1-январда Орусия Украинага көгүлтүр отун берүүнү токтотту. Бул туурасында «Газпром» компаниясынын өкүлү саат 10до билдирди. Газды Украинага жиберүү боюнча келишим мөөнөтү бүткөнгө жана 2009-жыл үчүн «Нафтогаз» менен «Газпром» келишим түзө электигине байланыштуу токтотулду деп жарыяланды.
Израилдин Газадагы чабуулу алты күндөн бери уланууда. Премьер-министр Эхуд Олмерттин билдиришинче, ХАМАСтын Израилди көздөй ракета атуулары токтотулар замат, жөөт аскерлеринин Газадагы операциясы аяктайт. Израиль армиясы басып кирсе, ага каршы согушканга даяр экенин ХАМАС билдирди.
Президент К Бакиев Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институтту Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту кылып кайра түздү. Бул чечимге саясат таануучу Орозбек Молдалиев өзүнүн көз карашын билдирди.
31-декабрда Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Газадагы конфликт боюнча экинчи чукул жыйынын өткөрдү. Арап мамлекеттери атышууларды токтотуу боюнча резолюция кабыл алынышын суранышкан. Газа чабуулунда 400 адам өлүп, 2000 ашууну жаракат алды.
Израиль бүгүн Газадагы чабуулдарын солгундатты көрүнөт. Бирок атышууларды тезинен токтотуу боюнча эларалык коомчулуктун талабына көнө элек. Беш күндөн берки чабуулдарда 370 палестиндик тургун набыт болду.
Жыл этегинде Жогорку Кеңеш “Шайлоо Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, жарандар эми добуш берүүгө айдоочунун күбөлүгү менен да катыша алат. Баш бармакка сыя басуу алынып салынды жана шайлоо мурдагыдай дем алыш күндөрү эмес, иш күндөрү болот.
Дүйнөлүк экономикадагы кризистин кесепеттери аяктаган 2008-жылдын экинчи жарымында туризм индустриясында да сезилди жана адистердин айтымында, соңку кездери өсүү үстүндө гана болгон тармак жаңы жылга белгисиздиктин шартында кирүүдө.
Чехия 1-январдан тартып, жарым жыл бою Евробиримдикке төрагалык кылат. Дипломаттык чөйрөлөрдө килейген Франциядан кийин төрагалык кылуу Чехия үчүн өтө оор болорун боолгошууда. Буга өлкө президенти Васлав Клаустун Биримдикке болгон сын көзкарашы, премьер-министр Мирек Топаланек менен ымаласы жоктугу жана Прага-Москванын арасындагы араздашуу негиз болууда. Чехиянын АКШнын ракетадан коргонуу планына кошулуусуна Россия катуу нараазы.
Азербайжанда 1-январдан тартып чет элдик радиостанциялар эфирге чыгарылбайт. Өлкөнүн улуттук телерадио кеңеши ушундай чечим кабыл алды. Эл аралык уюмдар бийликтердин бул чечимин сынга алышты.
Орусиянын Ульяновск облусунда оппозициячыл саясатчы региондогу экономикалык кризис жөнүндө жазган макаласы үчүн камакка алынды. Милициянын ишениминде, ал региондун имиджине терс таасир тийгизген.
Парижде бүгүн Евросоюздун тышкы иштер министрлери чукул жыйынга чогулуп, Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулашат. Франциянын демилгеси менен чакырылган жыйында жаңжалды жөнгө салуу жолдору каралат.
Президент К. Бакиев 28-декабрда Кыргыз Республикасынын айылдык округдарынын жана поселкаларынын башчыларын шайлоону дайындоо тууралуу жардык чыгарганы кабарланды. Шайлоо 19-23-январда, тагыраак айткандай иш күңдөрү жүрөт. Шайлоонун иш күндөргө дайындалышы демократияга төп келбейт деп эсептеп жаткан тараптардын бири “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова болууда.
Дагы жүктөңүз