Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 17:40

Саясат

М.Казакбаев: Бийликте кадрдык реформа жок

Саясат таануучу Марат Казакбаев бийликтин кадр саясаты жана өкмөттөгү акыркы орун которуулар тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда ой бөлүштү.

- Ушул жума башталгандан бери президенттик администрацияда, өкмөттө жаңы дайындоолор, орун которуулар башталды. Анын максаты эмнеде деген ойдосуз?

- Менин оюмча, президенттин кадр реформалоосу болуп атат. Администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов эки жылдай иштеп кетип, ордуна Данияр Үсөнов келди. Бирок анткен менен президенттин командасына жаңы кадрлар келбей атат, эски фигураларды кайра бошотуп, кайра алып келип, өзүнчө эле циркуляция болуп атат. Ошол үчүн кадрдык реформа жакшы жүрбөй атат.

- Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов кечээ Данияр Үсөнов президенттик администрация башчылыгына энергетика тармагын толук менчиктештирүү үчүн, же болбосо сатуу үчүн дайындалды деп билдирди. Сиз ага кошула аласызбы?

- Мен ага анча деле кошула албайм. Бирок андай көз караш болгондо СДП, “Ак жол” жана Коммунисттер фракциялары мунун баары боюнча акылдашып, бир көз караш чыгарыш керек. Менин оюмча, ушул суроо боюнча маселелерди жакшы талкуулап, бир ойго келиши керек.

- Ал эми президенттик администрация башчылыгына келген Данияр Үсөнов кандайдыр бир саясатта, же болбосо ички иш алып барууда, башкарууда кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү, жаңы ыкмаларды киргизет деген ойдосузбу?

- Менимче баары бир жаңы өзгөрүүлөр болот. Бирок Данияр Үсөнов бул орунда көп деле иштебейт, себеби мөөнөтү аябай кыска болуп атпайбы. Менин оюмча, Данияр Үсөнов убактылуу фигура.

- Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов кызматтан кеткенден кийин “Азаттыкка” берген интервьюсунда бийликке жаңы күчтөр келет деп айтты эле. Өкмөттө орун которуулар болуп жатат, каржы министри мурдагы социалдык фонд жетекчилик ордуна барып, анын төрагасы Марат Султанов каржы министри болду. Ички иштер министрлигинде дагы ж.б. мекемелерде дагы орун которуулар болуп жатат, жаңы дайындалган кызматкерлер болуп жатат. Ошолордун ичинен саясатта жана экономикада жаңы өзгөрүүлөрдү алып келе тургандар барбы, кудуреттүүлөр барбы?

- Менин оюмча, президенттин командасы жок болуп атат. Данияр Үсөнов келеби, же Марат Султановбу, алар баары эле эски кадрлар да, жөн гана орун алмаштыруу болуп атат. Жаңы өзгөрүүлөр, же жаңы реформа болгон жок. Медет Садыркулов тажрыйбалуу, көп эле жакшы нерселерди жасады. Бирок ага карата сын да көп.

- Кадр кризиси башталды деп айтылып жатат. Ошону оңдош үчүн эмне кылыш керек?

- Кадрдык реформа керек, жаштардан, мыкты профессионалдардан, орто катмарда деле жакшы иштегендер бар да, ошолорду президент коркпой эле кое берсе болмок. Андай болбой атат. Ошон үчүн менин оюмча, кадрдык кризис болуп атканда эң биринчи экономикалык, социалдык, саясий деле реформа жүрбөй атпайбы.

- Демек өң-тааныштыгына карабай, кесипкөйлүгүнө карап дайындаш керек деген ойдосузбу?

- Ооба.

- Маегиңизге рахмат.

К.Бакиев заманында Кыргызстан эгемендигин жоготобу?

Бүгүн Жогорку Кеңеште жарым сааттык ар түрдүү маселелерди талкуулоодо электр, газ, айыл чарба тармагы жана Орусия берет деген насыя акча боюнча бир катар маселелер козголуп, өкмөткө тапшырмалар берилди.

Парламенттеги салттуу жарым сааттык талкуулоодо «Ак жол» фракциясынан депутат Алишер Сабиров Жакынкы Чыгыштагы Израил менен Палестин чатагында каза болгондордун саны миңге чукулдаганын, бейкүнөө мерт кеткендердин көпчүлүгү аялдар жана балдар экенине токтолду. Буга кыргыз өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги эч кандай маани бербегенин билдирген Сабиров, чатакка байланыштуу Жогорку Кеңеш билдирүү жолдоосун сунуштады.

Анын мындай демилгесин колдоого алган СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева бийликтин Орусиядан алуучу 2 млрд. долларга байланыштуу маселени мамлекет башчы Жогорку Кеңешке түшүндүрүп берсин деген талапты койду.

-Жакында президент Курманбек Бакиев Москвага барып 2 млрд. долларга байланыштуу маселени кайра сүйлөшөт экен. Бул биздин улуттук кызыкчылыкты ошол жерге тебелетип берип жатканы деп эсептейт элем. Азыркы Кыргызстандагы экономикалык оор абалдан пайдаланып, суунун ээси болуп башка өлкө келип жатат. Газ маселесин биз Орусиянын колуна тапшырып бердик. Эми мына «суу башына отуруп бергиле, суу маселесине ээ болуп бергиле»,-деп өзүбүз жол ачып берип жатабыз. Бизде Кыргызстанда эгемендүүлүк деген калабы же жокбу? Же болбосо К.Бакиевдин заманында Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготобу?

«Ак жол» фракциясынан депутат Бейшенбек Абдыразаков айрым мектептерде каникулдун эки айга узартылышына шайлоочулары нааразы болуп жатканын билдирип, газ маселеси боюнча өкмөт Өзбекстан менен кайра сүйлөшүүгө барышы керектигин айтты.

-Менин шайлоочуларым кат жазып жатышат, «бир айда газга 7,5 миң сом төлөөчү элек», дейт. Азыр газга баа эки эсе көтөрүлүп, эми газга бир айда 15 миң сомду кантип төлөшөөрүн айтышууда. Ошону менен бирге эле кыймылсыз мүлккө салык кирип жатат. Электр кубаттуулугуна, сууга, ысык сууга төлөмдөр кымбаттап жатат. Коммуналдык төлөмдөрдү кантип төлөйбүз дешип кыжаалат болушууда.

Бир катар депутаттар алыскы айыл жерлериндеги негизги көйгөй энергетикага байланыштуу экендигин белгилешти.

«Акжолчу» депутат Ибрагим Жунусов электр кубатын даректүү өчүрүүдө баш-аламандыктар орун алганын айтып өттү:

-Кыргызстанда даректүү деп электр кубатын маал-маалы менен өчүргөнү менен айрым райондордо бир жумалап жарык жок. Кээ бир айыл өкмөттөрдө 15 күндөн бери жарык берилбептир. Ошондуктан Бишкекте свет кандай өчүрүлгөн болсо, Кыргызстандын бардык аймактарында ошондой өчүрүүсү керек.

14-январда кечке маал Бишкекте кыламык кар жаап, жолдордун тайгалагынан миңдеген авто унаалар жүрө албай тыгын болгонуна күбө болгон депутат Бегалы Наргозуев кыш күрөөдө шаар ичиндеги тайгалак жолдорду тазалатып, жөнгө сала албаган Бишкек мэри Нариман Түлөевди сынга алды.

-Нариман Түлөев шаардын чарбасын кыйратам деп жатты эле. Кана кыйратканы? Он чакты жүк ташуучу авто унааларды чыгарып тайгак жолдорго кум чачтырып койсо болбойт беле. Ар бир жерде тыгында 200-300 машинелер бир саатка чейин туруп, айдоочу-жүргүнчүлөр бийликке акаарат айтып жатышат. Бизге депутаттарга акаараат айтып жатышат. Эмне эми майда чарбалык жумуштарга дагы парламент аралашуусу керекби? Эгер анын колунан келбесе, президентке кайрылалы, жумушунан кетсин.

Спикердин орун басары Кубанычбек Исабеков Ысык-Көл облусундагы айрым мугалимдер өткөн жылы төрт айдын айлыгын эле алып, алигиче калган эмгек маяналарын алышпагандыгын маалымдады. «Ак жол» фракциясынан депутат Жангороз Каныметов болсо өкмөт азыртадан эртелеп кам көрүп, дыйкандарды үрөн, жер семирткич менен камсыз кылуу зарылдыгын айтты.

Парламент отурумуна Экологиялык Кодекстин долбоору сунушталып, «Маданият жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагына байланыштуу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталып, 45 чет мамлекеттин атуулдарына жөнөнкөйлөтүлгөн виза берүүгө макулдук берилип, Эмгек Кодексине өзгөртүү киргизилди.

И. Исаков: Мага козголгон кылмыш иши – президенттин түздөн-түз буйругу

Мурдагы коргоо министри өзүнө карата кылмыш ишинин козголушун саясий куугунтук деп баалап, мунун башында президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү турат деген оюн бүгүн журналисттерге билдирди.

Башкы прокуратура тарабынан “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаковго ал коргоо министри болуп иштеген учурда министрликке тиешелүү акча-каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган жана айрым аскердик техникаларды жок кылгандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Мурдагы коргоо министринин бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргенине караганда Башкы прокуратура козгоп жаткан кылмыш иштеринде Исаковдун эч кандай айыбы жок:

-Бүгүнкү мага коюлуп жаткан айыптоолор мыйзамсыз. Бул иштерде Исаковдун эч кандай тиешеси, эч күнөөсү жок. Аялдардын 8-март майрамына, 23-февраль, 29-май аскер кызматчыларынын кесиптик майрамына карата, жаңы жылдагы офицерлердин балдарына балаты уюштуруп берүү үчүн бөлүнгөн акча каражаты үчүн мени күнөөлөө -мыйзамсыз. Ал эми жетишсиз болуп жаткан автотехникаларга министр жооп бербей тургандыгын прокуратура менден жакшы билет. Мен коргоо министрлигине тиешелүү мүлктөрдү өзүм башында туруп, орун басарымдын жетекчилигинде бир нече жолу текшерип, тактоодон өткөргөнбүз. Бул тууралуу менден кийин 2008-жылы 26-майда коргоо министри болуп келген Бакыт Калыев да эч кандай доомат айткан эмес. Мунун баары менин бийлик менен келишпей, эл үчүн деп, оппозициянын катарына өткөнүмдөн улам атайылап жасалып жатат.

Исмаил Исаков бийлик мына ушундай ушак-айыңдар менен аны каралап, элге жаман көрсөткүсү келүүдө, деп кошумчалап, болуп жаткандын баары түздөн-түз президенттин буйругу менен жасалып жаткан иш экендигин айтып кетти:

-Бул президенттин түздөн-түз буйругу менен анын жан-жөкөрлөрүнүн менин оозумду басуу үчүн кылып жаткан аракети. Ошондуктан башкы прокурор да Башмыйзамдын 77-беренесин бузуп, мага каршы кылмыш иш козгоп, элге жаман көрсөтүү аракетин жасап жатат. Бирок алардын аракети эч качан ишке ашпай турган нерсе. Мен Коргоо министрлигинен кетип, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда да өз ишимди тийиштүү аткарууга мага президент өзү баш болуп бут тоскон. ИИМ тармагындагы коррупцияны иликтеп, милицияны реформалоо керек деген аракетиме мамлекет башчы “бул жакка кийлигишпе”, деп токтотту. Энергетика тармагын иликтөөгө алып, Токтогул каскадына барып, ТЭЦти кыдырып, жаңы бир илинчектерди тапкан учурда да мени өзү четтетип, “сенин ишиң эмес” деген. Биз ыңкылаптан мурун элге айтканбыз, убада бергенбиз: жашоону оңойбуз, коррупцияны жоебуз, деп. Мына ошону ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербегени үчүн кызматтан кеткемин. Президент менен эч кандай жеке таарынычым болгон эмес.

Исмаил Исаков министр болуп турган туштагы Коргоо министрлигинин жетекчилигине Башкы прокуратура тарабынан 12-январда дагы бир кылмыш иши козголду. Анда Исмаил Исаков министрликке тиешелүү 500 чарчы метр жерди “Бишкеккурулуш” ишканасына 2 бөлмөлүү батирге алмашып, батирди уулуна берген деп айыпталат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Үсөн Маматов "Бул кылмыш ишинде эч кандай саясий боек жок “,- деп "Азаттыкка” маалымдаган.

Аталган кылмыш иши боюнча башкы көзөмөл органы Исмаил Исаковдун өзүнө маалымдаган эмес. Бул тууралуу журналисттерди кабардар кылган генерал Исаков мекенди коргоо тармагында иштеген уулу бир канча жыл сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттен батир алууга акылуу болсо дагы албагандыгын билдирди:

-Менин уулум Кыргызстандын аскер кызматчысы катары АКШга кетип, 2006-жылдан бери ошол жакта иштеп жатат. Ал эми кылмыш ишинде айтылып жаткан 2 бөлмөлүү батирде төрт балалуу аскер кызматчысы - прапорщик жашап жатат.

Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иштери саясий буйрутма, бийликтин башкаруу саясатына каршы пикирин ачык айткандыгы үчүн атайын жасалып жаткан куугунтук экендигин Элдик Революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров да бекемдеди. Анын айтуусунда учурда оппозиционерлердин 70 пайызына каршы кылмыш иши козголгон:

-Жекшенкуловго кылмыш иши козголду. Каптагаевге, Исаковго, Кадырбековго, Бөлөкбаевге кылмыш иштери козголду. Бийлик муну булардын өзүн эмес, бийликтин саясатына макул болбой, оппозицияга өтөм деген кызматкерлерди коркутуу үчүн жасап жатат.

Азимбек Бекназаров бийлик куугунтугуна илинген саясатчыларды адвокат катары коргоого алууда. Бир нече күн мурун саясатчылардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн демилгеси менен саясий куугунтукка каршы түзүлгөн комитет президент баш болгон бийликтен саясий куугунтуктоону токтотууну талап кылган билдирүү таратышкан.

Саясий куугунтукка каршы комитет түзүлдү

Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагалыгына Т.Тургуналиев шайланды. Бул коомдук бирикме адам эркиндиктеринин жана укуктарынын бузулушуна, саясий куугунтуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшмөкчү .

Саясий куугунтукка каршы комитет 14-январда түзүлөөрү менен ага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков, «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, «Улуу биримдик» партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаев, «Алиби» гезитинин жабылышына байланыштуу Бабырбек Жээнбеков укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Алар бийлик тарабынан саясий куугунтукка алынып, укук коргоо органдары жана соттор чектен чыгып, мыйзамсыз аракеттерди көрүп жатышканын белгилешти.

Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев аталган комитет мыйзамдын чегинде укуктары бузулган саясатчыларга колдон келген жардамдарын беришерин айтты:

- Албетте азыр эле ооз көптүрүп, кыйратып жиберебиз дегенден алыспыз. Бирок дагы жаңы “төрөлүп” жаткан Саясий куугунтукка каршы бирикме толук кандуу иштегенге биз сөзсүз мажбур болобуз. Себеби дегенде бүгүнүкү күндө Бириккен элдик кыймылдын башкы жетекчилерин, негиздөөчүлөрүн жана алардын бала-бакыра, бир туугандарына чейин бийлик асылып жатат. Менин уулума дагы асылып жатат. Демек биз саясий куугунтукка алынгандардын укугун кандай болгон күндө дагы коргошубуз керек. Коомчулук, эл аралык коомчулук азыркы бийликтин кысымынын күңгөй-тескейин билиши керек.

Экс-коргоо министр Исмаил Исаков өзүнө карата Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишин бийликтин саясий куугунтугу катары эсептеп, жаңыдан түзүлгөн кыймыл кайсыдыр бир деңгээлде анын укугун коргооруна ишенет. Исаков азыркы бийликтин мыйзамсыз аракеттери оппозициядагы саясатчылар үчүн эле эмес мамлекет үчүн дагы коркунучтуу дейт.

- Мага карата козголгон кылмыш иши түздөн-түз саясий мүнөздө. Жеке эле мага эмес, бийликке сын-пикир айткан, мамлекеттин, бийликтин байлыгын сатууга, менчиктештирүүгө каршы көз караштагы адамдарды түздөн-түз куугунтукка алуу күчөдү. Бул бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына карап бир гана нерсени ойлоп койсо болот. Азыр эмне кылмыш эмес? Демек, бийликтегилердин түшүнүгү боюнча кылмыш эмес, бул - уурулук, элдин байлыгын сатыш. Бул коррупция, бул зомубулук, бул кылмышкерлик булардын түшүнүгү боюнча мыйзамдуу экен, деген тыянакка келесиң.

Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынан депутат Абдирайим Кулбаев оппозициянын саясий куугунтукка каршы комитетти түзүүгө эч бир негиз жок деген көз карашта.

- Мен ойлойм бул жерде эч кандай саясий өңүт жок. Кетирген кечилиги үчүн ар бир киши жооп бериши керек. Анткени өздөрү кызматта иштеп жүргөндө кетирген кемчиликтерин билбей калабы, же сезбей калабы? Азыр эми ошол кетирген кемчиликтерин көргөзүп айтса, аны куугунтук катары кабыл алып жатышат.

Кулбаев белгилегендей, оппозиция «бөйрөктөн шыйрак чыгарбай» азыркы экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун сунуштаса жөндүү болмок. «Алардын өлкөнү өнүктүрүүгө карата программасы деле жок, эл арасында деле оппозицияны кош колдоп колдоочуларды кезиктире алган жокмун», - дейт депутат.

Ал эми Ысык-Көл облусундагы Каракол шаардык сотунда иши каралып жаткан «Улуу биримдик» партиясынын лидери Эмил Каптагаев ага карата облустук прокуратура негизсиз кылмыш ишин козгоп, өзү жана анын жакындары куугунтукка кириптер болгондугун жашырган жок. Анын айтымында, учурда саясий куугунтукка алынгандар тууралуу так маалыматты жаңы түзүлгөн коомдук бирикме гана коомчулукка толук жеткире алат.

- Бул комитет менин түшүнүгүмдө, азыркы бийлик тарабынан ишке ашырылып, коомдо тенденцияга, эрежеге айланып бараткан эң жаман көрүнүш, ар кандай шылтоо менен саясаттын негизинде жалган күнөө таап, жалган айыпка жыгып, жалган айып менен камоого жасаган аракетин коомчулукка алып чыгуу, эл аралык коомчулукка билдирүү милдетин алат. СаККК куугунтукка алынгандарды жок дегенде моралдык жактан колдоого алышы деле чоң демөөр болот.

Саясий куугунтукка каршы комитеттин башчылыгына Топчубек Тургуналиев, жооптуу катчылыгына журналист Таалай Абдылдаев, юристтер тобуна Мукар Чолпонбаев, укук коргоо секциясына Асия Сасыкбаева, журналисттер тобуна Бабырбек Жээнбеков координатор болуп шайланышты. Анын башкармалыгынын курамы 15 адамдан түзүлө турган болду.

Ошто генерал Исаковду коргоо комитети уюшулду

Ошто генерал Исмаил Исаковду коргоо комитети уюшулду. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысынын тарапкерлери ага карата куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылууда.

Башкы прокуратура кызматынан кыянат пайдаланган деп мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго 12-январда кылмыш ишин козгогондугун кабарлаган элек. Отставкадагы генерал жалган документтерди тууралап, аталган мекемеге таандык үйдү өзүнүн уулуна өткөрүп берген деп айыпталууда.

Мурун Коргоо министрлигин жетектеген генералдын таламын талашууга ириде анын оштук партиялаштары аттанышты. Саясий уюмдун Ош облустук штабынын жетекчиси Манас Эргешов «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковду коргоо боюнча комитет уюшулгандыгын «Азаттыкка» мындайча билдирди:

- Бийлик туура түшүнүш керек, Исмаил Исаков президенттин душманы эмес. Себеби бул адам азыркы өкмөттүн кетирип аткан катачылыктарын ачык бетине айтып атат. Жылмалап, жасакерлик кылып, пайда табайын деп аткан жери жок. Эл кабатыр болуп атат. Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери токтотулсун. Антпесе эл митинге чыгат.

Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Манас Эргешовдун айтымында, уюмга Ош облусунун жана шаарынын туш тарабынан мүчөлөр катталууда. Азырынча генералдын тарапкерлеринин саны 300дөн ашты.

Алыскы Алай районунун тургундары өкүл катары жөнөткөн Мирлан Арпачиев генерал Исаковдун жердештеринин кабатырлануусун төмөнкүчө баян этти:

- Исмаил Исаковго козголгон кылмышты саясий куугунтук деп эсептейбиз. Эмне себептен бул киши министр болуп турганда анын тескери жасаган иштерин көрүшпөйт. Качан гана ал оппозицияга өтүп, же болбосо бийликтин кемчилигин айтканда ушул нерсени жасап атышат. Исаковду эгерде бийлик куугунтуктап, же кандайдыр бир кзүн тазалоо сыяктуу жаман ойлору болсо, Алай эли Исаковду коргоп алууга кудурети жетет. Исаковду коргоо комитетинин атынан атайын Алайдан келип бийликке эскертүү, же мындай сөз айтабыз, баардык нерсе кайталанат дегендей, Бакиев өзүнүн кандай негизде келгенин билет, Алай эли тийишкенин катыгын берет.

Мирлан Арпачиев Бириккен Элдик кыймылга кошулган «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковдун тазалыгын жана реформаторлугун баса белгилеп, алайлыктар жердешин саясий жактан куугунтуктоону токтотууну өтүнүп Президент Бакиевге кат жолдошкондугун, учурда мамлекет башчысынын жообун күтүп жатышкандыгын, мындан оң натыйжа чыкпаса, мөөнөтсүз акцияларды башташарын жарыя кылды.

Оштук серепчи Абай Эшмаматовдун баамында, азыркы кыргыз бийлиги каяша сүйлөп, каш кайрыгандардын көзүн тазалоодон да кайра тарткыдай эмес. Бирок бул - опурталдуу жол:

- Азыркы бийлик эң ыплас технологияга өтүп алды. Исмаил Исаков эл арасында реформатор жетекчи катары кадыр-баркы чоң. Менимче, бийлик ошол кадыр-баркын ушундай ыплас жолдор аркылуу түшүрүүнү көздөп атса керек. Мындай жолду тандап алуу жакшылыкка алып келбейт. Камай берсе, соттой берсе түпкүлүгүндө элдин арасында бөлүнүп-жарылуу, чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн.

Жергиликтүү саясат таануучу Абай Эшмаматов «Кыргызстан демократиялык нуктан тайып, авторитаризм жолоюна түштү. Мындай көрүнүш өлкөнүн дүйнөлүк аброюн ылдыйлатып, адам укуктарынын чектелишине ыңгай жаратат», деп коңгуроо какты.

М.Чолпонбаев: Кыргызстанда авторитаризм толук орноду

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясий куугунтукка каршы күрөшүүчү комитеттин мүчөсү Мукар Чолпонбаев “Азаттыктын” таңкы маегинде Кыргызстандын эл аралык аброю бийликти кызыктырбай, авторитаризмди бекем орнотту деп билдирди.

- Мукар мырза, Кыргызстанда саясий куугунтук күч алды деп ага каршы күрөшүүчу атайын комитет түзүлдү. Ал азыр оппозиция өкүлдөрүнө, алардын балдарына карата ачылып жаткан кылмыш иштеринин акыйкат тергелишине таасир көрсөтө алабы жана бийликтин мындай басымына бөгөт боло алабы?

- Саясий куугунтуктар акыркы жылдары, айрыкча акыркы жарым жыл ичинде абдан күчөп кетти. Ошондуктан саясий куугунтуктардан жапа чегип жаткан саясатчы адамдарга жардам көрсөтүп, аларга колдоо көрсөтүүнү бир колго бириктирүү маселеси колго алынбаса бийлик аларды бир-бирден жекелеп, шыпыргынын талын бирден жулгандай кылып жок кылышы айкын болуп калды. Ошон үчүн комитетке ар кандай күчтөрдү бириктирүү аракети өз жемишин берет деген ишенм бар.

- Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюму өткөн жыл боюнча иликтөөсүндө Кыргызстанда сөз жана басма сөз эркиндиги, атуулдардын саясий эркиндиктери кысмакка алынды деген жыйынтыкка келди. Мындай эл аралык уюмдардын билдирүүсү менен кыргыз бийлиги эсептешет деген үмүт барбы?

- Бүгүнкү бийлик андай эл аралык уюмдар менен эсептешпейт деген ойдомун. Анткени азыркы бийликти Кыргызстандын бүт дүйнөгө тарай турган аброю, бедели кызыктырбайт.

- Демек куугунтукка каршы күрөшүүнүн кандай жолун тандап жатасыздар?

- Кандай болгон күндө биринчиден жалпы элдин каршылыгы бийликке таасир бериши керек. Андан кийин комитет өзүнүн мүчөлөрүнүн аракети аркылуу бийликке, прокуратура жана сот органдарына басым көрсөтүп, аларга түшүндүрүп, сот жана тартип коргоо органдарын үй-бүлөлүк кландын кызматын аткарбай, эл үчүн, мамлекет үчүн, элдин биримдиги үчүн кызмат кылууга чакыруу жолу менен аракет кылабыз деген ойдо турабыз.

- Кыргыз бийлиги авторитаризмге багыт алып, азыр чыныгы жабык мамлекетке айланып барат деген кооптонууларын укук коргоочулар байма-бай айтып жатышат. Бийлик аларды эске алып, демократиялык принциптерди сакташы үчүн кимдер кандай аракет кылышы керек деген ойдосуз?

- Эл арасында бийликке каршы ар кандай уюмдар, кыймылдар өтө көбөйүп кетти деп көп айтып жатышат. Мунун бардыгы бул бийликтин туура эмес саясат жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасы. Бийликке эл арасында нааразылык абдан көбөйүп кеткендигинен улам ага каршы ушундай кыймылдар түзүлүп жатат. Анын эң ириси Бириккен элдик кыймыл болду. Ал түздөн-түз саясий кыймыл болуп эсептелет. Андан кийин саясий куугунтукка кабылып жаткан адамдарды коргоо жана куугунтукка каршы күрөшүү комитетинин түзүлүшү да өз-өзүнчө аракет кылып жаткан уюмдарды бириктирүү, укук коргоочуларды бирдиктүү күчкө айландырууга багытталгандыгы көрүнүп турат. Эми ушунун баарына бийликтин адистери көңүл буруп, ушундай кырдаал түзүлүп жаткандыгын түшүндүрүп, кысымга алууга катуу кетпеш керектигин эскертет деген көз караштамын.

Ал эми Кыргызстанда авторитардык бийлик орногондугу баарыбызга белгилүү болуп калды. Багыт алды деп айтуу азыр кеч, багыт алган жок, тескерисинче орноп калды. Мына ошонун кесепетинен Бириккен элдик кыймылга кирген 6 саясатчыга каршы кылмыш иши козголуп, бир канчасынын иши сотто каралып жатат. Ошондуктан куугунтук толук башталды деп ачык айтууга мезгил жетти.

- Саясий куугунтукка каршы күрөшүүчү сиздер түзгөн комитет юридикалык жактан алганда кандай күчкө ээ болот?

- Биринчиден, бул күчтөрдү бириктирип туруп, бийликке басым жасоодон башка айла жоктон түзүлдү. Экинчиден, комитет болуп түзүлгөндөн кийин жеке адам эмес коомдук уюм катары чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташат. Андан тышкары чет өлкөдөгү мамлекет жетекчилерине кайрылууларды жасап, кыргыз бийлиги менен алакасын азайтуу, же көбөйтүү маселелери боюнча чет өлкөлөр аркылуу басым жасоого аракет кылат.



Бийликке сын айткандарга куугунтук күчөдү

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Ысык-Көлдөгү туугандары ар кандай кысымга тушугуп жатканын айтууда

Соңку кезде бийликтин саясатына сын пикирин ачык айткандардын артынан куугунтук күчөдү. Жергиликтүү талдоочулар муну бийликтин айла кеткенден жасап жаткан аракети катары баалашууда.

Президент Курманбек Бакиевдин башкаруу саясатына таптакыр каршы болуп, мамлекетти үй-бүлөлүк клан башкарып калды, деп эсептеген Бириккен элдик кыймылынын бир катар мүчөлөрүнө карата түрдүү кылмыш иштери козголгондугу маалым. Алардын катарында “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, учурда АКШда жүргөн Равшан Жээнбеков, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаков жана башкалар бар.

Ошондой эле оппозицияда жүргөн саясатчылардын мамлекеттик кызматта иштеген жакындарын иштен бошотуу, же алар аркылуу оппозиционерлердин өздөрүнө саясий кысым көрсөтүү мурдагы бийлик, же Аскар Акаевдин тушунан бери колдонулуп келе жаткан ыкма.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Иса Өмүркулов жакында эле “Азаттыкка” айткан сөзүндө өзүнүн саясий ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттик кызматта иштеп келе жаткан уулу жабыркап жаткандыгын билдирген эле. Жарандык коом менен иш алып барып, акты ак, караны кара деп белгилеген пикири үчүн Ысык-Көлдөгү төркүндөрүнө кысым көрсөтүлүп жаткандыгын айтып, “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова добулбас кагып чыкты.

Төлөйкан айым мындай аракеттери менен бийлик кыргызстандык жарандардын Башмыйзамда кепилдик берилген укуктарын көз-көрүнөө тебелеп жатат, деп эсептейт:

-Бүгүнкү бийлик жарандардын конституциялык ыйык укуктарына жана жеке адамдык касиетке кол салбашы керек. Анткени алар биз төлөгөн салыктарга иштеп жатышат.

“Учур” басылмасынын кабарчысы менен болгон маектешүүсү үчүн “Акыйкат үчүн” коомдук-саясий кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов 14-январда Бишкек шаардык прокуратурасынан эскертүү алып отурат. Мыйзам коргоо кызматкерлери Жекшенкуловдун гезитке берген маегинде бийликке баш ийбестикке жана аны күчкө салып алмаштырууга чакырык бар, деп эсептешет.

Шаар прокурору Айбек Турганбаев Башмыйзамдын 10-беренесин дагы буза турган болсо, Жекшенкуловду тийиштүү жоопкерчиликке тартмакчы:

- Бирок ал жерде эч кандай бийликти алмаштырууга же төңкөрүүгө чакырган үгүттөөлөр жок болчу. Бул маек эки ай мурун басылган. Эми эле аны көтөрүп чыга калышты. Бул –саясий куугунтук,- дейт Аликбек Жекшенкулов.

Аликбек Жекшенкуловдун уулу журналист Алишер Саиповду өлтүрүүдө колдонулган курал катышкан чатакта болгон деген шек менен күнөөлүү катары күч органдары тарабынан издөөгө алынган.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Үсөн Маматов Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий куугунтук жок, деп белгилейт.

Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Аликбек Жекшенкулов Башмыйзамга каршы үгүт-чакырыктарын маалымат каражаттары аркылуу жайылтууга акысы жок:

-“Биз бул бийликти алмаштырабыз” деген маегин 26-ноябрда “Учур” гезитине берген экен. Бул деген Конституциялык түзүлүштү жок кылууга аракеттенүү болуп эсептелет.

Президенттин жүргүзгөн саясатына каршы пикирин билдирип, эки-үч ай мурун мамлекеттик жогорку кызматын таштап кеткен Исмаил Исаковдун артынан да бир катар куугунтук иштери жүргүзүлүүдө. Исаков коргоо министри болуп турган учурдагы бир катар иштерди козгоо менен Башкы прокуратура коргоо министрлигинин мурдагы жетекчилигине карата кылмыш иштерин козгоду. Мына ушундай саясий куугунтуктардан оппозиционерлерди жана өз оюн тайманбай айткан жарандарды коргоо үчүн атайын комитет түзүлгөн.

Комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев аны түзүүнүн зарылчылыгы тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Биз билген, билбеген куугунтуктар жер-жерлерде толтура болуп жатат. Ошондуктан, комитеттин максаты –саясий куугунтукка каршы күрөшүү. Биз саясий партиялар, укук коргоочулар, юристтер жана маалымат каражаттары менен чогуу иш алып барабыз.

Мусулмандар Биримдиги Палестинага тилектештик акция өткөрдү

Мусулмандар биримдиги бүгүн Бишкекте Газа тилкесиндеги согушту айыптаган акция уюштурду. Анын соңунда Израилдин желегин өрттөөгө камынып жаткан жеринен аталган уюмдун жетекчилери Турсунбай Бакир уулун жана Н.Мотуевди милиция кармап кетти.

Кыргызстан Мусулмандар биримдигинин демилгеси менен Тарых музейинде өткөн бул иш-чарада Палестина согушу боюнча көргөзмө уюштурулуп, анда Израил аскерлери тарабынан “Хамаска” жасалган чабуулдан жарандардын набыт болушу, инфраструктуранын кыйрашын көрсөткөн 100гө жакын сүрөт көргөзүлдү.

Андан соң жаңжалда мерт болгон палестиндерге куран окулду. Иш-чарага келгендер аза күтүү китепчесине кол коюшуп, палеситин элине көңүл айтышты.

“Дил мүрөгү” коомунун жетекчиси Өзүбек ажы Чотонов Израил бийлигинин палестиндиктерге каршы чабуулу- кыянатчылык деп, кыргыз мусулмандарын Палестинада болуп жаткан согушка кайдыгер карабоого чакырды:

- Палестинада болуп жаткан согуштан “мен инсан” дегендердин жүрөгү титиреп турушу керек. Биз мусулман болгондон кийин ар бирибиз жөн эле отура бербестен өзүбүздүн сөзүбүздү айтышыбыз керек. Эмнеден коркосуңар!

Газада жаңжал декабрдын соңунан бери уланууда. Коомчулукта бул убакыт аралыгында мусулмандарга тилектеш катары Кыргызстан өзүнүн расмий позициясын билдириши керек эле деген пикирлер айтылууда.

“ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу президентке Палестинада болуп жаткан согуш боюнча расмий пикирин билдирүүгө чакырган кайрылуу жолдошорун айтты. Т.Бакир уулу Кыргызстандын бул боюнча пикирин билдире электигин президент К.Бакиев ички саясат менен алек болуп жатканы менен байланыштырды:

-Биз өзүбүздү мусулман десек, анда биз өзүбүздүн Палестина боюнча позициябызды мурдатан, согуштун биринчи күнүндө билдиришибиз керек эле. Азыр да кеч эмес, ошондуктан биз президентти бул маселе боюнча расмий билдирүү менен чыгууга чакырабыз.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Шайлообек Үркүнбаев да Газа тилкесинде болуп жаткан жаңжалга байланыштуу кыргыз бийлиги расмий билдирүү менен чыгыш керек деп эсептейт:

- Палестина боюнча мусулман эмес өлкөлөр да Израилди айыптап чыгып жатышат. Менимче, Кыргызстан да расмий турдө пикирин билдиргени туура болот.

Ал эми Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, Кыргызстан Палестина боюнча пикирин кийинчирээк билдирет деп маалымдашты.

Жыйында Израилдин аракеттерин сынга алган бир топ пикирлер айтылып, Израил Газа тилкесинде согушту токтотпосо нааразылык акцияларын уланта берүү чечими кабыл алынды.

Жыйындын соңунда иш чаранын катышуучулары Израилдин желегин өрттөөгө аракеттенип жатканда милиция кызматкерлери менен кармашуу болуп, тартип сакчылары Т.Бакир уулун жана Н.Мотуевди кармап кетишти.

Милиция кызматкерлери Т.Бакир уулу менен Н.Мотуев мыйзамсыз митинг өткөргөндүгү үчүн кармалганын айтышты.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалып кеткенден кийин Т.Бакир уулу Н.Мотуев менен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып жатканын, бир аздан соң сот отуруму болоорун билдирди. Кийинчирээк Н.Мотуев сот аны 500 сом айыпка жыкканын, ал эми Т.Бакир уулуна байланыштуу ишти сот учурда карап жатканын “Азаттыкка” маалымдады.

Анткен менен Кыргызстандагы жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхмандын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Израил палестиналык карапайым калкка каршы эмес, мусулман террорчулугуна каршы күрөш:

-Белгилүү болгондой бир нече жыл катары менен Израилдин аймагы бомбаланып келди. Жыйынтыгында Израил мамлекети өзүн коргош үчүн “Хамастын” террорчуларына каршы күрөшкө чыкканга аргасыз болду. “Хамас” Изарилдин чабуулунан коргонуп, палестиналык жайкын тургундар жашаган жерлерде жашынып , тилекке каршы бейкүнөө адамдар набыт кетип жатат. “Хамас” – бул “Аль-Каида” сыяктуу эле террордук уюм.








Баш катчы Пан Ги Мун Египетке келди

Баш катчы Пан Ги Мун Каирдеги маалымат жыйынында.

Египетке бүгүн Улуттар Уюмунун баш катчысы келди. Пан Ги Мун Газадагы уруштарды токтотуу жолдорун талкуулайт,андан тышкары Израилде жана Палестинада, региондогу бир катар өлкөлөрдө болот.

Каирдеги маалымат жыйынында Пан Ги Мун Улуттар Уюмунун баш катчысы катары биринчи кезекте урушту токтотуу жана гуманитардык жардамдарды жеткирүү ишин жолго койгону колунан келгендин баарын жасарына ишендирди.

“Карапайым калк арасынан канча адам опот кетип,миңдегени жарадар болгонун ойлогондо өтө жаман абалда калам. Газага сөзсүз барышым керек деп айтканым ошондон улам”,- деп айтты баш катчы.

Пан Ги Мун президент Хосни Мубарак менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.Андан соң Палестин автономиясында, Израилде, Иорданияда, Сирияда,Түркияда,Ливанда жана Кувейтте болот. Бардык жерде ал Газадагы абалды жөнгө салуу жолдорун талкуулайт.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши өткөн жумада тараптарды уруштарды токтотууга чакырып, атайын резолюция кабыл алган эле. Бирок аны Израил да, “Хамас” да четке кагышкан.

Мындан бир күн мурда Газада эл аралык Кызыл Чырым комитетинин президенти Якоб Келленбергер болуп кетти. Көзү менен көргөндөрүн ал өтө жаман деп баалады. Улуттар Уюмунун балдар укуктары боюнча комитети операциядан набыт болгондордун 40 проценттен ашыгы жалаң аялдар менен жаш балдар экенин такташты. Эл аралык эксперттер Израилдин аракеттери палестиналык жаш муундарга өтө оор салакасын тийгизерин эскертишүүдө.

Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамдар боюнча региондогу өкүлү Жон Гин Газада коопсуз жай калбаганын, кырдаал улам начарлап баратканын белгилеп, уруштарды токтотууга чакырды. “Келишимге келүү үчүн адегенде ок атылбаш керек, ошондон соң гана аракеттенип, алга жыла алабыз. Болбосо өлүм да,жапа тарткандар да, бүлгүн да улана берет”,- деп айтты Гин.

Газадагы медиктердин эсебинде уруштар башталгандан бери палестиналыктардан 975 адам өлдү,жарадар болгондор төрт жарым миңден ашты.

Уруштар ушу тапта Газа шаарынын чеке-бакасында жүрүп жатат.Израил армиясынын айрым бөлүктөрү шаарга киргенге умтулууда.

Шаршембинин таңында Израилдин түндүгү Ливан тараптан үч ирет ракетадан аткыланды. Полициянын өкүлү жарадар же набыт болгондор жок экенин,адистер ракеталар жарылган жерлерди текшерип жатышканын кабарлады.

Соңку маалыматтарда Египет “хамасчылар” менен сүйлөшүүлөрдө айрым бир натыйжаларга жетишкени, аларга ок атышуунун шарттарын койгону Израилдин коргоо министринин жардамчысы эртең Каирге келгени жатканы айтылат.

Кыш чилдеде Европанын газсыз калганына экинчи аптага аяк басты

Европа өлкөлөрүнө Орусиядан газ келбей калганына экинчи жумага аяк басты. Анын аралыгында Орусия менен Украинанын ортосундагы газ талашы дале уланууда.

14-январь, шаршембиде Европанын басымдуу бөлүгүндө суук катуу бойдон калды. Бул күнү да тоңгон континентке Орусиядан күтүлгөн газ келген жок. Орусиянын "Газпрому" Украинанын куурлары аркылуу Европага экинчи газ жиберүү аракетинен майнап чыкпагандыгын айтып, алаканын жайды. Алдыңкы күнү Балканга жана Түркяига Украина аркылуу газ жиберүүнүн дароо эле кайра токтотулушу европалыктардын тынчсыздануусун ого бетер күчөттү.

Шейшембидеги окуялар соода акыйнегинин жаңы айлампасына түрткү болду. Украина Орусияны тескери түтүктөр менен газ жиберди деп ырастады. Өлкөнүн мамлекеттик "НАФТАГАЗ" ишканасынын жетекчиси Олег Дубина бул катачылыкка мындай түшүндүрмө берди:

- Тилекке каршы, Газпромдун Орловка тарапка жана Молдовага Суджа аркылуу 76 миллион куб метр газ жиберүү сунушун ишке ашыруу мүмкүн эмес. Орусиядан Европага газ келбей калгандан бери, Украинанын газ ташуу системасы бир бүтүн тармак болуп иштеп калган. Азыр эми газды Гаспром каалаган багытта жөнөтө баштасак, Одесса, Донецк дубаны, Луганск, жана кайсы бир деңгээлде Днепропетровск дубаны газсыз калат.

"Газпромдун" маалымат катчысы Сергей Купрянов Украинанын "Европага жана Украина делген газды аралаштырбаш үчүн, газ түтүктөрүн жабууга туура келип жатат" деген ырастоосун четке какты:

- Украинанын газ ташуу системасынын босогосунда абал ушундай, украин тарабынын жол тосууга технологиялык мүмкүнчүлүгүбүз жетишпейт деп айтканы чындыкка дал келбейт. Биз өз тарабыбыздан бардык крандарды ачтык, Украин тарабы мындай кылган жок.

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин өз кезегинде учурдагы абалга болуп көрбөгөндөй сыпайылык менен мындайча баа берди:

- Балким Украинанын газ ташуу системасы аркылуу газ жиберүүгө техникалык шарт начардыр. Мындай болушу мүмкүн. Бирок анда бул тууралуу ачык айтыш керек да. Биз бүгүн кандай ташуу системасы менен иштеп жатканыбызды жана Украинанын ташуу системасы деги газ ташууга жараар-жарабасын түшүнүшүбүз зарыл.

Украинанын президенти да бул күнү жергиликтүү сыналгыдан чыгып сүйлөп, бирок Путинден алда-канча оройлук менен, Москвага Украинада будуң-чаң салгысы келип жатат деген кине такты:

- Украинага каршы бул чабуулдун бир нече максаты бар. Алар Украинада ички саясий кырдаалды былгытып, орус-украин алакаларына айрыкча көз каранды болгон аймактарда саясий активизмди козутуп жатышат.

Анын аралыгында, Европа комиссиясынын президенти Хозе Бароссо европалык компанияларга Европага газ тез арада жибериле баштамайынча, орус жана украин энергетика компаниялары менен соттошууга кеңеш берди.

Өкмөттө орун алмаш

14-январда президент жарлыгы менен Социалдык фонд, Каржы министрлик жетекчилери орун алмашты. Марат Султанов экинчи ирет каржы министри болуп дайындалса, Тажикан Калимбетова көнгөн ордуна кайра барды.

Жаңы жылдык каникулдан кийинки кадрдык өзгөрүүлөрдү баштаган президенттик акимчилик жетекчиси Медет Садыркуловго Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматы сунуш кылынганы кабарланууда. 15 күндүк эс алууга чыккан экс-чиновниктин жаңы орунду ээлөөгө макул болгон-болбогону азырынча белгисиз.

Ал арада Социалдык фонд төрагасы Марат Султанов Каржы министри болуп дайындалды. Ушуну менен М.Султанов каржы министрлик кызматка экинчи ирет келүүдө. Ал 1998-жылдын башынан кийинки жылдын ортосуна чейин Каржы министрлигин жетектеп келген, кызматынан өз каалоосу менен баш тарткан. Тажикан Калимбетова деле Каржы министрлигин башкарганга чейин Социалдык фондду жетектеп келген.

Буга чейин болуп келген, мындан ары да улантылып калышы ыктымал жосун “Атамекен” социалисттик партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Ташболот Балтабаевдин пикиринде үй-бүлөлүк башкарууга мүнөздүү көрүнүш.

- Муну А.Акаев абдан жакшы жолун чаап, технологиясын иштеп кеткен. Менимче, ошол эле жол.

Т.Балтабаевдин ырасташынча, президенттин Марат Султановду Каржы министрине дайындоосу кийинки кездери иши кыйла начарлап кеткен тармактагы абалды оңдоо аракетинен чыккан. Орун алмаштыруу болсо эл көзүнө көрүнүп коюштун, жакын адамдарды жанынан алыстатпаштын гана амалы.

- Колунан эчтеке келбей, тармакты начарлатып кадырын кетирген кишилерди жылдырымыш болуп, башкасын алып келимиш болуп, ошол эле учурда эч бир кишиси айланасынан баары бир кетпейт. Данияр Үсөновду алып келгени оппозицияга байланыштуу. Ал киши кылычын көтөрүп алып оңго-солго чаап, шарактап, жоопкерчиликти өзүнө алат. Садагага чабылып кетчү мүнөзү бар. Аны ошол үчүн алып келди го, деп ойлойм.- дейт Т.Балтабаев.

Президенттин кадрларды алмаштыруу саясаты иштин кызыкчылыгынан, өлкө турмушун оңдоо аракетинен чыгууда. Мындай пикирин парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Ажибай Калмаматов “Азаттыкка” берген маегинде ырастады.

- Азыркы мезгилде эми ар бир кадрга жумуш берип сынап көрүшүбүз керек. Ошол негизде мен кадр саясаты туура деп эле ойлойм. Алды 2 – 3 жылдан иштеп калган кадрлар алмашылып жатат. Бул маселени мен туура эле башталды деп ойлойм.

Айрым байкоочулардын пикиринде, өкмөттөгү кадр алмашуулар ички жана тышкы себептерге байланыштуу. Күчөп бараткан дүйнөлүк каржы кризистен кантип чыгуу суроосу өкмөттүн алдында турат. Ошол эле учурда ири энергетикалык объекттерди жеке колго өткөрүү милдетин мына ушул жооптуу орунга дайындалгандар ишке ашыруусу керек.

- Марат Султанов Каржы министрлигине келди. Ал Тажикан Калимбетовага караганда билимдүү, тажрыйбалуу адис. Ишти жакшы билет. Учурунда Каржы министри болгон. Ал ушул бюджеттин так аткарылышына жетишет деген максатта аны ушул кызматка дайындашты. Мен аны ушундай деп түшүнөм,- дейт парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов.

Өкмөттөгү айрым кадрдык алмашуулар болору жаңы жылга чейин эле болжолдонуп келген. Кезекте кайсы тармак жетекчиси орун алмашары жакынкы убакытта жарыя болуп калышы ыктымал. Мындай аракеттин артында, айрым байкоочулар белгилегендей, эмдиги жылы өтчү президенттик шайлоо камылгасы жатат.

Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуевди милиция кармап кетти

14-январда Кыргызстан Мусулмандар Биримдиги Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Израилдин Палестинада жүргүзүп жаткан согушуна каршы акция өткөрүп, Израилдин туусун өрттөөгө камынып жатканда милиция кызматкерлери менен кагылышуу болуп, тартип сакчылары Мусулмандар Биримдигинин жетекчилери Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуевди кармап кетишти.

Сууга Сулайман болгусу келгендер ким?

“МК Кыргызстан” гезити көгүлтүр от маселеси Кыргызстан менен Тажикстан үчүн жыл сайын баш ооруга айланганын, ошентип өзбек газы барып-барып эле суу маселесине такаларын баяндаган макала басты. “Данияр Үсөновду президенттик админстрациянын жетекчиси болот деп эч ким күткөн эмес. Бакиевдин буйругу бомба жарылгандай эле болду” деп жазды “Дело №...” гезити.

Жаңы жылдык майрам алдында Иран гезити Борбор Азиядагы суу-энергетика жагдайындагы абалды жөнгө салууда Ташкендин көз карашын жактаган макала жарыялады. Буга дейре ырасмий Тегеран Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштерине дегеле кийлигишпегенин эске алганда буга таң калбай коюуга болбойт. Аталган макалада аймактагы калкы эң көп эсептелген Өзбекстан дарыядагы суунун 50 пайыздан ашуунун гана керектесе, калган 85 пайызын республиканын сыртындагы Кыргызстан менен Тажикстан энчисине “басып” алгандыгы тууралуу сөз болот.

Ошондуктан бул эки өлкөнүн суу сактагычтарында сакталган суулар эле эмес Арал деңизине куйган суу бассейндери аймактын бардык өлкөлөрүно бирдей таандык болууга тийиш. Иран басылмасы андан ары 2007-жылдын 16-августандагы өзбек президенти Ислам Каримовдун ШКУга кирген өлкөлөрдүн Бишкек саммитинде маймактык суу маселелерин кантип чечүүнү уйрөткөн сөздөрүн шилтеме кылган.

Андан ары “МК Кыргызстан” гезити ташкендик көз карандысыз эксперт Владимир Паромоновдун пикирин сунуштаган. Эксперттин ою боюнча Иран тараптын бул макаласы Өзбекстандын туу туткан багытына куп келет. Тилекке каршы, Кыргызстан менен Тажикстан бул жагынан күнүмдүк гана кызыкчылыктарын ойлоо менен алысты көрө албаган саясат жүргүзүп жатат.

Мунун аягы акыры барып Борбор Азия аймагынын өнүгүшүнө кедергисин тийгизип эле тим болбостон ар кандай башаламандыктарга да алып келиши мүмкүн. Борбор Азия эртең эмне болот, бүрсүгүнү эмне болот, чындап келгенде Иранга бир тыйынга арзыбас нерсе. Кокус Иран ШКУга мүчө болуп калса ал дал ушул аймактын суу-энергетика жаатындагы маселелерге түздөн-түз аралашышы да ыктьымал.

Кыскасы, бул макала Ирандын алыска укурук таштаган, узак убакытка эсептелген кызыкчылыгынын тамырын кармап жазылганы көрүнуп турат. Ал эми Борбор Азия аймагынын коопсуздугу боюнча эксперт Леонид Бондарецтин пикиринде күтпөгөн жерден эле Борбор Азиядагы суу бөлүштүрчү маселеге Ирандын үн ката баштаганы кызык болууда. Муну менен Иран аймактагы айрым мамлкеттер менен мамилесин бузуп алышы мүмкүн.

Ташкен болсо кайрадан Советтер Союзундагы практикага кайтып барууну көксөйт. Жазгы сугат үчун суу топтойм жеп жатып электр энергиясын өндүрүүнү айласыздан кыскартып келаткан Кыргызстан менен Тажикстандын жоготкон чыгымдарынын эсебин толтурууга келгенде эмнегедир баш тартып келет. Эгер Арал деңизин толтурган суу бассейндери аймактагы өлкөлөрдүн баарына тишелүү деп санала турган болсо, анда ар бир өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынышы керек.

Жакын кошуналарынын кызыкчылыгын көз жаздамда калтырган ырасмий Ташкен бардык учурда өз талаптарын гана көтөрүп чыкканды жакшы көрөт. Иран гезитиндеги макаланын автору Тажикстан менен Кыргызстанды Өзбекстандын душманы кылып көрсткүсү келген түрү бардай. Ушунус менен ал биздин коңшу өлкөлөрдүн өз ара мамилелерине жик салып жатат. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзүлөрү гана чеч турган маселени чагыллдырууга келгенде кайсыл бир үчүнчү өлкөнүн массалык маалымат каражаттары бузукучулук мүнөздөгү макала ларды жарыялоодон этият болушу керек дейт эксперт.

“Оппозициядагылар “дүжүр клоун” Мотуев өңдөнүп, Медет Садыркуловдун иштен кетишин өздөрүнун “кичинекей жеңиши” катары сыпаттап мулуңдай башташты эле, көп узабай анын ордуна кыргыздын Остап Бендери – Данияр Үсөновду алышты. Ошентип Үсөнов - Мадумаров түймөгү жашап жана жеңип чыкты” деп белгилеген гезит, аренага отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, уят-сыйыты, бети жок кадрлар ушундай учурларда калкып чыга калмайы бар деп жазды.

"Эми кимдир бирөөлөрдүн үрөйлөрү учуп, ичиркенип үшүп атса, бирөөлөр Үсөновду асамн-айга теңеп, “универсал”, “эки жээкти туташтыра турган “алтын көпүрө”, “Кыргызстан дал ушундай уулу менен сыймыктанышы керек” деп жабырап жатып калышты. Кагылайындар, сыймыктана турган жан таппай жатасаңар сыймыктана бергиле, деги жалпы Кыргызстандын атынан сүйлөгөнүңөрдү токтоткулачы! Анын үстүнө биздин мамлекеттик системанын эң эле коркунучтуу айбаны-бардык тарабынан бийлиги менен курчалган адам, демек төлгө салунун да, көз ачыктарга баруунун да кажети жок",- деп баяндады.

“Данияр Үсөновду президенттик админстрациянын жетекчиси болот деп эч ким күткөн эмес. Бакиевдин буйругу бомба жарылгандай эле болду” деп жазган “Дело №...” гезити жаңы санынын 1-бетин “Оппозицияга ыктасаң эле түрмөгө жакындайсың”, “Депутаттын балдарына кылмыш иштери”, “Президентке жаңы имидж керек” деген аталыштагы макалалар менен ачты.

Гезит кабарчысы Вадим Ночевкин кызматынан өз ыктыяры менен кеткен М. Садыркулов менен чакан маек курган.

Кабарчы: - Сиз эмне себептен дал ушул учурда кеттиңиз?

М. Садыркулов: - Мен президентке тарыхт жаңы фазасына келди. Ошондуктан менин ордума башка кишилер келиши керек. Алар башкача ыкмада иш жүргүзүшү керек деп айттым.

Кабарчы: - Мындан ары эмне кылайын деген оюңуз бар? Мүмкүн өзүңүздөн мурдагы аткаминерлерге окшоп оппозицияга өтө качарсыз?

М. Садыркулов: - Жок, (күлүп) оппозицияга өтпөйм. Президент мага 20 күн эс алуу берди. Калганын эс алып келгенден кийин көрөбүз.

Кабарчы: - Сизди Акүйдө жүрүп бүтүндөй “Садыркуловго” таандык кадрдык система түзүп кеткен болучу, эми анын кетери менен тигилер да кызматтарынан кете баштайт деп жатышат. Буга эмне дээр элеңиз?

М. Садыркулов: - Мен антип ойлобос элем. Бул адамдардын иштен кетүүсүнө эч кандай негиз жок. Алардын баары бүгүнкүдөй даражаларга чынында эле МЧСтин жардамы менен жеткендер.

Интервьюга түшүндүрмө берген гезит редакциясы, өзүнүн иштен кеткенин М. Садыркулов канчалык жаап-жашыргысы келбесин, аны президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев сыртка “сүрүп” чыгарганын, көшөгө артындагы оюндар дале уланып жатканын эл эң сонун билерин кошумчалаган.

Ушул эле санда М. Садыркуловдун иштен кетишине байланыштуу айрым саясатчылардын ойлоруна орун берилди.

Роза Отунбаева:
“Садыркулов эки жарым айдын ичинде “Ак жол “ партиясын таап чыкты. Ал көрсөтмө бербесе деле аябай ийкемдүү президентти каалаган жагына “жетелеп” жүрдү. Акыры кетти. Мен өзү кетти деп ойлойм. Анткени тапшырма толугу менен аткарылды. Мындан ары оппозиция менен иштөөгө саясый мотивдердин шаасы жетпей турган болуп калды, эми ал карандай күч менен “башкарыла” турган мезгилине келди. Садыркулов ал ыкманы өзүнөн кийин келе турган адамга калтырды. Демек, президенттик админстрация башчылыгына оппозицияны күч менен баса турган киши келет.”

Топчубек Тургуналиев:
“Дени-карды соо мамлекеттин башкаруу ишинде Садыркуловго окшогондордун деги эле кереги жок болучу. Ал президенттин саясатын биротоло банкрот кылды. Эми өкмөттө кадрдык өзгөрүүлөр болот, мамлекет башчысы балким парламентти таратып, мөөнөтсүз президенттик шайлоого барышы мүмкүн. Бакиевдин алдында эки жол турат. Садыркуловдун ордуна же булганбаган таза киши же тигинден да өткөн шумпайды алып келет. Кандай айтканда дагы Бакиев мурдагылар түзүп кеткен коррупциялык авторитардык системанын барымтасында калган адам, ал өз кызыкчылыктары үчүн көрүнгөнү көрүнгөн жакты көздөй бөлүп-бөлүп кеткен президенттик бийликти өзгөрткөнгө кудурети жетпейт.. Бийлигинин бир канаты уулу Максимде, бир канаты - бир туугандарында, бири - Садыркуловдо.”

Өмүрбек Текебаев:
“Биз Садыркуловдун отставкасы январда болорун билгенбиз. Муну менен Ак үйдө кландык кармаштын 1-этабы бүттү. Бирок күрөш токтобойт.”

Темир Сариев:
“Бакиевдин жеке бийлигин чыңдоодо Садыркуловдун эмгеги өтө чоң. Парламентти таратууда, 2007-жылдагы референдум менен шайлоону өткөрүүдө алмаштыргыс адамга айланган. Ал өз милдетин өтөп бүттү. Эгер калгысы келсе ага деле жол тапмак. Кетүүгө арызын жазып, президентке курсөөлөт кылып көрдү эле, ал дароо жакын туугандарын көздөй ыктап баса берди. Ошентип туугандык мамиле жеңип чыкты.”

Токтогул Какчекеев:
“Садыркулов кыргыз чиновниктигинин көрүнөө үлгүсү. Саясый шахмат талаасынын чоң оюнчусу. Збигнев Бжезинскийдин кыргызча кебетеси. Мамлекеттин революциядан кийинки механизмин дал ушул адам реанимациялаган. Садыркулов жапондор айткандай өз жүзүн сактаган бойдон кетти. Анын бизнес жасаганга шаасы жете турган деле кудурети бар. Бирок Садыркулов мамлекеттик кызмтта кала берет деп ойлойм. Анткени мамлекеттик кызмат деген азыр өзүнчө эле ок өткөрбөй турган бронжелетке айланды. Анын үстүнө Садыркуловдун куйругунда Акаевдан калган 500 миң доллардын учу чыгып турат.”

Кыргызстан Өзбекстандын жолоюна түштүбү?

Кыргызстан Өзбекстандын башкаруу жолоюн көздөй ыктап баратат. Мындай көрүнүш жакынкы жылдары дагы күч ала бермекчи. Мындай пикирин саясат таануучу Александр Князев кечээ өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

КМШ инстититунунун аймактык филиалынын жетекчиси Александр Князевдин айтымында, Кыргызстанда өкүмзор бийликтин өктөм аракети күч ала баштады:

- Кыргызстанда 2005-жылга чейин калыптанып калган демократиялык эркиндиктин либералдуугу чектелип баратат. Менин оюмча мындай көрүнүш кийин да улана берет. Бул ушундай либералдуу демократия модели жараксыз экенинин дагы бир жолу айгинелеп турат.

Саясат талдоочу Аскар Мамбеталиев да учурда өлкөдө болуп жаткан саяий процесстер Кыргызстан башкаруунун өзбек моделин, башкача айтканда, авторитардык жол менен баратат деген көз карашын “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Өзбекстанда да так ушундай болгон. Анжиянда көтөрүлүш чыгып, диний фактор аркылуу президент өзүнүн бийлигин чыңап, жарандык коомду динге шылтап, басып салган. Азыр биз да ошого баратабыз.

Анткен менен мындай көз караштарды колдобогондор да жок эмес.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстандын башкаруу системасын Өзбекстандыкы менен салыштырып да болбостугун белгиледи:

- Өзбекстандагы бийлик сыяктуу бийликке бизде эч кимиси бара албайт. Барам деген адамдар болгон, ал кишилер азыр кайда жүргөнүн билебиз. Ошону үчүн Өзбекстан менен салыштыруу болбойт. Башкаруу системасына баа берүү үчүн биздин мыйзамыбызды терең карап чыгыш керек. Сырткы көрүнүш менен эле Кыргызстан мындай болду, тигиндей болду деген үстүртөн берилген баа.

Учурда дүйнөлүк кризис өнүккөн өлкөлөргө гана эмес, экономикасы жаңыдан калыптанып келаткан мамлекеттерге аз да болсо кедергесин тийгизип жатканы айтылууда. А.Князевдин белгилешинче, мына ушундай кризистен улам, жыл өткөн сайын дүйнө мамлекеттери жалпы эле жаратылыш ресурстарынын жетишсиздигин башынан өткөрүп, ошол ресурстарды пайдалануу жана аларга ээлик кылуу үчүн ири мамлекеттердин ортосунда атаандаштык күч алат. "Андыктан, - дейт Князев, - мына ушундай шартта башкаруунун авторитардык жолун тандагандардын гана туруктуу жашап кетүүгө кудурети жетет."

Князевдин мындай көз карашына А.Мамбеталиев төмөндөгүчө пикирин айтты:

- Дүйнөдө авторитардык гана мамлекеттер кризистин шартында жашап кете алат дегенге кошула албайм. Анткени өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы тең демократиялык мамлекеттер.

Дүйнөлүк кризис демекчи, жалпы эле дүйнөдө каражаттын тартышытыгы күч алып турган мезгилде Орусия Кыргызстанга 2 млрд доллар насыя бере ала тургандыгын билдирген. Ал аралыкта орусиялык “Время новостей” гезитинде, К.Бакиев Орусиядан 2 млрд доллар насыя алыш үчүн Москвага сапарынын алдында америкалык “Манас” аскерий базаны чыгаруу боюнча жардыкка кол коюшу мүмкүндүгүн жазып чыкты. А.Мамбеталиев кыргыз бийлиги базаны чыгарган, чыгарбаган күндө да өлкөнүн тышкы карызын 2 млдр долларга көбөйтө турган дагы бир насыя албашы керектигин баса белгиледи:

- Алган акчаны иштетип кете алган потенциалыбыз жок. Аны бары бир жеп коебуз да, аракетибиздин бары ошол карызды төлөгөнгө кетип калат.

”Газпром” Украинаны сотко берди

Президент Виктор Ющенко Россия Украинада "бүлгүнчүл саясат" жүргүзүп жатат деп билдирди.

“Газпром” компаниясы европалыктарга арналган газды өткөрбөй жатканы үчүн Украинаны эл аралык сотко берди. Президент Виктор Ющенко өз кезегинде Россияны Украинага каршы “бүлгүнчүл саясат жүргүзүп жатат” деп айыптады.

Украинанын “Нафтогаз” компаниясы шейшемби күнү эрте шашкеде орустар европалыктарга жөнөтө баштаган “көгүлтүр отундун” алгачкы көлөмүн алгандыгын ырастаган эле. Бирок аны андан ары өткөрбөй, куур системасын жаап салганын моюнга алды. “Нафтогаздын” башчысы Олег Дубина газ европалыктарга жөнөтүлсө, анда Одесса, Донецк, Днепропетровск областтары отунсуз калат деп билдирди.

“Газпромдун” төрагасы Алексей Миллер бул аргументтерди четке какты. “Суджадан” жалаң европалыктар үчүн гана газ жиберилет, аны орто жолдон кармап калганга Украинанын укугу жок. “Суджа” Болгария,Румыния, Македония,Түркия өңдүү өлкөлөргө тике чыккан корридор, ал аркылуу биз Словакияга да отун жиберүүнү көздөгөн элек”, - деп кошумчалады буга “Газпромдун” орунбасар төрагасы Александр Медведев.

Россия түзүлгөн жагдай үчүн жоопкерчиликти Украинага жүктөп, мунун айынан “Газпром” европалыктарга газ бере албай турганын Еврокомиссияга кабарлады.

Энергетика иштери боюнча еврокомиссар Андрис Пиебалгс газ агымы кайрадан буулуп калчу болсо, анда бул кризистин башкы күнөөкөрү ким экенин Евросоюз ачык айтарын эскерткен эле. Кечээ Польшанын премьер-министри Доналд Туск күнөөнү толугу менен “Газпромго” жүктөдү.

Украин президенти Виктор Ющенко болсо Россияны “көп максаттуу бүлгүнчүл саясат жүргүзүп жатканы үчүн айыптады. Мындан тышкары ал орустардын бир кубометр да газын Украина уурдап албаганын айтып: “Эгер чын эле ушундай болуп жатса,эмне үчүн Россия Стокгольмдагы эл аралык арбитраж сотуна даттанбайт? Демек, мунун баары саясий демагогия”,- деген эле.

Ющенконун бул сөзүнөн саал мурдараак “Газпром” Украинаны өз милдеттенмесин аткарбай жатканы үчүн Стокгольмдагы сотко берген эле. Арбитраж сотунда мындай иштер алты айдын ичинде каралат. Бирок байкоочулар процессти ылдамдатууга негиз бар дешет.
Мындан тышкары “Нафтогазды” европалык айрым өлкөлөр да сотко бергени жатышат. Румыниянын президенти Траян Бэсеску да бул маселеде Россиянын позициясына кошулду.

Евросоюзга ушу тапта төрагалык кылып жаткан Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Тополанек менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшүп, украин премьери Юлия Тимошенко европалыктарга газ техникалык себептерден улам жетпей жатат деп ишендирген эле.

Буга байланыштуу орус премьер-министри Владимир Путин чын эле Украинанын газтранспорттук системасы транзит үчүн жарабай калса,анда муну биргелешип карап чыгуу керектигин билдирди. Болгону муну украин тарабы ачык жана так айтышы керек.

Жаңы администрация тушунда АКШ – Иран алакасы кантет?

Cенатор Хиллари Клинтон.

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар боюнча комитети 13-январда Мамлекеттик катчылыкка сенатор Хиллари Клинтонду бекитүү маселесин карады. Клинтондун билдиргенине караганда, ал бул кызматта Иран менен Сирияны "коркунучтуу жүрүм –турумунан баш тартууга" ынандыруу аракетин көрмөкчү.

АКШнын Сенаты Хиллари Клинтонду Мамлекеттик катчылыкка, эң эрте дегенде шайланган президент Барак Обама кызматка расмий киришүүчү күн - 20-январда бекитери күтүлүүдө. Иран, анын өзөктүк программасы жана чөлкөмдүк таасиринин өсүүсү Клинтон жана анын командасы үчүн тышкы саясаттагы негизги көйгөйлөрдүн бири болот. Бул тууралуу ушул күндөрү эле Барак Обаманын өзү да айтып өттү:

-Иран - АКШнын Улуттук коопсуздугуна нукура коркунуч. Бирок мен муну менен бирге улуттук коопсуздук боюнча максаттарыбызга жетүүнүн механизми катары дипломатияны баштоого ниеттүү болушубуз керектигибизди да айттым.

11-январдагы телеинтервьюсунда Барак Обама анын администрациясы Иранга карата жаңы мамилени карманарын жана ал карым -катышты да камтырын кайталады.

Ал эми болочок Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон 13-январда Сенаттын тышкы байланыштар комитетиндеги сөзүндө жаңы администрациянын тышкы саясий багыты тууралуу буларга токтолду:

-Биз "акылдуу бийлик" деп аталганды колдонушубуз керек. Биздин карамагыбызда ыкмалардын кеңир чөйрөсү бар: дипломатиялык, экономикалык, аскерий, саясий, укуктук жана маданий. Ыкманы же ар бир кырдаал үчүн ыкмалардын айкалышуусун туура тандоо. "Акылдуу бийлик" менен дипломатия биздин тышкы саясаттын авангарды болот. Шайланган президент жана мен тышкы саясат жалгыз эле катаал идеологияга эмес, принципиалдуулук менен прагматизмге, эмоцияга жана жок нерсеге ишенүүгө эмес далилдер менен фактылардын айкалышына негизделиши керек деп эсептейбиз. Биздин коопсуздугубуз, жашоого туруктуулугубуз жана азыркы дүйнөдөгү лидерлигибиз талашсыз фактыны - биз бири-бирибизге көз каранды экендигибизди таанууга милдеттендирет.

АКШ Иранды жашыруун түрдө өзөктүк курал жасап жатканы, Ливандагы Хезболла, Палестинадагы Хамас топторуна курал жагынан жардам бергени үчүн айыптап жүрөт. Расмий Тегеран болсо мындай дооматтарга макул эмес. Өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн, ал эми жогорудагы топторго моралдык гана колдоо көргөзөрүн айтып келе жатат. Бул аралыкта Ирандын аймактагы таасири өсүүдө. Көпчүлүк талдоочулар мунун жүйөөсүн Ирак менен Ооганстандагы согуштун натыйжасынан көрөт.

Айрым аналитиктердин пикиринде, эми Вашингтондун Иранга карата жаңы стратегиясы ал Жакынкы Чыгыштагы жаңжаалдын бир бөлүгү же аны чечүүнү бир бөлүгү катары караларына көз каранды болот.

Алдыдагы эң чоң маселелердин бири - жаңы администрация Иран менен түз дипломатиялык байланыш түзөр-түзбөөсү, түзсө деңгээли кандай болору. Буга чейин жаңы администрация ишара жасап, Тегеранга дипломаттарды жөнөтүүсү мүмкүн деген жоромолдор болду.

Хиллари Клинтон Мамлекеттик катчы катары Тегеранда АКШнын кызыкчылыгын коргоочу мекеме ачуу жөнүндөгү сунушту ишке ашырабы-жокпу, бул азырынча белгисиз. Мындай план Буштун администрациясында талкууланып, бирок чечим кабыл алуу жаңы президентке калтырылган. Мындан сырткары Обаманын администрациясына Жорж Буш тарабынан Иранга карата жактырылган делген жашыруун операцияларды улантып- улантпоону да чечүүсү керек.

Көпчүлүк эксперттер жалпысынан АКШнын жаңы администрациясы Иран менен агрессивдүү дипломатия жүргүзөрүн, чоңураак "сабиз" менен бирге "чоңураак" шапалакты колдонорун күтүшүүдө.

Расул Нафизи - Иран боюнча эксперт, Вашингтондо жашайт. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде, Иран катаал санкцияларга, анын ичинде Барак Обама шайлоо өнөктүгү учурунда сунуш кылгандай, мунай экспортунун блокадаланышына кабылышы мүмкүн экенин белгиледи:

-Иран менен иш кылууда катаал чаралар колдонулчудай. Мурдагыдан айрымаланып, аскерий жол менен чечүүгө ыктоо аз, сүйлөшүү көбүрөөк болот. Эгер эки тарап макулдашууга жете албаса, артынан санкциялар менен коштолот.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, алар Обаманын байланыш орнотуу жөнүндөгү сөздөрү АКШнын Тегеранга карата саясатындагы маанилүү өзгөрүүлөргө алып барар-барбасына байкоо салып турушат. Министрликтин маалымат катчысы Хасан Кашкави 12 –январда, эгер реалдуу өзгөрүү болсо, Иран да өз учурунда ошого тең келген чараларды көрөрүн белгилөө менен төмөнкүлөргө токтолду:

-Биз бул өзгөрүү кандай формада болорун байкарыбызды көп айттык. Бул АКШнын Иран ислам республикасы менен алакасында же жүрөм –турумундагы чындап, түп –тамырынан берки өзгөрүүбү же жокпу?

Азыркыга чейин эл аралык коомчулуктан обочодо калуу, БУУнун санкциялары, АКШ тарабынан Ирандын банктарына каршы көрүлгөн чаралар Тегеранды уран байытуу програмасынан баш тартууга ынандыра албады.

Эгер Кошмо Штаттардын жаңы жетекчилиги Тегерандын багытын өзгөртүү үчүн жаңы чараларды көрсө, уран байытуу маселесинде "кызыл сызыктан" кесип өтүүгө болбой турганын айтып келе жатышкан ирандык бийликтер аталган программасынан баш тарта алабы? Бул да азырынча белгисиз. Тегеран университетинин саясий илимдер боюнча профессору Ахмад Нагибзаде Иран тараптан өзгөрүү болоруна анчалык деле ишенбейт:

-Ислам республикасы ийкемдүүлүктү көргөзбөйт жана багытты өзгөртпөйт. Иран лиделери эл аралыук коомчулук ислам респбликасын болгон калыбында кабыл алуусу керек деген бекем ишенимде. Сүйлөшүүнү дипломатияны жактаган өкмөт, ийкемдүүлүктү көргөзүшү керек. Азыркы өкмөт -иделогиялык өкмөт. Алар бизди кандай болсок ошондой кабыл алуусу абзел, ийкемдүүлүктү экинчи тарап көргөзүшү керек деп эсептешет.

Ал эми башка баяндамачылар кайсыл багытты тандоо керектиги боюнча ушу тапта расмий Тегерандын өзүндө мунаса жок экенин айтышат.

Барак Обама президенттикке шайланганда, Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад куттуктоо жолдогон, бирок өлкөнүн диний лидери, мамлекеттик маселелерде акыркы сөздү айтуучу аятолла Али Хаменейи үн каткан жок.

Ирандын расмий чөйрөлөүндөгү ой-жүгүртүүнүн дагы бир далили - жарым расмий Фарс жаңылыктар агенттиги 12-январь күнү аятолла Хаменейинин өлкөдөгү таасирлүү орган – Ислам революциясынын сакчылар корпусундагы өкүлү Али Ширазинин "Ирандагы жибек ыңкылап, душмандын күн тартибинде калууда" деген сөздөрүн таратты.

Уруш Газа шаарынын чет жакасында жүрүп жатат

Газа тилкесиндеги Рафах шаары Изралдик күчтөрдүн соккусунан кийин, 13Jan2009

Израиль армиясынын операциясы Газа шаарынын жака белинде уланууда. Жөөт аскерлеринин ырастоосунда, алар шейшембиде 30 согушкерди жок кылышты. Бир нече израилдик жоокер жарадар болду. Ок атышууну токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттер да уланууда..

Израилдин танктары Газа шаарынын түштүктөгү чет жакасына кирип барышты. Уруштар көп кабаттуу имараттар, турак жайлар жайгашкан чөлкөмдөрдө жүрүп жатат. Израилдин согуш учактары түн ичинде бир нече сокку урушканы кабарланууда.

Армиянын ырастоосунда, кармаштарда 30 чакты согушкер жок кылынды. Жана 3 жөөт жоокери жарадар болду. Хамас тобу Израиль күчтөрүнө туруштук берүү үчүн миномет, жолго коюлган бомбаларды колдонууда.

Израилдик офицердин айтымында, жан кечтилердин кол салууларын ишке ашыруу аракеттери да көрүлүүдө.

Уруштун эл жыш жайгашкан аймактарда уланышы менен эларалык коомчулуктун дипломатиялык аракеттери күчөтүлүүдө.

Салгылашуулар токтошу керек. Эки тарапка тең урушту азыр токтоткула деп айтат элем. Канчалаган адам өлдү. Канчалаган карапайым адам азап чегүүдө. Канчалаган израилдиктер менен палестиналыктар күнүгө өз өмүрлөрү үчүн коркуу сезими менен жашап атышат. Газада болсо нормалдуу турмуштун пайдубалы кыйратылды, - деп кайрылды дүйшөмбүдө Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун.


Баш катчы шейшембиде ок атышууну токтотуу аракетинде регионго аттанды.

Азырынча Израиль да Хамас тобу да тынчтык чакырыктарын, анын ичинде Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияны четке кагышууда.

Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни 12-январда уруш дагы бир топко уланышы ыктымал деп кыйытты:

-Эларалык коомчулуктан бул согушта колдоону сурабайбыз, бирок анын өтөсүнө чыгуу үчүн убакыт бергиле деп суранабыз. Израиль согуш майданында болгондуктан, өз жарандарын коргошу керек. Биз ушуну менен алекпиз.

"Хамастын" Газадагы лидери, Палестинанын өкмөт башчысы Исмаил Ханье Израиль куралдуу күчтөрүн чыгарып, Газа тилкесинин курчоосун алып салганда гана уюм ок атышууну токтотуу жөнүндө сүйлөшөт деген шарт койду. Тилке "Хамас" 2007-жылы бийликке келгенден кийин камоолго алынган.

Палестиналык дарыгерлердин айтымында, Израилдин аскерий операциясы башталган 27-декабрдан бери Газа тилкесинде 900дөн ашуун адам ажал тапты. Израилдик 13 киши набыт болгону маалымдалууда.

Гуманитардык уюмдар тилкеде жашоо үчүн эң керектүү нерселер, анын ичинде таза суу тартыш болуп жатканын кабарлашууда. Еврошаркеттин гуманитардык жардам боюнча комиссары Луи Мишель “оккупациялаган тарап жайкын тургундарды коргоо, тамак-аш менен камсыздоо милдеттенмесин алат. Бирок бул жерде андай байкалбайт. Мен муну кабыл ала албаймы

АКШ өкүлү: Саддам Ирандан коркуп, массалык куралыбыз бар деген

Саддам Хусейин камактагы сурак учурунда. 2006-жыл, ноябрь.

Саддам Хуссейн өзүн башкаларга шер көрсөтүү менен ондогон жыл Иракты башкарып турган. Бирок анын дүйнөнү Ирак ядролук куралга ээ деп ишендирүү аракети өз башына балта болуп, 2003-жылы Кошмо Штаттарын аны бийликтен кулатууга ынандырган. Бул тууралуу АКШнын улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Майк МакКонел жакында мына ушул чийелешкен маселе боюнча айрым түшүндүрмө берди.

Саддам Хусейн 2006-жылы Ирак сотунда соттолгондо, аны ирак тергөөчүлөрү менен катар америкалыктар да суракка алып, эмне үчүн ал Ирактын массалык кыргын салуучу куралы бар деп ырастаганы тууралуу суроо беришкен экен. Мына эми АКШнын чалгын кызматынын иштен кетип жаткан өкүлү ошол сурактарда Саддам Ирандан корккондуктан, ушундай маалымат таркаткандыгын мойнуна алгандыгын билдирди.

АКШнын чалгын жамаатынын атайын жетекчиси МакКонелдин айтымында, сурак мезгилинде Саддам "Силер бир нерсени түшүнбөй жатасыңар. Менин чек арамда Иран турат. Ирандыктарды менин ушундай дареметим бар экендигине ынандырышым керек болчу. Бул үчүн мен биринчи өзүмдүн генералдарымды буга ишендиришим керек болгон" деп айткан.

МакКонелдин айтканына ылайык, америкалык чалгынчылар генералдар менен полковниктердин жүрүм-турумуна жана айткандарына көңүл бурушкан. "Ал убакта Саддамдын мышык-чычкан ойноп жаткандыгын билген эмеспиз, ал айланасындагыларды Иракта ядролук курал бар экендигине ишендиргенге аракет кылган" дейт ал.

8-январда АКШ сыналгысынын коомдук иштер программасында сүйлөгөн сөзүндө МакКонел Саддам буга чейин өз элине каршы нерв газын пайдалангандыктан, Вашингтонду анын колунда массалык кыргын салуучу курал бар деп ишендирүү анча кыйын болгон эмес.

Саддам 2006-жылдын этегинде өлүм жазасына тартылган. Андан бери кыргын куралдары тууралуу Вашингтондун тынчсыздануусу Иран тарапка ооду. Кошмо Штаттары Иранды ядролук курал жасап жатат деп шектенет, бирок Тегеран анын программасы тынчтык максатты гана көздөй тургандыгын ырастап, ядролук курал жасоодо пайдаланылуучу байытылган уран өндүрүүнү токтотпой келатат.

МакКонелдин сөзү боюнча, ал өзү Иран ядролук курал жасагысы келет деп ишенет. Анын айтымында, эл аралык чалгын жамааты Тегеран 2010-2015-жылдары ядролук куралга ээ болот деп эсептейт.

Ошол эле убакта ал Тегеран ядролук куралдын артынан түшкөндүгүнө айдан ачык далил жок экендигин моюнга алат. АКШнын чалгын кызматтарынын ишин көзөмөлдөгөн МакКонелдин пикиринде, Вашингтон Иракта алган сабактан кийин, алды менен ачык-айрым далил болуш керек, ошондо Ирактагыдай ката эч качан кайталанбайт.

Барак Обаманын Кыргызстанга карата саясаты кандай болушу мүмкүн?

АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама 20-январда кызматына расмий түрдө киришкени турат. Учурда бул өлкөдө жаңы президенттин ант берүү аземине карата катуу даярдыктар көрүлүүдө. АКШдагы кабарчыбыз бул окуя жана Барак Обама менен анын өкмөтүнүн Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга карата саясаты кандай болушу мүмкүндүгү тууралуу АКШнын Мериленд университетинин саясий илимдер боюна докторанты, саясат таануучу Эмилбек Жураевди кепке тартты.

- Америка коомчулугу, эли жаңы шайланган Барак Обаманын расмий бийликке келишин абдан чоң үмүттөр менен күтүп жатат. Сиз да азыр АКШнын борбору Вашингтон шаарында жашап, окуп жатасыз. Сиздин байкооңуз кандай?

- Ооба, азыр чындыгында сиз айткандай АКШ эли Барак Обаманын кызматка киришүүсүн өтө чоң үмүттөр менен, өтө чоң кубаныч менен күтүп атышат. Телевизорду карайсызбы, гезиттердиби, интернеттеби баардыгы ошол эле кабар. Бир жагынан азыр АКШда тарыхый жаңы учур болуп турат, экинчи жагынан экономикалык-саясий кырдаал Америкада да, дүйнө жүзүндө чоң үмүттөргө, чоң күтүүлөр түрткү берүүдө.

- Жаңы шайланган президент Барак Обаманын шайлоо жараяны абдан чоң шаң менен өттү деп айтсак болот. Америка коомчулугу албетте чоң өзгөрүүлөрдү, же болбосо кризистен Барак Обама сактап калат деген чоң ишенимде турушат. Президент Барак Обама жана анын өкмөтү түзүлүп турган кырдаалды колуна алып, алга жылып кетет деген ишенимди сиз бөлүшө аласызбы?

- Албетте бир жагынан элдин баардыгы ишенишет. Анткени эл ишенбегенде кайда барат. Бирок ошол эле кезде жеңишке жетишкен күндөн баштап Барак Обаманын сөзү акырындык менен, кылдаттык менен айтылып аткан сөздөр болуп атпайбы. Негизи келе жаткан 1-2 жылга чейин оңойчулук менен чыгып кеталбайбыз бул кризистен деп атышат. Албетте бул дүйнөлүк кризис. Американын экономикасы чоң болгондуктан, эң чоң өлкө болгондуктан булардын өзгөчө ролу бар. Ооба, менимче чечилбей кайда бармак эле. Бирок кыйын кырдаал болот. Ал нерсе бир жума, бир айдын ичинде чечилчү нерсе эмес. Аны америкалыктардын баарысы түшүнүп турушат, дүйнө деле түшүнүп турат. Обама өз тарабынан түшүндүрүүгө аракет кылып атат ар сүйлөгөн сөзүндө.

- АКШ дүйнөлүк деңгээлде дагы эл аралык саясатта дагы эң чоң ойноочулардын бири. Барак Обама келечектеги саясатындагы негизги багыт катары, Ирактагы жаңжалдын кесепеттерин жоюу, Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу тууралуу баса белгилеп айтты эле. Андан кийин эми мына Газа тилекесиндеги жаңжал чыкты. Сиз ушул багытта Американын болочоктогу саясатын кандай көрөсүз?

- Азыркы мезгилде тышкы саясат боюнча президент Обаманын жаңы командасынын саясаты кандай болоорун так айтыш кыйын. Кайра-кайрадан айтып атпайбы, Газа тилкесиндеги кризистен улам суроолор берилип атат Обамага дагы, жаңы келаткан лидерлерге, эмне кылабыз, Американын чечимдери, ролдору кандай болот деп. Бирок Обама чечкиндүү сөз сүйлөгөн жок, анткени азыркы учурда президент Жорж Буш. Эки ооздон эки үн чыгышы мүмкүн эмес. Анткени бул өтө чоң, өтө маанилүү иш. 20-январдан кийин буюрса байкайбыз.

Жалпысынан айтып кетсе болот, Обаманын саясаты бир жагынан өтө эле кескин радикалдуу түрдө өзгөрбөйт го. Бирок ошол эле кезде кайсы тарапка өзгөрөт, кандай түрдө өзгөрөт муну мүмкүн кичине божомолдосок болот. Бир жагынан өтө прогматикалык түрдө келаткан киши бул, жалаң гана идеология менен гана ойлонгон киши эмес. Командасы дагы ошондой болот. Бул келер замат эле Ирактан аскерлерин толугу менен чыгарып кеталбайт. Аны түшүнүш керек, келе сала эле Израилди күнөөлөп, же палестиналыктарды күнөөлөп, кескин түрдө эч кандай чечим да болбойт. Ошол эле мезгилде Жорж Буштун саясий багыты өзгөртүлөт. Менимче либералдуурак, дүйнөгө карата көбүрөк урматтоо менен, көбүрөк добуш берүү менен, көбүрөк бирге иштешүү нугунда саясат кылышы мүмкүн.

- Сиз саясат таануучу катары Барак Обама жана анын өкмөтүнүн Кыргызстанга, Борбор Азияга болгон саясаты кандай болсо деп ойлойт элеңиз?

- Менимче кайра эле түшүнүш керек, бүгүн Кыргызстанга көңүл буруп, Кыргызстан боюнча саясий пландарын билип ала албайбыз. Бирок эмнени каалайт элек, албетте биринчиден биздин саясатка кийлигишпесин, АКШ же башка өлкө болбосун биздин саясатка киришүүсүнүн кереги жок. Чыныгы эгемендүү болгондуктан өзүбүз чечебиз.

Экинчиден, биз менен иштешүүдө, көмөк көрсөтүүдө менимче демократизациялоо, адам укуктарын колдоо, саясий түрдө өнүгүү, парламентаризм боюнчабы, саясий партиялардын өнүгүшү боюнчабы, бул багытта иштеп жаткан Американын программаларын жок кылбай, мүмкүн көбөйтүп, күчтөндүрсө дагы жакшы болмок.

Акыркы кездерде ошол программалар кесилип, кичине азыраак көңүл бурулуп атпайбы, биздин өзүбүздүн мамлекет да, коңшу мамлекеттер да андай программаларга каршылык көрсөтүп атышат. Менимче Кыргызстан үчүн демократияга жетишебиз десек, чыныгы либералдуу Конституциянын негизинде түзүлгөн парламенттик, же башка легитимдүү мамлекет түзөбүз десек тышкы дүйнөдөн жетишилген демократиялардан үйрөнө турган сабагыбыз көп.

- Ошол эле учурда Америка өкмөтүнүн Ооганстанды жана Кыргызстандагы Американын аскерий базасын эске алганда, башка Борбор Азия мамолекеттерине караганда Кыргызстанга өзгөчө көңүл бөлөт деп күтсөк болобу?

- Ооганстан проблемасынын тегерегинде караганда, албетте стратегиялык куралдуу күчтөр чөйрөлөрү албетте көңүл бурушат Кыргызстанга. Ал Барак Обаманын администрациясынын Ооганстанга болгон саясаты боюнча планына жараша болот. Барак Обама шайлоодо сүйлөгөн сөзүндө Ооганстанга болгон пландарга да, күчтөргө көңүл бурулат деп келген. А деген эмне? Ал деген Кыргызстан үчүн мүмкүн кайра эле көбүрөөк көңүл бурулат дегенди билдирет. Менимче, Кыргызстанга көңүл буруу геосаясий маанилүүлүгүнө да байланыштуу.

А.Акаевдин энергетикалык сунушу

А.Акаев энергетикалык кризистен кантип алып чыгуунун жолдорун сунуш кылды. Ал 2005-жылкы көңтөрүш болуп кетпесе 2007-жылы «Камбарата – 2» ГЭСин ишке киргизилип, Орусия көмөгү менен экинчи гидрокурулуш башталып каларын белгилеген.

Аскар Акаевдин энергетикалык кризистен чыгуу жөнүндөгү сунуштары азыркы бийлик алдыга коюп жаткан максат-милдеттерден кескин деле айырмаланбайт. Туңгуч президент макулдашкан орусиялык “РусАл” компаниясы “Камбарата” ГЭС курулуштарына арбын инвестиция сарптоону эп көрбөй, ат тизгинин Тажикстанга буруп кеткенине деле үч жылдын жүзү болду. “Каракече” көмүрүн Бишкекке ташып убара тартпай, ал жерге жылуулук электр станциясын куруу идеясы Феликс Куловдун өкмөтү тушунда арбын айтылып, министрлер кабинети алмашылгандан кийин ал деле унутта калды.

Адистердин айтуусунда көмүрдөн газ бөлүп алуу өтөле кымбатбаа жумуш. Ошол себептүү А.Акаев сунуш кылган көмүрдөн алынчу газ менен Бишкек жылуулук борборун камсыз кылыш кыйын. Туңгуч президент энергетикалык кризис азыркы бийликтин иш билбестигинен чыкканын ырастап, а кезде азыркыдай тезек чогултуу чакырыгы байма-бай айтылбай, он сааттап жарыксыз отуруу ойго келбегенине да токтолуп: “Мурда биз мындайларга жол берчү эмеспиз”, деп жазган.

А. Акаевдин антип ырасташынын да кадыресе жүйөөсү бар. Суунун аз же көптүгүнө карабай, мурунку бийлик тушунда минтип кыш чилдеде жарык “жалп” өчүрүлгөн эмес. Аны мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да белгилеп, дем-дымактуу жаңы бийликтин эскисинен айырмасын энергетика айгинелеп койгонуна токтолду.

- Анын ордуна “тезек тергиле” деп отурат. Жакында “ушу кара чырак менен эле жыргап сабак окучу элек, ушуну эмне үчүн жактырбай атасыңар” дейт. Менин айтайын дегеним мына ушул өзүмбилемдик, кыргызча айтканда мурдун балта кеспегендик, өзүнүн курсагы ток болсо башкалар деле мендей жашап жатат, деген кыскалык менен мына жүрүп отуруп Кыргызстанды орто кылымдагы баягы кара чырактын деңгээлине алып келип таштап койду.

А.Акаев тушундагы оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, 2005-жылдан кийин вице-прмьер, парламент спикери, учурда коопсуздук кеңеш катчысынын кызматын аткарып жаткан Адахан Мадумаров жаңы бийликтин иш-аракети элдин турмушун жакшыртууга, өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугуна жетишүүгө багытталганын такай айтып келатат.

- Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевичтин позициясы дагы сиздерге так жана ачык. Биздин ар бир жасаган аракетибиз, өкмөт тарабынан болобу, Жогорку Кеңеш тарабынан болобу кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын көздүн карегиндей коргоо болуп эсептелет.


Аскар Акаев ушу тапта Кыргызстан туш келген саясий жана экономикалык кризистен улуттун биримдиги, майтарылбас руху, элдин бийликке ишеними гана алып чыгат, деп эсептейт. Саясий талдоочулардын ырасташынча, элдин бийликке карата ишеними жокко эсе дээрлик. Анын себеп-жөнүн парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов жалпы саясий-экономикалык жагдайга жараша түшүндүрөт.

- 18 жылдан бери биз жалпы түзгөн бийликке эл нааразы эле болду. Кыргызстанды бекем, эгемендүү, экономикасы келечектүү кылып жасай албадык.

А.Акаев энергетикалык кризистен Кыргызстанды алып чыга турган жолдордун бири катары Бишкек менен Оштогу жылуулук борборлорун толук кубаттуулукта иштетүүнү көрсөткөн. Азыркы өкмөттүн баш оорусу болсо башкалаадагы жылуулук борборуна кошуп, “Бишкек жылуулук тармактары”, “Түндүкэлектр” ишканасын мамлекет ээлигинен чыгарып, жеке колго кантип сатуу болууда. Энергетикалык үч объекттин баасы былтыр эле бычылып, ушу тапта келчү кардарларды күтүп отурган кези.

Курманбек Бакиев Бишкектеги АКШ базасын жабабы?

"Манас" аба майданындагы АКШнын аскерий базасын чыгаруу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Орус маалымат каражаттары Бишкектеги булактарына таянып, базаны чыгаруу боюнча жардык даярдалып жатканын маалымдады.

АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасы Кыргызстанга 2001-жылы сентябрь айындагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин жайгаштырылган. Мына ошол мезгилден бери база Ооганстандагы антитеррордук операцияга кол кабыш кылып келатат.

Антитеррордук коалициянын базасын чыгаруу чакырыгы ачык түрдө алгачкы ирет 2005-жылы Шанхай кызматташуу уюмунун Астанада болгон жыйынында айтылган. Андан кийин Бишкекте бир катар уюмдар базаны чыгаруу талабы менен нааразылык акцияларын уюштурушкан. Бирок алар расмий бийлик тарабынан колдоого алынган эмес.

Президент Курманбек Бакиев базанын Кыргызстанда кала беришин кубаттай бербеген пикирин өткөн жылдын соңунда Россиянын РИА Новости маалымат агенттигине жарыяланган маегинде билдирген. Анда кыргыз президенти Ооганстанда жети жылдан бери жүрүп жаткан антитеррордук операция учурунда баңгизаттарын өндүрүү көбөйгөнүн, Ооганстандагы расмий бийлик түзүлгөндүктөн күрөштүн ыкмасын өзгөртүүгө неге болбосун деген суроону койгон. Курманбек Бакиев ошондой эле кыргыз жараны Александр Ивановдун базада АКШ жоокери тарабынан атылышын эстеп, күнөөкөр жоопко тартылбаганына нааразылык билдирген.

Базаны чыгаруу маселеси президент Курманбек Бакиевдин Москвага сапарынын алдында кайрадан козголо баштады. Россиянын “Время новостей” гезитинин маалыматы боюнча, Курманбек Бакиев Россиядан 2 миллиард доллар насыя алыш үчүн, Москвага сапарынын алдында базаны чыгаруу боюнча жардыкка кол коет.

Расмий Бишкектин өкүлдөрү бул маалыматты жоопсуз калтырууда. Маселен, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Темирбек Султанбаев мындай дейт:

- Мурда да бул боюнча макалалар жарыяланган. Кимдир-бирөөлөр бир макаладан бир маалыматты сууруп чыгып, чуу сала баштайт. Биз болсо база боюнча азыр эч кандай маалымат бере албайбыз. Ал эми президенттин Россияга сапары тууралуу азыр бирдемкени ачык айтыш кыйын. Мүмкүн айдын аягында болуп калабы? Азыр даярдык көрүү жараяны жүрүп жатат.

Кыргыз коомчулугуна болсо макаланын автору Аркадий Дубнов бийликке бир кыйла жакындыгы менен маалым.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, базага байланыштуу макала бекер жеринен чыккан жок:

- Албетте бул макала жөн жеринен чыккан жок. Бул макала коомчулуктун пикирин, Америка жактын, эл аралык уюмдардын пикирлерин билиш үчүн чыкты. Андай ыкма көп колдонулуп келет, - деген Орозбек Молдалиев Россиянын насыясы менен Кыргызстан карызы дагы 2 миллиард долларга көбөйөрүн, ал эми Манаска база Бириккен Улуттар Уюмунун чечиминин негизинде жайгашканын жана Кыргызстандын эл аралык уюмдардан алган 2 миллиард доллардан ашуун карызы да жеңил маселе эместигин кошумчалады.

Кыргыз бийлиги тарабынан базаны чыгаруу маселеси кандай ишке ашырылышы мүмкүндүгү тууралуу Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев буларды билдирди:

- Кыргыз мамлекети база кереги жок деп чечсе, анда алты ай мурун ал жөнүндө кабар бериш керек. Биз базаны жайгаштыруу боюнча келишимди 2002-жылы февралда ратификация кылганбыз. Демек алты айдан кем эмес убакта расмий түрдө кабар берип, силердин кызматыңар бүттү, кеткиле дешибиз керек.

Депутат Исхак Масалиев ошондой эле мындай ыйгарым-укук аткаруу бийлигине берилгенин кошумчалады.






Жорж Буш Ак үйдөн кетүүгө камынууда

АКШнын 43-президенти Жорж Буш Ак үйдөн кетүүгө камынууда. Кечээ ал Ак үйдө акредиттелген кабарчылар үчүн мамлекет башчысы катары акыркы маалымат жыйынын өткөрдү. Пресс-конференция учурунда Буш өзүнүн соңку сегиз жылдагы саясатын коргоо менен катар, шайланган президент Барак Обамага ийгилик каалады.

Ошентип, эки мөөнөт катары менен бийликтин эң жогорку тепкичинде турган Жорж Буш жети күндөн соң жеке турмушка кайтат. Ак үйдөгү кабарчылар корпусу үчүн акыркы маалымат жыйынында ал жакынкы пландарын ачыктабаганы менен жаңы президент 20-январда кызматка киришкенден кийин Вашингтондон кичи мекени – Техастагы үйүнө кетерин, коомчулуктун көңүл борборунда калууну көздөбөсүн белгиледи.

43- президенттин Ак үйдөн кетип жаткан кездеги бедели рекрорддук чекке төмөндөп кетти. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары аны калктын 30%га жетпегени гана колдоорун көргөзгөн. Ал эми биринчи мөөнөттүн алгачкы жылдарында жана Ирак согушунун башталашында президентти жактагандардын саны 70%дан ашуун эле. Тарых эми ага кандай карары жөнүндөгү суроого Буш Ирак согушу боюнча чечим көңүл калтырарлык кээ бир окуяларга карабай, туура болгонуна токтолду:

-Президенттик мезгилдин ичинде көңүл калтырарлык нерселер болду. Албетте Абу-Грейб, массалык кыргын салуучу куралдардын табылбаганы абдан иренжитти. Билбейм, силер мунун баарын ката деп айтасыңарбы же жокпу? Баары эле пландагыдай кеткен жок.

Буш соңку маалымат жыйыны учурунда террорго каршы согуш учурундагы өзүнүн талаштуу чечимдеринин да тууралыгын коргоп, аларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган иш катары мүнөздөдү:

-Мен эгер катуу кыйкыргандарга, катуу сындагандарга бул өлкөнү коргоо үчүн зарыл деп ойлогондорума жана жасагандарыма тоскоолдук кылууга жол бергенимди көрсөм, Техастагы үйүмө кантип кайтып, күзгүнү карап кантип сыймыктанмакмын.

Президенттик мезгили учурунда АКШ саясатынын айрым өңүттөрү эл аралык чөйрөдө сынга алынганына карабай, Жорж Буштун ишениминде, Кошмо Штаттар суктандырган өлкө бойдон калууда:

-Мен биздин моралдык абалыбыз бузулду деген пикирлер менен такыр макул эмесмин. Бул балким кайсыл бир өлкөлөрдүн элитасы арасында бузулду. Бирок эл азыр деле Америка эркиндиктин тарабында экенин, Америка чоң үмүт байлаткан өлкө экенин түшүнөт.

Пресс-конференция учурунда Буштан ал президенттик мезгили учурунда өтө сындалганын сезген -сезбегенин кайра-кайра сурашты. Буш бул суроого сынды президенттерди баары көтөрүүгө милдеттүү болгон нерсе катары сыпаттоо менен жооп берди.

Ал эми АКШнын жаңы президенти туш болуучу эң башкы коркунуч кайсыл деген суроого Жорж Буш:

-Ал жана болочокту башка президенттер туш келүүгө аргасыз болгон эң чоң коркунуч – биздин өлкөгө кол салынуу коркунучу. Мен мындай сөздөрдү айтууга кубанычта эмесмин, бирок бизде али да Америкага кол салууга даяр турган сырт душман бар.

Маалымат жыйындын соңунда Буш Барак Обаманын администрациясына ишеним артарын баса белгилеп, өзүнүн ордун басуучу адамга ийгилик каалады.

АКШнын тарыхтагы биринчи ирээт ындыкара президенти 20-январда ант берүүчү күндүн тарыхый мүнөзүнө токтолду. Бул миллиондогон америкалыктарды толкунданткан күн болорун, өлкө расалык мамиледе канчалык алыска кеткенин көргөзүп турганын кошумчалады.

Оппозиция: Атасы үчүн баласы жазаланабы?

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков эки айдан бери баласы Бахтиярды издеп таппай келатат.

Оппозициядагы саясатчылар бийлик алардын өзүн гана кысымга албастан, балдарына да ар кандай формадагы коркутуп-үркүтүү аракеттерин жасап жаткандыгын билдиришүүдө.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловдун баласы жакында эле кызматынан алынды. Бул тууралуу депутат өзү “Азаттыкка” билдирди. Эсеп палатасында адис болуп иштеген баласынын жумуштан четтетилүү себептерин так түшүндүрүп бере албастан, ал мекеменин кызматкерлери жогору жактан "ушундай команда болгон" деп, ийин куушуруп жооп кайтарышкан. Иса Өмүркулов ошол эле баласы кириптер болгон соңку дагы бир окуяга депутат мындайча токтолду:

-Бир күнү кечинде ИИМдин атайын машинелери уулумдун машинесин кысып токтотуп, колдорун бурап күч менен машинеге салып, наркодиспансерге алып барып, алкоголь ичимдиктерине жана бангизаттарына текшерүүдөн өткөрүшүптүр. Эми мындай нерсе жөнөкөй кетип бараткан жаранга жасалбайт да. Мен ойлойм, бул бүгүнкү күндө мага жасалган моралдык кысым.

Айрым саясатчылар мындай окуялар жаңылык эмес, ата-энелеринин саясий көз караштары үчүн балдарын коркутуп-үркүтүүгө алуу фактылары мурдагы президент Аскар Акаевдин да тушунда орун алгандыгын айтышууда. Маселен, Жогорку Кеңешке СДП партиясынан депутат Бакыт Бешимов президент Курманбек Бакиевдин саясатын Аскар Акаевдин саясатынын уландысы деп баалап, бир нече жыл мурун анын балдарына көрсөтүлгөн кысымдарды санап берди.

-Токсон сегизинчи жылдары келинчегим кенже уулумду мектептен алып кетип баратса, жолдон милиция кызматкерлери токтотуп, машинесин тинтип, нашаа бар экен деген сыяктуу жолдорго барат. Улуу уулум ал кезде Бишкекте студент эле. Ага болсо: "атаңа айтып кой, тынчтансын, болбосо өзүңөн көрө бер" деген сыяктуу коркутуулар абдан көп болгон.

Учурда депутат Бакыт Бешимовдун эки уулу тең чет өлкөдө билим алып, иштеп жатышат. Оппозициядагы “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов анын үй-бүлөсү саясий куугунтукка ачыктан-ачык эле алынып жатканын айтат. Мисалы, өткөн жылдын соңунда оппозиция лидерлери өткөргөн элдик курултай алдында Жекшенкуловдун уулу журналист Алишер Саиповду өлтүрүүдө колдонулган курал катышкан чатакта болгон деген шек менен күнөөлүүлөр катарына кошулуп калат.

-Алишер Саиповдун атылышы жана дискотекада болгон атыш боюнча баллистикалык текшерүү тээ бир жыл мурда эле анык болуп, анын жыйынтыгы маалымат каражаттарына жарыяланган болчу. Анан кандай эле курултайга аз калганда ошол иштер боюнча күбө катары суралып келген уулум күнөөлүүлөр катарына кошулуп калат. Мен муну саясий гана куугунтук деп түшүнөм.

Оппозиция өкүлдөрү балдарына байланыштуу жогоруда айтылган бардык окуяларда коркутуп-үркүтүү амалын жасаган бийликтин тиешеси бар деп жүйөө келтиришүүдө. Ушундан улам чындап эле бийлик бутактарында отурган төбөлдөр башкарган мамлекетинин жарандарын кысымга алууга барабы? Оппозициянын айыптоолору канчалык денгээлде негиздүү деген сурообуз менен президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевге кайрылдык.

-Эгерде мурда иштеген жерлеринде кызмат абалынан пайдаланып, туура эмес иштерге барса же экономикалык тартип бузуу фактылары орун алган болсо, албетте, укук коргоо органдары атайын бир чараларды көрөт. Муну саясатка аралаштырып, ар кандай куруу дооматтар менен бийликти жамандай берген туура эмес,-деп жооп кайтарды Нурлан Шакиев.

Н.Шакиев: Президент Д.Үсөновду экономиканы чаккан менеджер катары тандады

Президенттин басма сөз катчысы Н.Шакиев “Азаттыктын” түз ободогу маегинде президент Д.Үсөновду экономиканын тилин билген таасын башкаруучу катары президенттик администрация башчысына дайындагандыгын билдирди.

- Нурлан мырза, кечээ президенттин жардыгы менен президенттик администрация башчылыгына Данияр Үсөнов дайындалды. Бул орун Кыргызстандагы саясатка чоң таасир бере турган жогорку кызмат эмеспи. Бул жагдайдан алганда жаңы жетекчи президенттин иш багытына кандай өзгөрүү алып келиши мүмкүн?

- Негедир акыркы убактарда президенттик администрация жетекчисинин кызмат ордун аябай саясатташтырып жибердик. Чындап караганда президенттик администрация жетекчиси ким болбосун ал саясатта өзүнүн ордун коомчулукка таңуулай албайт. Себеп дегенде ал президенттин гана саясатын жүргүзөт. Президент экономикалык тармакта болобу, саясий тармакта болобу кандай реформаларды баштаса аларды ишке ашырууга кол кабыш кылуучу, же аткаруучу бирден-бир функционалдык кызмат. Ошон үчүн президенттик администрация жетекчисинен улам саясат өзгөрөт дегенге мен такыр кошулбайм. Албетте, саясий чоң фигура катары караса болот. Бирок президент гана саясатын жана багытын өзгөртүшү мүмкүн. Админстрация жетекчиси ага анчалык чоң таасир бере албайт.

- ДаниярҮсөновду президент кандай ишкердиги, мүнөзү үчүн ушул орунга дайындады деген ойдосуз? Себеби анын саясий бейнеси коомдо көп кырдуу адам катары сыпатталып жүрбөйбү...

- Биринчиден, Курманбек Салиев мындай чечимге дүйнө күн сайын өзгөрүп, анын ичинде Кыргызстан да дүйнөлүк агымга жараша ык алышы керек деген негизде барды окшойт. Анткени, президенттин мындан кийинки саясаты экономикалык багытка көбүрөөк ыктайт. Ошон үчүн администрациянын буга чейинки жетекчиси Медет Садыркулов кызматтан кеткенден кийин экономиканы жакшы түшүнгөн, жакшы билген, экономикада өзүн оң жагынан көрсөткөн адам зарыл болчу. Ошол себептен улам президент Данияр Үсөновду заман талабына төп келген менеджер катары тандап алды окшойт.

- ДаниярҮсөнов буга чейинки Медет Садыркулов баштаган топ менен каршы топтун адамы, демек Адахан Мадумаровдун тобу сарай оюнунда жеңишке жетти деп саясат талдоочулар баа бере башташты. Бул боюнча сиздин пикир кандай?

- Президенттин командасы жакшы түптөлүп калган. Адахан Мадумаров да президенттин командасына кирет. Андыктан Данияр Үсөнов келип мурдагы Садыркулов иштеген топ менен иштей албайт, же араздашуулар болушу мүмкүн дегенге кошула албайм. Себеп дегенде президент өзүнүн багыты менен ДаниярҮсөновду тааныштырып, буга чейин топтолгон команда менен иш алып баруусу зарыл экендигин билдирип, милдетин алдыга койду.

Данияр Үсөнов да азырынча ушул команда менен гана иштеп, ишти алдыга жылдыра тургандыгын айтып жатат. Ошондуктан, президенттин командасында жогорку деңгээлдеги эч кандай чабышуулар, пикир келишпестиктер болбойт деген ойдомун. Албетте, президенттик администрациянын жаңы жетекчисинин өз көз караштары, иштөө принциптери болот. Ошого жараша иш алып барат.

- Ал эми президент алдындагы катчылык качан толук ишке киришет? Катчылык менен администрация башчысынын укук милдеттери аныкталдыбы?

- Президенттин алдындагы катчылык түзүлүп, азыр анын аткара турган иштеринин жобосу даярдалып жатат. Ошол жобо кабыл алынгандан кийин катчылык ошонун негизинде иштейт. Катчылык негизинен идеологиялык багытта, массалык маалымат каражаттары менен иштеп, протоколдук иштерди жүргүзөт. Бирок катчылык менен администрация тыгыз байланышта болуп, тыгыз иштеши зарыл.

БЭКтин биримдиги бекем

12-январда оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын Улуттук кеңеши алгачкы жыйынын өткөрүп, январь айынын соңунда энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы саясий акция өткөрүү сунушу колдоого алынды.

Бириккен элдик кыймылдын Улуттук кеңешинин алгачкы жыйынында кеңештин алтымышка чукул мүчөсү бекитилип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланды. БЭКтин алдыдагы иш чарасынын планы жактырылып, энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы саясий акция өткөрүү сунушу колдоого алынды, дейт жыйынга төрагалык кылган «Акыйкат үчүн» кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов.

-Электр тармагын менчиктештирүү боюнча маселени өкмөт 27-январга карата койбодубу. Ушул боюнча биз саясий акцияларга барышыбыз керек деген сунуш түштү. Муну Улуттук кеңештин бардык мүчөлөрү колдоду. Экинчиден катардагы кардарга газ эки эсе кымбаттады. Коммуналдык кызмат, электр кубаттулугу дагы кымбаттап жатат. Эмне себептен? Анткени бул жерде коррупциялык схема бар. Ушул маселелер дагы катуу козголду.

Аликбек Жекшенкулов БЭКтин Улуттук кеңешинин алгачкы жыйыны жандуу өтүп, оппозициялык күчтөрдүн биримдиги бекем болооруна, алдыдагы максаттарды ишке ашырууга үмүт жандырганын белгиледи.

Айрым талдоочулар, расмий бийлик өкүлдөрү оппозициялык күчтөр түзгөн Бириккен элдик кыймылдын келечеги жоктугун, азыртадан эле оппозициянын ортосунда ажырым кетип, пикир келишпестиктер пайда болгондугун айтышууда.

Бириккен элдик кыймылдын активдүү мүчөлөрүнүн бири Топчубек Тургуналиев болсо БЭКтин чогулушунда, кеңешмелеринде кайсыдыр бир маселеде кызуу талаш-тартыш болгону менен оппозициянын ортосундагы ынтымакка доо кетпегенин билдирди.

-Негизги нерсе - кимде-ким БЭКти таштап кете турган болсо, же ажырым кылып жарака сала турган болсо анда ал жалаң эле БЭКтин алдында эле эмес, элдин алдында шерменде болот. Элдин алдында жооп берип калат. Андай адам саясий айдыңдан дагы түп орду менен жоголот.

Оппозицияны элге жаман атты кылып көрсөтүү, каралоо максатында бийлик тарабынан ар кандай айың кептер уюштурулуп жатканын белгилеген Тургуналиев, бийлик системасын өзгөртүүнү караламан калк арасында колдоочулар көп экендигин айтты.

-Эл күтүп жатат да. БЭК түзүлдү. «Чогулуш өткөрүп эле отура бересиңерби», - деп эл доомат коюп жатпайбы. Мына Токмокто эл дап-даяр турат. Таласка бардык даяр, Аксыга бардык эл даяр турат. Аксыдан эл бизге кыйкырган, «Топчуке, жыйын өткөрүп эле жүрө беребизби. Качан чыгабыз?»-деп сурап жатышпайбы.

Парламенттеги «Ак жол» фракциясынан депутат Табылды Орозалиев оппозицияны эл колдоого эч кандай негиз жок экендигин, ал кечээ эле шайлоочулар менен жолугушуп, элдин жашоо шарты менен жакындан таанышып келгенин билдирди.

-Мен айтат элем. Оппозицияны элдин колдоосуна эч кандай негиз жок. Аны эл өздөрү деле айтып жатышат. Биз эл менен жеринде барып жолугушуп атабыз. Ал жерде деле кеп болуп жатат. Бирөөлөрү оппозиция минтип жатат десе, экинчиси оппозициядагылар мурда бийликте жүргөн адамдар, эмне үчүн бийликте жүргөндө азыр айтып жатышканын жасаган эмес, дешүүдө. Анан кийин «эл бизге ишенет» деген чындыгын айтканда жөн эле курулай сөз. Азыр эл өзү менен өзү алектенип, кыштан чыгуунун аракетинде.

БЭКтин Улуттук кеңешинин жыйынында дагы бир маселе бийлик тарабынан саясий куугунтуктоолордун күчөп баратканы козголду. Бир добуштан Топчубек Тургуналиевдин төрагалыгында саясий куугунтуктоону токтотуу комитети түзүлдү.

Оппозиция канчалык катуу талаптарды койгон сайын бийликтин куугунтуктоосу дагы күчөйт, дейт БЭКтин мүчөсү, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков.

- Күндөн күнгө бийлик өзүнүн туруксуздугун байкап калды. Ошондуктан бийлик күч аракеттери менен гана баш көтөргөн адамдардын бардыгын куугунтуктоо, жалган кылмыш ишин козгоо, же болбосо жоготуу аракеттерин күчөтө баштайт.

Улуттук кеңеш жыйын соңунда БЭКтин атынан кайрылуу кабыл алып, сот, укук коргоо органдарына жана аскер кызматкерлерине жолдой турган болду. Анда күч органдарын Конституцияны бузбоого, “аскерлер өлкөдө өзгөчө жагдайлар түзүлгөн шартта милицияга кол кабыш кылары” тууралуу жобо элге каршы экендиги айтылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG