Кыргызстанда “Ар-намыс”, “Ак шумкар” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын лидерлери жаңы оппозициялык күч түзүп жатканы жөнүндө кеп тарады.
Жазуучу Казат Акматов мындан 20 жыл илгери кулаган СССР жана анын сабактары тууралуу "Азаттык" үналгысы үчүн маек курду.
“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар өлкөдө экстремисттик күчтөр пайда болгонуна тынчсызданышса, айрымдары Ак-Суу тоосунун бийик чокусуна В. Путиндин ысымын берүүгө каршы болушту.
Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынын тургундары Кадырбек Айдаров менен Ирина Койполова үч эмдүү болушту. Уулдарына Өмүрбек, Алмазбек, кызына Роза деп ырымдап, айтылуу саясый ишмерлердин ысымдарын ыйгарышты.
7-апрелде демонстранттарга ок аткан деп суракка тартылган “альфачылардын” бири кандайча колуна курал алып, жооптуу операцияга салынды?
АКШда жаңы Конгресс ишин баштады. Былтыр ноябрда болгон шайлоодо республикалык партия жеңип, Өкүлдөр палатасында кайрадан үстөмдүк кылып калды.
Жогорку Кеңеш Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
1-январда Голландияда түрктөрдүн мечитине чабуул жасалып, Европада исламофобиянын жайылып бараткандыгы жөнүндөгү маселени кайрадан күн тартибине койду.
5-январда Беш-Күнгөй айылынын жанында террорчу деп шектелгендерди кармоо операциясы болду.
Коопсуздук адиси А.Медетбеков “Альфа” тобунда кимдер кызмат өтөйт?" деген суроого жооп берди.
5-январда атайын кызматтар менен террорчу деп шектелген адамдар ортосунда ок атышуу болду. “Азаттыктын” талкуусу коопсуздук темасына арналды.
Пенжаб провинциясынын губернатору Салман Тасирдин сөөгү жерге берилди. Губернатордун зыйнаты катуу коопсуздук чаралары каралган шартта өттү.
Дагы жүктөңүз