Өкмөттүк жыйында энергетиканын абалы талкууланып, коомчулукта буга чейин айтылып келаткан коррупциялык схемалардын айланасында сөз жүрдү.
Араб өлкөлөрүн тербеткен толкундоолор репрессиячыл бийлик астында жашаган адамдарды авторитардык реждимдерге каршы көтөрүлгөнгө шыктандырды.
Кыргызстан президенти инвесторлорго жана ишкерлерге бейиш түзүүнү сунуштады. Ал бейиш кандай болуш керек? Азыркы кезде бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатат? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна ушул тема коюлду.
Абактарда видео камераларды орнотуп, уюлдук байланышка бөгөт коюу демилгелери тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова ой бөлүштү.
Банктар союзу Жарандык кодекске жана “Күрөө жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жактырылса, жалгыз үйлүү кардарларга банктар такыр эле насыя бербей каларын эскертүүдө.
Орусияда жалпы журтка белгилүү инсандар марттагы президенттик шайлоо таза өтүшү үчүн байкоо сала турган “Шайлоочулар лигасын” түзүштү.
“Википедия” өзүнүн англис тилиндеги сайтын 24 саатка жапты. Муну менен ал АКШда сунуш кылынган мыйзамга каршылык билдирүүдө.
№1 абактагы жаңжал парламенттин деңгээлине чейин көтөрүлдү. Чынында эле мындай кырдаалдын жаралышына эмне түрткү болду?
18-январда түштөн кийин Кыргызстандагы бир нече абактарда ачкачылык акциясы башталды.
Расмий Киев кайрадан Москвага кысым жасап, Орусиядан импорттолуучу газдын баасын төмөндөтүүгө аракет кылууда.
Улут аралык маселени чечпейт деп жергиликтүү бийлик менен борбордук бийлик өз ара кайым айтууда.
Соңку маалыматтарга караганда, 13-январда Италиянын жээгинде кырсыкка учураган кемеде бараткан дагы 29 киши дайынсыз болууда.
Дагы жүктөңүз