Ооганстан согушунун катышуучусу, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев талибдерди жараткан АКШнын өзү экенин баса белгилеп, Ооганстанда күчкө таянып эч ким максатына жетпейт деп билдирди.
Кыргыз-өзбек чегиндеги чырлуу окуяны иликтеген топ өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагында ок атканын аныктаганын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыктын” таңкы түз обосунда билдирди.
Эки күн мурда кыргыз жерине мыйзамсыз кирип келген өзбек жоокерлери ок чыгарып, андан бир кыргыз чек арачысы жарадар болду. Өзбек чек арачылары аны ошол замат өз аймагына алып кирип кетип, жарадар жоокер эмгиче кыргыз тарапка бериле элек.
Ирактын борбордук шайлоо комиссиясы быйыл мартта депутаттыкка ат салышкысы келген жарым миңдей кишини жалпы талапкерлер тизмесинен алып салды. Бул чечим өлкөдөгү диний жамааттардын алакасын кайрадан саясий аразга айлантышы мүмкүн.
Беш-алты күндөн бери Сопу-Коргон кыштагында ачкачылыкта отурган Исмаил Исаковдун тарапкерлеринен бийлик өкүлдөрү жана дарыгерлер кабар ала элек. Алайдагы нааразылык акциясына катышкандарды куугунтуктоону күч органдары токтотчудай эмес.
Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгы, Кыргызстандагы белгилүү саясат таануучу, профессор Аалыбек Акуновдун баамында, бул өлкөнүн Батышка ыктаган маанайдан Орусияга оогон саясатка бурула баштаганын билдирет.
Талиптер деп шектелген согушчандар дүйшөмбү күнү Ооганстандын байтакты Кабылдын ортолук бөлүгүн катуу коогага салды.
Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен ачкачылык акциясына чыккандарга бүгүн “Ата мекен” партиясынын аппарат башчысы Алманбет Шыкмаматов кошулду. Ал саясий ачкачылыкка партиянын атынан Кыргызстандын демократиялык келечегин сактап калуу максатында барып жаткандыгын “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде билдирди.
Украинадагы кечээги президенттик шайлоо “Азаттыктын” таңкы түз обосунда талкууга алынып, Кыргызстандын БШКсынын мурдагы мүчөсү Жеңишбек Акматов жана Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, саясат таанучу Жыргалбек Турдукожоев катышты. Бул эки маектешибиз тең Украинадагы мурдагы президенттик шайлоого байкоочу катары катышып келген.
Украинада жалпы добуштардын 95 проценттен ашыгы саналып бүттү. Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович 36 процентке жакын добуш топтосо, премьер-министр Юлия Тимошенко андан 12 проценттей артта баратат.
“Саясий камактагыларды коргоо” комитети калкка, чет жерде иштеп жүргөн замандаштарга, эл аралык коомчулукка кайрылды. Анда элди үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгууга үндөп, президент Курманбек Бакиевди саясий камактагыларды бошотуусун талап кылды.
Оппозициялык “Элдик кеңеш” кыймылы түзүлүп, ал 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирип, улуттук идеянын айланасына баш кошуу ураанын көтөрүүдө. Кыймыл мүчөлөрү өлкөдө бийликти атадан балага өткөрүүгө шарт түзүлүп жатканын айтууда.
Дагы жүктөңүз