Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:38

Саясат

Алтай Жумуриятынын башчысы кайра өз ордуна сунушталды

Орус президенти Д. Медведев Алтай Республикасынын башчылыгына 20005-жылдан бери ушул орунда иштеп келген А. Бердниковдун талапкерлигин сунуштады.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Алтай Республикасынын башчылыгынын талапкерлигине буга дейре ошол эле орунду ээлеп келген Александр Бердниковду көрсөттү. Жергиликтүү парламент эми ал сунушту эки аптанын ичинде карап, бекитиши же четке кагуусу керек. Сырттан көз салуучулар болсо жумурияттын азыркы жетекчисинин саясый элита жана кызматкерлер арасында таанымал болгону менен эл алдында баркы жок экендигин белгилешет.

Алтай Республикасынын жогорку орунуна киши тандоодо Бердниковдон сырткары «Бирдиктүү Орусия» мүчөсү Иван Беляков жана саламаттыкты сактоо боюнча камсыздоонун федералдык корунун жетекчиси Андрей Юдин талапкердик тизмеде болгон. Буга дейре Алтай Республикасына коммунист, демократ, аграрий, «Бирдиктүү Орусия» мүчөлөрү башчы болушкан. Ошончо турпаты бөлөк жетекчилердин баары тең оппозицияны чанып келатканын жергиликтүү сеперчилер айтышат.

Байкоочулар Александр Бердниковдун бул орундагы беш жылдык маалында Алтай Жумуриятын Алтай крайына кошуу жана Кытайга карай алтайлар ыйык жери менен көгүлтүр отун акчу куур жаткыруу демилге көтөргөнүн сайып көргөзүшөт. Баса, Алтай Республикасынын башчысын губернатор деп атап жүрөт жана ал өкүмөттү жетектейт.

Ушул жагдайды чечмелеп берүүсүн айтылуу алтай серепчиси, жазуучу Боронтой Бедюровдон сурадык:

- Алтай Республикасында губернатордун, президенттин кызматы жок, бизде республиканын башчысы бар.

Кайсы бир саясый төбөлдөр оозундагы кепте болсо былтыркы жетекчилер Москвадан барган Мамдумадагы президенттин өкүлү Александр Косопкиндин чачпагын көтөрүп, тик учма менен аркар атканы чыгып, тоо арасында тик учмасы кыйрап жети киши мерт болгон окуяга Бердниковдун тийиштиги бар дешет. Алтай Республикасынын башчысы болсо ага өзүнүн тийиштиги жок экендигин айткан.

Президент Дмитрий Медведевдин сунушунун артында эмне жатканын таанымал саясатчы Дмитрий Орешкин мындайча чечмелейт:

- Москва каалайбы же каалабайбы жер-жерлердеги бийлик менен борбор тил табышууга мажбур. Алардын айтканын да угуп, өзүнүн карманган жолунун кайсы бир жеринен кечүүгө мажбур. Ошол эле учурда ал өзүн өйдөтөн ылдыйды карай жапырып башкарып аткан бийлик кылып көргөзүүдө.

Азыр дайындалсын деп жогорку орунга сунушталган Александр Бердников 2005-жылдан бери Алтай Республикасын жетектеп келет.

Тбилиси-Москва аба каттамы жанданды

"Грузия аба жолдору" компаниясына таандык Боинг-737 Москвага учууга даярданууда. 8-январь, 2010-жыл.

Бүгүн (8-январда) "Грузия аба жолдору" компаниясынын учагы бир жарым жылдан бери алгачкы ирет Россияга багыт алды. Эки өлкө ортосундагы аба каттамы 2008-жылкы август согушунан кийин үзүлгөн. Январ айындагы алгачкы 5 каттамга (рейске) билеттердин бардыгы сатылганы кабарланууда.

Азырынча Россиянын транспорт министрлиги январ айында Тбилиси-Москва жана Тбилиси-Петербург багыттарында бир нече каттамга уруксат берди.

2009-жылдын 8-январында Тбилиси аба майданында топтологон журналисттер “Грузия аба жолдору” компаниясынын учагы Москвага багыт алганына күбө болушту.

Чартердик учак орус баш калаасына 80ден ашуун жүргүнчүнү ташып барды.

Алардын бири Нана Самадалашвили буларды айтат:

- Биз саясат ойногубуз келбейт, катардагы адамдарбыз. Биз иштеп, нормалдуу турмуш сүргүбүз келет. Карапайым адамдардын түйшүктөрүн түшүнүп, биздин кызыкчылыктарыбызды эске алып жаткандыгы үчүн грузин жана орус өкмөттөрүнө ыраазыбыз.

Грузияда көптөрү Россияга авиакаттам мурункудай туруктуу болот деп үмүттөнүшөт.

Эки өлкө ортосундагы учуулар 2006-жылы Грузия менен Россиянын өз ара мамилелери начарлаганда токтотулган.

Кийин каттам кыска мөөнөткө калыбына келтирилген. Бирок 2008-жылы августта тутанган бир нече күндүк согуштан кийин Россия Грузия менен авиабайланышты таптакыр үзгөн.

Көптөрү бүгүнкү учууну эки өлкө ортосундагы мамиленин оңолушунун белгиси катары баалашууда. Өткөн айда тараптар Өйдөкү Ларс деген жердеги чегара пунктун ачуу жөнүндө макулдашышкан.

Ал – Грузиянын жикчил эки жумурияты – Түштүк Осетия менен Абхазия аймактарынан тышкары жайгашкан жападан жалгыз текшерүү бекети.

Өз ара мамилелердин жакшыраарына ишаара барбы?

Былтыр (2009-жылы) декабрда орус президенти Дмитрий Медведев өз ара аба каттамын жандантууга, грузин жарандарына Орусияга визасыз каттоого уруксат берүүгө жана грузин шарабына киргизилген тыюуну алып салууга тоскоолдук жок дегендей таризде сүйлөгөн.

Үстүбүздөгү аптада орус православ чиркөөсү патриарх Кирилл Грузияга жакынкы мезгилде сапар менен бараарын жарыялады.

Бирок расмий Москва грузин президенти Михаил Саакашвили менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке кагууда.

Өлкөлөр дипломатиялык алакаларын да калыбына келтире элек.

2008-жылы Россия Грузиянын жикчил чөлкөмдөрүнүн эгемендүүлүгүн тааныгандан кийин Тбилиси Москва менен дипломатиялык мамилелерин үзгөн.

Пансионат маселеси: казактан өзбек кем бекен?

Ысык-Көл жээгинде учурунда Өзбекстан тарабынан курулган делген 4 пансионат бар.

Казакстандан кийин Ысык-Көлдөгү кээ бир пансионаттардын башын ачуу талабын Ташкен да койду. Төрт пансионат Астанага өткөн жылы өткөрүлүп берилген. Өзбектер Ысык-Көл жээгинен кайсы пансионаттарга ээлик кылууну көздөп жатат?


Өзбекстан пансионаттарга байланыштуу маселени өткөн жылы 28-декабрда Ташкенде болгон кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи отурумунда койгон. Ысык-Көлдөгү пансионаттар менен катар өзбек тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин эл аралык экспертизадан өткөрүү, чек ара боюнча талаптарды ачыктаган. Натыйжада кыргыз тарап ГЭСтин курулушу экспертизадан өткөрүлөрүн билдирген. Ал эми бир жылдан ашык убакыттан бери токтоп турган чек ара боюнча сүйлөшүүнү жандантууну эки тарап макулдашкан.

Көз кызарткан пансионаттар

Пансионаттар демекчи, өзбек тарап көтөрүп жаткан кайсы пансионаттар? Алар ушул кезге чейин кандай шартта, кайсы мыйзамдын негизинде иштеп келишкен?
Эгерде пансионаттар өзбек тарапка бериле турган болсо, ага байлап газ маселесин узак мөөнөткө чечип алса болот.

1990-жылдардын башында Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган Эсенгул Өмүралиевдин айтымында, СССР урагандан кийин кол коюлган келишимге ылайык союздук бюджеттин эсебинен салынган ишкана, объектердин баары кайсы республиканын аймагында жайгашса, ошол өлкөнүн менчигине өтөт деп белгиленген. Ал эми республикалар бюджетинен салынган объекттер сүйлөшүү аркылуу чечилет деп келишилген. Мына ошол келишимге ылайык, Ысык-Көлдөгү пансионаттар Өзбекстан жана Казакстанга 15 жылга ижарага
берилген .

- Ошондо 1992-жылы мен Мамлекеттик мүлк фондун башкарып турганда, биз казактар менен өзбектерге ошондой шарт койгонбуз. Себеби келишимдер тургандан кийин өзүбүздүн менчикке ала албайбыз. Ошон үчүн биз аларга 15 жылга ижарага бергенбиз.

Белгилеп кете турган нерсе, казак тарап 15 жылдык ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы келишимге жетишип, төрт пансионатты өз менчигине, ал эми пансионаттар турган жерди 49 жылга ижарага алды. Ал эми өзбек тарапка кайсы пансионаттар ижарага берилгени тууралуу Өмүралиев буларды маалымдады:

- Өзбектер бүгүн иштетип аткан пансионат төртөө. Анын ичинен иштеп атканы экөө. Бул Боз-Теридеги “Алтын-Кум”, анан Кара-Ойдо “Рахат” деген бар, “Диларом” дегени бар. Ал иштейби, иштебейби билбеймин. Анан төртүнчүсү “Ташсельмаш”. Ал Тоңдо. Бүгүнкү күндө менимче, ал иштебей турат.

Жоюлуп кеткен Туризм боюнча агенттиктин акыркы жетекчиси Турусбек Мамашев өзбек тарап пансионаттар боюнча маселени буга чейин эле көтөрүп келишкенин белгиледи:

- Булар дагы сурагандай кат жазышкан. Ошондуктан өзбектер бул маселени сөзсүз көтөрүшөт. Алар сураган пансионаттар төрт-бешөө. Көлдүн түштүк жагында, түндүк жагында бар. Ошол эле “Рахат”, “Диларом” дегендер. Булар мен билгендер, - деген Мамашев бул пансионаттар Кыргызстан менчигине өткөрүлүш керектигин кошумчалады.

Кыргызстан эмне кылыш керек?
Пансионаттар маселесин кандай чечүү Кыргызстандын ички иши.

Азыркы мезгилде “Рахат”, “Алтын-Кум” пансионаттарын өзбек тарап иштетип жатат. Бирок алардын ижара мөөнөтү 2008-жылы соңуна чыккан. Кыргызстандын атын атагысы келбеген белгилүү дипломатынын пикиринде, өзбек тарап бул пансионаттарды Казакстан сымал өз менчигине алууну көздөп жатат. Ал прецендент болуп калган. Бирок Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинин деңгээли менен Бишкек менен Ташкендин мамилесинде айырма бар. Ошондуктан “Рахат”, “Алтын-Кум” жана башка пансионаттардын маселесин кандай чечүү Кыргызстандын жеке ички иши.

Эсенгул Өмүралиев болсо пансионаттар маселесин чечүүдө Кыргызстан газ сыяктуу маселелерди узак мөөнөткө чечип алса болот:

- Эгерде бул маселе менен газдын маселесин байлап, узак мөөнөткө чечип алышса, же болбосо башка маселелерди байлап чечип алса болот. Бул жерде мындай да, ээси ким болот андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт.Эң негизгиси ал эки пансионатта тең биздин жарандар иштеп атат. Салыктарын төлөйт. Инвестиция келет.

Ошентип Өзбекстан өз менчигине алууга кызыгып жаткан бул пансионаттарга байланышкан маселе кандай чечилээри азырынча белгисиз.

Өлүм менен жашоонун ортосунда жүргөн саясат

Өткөн жылы 8-январда маркум Медет Садыркулов президенттик администрациянын башчысы кызматынан бошотулган эле . Анын эки айдан кийинки өлүмү расмий түрдө жол кырсыгынан болду деген менен көпчүлүк бул табышмактуу өлүм Садыркуловдун саясий ишмердигине байланыштуу болду деген божомолду айтып келатышат. Бул темада жаш саясат талдоочу Мирсулжан Намазалиев өзүнүн ой-пикирин бөлүшөт.

- Президенттик администрациянын мурдагы башчысынын көз жумушу автокырсыктан болду деген расмий жыйынтыкка ишене алдыңызбы?

- Менин оюмча бул жыйынтыкка көпчүлүк эле адамдар ишенген жок, ошол эле учурда көп фактылар бул жол кырсыгы эмес экендигин дагы көргөзүп турат.

- Мисалы үчүн кайсы фактылар?

- Мисалы машинасынын модели. Ошол эле машинасынын бензин куя тарган жагынын жөндөн-жөн өрттөнүн кетпеши жана башка нерселер. Алардын бир орунда туруп калып өрттөнүп кетпей тургандыгына дагы кандайдыр бир фактыларды алып келет. Ал эми жаңы машинада отуруп алып жөн эле өрттөнүп кеткендиги эң жакшы боевик кинолорду эле салбаса, чындыктан кичине алысырак болуп турат деп ойлойм.

- "Азаттыктын" окурмандары Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүн өткөн жылдын жүрөк титиреткен башкы окуясы деп белгилешкен. Бул табышмактуу өлүм башкалар үчүн чоң сабак болсун, үшүн алсын деген максатта атайын жасалган деген пикирлер дагы жок эмес. Сиз кандай ойлойсуз?

- Медет Садыркуловдун өлүмүн өтүп кеткен жылдын эң негизги окуясы деп эсептейм. Себеби дегенде 2009-жылы саясаттагы, өлкөдөгү өзгөрүүлөр Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешелүү болуп калды деп айтсам болот. Анын өлүмүнөн кийин көптөгөн саясатчылар өздөрүнүн сөздөрүнөн, иш-аракеттеринен аярлап, кичине коркунуч менен иштеп калды деп ойлойм. Бул окуя саясаттын өлүм менен жашоонун ортосунда жүргөн тармак экениндигин дагы көргөзүп кетти.

- Мурдагы саясатчынын өлүмү президенттик шайлоого кандайдыр бир деңгээлде оң таасирин тийгизди деген пикирлер бар?

- Бул жөнүндө так айта албайм, бирок ошол эле учурда жанагы президенттин айлана-чөйрөсүнө жаңы адамдар келип, жаңы технологиялар менен президенттик шайлоону өткөргөндүгү балким ошондон болгондур.

Менин оюмча өтүп кеткен жыл Медет Садыркуловдун тирүү кезинде пландаштырган иш-аракеттери менен өтүп кетти. Мурда Медет Садыркуловдун ар кыл амалдары бийликти ар дайым куткарып келген. Жаңы жылда, жаңы учурларды, жаңы саясий кризистерди азыр Медет Садыркуловдун жоктугунан көрөбүз. Эми 2010-2011- жылдары кандай болорун көрө жатарбыз

Б.Обама жоопкерчиликти бөлүшөт

"Ал-Каидага алдырбайбыз", 2010-жыл, 5-январь

Б.Обама АКШнын президенти катары чалгын кызматынын тартар жоокерчилигин кошо бөлүшө турганын айтты. Ал "Ал-Каида" менен согуш болуп атат деди.

Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама саналуу сааттар мурда Америка элине кайра кайрылуу менен чыкты.

«Жоопкерчиликти бөлүшөм»

Президент 5-январда коопсуздук боюнча жыйын курган
Анда ал АКШнын чалгын кызматтары кетирген кемчиликтерди кошо тартышарын билдирди.

- Акыр-аягы жоопкерчилик менде. Президент катары менин нация алдында жана биздин элдин алдында алган жоопкерчилигим бар. Системада кемчилик кетсе – бул менин дагы кемчилигим, - деди ал.

Президент ошондой эле террорго тийиштиги бар делип шектелгендердин тизмези менен иштөө мындан ары катаалдатыла турганын, ал эми коопсуздук чаралары күчөтүлө турганын билдирди.

Акыркы үч күндүн ичинде Барак Обама 25-декабрдагы окуя боюнча ушуну менен экинчи ирет билдирүү жасап отурат. Ал Крисмаст күнү түбү нигериялык 23 жаштагы Умар Фарух Абдулмуталлаб Амстердам-Детройт багытындагы америкалык учакты жардырмакчы болгондо кармалган болчу. Ага АКШнын Мичиган соту тарабынан 289 адамды өлтүрмөк болгон, массалык кыргын салуучу куралды колдонууга аракет жасаган деген сыяктуу алты пункттан турган айыптар тагылды.

Президент Обама бул ирет да АКШөкмөтүнүн колунда бул кутумдун бетин ачууга зарыл баардык маалыматтар болгону менен, чалгын кызматтары аны жалпылап иштеп чыккан эмес, ошону менен алдыдагы коркунучтун деңгээлин түшүнө алган эмес, деп билдирди. Ал ушуну менен экинчи ирет коопсуздук кызматтарын ачык сынга алып отурат.

Чалгын кызматы күнөөсүн мойнуна алды

Өз кезегинде чалгын кызматы президенттин сынын туура деп мойнуна алды. АКШнын улуттук коопсуздук министри Джанет Наполитанонун айтымында, быйыл 2010-жылы АКШдагы аэропорттордо адамды алаканга салгандай көрсөтө турган кошумча 300 сканер орнотулмакчы.

Президент Б.Обама ошондой эле Кошмо Штаттары «Ал-Каида» менен согуш абалында турганын, муну дүйнөнүн мусулмандары туура кабыл алышы
Учакты жардырмакчы болгон Умар Фарух Абдулмуталлаб
зарыл экенин айтты.

- Биз согуш абалындабыз. Биз жек көрүү менен мыкаачылыктын торун жайып, 11-сентябрда бейкүнөө 3000 адамды өлтүргөн жана бул кутум менен кайра бизге сокку ургусу келген «Ал-Каида» менен согуш абалындабыз. Биз аларды жеңиш үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз, - деди ал.

АКШнын мамлекет башчысы ошондой эле өлкөдө коопсуздукту күчөтүп, муну менен ачык коомдун идеалдары болгон эркиндик сыяктуу баалуулуктарды сактоо багытында иш жасалаарын, ал президент болуп турганда «Ал-Каидага» эч качан алдырбай турганын да айтты.

"Инвестиция салабыз"

Ал максаттын бири катары Кошмо Штаттарында кыйма-чийме учуп аткан каттамдардын коопсуздугун жакшыртуу керектигин, ал үчүн өкмөт колдон келгенди жасап жатканын айтты. Алсак, президент Обаманын маалыматы боюнча, Крисмасттын алдында эле АКШнын аэропортторундагы жаңы технологияларга өкмөт 1 миллиард доллар инвестиция салган.

25-декабрда ишке ашпай калган терракт тууралу АКШнын күч кызматтарынын отчету жакын арада жарыяланмакчы.

Абдулмуталлаб жана "Ал-Каида"

Ал арада америкалык учакты жардырмакчы болгон Умар Фарух Абдулмуталлаб «Ал-Каиданын» катарына кабыл алынгандан кийин, Йемендеги радикал Анвар ал-Авлаки менен жолукканы белгилүү болду. Бул тууралу Йемендин коргоо жана коопсуздук кызматы билдирди. Бул уюмудун жетекчи орун басарынын айтымында, Йемендеги радикал Анвар ал-Авлаки болсо Крисмаст күндүн алдында абадан жасалган чабуул маалында каза тапкан.

Неданын убалы иран өкмөтүнүн мойнунда

Тегеран -- Өкмөттүн колдоочулары оппозиция лидерлери Мир Хоссейн Мусавини жана Мехди Каррубини,экс-президент Мохаммед Хатамини АКШнын "агенттери" деп эсептешет.

Ирандын мамлекеттик телеканалы өткөн жайдагы тополоңдорго байланыштуу даректүү тасма көрсөттү. Кара кагылыш маалында полициянын огунан мерт болгон Неда Ага Солтан аттуу бийкени филмдин авторлору чет элдик тыңчы деп ырасташты. Окуяга катышкандар муну Тегерандагы режимдин "кезектеги жүзү каралыгы" катары айыпташты.

Былтыр июнда президенттик шайлоодон кийинки массалык демонстрациялардын биринде полициянын колунан он чакты адам мерт кетип, жүздөн ашуун киши жарадар болгон. Алардын арасында жыйырма жети жаштагы Недага да ок жаңылып, ооруканада көз жумган. Ким бирөө анын кансырап жаткан учурун чөнтөк телефонуна тартып алып, ошол эле күнү интернет аркылуу дүйнөгө таркаткан. Неда алеки саатта иран демократиясынын "алтаны" аталып, анын туусуна айланган.

Мамлекеттик телеканал чыгарган тасмада бул окуя таптакыр башкача өңүттө баяндалат. Тактап айтканда, Неда, ага ок тийип жыгылганда дароо машинага салып, шашыла ооруканага алып жөнөшкөн врач жана жазуучу Араш Хежази, Неданын музыка мугалими филмде АКШнын жана Британиянын тапшырмасын аткарган тыңчылар деп аталат.

Тасмада баяндалгандай, Неда жаракат алып, машининаны арткы орундугунда жатып калат экен. Бул учурда жаңкы экөө - дарыгер менен мугалим – колтугуна каткан тапанчасын алып чыгып, көчөдө аламан түшүп жаткан элди атып киришиптир. Муну менен алар аламан топту дүрбөтүп, тополоңду ого бетер козуткусу келишкен экен. Неда ошондо алардан кутулгусу келип качып баратканда аны артынан атып салышыптыр.

Ошентип, "Неда бузукулардын тилине кирип, жаш кезинде жайран болду",-деп айтылат тасмада. Неданын канга бойолуп жаткан учурун болсо тасманы тарткандар башынан ылдый кызыл бойок төгүп алган "амалкөйлүк" катары түшүндүрүшөт.

Араш Хежази мунун баарын кудайга жакпаган калп деп атап, полициянын огу Неданын дал жүрөк тушуна тийгенин, аткан кишини демонстранттар баса калып, төпөштөп салганын, аты-жөнү белгилүү экенин, бирок аны сотто албай коюшканын ырастады.

"Жанары жайнаган жаш кызды аламан топко кошулуп калганы үчүн эле атып салышты. Ошондон бери иран өкмөтү күнөөнү башкаларга жүктөй салуу үчүн колдон келген бардык аракеттерди көрүп келатат", -деп айтты ал "Азаттыкка" телефон аркылуу Британиядан.

Недага байланыштуу өкмөт ар түрдүү себептерди ойлоп тапты. Быйыл эле Ирандын Бахрейндеги элчиси батыштагы басылмалардын биринде АКШдан жана Британиядан жөнөтүлгөн "атайын агенттер тобу" оппозициядагы кыймылдын катарына келип кошулуп, анын мүчөлөрүн четинен тымызын тындым кылып жатат деп ырастады. Оппозиция лидери Мусавинин жаңы жыл алдында жайран болгон жакын тууганы үчүн жоопкерчиликти да элчи ошол "тыңчылардын" мойнуна жүктөдү.

"Бийликтер адегенде Неданы тирүү деп айтышты. Интернеттеги кадрларды атайы жалгамаланган сүрөттөр, баарын Батышта жасап жатат деп түшүндүрүштү. Бир жолу Неданы ЦРУ өлтүрүп кетти деп ырасташты. Экинчи ирет болсо муну элдик можахеддер уюмуна оодара салышты", -дейт Хежази.

"20-июнда Неданын каза болгону анык. Муну ошол күнү ооруканада ырасмий түрдө ырасташкан",- дейт Хежази. Бирок Неданын өлүмү өкмөттүн көзүнө түшкөн конок болуп, бийлик ошондон бери ар кандай божомолдорду ойлоп таап жатат.

Недага сөз айттырып, үйлөгөнү жүргөн Каспиан Макан мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн тасманы режимдин жүзү каралыгын ырастаган танык деп атады. Жадесе аны жаткан жайында да тим койбой, жакында кабырына: "Эгер ким ислам республикасына акаарат келтирсе, Недага окшоп октон ойрон болот",-деп жазып кетишиптир. "Мындайга дити барган режимди кантип кудайга ишенген бийлик дегенге болсун?!"-дейт ал.

Казакстан ЕККУдан эмне алат?

Польшадагы казак коомчулугу Казакстандын ЕККУдагы жетекчилигине каршылык иретинде митингге чыгышты, 24-сентябрь, 2007

1-январдан тарта Казакстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун (ЕККУ) жетектей баштады. ЕККУдагы жетекчилик Казакстанга эмне берет жана өлкө кайсыл проблемаларды чечүүгө аракет кылышы мүмкүн?

Казакстан ЕККУну жетектейби-жокпу деген талкуулар башталганына 10 жылга жакындап калды. Адам укугун коргоочу эларалык уюмдар расмий Астананы саясий эркиндиктин жоктугу, сөз эркиндигинин кысымга алынышы, адам укугун коргоочулардын кордолушу үчүн сындап, авторитардык башкаруудагы бул өлкө ЕККУну башкарууга татыксыз деп келишти.

Бирок талаш-тартыштардын баары 1-январдан баштап, Астана чындап эле ЕККУнун жетекчиси болуп жарыялангандан кийин, басылды окшойт. Аталган уюмдун расмий өкүлдөрүнүн бири “Азаттыкка” айтканына караганда, азыр Казакстан кантип болбосун, өзүнө алган милдетти мыкты аткара алаарын көргөзүүгө аракет кылат.

Бул уюмдагы милдеттин эң эле башкысы - ага мүчө 56 жумурияттын ортосунда экономика жана коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкты арттыруу.

Казакстандын ЕККУдагы элчиси Кайрат Абдрахманов 30-декабрда “Азаттык” радиосу уюштурган тегерек үстөл талкуусунда: “Биз азыр буерде ЕККУнун үчүнчү катардагы гуманитардык миссиясына көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Бирок биз башкарабыз деп жаткан уюм негизинен коопсуздуктун саясий, аскерий аспектилери, экономикалык проблемаларды чечүү, экологиядагы көйгөйлөр боюнча иштейт. Жетекчи катары биз чечишибиз керек болгон маселелер көп”, - деген эле.

Казакстан эми январда жана майда Айлана-чөйрөнү коргоого жана Экономикага арналган жылдык форумду өткөрөт. Анда жетекчи мамлекет катары ал талкууга коюлуучу негизги проблемаларды сунуштайт.

2010-жыл үчүн, мисалы, Казакстан өзү мамлекеттердеги башкарууну жакшыртуу, чекара аймактарында, ЕККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы темир жол каттамдарында коопсуздукту күчөтүү маселелесин кароону сунуш кылган.

Канат Саудабаев
Жетектөөчү мамлекет коопсуздук жана адам укуктары боюнча конференцияны да уюштурат, ноябрда болсо уюмдун баардык тармактардагы иш-аракеттери тууралуу жылдык жыйынды өткөрөт. Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев болсо мүчө мамлекеттерге барып, алардын уюм менен кызматташтыгын талкуулайт.

Казакстандык расмий өкүлдөр постсоветтик мамлекеттер ортосундагы конфликттерди жөнгө салууда алардын мамлекети арачылык милдетти аркалап келатканын айтып жүрүшөт. Ноябрда тышкы иштер министри Саудабаев, мисалы, Казакстан ЕККУнун жетекчилигине келгенде азери-армян тараптардын ортосундагы Тоолуу Карабак проблемасы боюнча да активдүү иштей турганын айткан.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Армения менен Азербайжанды эки ирет сүйлөшүүгө чакырып, мунаса табууга үндөгөн. 1991-92-жылдардагы ал аракеттеринен майнап чыкпады.

Казакстан ЕККУдагы жетекчилиги учурунда постсоветтик аймакта чечем деген маселелеринин бири грузин-орус алакаларына байланыштуу болушу да мүмкүн.

Дегинкиси, Казакстан дүйнөдөгү регионалдык коопсуздук боюнча эң ири бул уюмда аткарууга камынып жаткан иштери туурасында 14-январда Венадагы жыйында казак тышкы иштер министри Саудабаев кеңирирээк айтаары күтүлүүдө.

Элчи Кай Эйде акыркы сөзүн Ооганстанга арнады

БУУнун Ооганстандагы атайын чабарманы Кай Эйде

Улуттар Уюмунун кызматтан кетип жаткан Ооганстандагы элчиси Кай Эйде шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде акыркы ирет сүйлөдү.

Элчи АКШлык аскерлерди көбөйтүүдөн эле Ооганстандагы кырдаал жакшырып кетпесин айтып, ошон үчүн өлкөгө социалдык-экономикалык обьектилерди куруу аркылуу жардамдашууга үндөдү. Бул иш-чаралар, Кай Эйденин пикиринче, талиптерди жеңүүгө чоң

Оогандар кээде өздөрүн бөтөн жерликтей жана өлкөсү эгеменсиздей сезишет.
Кай Эйде

огожо болмок.

Ооганстан. Румыниялык атайын күчтөрдүн жоокери Тагаб-Кутшбактагы машыгуу базасында. 6-январь 2010
Кай Эйде БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги кайырлашуу сөзүндө Ооганстандагы талиптер башындагы козголоңчуларды талкалап, өлкөнүн ыраатуу өнүгүүсүн камсыздоо үчүн аскерлерди көбөйтүүдөн мурда граждандык адистерди жөнөтүп жардамдашуу зарыл экенине көңүл бурду.

Дипломат: Ооганстанга аскер эмес, адис-куруучулар керек

Азыр Ооганстанда 110 миңдей чет элдик аскер бар. Алардын 70 миңи АКШдан. Быйыл АКШ дагы 30 миң, НАТО 7 миңдей жоокер жиберет.

Эйде эл аралык коомчулукту Ооганстанга өкмөттүк мекемелердин жигердүү иштөөсүнө көмөктөшчү, жолдорду жана инфраструктураны курууга, айыл чарбасын көтөрүүгө жана кесипкөйлөрдү окутууга жардамдашуучу адистерди жөнөтүүгө чакырды.

Дасыккан норвегиялык дипломаттын пикиринче, аскерлерби же граждандык адистер болобу, алар оогандардын үрп-адаттарына түшүнүү менен мамиле кылганы жөндүү. Азыр НАТО жана анын союздаштары аскерий операцияларды пландаганада жана ишке ашырганда оогандарды теңине алып, эсептешпейт, деди БУУнун Ооганстандагы элчиси:

-Оогандар кээде өздөрүн бөтөн жерликтей жана өлкөсү эгеменсиздей сезишет. Мындай түшүнүк Ооган өкмөтү менен эл аралык жамаат арасында керексиз жана коркунучтуу абалдын жаралышына өбөлгө болот. Бул өлкөдөгү чет элдиктер баскынчылар деген шектенүүгө түртөт жана адамдарда кемсинүү сезимин жаратат.

Кай Эйденин байкашынча, чет элдиктердин чоң кемчилиги- алардын Ооганстандын салыштырмалуу тынч аймактарынын элине жардам көрсөтпөй көз жаздымында калтырганы. Натыйжада мындай жерлерди талиптер бийлеп калган.

- Мен Нью-Йоркко жөнөрдөн мурда, оогандардын бир катар көрүнүктүү саясатчыларынан эмне үчүн акыркы жылдарда талиптер жайылып кеткенин сурадым. Алардын жооптору ар кыл болду. Бирок баары тең стабилдүү аймактардын өнүгүүсү үчүн эч кандай каражат чегерилбегенин айтышты. Ал үчүн биз азыр чоң чыгымга барышыбыз керек.

АКШнын БУУдагы элчиси Розмари Дикарло Вашингтон Ооганстандагы граждандык адистердин саны быйыл 1 миңге жеткирерин, бул былтыркыдан үч эсе көп экенин билдирди.
Кабылдагы анти-америкалык митингдин катышуучулары. 3-декабрь 2009


Талиптер "кара тизмеден" чыкса, куралын таштайбы?

Ооганстандын БУУдагы элчиси Захир Танин болсо тынч турмушка умтулган талиптерди коомго камыр-жумур аралаштыруу үчүн Коопсуздук Кеңешинин 1267-резолюциясын кайра кароого чакырды:

-...Кеңештин резолюциясы боюнча түзүлгөн жалпы тизме өзгөртүлсө, Ооган өкмөтүнүн талабына жараша талиптердин адаватчылыктан баш тартып, тынчтыкта жашоого даяр бөлүктөрү санкция тизмесинен чыгарылмак.

Айтылган тизмедеги оогандардын банктардагы эсептери тоңдурулуп, алардын көптөгөн өлкөлөргө кирүүсүнө уруксат жок.

Талиптердин БУУдагы мурдакы өкүлү Абдул Хаким Мужахид да шаршемби күнү “Азаттыка” берген интервьюда оогандар арасындагы өз ара ишенбөөчүлүктү жоюу үчүн“кара тизмени” өзгөртүү зарыл экенин айтты:

-Ооганстанда өз ара ишенбөөчүлүк өкүм сүрүүдө. Өкмөткө оппозициядагы айрым адамдардын ысмы (АКШнын) кара тизмесинде жана (БУУнун) санкция тизмесинде жүрөт. Алардын ысмы бул тизмеден чыгарылса, ич ара ишенүүгө жана Ооганстандагы тынчтыкка карай жасалган жакшы кадам болмок.

Кай Эйденин айтымында, козголоңчуларды кызматташууга тартуу тынчтыкка жардамдашы мүмкүн, бирок алар оболу курал-жарагын таштап, эркин жана демократиялуу Ооганстан үчүн кызмат кылууга даяр экенин далилдеп бериши абзел.

Медет Садыркуловдун өлүмүнө бир жыл

Мындан туптуура бир жыл мурда, былтыр 13-марттын таңында президенттик администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркулов жол кырсыгынан каза тапканы кабарланган. Табышмактуу жагдайдагы бул кырсык боюнча "Азаттыктын" архивинен, былтыр жыл соңунда даярдалган макаланы сунуштайбыз.

“Азаттыктын” интернет баракчасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо окурмандардын көпчүлүгү 2009-жылдын башкы окуясы катары Медет Садыркуловдун өлүмүн эсептешерин билдиришкен. Ырасмий түрдө жол кырсыгынан өлүмгө дуушар болду делген М.Садыркуловдун табышмактуу өлүмү көптөгөн күдүк ойлорду жараткан эле.


Туура бир жыл мурда, 2009-жылдын 8-январында президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен ошондогу президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркулов кызматынан бошотулган. Өз каалоосу менен арыз жазып, “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген негизде бошотулуп, ага Тышкы иштер министри кызматы сунушталары айтылган. Бирок М.Садыркулов эмнегедир оппозиция өкүлдөрү менен жолугуша баштаган болчу.

Ошол эле жылдын 13-мартына караган түнү Бишкектин четинде өрттөнгөн “Lexus LX 570” маркасындагы авто унаа табылып, ичинен күйгөн үч дене чыккан. Кийин ал күйгөн денелер мурдагы президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов, мурдагы эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору Сергей Слепченко жана М.Садыркуловдун айдоочусу Кубат Сулаймоновго таандык экендиги аныкталган.

Болуп өткөн окуя боюнча Ички иштер министрлиги “жол кырсыгы” деген негизде иликтөө иштерин баштаган. Ал эми оппозиция өкүлдөрү, ал гана эмес айрым бийлик өкүлдөрү да М.Садыркулов менен болгон кандуу окуяны адам өлтүрүү катары баалашкан. Дал ошол окуяны “Азаттыктын” интернет баракчасындагы сурамжылоого катышкандардын көбү 2009-жылдын башкы окуясы катары көрсөтүшкөн.

Ырасмий версия: Жол кырсыгы

Ырасмий версия боюнча окуя болгон күндөн тартып эле “жол кырсыгы” деген негизге басым жасалган. Ага ылайык Өмүрбек Осмонов аттуу “Аudi-100” маркасындагы авто унаанын айдоочусу Бишкек - Жылуу-Суу авто жолунда, Кой-Таш айылына жакын жерде уктап кетип, М.Садыркуловдор отурган “Lexus LX 570” маркасындагы унааны сүзүп алган. Натыйжада өрт чыгып, “Lexus LX 570” унаасында отургандардын үчөө тең күйүп кетишкен. Ал эми “Audiнин” айдоочусу Ө.Осмонов азыноолак жаракат алып, аман калган.

Ырасмий маалыматтар боюнча окуя болгон түнү М.Садыркулов түшкөн унаа Алматы шаарынан келаткан. Бирок эмнегедир алар үйлөрүнө түз барбай Бишкектин жогору жагына, Кой-Таш айылы трапка чыгып кетишип, жолдо кырсыкташкан.

Бир катар бийлик өкүлдөрү болсо бул окуяны саясатташтырбоо керектигин, авто кырсыктары көп эле болчу көрүнүш экенин айтып чыгышкан. Маселен “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип атып мындай деген:

Ажыбай Калмаматов
- Анын тегерегиндеги болуп аткан сөздөргө келсек, аны биз саясий заказ же башка бир криминалдык иштерге байланыштыра албайбыз менин оюмча. Менимче бул кокустук болсо керек. Мындай кокустуктар коп эле болот. Ал саясатчы болуп, мурда президенттин администрациясынын жетекчиси болуп турганы үчүн көңүл бурулуп атат.

Тергөө жыйынтыгы “Audiнин” айдоочусун айыптуу деп таап, Аламүдүн райондук соту 2009-жылдын 5-июнунда Ө.Осмоновду 12 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Жабырланган тарап чечимге макул болбой жогорку инстанцияларга кайрылган. Чүй облустук соту, андан кийин 2009-жылдын 4-декабрында Жогорку Сот дагы Аламүдүн райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Мындай кокустуктар коп эле болот. Ал саясатчы болуп, мурда президенттин администрациясынын жетекчиси болуп турганы үчүн көңүл бурулуп атат.

Ажыбай Калмаматов

Ошентип ырасмий версия боюнча белдүү саясатчы, К.Бакиевдин командасында далай долбоорлорду ишке ашырып, соңку кездери бийликке таарынычын жашырбай калган М.Садыркуловдун өлүмү “жол кырсыгы” деген аныктамадан аша албай калды.

Ырасмий версияга ишенбегендер көп

Кырсык болгондун эртеси эле оппозиция өкүлдөрү М.Садыркулов мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айта башташкан.

Маселен, “Улуу Биримдик” партиясынын лидери, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаевдин пикиринде, М.Садыркуловго каршы террордук чабуул уюштурулганы көрүнүп турат. Анын ырасташынча, Алматыга кетердин алдында М.Садыркулов аны менен жолугуп, соңку кездери президент менен тил табыша албай калганын, К.Бакиевдин жеке бийлигин чыңдоого жардам берип ката кетиргенин, эми аларды оңдоого ниеттенип калганын, жакын арада бардык конструктивдүү күчтөрдү бириктирүүгө аракет кыларын айткан:

- Ал киши мага “өлкөдө конструктивдүү күчтөрдүн жалпы биригүүсү алдында турабыз. Бир-эки күндөн кийин көрөсүң кандай чоң саясий процесстер башталарын. Биз азыр чоң саясий кыймылдын астында турабыз” деп айткан. Өзүнүн сөзү бул. Мисалы, Алматыга барып жолуккан кишилерин, бияктагы жолуккан кишилерин, ошол жасайын деп аткан иштеринин түбүн, тамырын карап көрсө эле ошонун себептери чыгат. Менин оюмча бийликке абдан коркунуч туулган. Алар Садыркуловдун уюштуруу дараметинен, саясий аброюнан коркушкан. Ошонун негизинде эле ушундай кырсык өзүнөн-өзү чыгып калды деп ойлойм.

Ушундай эле маанайда жолугушуулар болгонун “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылар да айтып чыгышкан.

М.Садыркулов былтыр 8-январда кызматтан кеткенден кийин “Ак жол” партиясынын төрага орун басары, андан соң вице-премьер-министр болуп турган Элмира Ибраимова дагы кызматтан кеткен. М.Садыркулов кейиштүү абалда кайтыш болгондон кийин дал ушул Э.Ибраимова анын жөн гана жол кырсыгына кабылганына ишенбей турганын айткан эле:

- Бир жумадай болду го, Медет Чоканович айткан, “Тиякта, үйдүн жанында бирөөлөр туруп атат. Мени өлтүргөн атышат” деп айтты...
Менин оюмча бийликке абдан коркунуч туулган. Алар Садыркуловдун уюштуруу дараметинен, саясий аброюнан коркушкан.

Эмил Каптагаев

Саясий серепчилер “Ак жол” партиясын дал ошол М.Садыркулов түптөгөнүн, Жогорку Кеңешке “Ак жол” аркылуу өзүнүн кадрларын да алып келгенин, алардын арасында Элмира Ибраимова, Зайнидин Курманов, Эрик Асалиев, Эрнест Акрамов сыяктуулар болгонун айтып келатышат. Бирок М.Садыркуловдун өлүмү жөн кырсыкка окшобой турганын Э.Ибраимова менен Э.Акрамов гана айтышкан болчу. Ал эми башкалары унчуга албай, ал тургай З.Курманов жакында эле президенттин колдоосу менен парламент төрагасы болуп калды.

М.Садыркуловду коркутуулар мурда эле болуп келген

2008-жылы Медет Садыркуловдун үйүнө белгисиз бирөөлөр жаңы жылдык белек катары кесилген кулак менен манжа таштап кетишкени да көп айтылган. Кийин аны М.Садыркулов менен акыркылардан болуп көрүшкөн журналист Аркадий Дубнов да айтып, бул окуя тууралуу аны менен соңку жолугушууда кеңири сөз болгонун билдирген.

Президенттик администрацияны башкарып, экинин бири болуп турган адамга мындай коркунучтуу эскертүүнү кимдер даап жасаганы табышмак. Бирок коомчулукта мындай ишти М.Садыркуловдун бийликтеги өтө таасирлүү атаандашы уюштурган деген кеп тараган. Маселен, Э.Каптагаевдин айтымында, ошол убакта манжа менен кулакты М.Садыркуловдун үйүнө милиция кызматкерлери алып барганы тууралуу маалыматтар пайда болгон:

- Сөөмөй менен кулак берилгенде, “ошону жасаган милиция кызматкерлери кармалды, сурак болуп атат” деген маалымат прессада болгон. “Төрт милиция кармалды, сурак берип атышат, ошолор машинесинин номерин талаага алып барып таштап атканда жергиликтүү эл көрүптүр” деп чыккан да. Андан кийин эле ың-жыңы билинбей кетти. Ал милициялар эмне болду? Сот жообуна тартылдыбы..?

М.Садыркуловду абдан таланттуу уюштургуч катары баалаган серепчилер, К.Бакиевдин жеке бийлигин чыңоого, оппозицияны алсыратууга дал ушул фигуранын салымы чоң болгон дешет. Андыктан аны көптөгөн оппозиция өкүлдөрү деле жактырбай, “серый кардинал”, ордо оюндарын усталык менен жүргүзгөн адам катары сыпатташчу.
Медет Чоканович айткан, “Тиякта, үйдүн жанында бирөөлөр туруп атат. Мени өлтүргөн атышат” деп айтты...

Э.Ибраимова

Бийликтин бийик сересинде ошол кездеги парламент төрагасы Адахан Мадумаров менен М.Садыркуловдун тиреши ачыкка чыгып кеткени деле маалым. “Жаңгак уюлу” чатагы негизинде 2008-жылдын май айында А.Мадумаров төрагалыктан кетүүгө аргасыз болуп, ал өзү чатактын чыгышына М.Садыркуловду күнөөлөгөн. Бирок ошол эле жылдын октябрында А.Мадумаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалып, президент өткөргөн жыйындарда М.Садыркулов менен маңдай-тескей отуруп калган.

Талдоочулар мындай көрүнүштү “таасири артып кеткен М.Садыркуловго атаандаш болсун үчүн жасалган атайын дайындоо” катары баалашкан эле. Ошол дайындоодон эки ай өткөндөн кийин М.Садыркулов өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Бирок кандай болгон күндө да М.Садыркуловдун анча-мынча А.Мадумаров сыяктуу атаандаштары ага олуттуу коркунуч жарата алмак эмес дешет.

Алматы сапары, “Кандуу жол”...

М.Садыркулов менен акыркылардан болуп Алматы шаарында журналист Аркадий Дубнов маектешкен. “Немис толкунуна” интервью берип атып ал М.Садыркулов менен көпкө сүйлөшкөнүн, ага коркутуп-үркүтүүлөрдөн кабары бар экенин, анын башкы каршылашы президенттин жакын тууганы болгон өтө таасирлүү генерал болгону баарыга маалым экенин айткан.

Алматыга М.Садыркулов бир катар белдүү адамдар менен жолугуп, тыштан да колдоо табууга, баштап аткан иштери үчүн каражат издөөгө барган дешет. Бирок Алматыга сапарынан кайтып келатып жоболоңдуу окуяга кабылды.

М.Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Эдил Кожошизи деген ылакап ысым менен “Кандуу жол” аттуу чыгарма да жазылып кетти. Чыгармада сүрөттөлгөн окуянын жылы, күнү, саатынан бери М.Садыркуловдун өлүмүнүкүнө дал келип турат. Тек гана андагы каармандардын аттары өзгөртүлгөн. Маселен, чыгармадагы баш каармандын аты-жөнү Медер Садырбеков, өлкө президентинин фамилиясы Кибаев, анын иниси жана жан сакчыларынын аты-жөнү Жакен Кибаев, коопсуздук кеңеш катчысы Хамадаев, ички иштер министри Конкаргаев ж.б.

Чыгармада президент жана анын үй-бүлөсү менен келише албай президенттик администрация башчысы кызматын таштап кеткен Медер Садырбековдун өлүмү кеңири сүрөттөлөт. Анда Медер Садырбековду президенттин бир тууган иниси, генерал Жакен Кибаев Алматыдан келаткан жолдо карматып, желдеттери менен бирге кыйнап өлтүрөт да өрттөтүп жиберет. Интернет айдыңында пайда болгон бул чыгарма көптөгөн суроолорду да жаратты. Ошентип табышмактуу, көптөгөн суроолорду жараткан М.Садыркуловдун өлүмү көркөм чыгармага да айланып кетти.

Азаттыктын архивинен: Капчыгайдагы каргашалуу окуя

Аламүдүн капчыгайы: Каргаша болгон жай
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Алсыраган оппозиция, колдоо тапкан корпорация

Айрым саясий талдоочулар Кыргызстандагы оппозициянын алсырашына президент Курманбек Бакиевдин бийлигинен башка экономикалык кызыкчылыкты көздөгөн тышкы күчтөрдүн дагы таасири тийиши мүмкүндүгүн айтышууда.


Оппозицияны алсыратууга эл аралык күчтөр да кийлигишип жатабы?

Көз карандысыз эксперт Кубан Абдымендин пикиринде, оппозицияны алсыратууга президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатынан тышкары Кыргызстандагы экономикалык кызыкчылыкты көздөгөн эл аралык деңгээлдеги таасирдүү күчтөрдүн
кийлигишүүсү байкалууда.

- Бул жерде оппозицияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясат, бул бир гана Бакиевдин саясаты эмес. Мунун артында бийик деңгээлдеги, эл аралык деңгээлдеги таасирдүү күчтөрдүн кийлигишүүсү байкалууда.

Кубан Абдымен белгилегендей, оппозицияны алсыратуу саясаты - бул Кыргызстандын ичиндеги эле саясат болбостон, Кыргызстандан тышкаркы, ага өтө таасир берүүчү чоң күчтөрдүн дагы саясаты.
Оппозицияны алысыратуу - Кыргызстандын эле эмес, ага таасир берүүчү тышкы күчтөрдүн да саясаты. К. Абдымен

Айрым байкоочулар кийинки кездерде Кыргызстанда пайда болгон чет жактан келишкен кишилердин тобу оппозицияны алсыратууга түздөн-түз кийлигишпесе дагы саясий технологдору аркылуу таасири тийиши мүмкүндүгүн белгилешүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев болсо оппозицияны күчтөн тайдырууга эл аралык каржы корпорациялардын таасири бар деп бир жактуу
кесе айтууга болбостугун, алардын бул маселеге канчалык деңгээлде тиешеси бар экендигин тыкат иликтөө керектигин билдирди.

-Чын эле мындайча карап көргөндө эл аралык корпорацияларга азыркы бийлик жакшы шарт түзүп берип жатат да. Мисалы, алардын менчиктештирүүгө, кен байлыктарга болгон иштерине жакшы колдоо көрсөтүп жатканынан улам улуттар аралык чет мамлекеттик топтордун таасири барбы деген ой келет. Бирок бул маселени дыкат иликтеш керек, жөн эле божомолдорду айта бербей...

Марс Сариевдин айтымында, кыргыз оппозициясына Орусия, АКШ өңдүү ири мамлекеттер колдоо көрсөтпөгөндөн кийин алар мурдагыдай активдүүлүгүн көрсөтө албай калышты.

Ал ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы адам укуктары, демократиялык өнүгүүнү колдобой кландык бийлик менен мамиле түзүп калганынан улам, өлөкөдө демократиялык принциптер артка кетип баратат деп эсептейт.

Ичтен ириген оппозиция

“Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Эркин Алымбеков болсо оппозициянын алсырашына чет элдик корпорациялардан мурда жергиликтүү “Арзыматтардын” салымы өтө зор дейт.

- Чет мамлекеттик каржы уюмдары дейбизби, башка жактын адамдары дейбизби алардан мурда оппозицияны алсыратууга биздин губернаторлор баш болуп, айыл өкмөттөрү, акимдер төш болуп жана башка жергиликтүү биздин “Арзыматтардын” таасири чоң. Мына Каркыраны сатып жатканда Түптөгү окуя, парламенттик шайлоодогу уюштурулган фальцификация, президенттик шайлоонун учурундагы мыйзам бузуулар, андан кийин Балыкчыдагы сот, мына ушулардын баарын эле өзүбүздүн жарандар жасап жатпайбы. Оппозицияны жаман атты кылганга түздөн-түз тиешеси бар принциби жок адамдардын катарыбызда жүргөнү дагы болуп жатпайбы.

Эркин Алымбеков белгилегендей, бийликтин туура эмес саясатын сындап, шайлоонун акыйкат, ачык өтүүсү үчүн чырылдап, отун-сууга тарифтерди көтөрүүгө каршы туруу бир ууч оппозиция үчүн эле керек эмес.
Бийликке элдин 90 пайызы оппозиция болбосо эч качан өнүкпөйбүз.Э. Алымбеков

- Биздин эл коомдогу болуп жаткан окуяларга, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына кайдыгер карабашы керек. Чын-чынына келгенде бийликке элдин 90 пайызы оппозиция болушу керек. Антпесе эч качан өнүкпөйбүз. Болбосо жалпы калк үй-бүлө жана анын айланасындагыларга баш көтөрбөй кызмат кылып, жарыбай жашай берет. Жарандык коомдор, бейөкмөт уюмдар өз-өзүнчө эле “арабасын” сүйрөй бербей оппозицияны колдоп, көйгөйлүү маселелерди чогуу көтөрүп чыгуусу керек.

Эркин Алымбеков учурда оппозиция таптакыр эле тымып калбаганын, тескерисинче укуктук талаада өз ишмердүүлүгүн күчөтүү аракетин көрүп жатканын айтты.

Бийликчил саясат таануучулар Кыргызстандагы оппозиция жеке кызыкчылыктарын көздөгөн же мурда бийликте жогорку кызматта жүрүп, кийин кызматтан кетип таарынган адамдардын курамынан тургандыгынан улам алсырагынын белгилешүүдө.

Алардын баамында, эл үчүн деп төшүн каккан оппозициянын катарындагы Мелис Эшимканов, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Субаналиев сыяктуу азаматтар бийликтен жылуу орун алышкандан кийин элдин ишеними эмес, жанындагы жакын санаалаштары менен дагы эсептешпей калышкан.

2007-жылы апрелде бир жума борбордук Ала-Тоо аянтына оппозициянын атынан элди алып чыккан “темир генерал” Феликс Кулов
митингдегилерди бийлик күч менен таратканда коргоп калмак түгүл, жардам бербегени, ошол кездеги премьер-министр Алмаз Атамбаев чогулган элди аеосуз таркатууга көмөкчү болгонунан улам элдин ишеними биротоло кетип, оппозициянын “бели омкорулганын” айтышууда.

“Былтыркы президенттик шайлоодо оппозиция ич ара ыркы келишпей, лидерлеринин самаганы “президенттик такты” болуп бирдиктүү күчкө баш кошо алышбай, ынтымагы жоктугунан улам жыйынтыгында шайлоочуларынын үмүтүн суу сепкендей өчүрдү”,- дешет талдоочулар.

Оппозициянын өкүлдөрү болсо К.Бакиев ыңкылап алдындагы убадасына турбай, тескерисинче өлкөдө тоталитардык режимди күчөтүп, бийликке сын-пикир айткан адамдарды куугунтуктап, соттоп, камап жатканынан, сөз эркиндигине кысым күчөп, демократиялык принциптерден артка кеткенинен улам оппозиция мурдагыдай активдүү болбой калганын билдиришүүдө.

И.Арабаев атындагы университеттин илим жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эмил Каныметов саясат таануу илим стандарттары боюнча “Оппозиция - мыйзамдуу шайланган бийликке каршы, анын саясатына каршы өзүнүн көз карашы, пикири бар адамдардын альтернативдүү саясат жүргүзүп, элдин пикирин коомчулукка билдирип туруучу уюмдашкан күч”, - дейт.

Анын көз карашында өлкөдөгү оппозиция учурдун талабына ылайык иш алып бара албай жатат.
Азыр оппозицияда учур талабына ылайык уюмдашып, идеясын саясий майданга алып чыга турган адамдар чектелүү.
Э. Каныметов

- Бүгүн оппозиция бар. Бирок анда учурдун талабына ылайык деңгээлде уюмдашып, идеялык жактан ой айтып, аны саясат майданына алып чыга турган адамдар чектелүү болуп калды. Мурдагы оппозиция айдыңында иш кылган адамдар өз жүзүн жоготуп койду. Биринчи кезекте биз муну оппозициянын жеңилиши эмес, оппозиция майданында аракет кылып өзүнө жол таап кетип, саясатка аралашкан адамдардын жүзүнүн жоготушунун кризиси, ошол учурда оппозициянын жеңилиши катары көрүнүп жаткан кубулуш катары эсептесек болот.

Эмил Каныметов белгилегендей, Кыргызстандагы оппозиция биринчи кезекте бийликке жетүүгө умтулбай, негизинен бийликтин туура эмес жактарын фактылар менен коомчулукка ачык айтууну, элдин көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, мамлекеттин өнүгүшүн камсыз кылууну максат кылып, элдин ишениминен чыкпоосу зарыл.

Ооган өкмөтү: Карзайдын экинчи аракети

Ооган парламенти жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн тизмесин ушул ишембиде карашы мүмкүн.

Ооган президенти Хамид Карзай парламенттен өтпөй калган өкмөт мүчөлөрүнүн ордуна башка талапкерлерди ушул ишембиде сунуш кылат. Коомчулук бул жолу жаңы ысымдар аталат деп үмүт кылууда.

Жергиликтүү "Толо" телеканалы парламенттин төмөнкү палатасынын (Уолеси жирганын) спикери Юнус Кануниге шилтеме жасап, жаңы талапкерлердин тизмесин президент Карзай ишембиге чейин депутаттардын кароосуна койгону жатканын кабарлады.

Шаршемби күнү Кабулда Карзай илимпоздорду, журналисттерди жана жарандык коом лидерлерин чогултуп, масилет өткөрдү.

Саясий эксперт Ахмад Сайеди жыйында президентке кайрылып, ал көбүнчө өздөрүн тайпа же жихад башчылары катары эсептеген кишилердин гана кеп-кеңешин угуп, ал эми улуттун саясий акыл-эсин туюнткан интеллектуалдар менен аз акылдаша турганын эскертти. "Мен атүгүл президенттин Батыш менен кежеңдешип жүргөнү улуттун кызыкчыларына каршы келерин да катуу айттым", - деп ырастады Сайеди.

Байкоочулардын көбү Карзайдын алдында азыр кыйын-кычык милдет турат дешет. Ал бир эле учурда парламенттеги көпчүлүк депутаттардын, ошондой эле Батыштагы донорлордун купулуна толгудай өкмөт түзүүгө тийиш. Кокус кайсы бир министрликти жетектегени алдым-жуттум атыккан адам дайындалып калса, анда ал мекемени финансылоодон караманча баш тартыша турганын капчыгы калың эл аралык уюмдар менен Батыштагы өкмөттөр ачык эле Карзайдын эсине салышты.

Ошол эле учурда Карзай таасирдүү тайпа жетекчилери менен ар кайсы аймактагы обурлуу жасак башчылардын талаптарын да таңазар албай койо албайт. Алардын айрымдары жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу Карзайды биринчи тизмеге киргендерди кайта көрсөтүүгө чакырышты.

Айрым маалыматтарда Карзай сунуш кыла турган тизмеде өткөн жолу парламент жаратпай салган төрт киши бар дешет. Мындан тышкары ишемби күнү тышкы иштер министринин кызматына да жаңы талапкер көрсөтүлөт деген каңшаар бар. Азыркы министр Рангин Спанта ушул айдын этегине белгиленген Лондондогу эл аралык жыйын өтмөйүнчө кызматта калмак болгон.

Өкмөттүн жаңы составына байланышкан талаштар эл аралык донорлордун маанайына да таасир этиши мүмкүн. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңешине жана Башкы ассамблеяга жолдогон докладында Ооганстандагы былтыркы президенттик шайлоо өлкөдөгү жетекчиликке калктын ишенимин кайт кылганын белгилеп, абалды оңдоо үчүн эл аралык жаңы структура түзүүнү сунуш кылды. Бул демилгени андан мурда АКШнын мамлекеттик департаменти да колдогон эле.

30 жылдык АКШ-Иран каршылашуусу "чү" дегенден унутулбайт

Жон Лимберт, АКШ Мамкатчысынын Иран боюнча орун басар жардамчысы.

Жон Лимберт жайкы президенттик шайлоодон кийин Иранда түзүлгөн кырдаалды 1979-жылкы Ислам ынкылабына алып барган жагдайга окшоштурат.

АКШ Мамкатчысынын Иран боюнча орун басар жарадамчысы Жон Лимберт ирандык студенттер 1979-жылдын ноябрында АКШнын Тегерандагы элчиликанасын басып алып, 444 күн барымтага кармаган 53 америкалыктын бири. Лимберт 30 жыл мурда бузулган Иран менен болгон мамилени оңдоого Вашингтон өтө ынтызар экенине да токтолду “Азаттыктын” кабарчысы Гүлназ Исфандияриге берген маегинде.

Ирандагы кырдаал ынкылап алдындагыга окшош...
Аты жөнү такталбаган үч америкалык туткун ирандык барымтачынын(оң жактагы сакалчан) көзөмөлү астында АКШнын Тегерандагы элчиканасында кабарчылар алдында сүйлөөдө. Тегеран. Ноябрь 1979


Өткөн аптада президент Барак Обама, анын артынан Мамкатчы Хиллари Клинтон Иран бийликтеринин тынч демонстрацияны ур-токмокко алганын сындашып, АКШ аларды колдоорун билдиришкен. Жон Лимберттин айтышынча: “Вашингтон Иран элинин талашкыс (абсолюттук) укуктарын колдойт жана өкмөттүн аларга каршы зобун-зордукка барып, укуктарын бузуусун үн-сөзсүз карап турбайт”. Анткени АКШ жетекчилиги “Иран эли дүйнөнүн башка калктарындай эле өз өкмөтүнүн аларга адамгерчиликтүү мамиле кылуусуна укуктуу деп ишенет. Иран эли өз көзкарашын эркин билдирүүгө жана өз лидерлерин эркин сындаганга укуктуу”, деп түшүндүрөт Лимберт.

Дипломат Ирандагы акыркы айлардагы жагдайды 1979-жылкы Ислам ынкылабы алдындагы кырдаалга окшоштуруп, бийлик оппозиция менен мунасага барбаса, өзүнө зыян келтирип алат деп боолгойт.

30 жылдык жаман мамиле бир күндө оңдолбойт

5-январда Хиллари Клинтон АКШ тарап Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүгө ачык экенин билдирип, кабарды Ирандын Тышкы иштер министрлиги оң баалаган эле. Бул өз элинин олуттуу бөлүгүнүн ишенимин жоготкон жана жарандарга каршы күч колдонгон өкмөт
АКШ-Иран ортосундагы сооданы чагылдырган перс тилиндеги график.15-март 2008
менен Вашингтон сүйлөшүүгө даяр дегенди билдиреби? Мындай суроого Жон Лимберт президент Обама Нобелдин тынчтык сыйлыгын алып жатканда айткан сөзүнө шилтеп: "Обама өкмөттүк зобун зордукту сындаганда жалгыз Иранды айткан жок. Биз ар кандай өкмөттүн өз букараларына каршы күч колдонгонун айыптайбыз. Ошол эле учурда кээде мындай өлкөлөр менен эки тараптын кызыкчылыгына ылайыктуу маселелерди сый-урмат менен сүйлөшүүгө даярбыз" дейт.

Президент Обама декабарда Ирандын уранды чет өлкөдө байытуу боюнча Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик- МАГАТЭнин арачылыгы менен жасалган сунушка 1-январдан кечиктирбей жооп бериши керек экенин айткан эле. Америкалык дипломаттын сөзүнчө, Ирандын МАГАТЭге берген жообу Ак Үйдү канааттандырбаган. Ошон үчүн АКШ башка өлкөлөр жана эларалык уюмдар аркылуу Иранды “тилге келтирүүгө” аракеттенүүдө. Иран дале моюнун толгой берсе, Вашингтон Тегеранга каршы жаңы эларалык санкция киргизүүгө тырышабы? “Биз эч качан үмүтүбүздү жоготпойбуз. АКШ жана Иран акыркы отуз жылда курч мамиледе болду; өз ара алака бир же эки жолугушуу менен же бир- эки айдын ичинде жөндөлбөйт. Биз узак мөөнөттүк саясат жүргүзөбүз. Биздин максатыбыз, президент Обама айткандай, 30 жылдык салкын мамилеге жана текке кеткен 30 жылга чекит койуу. Биз эч качан эки жак 30 жылдык каршылашууну жана ишенбөөчүлүктү чү дегенден унутат деп ойлобойбуз. Ирандыктар ага бүгүн даяр болбосо, эртең же келерки жумада даяр болушат. Бул маселеде өтө чоң сабырдуулук керек”, - дейт АКШ Мамкатчысынын Иран боюнча орун басар жарадамчысы Жон Лимберт.

Обама: Чалгындоо кызматы чабуулду токтото албады

Президент Барак Обама (төрдө) Ак Үйдө улуттук коопсуздук кызматтарынын башчылары менен жыйын өткөрүүдө. 5-январь, 2010

АКШнын чалгындоо кызматтарында нигериялык жанкечтини Кристмас күнү америкалык авиалайнерге түшүрбөй кармаганга жетерлик маалымат болгон.

Бирок, президент Барак Обаманын сөзүнчө, чалгындоо кызматтары колдогу маалыматты туура баалап, пайдалана алган эмес. АКШ президенти мындай билдирүүнү 5-январда Ак Үйдө коопсуздук маселесине арналган жыйында жасады.

Маалымат чогултууда айып жок, айып - аны туура баалабаганда

Президент Обама 5-январда кышкы дем алыштан чыгар замат Ак Үйдүн Курч кырдаалдарды талдоо бөлмөсүндө АКШнын чалгындоо кызматтарынын башчылары менен чогуу 25-декабрда ишке ашпай калган террордук чабуулга байланыштуу жыйын өткөрдү.
Барак Обама улуттук коопсуздук боюнча командасы менен Ак Үйдө өткөн жыйындан кийин, 5-январь 2010
Барак Обама АКШлык учакты жардырмак болгон террорчуну учакка жеткирбей кармаганга зарыл маалыматтарга чалгындоо кызматтары маани бербегенин көзгө сайып айтты:

– Маселенин маңызы бул: АКШ өкмөтүндө Кристмас күнкү чабуулдун бетин ачып, аны болтурбаганга жетерлик маалыматы болгон. Бирок биздин чалгындоо жамаатыбыз шектүү немени учурбай койчу маалыматтарды бириктире алган эмес. Башкача айтканда, маалымат чогултууда айып жок, кемчилик - бизде бар маалыматарды туура баалай албаганында.

Нигериялык Умар Фарук Абдулмуталлаб Детройтко бараткан учакты жарылмакчы болуп жатканда, жүргүнчүлөр тарабынан токтотулган. Авиалайнерде 300гө жакын адам болгон.

Абдулмуталлаб атасына эмес, "ал-Каидага" жетеленген

23 жаштагы Абдулмуталлабдын ысмы АКШнын террорчулукка каршы күрөшүү боюнча борборунун маалымат банкындагы ишенимсиз деп шектелген 550 миңдей адамдын тизмесинде болсо да, ал АКШга бараткан учакка эркин койо берилген. Уулунун ислам экстремисттери менен жакындашып, Йеменге кеткенин атасы Нигериянын коопсуздук кызматтарына жана АКШнын элчилигине былтыр кабарлаганы 25-декабрдагы ишке ашпаган чабуулдан кийин ачыкка чыкты.

Президент Обама чалгындоо кызматтарынын мындай жаңылыштыгына ынана албасын баса белгиледи:

- Мен маалыматта табиятынан кемчилиги бар деп билем. Бирок бар маалымат толук талдоого алынбаганы же алардын толук пайдаланылбаганы айкын болууда. Бул жарабайт, мен буга жөн карай албайм.

Кристмас күнкү опурталдуу окуядан соң Обама аба каттамдарындагы текшерүүлөрдү күчөттүрүп, террорчулукка каршы күрөшүү кызматтарынын ишин кылдат териштирүүнү буйруган эле.
Обама шейшемби күнү өлкөнүн коопсуздугуна жооптуу 20дан ондон ашуун агенттиктердин жетекчилерине алардын болочокку милдеттерин да эскерте кетти:

- Мен бул жетекчилерди Ак Үйгө чакырдым. Себеби биздин алдыбызда өтө зарыл иштер турат. “Ал-Каида” жана анын экстремистчил өнөктөштөрү америкалыктарды өлтүрүү аракетин токтотушпаганын Кристмаста көрбөдүкпү. Биз мындай пландарды болтурбай тим болбостон, алардын түйүндөрүнүн тамырын кыйып, биротоло жок кылышыбыз керек.

Абдумуталлабды жанкечтиликке Йеменде жайгашкан жана өзүн Арабия жарым аралынын “ал-Каидасы” деп атаган мурда белгисиз топ даярдаганын билдирген.

Барак Обаманын тапшырмасына ылайык, чалгындоо жана күч органдарынын жетекчилери кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча берилген көрсөтмөгө жараша өз сунуштарын ушул жумада беришет. Анын негизинде чукул арада жаңы чаралар иштелип, улутка жарыяланат.

Иран бийликтеринин "шариятка сыйбаган жосуну"

Ирандын чалгындоо министрлиги 60ка жакын укук коргоочу, илимий изилдөө жана маалымат булактарынын "кара тизмесин" жарыялады. Ырасмий Тегеран ирандык жарандардын кызматташуусуна тыйуу салган уюм-мекемелердин катарында эл аралык маалымат каражаттары да бар.


Ирандын душмандары: Би-Би-Си, "Фарда", "Америка авазы"...

4-январда жарыяланган бул тизмеде адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч, Фридом Хаус сыяктуу абройлуу эларалык уюмдар,

Ирандын "кара тизмесине" киргендер: Хьюман Райтс Уоч, Фридлом Хаус, Ачык коом институту, Йел университети,"Фарда", Би-би-си, «Америка авазы», Нидерландиядагы «Заманех» радиолору...

америкалык белгилүү филантроп Жорж Сорос каржылаган Ачык коом институту, АКШнын Йел университети жана Гувер изилдөө борбору, Британиянын көз карандысыз Уилтон Парк ассоциациясы бар. Ырасмий Тегеран ирандык жарандардын кызматташуусуна жана байланышуусуна да тыйуу салган
"Кара тизменин" түзүүчүсү Ирандын чалгындоо министри Гейдар Мослехи
уюм-мекемелердин катарында маалымат булактары да киргизилген. Алар "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун перс тилинде уктурчу "Фарда" радиосу, Би-Би-Си, «Америка авазы», Нидерландиядагы «Заманех» радиолору. Булардын баары 2009-жылдын жайындагы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларга катыштыгы бар жана Ислам Республикасына каршы маалымат согушун жүргүзүүдө деп күнөөлөндү.


Нидерландиялык бейөкмөттүк уюм-Hivoc да Иран бийликтери “өлкө коопсуздугу үчүн коркунучтуу” деп тапкан уюмдардын бири. Уюм ирандык жарандык уюмдар менен чогуу аялдардын укуктарын коргоо жана HIV/AIDS илдетине каршы күрөшүү жаатында иштеп жүрчү. Береги уюмдун мүчөсү Тини ван Хур Hivocко коюлган күнөөнү “негизсиз” деп атады “Азаттыкка” берген интервьюда:

- Бизди бийликти алмаштырууну көздөйт деген өңдүү айыптоо куру сөз. Жарандык уюмдардын активисттери менен гана байланышта болгонбуз. Алардын кээ бирөөлөрү президенттик шайлоодон кийин Тегеранда болгон талкууларга катышкан. Бул алардын өз ыктыярындагы иш.

Оппозиция тарапкерлери менен серепчилер Иран бийликтеринин береги кадамын өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалыматты чектөө жана өкмөт сынчыларын тыш дүйнө менен байланыштырбоонун аракети ирети баалашты.

Шариятка сыйбаган жосун

Сүргүндөгү ирандык таанымал жазуучу жана журналист Фараж Саркухинин айтымында:

-Ирандын чалгындоо министрлиги дайыма букаралардын өлкө ичинде чет элдик уюмдар менен байланыштырбоого аракеттенет. Мени мурда “Одине” журналын чыгарасың, жазуучулардын эл аралык Пен клуб уюму менен байланышып, мыйзамды бузуудасың деп айыпташкан.


Ал эми тегерандык таанымал укук таануучу-профессор Махмуд Ахунди Чалгындоо министрлиги жарыялаган тизме мыйзамсыз экенин, атүгүл Ирандын шариятка негизделген укук системасына каршы келерин айтат:

- Бул адам укуктарынын принциптерине жана эл аралык нормаларга сыйбайт. Алтурсун шариятка негизделген юридикалык системага ылайык келбейт. Ар кандай мекемеде, анын ичинде коопсуздук кызматында мыйзамда кылмыш деп көрсөтүлбөгөн аракетти “кылмышкерлик” деп аныктоого укугу жок.

Айрым серепчилердин боолгошунча, Чалгындоо министрлигинин кара тизмеси жайкы талаштуу шайлоодон кийинки демонстрациялар учурунда кармалган адамдарды соттоо үчүн пайдаланылышы ыктымал.

- Чалгындоо министрлиги чоң айыптоону Иран бийликтери камактагы адамдарды катаал жазага тартууга даяр болгондон кийин жасоодо. Алар мунусу менен жарыяланганы турган катаал өкүмдөрдү актамак болушууда, - деп жоромолдойт Фараж Саркухи.

27-декбарда да шиилердин Ашура майрамы маалында полиция менен бийлик шыкактаган өкмөтчүл күчтөр оппозициянын тарапкерлерин кысмакка алуусунан улам чыккан чатакта 8 киши набыт болгон. Ошондон кийин Ирандын өкмөттүк маалымат булактары Мусави башындагы Жашылдар кыймылынын жактоочуларын ачык каралоого өтүп, анын лидерлерин жоопкерчиликке тартууга үндөй баштаган болчу.

Барак Обама АКШнын чалгын кызматын сынга алды

Президент Б.Обама 4-январда кыздары Малия жана Саша менен Гавая аралдарынан эс алуудан кайтып келатканда

Президент чалгын кызматтарынын колунда «Ал-Каида» америкалык учакты жардырмакчы болуп жатканы тууралу маалымат болгонуна карабай тийиштүү чараларды көргөн эмес, деп билдирди.

Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама күч органдарынын жетекчилери менен өткөргөн жыйында АКШнын чалгын кызматтарын сынга алды. Алар «Ал-Каида» америкалык учакты жардырмакчы болуп жатканы тууралу маалымат алганына карабай андан тийиштүү жыйынтык чыгарган эмес, деп билдирди Б.Обама.

"Мен мындайга чыдабайм!"

Барак Обама Гаваяда, 2009-жыл, 29-декабрь

- Иштин акыры – АКШ өкмөтүнүн колунда бул кутумдун бетин ачып, Крисмаст күнкү ыктымал кол салууну мурда эле токтотууга зарыл бардык маалыматтар болгон. Бирок биздин чалгын кызматы ал маалыматтарды иштеп чыкпай, шектелүүчүнү АКШга учууга тыюу салынган адамдардын тизмесине кошкон эмес. Башкача айтканда, кемчилик - маалымат топтоодон кеткен эмес, кемчилик – топтолгон маалыматтарды бириктирип, анын маанисин түшүнө албагандан кеткен, - деди Барак Обама.

Ал ошондой эле, системалык түрдө кетип жаткан мындай кемчиликтерди тез арада жоюуну тапшырды. "Мен мындайга чыдабайм!" деди АКШ президенти. Ал мындан да катуу сындарды айтканы кабарланууда. Айрым маалыматтар боюнча кээ бир жетекчилер кызматтан да кетиши ыктымал.

Жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, коргоо министри Роберт Гейтс, мамлекеттин чалгын кызматынын башчысы Леон Панетта жана башка куч органдарынын жетекчилери катышты.

Жардырылбай калган учак

25-декабрда нигериялык Умар Фарух Абдулмуталлаб Амстердам-Детройт багытындагы учакты жардырмакчы болгондо кармалган болчу.

Умар Муталлаб жардырмакчы болгон учак, 2009-жыл, 27-декабрь

Ал "Ал-Каиданын" Йемендеги өкүлдөрү менен байланышта болгон деп шектелип жатат. Анын атасы баласынын АКШга карата ойлору терс экенин АКШнын Нигериядагы элчилигине мурда эле билдирген экен, бирок ошого карабай ал Кошмо Штаттарына виза алууга мүмкүнчүлүк тапкан.

Андан кийин АКШда аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Атап айтканда, эми ар бир жүргүнчү адамды алаканга салгандай көрсөтө турган сканерлерден өтөт.

4-январда Вашингтон 14 мамлекеттен келген жүргүнчүлөрдү текшерүүнү катаалдатты.

Йеменге көнүл бурулду

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Йемендеги кырдаал аймакка жана бүтүн дүйнөгө коркунуч келтирет деп билдирди. Анын айтымында террорчулар бул жерде жасап аткан иштердин залакасы жаман болушу ыктымал.

«Ал-Каида» жаңы чабуулдарга камданып жатат деген маалыматтар тарагандан кийин Кошмо Штаттары, Британия жана Франция Йемендеги элчиликтерин убактылуу жабышкан болчу. АКШ кечээ элчилигин кайра ачты.

Түркмөн-иран газ кууру жана анын келечеги

Иран президенти Махмуд Ахмединежад (солдо) менен түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов.

Бүгүн Марыда Түркмөнстан менен Иран ортосунда экинчи газ кууру ишке берилет. Анын узундугу 180 чакырым. Жаңы куур аркылуу түркмөндөр коңшулаш ирандыктарга "көгүлтүр отун" жөнөтүүнүн көлөмүн көбөйткөнгө ниет кылууда.

Иран 1997-жылдан бери эле Көрпеже-Курт тутумундагы куур аркылуу түркмөн газын алат. Экинчи куурдун курулушун тараптар былтыр жайда Ашхабадда макулдашкан. Ал Довлетабаддагы эң ири газ кенин Серах, андан ары Хангеран менен туташтырат.

Жаңы куур аркылуу түркмөндөр ирандыктарды адегенде жылына 14 миллиард кубометр газ менен камсыз кылууну, курулуш толук кубатта иштей баштаганда "көгүлтүр отундун" көлөмүн 20 миллиард кубометрге жеткирүүнү көздөп жатышат.

Курулуштун ишке берилишин президент Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн отун-энергетика комплексин өнүктүрүү багытындагы ири кадам катары мүнөздөдү. Бүгүн ал Марыда иран президенти Махмуд Ахмединежад менен бирге жаңы газ куурунун ачылышына катышат.

Түркмөнстан ушу тапта жылына 80 миллиард кубометр газ өндүрөт. Быйыл Кытайга 40 миллиард, Россияга 30 миллиард кубометр "көгүлтүр отун" сатуу планы бар.

Стамбулдагы соода университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Надир Девлет жаңыдан ачылганы жаткан куур Түркмөнстанга өз газын экспортко чыгарууда Россиянын көзүн карабай, теңтайлаш жолдорду тапканга шарт түзөт деп эсептейт.

Иранга болсо мунун эки бирдей пайдасы бар. Бир жагынан Тегеран Каспий алабында болжолдонуп жаткан болочоктогу долбоорлорго, келечекте Казакстандан газ тартып өтүүнү көздөгөн пландарга кошулганга, бул иштерге өз таасирин көрсөткөнгө мүмкүндүк алат. Экинчи жактан өзүнүн атом программасына байланыштуу карышкан позициясынан улам кокус жакынкы аралыкта эл аралык санкцияларга кабылса, анын капшабын аймактагы коңшулар эсебинен жумшартканга үмүт кылат.

Деген менен профессор Девлет регионалдык мамыр-жумур мамилелерге Иран азырынча анчейин даяр эместигин да белгиледи. "Жаңы түзүлгөн ушул келишим аркасында Иран өзүнүн коңшулары менен алакасын арттыргысы келет",- дейт Девлет.

Иран-түркмөн кызматташтагы жалпы региондогу мамилелерге түрткү бериши да ажеп эмес. Өткөн жылдын күзүндө иран гезиттери Тегеран менен Анкара ортосунда жаңы долбоорлор камдалып жатканын, алардын ичинде түркмөн газын Ирандан ары Түркияга тартып өтүү планы да бар экенин жазып чыгышкан. Муну менен алар Евросоюз активдүү сүрөп жаткан Nabucco газ долбооруна кошулганга Ирандын ниети бар экенин кыйытышкан.

Ооган парламенти Карзайдан жаңы талапкерлер тизмесин күтөт

Ооган парламенти 2-январда жаңы өкмөт мүчөлөрү үчүн добуш берди. Кабул, 2010-ж.

Ооган парламенти жакында кайра чогулуп, өкмөт мүчөлүгүнө президент Карзай сунуш кылчу жаңы талапкерлерди талкуулайт. 2-январда парламент Карзай сунуштаган адамдардын үчтөн экисин өткөрбөй койгон.

Ооган парламенти президент Хамид Карзайдын жаңы өкмөт мүчөлөрүн бекитип бермейинче кышкы тыныгууга тарай албайт. Тиешелүү жардыгын ооган президенти өткөн ишембиде парламент ал сунуш кылган 24 министрликке талапкердин үчтөн экисин колдобой койгондон кийин жарыялаган. Ошону менен ооган парламентинин иш тартиби бузулуп, алты апталык салттуу кышкы эс алуусун кийинкиге жылдырууга аргасыз болду. Антпесе, Хамид Карзай чочулагандай, бир жарым ай бою жаңы өкмөт бекибей, өлкөдөгү жагдайга залакасы тиймек.

Парламенттин төмөнкү палата спикери Юнус Кануни ооган президенти жаңы талапкерлер тизмесин сунуш кылаар замат, депутаттар аларды караштырыш үчүн чогулуп берет деп ишендирди. “Бүгүндөн тарта эс алууга тарайбыз, - деп кабарлады ал журналисттерге. - Бирок президенттин буйругуна баш ийип, ишембиде ал сунуш кылчу талапкерлерди караштырыш үчүн кайра чогулуп беребиз”.

Парламент алгачкы талапкерлердин көбүн коррупцияга малынган, жергиликтүү кол башчылар, согушкерлер менен байланышы бар деп өткөрбөй койгондуктан, эми Карзай өкмөткө жаңы саясатчыларды, элдин көбү жактыра турган адамдарды сунуш кылат деген үмүт жанданган. Өткөн ишембиде башкы тармак башчылары – коргоо, ички иштер, каржы жана айыл чарба министрлери парламентте бекитилген. Ооганстандын жаңы тышкы иштер министринин ысымы али белгисиз.

Карзай сунуш кылган алгачкы талапкерлердин көбү парламентте жыдыгандан бери серепчилер анын ар түрдүү себептерин талдап жаткан чак. Ройтерс агенттиги чет элдик дипломатка шилтеме жасап, алгачкы тизмеге талаа командирлеринин жакын кеңешчилери кирип калганын, алар балким, президенттик шайлоо маалында көрсөткөн колдоосу үчүн соодалашып жатышы мүмкүн экенин жазып чыкты. Андан улам, ооган парламентинин дагы бир мүчөсү Кабир Ранжбар эми да жер-жерлерде өзүн-өзү билген кол башчыларга катышы бар адамдар өтпөй турганын айтат.

- Президент кандай принциптер жана баалуулуктарга таянып талапкерлер сунуш кылаарын өзү чечиши керек. Эгерде кайрадан шайлоо маалында ага жан тарткан кол башчыларга тиешеси барлар көрсөтүлсө, андайлар өтпөйт деп алдын ала айта алам.

Ооганстандык айрым маалымат каражаттары президент Карзай парламент өткөрбөй койгон айрым талапкерлерди кайра башка кызматка сунушташы мүмкүн деп жазып чыгышты. Президенттин басма сөз өкүлү Сиямак Херави ушул апта аягында тизме парламентке сунушталат деп ишендирди. Анын айтымында, ооган президенти өкмөттүн калган мүчөлөрүн толуктоо үстүндө катуу иштеп жатат. Балким, ишемби, же жекшембиде тизме парламентке жөнөтүлүп калат.





АКШлык чалгынчыларды жалданма тыңчы жардырган

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин жети кызматкери мерт болгон. АКШлык маалымат каражаттары ал жанкечти бир эле маалда эки, атүгүл үч тарап жалдаган тыңчы болгонун кабарлашты.

30-декабрь күнү АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин (ЦРУнун) Ооганстандагы базасында бомба жардырган жанкечти теги иорданиялык, 36 жаштагы Хумам Халил Абу-Мулал ал-Балави болгону аныкталды. Кабарларга караганда, ал Иорданиянын коопсуздук кызматы тарабынан мындан бир жыл мурдараак экстремисттерге катышы бар деген шек боюнча кармалып, көп узабай иорданиялык чалгынчылар аны Ал-Каиданын ишмердигин аңдыган тыңчы болуп бере алат деп АКШлык адистерге өткөрүп берген. Кесиби боюнча догдур ал-Балави ошондон бери Ооганстандын Пакистан менен чектеш аймактарында Иорданиянын чалгындоо кызматы менен байланышта иштеп жашап жүргөн.

Жаңы жыл алдында Ал-Балави Ал-Каиданын номур экинчи жетекчиси Айман ал-Завахри тууралуу шашылыш маалымат бар деп сунуш кылгандыктан Ооганстандын Хост вилайетиндеги АКШнын чалгындоо базасына чакыруу алат. “Вашингтон пост” жазгандай, Ал-Балавини өзү айткан даректен америкалык базанын машинеси барып алып кетет, базага кирээрде анын жанында алып жүргөн буюмдары текшерилген эмес. Аздан соң базанын ичинде ал куруна каткан бомбаны жардырып, аны менен жолугууга атайын Кабулдан барган америкалык чалгынчы офицер баш болгон жети кызматкер жана аны коштоп барган Иорданиялык чалгындоо кызматкери да жантаслим болду.

Ооганстанда 2001-жылы башталган аскердик операцияларда АКШнын чалгындоо башкармалыгы бардыгы 4 офицерин жоготсо, бул ирет бир күндө жети кызматкеринен айрылып, эң олуттуу чыгымга учурады.

Вашингтондогу Жоржтаун университетинин изилдөөчүсү Кристин Фейр америкалык күчтөр үчүн Ооганстанда ишеничтүү булак табуу баарынан кыйын маселеге айланганын айтат. “Биздин аскерлер үчүн баарынан кыйыны – талибандын тыңчыларынан сак болуу. Алар бардык жерге кирип кетип жатат, биздин стратегиянын эң талылуу жери ушунда. Минтип отурса, кантип ооган армиясына өлкөдөгү коопсуздукту өткөрүп беребиз? Кимге ишенээрди билбей башыбыз маң болуп атса”, - дейт изилдөөчү.


Эн-Би-Си телеканалы кабарлагандай, Ал-Балави далай ирет Ал-Каиданын интернеттеги башкы форуму – Ал-Хезбах аттуу талкуу-сайтында алып баруучулук милдетти аркалаган экен. Иорданиянын чалгындоо кызматы аны ошол жерден таап, тыңчылыкка жалдап, Ал-Каиданын номур экинчи жетекчиси – теги Мисирлик Айман ал-Завахринин дайынын тактап берүүнү тапшырган.

Америкалык басылмалар буга чейин Иорданиянын коопсуздук кызматы АКШлык чалгынчылардын Жакынкы Чыгыштагы эң жакын өнөктөшү болуп келсе, 30-декабрдагы окуя эки мекеме ортосундагы ишеничке залака келтиргенин белгилешет. Серепчилер Иордания калкынын жарымына чукулу палестиндер экени, алар АКШнын Израилди колдогон саясатына ичтен терең нааразы экенин эске салышууда.

Окуянын чоо-жайын чечмелеп, толук маалымат берүүдөн баш тарткан АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги бирок, жардыруу болгон жерде Иорданиялык офицер да болгону – бул өлкөнүн чалгындоо кызматы маркум ал-Балавинин карасанатай планынан кабарсыз болгонун айгинелейт деп басым жасоодо.

Жылдын дайындоосу: М.Бакиевдин жылдызы жанганда

Максим Бакиев

2009-жылы жаңы кызматка дайындалып, зоболосу арткандар көп болду. Алардын арасынан президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин триумфалдуу түрдө “ак үйгө” келишин баса айтса болот. “Азаттыктын” респонденттери дал ушул фигураны баса белгилешүүдө.

Президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин аркасынан ал бийликке келе электе эле көптөгөн кеп-сөздөр эрчип жүрчү. Оппозиция өкүлдөрү ошондо эле Кыргызстанда кыбыр эткендин бардыгын президенттин кичүү уулу башкарып калганын, өлкөдөгү бир дагы ири инвестициялык, бизнес долбоорлору ансыз өтпөй турганын айтып, кыйкырып калышчу. Бийлик өкүлдөрү андай сөздөрдүн бардыгын түккө турбаган нерсе, ушак катары баалашып, президент үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын айтышчу. Президенттигинин алгачкы мезгилинде бир курдай К.Бакиев үй-бүлө мүчөлөрүн бийликке аралаштырбай турганын, кичүү уулу тууралуу айтылгандар ушак экенин, Максим Бакиев чет өлкөлөрдө бизнесин кылып тынч жүргөнүн айтканы бар.


Бирок былтыр 29-октябрда президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Максим Бакиев Кыргызстандын Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды. Дал ушул дайындоодон кийин бийликте “непотизм” илдети өрчүп кеткени, өлкө биротоло бир үй-бүлөнүн менчигине айланганы катуу айтыла баштады.

Маким Бакиевден мурда эле президенттин бир туугандары ар кыл мамлекеттик кызматтарга келип калышкан болчу. Маселен, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын башына, бир иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин башына, дагы башка иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине барып калган. Президенттин дагы башка бир тууганы Каныбек Бакиев Сузак районундагы Ырыс айылдык округун башкарып келатат. Ал эми президенттин өз үй-бүлөсүнөн улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары кызматын ээлеп келет.

Айрым талдоочулардын айтымында, булардын кызматта отурганы бир тең, Максим Бакиевдин бийликке келиши бир тең болду. Анткени, М.Бакиев башында турган Өнүктүрүү агенттиги иш жүзүндө премьер-министрди баш кылып баарын башкара турган күчкө ээ болуп калды.

М.Бакиевдин дайындалышы, баш мыйзамдын бузулушубу?

Кимиси тууганы, кимиси иниси болсо дагы, кимиси кайсы жакта иштесе дагы, биз алардын кылган ишине карашыбыз керек. Б.Абдрасаков


Президент өз уулун ири кызматка алып келип, баш мыйзамды бузган кадам жасаганы да көп айтылды. Президенттин мамлекеттик башкарууну реформалоо саясатынын негизинде түзүлгөн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги учурда иштеп аткан баш мыйзамда жок орган. Бийлик оппоненттеринин айтымында, мындай болгон соң М.Бакиевдин кызмат орду да эч кандай мыйзамга дал келбейт. Анын үстүнө Эмгек кодексинде да чоң кызматта тургандар өзүнө түз баш ийген кызматтарга жакындарын алып келбеши керектиги жазылган.

Ал эми бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул жерде М.Бакиевдин президенттин уулу болгондугу эмес, анын профессионалдык деңгээлинин жогорулугу, өлкө келечеги үчүн пайдасы маанилүү.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, башкарууну реформалап алгандан кийин деле баш мыйзамды тууралап койсо болорун айтып, кыйла катуу сынга кабылган. Ал эми ушул эле фракциянын дагы бир мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков болсо, анын президенттин уулу экендиги эмес, мыкты адис экендиги маанилүү экендигин айтат:

Бейшенбек Абдрасаков

- Кимиси тууганы, кимиси иниси болсо дагы, кимиси кайсы жакта иштесе дагы, биз алардын кылган ишине карашыбыз керек. Туугандыгына карабашыбыз керек. Адистигине, ишине, тажрыйбасына карашыбыз керек.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаевдин пикиринде, президенттин өз уулун кызматка алып келиши, өлкөнүн жогорку бийлигин укум-тукумуна калтыруу аракети жүрүп атканын ачык көрсөтүп койду:

- Муну биз башынан эле айтып келатабыз. Өлкөдө азыр бир үй-бүлөнүн жеке бийлиги орноду. Бакиевдер мамлекеттик бийликти басып алды. Мына ошол мамлекеттик бийликти Бакиевдердин укум-тукумуна калтыруу максатын көздөгөн кадамдардын бир көрүнүшү – бул баласын дайындаганы. Мына баласынын азыркы кызматы конституцияда дагы, башка мыйзамдарда да жок кызмат. Президент өзү колун коюп, ант берген баш мыйзамды аттап, тебелеп-тепсеп, өзүнүн баласын мамлекеттеги экинчи даражадагы кызматка койду…

Президент К.Бакиев мурда үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесин бир курдай айтып, убадаларын берип келген. Оппозиция күчүнө толуп турган 2006-жылы президент УТРКга интервью берип атып, өзү же үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн өлкө кызыкчылыгына каршы келген иштерге жол бербесин айткан эле:

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ушуга ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп атышса керек, дагы эле баягы Акаедин мезгилиндей деп. Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек. Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөм үчүн кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып, жаман иштерди кылганга эч качан барбайм, шарт түзбөйм дагы…

Курманбек Бакиев

Ошол айткандарынан үч жыл өтпөй президент өзүнө түз баш ийген кызматтарга өз уулун, туугандарын алып келгенге жетишти. Алардын ичинен эң эле таасирлүүлөрү - жогорку өкмөт атка конгон Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М.Бакиев жана Улуттук гвардияны да кол алдына алууга багыт алып калган президенттин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев.

Domino effect

Саясат таануу илиминде “домино теориясы” же “домино эффекти” аттуу түшүнүк бар. Ал түшүнүк боюнча бир маанилүү окуя кудум домино жыгылган сыяктуу жанындагылардын бардыгына таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан, президенттин өз уулун ири жетекчилик орунга алып келиши, дегеле ага-туугандарынын көбү чоң кызматтарда отурганы башка жетекчилерге да таасирин тийгизип, аким, губернатор, министрлер да урук-туугандарын айланасына топтой баштабас бекен дегендей чочулоолор бар.

Ошол М.Бакиев бекитилген күндөн баштап оппозиция дагы кайрадан өз нугуна түшө баштады. Эл дагы көрүп атат абал каякка кетип баратканын. Т.Акеров


Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, президент өз уулун өлкөдөгү эң чоң кызматтардын бирине алып келип бир чети мыйзамдарга каршы иш кылса, экинчи жагынан моралдык-этикалык жактан туура эмес өрнөк көрсөтүп койду:

- Кыргызстандын президенти мыйзамдарды бузду дагы, өз уулун өзүнө баш ийген тармактын жетекчиси, өзүнөн кийинки киши кылып коюп алды.

Маселен буга чейин Марат Кайыповду Адилет министрлигинен алып салган эле президент. Себеп дегенде өзүнүн курсташтарын, туугандарын, жердештерин жумушка алып алыптыр деп. Дагы башка бир катар жетекчилерди ушундай негиз менен кызматтан алган. Ал эми бул жолу болсо эмнегедир өзүнүн уулун алып келип, мамлекеттеги экинчи даражадагы кызматка коюп алды. Бул деген мамлекеттин мыйзамдарын, Кыргызстандын элин сыйлабастыкка жатат.

Табылды Акеров

Ошондой эле серепчи Т.Акеровдун баамында, М.Бакиевдин чоң кызматка дайындалышы менен өлкөнүн саясий айдыңы кыйла жандана түштү. Бир чети оппозиция жанданып, 2005-жылдагыдай эл арасында үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу кеп-сөздөр күчөдү. Ал эми серепчи айрым чөйрөлөрдө айтылып келаткандай, “Бакиевдин учурунда экономика өсүп, ГЭСтер курулуп атат” деген сыяктуу сөздөргө мындайча жооп берди:

- Албетте, Кыргызстанды өнүктүрүш, өстүрүш үчүн жеке эле Бакиевдердин урук-туугандары эмес, жалпы кыргыз эли аракет кылып атат да. Жалпы кыргыз эли жеңишке жетиш керек да. Мына ушундай негизде кетиш керек да. Бизде болсо тилекке каршы андай болгон жок. Ошол М.Бакиев бекитилген күндөн баштап оппозиция дагы кайрадан өз нугуна түшө баштады. Анткени эл дагы көрүп атат абал каякка кетип баратканын. Ошондуктан абал кайрадан баягы митингилик мезгилдерге жакындап баратат. Анткени тарифтер, баалар да көтөрүлүп кетти…

Ошентип, кайсы бир чиновник непотизмге жол берип, үй-бүлө мүчөлөрүн айланасына топтой баштаса аларды тыйганга жогорку жетекчиликтин моралдык укугу азая түштү.

Жаш реформаторлор келатабы?

Коомчулукта Максим Бакиевдин бийликке келиши “учурдун талабы” болчу дегендер да бар. Андай ойду айткандардын пикиринде, президенттин уулу жаш, жаңыча ой жүгүрткөн, жаңы формациядагы менежер. Анын үстүнө ал өзү сыяктуу жаш, билимдүү кадрларды айланасына топтоодо. Андыктан М.Бакиев башында турган “жаш реформаторлор” жакынкы арада өлкө экономикасын кыйла эле оңдоп коюулары мүмкүн.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Бегалы Наргозуевдин айтымында, М.Бакиевдин бийликке келиши көптөгөн үмүттөрдү жандырды:

Бегалы Наргозуев

- Мага бул дайындоо кандайдыр бир үмүттөрдү берип атат да. Элибиздин жашоо деңгээлинин өсүшүнө жакшы пайдасы тиеби деген үмүттөрдү жандырып атат. Себеби министрликтерге кандай гана акча келбесин, кандай гана акчалар өнүктүрүү бюджетине бөлүнбөсүн, ошол акчалар ар түрдүү коррупциялык аракеттердин натыйжасында кумга сиңген суудай жок болуп, жыйынтыгы чыкпай жатчу эле. Азыр бул дайындоонун негизинде менин оюмча Максим Курманбекович иштин жыйынтыгына кызыкдар киши катары ар бир тыйын эсебинде болот. Мен ойлойм, бул киши жаш жетекчи катары жыйынтыкка кызыкдар. Анын негизинде коррупцияга бөгөт коюлуп, кийинки жылдары элдин жашоосунун оңолушуна жардам береби деген чоң үмүт менен отурам. Менин оюмча биздин элдин жашоо-жыргалчылыгына алып келчү дайындоо деп эсептейм.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, М.Бакиевдин бийликке келиши менен өлкө экономикасын алдыга сүрөй турган эмес, тескерисинче өлкөнү артка тарта турган жагдай пайда болду. Ошондой эле президент өз уулун өзүнөн кийинки жогорку орунга алып келип, жалпы коомго чакырык таштады. Ал чакырык - “мыйзамыңды да сыйлабайм, өзүм каалагандай болот” деген чакырык дейт ал:

Темир Сариев

- Президент – коомго атайын чакырык жасады. “Мен мобундай кылып коём, ушундай болот. Мыйзамыңды, конституцияңды да сыйлабайм. Бул менин оюм”,- деп уулун коюп койду. Бул – коомго, мыйзамдарга каршы чакырык. Албетте мындайды көргөндөн кийин аким, губернатор, министрлери ушинте баштаса, мыйзамды буза башташса кантип айтат ал, “өз иниңди же балаңды алып келбе” деп. Ошондой боло баштаса эч кимдин моралдык укугу жок болот аларды тыйганга. Анткени президент өзү үлгү көргөзүп атат.

Баары план боюнча баратабы?

Айрым талдоочулар эртели-кеч М.Бакиев бийликке келмектигин, керек болсо ал кийинки президент болуп калуусу толук мүмкүндүгүн, эгер ал жарабай калса башкы бийликти Бакиевдердин бирөөсү кармап кала тургандай абал жаралып келатканын, башынан бардыгы ушундай пландаштырылганын айтышат.

2005-жылы бийлик алмашкан маалда мурдагы президенттин эсепсиз байлыгы боюнча атайын комиссия иштеп, өлкөдөгү кирешелүү тармактардын бардыгы Акаевдердин колунда болгону айтылган. Ошондо А.Акаевдин миллиондорун таптырам деп вице-премьер-министр болуп турган Данияр Үсөнов чет элдик адвокат Эдвард Либерманга өз чөнтөгүнөн 500 миң доллар берип, бирок анын дайыны чыкпай калган. Мындай болгонун кийинчерээк мурдагы премьер-министр Феликс Кулов айтып чыккан. Ошол маалда Башкы прокурор болуп турган Азимбек Бекназаров да мурдагы президенттин мүлкү боюнча иштерге киришип, кийин кызматтан алынган.

“Мен мобундай кылып коём, ушундай болот. Мыйзамыңды, конституцияңды да сыйлабайм. Бул менин оюм”,- деп уулун коюп койду. Темир Сариев

Мурдагы президенттин байлыгы боюнча иштердин тынчып калышын, ал мүлктөрдүн кайра бөлүштүрүлүшү менен байланыштырышкан. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, ал жерде негизги ролду дал ушул М.Бакиев ойногон. Ошол 3-4 жылдан бери президенттин кичүү уулунун ар кыл бизнеси, өлкө экономикасын көмүскөдөн башкарары тууралуу толгон-токой сөздөр айтылды.

Бир курдай анын Орусия издөө салган олигарх Борис Березовский менен байланышы бар экенин, ал тургай Б.Березовский Кыргызстанга жашыруун келип кеткенин айтышкан. Бирок кийин М.Бакиев “Время новостей” басылмасына интервью берип, Б.Березовский менен байланышы жоктугун, ал Кыргызстанга келбегенин айткан.

Евгений Гуревич


Кийин аны “MGN Gorup” компаниясындагы өнөктөштөрү менен өлкө экономикасын өз кызыкчылыгына иштетип атканы үчүн да айыпташты. Аты аталган компания өлкөнүн бир катар стратегиялык тармактарынын активдерин Өнүктүрүү фонду аркылуу башкарууга жетишкен эле. “MGN Gorupтун” алдындагы “MGN Asset Management” компаниясы “Манас” аэропортунун, “Кыргызгаздын”, “Түндүкэлектро”, “Түштүкэлектро”, “Кыргызтелеком”, “Ошэлектро” сыяктуулардын кыйла акциясын башкарууга алган.

“MGN Gorupтун” башкы директору Евгений Гуревич болсо, президенттин уулу менен тааныштыгы жок экенин, Кыргызстанда өз күчтөрү менен эле кыска аралыкта чоң ийгиликтерге жетишкенин айтат. Муну ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ырастаган. Айтмакчы “MGN Gorupту” М.Бакиев, Е.Гуревич жана М.Надель үчөө курушканы, “MGN” деп дал ушул үчөөнүн ысымдарына байланыштуу аталып калганы да айтылат (Максим – M, Гуревич – G, Надель - N).

М.Надель башкарган “АзияУниверсалБанктын” директорлор кеңешинде да ошол эле Е.Гуревич, А.Елисеевдердин жүргөнү көп нерседен кабар берип турат.

Эми Өнүктүрүү агенттиги иш жүзүндө өлкөнүн бүтүндөй экономикасын, анын ичинде “MGN Gorupка” байланыштуу долбоорлордун бардыгын башкарууга алмакчы. Ал эми М.Бакиев менен башынан келаткан А.Елисеев сыяктуулар чечүүчү кызматтарга барып отурушту.

Ушул сыяктуу ой жоруулардан улам М.Бакиев башынан эле абдан пландуу түрдө өз командасы менен бийликке келүүнү көздөгөнбү деген ой жаралат. Ошол эле “MGN Gorupка” карайт делген “Flexi Communications” компаниясы былтыркы президенттик шайлоодо К.Бакиевдин үгүт иштерин колго алып, эч кандай ысымы жок эле Бакиев деген фамилияны ийгиликтүү түрдө коомго сиңирүүгө аракет кылды. “Бакиев, накта президент!”, “Албетте Бакиев!” деген сыяктуу ураандардын жер жайнап кетиши, ошондо эле бардыгы план боюнча баратканын көрсөткөн дешет.

Йемен "ал-Каиданы" өлкөдөн сүрүп чыга алабы?

"Ал-Каиданын" Араб жарым аралындагы уюмунун башчылары. Террорчул уюм өткөн жылдын аягында жарыялаган видеотасмадан түшүрүлгөн фотосүрөт.

Эларалык коомчулук Йемен өкмөтүнөн Арабия жарым аралын баш паанек кылган “ал-Каида” уюмуна каршы чечкиндүү күрөшүүсүн талап кылмакчы.

Бул жөнүндө АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон дүйшөмбү күнү эскертти. Клинтон айым өз сөзүндө биринчи жолу 25-декабрдагы АКШ учагын жардыруу аракетине да токтолду. Нигериялык Абдулмуталлаб жардыргыч затты жардыруусуна жүргүнчүлөр жана учактын мүчөлөрү жол бербей, авиалайнер аман калган. Ишке ашпаган террордук аракетт үчүн жоопкерчиликти “ал-Каида” өзүнө
Йемендин Санаа провинциясындагы байыркы Хамадан кыштагынын көрүнүшү.
алган.

Хиллари Клинтон 4-январдагы сөзүндө “ал-Каиданын” улам күчтөнүп баратканы Йемендин эле эмес, бүтүндөй Жакынкы Чыгыштын жана дүйнөнүн коопсуздугу үчүн коркунучтуу экенин баса белгиледи:

-Биз Йемендеги согуш жана “ал-Каиданын” Йеменди региондон тыш жактардагы террордук чабуулдарынын базасы катары колдонуусу дүйнөгө коркунуч туудурганын көрүүдөбүз.

Клинтон айым билдирүүнү Катардын премьер-министри Хамад бин Жасем Жабр ал-Тани менен Вашингтондо өткөн кездешүүдө жасады. Маалымдалганга караганда, жолугушууда акыркы он жылда ич ара согуштун азабын көргөн Йемендеги кырдаалды кантип турукташтыруу маселеси талкууланган.

Бул жолугушуудан бир нече саат мурда Йемен бийликтери өлкө байтакты Санаанын чет жакасында жүргүзүлгөн рейд учурунда “ал-Каиданын” эки жоокери жок кылынганын билдиришкен.

Йемен бийликтеринин “ал-каидачыларга” каршы чараларын АКШнын Мамкатчысы колдоду жана ай соңунда Лондондо өтчү эларалык жыйындын катышуучулары Йемен өкмөтүнөн террорчул уюмга каршы дагы чечкиндүү аракеттенүүсүн талап кыларын айтты:

-Бул эларалык коомчулуктун колдоосу Йемен өкмөтүнө мамлекет ичиндеги жана региондогу туруктуулукту жана тынчтыкты камсыздоосу үчүн ыңгайлуу жагдай түзүп жатканын айтчу учур.

“Ал-Каиданын” Араб жарым аралындагы уюму АКШлык учакка каршы ишке ашпай калган 25-декабрдагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул топ кол салат деген коркунучтан улам акыркы үч күн бою Йемендин борбору Санаа шаарындагы
Йемендин аскерий күчтөрү Санаадагы АКШ элчиканасына алып барчу жолду күзөтүүдө. 4-январь 2010
АКШнын, Франциянын, Британиянын элчиканалары иштеген жок.

АКШ президентинин Коопсуздук маселеси боюнча кеңешчисинин орун басары Жонн О. Бреннан 3-январда Ен-би-си телеканалынан сүйлөп, элчиликтин кызматкерлеринин өмүрүнө “ал-Каида” коркунуч жаратып жатканда, элчиликти жабуудан башка айла жок экенин билдирген.

25-декабрда америкалык учакты жардымак болгон нигериялык Абдулмуталлабга байланыштуу маалымат боюнча тез тийиштүү коопсуздук чаралары көрүлбөгөнү үчүн АКШнын чалгындоо кызматтары катуу сынга кабылган. Президент Барак Обама болсо “системадагы кемчилик” Абдулмуталлабдын учакка түшүүсүн мүмкүн кылганын айткан эле.

Хиллари Клинтон дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Мамдепартамент Абдулмуталлабга байланыштуу түшкөн маалымат боюнча тийиштүү иштердин колдон келгенин баарын аткарганын, бул бирок “АКШнын коопсуздугун камсыздоо иштери кылдат текшерүүгө муктаж эмес” дегенди билдирбесине да көңүл бурду:

-Бар маалыматтар Мамдепартамент өз ара кызматташуу жоболоруна ылайык коркунуч учурунда же болчу коркунуч жөнүндөгү маалымат түшкөндө талап кылынган бардык иштерди толук аткарганын көрсөттү. Бирок, биз ал эрежелерди өзгөртүү зарылдыгын караштырып жатабыз.


АКШнын коопсуздугуна жооптуу мамлекеттик мекемелердини иши боюнча талкууну президент Обама Улуттук Коопсуздук Кеңешинин ушу жумада болчу жыйыныда өткөрөт.

АКШ аэропорттордун коопсуздугун күчөттү

Он төрт өлкөдөн АКШга учуп келе турган жүргүнчүлөр өзгөчө тартиптеги текшерүүдөн өткөрүлөт.

Вашингтон өкмөтү өлкөнүн бардык аэропортторунда кошумча коопсуздук чараларын киргизди. Мындан тышкары он төрт өлкөнүн жарандары АКШга учар алдында өзгөчө текшерүүдөн өткөрүлө турган болду.

АКШнын транспорт коопсуздук башкармасы жарыя кылган тизмеде Куба, Иран, Судан, Сирия, Ооганстан, Алжир, Ирак, Ливан, Ливия, Нигерия,Пакистан, Сауд Арапстан, Сомали жана Йемен бар. Бул өлкөлөрдөн АКШга учуп келе турган жүргүнчүлөрдүн баарын тийиштүү аэропорттордо өзгөчө тартиптеги текшерүүдөн өткөрүшөт, алардын жүктөрүн аңтарып, кылдат карап чыгышат жана ошондон соң гана учакка отургузушат.

Жаңы эрежелер 4-январдан тартып күчүнө кирди. Тизмеге кирбеген өлкөлөрдөн келе турган жүргүнчүлөрдү деле аэропорттордо текшерип-тескөө иштери бошоңдотулбайт.

Өткөн жылдын этегинде Амстердам-Детройт каттамындагы учакта оңунан чыкпай калган террордук аракеттен кийин президент Барак Обама атайын кызматтарды катуу сынга алып, коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылган эле.

Өйдөдө аталган өлкөлөрдөн төртөө - Куба, Иран, Сирия жана Судан - террорчулардын колдоочулары катары көптөн бери эле Мамлекеттик департаменттин "кара тизмесинде" турат, калгандары, айрыкча Ооганстан, Ирак, Пакистан жана Сауд Арапстан "Ал-Каидага" жана башка экстремистчил уюмдарга каршы күрөштө АКШга өнөктөш аталып жүрүшөт. Эми алар Вашингтондун бул кадамына кандай мамиле жасашат?

"Алар канча кааласа, ошончолук деңгээлде нааразылык билдире алышат жана билдирет да болушу керек, - деп айтты Брукинг институтунун Дохадагы бөлүмүндө иштеген эксперт Шади Хамид "Азаттыктын" кабарчысына. – Буга алардын акысы бар, атүгүл буркулдап, ачууланышы да ажеп эмес. Ал эми АКШнын аларга байланыштуу саясаты өзгөрөбү, жокпу – бу башка маселе".

"Жеке мен өзүм бул чаралардын зарылдыгына анчейин деле ишене бербейм,- деп улантты кебин Хамид. - Ошентсе да жаңы эрежелер америкалыктардын ишенимин биртке бекемдейт жана алар өткөн апталарда массалык маалымат каражаттарын каптаган жалпы тапалаң маанайдын бир бөлүгүн билдирет деп айтканга жүйөөлөр бар".

Хамид террорчулар жаңы эрежелерге деле ыңтайлашып, өздөрүнүн тактикасын жана стратегиясын өзгөртүп аларын турган иш деп эсептейт. Аларга каршы күрөштүн ишенимдүү жолун ал барып-келип эле бардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жакшылап текшерип туруудан, эң башкысы – террорчулар тууралуу чалгындоо иштерин күчөтүүдөн,аларга байланышкан маалыматтарды мыктылап пайдалануудан көрөт.

АКШнын соңунан Британия, Нидерландия жана башка өлкөлөр да авиакаттамдарда коопсуздукту бекемдөө үчүн кошумча чараларды көрө башташты. Мунун алдында Вашингтон менен Лондон Йеменде дипломатиялык мекемелерин жапты. Жекшемби күнү аларга Франция кошулду.

Дүйшөмбү күнү йемен бийликтери өлкөнүн борборунда атайын операция өткөрүп,анын жүрүшүндө "Ал-Каиданын" куралдуу эки мүчөсүн жок кылышканын маалымдады.

Орус-беларус “мунай сүйлөшүүлөрү” жүрүп жатат

Беларус, "Белнафтахим" ишканасынын желеги

“Орусия Беларус менен мунайга бажы төлөмү боюнча мунаса таппай, мунай бербей коюптур” деген кабардан кийин, быйыл да орус мунайы Европага жетпей калабы деп кыжаалат болгондор көбөйдү. Азырынча эки тарап тең мунай Беларуска жакшы эле жиберилип жатканын айтышууда.

Орус-беларус сүйлөшүлөрү дүйшөмбүдө да өттү. Орусияга Беларус чийки мунайды кайра жибере баштаганын Беларус да ырастады.

“Белнафтахим” ишканасынын расмий өкүлү Марина Касюченко: “Баары мурдагыдай эле: мунай келип атат, тариф боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Орусия бул маселе боюнча өзүнчө, Беларус тарап өзүнчө ойлонот. Сүйлөшүүлөр бүткөнгө чейин күтө туруш керек”.

Орусия 2007-жылдан бери Беларуска чийки мунайды жеңилдетилген шартта жиберип келатат. Орусиядан алган чийки мунайды Беларус кайра иштетет да, Европадагы мамлекеттерге кымбат кылып сатат. Бирок бу келишимдин мөөнөтү 31-декабрда аяктады. Жаңысына кол коюла элек.

Жаңы жыл алдындагы сүйлөшүүлөрдө эки тарап мунайдын бажы төлөмдөрү боюнча бир пикирге келе албай коюшту. Буга чейин мунайдын ар бир тоннасы үчүн Минск 80 доллардан бажы төлөмүн төлөп келди. Бирок эми төлөгүсү келбей турганын айтып жатат. Бирок Орусия Беларуска ички колдонууга гана мунайды бажы төлөмү жок берүүгө макулдугун берип, калганына сөзсүз төлөм болуш керек дейт.

Москва да, Минск да жыл этегинде ушунун айынан жаңы “мунай чатагы” чыкпайт деп, ишендиргенге аракет кылышты.

Азыркы окуялардын мааниси Европа үчүн өзгөчө.

2007-жылы да ушундай талаш-тартыштардын айынан Советтер союзунун учурунда курулган “Дружба” мунай кууру иштебей калып, орус газы Германия менен Польшага жетпей калган.

Орусия “Дружба” кууру аркылуу күнүнө миллион баррелден ашуун мунайды чуркатат. Германия өзүнө керектүү мунайдын 15%ын дал ушу куурдан алат. Польшанын керектөөсү болсо андан да жогору – ал колдонгон мунайдын 75%зы “Дружбадан” агылып келет.

Беларус орустардан алган чийки мунайды кайра иштеткенден кийин, аны Европага дүйнөлүк баада сатат. Андан түшкөн миллиарддаган доллар киреше азыркы президент Александр Лукашенконун авторитардык режими үчүн опол-тоодой эле колдоо.

Бирок Кремл мындан ары беларустарга чийки мунайды мурдагыдай арзандатылган баада жибере бергенди токтоткусу келгенин билдирген. Буга зээни кейиген Лукашенко андай болсо, орустар мунайдын транзити үчүн Минскке 10 эсе көп акча беришсин деп айтты.

Адаттагысындай эле, Лукашенко азыркы окуяны “Кремл өзүнүн жаратылыш байлыгын саясий курал катары колдонуп жатат” деп, муну өзүнө карата басым катары сыпаттады.

Айрым эксперттер азыркы ыйкы-тыйкы акыйнек, бир чети, Александр Лукашенконун өзүнө да жагып атканын белгилешет. Анткени Беларуста келерки жылы президенттик шайлоо болот. Ага карата президент азыртадан камып жеп, орустар менен талаш-тартыштардан саясий упай топтогонго да дилгир дешет.

Кызыгы – жыл ушинтип орус-беларус талашы менен башталганы 1-январдан тарта Орусия, Беларус жана Казакстан бажы союзунун ишке кириши менен коштолууда.

Шайлоо чатагы Иранда чоң саясий сыноого айланды

Иранда президент Ахмадинежадга каршы митинг өткөргөн оппозиция тарапкерлери полициянын машинесине өрт коюшту. 27-декабрь, 2009-ж.

2009-жылдын башында Иран оппозициясы бөлүнүп-жарылып, ар башка майда топтун добушу пастап, элге жетпей калган эле. Бир жыл ичинде жагдай таптакыр өзгөрүп, оппозиция биригип чыйралды.

Өткөн жайдагы президенттик шайлоонун тегерегинде көчөгө чыккан миңдеген адамдардын айбаты менен оппозиция акыры Жашылдар кыймылы алдында бирикти. Жаңы жыл алдында Ирандык оппозициячылар бийликке каш кайтарып, каршылык көрсөтүүнүн бардык түрлөрүнө даяр экенин көргөздү.

24 жаштагы Хосейн өткөн жайда президенттик шайлоодо Махмуд Ахмадинежад жеңгенине нааразычылык билдирип көчөгө чыккан. Анда ал “добушубуз уурдалды, чынында оппозиция лидери Мир Хосейн Мусави жеңген” деп көчөгө агылгандарга кошулган. Коопсуздуктан улам толук атын айтуудан чочулаган Хосейн азыр эми анын максаты өзгөргөнүн айтат.

“Биз азыр Мир Хосейн Мусавинин президент болушун талап кылбайбыз, - дейт ал. - Мага окшогон жаштардын көздөгөнү башка, азыр биз көчөгө чыкканда Ирандын исламдык бийлиги өзгөрүшүн каалайбыз”.

Ошентип, 12-июндагы президенттик шайлоого удаа көчөгө чыккан ирандык демонстранттардын саясий көз караш, талаптары соңку алты ай ичинде калыптанып өнүгүп отурду. Алар менен кошо Мусавини колдоп чыккан оппозиция биригип, алдындагы максат, пландарын тактады.

Көчөдөгү элди, алар ишенген оппозиция лидерлерин айрыкча бийликтегилердин демонстранттарды уруп-сабаган ырайымсыз мамилеси, бейкүнөө адамдардын өлүмү бириктирип-чыйралтты. Президенттик шайлоодон эки күн өтпөй, 14-июнь күнү Тегеран университетинде студенттер көтөрүлүп-толкуган. Ал студенттердин бири Иран өкмөтүнө баш ийген Басижи жоокерлери аларга чабуул койгонун азыркыга дейре бүшүркөп эстейт. “Көргөн көзүмө азыр да ишене бербейм. Полициячылардын бири студент жигитти таяк менен уруп-сабап, каткырып күлүп: “сенин ушинтип таяк жегениңди энең көрсө болот эле, деп маашырланып жатты”.

Ал күндөрү Ирандын ар башка шаарларында көчөгө чыккан миңдеген эл арасынан кеминде ону ок жеп мүрт кетип, 100дөн ашууну жараат алды. Бардыгы 2000дин тегерегиндеги катардагы демонстрант, коомдук ишмер, активисттер камакка алынды. 100дөн ашууну соттолуп, мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деген кине тагылды.

Азыр эми Ирандык бириккен оппозициянын башкы максаты – саясий туткундарды түрмөдөн бошотуп, сөз эркиндигин, адам укуктарын камсыздап, башка да демократиялык реформалар өткөрүү. Декабрда кайра көчөгө чыккан эл президент Ахмадинежаддын куугунтукчул өкмөтүн колдогон Руханий лидер Аятолла Хаменеиге өлүм деп кыйкырып жатышты. Махмуд Ахмадинежад аны эч ким көңүл бурбаган маанисиз акция деп атады. “Алар болгону кир менен чаңдай, улуттун дайрадай таза бөлүгү агымын улантып, баарын жууп кетет”, - деп ишендирди Ахмадинежад.

Ал анткен менен, тегерандык журналист бийликке каршылык көрсөтүп, көчөгө чыккан эл анык дайрага айланды, алар эми максатына жетмейинче тынчыбайт деп белгилейт. “Жакынкы келечекте чоң өзгөрүүлөр болот. Анын баасы кандай болот, канча кан төгүлөөрүн айтуу кыйын, - деп баш чайкайт ирандык журналист. - Бирок эл ойгонду, бийликтегилер канчалык тоскоолдук кылса да, эми элди токтото албайт”.

Йеменде Ал-Каиданын тору жайылган

Йеменде АКШ элчилиги жайгашкан көчөнү аскерлер кайтарууга алышты. 4-январь, 2010-ж.

АКШ менен Британиянын Йемендеги элчиликтери эки күндөн бери жабык турат. Алар Йемендеги ал-каидачылар Батыштык мекемелерге чабуул коюшу ыктымал деген маалыматтан улам ишин токтотту.

Йемендин борбору Санаада Ал-Каиданын террорчулары Батыштык мекемелерге кол салуу даярдап жатат деген коркунуч бар экенин жекшембиде АКШнын антитеррордук күрөш башчысы Жон Бреннан билдирди.

- Ал-Каида мүчөлөрү биздин элчиликти, элчиликте иштеген адамдарды бутага алууга даярданып жүргөнүн билебиз. Ошондуктан өз дипломаттарыбыз, алар менен иштеген кишилердин коопсуздугун камсыздаш үчүн алдын-ала чара көрүүгө аргасыз болдук.

Санаада иштеген АКШлык дипломаттардын бири элчилик өлкөдөгү коопсуздук жагдайын дыкат изилдеп жатат деп айтканын бир катар кабар агенттиктери маалымдашты. Британиянын элчилиги коопсуздук маселелеринен улам жабылганын айтып, башка маалымат тараткан жок. Жекшембиде Би-Би-Сиге интервью берген британ премьери Гордон Браун Йеменди “ара жолдо калган өлкө” атап, ушул айдын соңунда Лондондо бул арап өлкөсүнө жардам көрсөтүү боюнча конференция уюштуруу ниетин жарыялады.

Йемен өкмөтү Санаадагы аэропортто, АКШ, Британия, ошондой эле Германия жана Сауд Арабия элчиликтеринин тегерегин кайтарууну күчөтүп, кошумча аскердик күзөт тургузду. Соңку жылдары Йемендеги элдин жакырдыгы, саясий туруксуздук өлкөдөгү бийликти алсыратып, андан пайдаланган Ал-Каида акырындап торун терең жайганы айтылууда. Түндүктө шийилердин козголоңу, түштүктө жикчилдер кыймылы өлкөдөгү жагдайды ого бетер начарлатты.

Айрыкча Йемендин мыйзамсыздык күч алган Марииб чөлкөмүн, Сауд Арабия менен чектеш аймактарын өкмөт көзөмөлдөн чыгарып, ал жакта түрдүү экстермист уюмдар ээн-эркин иш алып барганы кабарланууда.

АКШ президенти Барак Обама Ал-Каиданын Арап жарым аралындагы бөлүмүн - нигериялык Умар Фарук Абдулмуталлабды машыктырып-үйрөтүп, куралдандырып, Кристмас күнү Америкага бараткан учакты жардырууга аттанткан деп күнөөлөдү. Айткандай эле, Арап жарым аралындагы ал-каидачылар атайын билдирүү таратып, жүзөгө ашпай калган бул кыянатчыл иш үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, аймактагы Батыштык мекемелер мындан ары да бутага алынаарын кошумчалады.

Йемендин борбору Санаадагы АКШ элчилиги алдында 2008-жылдын күзүндө жардыруу болуп, 19 кишинин өмүрү кыйылган. Андан бери Кошмо Штаттар Йемен өкмөтүнүн согушкерлерге каршы аракетине колдоо көрсөтүп, аскерлерин машыктырууга жардам берип келатат. Былтыр, маселен, бул ишке Вашингтон 67 миллион доллар бөлгөн.

2-январда АКШнын Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азиядагы аскердик операциялар командачысы, генерал Дэвид Петреус Йемендин президенти Али Абдалла Салех менен жолугуп, Ал-Каидага каршы күрөшкө дагы колдоо көрсөтүүнү убада кылды.

К. Булатов: "Кыргызстандагы адам укугу кырдаалына тынчсызданам"

"Эр айдоочу" укук коргоо уюмунун лидери Качкын Булатов саясий баш паанек сурап, алыскы Швецияда жүрөт. Ал өмүрүнө коркунуч келип, үркүтүп-коркутуулар болуп жаткандыктан үч ай мурда Кыргызстандан чыгып кеткен.

- Качкын мырза мына Кыргызстандын аймагынан кеткениңизге бир топ болуп калды. Кыргызстандан эмне себептен качтыңыз?

- "Де-факто" гезитинин кылмыш ишин жаппай, улам эле шаардык прокуратурага, сотко чакырып, соттон кайра чечим чыгарып, ишти бөлүп жаңыртып эле мени камаганга аракет кылышты. Ысык-Көлдөгү курултайга баратканда кол салышты. Аким, губернатор, прокуратура, милициянын начальниги бардыгын сотко бергем да. Анан ал жактан дагы тааныбаган эле кишилер телефон чалып коркутуулар башталды. Өмүрүмө коркунуч болуп калды.

- Азыр сиз саясий башпаанек сурап кайрылдыңызбы?

- Саясий башпаанек сурап Швеция мамлекетине кайрылгам, азыр күтүп атам. Бул жакта дагы келе койгондо эле бере койбойт экен, бир жылга чейин же алты айга чейин күтүш керек.

- Сиздин өмүрүңүзгө коркунуч болгондо Кыргызстандагы , өзүңүздүн коопсуздугуңузду камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарына кайрылган жоксузбу?

- Мен бул жакка келип алып түшүндүм, Кыргызстанда кыргыз элине зыян кылгандар органдар экенине. Журналисттерди өлтүрүп атат, саясий лидерлерди өлтүрүп атат, коомдук ишмерлердин баарынын туугандарынын коркутуп, өзүнчө эле Ооганстандагыдай билинбеген согуш болуп жүрүп аткан экен да.

- Азыркы Кыргызстанды адам укуктарын сыйлаган өлкө деп айтууга болобу?

- Жок, жок эч качан. Адам укугун сактаган өлкө эмес, куугунтук кылган мамлекет болуп атпайбы. Лидерлердин баарын уруп-сабап, ар кандай зордукчул ыкмаларга өтүштү. Булар чала жан кылып өрттөп коркутушат. Экинчиден, Кыргызстанды оңой турган бир башчы болмоюнча болбойт экен. Бакиевдин үй-бүлөсү эч качан оңдобойт, оңоло албайт. Куураган кыргыз куурай эле берет. Мен бул жактан жатып алып сырттан анализ кылсам, биздин Кыргызстан Бакиев менен жана анын бир туугандары менен эч качан оңоло албайт.

- Рахмат маегиңизге!

Жыл окуялары "Азаттыктын" тасмасында.


Жылдын окуялары "Азаттыктын" тасмасында
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG