«Азаттыктын» армян кызматынын билдиргенине караганда, эртең менен күч менен таратылган демонстранттар Еревандын борборуна топтоло башташты. Армян баш калаасында бир нече күндөн бери президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы акция өтүп жаткан эле. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, кармалган оппозиционерлерди кое берүүгө үндөдү.
Муса Мураталиев, Москва Эртең Орусяда президенттик шайлоо өтмөкчү. Ошондуктан бүгүн өлкөдө шайлоого даярдык көрүү өнөктүгү ырасмий түрдө жыйынтыкталды. Алдыдагы бул күн жана түн тунжуроо маалы болуп эсептелет. Бул учур талапкерлердин атын сүрөө же алар үчүн үгүт жүгүзүгө уруксат жок. Ошого карабай орусиялыктар шайлоодо президент Путин мураскорум деп атаган азыркы өкмөттүн төрагасына биринчи орун басар Дмитрий Медведев жеңерин алдын ала белгилешүдө.
2-мартта Орусияда өтө турган президенттик шайлоо тууралуу Азаттык+ жаштар берүүсүнө жаш саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев маек куруп берди.
Ушул жуманын аягында Кыргызстандагы айтылуу эки гезит –“Агым” менен “Аалам” “Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов тууралуу карама-каршы эки маалымат таратты. Кыргызстанда азыр негизги оппозициячыл күч аталган “Акыйкат үчүн” кыймыл жетекчиси тууралуу мындай карама-каршы маалыматтын таралышы коомдо оппозициянын келечеги менен байланыштырылып, оппозициячыл күчтөрдү алдыдагы багыттарынан алаксытуу үчүн атайылап жасалган аракет деген пикир пайда болду.
Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек “Азаттык” үналгысынын армян кызматынын кабарчысынын маалымдашынча, 19-февралда өткөн президенттик шайлоодо оппозиция атынан талапкер болгон Левон-Тер-Петросян полиция тарабынан кармалып кетти. Маалыматтарга караганда ал өз үйүнө күч менен жеткирилди. Полиция менен митингдин катышуучуларынын ортосундагы кагылышуудан жаракат алгандар бар.
Эл аралык адам укуктарын коргоо уюмдары Бээжин Олимпиада оюндарына даярдык жүрүп жаткан маалда Кытайда адам укугу жаатында абал начарлап жатканын сынга алууда. Кытай бул оюндарга даярдык учурунда жана Олимпиада оюндары өтө турган маалда эл аралык бардык нормаларды сактоо милдеттенмесин алган. Бирок кызыгы, дүйнөлүк саясий чөйрө лидерлери Кытайдагы адам укугу жаатында кыйын абалга көз жумду мамиле кылууда. Айрым серепчилер муну Кытайдын экономикалык кудуретине байланыштырып, Батыш өлкөлөрү ириде өз экономикалык кызыкчылыктарын ойлоп жатат дешүүдө.
Амирбек Усманов, Прага БУУнун Коопсуздук Кеңеши бир жумага созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Иранга үчүнчү санкцияны жарыялоо боюнча мунасага келди сыяктуу. Катаал чараны киргизүүгө Ирандын уранды байытууну токтотпой улантуусу негиз болууда. Тегерандын ырасташынча, ядролук программасы тынчтык максатын көздөйт. Батыш тескерисинче Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп шектенет. Резолюция ишемби күнү колго салынат.
Элеонора Куленбекова, Прага ш. Британиянын азыркы канзаадаларынын бири Гарри - маркум канбийке Диана менен канзаада Чарлздын уулу, - британ тактысына отура турган мураскорлордун бири катары жакшы маалым. Канзаада Гарри ушул тапта Ооганстанда талиптерге каршы салгылашып жатат. Эки айдан ашуун убакыттан бери ал Гелманд вилайетинде урушка катышып жүргөнүн Британиянын Коргоо министрлиги да тастыктады, бирок жакын арада ал уруш аймагынан чыгарылып кетээрин да министрлик кошумчалады.
Амирбек Усманов, Прага Кошмо Штаттары Түркияны өз аскерлерин тезирээк Түндүк Ирактан --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/02/2A8EE140-EE5C-42E7-B789-E37927E01445.asp чакырып кетүүгө чакырды. Президент Жорж Буш Акүйдө жасаган билдирүүсүндө операция күрт согушчандарына каршы багытталып, көпкө созулбаш керек экенин эскертти. Түндүк Ирактагы Күрт жумушчу партиясынын аскерий базаларына сокку уруу үчүн бир жума мурда Анкара аймакка миңдеген аскерин жөнөткөн.
29-мартта Бишкекте жалпы элдик курултай өткөрүлөөрү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин жыйынында айтылды. Ошондой эле 19-мартта болуучу Коомдук парламенттин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/4DF03953-5BDB-4FBF-90B8-15DB23D99334.asp экинчи отурумунун күн тартиби бекитилди. Айрым бийлик өкүлдөрү, саясатчылар Коомдук парламентти укуктук жактан мыйзамга туура келбестигин айтып, сын көз менен карашууда.
Орусияда 2-мартта өтө турган президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышат. Алардын ичинен азыркы президент Путин мураскорум деп атаган Дмитрий Медведев сөзсүз жеңет деген ойлор кыргыз коомчулугунда да бекем. Бирок Путиндин мураскорду жердештеринин арасынан табышы Орусияны көп жагынан ээрчиген Кыргызстанга терс таасир берет деген пикирлер да арбын.
Кошмо Штаттарынын улуттук чалгындоо кызматынын директору Майк Макконнел Ооганстанды, Иранды жана Пакистанды коопсуздукка коркунуч түзгөн үч очок катары сыпаттады. Сенаттын аскери маселелер боюнча комитетинде ал АКШнын чалгындоо кызматтарынын жылдык отчету менен тааныштырды. Макконнелдин айрым пикирлерин Кабул өкмөтү четке какты.
Дагы жүктөңүз