Баян Жумакадыр кызы, Прага Сомалинин баш калаасы Могадишуда бүгүн жүздөгөн адамдар демонстрацияга чыгып, эфиопиялык аскерлердин чыгып кетишин талап кылышты. Эфиопиялык аскерлер өлкөнүн өкмөтүнө исламисттерди баш калаадан сүрүп чыгарууга жардамдашкан. "Рейтер" агенттигинин маалыматына караганда, демонстранттарды таркатуу үчүн эфиопиялык аскерлер абага ок атышкан. Такталбаган маалыматтар боюнча бир демонстрант жаракат алды.
Айгүл Жунушалиева, Бишкек Буш өзүнүн Ирактагы саясатына өзгөртүүлөрдү киргизгени жатат. Анын администрациясынан тараган маалыматка караганда, ал өзгөрүүлөр эң оболу Американын Иракта иштеген аткаминерлерин алмаштыруу менен башталат. Президент Буш Ирактагы жаңы саясаты тууралуу келээрки жумада билдирүү жасайт.
Түркмөнстанда 11-февралда өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүлүп жаткан кез. Президенттик шайлоого алты талапкер аттанганы – Түркмөнстан үчүн жаңы көрүнүш, чоң жаңылыкка айланды. Андагы башкы талапкер – президенттин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердымухаммедов маркум Түркмөнбашынын жолунан кайтпай турганын кайталаганы менен, айрым эркиндиктерди берүүгө сөз бере баштады.
30-декабрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы ушул аптанын башкы көйгөйү болду. Майрам күндөргө тушуккан бул окуянын айланасында талкуу уланган жок, саясий чөйрө апта бою күтүү ыңгайында турду. Талдоочулар болсо саясий кырдаалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын болжоп жатышат.
«Реформа үчүн» кыймылы 30-декабрда Конституциянын жаңы редакциясы бийликтин кысымы астында мыйзам бузуулар менен кабыл алынды деген билдирүүлөр менен чыгууда. Ал эми президенттин чөйрөсү өз кезегинде Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу парламенттин көпчүлүк депутаттарынын демилгеси менен ишке ашты деп деген позициядан кеп салууда.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Нефтигаз чөйрөсүндөгү Орусия менен Беларустун кармашын АКШ кескин сындады. Америкалык мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон МакКормак, кечээ Беларус жери менен өтчү орусиялык нефтиге салык салган беларустук жетекчиликти керт башынын кызыкчылыгын көздөп атат деп айыптады. Ошону менен бирге АКШнын мамдепартаментинин өкүлү өзүнөн энергетикалык кубат өндүрүүчү товарларды алып атышкан өлкөлөргө кысым көргөзөт деп Москваны да сынга алды. Эки мамлекет ортосунда чатак «Газпром» Беларуска 1-январдан тартып газдын баасын эки эседен көп кымбаттаткандан улам чыккан.
“Реформа үчүн” кыймылына тиешеси бар адамдарды куугунтуктоо токтогон жок. Мындай билдирүүнү “Азаттык” үналгысына кыймылдын штаб жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Ошол эле мезгилде Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун айрым бийлик бутактары тарабынан куугунтуктоо иштери болуп, адам укуктары тебеленип калып жатканын моюнга алууда.
Он үч саясий партия шайлоого карата даярдык көрүү, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү жөнүндө максат - тилектер менен «Саясий партиялардын парламенти» деп аталган долбоору боюнча иш жүргүзүп баштады. Бул саамалыктын демилгечиси болгон «Эл ынтымагы» партиясынын лидери Роза Акназарова «Азаттык» менен азыркы партиялардын ишмердиги жөнүндө ой-пикир бөлүштү.
3-январда «Ата мекен» партиясынын Жалалабат облустук бөлүмү өткөн жумада кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Анда жаңы Баш мыйзам бийликтин кызыкчылыгы үчүн жактырылганы белгиленди. 30-декабрда кабыл алынган Конституцияга кол коюлчу болсо, партия мөөнөтсүз митингдерди өткөрүү менен президенттин отставкасын талап кылуу тууралуу чечим кабыл алды. Бийликтин таламын талашкан партиялардын пикири боюнча Конституция тууралуу элде маалымат жок.
Нарын АЙЫП, Прага Пакистандын премьер-министри Шаукат Азиз 4-январда Ооганстандын борбору Кабул шаарына келип, ооган президенти Хамид Карзай менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы мамилелерди жана террорчуларга каршы күрөшүү маселелерин талкуулады. Бирок эки тарап бир пикирге келе алган жок.
Нарын АЙЫП, Прага АКШнын жаңы Конгресси 4-январда кызматка киришип, анын мүчөлөрү ант берди. Бирок, айрым эксперттердин пикиринде, алар өкмөттүн Ирак саясатына орчундуу таасир тийгизе албайт. Конгресске алгачкы жолу мусулман адам дагы шайланды.
Дагы жүктөңүз