчылар аларга эч нерсе дебестен, Омарды кармап, аны өлкөдөн жашыруун алып чыгып кеткен.

Анткен менен өлкөнүн премьер-министри Силвио Берлускони 20-декабрда журналисттерге билдиргенге караганда, Омардын айланасында АКШ менен Италия ортосунда эч талаш-тартыш жок. Европалык укук коргоочулардын айтымында болсо, жашыруун абактарды ачып, андай жашыруун кармоолорду АКШ тыңчылары европалык жетекчилер менен макулдашып жүргүзгөн, бирок ошол жетекчилер андай макулдашуу болгонун өз өкмөттөрү менен прокурорлорунан жашырган.

РЕФЕРЕНДУМ БИЙЛИКТИ САКТАП КАЛУУ ҮЧҮН ШЫЛТООБУ?

Кыргызстанда кезектеги референдум 2006-жылдын акыркы үч айынын бирине белгиленип, анда эл өлкөнү башкаруунун формасын аныктайт. Мамлекет башчы муну тастыктаган жардыгын 5-январда чыгарган. Бирок, азыркы бийлик өзүнүн ордун бекемдөө аракетин жасап жатат деп санаган айрым саясий күчтөрдүн баамында референдум коомду кайрадан чыңалууга кирептер кылышы ыктымал.

Референдумга чейин элге мамлекеттик түзүлүш жана аны башкаруунун формалары, Конституциялык реформага байланышкан башка маселелер боюнча түшүндүрүү өнөктүктөрү жүрөт. Бул февраль айынан тарта мамлекеттик кызматкерлер арасында, жер-жерлердеги өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар, жалпы коомчулук арасында ырааттуу жүрүп, ал ар бир жаранга мамлекетти башкаруунун тигил же бул формасын терең ойлонуп, тандоого шарт түзүү аракетин жасайт.

Референдум маселесинин көтөрүлүшүнө март окуясынан кийин башталган конституциялык реформанын алкагында мамлекетти башкаруу формасын өзгөртүү тууралуу демилгелердин пайда болушу түрткү берген. Кийинчерээк конституциялык кеңешменин декабрда өткөн акыркы отурумунда президент бул маселени элге кеңешип, чечүү зарыл деген көз карашын билдирген.

Мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү керек деген демилгечи тараптардын бараандуусу – «Асаба» саясий партиясы баштаган революциячыл бир катар саясий партиялардан турган «Кыргызстан» биримдиги. Референдум демилгесин алгачкылардан болуп көтөргөн «Эркиндик» саясий партиясы башка демилгечилерден айырмаланып, референдумга парламентти таратуу, сотторду бириктирүү өңдүү маселелерди да киргизүүнү жактап жатат.

Бирок, жаңы түзүлгөн демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясына бириккен айрым саясатчылар референдумду өлкөдө жаңы кризисти жаратуу ыктымалдыгы бар жол катары санашат. Алардын бири «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын лидери Кубатбек Байболов эч нерсе жасабай койгондон көрө референдум жасап коюу алда канча өөдөлүк кылат дейт. Бирок, анын оюнда бул жол аркылуу бийлик өз жоопкерчилигин элге артып коюп атат:

- Өздөрүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти көбүн эсе өздөрүнө ала албай, жоопкерчиликтен качып, элге сала берген атат. Референдумга алып чыгуу – бул кризистик жол. Бул социалдык кагылышууларга алып келиши мүмкүн.

Коалиция дээринде референдумга каршы эмес, бирок, кандай жол аркылуу болсо да, мамлекеттин парламенттик башкарууга өтүшүн жактайт. Ошондуктан, жардыктын негизинде элге бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр. «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаевдин көз карашында өлкөгө кайсы башкаруу оңтойлуу болорун азыр эл гана эмес, президент өзү да түшүнө элек:

- Жардык али президент өзү да кайсы башкарууга артыкчылык берерин аныктай электигин жана элге өз сунушун айта албай жаткандыгын далилдөөдө. Ошон үчүн эл менен кеңешкиси келип жатат. Коалициянын тигил же бул системанын артыкчылыгын элге түшүндүрүү аракети азыр учурдун актуалдуу маселеси болуп атат.

Айрым талдоочулар референдум элге эч кандай пайда алып келбейт деп санашат. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин көз карашында референдум мамлекеттик бийлик бутактарында отургандардын ар бир тарабы өз бийлигин сактап калуу максатында ойлоп тапкан шылтоосу жана бул мамлекетти кыйнагандан башка пайда бербейт:

- Менимче, референдумдун эч кандай кереги жок. Парламенттин азыр бийлиги жок бекен? Министрдин баарын дайындап атат. Президенттин жардыктарына көңүлүн буруп атат. Өкмөттүн курамына талапкерлерин киргизип атат. Эми андан ары эмне кылышы керек.

Бирок, саясат таануучу саясий күчтөр ортосундагы тирешүүлөрдү элдин кызыкчылыгына доо кетиргидей абалга жеткирбестин жалгыз аргасы – мамлекет башчынын калыстыгында дейт:

- Бийлик атасы же президентибиз өзүнүн үлгүлүү жолу менен, айткан сөзү менен иштин салмагы бир болсо, анда эл ишенип, парламенттик мамлекет болобу, президенттик мамлекет болобу же кошулма мамлекет болобу, эч жагына көңүл бурбай кете бермек.

Президент Курманбек Бакиевди туруктуу позициясы жок деп сынга алган кыйла саясатчылар Конституциянын жаңы долбоорун 2006-жылдын биринчи жарымында парламент аркылуу кабыл алып, анын соңунан парламентке кошумча шайлоо жүргүзүү демилгеси менен чыгып жатышат. Мындай аракетти президент өзү баштаса анын аброю үчүн андан бетер жакшы деп эсептешет. Алардын оюнда бул жол кезектеги кризисти кыйгап өтө турган жумшак жол.

АЗИЯ ЧЕМПИОНУ РААТБЕК САНАТБАЕВДИ АТЫП КЕТИШТИ

8-январда кечки саат 8 чамасында Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылууда.

Досторунун жана туугандарынын айтымында 8- январда кечинде өлкөнүн олимпиадалык борборунун директорунун орун басары, белгилүү балбан Раатбек Санатбаев кичи футбол ойноп, андан кийин жуунуп, 7-кичи райондо жашаган Орунбек аттуу инисинин үйүнө машинасын айдап жалгыз барган.

Машинасынан түшүп үйдү көздөй басып бараткан учурда жашынып турган буйуртма киши өлтүргүч тапанчадан ок чыгарып, 4 жолу аткан. Киллердин төрт огунун бирөө Раатбектин мойнун талкалап, оң көзүнөн чыгып кеткенин, калган үч ок денесине тийбей калганын, ооруканага жетпей каза болгонун иниси Орунбек айтып олтурду.

Раатбек чоң саясатка деле аралашпаганын, спорт менен бизнести айкалыштырып, эч бир адамга жаманчылыгы жок, кең пейил жигит болгонун Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов айтып мындай деди:

- Кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурап, кайгыга батып турган учур. Раатбектин өчөшкөн деле душмандары жок болсо керек. Анын өлүмүн саясатка байланыштырууга деле болбойт. Бизнес менен дагы алектенчү. Анын өлүмүнүн себептерин айтуу кыйын болуп турат. Биз дагы түшүнбөй турабыз. Раатбектин криминалдык элементтер менен эч кандай деле байланышы жок болсо керек. Сөөгү менен коштошуу эртең 10-январда саат 10до Кожомкул спорт ордосунда болуп, Аларча көрүстөнүнө коюлат.

Белгилүү балбан Раатбек 1969-жылы 7-майда Жалалабат шаарында туулган. Бабалары «каманалп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган. Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз- Славян университетинен билим алган.

Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.

Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен.

Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Ортосай базарында дүкөндөр павлионун, Асанбай кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.

Былтыр 24-марттагы ыңкылапта спортчулар элге каршы чыкпаганын, спорт кийимчен чоочун адамдар спортчуларды жаманатты кылышканын Раатбектин мындайча айтканы бар эле:


- Дүкөндөрдү тоноп, талкалап жаткандар спортчулар эмес. Биз күбо болдук, элге каршы спорттук кийим кийген жигиттер каршы турушту. Биз эл менен ошол ак шапкечен жигиттердин тирешүүсүн 19 мүнөт токтотуп турдук. Спортчуларды жаманатты кылууга аракет кылып жатышат. Бул туура эмес пикир.

Раатбек менен үзөңгүлөш курбу болуп, бирге күрөшүп, кийин бирге иштеп жүргөн грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу Эмил Алыкулов анын адамчерчилик сапаттарын эскерип, каңырыгы түтөйт:

-Өлкөнү дүйнөгө тааныткан Раатбектин Кыргыз спортуна кошкон салымы зор эле. Ал түгүл Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Азия чемпионатында эки жолу алтын байге утуп алган. Ошондой эле 1994-жылы Хиросимада өткөн Азия оюндарында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп күмүш байгени утуп, кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Раатбек чоң үлүш кошкон. Кыргыз спорт тармагы оор жоготууга учурап, кабыргабыз кайышып турат.

Спорт коомчулугу Раатбекти жакында боло турган Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Ошондой эле анын өлүмүнүн бир божомолу бизнесине байланыштуу деген жоромол да айтылууда. Анын өлүмү боюнча ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатканын маалымдашты. Азырынча эч кандай божомол, шектенүүлөр айтыла элек.

Раатбек Санатбаев менен коштошуу митинги 10-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда саат 10до болмокчу.

КУШ ТУМООСУ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДА ТООРУП ТУРАТ

1918-жылы Европада «испанка» аттуу жугуштуу илдеттен 50 миллион адам каза болгон. Жакында эле «Испанка» вирусу H5N1 экенин АКШ окумуштуулары изилдеп чыгышты. Адистердин айтымында, куш ылаңы - коркунучтуу мутант вирус. Канаттуулар тумоосу жакында эле Түркияда катталды. Кыргызстанда куш тумоосу каттала элек. Бирок, адистердин айтымында, мындай коркунуч бүгүнкү күнгө чейин сактала берүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жакынкы жылдары куш ылаңынын жаңы, күчтүү түрүнүн пайда болуу коркунучу бар экенин кабарлады.
Буга чейин куш тумоосу канаттууларга гана жуга турган инфекциялык оору, адамга эч кандай зыяны жок деп айтылып келсе, 1997-жылы Гонконгдо бул вирустан 6 адам каза тапкандан кийин, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму куш тумоо вирусу адамга өтө коркунучтуу экенин далилдеп чыккан.

Жакында эле Түркияда куш тумоосунан эки киши каза болду. Түркиянын саламаттык сактоо министрлиги каза болгондор H5N1штаммынан каза болгондугун расмий тастыкташты. Түркиядагы мына ушундай жагдайга байланыштуу Түркияда окууда жүргөн Рыспаева Мээримден пикирин сурадык.

-Учурда Түркияда андай деле дүрбөлөң сезилбейт. Дүкөндөрдө тооктун, канаттууулардын эттери, жумурткалар сатылып жатат. Бир аз кооптонуу бар, ошондуктан тамакты үйдөн жасап жегенге аракет кылып жатабыз. Көчөдөн эч нерсе сатып албайбыз,- деди Мээрим.

Кыргызстанда канаттуулар тумоосу каттала элек. Бирок, бул инфекцияны алдын алуу боюнча атайын иш чаралар уланууда. Кыргызстандын мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы адиси Калыс Жумакановдун айтымында, шектүү делинген өлкөлөрдөн этти өлкө ичине алып кирүүгө тыюу салынып, катуу көзөмөлгө алынып жатат:

Башка өлкөлөрдө эпизоотикалык абал курчуп кеткендигине байланыштуу Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору тарабынан чек ара пункттарында куш тумоосу катталган жерлерден канаттуулардын этин киргизүүгө тыюу салынды.
Мындан тышкары чек арада көзөмөл күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.



Чек ара пункттарында көзөмөл катуу болгон менен өлкөгө бул оору келбейт деген кепилдик жок. Анткени, куш тумоосу катталган жерлерден контрабандалык жол менен келген канаттуулардын эти өлкө ичине алынып келип жатканын Кыргызстандын мамлекеттик ветеринария департаментинин башчысы Талант Узакбаев билдирди:

-Чек ара пункттары күчөтүлгөн режимде иштегени менен республикага канаттуулардын эти кирип кетип жатат. Жакында эле Кытайдан келген контрабандалык канаттуунун продукциясын кармадык. Контрабандалык товарлар көбүнчө чоң унаалар менен ташылат. Алар этти ортосуна жүктөп, башына мандариндерди салып коюшат экен. Ал эми Торугартта 40 градус суукта бажы кызматкерлери унаанын барын текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошентип контрабандалык эт өлкөгө кирип кетип жатат. Бул, албетте, чоң коркунучту туудурат.

Дүйнө өлкөлөрүндө куш тумоосуна каршы миллиондогон каражат бөлүнүүдө. Ал эми Кыргызстанда мындай чыгымдарга каражат бюджетте каралган эмес. Бир гана ишенгени эл аралык донорлордун финансылык колдоосу болууда:

-Мамлекет тартаптан бир да тыйын бөлүнгөн жок. Мына куш тумоосун алдын алууга Дүйнөлүк банктан жана Жапониядан грант түрүнө акча бөлүндү. Бардыгы болуп 3,5 миллион доллар бөлүндү. Бирок бул каражат да жетиштүү эмес,-деди мамлекеттик ветеринария департаментинин башчысы Талант Узакбаев.

Куш тумоосуна каршы вакцинаны ойлоп табуу бүгүнкү күнгө чейин анык ийгиликтерге алып келе элек. Адистердин айтымында, тумоонун бул түрүнө адамдын иммунитети жок, ошого байланыштуу бул пандемияга алып келиши мүмкүн.

КЫРГЫЗСТАНДА КОНСТРУКТИВДҮҮ ОППОЗИЦИЯ ПАЙДА БОЛДУБУ?

Азиза Турдуева, Бишкек Өткөн аптада түзүлгөн Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясына кирген айрым саясий партиялардын өкүлдөрү бул уюмду конструктивдүү оппозициялык уюм катары жарыялашты. Серепчилер жана айрым партиялардын өкүлдөрү мындай маанайдагы саясий уюмдун пайда болушу азыркы бийликтин иш-аракеттери менен да шартталды деген пикирде. Бирок, кээ бир саясатчылар бул уюмдун курамында кандай жол менен болсо да бийликти колуна алуу максатын көздөгөн күчтөр да бар деген көз караштарын айтышууда.

Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясына кирген айрым саясий партиялардын жетекчилери аталган уюмду конструктивдүү оппозициядагы саясий бирикме катары жарыялашты. Бул тууралуу коалицияны түзүү демилгеси менен чыккан
-Ар бир демократиялык өлкөдө оппозиция, конструктивдүү оппозиция болушу керек,-дейт Lемократиялык күчтөр биримдиги партиясынын тең төрагасы Бакыт Бешимов. - Биз мурдагы бийликтин жасаган иштерин улантабыз деген күчтөргө каршы турушубуз керек. Эмне үчүн биз аларга каршы чыкпашыбыз керек? Марттагы окуялардан кийин эл өлкөдөгү системалык өзгөрүүлөрдү күткөн. Бирок, тилекке каршы, андай өзгөрүүлөр болбой жатат. Ошондуктан, өлкөдөгү демократиялык күчтөр конструктивдүү оппозициядагы уюмду түзүү демилгесин көтөрүп чыктык. Бизди бириктирген башкы идея - өлкөнү келечекте парламенттик башкарууга өткөрүү.


Айрым серепчилердин жана саясий партиялардын көз карашында, март ыңкылабынан кийин бийлик тарабынан конституциялык реформаны жүргүзүүдө, коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдардын жасалбай жаткандыгы, кадр саясатындагы кемчиликтер өлкөдө оппозициялык уюмдардын пайда болушун шарттап жатат. Мындай пикирин төмөнкүдөй билдирди:

-Конституциялык реформаны жүргүзүүдө талаш-тартыш пикирлер чыкты, - дейт «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчилеринин бири Ишенбай Абдразаков. -Бийлик конституциянын маңызын оңдоого анчейин көңүлдөнбөй, өз көмөчүнө күл тартып туруп алгандай болду. Ал эми башка саясий уюмдар тарабынан айтылган пикирлерге тиешелүү көңүл бурулган жок. Бийлик марттан кийин өзүнүн саясий жактан, экономикалык жактан кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарын көрсөтө албай койду. Ошондуктан, минтип, конструктивдүү оппозициядабыз деген күчтөр чыга баштады. Алар дагы, сыягы, өлкөнүн келечегин ойлоп чыгып жатышат да.

Оппозициялык маанайдагы саясий уюмдардын пайда боло баштагандыгынын себептерин «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев дагы бийлик кетирип жаткан кемчиликтерден көрөт:

-Конституциялык реформаны ишке ашырууда чечкиндүү кадамдар байкалган жок. Коррупцияга каршы күрөшүүдө, элдин жашоо-турмушун оңдоодо жылыштар болгон жок да. Ошол эле кадр саясатында кемчиликтер орун алып жатат. Эл бийликтен күткөн үмүтү ишке ашпай жатат. Мына ошону үчүн оппозициялык уюмдардын пайда болушуна шарттар тузүлүүдө деп эсептейм.

Айрым саясий партиялардын көз карашында, демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясында конструктивдүү күчтөр менен бирге, бийликке жетүү максатын эң жогору койгон да саясатчылар бар. Минтип ойлошко толук негиз бар деп айтты «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев:

Албетте, бул коалициянын курманда бийлик менен конструктивдүү кезматташууга даяр саясий күчтөр бар. Бирок, ошону менен бирге өлкө эртең-бүрсүгүнү жок болот, жарандык согуш болот деп, элди дүрбөлөңгө салып, кандай жолдор менен болбосун, бийликке келүүнү көздөгөн, ошого умтулган саясий күчтөр да бар. Аларды конструктивдүү оппозиция деп айтуу кыйын.

Бийлик тараптагылар өз кезегинде өлкөдө оппозициянын пайда болушун колдоорун билдиришүүдө. Оппозициясы жок өлкө болбойт дейт вице-премьер-министр Адахан Мадумаров:

-Оппозиция деген бийлик тарабынан жасалган туура эмес иштерди айтып турган адамдар. Ошондуктан, оппозициянын пайда болушунан биз эч качан чочулабашыбыз керек. Биз алар менен конструктивдүү кызматташуубуз керек.

“КАДИМА” ПАРТИЯСЫ АРИЕЛЬ ШАРОНДОН КИЙИН ЭМНЕ БОЛОТ?

Израилдин премьер-министри Ариель Шарондун абалы- мээсине кан куюлуп, эки таатал операциядан кийин-оор. Доктурлардын сөзүнчө, 77 жаштагы Шарон эми жумушка кайра чыга албайт. Шарондун ден соолугуна байланыштуу АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс Индонезия жана Австралияга болчу сапарын кийинге калтырды. Шарондун саясаттан чыгышы Израилдин Жакынкы Чыгыштагы саясатына кандай таасир этет?

Ариель Шарон аскерий тактик жана саясатчы катары Жакынкы Чыгыш саясатында зарыл тапкан учурда күчкө таянгандан тартынчу эмес. Мындай саясатты кээ бир талдоочулар “бир жактуу саясат” деп сыпатташып, анын эң мыкты үлгүсү ирети былтыр декабрда жөөт аскерлерин Газа тилкесинен чыгарып кетүүнү айтышат. Бул кадам Израил-Палестин тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкка камалып турганда жасалган.

-Шарондун премьер-министр катары жасаган эң чоң табылгасы-бул палестиналыктар менен болгон мамиледе салтуу дипломатия доору келгенин, ошондой эле Израил эгер палестин маселесинде өз кызыкчылыгына жетишүүнү кааласа, сааты келет деп күтпөстөн жалгыз аракеттенүүсүн жана ошондо гана келишимге жетүү мүмкүн экенин таануусу болду,- дейт Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш борборунун төрагасы Роберт Сатлофф.



Сатлоффдун айтышынча, Шарон менен кошо анын “бир жактуу саясаты” кайып болбойт. Анткени, анын колдоочулары Израилде азыр өтө күчтүү. Шарон аларга колдоосуна таянып, ноябрда оңчул Ликуд партиясы менен солчул Жумушчу партиясынын көрүнүктүү өкүлдөрү кирген жаңы “Кадима” партиясын түзгөн.

Израилдин коопсуздук боюнча кеңешчисинин мурдакы орун басары Шломо Бромо “Кадима” партиясы Шаронсуз деле жашап кетет деген ишеничте:

-Ал (Шарон) израилдик шайлоочулардын көп сандуу ортоңку бөлүгүнө таянган. Бул шайлоочулар эски оңчул жана солчул партиялардан көңүлү калып тажашкан. Эми “Кадими” партиясы жаңы лидердин атрабына чогулат. Лидер - башка татыктуу саясатчы жок болгондуктан-Шарондун орун басары Олмерт болот.

Вице-премьер Эхуд Олмерт бейшемби күндөн тартып премьер-министрдин милдетин аткарууда.

Эксперт Сатлофф да “Кадима” дайынсыз жоголбойт деген пикирде:

-Шаронсуз “Кадима” аны кыймылдатып турган моторунан айрылат. Алардын партияны куруусу жана аны күчтүү кылуусу үчүн көп убакыт керек. Алар ошондо Шарон жалгыз чечкен суроону өздөрү чечкидей болушат.

Көпчүлүк эксперттер жакын арада Израилдин Палестин, Ливан жана Сирия менен болгон саясатында чоң өзгөрүүлөр болбойт деп боолгошот. Израилдин коопсуздук боюнча кеңешчисинин мурдакы орун басары Бромдун түшүндүрүшүнчө:

-Израил бир нече ай мурда Сирия менен сүйлөшүүлөрдү АКШга калтырды. Сирия иш жүзүндө өз жүрүм-туруму менен өзүн жарга такап турганда, албетте, бул ыңгайлуу болду. Израилдин жаңы жетекчилиги эми мамилесин өзгөртөөрүнө ишенбейм.

Бирок, айрым байкоочулар мартта болчу парламенттик шайлоодо “Кадима” чоң ийгиликке жетпей, экс-премьер-министр Нетаняху башындагы Ликуд партиясы көпчүлүк добушка ээ болсо, Израилдин региондогу саясаты өзгөрүшү ыктымал дешет.

ЖӨӨТ ПРЕМЬЕР МИНИСТРИ ООРУКАНАДА ЭС-УЧУ ЖОК ЖАТАТ

Нарын АЙЫП, Прага Израилдин премьер-министри Ариел Шарон төрт күндөн бери ооруканада, жума күнү анын мээсине дагы бир операция жасалды. Шарон азырынча эсине келе элек. Акыркы төрт күндө анын мээсине эки жолу кан куюлду жана эксперттердин айтымында, айыкса дагы, ал эми саясатка кайтып келе албайт.

Йерусалим шаарындагы Ариел Шарон жаткан Хадасса деген ооруканада анын мээсине ишемби күнү дагы бир жолу компьютердик томография жасалды жана анын жыйынтыктары мурдагыга караганда жакшы болуп чыкты. Анткен менен оорукананын деректири Шломо Мор-Йосефтин айтымында, абал баары бир оор:

- Томография жыйынтыктары кечээкиге караганда жакшы болгону менен, мен айтаар элем, премьердин абалы баары бир оор, - деп билдирди доктур 7-январда.

Элдик сурамжылоолордун жыйынтыктарына караганда болсо, Шарон жакында негиздеген жаңы партия элдик колдоого баары бир ээ жана 28-мартка дайындалган кезексиз парламенттик шайлоого Шарон өзү катышпаса дагы, анын партиясы добуштардын 40 пайызын чогулта алат. Өкмөт башчынын милдетин азыр биринчи вице-премьер аткарууда. Шарондун оорусу менен байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Индонезия менен Австралияга пландалган сапарынан баш тартты.

Шарон азыр 77 жашта жана мындан 50 жыл мурда негизделген Израил мамлекетинин тарыхындагы бардык орчундуу окуяларга ал түздөн-түз катышкан. Жөөт армиясында ал кезегинде эң жаш полковник болгон жана кийин генералдык наамга да жеткен. Саясатка катышкандан тартып ал айыл чарба министри, коргоо министри, өнөр жай министри жана андан соң тышкы иштер министри болуп да иштеген.

1967-жылдагы согуш учурунда Шарон танкисттер бирикмесин башкарган жана ал бирикме Мисир аскелерине катуу сокку урган. Дал ошол жылы басылып алынган араб жерлери менен байланыштуу быйыл Израилде ири саясий кризис чыкты, анткени премьер Шарон Газа тилкесиндеги аймактардын баарын бошотууну чечти. Бирок Йордан дарыясынынын батыш жээгиндеги басылып алынган жерлерди жөөттөр бошотуудан баш тартууда жана ал аймактарды арабдарга кайтарып бербеш керек экени тууралуу Шарон АКШ президенти Жорж Буш менен макулдашкан деген да маалыматтар бар.

Анткен менен Израилдин көптөгөн саясатчылары Газа тилкесинин бошотулганына да каршы чыккан жана Шаронду чыккынчылыктан күнөөлөп, акырында ал "Ликуд" партиясынан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Аны менен байланыштуу Израилде кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү тууралу да чечим кабыл алынды, Шарон болсо жаңы партия негиздеп, ал шайлоодо да утуп чыгууну көздөгөн.

ДЕМОКРАТИЯЛЫК КҮЧТӨР БИРИГИП ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУДАГЫ ӨЛКӨ КУРУУГА АТТАНЫШТЫ

Кыргызстанда демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы түзүлдү. Коалициянын уюштуруу жыйыны 6-январда Бишкек шаарында өтүп, анда уюмга жети саясий партия, эки саясий кыймыл жана 9 бейөкмөт уюм бириккендиги жарыяланды. Алардын катарында Социалисттик «Ата мекен», «Арнамыс», «Социал-демократтар», «Кайран эл», «Менин өлкөм», «ДКБ», «Элдин эрки» партиялары бар.

Жаңы түзүлгөн коалиция чечкиндүү конституциялык реформаны жана өлкөнү башкаруунун парламенттик жолун жактайт. Айрым саясатчылар Конституциялык реформаны президент сунуш кылып жаткандай референдум аркылуу ишке ашыруу өлкөнү кризиске кириптер кылат деп санашат. Демократиялык күчтөр биримдиги саясий партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун оюнча тополоң болушун жокко чыгарууга болбойт:

- Сөзсүз түрдө референдумдун жыйынтыктары мурункудай эле жасалышы мүмкүн. Анда белгилүү коомдук уюмдар, коомдун белгилүү өлчөмдөгү катмарлары чыгып, туура эмес деп, референдумдун жыйынтыгына каршы чыгышы мүмкүн. Мына силерге жаңы кризистик ахыбал. Бийлик бардыгын калтырышка аракет кылып атат. Демек, жер-жерлерге жазылбаган буйруктар кетет да жер-жерлерге баланча кылгыла деп. Кайра тополоң кылбайт деп ким кепил боло алат? Азыр мына күн санап ахыбал оорлогондон оорлоп баратат. Ал эми күзүндө мындан да оор болот

Ошондуктан, жаңы бириккен саясий күчтөр 2006-жылдын биринчи жарымында Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгып, парламент аркылуу кабыл алууну, аны акырындык менен ырааттуу ишке киргизүүнү максат кылышууда. Коалиция 2006-жылдын күзүндө парламентке партиялык тизме менен 30 орун үчүн кошумча шайлоо өткөрүү, ал эми бийликтин шайланган органдары аягына чейин иштетүу тууралуу сунуштарды да биргелешкен кайрылууда белгиледи.

Парламенттик башкарууга өтүү демилгесинин айланасына жаңы бириккен таасирдүү саясий партиялардын жана уюмдардын көпчүлүгү - конституциялык реформанын биринчи этабында президенттик-парламенттик башкарууну жактап келгендер. Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун позициялардын кескин өзгөрүшүн сынга алды.

-Сиздер билесиздер, Кулов менен Бакиевдин ортосунда «Тандем тууралуу меморандум» деген келишим түзүлгөн,- деп айтты жыйында чыгып сүйлөгөн Социалисттик «Ата мекен» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев. -Бул келишимдин жоболорунда Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн ыкмалары, мөөнөтү, өзгөртүүнүн багыттары белгиленген. Тилекке каршы мөөнөт бүттү. Президенттикке талапкерлердин алар шайланып калган жагдайдагы милдеттери Жогорку Кеңеште салтанаттуу түрдө жарыяланган. Бул милдеттенмелер Конституциялык реформаны чукул жүргүзүүгө байланыштуу болгон. Тилекке каршы бул мөөнөт да бүттү. Ошондуктан, мен жеке өзүм партиянын өкүлү катары ар кандай макулдашуулардан эркинмин деп эсептейм. Парламенттик башкарууну жактап чыгып жатканымдын жөнү ошондон.

«Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын лидери Муратбек Иманалиев башкаруунун парламенттик формасына байланышкан демилге жапырт колдоого алынарына анчалык ишенбейт:

- Кеңири социалдык колдоо болмоюнча башкаруу формасына байланышкан тигил же бул идея саясий күрөштүн эле бир түрү катары кабылданып калат. Бирок, президенттик башкаруу сыяктуу эле парламенттик башкарууну деле кеңири социалдык чөйрө бүгүнкү күндө колдобойт. Муну мойнубузга алышыбыз керек.

Ушундай көз караштагы «Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын лидери коалицияга бириккендердин тизмесине кошулган жок.

Анткен менен жыйында коалиция чөйрөсүн кеңейтүүгө даяр экендиги белгиленди. Айрым саясатчылардын көз караштарын эске алганда, келечекте «Кыргызстан» бирикмеси менен кеңири чөйрөдө кызматташуу ыктымалдыгы пайда болушу ыктымал. Бирикме парламенттик республиканы жактай тургандыгын буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров 6-элдик курултайда билдирген болчу. Жаңы саясий коалициядан революциячыл биримдик референдум өткөрүүнү колдогондугу менен айырмаланат. Ошентсе да бул эки бирикме лидерлери тең коомчулукта президент Курманбек Бакиевдин саясатына каяша айтып келаткандар катары саналууда. Бирок, алардын бири да өздөрүн ачык оппозициячыл күч катары жарыялаша элек. Мунун себебин, маселен, коалиция түзүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири Кубатбек Байболов президенттин позициясынын түшүнүксүздүгү менен байланыштырды.

Ал эми 15 чамалаш саясий партиялар менен коомдук уюмдар биригип жаткандыгын күзгө жуук жарыялаган «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевди саясий чөйрө Курманбек Бакиевдин бийлигин колдогон таасирдүү саясатчылардын катарында санайт. Топчубек Тургуналиев өлкөнү башкаруунун формасын аныктоо максатында боло турган референдумга парламентти таркатууну да киргизүүнү сунуштап келатат. Саясатчынын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, «Эркиндик» партиясынын айланасына саясий партиялар менен коомдук уюмдардын биригүү жараяны уланып жатат.

ПРЕЗИДЕНТ КУРМАНБЕК БАКИЕВ ОШТО ИШ САПАР МЕНЕН БОЛДУ

Кубанычбек Жолдошев, Ош 6-январь күнү мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Ош облусунда атайын иш сапары менен болуп кайтты. Өзүнүн жумушчу сапарынын алкагында президент Бакиев Карасуу районундагы Папан суу сактагычынын, Өзгөн районундагы Мырзасуу дарбазасынын курулуштары менен таанышып, Жылалды айыл өкмөтүндөгү Ташболот Орозов атындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

Иш сапарынын башында мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Папан суу сактагычындагы калыбына келтирүү иштер менен таанышып, Дүйнөлүк банктын атайын долбоору менен эки жыл ичинде аткарылган 225 млн. сомдук өздөштүрүлгөн жумуштун көлөмүнө баа берди:

- Ошондон бери чынын айтканда бул оңдолгон эмес. Oңдолбогонунун азабын эл тартты бул жерде. Бүткүл дүйнөлүк банктын кредитинин негизинде, ирандык фирманын курушчуларынын аракети менен, жеңилдетилген кредиттин негизинде суу сактагыч оңдолуп бүттү. Жалпысынан 260 млн. суу сакталат бул жерде. 200 млн. сомдой акча каражат кетти – деди мамлекет башчысы Курманбек Бакиев.

Андан соң президент мырза Өзгөн районундагы жаңыдан бүткөрүлгөн Мырзасуу дарбазасынын жана Жылалды айыл өкмөтүндөгү Орозов атындагы мектептин ачылыш аземдерине катышты. Жергиликтүү калк менен болгон жолугушуу учурунда атуулдардын айрымдары мамлекет башчынын так, таза жана адилеттүү иш алып баруусу үчүн сунуштары бар экендиктерин айтышып, бирок ал нерселер өз учурунда айтылган жерде калып кетип жаткандыгына нааразылыктарын билдиришти:

- Курманбек Салиевич биз жетекчинин кандай жаман иш көбөйтүшүн да, жакшы жака бурушун да түшүнүп калдык. Министрлердин арасында сизге, элге күйгөн адамдар бар. Биз алардан аш сурап барбайбыз, ошолор кагазыбыз барса жооп берип, барып калсак кабыл алып коюшсун – дейт Өзгөн районундагы Кароол айыл өкмөтүнүн тургуну Абдиламит Эргешбаев.

Атуулдардын мына ушуга окшогон суроолоруна жооп берип жатып, президент Бакиев өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал эми гана турукташып жаткандыгын айтуу менен, мындай учурда бийлик курамы татыксыз жетекчилерден дагы кур эместигин белгилеп өттү:

- Азыр деле бар, аны билем. Бирок 6-7 айдын ичинде тескери нерселерин оңдоп коюш кыйын экен. Дагы эле айтып атышат, эски бийликтин адамдары жүрөт деп. Алардын арасында түз, туура иштегендери да бар.

Президент Бакиевдин жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунун маңызы, анын мурдагы президент Акаевдин жолугушууларынан айырмачылыгы тууралуу Өзгөндүк Абдрахман Кожобеков мындай пикирин билдирди:

- Жолугушуу учурунда акыйкат сүйлөгөн сөздөрүн, ар бир аткара турган милдеттерин факты менен көрсөтүп айтып атат. Баштагы президент фактыларды келтирбей, сылык сүйлөп эле шашып кете берет эле.

АЖЫЛАРДЫ КООПСУЗДУК КЫЗМАТЧЫЛАРЫ ...КОРГОЙТ

Эсенбай Нурушев, Бишкек Алдыдагы жекшембиде – 8-январда Сауд Арапстанда ырасмий түрдө ажылык зыярат башталат. Мекке менен Мединага быйыл дүйнөнүн 160 өлкөсүнөн болжол менен 2,5 миллиондой такыба мусулмандар ыйык парзынын бирин аткарганы келишет. Алардын арасында Борборазиядан да миңдеген мусулмандар болушат. Региондун өлкөлөрүндө быйыл зыяратчылардын сапары кандайча уюштурулганына “Азаттыктын” кабарчысы Гүлноза Сайдазимова кызыгып көрдү.

Ташкен аэропортунан Сауд Арапстанга күн сайын рейстер учуп жатат. Атайын авиакаттамдар 24-декабрда башталган,алиге чейин токтой элек. Өзбекстандын диний иштер боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Шухрат Исмаиловдун ишениминде, орто азиялык бир да өлкөдө зыярат иши, Меккеге барчулардын кам-чомун көрүү жагынан Өзбекстандагыдай жакшы шарт түзүлгөн эмес.
Сауд өкмөтү аныктаган атайын эрежеге ылайык, ар миллион адамдан миң киши зыяратка бара алат. Өзбекстанда калктын саны 26 миллиондон ашат, бирок быйыл болгону ажыга 5 миң киши жиберилет. Былтыр төрт миң адам барган. Исмаилов мунун жөнүн жол киренин 2,5 миң долларга жеткени,анын үстүнө зыяратка барчулардын көбү сынактан өтпөй калганы менен түшүндүрдү.
Бирок бу маселеде башка да жагдайлар бар. Аэропорттогу кызматкер аял ырастагандай, зыяратчыларды милиция,коопсуздук кызматынын өкүлдөрү коштоп баратат, алар ажыга баргандардын баарын акмалап,алардын коопсуздугун камсыз кылат.
Ферганалык Махамаджан атуу киши болсо Меккеге барууну каалагандардын көбүнө бийликтер укуксат бербей жатканын айтты. Бийлик өкүлдөрү аны адамдар толуп калды, орун калган жок деп жолго салышкан.
Кыргызстанда болсо башка проблема пайда болду. Меккеге быйыл 4500 кишиге орун берилсе,ажыга барчулардын саны 7 миңден ашып кетти. Эки жарым миңдей киши азыр паспортун,төлөгөн акчасын кайтарып алалбай жатышат. Алардын бири – Ош шаарынын тургуну Сабиржон Иминов ажылыкка барчулардын саны квотага жеткенде эле эмнеге токтотуп коюшкан эмес деп таң калат. Муну тийиштүү мекемелерден сурашса,алар ийин куушуруп кутулушкан.
Түркмөнстандан ажылыкка быйыл болгону 200 киши жиберилди. Зыяратчылар тизмесин президент Ниязов жеке өзү текшерип,тастыктап берди. Ал эми Тажикстанда ажылык сапардын баасы 2300 доллар болду,былтыркыдан 200 долларга кымбаттады. Ырасмий өкүлдөр муну өлкөдө бензин наркы өсүп кеткени менен түшүндүрүштү.

ТҮРКИЯДА КУШ ТУМООСУ КҮЧ АЛДЫ

Түркиянын бийликтери өлкөнүн чыгыш аймактарында жапайы куштарга саят кылганга жана бакма канаттууларды базарда сатканга тыюу салышты. Бул райондо өткөн жекшембиде он төрт жаштагы боз бала каза болгон эле,арадан төрт күн өткөн соң анын он беш жаштагы эжеси да ооруканада көз жумду. Дарыгерлер кылдат иликтеп чыгып, бир туугандар куш тумоосунан жайран болгонун ырасташты. Илдетке чалдыккан дагы жети киши Ван шаарындагы ооруканада жатат.

Түркиянын экология министри Осман Пепе ырастагандай, проблема бир жаңсыл болуп чечилгенге чейин жапайы куштарга, жалпы эле илбээсинге аңчылык кылганга уруксат кылынбайт. Ван шаарынын каланы Ниази Танилир да бакма канаттууларды базарга сатканга, дегеле бир жерден экинчи жерге которгонго катаң тыйылгы салынганын кошумчалады.
Каза болгон эже-ини Вандагы тоок фермалардын биринде иштеген. Алды менен он төрт жаштагы Мехмет Али Косуйгит ооруканага түшүп, ошерде кайтыш болду. Врачтар аны өпкөсүнөн кагынып көз жумганын айтышкан эле. Арадан төрт күн өтпөй Мехметтин эжеси Фатма да ошол ооруканада адүйнө салды.Ошондон кийин гана дарыгерлер эки өспүрүмдүн өмүрү “куш тумоосунан” кыйылганын ырасташты. Азыр ушундай эле сыркоонун белгилери менен дагы жети киши Вандагы ооруканада жатат. Саламаттык сактоо министри Режеп Акдаг бир эле үй-бүлөдөн илдет жуккан эки адам табылганын, дагы бир баладан шек санап жатышканын, жалпысынан алты киши азыр врачтардын көзөмөлүндө турганын билдирди. Министрдин айтымында, Косуйгиттердин үй-бүлөсү ылаңдаган жөжө этин жеп алышкан.
Бу кайгылуу окуя Аралик кыштагында болду. Кыштак,адистердин айтымында, келгин куштар учуп өтчү жол нугунда турат. Болжолдо, илдет быйыл ошолордон жуккан окшойт. Декабрда эле бул жерде ылаңдаган миңдеген бакма канаттууларды жок кылышкан эле.
Министр Акдаг куш тумоосу адамдан адамга жугарын ырастаган фактылар азырынча жок экенин айтып, калкты калбаат болгонго чакырды. Илдетке каршы майнаптуу күрөшүү үчүн Түркияда бардык мүмкүнчүлүктөр бар, деп ишендирди ал.
Бирок эксперттер баары бир сактыкка кордук жок экенин эскертип жатышат. Тумоонун очоктору Румыниядан,Хорватиядан,Россиядан жана Украинадан табылды. Британиядагы медициналык иликтөө кеңешинин жетекчиси Колин Блэйкмор дегинкиси Чыгыш Европа жана Ортоазия өлкөлөрү куш тумоосунун жайылышына каршы шайма-шай турганы абзел дейт. Мунун өзү дал ушул региондордо оору апаатка айланат деген кеп эмес, бирок бул ошол эле учурда илдет түпкү очогунан – ал Кытайда, Вьетнамда, болбосо Таиланд менен Камбожада болобу, айтор, жайылып отуруп, дал ушул аймактарды каптап өтөт деген кеп.
Адистердин ырастоолоруна ылайык,куш тумоосу айныксыз эле өлүмгө алып келбейт. Бирок мындай коркунучтун деңгээли кыйла жогору - 57 процентке жетет. А кокус илдет жаңы түргө өтүп, адамдан адамга жукчу тумоого – пандемияга айланып кетсе, анын кесири өтө жаман болот. Өткөн кылымдын башталышында куш тумоосунан чыккан пандемиядан дүйнөдө 50 миллион адам кырылган.

АРИЕЛ ШАРОНДУН АБАЛЫ ЖАНА ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТЫН КЕЛЕЧЕГИ

Израиль премьер-министри Ариель Шарондун татаал операциядан кийинки абалы оор бойдон калууда. 77 жаштагы Шарондун мээсине кан кетип, 4-январда шашылыш операцияга жаткырылган эле. Иерусалим ооруканасынын доктурлары канды токтотушту. Бирок, Израилдин 2- телелеканалы кеселдин белинен ылдый жагы кыймылдабай калганын маалымдады. Шарондун абалы “Израил-Палестин мамилеси эмне болот?” деген суроону пайда кылууда.

Иерусалимдин “Хаддас” ооруканасынын доктурлары Шарондун мээсине жүгүргөн кан токтотулганын, бирок кеселдин абалы оор экенин билдиришти.



-Премьер-министр Шарон анестезия астында жатат жана келерки 24 саатта ал жасалма жол менен дем алдырып турмакчы,- деди оорукананын директору Шломо Мор-Юсеф:

Шарондун милдетин, Израилдин конституциясына ылайык, вице-премьер Эхуд Олмерт 5-январдан тартып 100 күн аткарат.


Ариель Шарон акыркы жылдары Израилдин саясатын жеке өзү жүргүзгөн кубатуу фигурага айланган жана былтыр сентябрда бийлигине таянып, өлкө ичиндеги каршылыктарга моюн сунбай -Газа тилкесинен израилдиктерди чыгарып кеткен. Айрым талдоочулардын айтымында, Шарондун демилгелери аягы көрүнбөгөн Израил-Палестин чатагын жөндөөгө болот деген ишенимди өчүрбөй турган.

Шарон ноябрда башкаруучу “Ликуд” партиясынан кетип, орточул “Кадим” партиясын түзгөндө, саясый кубаты күчтүү экенине коомчулукту кайра ишендирген. Жаңы партияга вице-премьер Эхуд Ольмерт, адилет министри Тзипи Ливни, Жумушчу партиясынын лидери, экс-премьер Шимон Перес жана башка көрүнүктү инсандар кирет.
Соңку сурамжылоолор “Кадим” мартта болчу парламенттик шайлоодо баарынан көп мандатка ээ болорун көрсөткөн.

Жакынкы Чыгыштын белдүү саясатчынын оор абалы Израил-Палестин тынчтык жараянынынын келчеги эмне болот деген суроону кырынан койот.

Бернард Сюссер -Тель-Авивдин Бир Илан университетинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун талдоочусу. Сюссердын айтышынча, Ариель Шарон “көк моюн реалист” болгондуктан, Израилдин коопсуздугун тобокелге салып болсо да палестиндер менен тынчтыкка жетишүүнү көздөгөн:

-Ал (Шарон) Батыш Иорданды бошотууну улантып жаткан. Ал өз саясатын ачык жүргүзгөндүктөн, көпчүлүк шайлоочулар Шаронду пайдубалы бекем тынчтыктын кепили катары көрүшкөн. Алар- Шарон акылы тунук аскерий жетекчи катары тынчтыкка жетишүү үчүн баарына макул болбойт деп ишенишет.

Шарон ден соолугуна байланыштуу саясаттан чыгып калса, “Кадим” партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыгаары жана Батыш Иордандан жөөт кыштактарын көчүрүп чыгуу планы ишке ашаары күмөндүү.

Палестин жетекчилиги Ариел Шарондун оорусу жөнүндөгү кабарды түрдүүчө кабыл алышты. Автономиянын эмгек министри Гасан Катиб- Шарондун саясаттан кетүүсү Жакынкы Чыгыштагы тынчтык үчүн көп деле жаман эмес деп санайт.
Премьер-министр Ахмед Курейи болсо палестиндиктер Шарон айыгып кетсе деген тилек кылып атканын билдирди:


-Биз, палестиндер, баарынан мурда Шарон айыгып кетсе деп үмүт кылабыз жана экинчиден, биз ар дайым Израилде тынчтыкка ыктаган, палестиндер менен өтө олуттуу жана адам ишенгис сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр жол башчынын болушун каалайбыз. Ушул биздин тилегенибиз.

КЫРГЫЗ ПАРЛАМЕНТИ ПЕНТАГОНДУН АКЧАСЫН ЭЛГЕ АЛЫП БЕРГИСИ КЕЛЕТ

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Ганси авиабазасы төлөгөн каражаттарды мамлекеттик бюджетке түшүрүү максатында парламент мыйзам долбоорун иштеп чыгарын айтып чыкты. Америкалык аскер базасы тейлөө акысын «Манас» аэропортуна төлөп келатат. Аэропорттун 2006-жылы авиабазадан ала турган акчасы 505 млн сом болмокчу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүнкү күндө мамлекеттик казынаны кыйгап өтүп жаткан миңдеген сомдордун арасында Ганси авиабазасынан түшкөн каражат да бар деген пикирин 4-январда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин жетекчиси Турсун Турдумамбетов менен болгон жолугушууда билдирген эле. Маалымат боюнча, Ганси авиабазасынан келерки жылы «Манас» аэропортуна 505 млн сом киреше түшмөкчү. Өмүрбек Текебаев бул каражаттар «Манас» аэропортунун чөнтөгүнө эмес, мамлекеттик бюджетке түшүүгө тийиш деп эсептейт.
Ал эми «Манас» аэропортунун жетекчилигинин маалыматы боюнча, Ганси авиабазасынан түшкөн каражат аэропорттун кирешесинин 42% түзөөрү ырас. Бирок, ал башка бир максаттар үчүн эмес, аэропорттун өзүнүн ички-тышкы инфраструктурасын жакшыртууга жумшалып жатат. «Манас» аэропортунун вице-президенти Кулмухамед Ачакеевдин айтымында, коалициялык күчтөрдүн жана коммерциялык негиздеги самолеттордун учуп-конуусунан түшкөн каражаттардын баары аэропортту техникалык жактан жакшыртууга жумшалат:

-Ганси авиабазасынан түшкөн каражат жалпы казнага түшөт. Биз өз каражатыбыз менен Ысыккөлдөгү эл аралык аэропортту кайрадан оңдоп жатабыз. Мындан тышкары аэропорт үчүн керектелүүчү, учактарды өз убагында тейлөөчү техникаларды сатып алып, чет элдик маркадагы учактар конуучу дагы кошумча беш чоң аянт курмакчыбыз. Мунун баары «Манас» аэропортун өнүктүрүүгө салым кошот. Биз муну менен Алматы, Ташкент шаарларындагы эл аралык аэропортторго тең тайлаша алабыз.

«Манас» аба майданынын аймагында жайгашкан АКШнын авиабазасынан мамлекеттин чөнтөгүнө жарытып каражат түшпөй келе жатканы тууралуу маселе буга чейин да парламент тарабынан көтөрүлгөн эле. Март ыңкылабынан кийин убактылуу өкмөт тарабынан авиабазада учуп-конгон учактар үчүн төлөнгөн каражаттын жарымынан көбү мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнө кетип жүргөнү жөнүндө айтылган. Ал эми жаңы бийлик орногондон бери бул каражат дагы деле мамлекеттик бюджеттен кыйгап өтүп, кимдир-бирөөлөрдүн капчыгына түшүп жатат деген пикирлер айтылып келүүдө.

Өлкөдөгү авиа компанияларды, Ганси атындагы антитеррордук күчтөр коалициясын жана “Кыргызстан аба жолдору” компаниясын күйүүчү май менен камсыздоочу “Манас интернейшнл сервис” жоопкерчилиги чектелген коому жана “Аалам-сервис” фирмасынын ишмердүүлүгү ыңкылапка чейин табышмактуу болуп, алар эркин экономикалык аймакта катталып, өлкөнүн казынасына салык төлөбөй келишкендиги аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаттары булар менен кошо «Манас» аэропортунун да эркин экономикалык аймакта катталып калгандыгын айтышып, кайрадан карап чыгууну талап кылышкан. Жогорку кеңештин депутаты Улукбек Ормоновдун айтымында, бийлик өзгөргөнү менен аэропорттун статусу өзгөргөн жок:

-Жаңы бийлик келсе да аэропорт да эркин экономикалык аймакта кала берди. Мурда Акаевдин үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнө кетип жүргөн акчалардын азыр кайда кетип жатканы белгисиз. «Манас» аэропортунун статусун өзгөртүү тууралуу депутаттар туура маселе көтөрүп жатышат. Мен кесиптештеримди колдойм. Буйруса, бул маселе жакын арада парламентте каралат.


«Манас» аэропортунун вице-президенти Кулмухамед Ачакеев алардын дарегине айтылган сын пикирлердин негизи жок деп четке какты: -Биз акционердик коом деп аталганыбыз менен 80% мамлекеттик ишкана болуп саналабыз. Ошондуктан, мыйзамга ылайык, «Манас» аэропортуна келип түшкөн бардык акча каражаттарды биз бюджетке беребиз.


Антитеррордук күчтөр аскердик базанын ижарасы үчүн Кыргызстанга акы төлөбөй келишкендиги белгилүү. Бул маселе тууралуу Бишкек менен Вашингтон ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чак. Каржы министринин маалыматы боюнча, келерки жылдын бюджетинде Ганси авиабазасынан түшө турган киреше тууралуу сөз жок.

ДЕМОКРАТИЯЛЫК КҮЧТӨРДҮН ЭЛДИК КОАЛИЦИЯСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы бир катар саясий партиялар Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясына бириккен жатышат. Бишкекте «Ак кеме» мейманканасында 6-январда жаңы саясий уюмдун уюштуруу жыйыны болот.

Жыйынга Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын, «Ата-мекен» социалисттик, «Арнамыс», Кыргызстан коммунисттер, «Акыйкат жана прогресс», «Кайран эл» жана башка партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Анда Демократиялык күчтөрдүн элдик Коалициясын түзүү маселеси каралат. Коалицияны түзүү демилгеси менен чыккан Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын төрагасы Кубатбек Байболов буга чейин Конституциянын өз алдынча долбоорун иштеп чыгып, жарыялаган. Демократиялык күчтөр биримдиги жана аны менен биригүүгө бараткан саясий партиялар өлкөдө конституциялык реформаны радикалдуу жүргүзүүнү, Кыргызстанды парламенттик башкарууга өткөрүүнү жактап келаткан күчтөр болуп саналат. Кыргызстандагы саясий партиялардын өкүлдөрү азыркы азыркы кырдаалда партиялардын бириге баштагандыгын мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептешет.

Бул жараяндар мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, азыр биздин өлкөдөгү партиялар негизинен парламенттик системага өтүүнү жактап жатышат. Ал үчүн партиялардын даярдыгы керек. Ошондуктан, партиялар бириге башташты,- Азаттыкка «Элет» партиясынын жетекчилеринин бири Ташполот Балтабаев.

БИШКЕК МАИнин АЙЛАНАСЫНДАГЫ МАСЕЛЕ СОТТО КАРАЛАТ

Аманбек Жапаров,Бишкек Бишкек МАИсинин мурдагы начальниги Касымбек Райымкул уулу Ички иштер министрлиги аны ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошотту деген доомат менен Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Ал өткөн жылдын соңунда бир айга чукул Бишкек шаардык Мамлекеттик Автоинспекциясынын начальниги болуп турганда, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын кайра түзүүгө байланыштуу Ички иштер министринин буйругу менен кызматтан четтетилген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын кайрадан түзүүгө байланыштуу ички иштер министри Мурат Суталиновдун 2005-жылдын 9-декабрындагы буйругуна ылайык Бишкек шаардык Мамлекеттик автоинспекциясынын ошол кездеги начальниги Касымбек Райымкул уулу штаттын кыскаргандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Анын адвокаты Галина Скрипкинанын айтымында Касымбек Райымкул уулун кызматтан бошотуунун себеби министр чыгарган буйрукта башкармалыктагы штаттарды кайра түзүүгө байланыштуу деп жазылган. Бирок ошол эле күнү 9-декабрда анын кызмат ордуна Эмилбай Абдиевди дайындашат.
Биз 9-декабрдагы министрдин буйругун мыйзамсыз деп эсептейбиз. Райымкул уулун кайрадан мурдагы ээлеген кызматына коюш керек. Анткени аны кызматтан бошотууга негиз жок,-деди Галина Скрипкина.

Галина Скрипкинанын ишениминде Бишкек МАИсинде эч кандай штаттарды кыскартуу болгон эмес. Начальниктин орду, маянасы сакталып калган. Болгону Райымкул уулун кызматтан алышып, анын ордуна башка адамды дайындашкан. Ошондуктан, ички иштер министрлиги кызматтан негизсиз бошоткондугуна байланыштуу адилеттик издеп Касымбек Райымкул уулу Биринчи май райондук сотуна доо арыз жолдогон.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараевдин пикиринде сотко кайрылууга ар бир адамдын укугу бар:

- Сотко кайрылыш анын атуулдук укугу. Демек ал жетекчиликтин пикирине макул эмес.

Касымбек Райымкул уулунун айтымында, ал октябрь айында Бишкек МАИнин жетекчиси болуп дайындалгандан баштап мурда калыптанып калган системаны бузууга, коррупция менен күрөшүү боюнча жасаган иш аракеттери Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Молдомуса Конгантиевге жага бербей, кызматтан кетирүүгө себеп болгон. Ички иштер министри Мурат Суталинов бул маселеге Молдомуса Конгантиевдин тиешеси жоктугун, Касымбек Райымкул уулуна Бишкек МАИнин жеке курамы ишеним көрсөтпөгөндүгүнөн кызматтан четтетилгендигин айткан.

Министрдин пикирине Касымбек Райымкул уулунун адвокаты Галина Скрипкина макул эмес:

-Бишкек МАИсинин жеке курамы Райымкул уулуна каршы чыгып, аны кызматтан алдык деп Ички иштер министрлиги далилдесе, анда башкача кеп болот эле. Аны кызматтан кетирүүгө да себеп болмок. Бул жерде аны кызматтан албай эле кадрлык кызматка которгон. Бизде шексиз маалымат бар, жетекчилик тарабынан МАИнин жеке курамынын айрым кызматкерлерине кысым көрсөтүлүп, Райымкул уулунун артынан кандайдыр бир фактылар изделүүдө.

ПРЕЗИДЕНТ МУШАРРАФТЫН МЕДРЕСЕЛЕРГЕ КОЙГОН ТАЛАБЫ ТОЛУК АТКАРЫЛБАДЫ

Президент Первез Мушарраф былтыр 7-июлда Лондондо болгон бомба жардырууларынан кийин Пакистандын медреселеринде окушкан чет элдиктердин жыл аягына чейин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган жана медреселердин каржы булактары жөнүдө маалымат берип, каттоодон өтүүсүн талап кылган. Бомба жардыргандардын үчөөсү теги пакистандык британ жарандары болсо, алардын бири Лахордогу медреседен таалим алган. Бирок, Жаңы жыл алдында президент Мушаррафтын мүдөөсү аткарылбай калганы айкын болду.

Былтыр жайында Лондондо болгон жардыруулардан кийин президент Мушарраф исламда террорчулукка орун жок экенин айтып, Пакистандын медреселерин каттоого алып, ал жерде окуган чет элдиктердин Жаңы жылга чейин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Ал эми Исламабадда өткөн Пакистан жалпы улуттук конференцияда жаштарды “экстремизмге каршы жихадка” чакырып, террорчулук исламга сыйбаган осол иш деген:

- Террорчулук, диний террорчулук же исламга жамынган террорчулук исламда жок. Исламдын атынан бомба байланып жанкечтилик кылуу, Лондондогудай исламдын атынан бомба жардыруу-бул исламбы? Ыйык Куран бизге ушуну окутабы?

Первез Мушарраф ошондо төрт жыл мурда берген убадасын кайра кайталады. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШ шаарларында болгон террордук чабуулдардан кийин Мушарраф Кошмо Штаттары жана башка союздаштар берген жардамдын жана Батыштын жеңилдетилген кредиттеринин ордуна медреселерди реформалоого убада кылган.

160 миллион элдүү Пакистандын турмушунда медреселердин мааниси аябагандай зор. The New York Review of Books журналынын маалыматы боюнча, өлкө калкынын 58 проценти, анын ичинде аялдардын 72 проценти кат тааныбайт.
Медреселер өзгөчө кыштак жеринин калкына балдарынын кат таанусуна катар карды ток жашоосуна да мүмкүндүк берет.
Пакистанда билим алган журналист Мухаммед Тахирдин айтышынча:-Медреселер айыл жеринде жашаган элдин сабатын ачкандан башка да билимдин маанисин түшүнгөнгө жол ачат.

Пакистанда өкмөттүк мектептерге ички дүң продукциянын 1, 8 проценти бөлүнөт. Ал эми коргонууга бөлүнгөн чыгымдар 4, 5 процентке барабар.
- -Медреселердин көптүгү экономикалык муктаждыкка жана салтка байланыштуу. Бийликтер айыл жерлеринде мектеп ачууга колу жетпегенден улам, элет калкы үчүн медреседен башка билимдин булагы жок. Пакистанда калктын көбү айыл-кыштактарда жашаганын айтсам, сиз медреселердин маанисин түшүнүктүү болот деп ойлойм,- дейт Мухаммад Тахир.

Андан улам мектептердин 15 процентинде окууга эч кандай шарт болбосо, алардын 40 процентинде суусу, 70 процентинде электр энергиясы жок.
Парламент мүчөсү Имран Хан өз окуругунда жүргүзгөн иликтөө тизмедеги мектептердин 10 проценти гана туруктуу иштегенин көрсөткөн.

Медреселерге каражатты жеке адамдар беришет. Пакистанда медреселер мурдакы советтик аскерлер Ооганстанга киргенден кийин аларга каршы күрөшчү жоокерлерди тарбиялоо максатында араб өлкөлөрү менен Батыштын жардамы менен өзгөчө көп ачылган. Талиптердин лидери Молдо Омор дал ушундай медреседе окуган.

Жаңы жылга карай Пакистандагы 12 миң медресенин 5 миңге жакыны гана өкмөттүк каттоодон өткөн. Июлдан бери, Медреселер федерациясынын маалымдашынча, 1 миңдей чет элдик студент журтуна кайтып, дагы 700 чамалуусу билимин улантууда.
Медреселер менен диниятчылардын нааразылыгын туйган бийликтер чет элдик студенттерди мекенине күчтөп жөнөтүүгө даабады. “Медреселердин жетекчилиги чет элдиктерди Ата журтуна жөнөтүүгө жооптуу. Бийлик аларга президенттин чечимин аткарууга жардамдашат”,-деп түшүндүрдү Ички иштер министри Афтаб Ахмед Хан Шерпао.

Бийликтин президент Мушаррафтын буйругун аткаруудагы жумшактыгын байкоочулар өкмөттүн кырдаалды курчутуудан коркушу катары баалашты.
Мушаррафтын өкмөтү “ диниятчылардын күчүн сезип, исламды саясый проблемага айланткысы келбеди”,- деп жазат Исламабадда чыкчу “Daily Times” гезити.

Пакистандын дин иштери боюнча министри Ижяз ул-Хак болсо: “Азыркы шартта медреселер жабылса, ар бир экинчи же үчүнчү үйдө медресе ачылат. Ошондо эмне кылабыз?” деп, алакан жаят.

КАБАРЧЫЛАРДЫН КАРАЛУУ ЖЫЛЫ

Өткөн жыл дүйнөдө журналисттер үчүн өзгөчө кесирлүү болду: 63 кабарчынын өмүрү кыйылды, сегиз жүздөн ашууну камалды,1300дөйү токмок жеп,ыдык көрдү жана ар кандай опузага кабылды. Бул тууралуу Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” аттуу эл аралык укук коргоочу уюмдун шаршемби күнү жарыяланган жылдык отчетунда айтылат.

Чек арасыз кабарчылар” уюмунун эсептеринде журналисттер үчүн былтыркыдай кесирлүү көрсөткүч мындан он жыл мурда катталган эле. 1995-жылы дүйнөдө 64 кабарчынын өмүрү кыйылган. Уюмдун Европа жана экс-совет аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Эннабелла Арки журналисттер үчүн былтыр Ирак айрыкча апааттуу болгонун, бул өлкөдө 24 кабарчы, алардын беш жардамчысы жер жазданганын белгиледи. Жалпысынан Иракта 2003-жылдын мартында уруш башталгандан бери 76 журналист шейит кетти. Отчетто айтылгандай, журналисттер арасында мындай жоготуу жадакалса бүткүл Вьетнам согушунда да болгон эмес.
Ирактан соң былтыр Филиппинде 7 журналист мерт болду. Мурдагы совет республикаларынан Россия менен Азербайжанда экиден, Казакстанда бир кабарчы кызматын аткарып жүрүп каза тапканы айтылат.
Камак жайларында журналисттер дале толтура, деп белгилейт “Чек арасыз кабарчылар” уюму. Быйылкы жылдын 1-январына чейинки маалыматтар боюнча эле дүйнөнүн 24 өлкөсүндө 126 журналист түрмөдө отурат. Кытайда – 32,Кубада – 24,Эфиопияда – 17 кабарчы камакта.
Уюмдун докладында “интернет душмандарынын” тизмеси келтирилип,биринчи орунда Кытай аталат. Тизмеге Куба,Иран,Түндүк Корея, Белоруссия,Түркмөнстан жана Өзбекстан киргизилген.
Эннабелла Арки “Азаттыкка” берген интервьюсунда Түркмөнстандагы абалга токтолуп, президенттин көзөмөл режими бүткүл өлкөгө жайылтылганын,андыктан маалымат каражаттарынын баарын мамлекет башкара турганын,чет элдик журналисттерге Түркмөнстанга баруу дегеле мүмкүн эместигин белгиледи.
Аркинин айтымында, Анжиандагы окуялардан кийин Өзбекстанда да журналисттер үчүн абал начарлагандан начарлап баратат. Бийликтер өлкөдө ыңкылап,айрыкча исламчылардын козглоңчу чыгып кетет деп абдан коркушат,ошондуктан өкмөт маалымат каражаттарын көзөмөлдөгөнгө умтулууда. Бийликтеги президент Ислам Каримовдун буга ынтаасы күч экени айдан-ачык иш,өзбек өкмөтү тыштан чындыкты айткан же бийликти сындаган эч кандай абаз-апазды уккусу келбейт, дейт Эннабелла Арки.
Ушундай эле отчетун Нью-Йоркто жайгашкан дагы бир эл аралык уюм – “Журналисттерди коргоо комитети” да жарыялады. Анын докладында былтыр дүйнөдө 47 журналисттин өмүрү кыйылганы,алардан төртөө кызмат иши же оозун тыйбаганы үчүн ушундай кайгылуу ыкыбалга кабылганы айтылат. Комитет дагы бир кооптуу тенденцияны –кабарчылардын өмүрүнө зобун болгон кылмышкерлер дээрлик көп учурда жазасыз калып жатканын белгилейт. Комитеттин аткаруучу директору Энн Купер журналисттердин өлүмү үчүн жоопкерчиликти “кайдыгер өкмөттөргө” жүктөдү. Кабарчынын киши колдуу болгону, Купердин айтымында, иш жүзүндө бийликтер үчүн чыгарылган эң оор айыптоо актысын билдирет, анткени жапайы жаңчылар менен кылмышкерлер журналисттерге каршы жасаган кыянатчылыгы менен коомго кандай жаңылыкты көрүү же угуу керек, мына ушу маселеде өз өкүмүн таңуулагысы келишет.

ЕВРОПА БИРИМДИГИН КУБАТ БОЮНЧА КООПСУЗДУК МАСЕЛЕСИ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА

Нарын АЙЫП, Прага 4-январда Брюссель шаарында Европа Биримдигинин табигый газ боюнча координациялык комиссиясынын жыйыны болуп өттү жана анда Европа мамлекеттерин кубат менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Үчүнөн төртүнө караган түнү Орусия менен Украина ортосундагы газ чатагында мунаса табылганын комиссия кубаттады, бирок келечекте бирдиктүү саясат жүргүзүү жана кубат экспорттогон мамлекеттер үчүн атайын кодекс иштеп чыгуу керектиги айтылды.

Бир нече айга созулуп, декабрда терең кризиске айланган Орусия менен Украина ортосундагы газ чатагы бир чети европалык мамлекеттердин талабы менен чечилди. Маскөө 1-январдан тартып Украинага газ берүүнү токтоткону тууралуу жарыялаган, бирок Украина өзүнө бөлүп алууга укуктуу деген газ көлөмүн жалпы куурдан ала бергендиктен, көптөгөн европалык өлкөгө газ талаптуу деңгээлде жетпей калган. Натыйжада Маскөө ал газдын көлөмүн көбөйтүүгө аргасыз болгон.

4-январда Брюсселде өткөн жыйында мындай кризистерди келечекте болтурбоо маселелери талкууланды. Ал үчүн кубаттын ар башка жаңы булактары изделүүгө тийиш, ар бир мамлекет кубатты үнөмдөө боюнча аракет көрүшү керек, кубат экспорттогон мамлекеттер үчүн болсо атайын эрежелер жобосу иштелип чыгат. Андай жобонун долбоору жазында өтө турган Европа Биримдигинин бийик жолугушуусуна сунушталат.

Азыр Европада керектелүүчү газдын жалпы көлөмүнүн 25 пайызы Орусиядан сатып алынат, бирок ар башка мамлекет Маскөөгө бул маселе боюнча ар башка деңгээлде көз каранды. Мисал үчүн, Балтик жээгиндеги үч жумурият менен Финляндия керектеген газдын 100 пайызы Орусиядан келет, Польша бул маселе боюнча Маскөөгө 60 пайызга көз каранды, ал эми Алмания пайдаланган газдын 30 пайызы Орусияныкы.

Биримдиктин кубат маселелери боюнча комиссары Андрис Пибалгстын айтымында, бул маселе боюнча европалык мамлекеттер бирдиктүү саясат жүргүзүүгө тийиш: "Кубат менен жабдуу коопсуздугу боюнча Европада бардык мамлекеттерге ылайык келген эрежелер керек. Азыркы учурда бул маселе мамлекеттер аралык деңгээлде гана талкууланат, аны жалпы европалык деңгээлге чыгарып, бирдиктүү саясат иштеп чыгууга тийиш", - деди комиссар 4-январда.

1-январдан тартып Европа Биримдигине Австрия төрагалык кыла баштады жана өлкөнүн экономика министри Мартин Бартенштайндын айтымында, кубат коопсуздугу келерки алты айдын ичинде көңүл бурула турган негизги маселе болот. 1-январдан тартып дүйнөдөгү эң өнүккөн сегиз мамлекет тобуна Орусия бир жылга төрага болду жана президент Владимир Путиндин айтымында дагы кубат маселеси анын төрагалыгы алдында негизги маселе болмокчу. Бирок 1-январда европалык мамлекеттер Орусиядан жетиштүү газ албай калганда, Маскөө жоопкерсиздиктен күнөөлөнгөн.

Брюсселдеги жыйында - Европага Орусиядан тышкары дүйнөнүн башка аймактарынан, мисал үчүн Сирия жана Йордания аркылуу Түркияга жаңы газ куурларын жаткыруу жана газды суюк түргө айлантып, аны танкерлер менен мунай сыяктуу ташуу сунуштары айтылды. 1986-жылы болгон Чернобыл алааматынан кийин бир топ мамлекет өзөктүк кубаттан баш тартууга киришкен, мисал үчүн Алманияда ал тууралуу атайын өкмөттүк программа да кабыл алынган, бирок Финляндияда азыр дүйнөдөгү эң ири атом станциясы курулуп жатат, анткени өлкө Орусияга болгон көз карандсыздыганан кутулууну көздөйт.

Андан тышкары суу, шамал жана толкун энергиясын пайдалануу боюнча көптөгөн башка сунуштар да жасалды бирок эң негизгиси - ар бир мамлекет кубатты үнөмдөө боюнча чечкиндүү чара көрүп, жаңы технологияларды ишке киргизүү саясатын жүргүзүү өтө маанилүү экендиги айтылды. Кубатты үнөмдөө өзгөчө мурдагы советтик жумурияттар жана алардын ичинде Украинага да тийиштүү.

ЧЕГАРА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ТЫМЫЗЫН ЖҮРҮП ЖАТКАНЫ НААРАЗЫЛЫК ТУУДУРДУ

Өзбекстан менен чектеш аймакта жашаган жарандар чегара боюнча коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өкмөттүк комиссиянын ишин сынга алышууда. Алар өкмөттүк комиссияга чегара сүйлөшүүлөрү жөнүндө элге ачык айтпайт, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт деген кине коюшууда. Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия 2000-жылдан бери иш жүргүзүүдө. Бул арада жалпы узундугу 1295 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин 1038 чакырымы такталды. Учурда сүйлөшүү эки ортодогу талаштуу делген аймактарга жетип, тараптардын бир пикирге келүүсүн кыйындатууда.

Кыргызстанда коңшу өлкө менен чегара тилкесин аныктоо иштеринин жүрүшүнө ичи чыкпаган жарандар нааразылыгын ачык айтып чыгышууда. Маселен, Өзбекстандын Сох анклавына чектеш Баткендин Таян айылынын тургуну Амиракул Алтымышев аталган комиссия ишин ачык жүргүзбөгөнүн, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгүнүн бул маселе боюнча түшүнүгү жоктугун айтат:

- Делимитация иштерин жүргүзүүдө эреже боюнча жергиликтүү калккка ошол иштердин кандай болуп жатканын айтып, түшүндүрүп туруу зарыл экен. Бирок өткөн жылдары Сох анклавына айланасындагы чек араны кароо учурунда элге түшүндүрүү, элдин ойун билүү сыяктуу эч кандай иштер жүргүзүлгөн жок. Баары тымызын болгондой. Эл кайсы жер, кайсы аянт, кайсы суу кимге тиешелүү болгонун, чек ара сызыгы кайсы жерден өткөнүн билбейт. Мунун айынан барып-барып коңшу элдердин ортосунда чыр-чатак чыгышы мүмкүн.

Жалалабад облусундагы Аксы районунун тургуну Бектемир Багышкулов да бизге ушундай эле пикирин билдирди:

- Чек араны аныктоо боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын иши тууралуу элде маалымат жок. Элге чек арадагы талаш аймактар, бул иштин жүрүшү тууралуу так маалыматтар жетпей жатат.

Ал эми эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келаткан өкмөттүк комиссиянын башчысы Саламат Аламанов мындай пикирлерге макул эмес:

- Эл менен деле жолугуп жатабыз. Балким айрым адамдар менен жолукпай калсак ошолор айтып аткандыр. Себеби ошол жердеги элдин баары менен жолугуу мүмкүн эмес экен. Чек ара маселесине тиешелүү адамдар менен ар дайым жолугуп турабыз. Бизде маалыматтарды айтпай коелу деген ой жок. Бул маселеде колдон келишинче жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жатабыз.

Саламат Аламановдун маалыматына караганда, жалпысынан кыргыз-өзбек чек арасында эки тарап бир пикирге келе албай жаткан 50 чакты аймак бар. Өкмөттөр аралык комиссиянын быйылкы жылдагы алгачкы жолугушуусу февраль айында Жалалабат облусунда болоору күтүлүүдө.
Өкмөттөр аралык комиссия учурда чек ара тилкесинин татаал маселелери бар бөлүктөрүнүн үстүндө иштеп жаткандыктан эки тараптуу жолугушууларда мурдагыдай узун-узун чакырымдар аныкталбай, чек араны аныктоо иштерин кыйындатууда.

- Азыр өтө татаал маселелери бар бөлүктөрдү талкуулаганга өттүк,- дейт Саламат Аламанов. - Ошондуктан мурдагыдай узун-узун чек ара сызыктарын жазып, тактап жүргөндөй болбой жатат. Эми бул иштеген материалдын татаалдыгына байланыштуу.

Саламат Аламановдун айтымында, негизинен Өзбекстандын Сох, Шахимардан анклавдарынын айланысындагы жана учурунда кандайдыр бир себептер менен Өзбекстанга өтүп кеткен жерлер маселени кыйындатууда.

Негизинен анклавдардын тегерегениндеги, суу сактагыxтарга байланышкан чек ара бөлүктөрү, мындан сырткары Алабука районундагы бир кездеги 1-Май колхозу Өзбекстанга өтүп кеткен жерлер бар экен.

ЖАҢЫ БИЙЛИК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ЖАҢЫЧА КҮРӨШКҮСҮ КЕЛЕТ

Президент Курманбек Бакиев 30-декабрда коррупцияга каршы иштей турган улуттук кеңештин төрт мүчөсүн бекитти.Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык президент 21-октябрда коррупцияга каршы күрөш боюнча агенттик жана улуттук кеңеш түзүү тууралуу жардык чыгарган. Ушул эле максатты көздөгөн эки уюм мурдагы бийликтин тушунда да иштеп келген. Азыркы бийлик коррупцияга каршы күрөштө кандай өзгөчөлүктөргө ээ болушу мүмкүн?

Президенттин жардыгына ылайык Коррупцияга каршы күрөш боюнча көз карандысыз бул агенттиктин курамы 49 кишиден туруп, аны комиссар башкарышы керек. Агенттик ушул жылдын этегинде же келерки жылдын башында түптөлөөрү болжолдонуп жатат. Ага чейин улуттук кеңеш агенттиктин жүргүзө турган иш багыттарын аныктап, тиешелүү мыйзамдарды иретке келтириши керек. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов «Азаттыкка» билдирди:

- Биринчи этапта мониторинг болот. Коррупция кайсы деңгээлде экен, кайсы тармактар, кайсы ишканалар коррупцияга жакын? Ал кандай формада болуп атат? А эмки жылда, мүмкүн жылдын аягына чейин биз мыйзамдарга биртоп өзгөртүүлөрдү киргизсек, анда тергөө-оперативдик органдар пайда болуп, анан бул коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук агенттик болуп калат.

Ниязовдун айтымында, улуттук агенттикти комиссар башкарып, комиссарга он бир мүчөдөн куралган улуттук кеңеш макулдук бериши керек. Анын алгачкы төрт мүчөсүн президент бекитти. Алар - президенттин коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Таабалдиев, премьер- министрдин коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн өкүлү Бейшенбай Жунусов, Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаев, Жогорку Соттун судьясы Лариса Гутниченко. Булардан тышкары коомдук уюмдардан дагы 6 өкүл тандалып алынмакчы. Азыр 30 кишинин талапкердиги кароодон өтүп жатат. Улуттук кеңештин курамы январдын этегине чейин түзүлүп бүтөт, бирок, бул уюмдун башында боло турган 11- мүчө кайсы тараптан болору, ал кандай шартта тандалып алынары тууралуу расмий маалымат берилген жок.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын ишениминде жаңы мекеме мурдагы бийлик түзгөн мекемеден коррупцияга каршы негиздүү күрөшө ала тургандыгы менен айырмаланат:

- Мурда таза коом, акыйкат башкаруу деген немелер чыкпады беле. Биз ушундай жасап атабыз деп, эл аралык уюмдар алдында көрүнүү үчүн түзүлсө керек, бирок, алар өз милдетин так аткарган жок. Азыркы түзүлүп жаткан мекеме элдин жалпы кызыкчылыгын- илимий-практикалык ыкма менен изилдеп, жолубузду табышыбыз керек. Коррупция менен сөз аркылуу эмес, негиздүү күрөшүш керек.

Аскар Акаевдин бийлиги учурунда акыйкат башкаруу боюнча премьер министр жетектеген улуттук кеңеш жана президент башкарган координациялык кеңеш иштеген. Бирок, алардын ишмердүүлүгү коомчулуктун кескин сынына кабылган. «КДК» саясий партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев мындай жаманаттыга калбаш үчүн азыркы бийлик түзүп аткан органдын саясий эрки күчтүү болушу керек деген ойдо:

- Агенттик деп атышпайбы, ошол жерде жаңы бийлик эч кимге көз каранды болбогон, кылчактабаган, түз, ишти аягына чыгара турган адамдарды дайындай алса, анда ишти жылдырышы мүмкүн. Эгер андай болбой калса, баягы эле коррупциянын казанында кайнап жүргөн адамдарды коюп кое турган болсо, анда оор болуп калат. Анда жемишин бербейт.

Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Бакиев башкарган азыркы бийликтин коррупцияга каршы чындап күрөшөрүнө түпкүлүгүндө ишенет. Бирок, кеңештин курамына мамлекеттик бийликтен келгендердин айрымдарына ичи чыккан жок:

- Кеңештин курамын карап көрсөм, Акаевдин тушундагы адамдар да кирип кетиптир. Алар турганда кеңеш толук кандуу иштей албашы мүмкүн. Ал үчүн мурдагы бийлик менен эч байланышы жок, колу таза адамдарды коюш керек болчу.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, коррупцияга каршы күрөшүүдө азыркы бийлик мурдагынын катачылыгын кайталагысы келбесе, эң биринчи кезекте мыйзамдарды иретке келтириши керек:

- Баарын комплекстүү иретке келтириш керек. Бул төрт-беш жылдык иш.

Жарандык уюмдар 2 миңден ашык мыйзамды салыштырып, алардын 42% бири-бирине карама-каршы келерин аныкташкан. Мындай көрүнүш коррупциянын гүлдөп-өнүгүшүнө олуттуу шарт түзүп берет деп эсептейт жарандык коомдун өкүлү.
Ал эми эл аралык уюмдар Кыргызстандагы коррупцияны жоюу үчүн ондогон жылдар талап кылынарын белгилеп келатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG