Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 01:17

Саясат

Апта: Сох, сот, компромат согушу...

Чек арадагы Чарбак айылы, Баткен облусу, 7-январь, 2013.

Узаган жумада Сох анклавында улуттук коопсуздукка доо кетирген жаңжал болду. Бишкекте оппозиция лидерлерине байланыштуу сот башталды.

Кыргызстан мамлекет катары калыптануу жолунда баратат. Ал жол оор кыйынчылыктар менен коштолууда. Кыйынчылыктардын бири - мамлекеттик чек араны аныктап, бекитип алуудан чыгууда. Маселен, Кытай, Казакстан менен чек араны аныктоодо Үзөңгү-Кууш, Каркыра жаңжалдары чыккан.

Эми Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны аныктоо узакка созулуп, чиелешкен түйүндөй болуп турат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымга жакын келет. Анын ичинен миң чакырымдан ашуун чек ара макулдашылган. Алдыда эң татаал жерлерде чек араны аныктоо, анклавдар маселесин чечүү турат. Кыргыз-өзбек мамлекеттик мамилелердин жылуу-жумшак эместиги, жетекчилердин тез-тез сапар алмашпоосу маселени татаалданткан жагдайлардан.

Чек араны аныктоо бир мамлекеттин эмес, эки мамлекеттин эрки менен чечиле турган маселе. Ошондуктан аны бир жактуу чечүү мүмкүн эмес. Бирок Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын бул маселени чечүүдөгү жана чек араны кайтаруудагы алешемдиги бүтүндөй журтту түйшүккө салууда. Бул Сох окуясында дагы бир жолу көрүндү.

Сохто Кыргызстандын Чек ара кызматы, Улуттук коопсуздук кызматы мамлекеттик чек араны бузууга эле эмес, жарандарын барымтага кармап кетүүсүнө жол берди. Мына ушул нерсе кыргызстандыктарды катуу ардантып, бушайманга салууда.

Сох анклавында мына ушундай эле жаңжал 2010-жылы чыккан. Кырдаалды жөнгөрүүнү ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн түштүк региону боюнча ыйгарым-укуктуу өкүлү Исмаил Исаков жетектеген. Исаковдун айтымында, мына ошондо Сохтун тегерегиндеги чек ара тозотторун бекемдөө сунушталган. Бирок алар ушул кезге чейин аткарылган эмес.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кыргыз жетекчилигинде жоопкерчиликти алып, маселени чечүүгө бел байлаган адам жок болуп жатат дейт. Ал Сох маселесин чечүүдө 2006-жылы жылыштар болгонун эскерет:

- 2006-жылы октябрда кыргыз президентинин Ташкенге расмий сапары болуп, мына ошол жерде макулдашканбыз. Мына 1350 чакырымдан 1100 чакырымда маселе жок. Калгандарды, сегиз анклав бар деп жатпайбы, аларды чечүүгө да жакындаганбыз. Ошол анклавдарга өзгөчө шарттарды түзүп беребиз, чек арачылар, жергиликтүү бийликтер ортосунда убактылуу келишимге барабыз деп макулдашканбыз. Бирок ошол маселе бүгүнкү күнгө чейин ордунан жылбай калды. Мына алты жылдан ашып баратат, бирөө да жакындаган жок. Анткени коркушат.

Жекшенкуловдун пикиринде, бийликке баргандар мамлекеттик кызыкчылыкка эмес, жеке кызыкчылыгына доо кетириштен коркуп отурушат. Мындай позиция уланып, Сох боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынбаса, анда жаңжал ырбап кетиши мүмкүн. Ошондуктан кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүгө чечүүгө киришүү зарыл дейт Жекшенкулов:

- 4-январда Ошто атыш болуп, жарандар жабыр тартса, андан кийин Баткендеги Сох анклавында миң киши барып, башка өлкөнүн чек ара тозотуна кирип, зомбулук көрсөткөнү тарыхта болуп көрбөгөн нерсе. Менин оюмча, бул жерде өтө чоң суроо туулат. Ошол эле чек арачылар, бир нече генералдар эмне кылып жүрөт? Азыр коопсуздук кызматы, ички иштер министрлиги, тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Өзбекстандын, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын чечүүгө баарын таштап коюп, киришүүгө тийиш.

Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев анклавдар маселесин чечүүнү президент өз колуна алыш керек дейт:

- Менин оюмча, биринчи биздин президент демилгени колго алып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, элге жарыялап, парламентке жөнөтүп, аны коңшу президенттерге ачык кат катары жөнөтүш керек. Бул жабык болбош керек. Бул маселе 20 жылдан бери жабык болуп жүрүп, чирип бүттү. Эгерде кошуна мамлекеттер, өзгөчө Өзбекстан биздин президенттин демилгесине көңүл бурбай турган болсо, тоотпой койсо, ошол сунуштардын баарын БУУга, ШКУга, ЕККУга, ЖККУга жөнөтүш керек.

Балтабаев анклавдардын тагдырын чечүү боюнча эл аралык тажрыйбада алты жол бар экенин атап, алардын ичинен эки жактын кызыкчылыгын камсыз кылган келишимге жетишүү биздин шартта ылайыктуу деп эсептейт.

Азыркы мезгилде өкмөт Сохтогу окуя боюнча тармактар аралык комиссия түзүп, маселени иликтөөгө киришти. Жогорку Кеңеш да депутаттык топ түздү. Парламент төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров жетектеген ал топ Баткенде болуп келди. Жергиликтүү калк бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда тез арада чек араны аныктап, кошуна мамлекеттин аймагына кирбеген жол, суу менен камсыздоо талаптарын коюп жатат.

Азырынча Сохто чыңалган кырдаал сакталып турат. Анткени анклавга барчу жолдор жабык. Жол ачылбаса, эки өлкөнүн жарандары тең азык-түлүк, отун-суунун жетишсиздигине кабылып, анын натыйжасында кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымал.

Депутаттардын соту башталды


10-январда өлкөнүн ички саясатына таасир этүүгө жөндөмдүү сот жараяны башталды. 3-октябрдагы митингде бийликти басып алууга чакырык таштаган жана бийликти басып алды деп айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, саясатчылар Кубатбек Кожоналиев, Салмоорбек Дыйканбаевдин жана Ташиевдин эки жан сакчысынын үстүнөн соттук териштирүү башталды.

Соттун биринчи күнүндө эле айыпталуучулардын адвокаттары ишти карап жаткан Биринчи май райондук соттун судьясы Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөй турушканын жарыялашты. Ага буга чейин эле Боромбаев тарабынан айыпталуучуларга карата кабыл алган чечимдери себеп болду дейт Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов:

- Биринчиден, кылмыш иштин козголушун мыйзамсыз деп табылсын деген арыз менен адвокат Икрамидин Айткулов кайрылган. Себеби депутаттарга карата кылмыш ишин козгоого Башкы прокурордун гана укугу бар. Бул жерде ишти башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев козгогон. Ал мыйзамга туура келбейт. Бирок башкы прокурордун милдетин аткаруучу деп жазган. Бирок кылмыш иштин материалдарында Нурлан Жээналиевдин башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу боюнча буйрук да жок, жардык да жок. Ал өзүнчө эле болуп алган. Ошон үчүн ал мыйзамсыз болгон. Ошол иш боюнча кайрылганда судья Боромбаев “жок, мыйзамдуу" деп чечим кабыл алган. Мына ушунун өзү эле мындан кийинки чечимдерди да туура чыгара албайт деп, ишенбөөчүлүк жарыяладык.

Судья Абдыразак Боромбаев ишенбөөчүлүктү кабыл алды. Эми Биринчи май райондук сотунун төрагасы ишти кароону башка судьяга тапшырыш керек. Ошону менен депутаттарга байланыштуу сот бир-эки жумага токтоп тура тура турган болду.

Биринчи май райондук сотунда башталган жараян бийлик менен оппозициянын ортосундагы күрөштүн жүрүшүнөн да кабар берет. Камалган депутаттардын кызыкчылыгын коргоо үчүн сотко оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары, “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү келди. Мына ушунун өзү эле Кыргызстандын эгемендүүлүк доорундагы саясатка байланышкан мурунку соттук жараяндардын бир көрүнүшүн кайталап турат.

Биринчи май районундук сотунда башталган сот өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизе баштады. Бир жагынан камалган депутаттардын тарапкерлери пикет, митингге чыкса, экинчи жактан “Мекен шейиттери” уюмунун активистери “антимитингге” чыгууга даярдыгын билдирди. Апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн бул уюмдун жетекчиси Осунбек Жамансариевдин айтымында, алар апрель окуясы менен октябрь окуясын салыштырууга кескин каршы. Мындай аракеттер токтобосо алар чечкиндүү кадамдарга барууга даяр:

- Азыр башынан эскертүү жасадык. Баары апрелде оор окуя болгонун көрүп-билип туруп, анан 3-октябрга салыштырып, дагы эле саясатташтыра берсе, биз анда чара көрөбүз. Коомдун мүчөлөрү айтып жатат, барып сүйрөп түшөбүз деп.

Айрым маалыматтарга караганда, апрель ыңкылабына катышкандардын катарында да бир пикир жок. Алардын айрымдары Азимбек Бекназаровдун позициясын колдосо, башкалары азыркы бийликке ишенимде калууда.

Кайрадан компроматтар согушу

Депуттар соту бийлик менен оппозиция ортосунда компромат согушун кайрадан тутанта баштады. Маселен, бийликке жакын гезиттер Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаровго таандык деп, бир нече үлкөн үйлөрдү, кымбат автоунааларды сүрөттөрү, даректери менен жарыялады.

Бул бир жагынан, уурдалбаса мынча байлык кайдан алынды деген суроону эл ичинде жаратууну көздөсө, экинчи жагынан тополоң чыгып кетсе, ким эмнесин тобокелчиликке салаарын эскертүүдөй.

Албетте, оппозиция да өз компроматтарын жарыялап келатат. Азырынча алар морадерлук боюнча маалыматтарга басым жасашууда. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулукка тиешеси бар-жоктугун иликтеген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү корутунду тууралуу маалымат таратып, маселе Жогорку Кеңеште каралыш керектигин билдире баштады.

Комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн айтымында, талап-тоноочулукка “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдун тиешеси бардыгы тастыкталды. Жогорку Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бегматов андай билдирүүгө негиз болгон жагдайлар тууралуу буларды айтты:

- Бул эми талап-тоноого учуруган объекттерден туруп телефон чалуулар болгонун тастыкталышына, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө жараша комиссиянын корутундусу ошондой болгон. Аны биз коалициялык азчылыктын жыйынында жарыялаганбыз.

Бирок он депутаттан турган комиссия бир пикирге келе элек. Эки тарап беш-бештен болуп, ит жыгылышта турушат. Ошондуктан маселенин парламентте каралышы да создугууда.

TeliaSonera Каримова менен сүйлөшкөнгө аракеттенген

Г.Каримова

Ушул аптада Швециядагы прокуратура жарыялаган документтер бул өлкөдөгү TeliaSonera телекоммуникациялык компаниясы менен Өзбекстанда президенттин кызы Гүлнара Каримованын ортосунда “байланыш болгон окшойт” деген өңдүү божомолду дагы күчөттү.

TeliaSonera чындап эле Гүлнара Каримовага Өзбекстанда иштегенге укук алыш үчүн 300 млн. доллар “шапка” берген беле?

Швеция, Финляндия жана Норвегия жарым жартылай ээлик кылышкан компания бул суроого “жок” деп жооп берип келатат.

Бирок Швецияда жана Швейцарияда жүрүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында швециялык прокурорлор жарыялаган акыркы документтерде TeliaSonera чындап эле Каримова менен байланышка чыгуунун жолдорун активдүү издегени көрсөтүлгөн.

Маселен, документте компаниянын жетекчилери 2007-жылы бири-бирине жазган каттары анализге алынат да, “президенттин кызы Гүлнара Каримова менен байланышка чыгуунун түрдүү каналдары” жөнүндө айтылат.

“ТелиаСонерага” караштуу Fintur Holdings ишканасынын башчысы Серкан Елдер катында Өзбекстандын Телекоммуникация министри Ахмадулло Арипов менен көрүшкөнгө чейин Каримованын тобуна жолугуп, өзбек рыногунда ким менен иштешиш боюнча сүйлөшүп албасак, өзүбүзгө эле кыйын болот” деген сыяктуу эскертүү жазган.

Акыркы 10 жылдын ичинде Гүлнара Каримова бир топ дипломатиялык кызматтарда иштеди, 2007-жылы Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине кеңешчи да болду. Негизи, бул кызмат ага инвестициялык алакаларда чечүүчү же уруксат берүүчү катары иштегенге жол бербеши керек.

Бирок АКШнын дипломатиялык кат алмашуулары ачыкка чыгып калган документтерде “каракчы барон” катары сүрөттөлгөн президенттин кызы жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин эсебинен өз үй-бүлөсүнө акча жасаган адам катары сыпатталган. Гүлнаранын жеке мүлкү миллиардаган долларга бааланат дешет.

Елдердин катында “Каримовага таандык болушу мүмкүн” делген 13 ишкана тууралуу, анын ичинде, кийинчирээк Орусиянын MTS компаниясына сатылып кеткен Uzdunorbita жана башка бир топ телеком компаниялары, интернет провайдерлер, мунайды кайра иштетүүчү Фергана заводу, “Зеромакс” ишканасы, “Кредит Стандарт” банкы жана башка ишканалар аталган.

Бул катта TeliaSonera менен кызматташууда Каримованын кеңешчиси катары Бекзод Ахмедовду, “Уздинорбитанын” жетекчисин аташат.

Швеция прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Гуннар Стетлер сотко сунуштаган бул каттар “TeliaSonera компаниясы Өзбекстанда иштеш үчүн Гүлнара Каримовага акча сунуш кылган” деген ойду бышыктайт.

Стетлер “Азаттыктын” өзбек редакциясына сүйлөп жатып, азыр алар TeliaSonera Өзбекстанда иштеш үчүн учурунда Каримовага жакын адамдын ортомчу Takilant ишканасына Coscom мобилдик операторун сатып алыш үчүн берген 230 млн.доллар акчасын конфискациялап алууну каалаганын айтты.

Өзбекстанда Орусиянын MTS компаниясы айланасында чыр чыкканда өлкөдөн качып кеткен “Коскомдун” башчысы Бекзод Ахмедовдун Женева банкындагы 600 млн. доллар акчасы убактылуу камакка алынган эле.

TeliaSonera азырга чейин бул иште эч кандай мыйзам бузууларга барбаганын айтып, ушул учурда жүрүп жаткан иликтөө иштери муну далилдейт деп кайталап келатат. Компания азыр коңшулаш Казакстандын чөнтөк телефон рыногуна инвестиция салууга өттү.

Азербайжанда шайлоо алдында жаңжал чыкты

Рамиз Мехтиев (оңдо) Илхам Алиевдин атасы менен иштешкен.

Азербайжанда быйылкы президенттик шайлоону утурлай президент Илхам Алиевдин бийлигинин беделине көлөкө түшүрүүчү жаңжал тутанууда.

Мурдагы университет ректору Баку бийликтери парламенттеги орундардын ар бирин бир миллион доллардан ашуун акчага чейин сатаарын көрсөткөн тасмаларды жарыялап жатат. Ал видеолордун акыркысы ушул аптада чыкты.

Азербайжандын азыркы саясий жаңжалы былтыр сентябрда башталган. Анда Азербайжан Эл аралык университетинин мурдагы ректору Элшад Абдуллаев өзү 2005-жылкы шайлоо алдында депутаттык мандатты сатып алуу үчүн соодалашып жаткан кези жашыруун тартылган тасманы коомчулукка шардана кылган эле.

Тасмада ал кездеги ректор Абдуллаев азери парламентинин “кайнене” деген каймана ат менен белгилүү депутаты, бийликтеги “Ени Азербайжан” партиясынын таасирдүү өкүлү Гулар Ахмадова менен маңдай-тескей сүйлөшүп отурат.

Ахмадова Абдуллаевге парламенттен орунду ал буга чейин төлөгөн
500 миң манатты же 637 миң долларды экиге көбөйтсө гана алып бере аларын айтууда. Ага катар Ахмадова жана аны менен бирге отурган Севинж Бабаева ысымдуу айым ректор Абдуллаевди анын акчасы “устат Рамизге” берилгенине ынандыруу аракетин көрүшүүдө.

Рамиз Мехтиев - азери президентинин аппарат башчысы жана өлкөдөгү экинчи эң таасирдүү адам катары саналат. Андыктан былтыр күздөн бери кеминде жети тасманы жарыялаган Абдуллаев 74 жаштагы Мехтиевди максатына жетүү үчүн кээде катаал ыкмалардан да кайра тартпаган коррупциялык топтун анабашы катары көрсөтүүдө.

Өзү Азербайжандан качып, азыр Франциянын Страсбург шаарында жашаган Абдуллаевдин айтымында, эгер Мехтиев бийликтен четтетилбесе, ал алдыдагы апталарда, айларда жаңы тасмаларды шардана кылмакчы.

Бир тууганды табуу аргасы

Ал эми кезинде парламенттен орунду сатып алуу аракеттенгенин Абдуллаев учурда “дайынсыз жоголду” деп саналган бир тууганын сактап калуу аракети менен түшүндүрүүдө. Анын Улуттук коопсуздук министрлигинде иштеген, аскерий чини майор бир тууганы Махир 2003-жылы камалып, анан дайынсыз жоголгон.

“Азаттык” радиосунун азери кызматы менен маегинде Абдуллаев жашыруун тартылган видеолорду шардана кылуу чечимине президент аппаратынын башчысы Мехтиевдин анын бир тууганын уурдоого жана шайлоону бурмалоого тикелей тиешеси бар болгону боюнча дооматтарын бийликтер укпагандан кийин келгенин белгиледи:

- Бул жердеги юрист профессорлор, адвокатым бийликтер мендеги далилдердин 10% ээ болушса эле ишти сотко жеткире алмактыгын айтып жатышат. Атүгүл адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин барам. Менде башка жол калган жок. Азербайжандын өзүндө эле сотко берүүнү каалагам. Бирок алар менин үй-бүлөмө террор көрсөтө башташты.

Абдуллаевдин үстүнөн Азербайжанда кылмыш иши ачылган. Тартип коргоо органдары ал Эл аралык университетти башкарып турган кезинде коррупциялык жол менен пайда көргөн деп шек санашат. Окуу жай 2010-жылы студенттерди мыйзамсыз кабыл алган, паракорчулукка жол берилген деген жүйө менен жабылган.

Шектүү өлүм

Анткен менен мурдагы ректордун парламенттеги орунду сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн тартып, бийлик адамдары нак акчага шыкалган чемондарды отвертка менен ачып жаткан учурлар түшүрүлгөн тасмалары Бакуда таасирин тийгизип жаткандай.

Жакындагы бир шектүү өлүм да жаңжалдын маанисин арттырды. Атап айтканда, тасмада мурдагы ректор менен соодалашып жаткан Гулар Ахмадованын жанындагы Севинж Бабаева 26-декабрда Түркиядагы ооруканада көз жумган.

Бабаеванын уулу Айхан Мамедов энесинин өлүмү үчүн Ахмадованы айыптап, ал энесинин тамагына былтыр күздө жайыраак жайран кылуучу ууну кошуп койгонун айтып чыкты.

Парламенттеги орун акысы сүйлөшүлүп жаткан учур.
Парламенттеги орун акысы сүйлөшүлүп жаткан учур.
Ахмадова болсо бул ырастоолорду “келжиреген кеп сөз” катары мүнөздөп, “Азаттык” радиосуна түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Бирок азыр “Гуларгейт” деп аталып калган жаңжалдын таасири күчөгөндөн улам ал өзү биринчи шектүүгө айланып бара жаткандай.

“Ени Азербажан” партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган Ахмадова ушул аптада үй камагына отургузулган.

Бирок чуулгандуу видеонун дагы бир башкы каарманы, президент аппаратынын башчысы Мехтиевге чара көрүлөр-көрүлбөсү азырынча белгисиз.

Азербайжан элитасынын узактан берки өкүлү Мехтиев мурдагы президент, маркум Гейдар Алиевдин жакынкы кызматташы жана 2003-жылы бийликти атадан балага өткөрүү планынын башкы архитектору болгон деп айтылып жүрөт.

Акырындык менен кулач жайып бара жаткан жаңжал Азербайжандын быйыл октябрга белгиленген президенттик шайлоосуна туш келүүдө. Саясий беделге көлөкө түшүрүүчү видеолор коңшу Грузиянын былтыр күздөгү парламенттик шайлоосун эске салды.

Грузияда түрмөдөгү ур-токмок боюнча элдин үрөйүн учурган видеолордун шайлоо алдында жарыяланышы президент Михаил Саакашвилинин партиясы шайлоодо утулушуна чоң салым кошкон эле.

Кыйла эле кордук-зордук көргөн азери оппозициясы да “Гуларгейт” жаңжалын президент Алиевден кутулуунун сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүгү катары карап, өкмөттү мурдагы ректор Абдуллаевдин айткандарын иликтөөгө чакырууда.

Прокурорлор да өз кезегинде шайлоонун бурмаланышы боюнча ырастоолорду жана видео тасмалардын нукуралуулугун текшере башташты.

Бакулук саясат таануучу Хусеинбала Салимовдун көз карашында, Абдуллаевдин видеосу Грузиядагыдай, бийликтин жеңилүүсүнө алып барбайт. Анткени Азербайжанда шайлоо жыйынтыгы олуттуу бурмаланат.

Президент аппаратынын башчысы Мехдиев кызматтан кулатылган күндө деле оппозициядан Алиевге чакырык таштаган күчтүү талапкер жакынкы жылдары чыга албайт:

- Өкмөт улгайган адамдардан турат. Алар саясий аренадан ансыз деле жакында кетет. Бирок системанын фундаменталдык принциптери өзгөрмөйүнчө бир расмий өкүлдү экинчиси менен алмаштыруу эч нерсени өзгөртпөйт.

Эгер Илхам Алиев октябрда кайра шайланса, бул анын үчүнчү мөөнөтү болот. Азербайжандын оңдолгон Конституциясы мындайга мүмкүнчүлүк берет.

Түркмөнстан: сөз эркиндиги азырынча кагазда

Түркмөн гезиттери

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Түркмөнстандын “Массалык маалымат каражаттары тууралуу” туңгуч мыйзамын азырынча "өлүк документ" катары мүнөздөөдө.

Аталган уюмдун пикиринде, түркмөн мыйзамы сөз эркиндигин жарыялап, цензурага тыюу салганына карабай, дүйнөнүн эң жабык жана репрессиячыл өлкөсүнүн биринде расмий саясат менен турмуш чындыгы ортосунда эбегейсиз ажырым бар.

“Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзамды түркмөн
парламенти - Межилис былтыр 22-декабрда кабыл алган. Президент Гурбангулы Бердымухаммедов да ага тез эле кол коюп, мыйзам 4-январдан тарта күчүнө кирди. Муну менен Түркмөнстан көз карандысыздыгынын тарыхында массалык маалымат каражаттарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамга алгач ирет ээ болду.

Эми мыйзамдын жоболоруна ылайык, Түркмөнстанда да ММК коомдук кызыкчылыкка ээ маалыматты таратуусуна эч ким тыюу сала албайт. “Жарандар маалымат алуу жана издөө, ой-пикирин, ишенимин билдирүү үчүн ММКнын бардык формаларын колдонууга укуктуу”.

Мындан да маанилүүсү - “ММКны цензуралоого, алардын ишмердигине кийлигишүүгө, жеке же юридикалык жактар монополдоштуруп алышына жол берилбейт”.

Турмуш чындыгы

Анткен менен түркмөн мыйзамынын жоболорун талдаган “Чек арасыз кабарчылар” уюму ал турмуш чындыгынан абдан эле алыстыгын, ортодогу ажырымды жойгудай кадамдар жасала электигин айтууда.

Аталган уюмдун өкүлү Йохан Бир (Johann Bihr) “Азаттыктын” түркмөн кызматы менен маегинде буларды айтты:

- Кагазда бул мыйзам абдан жакшы. Бирок эң маанилүүсү, албетте, дүйнөнүн эң жабык жана репрессиячыл өлкөлөрүнүн бириндеги мыйзам менен турмуш чындыгы ортосундагы ажырымдын эбегейсиздиги. Андыктан аталган мыйзам өлкөдө нукура демократиялык реформалар жүрмөйүнчө эч нерсени өзгөртө албайт. Ал ишке ашуусу үчүн саясий системанын өзү толугу менен өзгөрүшү, соттор азыркыдан башкача иштеши керек. Ага катар коом коркутуулардан, өзүн-өзү цензуралоодон кутулушу абзел. Биздин тыянак боюнча бул мыйзам реалдуулукка айланыш үчүн абдан эле көп аракет зарыл. Ал жакынкы убактарда турмушка ашкыдай мүмкүнчүлүк жок.

Жаш түркмөн журналисттери
Жаш түркмөн журналисттери
Көз карандысыздык жылдары салт болуп калгандай, Түркмөнстанда маалымат каражаттарынын иши мамлекет тарабынан тикелей көзөмөлдөнүп, алар бийлик үгүтү үчүн кызмат кылышат. Расмий багыттан тайгандар жазаланат. Жалпы улуттук гезиттердин көпчүлүгүнө президент ээлик кылат. Өлкөдө жалгыз гана жеке менчик басылма бар.

“Ийгилик” (Rysgal) деп аталган экономикалык гезитти ишкерлер тобу чыгарып келүүдө. Бирок анда бийликтин дарегине сын айткан макалалар жарыяланбайт.

Москвада жашаган түркмөнстандык көз карандысыз журналист Батыр Мухаммедовдун пикиринде, түркмөн бийликтеринин ММКнын ишин эми мыйзам менен тескөө аракети кубаттоого арзыйт. Бирок алар муну тышкы коомдук пикир үчүн гана жасоодо:

- Бул экспорт үчүн, биз да башкаларга окшош экенибизди көргөзүү үчүн гана жасалды.

Мыйзам бар, механизм жок

Быйылтан тарта цензурага расмий тыюу салганга чейин былтыр январдан бери Түркмөнстан бир партиялуу системадан да баш тартып, өлкөдө ишкерлерден турган экинчи саясий партия да жаралган.

Бирок оппозициячыл партияга уруксат берилбегенин, шайлоолор мурдагыдай эле атаандашсыздык шартында өтүп жатканын эске салган байкоочулар, көп партиялуулук да кагаз жүзүндө гана жарыяланганын белгилешет.

Укук коргоочу, “Хельсинки Түркмөн корунун" жетекчиси Тажигүл Бегмедова:

- Түркмөнстан эл аралык уюмдардын мыйзамдарды өзгөртүү керек деген чакырыгын укканы жакшы. Бирок алар кагаз деңгээлинде эле калбашын каалар элек. Анткени ал мыйзамдар иштегидей механизмдер Түркмөнстанда азырынча жарала элек.

Огулсапар Мурадова
Огулсапар Мурадова
Эл аралык медиа уюмдар сөз эркиндиги боюнча жылдык индекстеринде Түркмөнстанды Түндүк Корея жана Эритерия өңдүү мамлекеттер менен катар эң акыркы үч орунда кармап келет.

Өлкөдө көз карандысыз иштөөгө аракеттенген журналисттер үчүн тобокелчилик абдан жогору. “Чек арасыз кабарчылар уюму” жазгандай, Сапардурды Хажиев, Аннакурбан Аманкылычев ысымдуу эки журналист чөлдүү жерде алты жылдан ашуун убакыттан бери абакта отурушат. Огулсапар Мурадова ысымдуу аял журналист 2006-жылы абакта каза тапкан.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Довлетмурат Язкулиев 2011-жылы жасалма айып негизинде беш жылга кесилип, кайра президенттин кечирими менен бошотулду.

Гимндин тексти кайрадан талкууда

Депутат Дастан Бекешов Мамлекетик гимндин экинчи куплетин ырдоодон алып салган Жогорку Кеңештин токтомун артка кайтарууну сунуштап жатат.

Анын жүйөсү боюнча, парламент мындай олуттуу маселени шашылыш кабыл алган.

Ал эми улуттук символикаларды өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын айтымында, алар гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салуу чечимине келишкен.

"Токтом шашылыш кабыл алынды"

“Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине”.

Мындан ары өлкө гимнинин бул саптары ырдалбайт. Андай чечимди Жогорку Кеңеш 27-декабрдагы токтому менен кабыл алды. Бирок “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов парламенттин токтому чийки болуп калды деп, артка кайтарууга аракет кылууда. Ал спикерге жолдогон катында белгилүү публицист Эсенбай Нурушевдин гимндин текстине байланыштуу макаласынан улам көз карашы өзгөргөнүн жазган.

- Шашылыш жыйынтык болгондой болбосун, кайра карап чыксын деп сунуштадым. Анткени биз шашып эле кабыл алып койбодукпу. Комиссия дагы бир карасын, Эсенбай Нурушевди чакырып, айткандарын карап көрсүн деп сунуш кылып жатам.

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов
Мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча 2011-жылдын мартында түзүлгөн депутаттык комиссия былтыр жыл тогошкон маалда - 27-декабрда корутундусун жарыялаган. Натыйжада 70тен ашык депутаттын колдоосу менен Мамлекеттик гимндин экинчи куплети толугу менен алынып салынган болчу. Ага негизинен ”бейкуттук” деген сөздүн карама-каршы мааниге ээ экендиги себеп болгон. Комиссия мүчөлөрү “кут” деген сөздүн алдына “бей” деген жалгама келгенде “кут” сөзү тескери маанини берип калат деген жыйынтыкка келишкен эле.

Бирок белгилүү публицист Эсенбай Нурушев мындай корутундуга макул эмес. Ал депутаттык комиссиянын чечими илимге негизделбеген тыянак болуп калды деген ойдо. “Бейкут” сөзүнүн этимологиясын изилдеп чыккан Эсенбай Нурушевдин айтышынча, “бейкут” фарсы тилинен келген сөз жана ал азыркы кыргыз тилиндеги “кут” сөзү менен эч бир байланышы жок.

- Андай-мындай деп айтыштан мурда сөздүктөрдү ачып, карап көрүш керек. “Иран сөздөрүнүн этимологиясы” деп 2000-жылдан бери Москвадан чыгып келаткан сөздүк бар. Ошолорду да карап көрүш керек болчу. Анан “бейкут” деген сөздү кыргыздын “кут” деген сөзүнө байланыштырып жатышпайбы. Анын буга такыр тиешеси жок. Тереңирээк изилдеп көрбөстөн, булар дүңүнөн, үстүртөдөн эле карап, “бейкут” деген сөз “кутсуз” деген маанини билдирет деп, "уруп" салыптыр.

Бул пикирине бир катар илимий мисалдарды келтирген публицист “бейкут” сөзү түпкү маанисинде тынчтыкты, жымжыртыкты билдирерин далилдөөдө. Ошону менен катар анын “тынч”, “тынчтык”, “бейпил”, “мемиреген”, “сак-саламат” деген маанилерде колдонулуп келатканы туура экендигин кошумчалады.

Кезек тууга жетти

Ал эми мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиев бир катар тилчи-окумуштуулар менен бирге иштегенин белгилейт.

- Комиссия жеткире иштеп, "бышырып", чечим чыгарды деп ойлойм. Экинчи куплеттеги “бейкуттук”, “досторуна даяр дилин берүүгө” деген сөздөр боюнча дайыма талаш-тартыш болуп келген. Бул талкууланып, жыйырма жолу жыйынга чогулуп отуруп, анан кабыл алынган чечим. “Бейди” алып салсак, “кут” өзү маани берип жатпайбы. “Жакшы” дегенди, “куттуу” дегенди билдирип жатат. Муну талкуулаганда көптөгөн окумуштуулар, түркологдор, илимдин докторлору, кандидаттары жана академиктер катышкан.

Ошол эле кезде депутаттык комиссиянын мүчөсү, кадамжайлык акын жана жергиликтүү кеңештин депутаты Абдинаби Назарбаев бир куплетти толугу менен алып салууга каршы чыккан. Ал гимндеги талкуу жараткан сөздөрдү башка сөздөр менен алмаштырып коюу керек болчу дейт.

- Комиссия бир куплетин алып салды. Мындай болгондон кийин анын тарбиялык мааниси жоголот. Терс маанидеги сөздөрдү гана алмаштырып, оңдоп коюш керек болчу.

Кыргызстандын гимни мындан жыйырма жыл мурда, 1992-жылдын 18-декабрында легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган. Анын авторлору - Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев.

Шабданбек Кулуев Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда комиссиянын гимндин бир куплетин алып салуу чечимине макул экенин билдирген.

Айтмакчы, гимнден кийинки кезек Кыргызстандын туусуна келет. Депутаттык комиссия тууну өзгөртүү маселесине коомдук талкуудан кийин кайрылып келмей болду. Бирок ошол эле кезде мамлекеттик ыйык белгилерди өзгөртө берүү өлкөнүн туруксуздугун билдирет дегендер да жок эмес.

Балтабаев: Анклав маселесин чечүүнүн алты жолу бар

Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев Сох анклавындагы кырдаал тууралуу суроолорго жооп берди.

- Деги эле анклавдарга байланыштуу чек-ара маселеси чыкканда аны чечүүнүн жолдору барбы?

- Мен бул маселе дүйнөлүк тажрыйбада кантип чечилээрин карап көрдүм. Алты жолу бар экен. Биринчиси – эки жактын кызыкчылыгына жооп берген эрежени иштеп чыгуу келишими. Башкача айтканда, эки эл үчүн экономикалык-гуманитардык карым-катнашты камсыз кылуу. Экинчиси – анклавга ээлик кылган мамлекеттин территориясы менен бириктирүүчү коридор бөлүп берүү.

Мындай шартта анклавга кирип-чыгуу башка өлкөгө кирип-чыккандай тартипте жүргүзүлөт. Үчүнчүсү – эки мамлекеттин макулдашуусу менен анклавды алмашуу процесси. “Сен бул жерди ал, мага анклавды бер, чек араңды бекит, мен да бекитем” дегендей... Төртүнчүсү – ошол жерге ээлик кылган өлкө тарабынан анклавга кененирээк автономия берүү. Бешинчиси – анклавды узак мөөнөткө ижарага берүү же алуу. Алтынчы, эң коркунучтуу жолу – күч колдонуу менен анклавды тартып алуу, аны жоюу.

- Бизге кайсынысы туура келет дейсиз?

- Менимче, биринчи варианты туура. Же ал маселени чечүүнүн биринчи этабы катары каралса болот. Кыргызстан менен Өзбекстандын азыркы саясый-экономикалык, гуманитардык мамилесин жакшы деп атоого болбойт.

- Сиз сунуштап жаткан жол эмнеси менен ылайыктуу, чечмелеп бересизби?

- Башка жол жок. Эки жактын кызыкчылыгына жооп берген эреже иштеп чыгуу азыр эки мамлекет үчүн тең приоритеттүү. Эң биринчиден биздин президент демилгени колго алып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, элге жарыялап, парламентке жөнөтүп, аны кошуна мамлекетке ачык кат катары жолдошу зарыл. Жабык болбошу керек. Жыйырма жылдан бери жабык болуп келатып чирип бүттү бул маселе. Эгерде кошуна мамлекеттер, айрыкча Өзбекстан биздин президенттин демилгесине, сунушуна көңүл бурбай турган болсо, тоготпосо, ошол сунуштардын баарын БУУга, ЕККУга, ЖККУга жана ШКУга жөнөтүш керек.

- Соңку окуя чек арада жашаган элдин коопсуздугу өтө талылуу маселе экенин көрсөттү. Отуздай жараныбызды, аял, балдары менен кошо алып кетип, бир сутка барымтада кармап жатышты, эркектерин уруп-сабап коё беришти. Эли ушинтип кор болбошу үчүн мамлекет кандай шарт түзүп берсе туура? Колуна курал бериппи же зым менен баарын тосуп алыппы?

- Жок. Курал берип, тосуп алып дегендей жол дүйнөлүк практикада жок. Биз кошуналык-ашыналык мамиле болушуна шарт түзүп беришибиз керек. Эки мамлекеттин бийлиги ушуну жасашы зарыл. Жакында мен жергиликтүү аксакалдардын биринин “Биз миңдеген жылдар бою кошуна-ашына болуп жашап келгенбиз. Төрт хулигандын артынан ээрчип эки эл согушуш керекпи? Эки эл курал менен эки окопто жатыш керекпи?” деген сөзүн угуп калдым... Жок, антип маселе дүйнөдө да чечилген эмес, бизде да чечилбейт. Башка эрежелерди иштеп чыгып кабыл алышыбыз шарт. Ким аны буза турган болсо, чагымчыларды, туура эмес иш жүргүзгөндөрдү мыйзам чегинде жазалоо керек.

Депутаттардын соту жылды

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытов баштаган жети адамдын алгачкы соту башталбай жатып, ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү.

10-январда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун сол капталы митингчилерге, процесс өткөн залдын ичи камактагылардын жакындары жана журналисттерге толду.

Темир тордун ичиндеги депутаттар ак калпак кийишсе, соттолуп жаткан Ташиевдин олбурлуу үч жан сакчысы болсо баштарына малакай кондуруп алышкан. Үй камагына чыккан коомдук ишмер Кубат Кожоналиев сотко келген тарапкерлердин катарынан орун алды.

Камчыбек Ташиев адаттагыдай өктөм сүйлөгөнү менен анын шапая түшкөнү көзгө урунду. Ага микрофон суна калып, пикирин сураганга үлгүрдүк:

“Азаттык”: Камчыбек мырза, ден соолугуңуз кандай? Соттук процесске, сизге коюлган айыптарга кандай көз караштасыз?

Ташиев: Жакшы. Азыр мен ооруканада дарыланып жатам. Бүгүнкү соттук процессти саясий куугунтук деп эсептейм. Мыйзамсыз иш козгоп, мыйзамсыз тордун артына кармап турушат. Акыры чындык чыгат. Кудай буйруса, биз жакында чыгышыбыз керек.

“Азаттык”: Сот адилет болооруна ишенесизби?

Ташиев: Сот адилет өтпөсө, биз элге кайрылабыз.

“Азаттык”: Митинг өткөрөсүздөрбү?

Ташиев: Аны эл чечиши керек. Себеби биз эл шайланган депутаттарбыз.

Ташиевдин кыскача маегин бул жактан угуңуз.



Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов
Ошентип соттук териштирүү депутаттар камалгандан 14 жума же 99 күндөн кийин өттү. Жалпы жети кишинин таламын онго чукул адвокат, 3-4 коомдук жактоочу коргоду.

Сот башталары менен Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаевге ишенбөөчүлүк билдирип чыкты. Көрсө, судья адвокаттардын буга чейинки үч арызын карап, канааттандырган эмес экен. Адвокат Икрамидин Айткуловдун сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин калган бардык адвокаттар, айыпталуучулардын өздөрү да бир ооздон колдошту. Депутаттардын жактоочусумун деген Азимбек Бекназаров сотко кайрылды:

- Сиз бул иштин козголушу жана депутаттардын камакка алынышы боюнча өз позицияңызды билдирипсиз. Мындан кийин калыстык кылат деп ким ишенет? Ошондуктан бул ишти үч жолу карагам деп туруп, өзүңүз эле иштен баш тартсаңыз болмок.

Соттук жараянга Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Бөдөш Мамырова, “Ата Журттан” Жылдыз Жолдошева, укук коргоочулар Чолпон Жакупова, Азиза Абдирасулова да көз салып турушту. Камактагы депутаттарды фракциялаш кесиптеши Курманбек Осмонов колдоого алды:

Депутаттар Жылдыз Жолдошева, Курманбек Осмонов жана айыпталып жаткан коомдук ишмер Кубат Кожоналиев
Депутаттар Жылдыз Жолдошева, Курманбек Осмонов жана айыпталып жаткан коомдук ишмер Кубат Кожоналиев
- Үч депутаттын үстүнөн кылмыш ишин башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев кылмыш ишин козгогон. Мыйзамдын талабы боюнча депутаттарга ишти башкы прокурор гана козгошу керек.

Үч депутатка өткөн жылдын октябрь айында Бишкектеги Ак үй алдында болгон башаламандыктар боюнча “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Ташиевдин жан сакчылары жана үй камагындагы Кубат Кожоналиев башаламандыкты уюштурууга көмөктөшкөн деп шектелип келет.

Мамлекеттик айыптоочу, прокурор Таалайбек Касымбеков адвокаттардын дооматтарын четке какты:

- Башкы прокурордун мурдагы орун басары Нурлан Жээналиев тарабынан козголгон кылмыш иши райондук сот тарабынан күчүндө калтырылган. Депутаттардын баш коргоо чарасын караган судья ал адамдарга байланыштуу башка ишти карай албайт деген Кылмыш кодексинде жок.

Бирок судья Абдуразак Боромбаев адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырды. Эми мыйзам боюнча 10 күндүн ичинде эч кандай доо арыз болбосо, Биринчи май райондук сотунун төрагасы ишти башка судьяга өткөрүп бериши керек. Мындай чечимди уккандан кийин митингчилер тарап кетишти. Депутаттарды болсо кайрадан тергөө абагына алып жөнөштү.

Депутаттардын соту көпкө созулчудай
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

Брахими: Асадга Сириянын өткөөл өкмөтүндө орун жок

Лахдар Брахими

Президент Башар Асад Сириянын өткөөл өкмөтүндө болбош керек. Мындай пикирин Сирия боюнча атайын чабарман Лахдар Брахими 9-январда билдирди.

Лахдар Брахими 9-январда Сириядагы кырдаал жана өлкөдөгү жарандык согушту токтотуу боюнча Би-Би-Си корпорациясына жана "Ройтерс" агенттигине маек курду. Ал Би-Би-Сиге курган маегинде сириялыктар арасында Асаддардын үй-бүлөсүнүн 40 жыл бою мамлекетти башкаруусу өтө эле көп деп эсептегендер бар экенине токтолду. Ошондой эле Асад элдин бийликти өзгөртүү аракетине каршы турбай, өкмөттү алмаштыруу демилесин өз колуна алышы керек деди.

“Cирияда, менин оюмча, адамдар бир үй-бүлөнүн 40 жыл башкарганы бир топ эле узак дешет. Реалдуу өзгөрүү болуш керек. Президент Асад каршы болгондун ордуна элдин умтулуусун колдоп, демилгени өзүнө алууга тийиш деп ойлойм.”

Башар Асад бийликке 2000-жылы 10-июнда атасы Хафес Асад көз жумгандан кийин келген. Хафез Асад бийликке 1970-жылкы төңкөрүштүн натыйжасында отурган.

Сириялык качкындар
Сириялык качкындар
Улуттар Уюмунун атайын чабарманы Лахдар Брахими ошол эле 9-январда Каирде "Ройтерс" агенттигине берген интервьюда, Башар Асадга Сириянын өткөөл өкмөтүндө орун болбош керек деди.

Дүйнөнүн бакубат мамлекеттери тарабынан былтыр Женевада кабыл алынган Тынчтык планына ылайык, өткөөл өкмөттү түзүү 2011-жылдын март айынан бери Сирияда жүрүп жаткан жарандык согушту токтотуунун негизги жолу катары каралган.

Брахими Сириядагы кандуу булоон Женева келишиминин негизинде токтотулушу керек, чатак согуштук жол менен жөндөлбөйт деп, согушка быйыл чекит коюлушу зарыл экенин да баса белгиледи.

Улуттар Уюмунун маалымдашынча, Сириядагы согуш 60 миңден ашуун адамдын өмүрүнө зобун келтирген.

Брахиминин жогорудагы сөзүн көпчүлүк серепчилер Башар Асадды бийликтен кеткенге чакырган бакубат өлкөлөргө кошулганы турганынын жышааны катары баалашты.

Сирия өкмөтү Лахдар Брахиминин сөзүнө байланыштуу эч кандай билдирүү жасай элек. Ал эми оппозиция Брахиминин билдирүүлөрүн колдоду.

Брахими "Ройтерске" курган маегинде Башар Асаддын жекшемби күнкү кайрылуусунда антиөкмөттүк күчтөр же “Сирияга чыккынчылык кылгандар” менен эч кандай диалог болбойт деген сөзүнү сындады жана Асаддын өкмөтү менен оппозицияны ок атууларды токтотуп, өткөл өкмөттү түзүүгө чакырган Женева келишиминин шартын аткарганга үндөдү.

Асаддын берегидей сөзүн оппозиция жана Асад бийликтен кетиш керек деп санаган Батыш өлкөлөрү да сындашкан.

Шаршемби күнү Орусия Асаддын сөзү анын ички күчтөр менен диалогго барганга жана өлкөнү реформалоого даяр экенин күбөлөйт деп, Сирия өкмөтүн колдоорун кайра кайталады. Сирия куралды негизинен узактан берки ишенимдүү союздашы Орусиядан алат.

Москва Сириядагы кризис тыш өлкөлөрдүн кийлигишүүсү жок чечилиш керек деп үзбөй айтып жүрөт жана Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Асаддын режимине каршы чараны күчөтүү боюнча бир нече резолюциясына каршы чыгып, аларды Кытай менен кошо өткөрбөй койгон.

Москва ошол эле мезгилде Асаддын режимин колдобосун айтып келет.

Лахдар Брахими жума күнү Женевада Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михайил Богданов жана АКШнын мамлекеттик катчысынын найыбы Вилямс Бөрнс менен кездешип, Сириядагы чатакты басуу боюнча пикир алмашат. Алар бул маселени акыркы ирет былтыр декабрда жолугушканда талкуулашкан.

Үч депутаттын соту башталды

"Атажуртчу" үч депутат: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында. 10-январь, 2012.

Бишкектин Биринчи май райсотунда "Ата-Журт” фракциясынын үч депутатынын соту башталды.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытов баштаган адамдардын соту башталды.

Сотко камактагы депутаттардын ар биринин тууган-уруктары, айрым депутаттар жана коомдук-саясий ишмерлер кирди. Ишти карап баштаган судья Абдурзак Боронбаев адвокаттардын ишеним көрсөтпөө өтүнүчүнөн улам, аны кароо үчүн тыныгуу жарыялады. Адвокаттар судья Боронбаев буга чейин депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгонун айтып, ишти калыс териштиришинен күмөн саноо менен ага ишенбөөчүлүк билдирген.

“Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты баштаган адамдардын ишин карап жаткан судья ага көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк өтүнүчү келтирилгендиктен, аны кароо үчүн кеңешүүгө кетти.

Натыйжада судья Абдуразак Боронбаев айыпталуучулардын адвокаттарынын ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн канааттандырган соң бүгүн башталган сот иши токтотулду. Эми мыйзам боюнча 10 күндүн ичинде эч кандай доо арыз болбосо Биринчи май райондук сотунун төрагасы ишти башка судьяга өткөрүп бериши керек. Кийинки сот процессинин мөөнөтү андан кийин такталат.

Сот болуп жаткан учурда Биринчи май райондук сотунун жанында камактагы депутаттардын жакындары нааразылык акцияга чыкты. Кабарчыбыз Кубат Касымбековдун билдиришинче, ага болжол менен жүздөй адам чогулду. Алар камалгандардын баары акталып, тезинен бошотулушун талап кылды. Сот иши убактылуу токтотулган соң митингчилер да тарап кетти.

Бул учурда милиция кызматкерлери соттун имаратын катуу кайтарып турду.


Депутаттардын соту көпкө созулчудай
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

Чавестин ишке киришүүсү кийинкиге калды

Венесуэлада парламент президент Хуго Чавестин ишке расмий киришүү салтанатын белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырды.

14 жылдан бери бийликте турган Чавестин Кубада рактан кайра операция болгондон кийин саламаттыгы начарлап кеткен эле. Ошондой кийин анын 10-январга белгиленген инаугурациясына катышаар-катышпасы арсар болуп жаткан.

Хуго Чавес үчүнчү жолку президенттик кызматына 10-январь, бейшемби күнү расмий киришмек. Бирок Чавестин колдоочулары көптүк кылган парламент Кубада рак оорусу менен алышып калган президенттин кызматка киришүү мөөнөтүн кийинкиге калтыруу сунушуна макул болду.

Мындай сунушту парламентке ушул шейшембиде вице-президент Николас Мадуро киргизген эле. Парламенттин төрагасы Диосдадо Кабела Мадуронун өтүнүчүн Улуттук Жыйында окуп берди:

- Жол башчы президентибиз бизден дарыгерлердин кеп-кеңеши менен анын саламаттыгын калыбына келтирүү аракети болуп жаткандыгын сиздерге айтып коюну суранды. Операциядан кийинки сакайуу процесси 10-январдан кийин да уланат. Ошондуктан ал бул күнү Улуттук жыйындын алдына келе албайт. Венесуэла конституциясынын 231-беренесине таянып, ант берүүнүн датасын кийинкиге калтыруу маселесин Жогорку Соттун бүтүмүнө ылайык чечүү максатка ылайык болот.

Ант берүү аземинин кийинкиге калтырылышы оппозициядагы мыйзамгерлердин нааразылыгын жаратты. Алар Чавестин азыркы мандаты 10-январда бүтөт деп ырастап, Жогорку Соттон бул маселе боюнча бүтүм чыгарууну талап кылышууда.

Алар ошондой эле вице-президент Мадуронун кызмат мөөнөтү да бейшемби күнү бүтүп жатат деп ырасташып, мамлекет башчылыгын парламенттин төрагасы Диосдадо Кабеллого өткөрүү талабын коюшууда.

58 жаштагы Чавеске Кубада рак оорусуна байланыштуу 11-декабрь күнү, төртүнчү операция жасалган эле. Операциядан кийин анын өпкө инфекциясы өтүшүп кеткен. Маалымат министри Эрнесто Виллагас дүйшөмбү күнү Чавестин абалы «туруктуу» экендигин айткан эле.

Индия Пакистанга ачууланды

Пакистан-Индия чегинен бир көрүнүш. 9-январь, 2012 -жыл.

Индия коңшусу Пакистанды эки жоокеринин өлүмү үчүн айыптоодо. Коңшуларды кайраштыруучу окуя кайрадан талаштуу Кашмир чөлкөмүндө болуп отурат.

Өзөктүк куралы бар, өз ара атаандаш эки өлкөнүн аскерлери Кашмирдеги чек ара тилкесинин жанынан акыркы үч күндө эки жолу кагылышкан. Бул талаштуу аймактагы кырдаалдын курчушу эки коңшунун саясий мамилелери жакшыра баштаган учурга туш келип олтурат.

Маселен 2008-жылы Индиянын Мумбай шаарындагы террордук чабуулдардан бери алгачкы ирет Пакистан өзүнүн крикет командасын Индияга өткөн айда саякатка жөнөткөн.

Ага тушташ Пакистандын ички иштер министри Рахман Малик виза боюнча либералдаштырылган жаңы режимди жарыялоо максатында Индияга барган болчу. Ал Пакистан бийликтеринин кадамын “адамдар ортосундагы байланыш” кеңейишин колдоо деп түшүндүргөн. Андыктан Кашмирде аскерлердин атыша кетиши мына ушундай жараяндардын артынан болуп олтурат.

Индия тышкы иштер министри Салман Хуршид соңку инцидент
“олуттуу тынчсыздануу” жаратарын, бирок ал эки өлкөнүн алаканы
оңдоо аракеттерин ойрон кылышына жол бербөө зарылдыгын белгиледи:

- Эмне болгонуна карабай, ал эми кеңейип кетпегендиги абдан маанилүү. Биз бул кайгылуу окуя кырдаалды курчутушуна жол бере албайбыз жана бербешибиз абзел.

Ал эми Индиянын коргоо министри Араккапарамбила Куреан Энтони Пакистан армиясынын алардын эки жоокерине жасаган мамилесин кескин айыптады:

- Пакистан армиясынын аракеттери ашынган чагымчылдык. Индиянын өлгөн аскерлеринин сөөгүнө жасаган мамилеси адамкерчиликсиздик. Биз Пакистан өкмөтүнө нааразылык билдирүүбүздү улантабыз. Биз кырдаалга кылдат байкоо салып турабыз.

Индия басма сөзүнүн жазганына караганда, алардын шейшембиде пакистандыктардын огунан мерт болгон эки аскеринин биринин башы, экинчисинин кекиртеги кесилген экен.

Расмий нааразылык билдирүү үчүн Пакистандын Нью-Делидеги элчиси Индия тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Индия армиясынын өкүлдөрү чек арада каза тапкан кесипетештерине сый-урмат көрсөтүүдө. 9-январь, 2012-жыл.
Индия армиясынын өкүлдөрү чек арада каза тапкан кесипетештерине сый-урмат көрсөтүүдө. 9-январь, 2012-жыл.
Индия тараптын ырастоосунда, Пакистан жоокерлери алардын күзөттө жүргөн эки аскерин Кашмирди эки бөлгөн көзөмөл тилкесинин Индия тарабына бир нече жүз метр ичкери кирип туруп, атып салышкан.

Пакистан армиясынын расмий өкүлдөрү болсо Индия тараптын ырастоолорун төгүндөп, аны коомчулуук көңүлүн жекшембидеги окуядан алагды кылган “пропаганда” деп мүнөздөдү.

Шейшембидеги кан төгүүгө чейин Пакистан ушул жекшембиде Индия аскерлери алардын бекетине чек арадагы сызыктын жанынан кол салып, бир жоокерди мерт кылганын айтышкан.

Өзү 1947-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык алгандан бери Индия менен Пакистан үч ирет согушуп, алардын экөөсү көбүнесе мусулмандар жашаган ушул Кашмир аймагы үчүн жүргөн.

Ал эми 2003-жылы тараптар Кашмирде 740 чакырымга созулган көзөмөл тилкесинде, де-факто чек арада ок атышууну токтотууну макуладашууга жетишкени менен ал утур-утур бузулуп келет.

2008-жылы Мумбай шарында 166 адамдын өмүрүн алган теракттардан кийин токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн эки тарап былтыр эле кайра жандандырышкан.

Кыргызстан чек арасын кайтарууну күчөтөт

Чек арадагы Чарбак айылы, Баткен.

Кыргыз өкмөтүнүн Коопсуздук жана укук тартиби кеңеши 9-январда Чарбак жаңжалын талкуулады.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев чек ара аймактагы чырды иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүп, күнөөлүүлөрду жоопко тартууну тапшырды.

Жыйын соңунда тиешелүү министрлик-мекемелерге жана жергиликтүү бийликке чукул тапшырмалар берилди. Ага ылайык, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жанданат. Мамлекеттик чек араны кайтаруу күчөтүлөт жана эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле чек ара аймактардагы иш-аракеттер көзөмөлдөнөт. Чек ара боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Сохту айланып өткөн Айгүл-Таш – Согмент – Чарбак – Таян унаа жолун куруу жанданат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бул чек ара жаңжалын жергиликтүү бийлик ишин так алып барбагынын кесепети деп баалады:

- Бул биринчи эле жолу болгон окуя эмес. Мурунку окуялардан улам биз чечим кабыл алып, болтурбай коё алган жокпуз. Жергиликтүү бийликке чек арадагы аймактардагы чыр-чатактуу маселелерди чечүү боюнча мындан бир жыл мурун тапшырма-план берилген болчу. Бул жерде биз кандайдыр бир шалаакылыктарды көрсөтүп жатабыз.

Жыйында Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов жаңжал тууралуу кеңири маалымат берди. Кол башчынын маалымдашынча, өзбек тарап жаңжал кыргыз чек арачылары элге ок аткандан кийин тутанган деп жатат:

- Өзбекстандын чек ара аскерлигинин жетекчилигинин маалымдашынча, чогулган элдин андай аракетине өзбек жарандары арасында октон жаракат алгандардын болушу себеп болгон. 8-январда мен Баткендеги аскер прокурорун, тергөөчүнү алып Сохко бардым. Ал жерден бизге ок жеп ооруканага түшкөн беш адамды көрсөтүштү.

Жыйындан кийин өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков маалымат жыйынын өткөрдү. Анда облус башчысы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мындай жаңжал чек ара тилкелери толук такталып, тосулмайынча тутана берерин билдирип, жергиликтүү бийлик шалаакылык кылды, алдын алган жок деген дооматты четке какты:

- Өзбек жарандары илкерки мезгилден бери биздин жайыттарга чыгып, тообуздагы арча-кайыңды кыйып келген. “Чарбак” чек ара тозоту курулуп, эки жылдан бери мындай иштерге бөгөт коюлду. Жаңжалдын бирден-бир себеби ошол. Беш мамынын айынан ушундай чыр чыгат деп эч ким күткөн эмес. Жергиликтүү бийлик ал жерде алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес деген сөз ошол жердеги кырдаалды билбей айткандык болуп эсептелет. Делимитация ишин толук бүтүрүп, мамлекеттик чек араны тикенек зым менен тосуп, же болбосо аң казып бөлүш керек. Ошондон кийин мындай талаштар токтойт.

Разаковдун маалымдашынча, Сох анклавынын жака-белиндеги чек ара бекеттери кырдаал толук турукташмайынча ачылбайт:

- Баткен облусунун сегиз жеринде 100дөн, 300дөн эл топтолуп, адамдарды барымтага алып, ургандарды жоопко тартып, чыгымдарды төлөп бермейинче жолду ачпагыла деген талап койду. Ошондой жаңжал болду деген маалымат келгенден кийин биринчи өзбек тарап чек араны жапты, биз өзүбүз тараптан жаптык. Анткени ошол окуяга тиешеси жок эле адамдар жабыркап калбасын деп жаптык. Кечээ Фергана облусунун акими менен жолукканда да Сох анклавынын тургундарынын коопсуздугу үчүн эле жабылып турат, бизде башка маселе жок деп айттым. Эгер азыр Сохтон Өзбекстандын жараны чыгып, Бүргөндүдө, Айдаркенде кыргыз жарандарынын колуна түшүп калса жаңжал дагы кайталанышы мүмкүн. Ошон үчүн биз азырынча чек араны жабык кармап турабыз. Өзбек тарап чыгымды төлөп беребиз деп убада беришти. Бирок ал процесс азырынча баштала элек.

Бул арада Сохтогу чатакка жана чек ара бекеттери жабылганга байланыштуу өзбекстандык 87 жаран Сохко кайта албай, Риштан районунда отурушат. Бул жөнүндө “Азаттыктын” өзбек кызматы Өзбекстандын бейөкмөттүк адам укугун коргоочу уюмуна шилтеп кабарлады.

Сохтун атын атагысы келбеген тургуну “Азаттыктын” өзбек кызматына чек арадан эч ким өтө албай жаткандыгын билдирди:

- Үч күндөн бери Риштан тарапта турабыз. Чек ара жабык. Азыр эле үй (Сохтогу) менен сүйлөштүм, баары тынч .

Сох анклавындагы жаңжалдан жалпысынан Кыргызстандын 17 жараны жабыркаган. Алардын жетөө ооруканага оор жаракаттар менен түштү. Он бештей унаа талкаланды.

Казакстан: журналистика үчүн эң оор учур

Тамара Калеева Алматыда басма сөзгө эркиндикти талап кылган митингде, 24-июнь, 2009

Казакстанда “Адил сөз” кору сөз эркиндиги бузулган фактыларга байкоо салууну токтотту. Ал арада өлкөдөгү маалымат мейкиндигиндеги абалды уюм “акыркы 20 жылдагы эң оор учур” деп атоодо.

“Адил сөз” кору Казакстанда басма сөз эркиндигинин абалына 1999-жылдан бери көз салып, укук бузулган учурларды каттап, журналисттерге керек учурда юридикалык жардам берип келатат.

Бирок ушул айдан тарта уюм укук бузулган учурларды каттоону жана элге жаңылыктарды жиберип турууну токтотоорун жарыялады. Муну “Адил сөздүн” төрайымы Тамара Калеева акча менен гана байланышкан маселе деди. Анткени акыркы 12 жылдан бери бул иш үчүн уюмга грант бөлүп келаткан “Ачык коом институту” каржылоону токтотту.

"Бизге "Ачык коом институту" муну “стратегиясы өзгөргөнү” менен түшүндүрдү. Анын ордуна эми алар мыйзамдарды жакшыртууга көбүрөөк көңүл бөлө турган болуп жатышат, - деди Калеева. - Каржылоонун токтотулушу биздин уюм начар иштеп жатат дегенди билдирбейт, Казакстанда акыркы айларда маалымат каражаттарына болгон кысым менен да байланышы жок. Анткени бул тууралуу институт бизге былтыр жайында эле кабарлаган. Менин жеке өзүмдүн пикиримде, өлкөдө басма сөз эркиндигинин абалы акыркы 10 жылдан бери эле начарлап келаткандыктан, балким биздин донор укук бузууларды каттоо иши эч кандай позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келбей жатат, майнап болбой жатат деген тыянакка келген болушу мүмкүн".

Ошол эле маалда, президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева (солдо) жыл сайын Алматыда Медиа Форум өткөрүп келатат. 27-апрель, 2010
Ошол эле маалда, президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева (солдо) жыл сайын Алматыда Медиа Форум өткөрүп келатат. 27-апрель, 2010
Тамара Калеева “Азаттыкка” сүйлөп жатып, азыркы жагдай жакын арада чечилет го деп үмүттөнөөрүн жашырган жок. Анын ишениминде, мамлекетте дал ушул учурда медиадагы өзгөрүүлөргө, мыйзам бузууларга өзгөчө көңүл буруш керек болуп жатат. “Анткени абал начар”, - дейт Калеева.

"Мен Казакстандагы маалымат мейкиндигиндеги абалды “өтө, өтө оор” деп баалар элем. Жумурият эгемендик алгандан бери журналистика үчүн мынчалык татаал учур каттала элек болчу. Оппозициялык пресса толугу менен жок кылынган, өзүн “эркин маалымат каражаты” деп эсептегендердин кичинекей тобу этият болуп калышты, алардын иши канчага созулаары да белгисиз. Бизде эр жүрөк политологдор аз. Алар азыркы кырдаал жөнүндө “Казакстанда авторитаризмдин доору тоталитаризм менен алмашты” дешет. Башкача айтканда, абал өтө оор, - дейт "Адил сөз" корунун башчысы.
- Биз ишибизди 90-жылдардын аягында баштаган учурдагы жыйындарда биздин түркмөнстандык кесиптештерибиз “Түркмөнстанда сөз эркиндигинде эч кандай проблема жок, анткени сөз эркиндигинин өзү жок” , - деп калышчу. Казакстанда да бир жылдан кийин биз ушинтип сүйлөп калабызбы деп коркуп турам.

Медиага "мергенчилик"

Ал арада казак өкмөтү мамлекетте көрсөтүлүшү зарыл делген телеканалдардын тизмесин жарыялады. 14 телеканалдан турган тизмеде жалаң гана өкмөттүк же өкмөттү колдогон жеке менчик каналдардын гана аты келтирилген. Тамара Калееванын айтымында, өлкөдө акыркы 10 жылдан бери бир да оппозициялык телеканал боло элек. Ошол эле маалда ал өкмөттүн соңку тизмесин “жөн гана өлкөдөгү телекөрсөтүү дигиталдык же санариптик форматка өтүп жатканы менен” байланыштырды.

Дегинкиси, соңку бир нече ай Казакстандын маалымат чөйрөсү климатты кескин өзгөрткөн радикалдуу окуяларга бай болду.

Өткөн айда, 25-декабрда, прокуратуранын суранычы менен сот “Алга” саясий партиясын, “Халык майданы” саясий кыймылын, “Республика” медиа тобу астында иштеген сегиз гезит, берүүлөрүн сателлит аркылуу таратуучу “К+” телеканалын, 23 интернет сайтты, баары болуп 30дай маалымат каражатты “экстремисттик” деп тааныды жана жапты.

Сот алардын баарын бир медиа каражатына таандык деп атады. Өлкө бийликтери жогоруда аталган медианын баарына бозгундагы мурдагы миллиардер банкир Мухтар Аблязов ээлик кылат деп ишенишет.

“Салык бозгуну” Депардье

Франциялык актер Жерар Депардье буга дейре кинодо аткарган ролдору аркылуу белгилүү болсо, соңку апталарда анын ысымы дүйнөлүк маалымат каражаттарынын бетинен түшпөй келатат.

Адегенде ал президент Владимир Путиндин колунан орус паспортун алса, бир нече күндөн кийин мас абалында мотоцикл айдагандыгы үчүн сотко чакырылып, бирок Париж сотуна барбай койду.

Кайсы бир мамлекеттин жарандыгын алуу, албетте, оңой-олтоң иш эмес. Бирок сиз дүйнөнүн чар тарабында, майда кыштактардан баштап чоң мегаполистерге чейин таанылган актер, Венеция кинофестивалы же Алтын глобустун лауреаты, миллионер-бизнесмен болсоңуз, башка өлкөлөрдүн паспортун алуу маселеси бир нече саатта эле чечилчүдөй.

Француз өкмөтү байлардын салыгын көтөрүүнү сунуш кылгандан кийин айтылуу Жерар Депарьде кошуна Бельгияга кетип, Франция жарандыгынан баш тартаарын айтып коркуткан. Бирок ал Бельгия бийлигине кайрыла электе эле президент Владимир Путин орус жарандыгын ыйгарып, паспортун өз колу менен тапшырды. Атүгүл Мордовия жумуриятынан ага маданият министри болуу сунушу түштү.

Депардье өзү салыктардан качканын танып келатат.

"Менде президент Путин өзү тапшырган орус паспорту бар. Мен – Франциянын жаранымын. Бирок орус паспортуна ээ болуу – мен үчүн чоң сыймык. Француз жарандыгынан баш тартпай эле Монтенегронун да же мурда пландагандай Бельгиянын же дагы бир башка өлкөнүн паспортун алалам. Бирок орус паспорту жетиштүү. Мен элчи болууну, мамлекеттер ортосунда ортомчулук кылууну каалайм. Мен муну материалдык кызыкчылыгым үчүн эмес, силердин өлкөңөрдү жакшы көргөнүм үчүн жасамакмын", - деди Монтенегронун борбор шаары Подгорицада жаңы фильм фестивалын уюштурууну пландаштырып жаткан актер.

Франциянын социалист президенти Франсуа Олланд бийликке келээрде эле кирешеси 1 миллион евродон ашкан адамдардын салыгын 75 процентке чейин көтөрүүнү убада кылган. Бул сунуш расмий киргизилгенден кийин Депардье бийликти аны “ийгилиги, чыгармачылыгы жана таланты” үчүн жазалаганы жатат деп айыптаган. Көп узабай, актер Франциянын чек арасына бир нече километр жакын жайгашкан бельгиялык Нешен деген айылга көчтү. Премьер-министр Жан-Марк Эро аны уяткарганда, Депардье премьерге ачык кат жолдоп, экөө кер-мур айтыша кетти.

Киийн Конституциялык сот өкмөттүн чечимин жокко чыгарганы менен, актер Бельгиядан кайтуу ниети жоктугун айтууда. Баса, ошол кыштакта бир топ бай француздар жашап келатат.

Ал тапта Париж шаардык соту Депардьенин ишин карай баштады. Ал былтыр ноябрда мас абалында мотоцикл айдагандыгы үчүн айыпталууда. Жол кырсыгына кабылган актерду полиция кармап, анын канындагы алкоголь уруксат берилгенден 3 эсе көп болуп чыккан. Бирок актер соттун дүйшөмбү күнкү жыйынына барбай койду.

Ал күнү бейкапар Депардье Цюрихте эң мыкты футболчуга Ballon d`Or сыйлыгын тапшыруу аземине катышып, эң сыйлуу коноктордун катарында ФИФАнын төрагасы Зепп Блаттердин жанында жүрдү.

- Мен кылмышкер эмесмин, уктап кетип, скутерим тайып кетти. Канымда алкоголь көп болуп чыкканы болсо... Билесизби, уксус көп кошулган салаттан көбүрөөк жеп койсоң, текшергенде, албетте көбүрөөк көргөзөт, туурабы? Бул маселе чечилди. Францияга барганда, эч кандай проблема чыкпайт.

64 жаштагы Депардье Ален Дэлон, Жан-Пол Белмондо жана Пьер Ришар менен катар постсоветтик аймакта эң таанымал франциялык актерлордун бири. Аны биздин көрөрмандар “Жолу болбогондор”, “Папашалар”, “Безип кеткендер”, “Сирано де Бержерак”, “Астерикс менен Обеликс” жана башка фильмдерден билишет.

Салык качкындарын мекенинде жактагандар да, сындагандар да четинен жолугат. Маселен, киножылдыздар Катрин Денев менен Брижит Бардо Депардьенин эмиграция чечимин анын өз эрки деп коргошсо, актердун мурдагы продюсери Жан-Луи Ливи Le Monde гезитинде жарык көргөн макаласында жазгандай, актер күмөндүү режимдерге жакын. Бир кездери Кубанын лидери Фидель Кастро менен достошсо, азыр Путиндин тушундагы Орусияны демократия деп атоодо. Баса, Депардье өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова менен жакында жаңы ыр жаздырды.

Депардье ийгиликтүү бизнесмен катары да белгилүү. Анын бир нече кафе-ресторандары, кымбат мейманканалары, гектарлаган жүзүм талаалары, вино чыгарган заводдору бар. Маселен, азыр сатыкка коюлган отелдердин бири эле 150 миллион еврого бааланууда.

Үч депутаттын соту башталганы турат

3-октябрь, 2012-жыл

10-январда Биринчи май райондук сотунда 3-октябрдагы Бишкектеги митинг боюнча соттук териштирүү башталат. Ал митинг бийликти басып алуу аракети менен коштолгон деп, парламент мүчөлөрү камакка алынган.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу талабы менен митинг болгон. Митинг бийликти басып алуу чакырыгы жана Ак үйдүн тосмосун ашып өтүү менен коштолгон. Ага байланыштуу тартип коргоо органдары Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талантбек Мамытов жана саясатчылар Салмоорбек Дыйканбаев, Кубатбек Кожоналиевди, Ташиевдин эки жан сакчысын камакка алган.

Аларга Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси боюнча бийликти күч менен басып алган жана 297-беренеси боюнча бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген айыптар коюлган.

Саламаттыгына байланыштуу Кубатбек Кожоналиев, Салмоорбек Дыйканбаев кийинчирээк үй камагына чыгарылган. Ал эми үч депутат ошондон бери УКМКнын тергөө абагында, эки жан сакчы Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
10-январда баштала турган сот жараянына айыпталуучулардын баары катышат дейт Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов:

- Садыр Жапаров менен 9-январда жолуктум. Ден соолугу жакшы. 10-январда сотко келет. Баары келет: Талант Мамытов да, Камчыбек Ташиев да келет.

Токтосуновдун айтымында, бул соттук жараян узак мөөнөткө созулушу мүмкүн. Ал эми сотко ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө маселеси соттун жүрүшүнө жараша болот.

Талант Мамытовдун адвокаты Данияр Маманов бул сот ишине саясат аралашкандыктан судьяга өзгөчө көңүл бурулат дейт:

- Анткени судья буйрукту аткарып калышы мүмкүн деген көз караштар бар. Анын үстүнө саясат болуп жатат. Андан сырткары мурда Кожоналиев менен Боромбаевдин ортосунда ишенбөөчүлүктү жараткан жагдай болгон экен.

Белгилүү болгондой, 10-январда саат ондо Биринчи май райондук сотунда баштала турган соттук териштирүүнү судья Абдыразак Боромбаев жүргүзөт.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Соттук жараянга коомдук коргоочу катары “Ата Журт” фракциясынын бир катар депутаттары катышат. Бул тууралуу фракция мүчөсү Курманбек Осмонов билдирди:

- Жазык-процессуалдык кодексинин 122-беренесине ылайык биздин катышууга укугубуз бар. Депутаттардын укугун жана эркиндигин коргоо максатында төртөө же бешөөбүз катышабыз.

Осмоновдун айтымында, депутаттар сотко ар кандай өтүнүчтөрдү келтирүүгө укуктуу. Анын ичинде камалган депутаттарды сот жараяны учурунда үй камагына чыгаруу өтүнүчү болушу мүмкүн.

Башкы прокуратура депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө каршы чыгып келатат. Бийлик өкүлдөрү болсо 3-октябрдагы иш боюнча чечимди сот кабыл алыш керек деген пикирди билдирип келет.

10-январдагы сот пикет менен коштолушу күтүлүүдө. “Ата Журт” партиясынан алынган маалыматка караганда, камактагы депутаттардын тарапкерлери жана жакындары бейшемби күнү Биринчи май райондук соттун алдына пикетке чыгышат.

Москванын Бажы союзу - оор тандоо

2009-жылдын декабрында Евразия Бажы биримдигинин жыйынын ошондогу орус премьер-министри Владимир Путин (оңдон үчүнчү) өткөрүүдө

В.Путиндин Евразия Бажы биримдигин куруу идеясы болуп көрбөгөндөй колдоого алынууда. Бирок Евробиримдик айрым мамлекеттерге “эки жакта тең мүчө боло албайсыңар” деп ачык билдирди. Демек Евробиримдикке да мүчөлүктү самаган Украина, Молдова өңдүү өлкөлөр саясий үлкөн тандоо алдында турушат.

Украинанын Евробиримдик менен тыгыз кызматташтыкка жетишүү аракети барган сайын Москванын кыжырын кайнатууда. Расмий Киев Орусия түзгөн Евразия Бажы биримдигинен да пайда көрүүнү каалайт.

Эки жакта тең жарым-жартылай мүчө болгусу келип, экөөнөн тең пайда алууга ашыгып жатат деп, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Горбань өткөн аптада Киевдин абалын “бир аз гана кош бойлуу болуу мүмкүн эмес да” деген.

Евразияда Бажы союзун түзүү – орус президенти Владимир Путиндин тышкы саясатындагы жаңы ири долбоорлорунун бири. Аны 2015-жылдын башында Путин Евразия Экономикалык Биримдигине айлантууну каалайт. Бирок бул биримдиктин Еврошаркет менен атаандаш катары статусу Армения, Молдова жана Украина өңдүү келечекте Евробиримдиктен мүчөлүк алууну каалагандарды дилеммага такады.

Бул тандоо Москва менен Брюссель үчүн ушул мамлекеттердин кимиси алар менен экенин көрсөтөт деп ишенишет.

“Азаттыкка” Армения боюнча сүйлөп жатып, Евробиримдиктин тышкы иштер мекесинин жетекчисинин расмий өкүлү Мая Кочиянчич “Евразия Бажы союзунда мүчө болуп туруп, ошол эле учурда Еврошаркет менен экономикалык алаканы түзүү мүмкүн эмес экенин” эскертти.

"Эгерде Армения Бажы биримдигине кошулса, анда Евробиримдик менен терең соода келишимине бара албайт. Анткени Бажы союзунда Армения уюмдагы башка өлкөлөргө чек арасын ачканга милдеттүү болот, өзүнүн тышкы соода саясатын өз алдынча көзөмөлдөй албай калат", - дейт Кочиянчич.

Орусия былтыр Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгону менен, Бажы биримдиги жана Евробиримдик ортосундагы соода алакасын жөнгө салуу дагы бир канча убакытты талап кылат. Азырынча эки уюмдун ортосунда ажырым чоң.

Украинанын "борбордук" позициясы

Рилька Драгнева – Бирмингем университетинин юридикалык мектебинин лекторлорунун бири. Анын ишениминде, Евробиримдик жогоруда аталган постсоветтик өлкөлөргө басым жасабай кое албайт. Анткени Еврошаркеттин тышкы саясатын анын өзүндөгү мамлекеттердин саясий күчтөрү аныктайт.

"Евробиримдик өзүнүн Украина же Молдова өңдүү өнөктөш-мамлекеттеринин мүдөөсүн дайыма эле орундата албайт", - деди Драгнева.

Азырынча мурдагы Советтер союузунун аймагындагы республикалардын ичинен Украина гана Евробиримдик менен эң эле тыгыз мамиледе, демек, анын абалына өзгөчө көңүл бурулууда.

Брюсселдеги Карнеги корунун аналитиги Ольга Шумило-Тапиола Украинанын тандоосу Бажы биримдиги үчүн “чечүүчү фактор” деп ишенээрин жазды. “Эгерде Украина Бажы биримдигине мүчөлүктү тандаса, бул Евробиримдикте хаос жаратып эле тим болбой, бүтүн постсоветтик экономикалык моделдин анык формасы кандай болоорун аныктайт”, - дейт ал.

Кремлдин тактикасы

Азырынча Москва аймактагы өнөктөштөрүн Бажы союзуна кирүүгө мажбурлабай, тетирисинче, мүчөлүк алар үчүн канчалык пайдага тураарын гана айтып кызыктырып жаткандай түр калтырат. Путин Украинага Бажы биримдиги пайда алып келээрин, анткени келечекте Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдө Киев жазгыз өзүнүн атынан эмес, бүтүн бир блоктун атынан катышаарын айтат. Анын үстүнө, Орусиянын жаратылыш газы Украинага жеңилдетилген шартта берилээри да айтылды.

Бажы биримдигине азырынча Орусия, Казакстан жана Беларус кирет. Негизги чечүүчү маселелерде баары бир Москва үстөмдүк кылып жатканына карабай, акыркы эки жылда бул уюмдун таасири, аброю, аймактагы башка уюмдарга салыштырганда, кескин өстү.

Москванын кийинки кадамы Бажы биримдигине Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинен (КМШ) мүмкүн болушунча көбүрөөк мүчө алууга багытталат жана, баары ойдогудай жүрсө, алдыдагы эки жылда Евразия бажы биримдиги Чыгыш Европадагы “оюндун эрежелерин өзгөртүүгө олуттуу таасир эте алчу күчкө айланат” дейт британиялык аналитик Катарина Волчук.

Иши кылып, “Москванын Бажы союзуна кирсекпи же Евробиримдикке жакындашсакпы?” деген оор тандоо февралда Армениядагы президенттик шайлоодо, келерки жылы Молдовада парламенттик, 2015-жылы Украинада президенттик шайлоолордо негизги суроолордун бири болоорунда шек жок.

Уго Чавес президенттик антын бере албашы мүмкүн

Венесуэлалыктар бир канча ирет Чавестин саламаттыгы үчүн диний жөрөлгөлөрдү өткөрүштү

Венесуэлада былтыр алты жылдык жаңы мөөнөткө шайланган президент Уго Чавес бейшембиде инаугурацияга катышышы керек. Бирок Чавеске 11-декабрда төртүнчү онкологиялык операция жасалгандан бери ал Кубадагы ооруканада жатат. Вице-президент Николас Мадуро инаугурацияны кийинкиге жылдыруу мүмкүн экенин кыйыткан. Оппозиция болсо “андай болсо, тез арада кайра шайлоо өткөрүш керек” дейт.

Венесуэланын маалымат министри Эрнесто Виллегас дүйшөмбүдө президент Уго Чавестин абалы туруктуу экенин кабарлады. Анткен менен инаугурацияга президент катышары азыр анык эмес.

Виллегастын айтымында, Чавести дарылоо бир калыпта улантылууда. Президентти рактан дарылаш үчүн төртүнчү операцияга Кубадагы ооруканага өткөн айда алып барышкан. Ошондон бери Чавес элге көрүнө элек.

Венесуэладагы расмий бийлик Чавес рактын кайсы түрү менен ооруп жатканын эч ачык айткан эмес. Бирок дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө министр Виллегас операциядан кийин президенттин дем алышы оорлоп кеткенин кабарлады.

Жумурияттагы Улуттук Ассамблеянын спикери Диосдадо Кабелло элди Чавес үчүнчү мөөнөткө расмий кызматка кирише турган күнү аны колдоо максатында массалык жүрүш уюштурууга чакырды.

Кабелло инаугурацияны “формалдуу” эле кадам деп, элди бул күнү борбор калаа Каракастагы президенттик резиденциянын маңдайына же өздөрү жашаган шаарлардын көчөлөрүнө топтолууга, мамлекет башчыны колдогонун даңазалоого үндөдү.

Ошол эле маалда, оппозиция президент боюнча Конституцияда жазылган талаптарды эске салып, “непада Чавес өз учурунда ишине кирише албаса, кайра шайлоо өткөрүү зарылдыгын” айтып жатат.

Оппозициянын бул чакырыгын дүйшөмбүдө Венесуэладагы эң таасирдүү күчтөрдүн бири – Католик чиркөөсү – колдоду.

Мамлекеттин католик епископторунун Конференциясынын башчысы Диего Падрон дүйшөмбүдөгү ачык билдирүүсүндө “Чавести кызматта калтырыш үчүн эле Баш мыйзамды бузууга болбойт” деди.

"Бул жыйындын максаты Конституцияны чечмелөө ишине кийлигишүү эмес. Бирок азыр сөз мамлекеттин туура нугун, этикалык баалуулуктарын сактоо маселесинде турат. Саясий максаттарга жетиш үчүн эле Конституцияны бурмалоого такыр болбойт", - деди Падрон.

Ал, мындан сырткары, президент Чавестин ден соолугу жөнүндө так маалыматты элден жашырып жатышканы үчүн өлкөнүн бийликтерин сындады.

"Элдин башы айланып калды, - деди ал. - Анткени президенттин ден соолугу жөнүндө 25 жолу түрдүү билдирүүлөр жасалганы менен, медиктерден бир да отчет бериле элек. Эл билгенге укуктуу нерсе жөнүндө өкмөт чындыкты жашырып жатат. Бийликтер болгону эптеп эле өздөрүнүн саясий чындыгын айтып туруп алышты".

1998-жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан президент Уго Чавес үчүн былтыркы шайлоо, бир чети, ден соолугу начарлап кеткендиктен, экинчи жагынан, оппозициянын талапкери Энрике Каприлестин популярдуулугу арткандыктан оңой таймаш болгон жок.

Эми минтип операциядан кийинки абалы католик христиандары басымдуулук кылган өлкөдө чиркөө тарабынан суроого салынганы барган сайын Чавестин режиминен колдоо кеткенин айгинилеши мүмкүн.

Чек ара чатактары канткенде жөнгө салынат?

Сох анклавына чектеш Чарбак айылы, Баткен. 7-январь, 2013.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы окуялардын кесепеттерин “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуулады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох анклавынын аймагына таандык Хушяр айылы менен кошуна жашаган Баткен районун Чарбак айылынын эли ортосунда 5-январда чыр чыгып, ал үч күндөн кийин тынчыды. Бул аралыкта отуздай кыргыз жаранын хушярлыктар барымтага алып, чек ара жабылды, кылмыш иши козголду. Чырга чек арага коюлган тозотко электр чубалгысынын орнотулушу себеп болгондугу айтылууда.

Чек арадагы бул жаңжалдын кесепеттери кандай болот, дегеле кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш-тартыштарды кантип жөнгө салуу керек деген өңдүү маселелер бул жолку талкуунун өзөгүн түздү. Ага Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана Коргонуу комитетинин төрагасы, “Ар намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов жана Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Назарали Арипов катышты.



please wait

No media source currently available

0:00 0:22:10 0:00
Түз линк



“Азаттык”: Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Кыргызстан чек арачыларына доомат артып жатышат. Келишимди этибар албай өзүм билемдик кылышкан деп билдиришти. Андан сырткары “Махалля” аттуу сайт кыргыздар Сохко тартылган газ куурун кесип салып, өзбек жарандары отунсуз калган деп жазды – бул тууралу маалыматыңар барбы?

Назарали Арипов: Бул окуя чек ара чатактарынын башталышы деп ойлоп атам. Ушу жыйырма жыл бою чек ара маселеси оор болуп келатат. Мына Казакстан жана Кытай менен чек араны чектеп алдык. Өзбекстан болсо Сох менен Шахимардандан башкасынын баарын булар бир тараптуу казып, зымдарын тартып алышкан. Мына эми караңыздар, Чарбак айылына каратып туруп басып кирип эле адамдарды алып чыгып кеткени Кыргызстанга кол салгандай эле болуп атат. Бул өтө туура эмес деп ойлойм. Өкмөт азыр иштеп атат, президент кайрылды. Өкмөт катуу иштеши керек. Азыр чек ара боюнча өкмөттө болгону бир бөлүм иштейт. Мен жакында вице-премьердин деңгээлинде иштетпесек чек ара маселеси бизде өтө оор болуп атат. Күнүгө иштеш керек. Кайра-кайра айткан менен болбой атат. Катуураак иштеш керек.

Өзбекстандын газ куурларын кесип кетип атат деген да туура эмес. Эмне үчүн бир күн мурда Кыргызстандын бир жаранын атып кетип атат (Кара-Суудагы окуя эске алынууда – ред.) , эртеси күнү эч кимге карабай туруп Кыргызстанга басып кирип атат? Бул туура эмес деп ойлойм.

Токон Мамытов: Албетте, кыргыз-өзбек чек арасында, Сох анклавында абал курчугандан баштап эле биз, депутаттар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта болуп атабыз. Мен өзүм чек ара кызматынын төрагасы менен бир нече жолу телефон аркылуу байланыштым. А киши да ушу маселе боюнча Баткенге кетиптир.

Бул ишке аябай иликтөө жүргүзүшүбүз керек. Мына прокуратура иш козгоптур. Булар кылмыш ишин иликтеп аягына чыгышы керек. А биз болсо премьер-министр менен өкмөттүк комиссия уюштуруп, ушуга чейин эмне болгон, 5-январда эмне болгон, андан кийин эмне болгонун баарын талдап, баалап чыгышыбыз керек. Анын жыйынтыгын президентке, парламентке сунушташыбыз керек.

Анан Өзбекстан тараптын дооматын да эске алып, текшеришибиз керек. Себеби, Өзбекстандын чек ара аскер кызматынын интернет сайт, маалымат каражаттары аркылуу таратылган расмий маалыматында ушу ызы-чууну баштаган Кыргыз Республикасынын чек ара аскери деп, күнөөнү биротоло оодарып, чек арачыларды күнөөлөп атат. Мейли, ошондой болуп чек арачыларды биз кошулуп күнөөлөгөн учурда дагы алар да жооп бериши керек.

Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги сурашы керек: эмне себептен бөлөк мамлекеттин Чарбак айылына силердин эл кирип келишип, айрым адамдарды барымтага алып кетишет? Эмне себептен анклавдан өтүп бараткан жүк ташуучу машиналарды, жеңил машиналарды, микроавтобустарды айдоочуларды жүргүнчүлөрү менен чогуу токтотуп, барымтага алат? Ким андай укук берди? Биз аны талап кылышыбыз керек. Өзбекстан тарабы да мыйзамды бузгандардын, барымтага алгандардын бардыгына иш козгоп, анан көргөн чаралар боюнча бизге маалымат берип коюшу керек.

Google жетекчиси Түндүк Кореяга кетти

Google компаниясынын башчыларынын бири Эрик Шмидт Бээжиндеги аэропортто текшерүүдөн өткөндөн кийин, Кытай, 7-январь, 2013

Google компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Эрик Шмидт менен АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Билл Ричардсон төрт күндүк визит менен Түндүк Кореяга кетишти.

Бүгүн Бээжинден Пхеньянга жөнөп жатып, Ричардсон журналисттердин суроолоруна жооп берди. Айтмакчы, ал мурда АКШнын Нью-Мексико штатынын губернатору да болгон. Журналисттерге сүйлөп жатып, Ричардсон эң оболу Түндүк Кореяга алар эч кандай өкмөттүк билдирүү же кат алып барбай тургандыктарын баса белгиледи.

"Биз АКШнын өкмөтү менен эч кандай байланышы жок гуманитардык миссия менен баратабыз, - деди Ричардсон. – Биз Вашингтондогу өкмөттүн атынан бараткан жокпуз. Гуманитардык максатыбыз бар жана Түндүк Кореядагы экономикалык жагдайга баа беребиз. Ошондой эле, камалган америкалык жаран жөнүндө да сүйлөшөбүз. Түндүк кореялыктар ракетаны сынашканы мени да кыжаалатка салат. Биз алардын ядролук куралдан баш тартышын каалайбыз. Ал маселени да көтөргөнгө аракет кылабыз. Бирок АКШ өкмөтүнүн атынан эмес, жеке жаран катары гана сүйлөшөбүз".

Ричардсон мурда да Түндүк Корея менен гуманитардык жана дипломатиялык маселелер боюнча көп жолу жолугуп сүйлөшкөн. Бул ирет ал Пхеньянга жөнөгөн максатын ал жакта камакка алынган теги кореялык, америкалык жаран Кеннет Баени түрмөдөн бошотуу аракети менен түшүндүрдү. Бае былтыр камалган эле.

"Гуманитардык миссия"

Ричардсон Түндүк Кореяга жөнөрдөн мурда Баенин уулу менен сүйлөшкөнүн айтып, Пхеньянда ал түрмөдөгү жаран менен да көрүшкөнгө аракет кыларын кошумчалады.

"Биз финансылык, гуманитардык абал жөнүндө, анан камактагы жаран кармалган шарттары тууралуу сухбатташабыз. Мен Баенин уулу менен сүйлөштүм, ал атасын чыгарып келүүнү өтүндү. Бул оңой иш эмес. Бирок биз аны менен сүйлөшүп, абалын көргөнгө аракет кылабыз", - деди ал.

Америкалык саясатчы жана белгилүү ишкер дүйнөдөгү эң жабык деп эсептелген коммунисттик бул өлкөгө жөнөшкөнүн АКШ буга чейин сындаган. Вашингтондогу Ак Үй алардын сапары өткөн айда Пхеньян узак аралыкка жетчү ракетасын сынагандан кийин эле болуп жатканын айтып, азыр дүйнө Түндүк Кореяны бул үчүн айыптап жаткан чакта булар Пхеньянга жөнөгөнү туура эмес деген болчу.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда дипломатиялык алака жок.

Ричардсон болсо төрт күндүн ичинде алар түндүк кореялык саясий, экономикалык жана аскерий лидерлер менен сүйлөшүп, бир топ университеттерге барышарын айтты.

Технологиялык гигант эмнени көздөйт?

Мурдагы саясатчы жана дипломат ал жакка ушундай гуманитардык миссия менен жөнөгөнү аздыр-көптүр түшүнүктүү болгону менен, азыр көпчүлүк ага эмне үчүн Google компаниясынын мүдүрлөрүнүн бири да кошулуп жатканын түшүнбөй турат.

Эрик Шмидт – Түндүк Кореяда Ким Чер Ирдин уулу Ким Чен Ын былтыр бийликке келгенден бери бул мамлекетке барган алгачкы ири америкалык бизнесмен.

Шмиддин визити тууралуу сүйлөп жатып, Ричардсон бул өлкөдөгү чыныгы экономикалык жана социалдык абалды Шмидт өз көзү менен көрүүнү каалап жатканын билдирди.

Шмидт өзү жетектеген “Гуглдун” максаты деп “дүйнөдө бүт эл интернетке кеңири киргенге укук алышын” айтып жүрөт.

Түндүк Кореяда болсо Интернетти бийликтин гана айрым өкүлдөрү колдоно алышат. Аны колдонуш үчүн жарандарга расмий уруксат керек.

Ричардсон Түндүк Кореяга сапары учурунда бул өлкөгө финансылык жардам бере турганын да кыйытты. Бирок эмне жардам экенин тактаган жок.

Баткен: Барымтадагылар бошотулду

Чыр чыккан Чарбак айылы 7.01.2013

Өзбекстандын Сох анклавында барымтада кармалып турган кыргызстандыктардын баары дүйшөмбүдө кечке жуук бошотулду. Өзбекстандын чек ара кызматы тополоңдо 5 өзбек жаран октон жараат алганын айтып чыкты.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчылыгы Өзбекстандын Сох анклавында барымтада кармалып турган кыргыз жарандарынын баары – 16 адам бошотулганын кабарлады. Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 4төн 15 мүнөт өткөндө Кыргызстандын 16 жараны кыргыз тарапка өткөрүлдү. Өзбек тарап барымтада эч ким калбаганын тастыктады.

Жекшембиде Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундары 30дан ашуун кыргыз жарандарын барымтага алган. Дүйшөмбүдө эртең менен алардын арасындагы жаш балдар менен аялдар - жалпысынан 14 адам барымтадан боштулуп, дагы 16 киши калып калган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын штаб башчысы Искендер Мамбеталиев бул күнү кечинде барымтадан бошотулган 16 адамдын 13үнүн денелери ур-токмоктон көгала болгонун маалымат жыйында билдирди. Ал эми таңга маал бошотулган аялдарга жана балдарга, жалпысынан 14 адам, эч кимдин колу тийген эмес.

Аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров болсо барымтадан бошотулган жети адам облустук ооруканага жаткырылганын кабарлады.


Тасмада: Барымтадан бошотулгандар

Барымтадан чыккан 7 киши ооруканага жатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00


Ошол эле учурда Баткен облустук прокуратурасы өзбек жарандарынын кыргыз чек арачыларына кол салуу жана адамдарды барымтага алуу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгоду.

Өзбекстандын чек ара кызматы болсо бул тополоңдо 5 өзбек жараны октон жараат алганы айтып чыкты. Сох райондук жер ченөө бөлүмүнүн башчысы Сарвар Хомиджанов "Азаттыктын" өзбек кызматына коңшулаш эки элдин ортосунда чыр кантип чыгып кеткенин айтып берди:

- Жекшемби күнү сүйлөшүүгө келген кыргызстандык чек арачылардын төртөө менен прапоршик бизге карай ок чыгарды. Ортобуз 2 метрдей эле болчу. Октон биздин сохтук тургундардын бешөө жаракат алды. Экөө кулагына, бири бутуна, бири курсагына, дагы бири бутуна ок жеди. Азыр алардын бири - курсагына ок тийген Шакаржан деген 26 жаштагы жигит оор абалда Сохтогу ооруканада жатат. Бардык ок жегендер 25-27 жаштагы жергиликтүү карапайым тургундар. Алар чатакка аралашканынын себеби ошол чек арага жакын жерде жер тилкелери бар. "Эмне үчүн кыргызстандык чек арачылар биздин жерге электр зымдарынын мамыларын орнотот?" - деп сураганы барышкан. Мен өзүм жер ченегичмин, кыргыз чек арачылары биздин аймакка кирип кетишкени чын. Биз алардын жер ченегичине "Силер эмнеге антесиңер?" - деп сураганы барган элек. Ошондо чыр чыгып кетти. Бирок кыргыздарды ким кантип барымтага алганын билбейм.

Кыргызстандын чек ара кызматы мындай маалыматты четке кагып, ок эскертүү иретинде асманга гана атылганын айтууда.

Кыргызстандагы анклавдар: Сох, Шахимардан, Чоң-Кара, Халмион, Ворух, Карагач (картаны басып чоңойтуңуз)
Кыргызстандагы анклавдар: Сох, Шахимардан, Чоң-Кара, Халмион, Ворух, Карагач (картаны басып чоңойтуңуз)
Сох анклавындагы курчуп кеткен кырдаал 5-январда тутанган. Бул күнү Сохтун Хушяр айылынын тургундары кыргыз тарап Чарбак чек ара тозотуна электр линиясы тартышына каршылык билдирип чыгып, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгаргандан кийин тарап кеткен. Бирок эртеси күнү аталган айылдын миң чакты тургуну кайра чогулуп, тозотко электр зымын алып келген мамыларды оодарып салган. Жаалданган тургундар аны менен эле тим болбой жолдон өтүп бараткан Кыргызстандын эки автоунаасын токтотуп, унааларды талкалап салган. Окуя болгон жерге жетип барган Баткендин Кыштут айыл өкмөтүнүн аймактык милиция кызматкерин сабап, автоунаасын талкалаган. Бул күнү ошентип жалпысынан 30 чакты кыргыз жараны барымтага алынган.

Бул жаңжалдын чыгышына, хушярлыктардын нааразылыгына тозотко электр линиясы тартылышы эмес, ошол жерге чек ара тозоту коюлушу себеп болгону айтылууда.

Маалыматка караганда, учурда Баткен менен Фергана облустарынын губернаторлору, чек ара кызматтарын башчылары чек ара жаңжалын жөнгө салуу жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Чарбак айылынан сүрөт баян: 7-январь, 2013

Энергетикага бааны көтөрүү зарылбы?

Энергетикадагы каатчылык кыш чилдеде кайрадан убарага салууда. Аны тейлеген тармак жазында тариф саясатын өзгөртүүгө бел байлап турат.

Бул маселенин оош-кыйыштарын “Азаттык” энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Раимбек Мамыровдун, Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рысбаевдин жана көз карандысыз эксперт Расул Умбөталиевдин катышуусунда арай көз чарай талкуулап көрдү.

“Азаттык”: Кийинки кезде электр тарифин көтөрмөйүн каатчылыктан чыгуу мүмкүн эмес, атүгүл Кыргызстандын бирден бир байлыгы болгон энергетикадан биротоло кол жууйбуз деген сөздөр кескин айтыла баштады. Энергетика министрлиги да жаңы тарифтик стратегияны киргизүү демилгесин көтөрүп, бирок долбоорду расмий жарыялай элек. Ошентсе да коомчулук жашоо-тиричиликтин күрөө тамырына айланган бул маселеге кулак түрүп, карап турган кез. Ошондон улам, Райимбек мырза, сизге суроо, даярдалып жаткан жаңы тарифтик стратегия тууралуу азыр коомчулукка эмне айта аласыз?

Раимбек Мамыров: Мен, биринчиден, энергетикалык тариф көтөрүлсө эле энергетика тармагы оңдолуп калат дегенден алысмын. Себеби энергетикада андан башка да проблемалар көп. Биз азыр биринчи кезекте тариф саясатын иштеп жатабыз. Энергетиктер өздөрү эмне жумуштарды жасай алат, кандай резервдери бар – ошолорду эсептеп атабыз. Ошолордун ичинен биринчи кезекте жоготуулардын пайыздарын азайтуу, экинчиси, дебитордук карыздарды азайтуу, үчүнчүсү, ошонун эсебинен канча кошумча каражаттар табылат, ошол кошумча каражаттардан жетпегенине тарифти көбөйтүү деген маселени коюп атабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Сиздер тарабынан апрелден баштап киргизилет деп жаткан жаңы тариф саясатынын өзгөчөлүгү эмнеде?

Раимбек Мамыров: Биринчиден, 70 тыйынды азырынча жалпы элге көтөрбөйлү деп айтканбыз. Экинчиден, айына 300 квт/сааттан жогору жаккандарга тарифти 1 сомго чейин, ишканаларга 1.32 тыйындан 1.50 сомго чейин жеткирүүнү айтканбыз. Мындан тышкары жоготууларды азайтуу боюнча норма коюу өндүү маселелер каралат. Азыр тариф саясаты эсептелип бүтөйүн деп калды. Бүткөндөн кийин мыйзамдарга ылайык эки ай ичинде коомчулукта талкуу өтүшү керек. Андан кийин өкмөткө алып барып, андан кийин Жогорку Кеңештин макулдугун алышыбыз керек. Ошон үчүн кыш бүткөндөн кийин, 1-апрелден деп атабыз.

Расул Үмбөталиев: Тариф – бул өтө маанилүү, оор маселе. Көп жылдан бери көтөрүлүп келатат. 2010-жылы 7-апрель окуясына да себеп болгон, билесиңер. Ошон үчүн кылдат караш керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлер, министрлик, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү ушул маселени кайра көтөрүп жатышат.

Раимбек Сатымкуловичти (Мамыров-ред.) көп жылдан бери билем. Мыкты адис деп эсептейм. Биринчиден, тарифтин көтөрүлүшүнө мен каршымын. Эмне үчүн? Кыргызстанда жылына 15 млрд квт/саат өндүрүлөт. Ошонун ичинен 21-23 пайыз техникалык, коммерциялык жоготуу болуп атат. Орто эсеп менен 3 млрд.квт/сааттан ашык жоготуулар болуп атат. Кечээ жакындан бери 10 пайызга, 30-40 пайызга көтөрөбүз деп, ар кандай божомолдорду берип атышат. Мамлекеттик кызматкерлерге айтат элем: көтөрүш үчүн кескин себеп болушу керек. Эмне үчүн көтөрүп атасыңар? Түшкөн каражатка кайсы маселени чечесиңер?

Тарифти көтөрөөрдөн мурун туруктуу программа түзүш керек. Ошондой программа жок, ар ким ар кандай ойлорун айтып, ага жараша элибизде да ар кандай пикирлер пайда болуп атат.

Кожобек Рысбаев: Тарифти көтөрүү маселеси айтылып жатат, бирок бизде азыр социалдык жашоо оңоло элек болгондуктан, тарифти көтөрүүгө мажбурлук жок. Эл аны көтөрө албайт. Бирок, ар кандай жолдор аркылуу электр энергиясын ирээтке келтирүү маселесин биз көтөрүп келатабыз. Комитетте да караганбыз. Бирок сиздер айтып атпайсыздарбы тарифти көтөргөндө Жогорку Кеңеш менен макулдашылат деп. Биз аны көтөргөнбүз. Бирок антимонополдук жана энергетика департаменти экөө келише албай жатышат. Алар келишсе биз комитеттен карап, чечим кабыл алабыз. Биз ага чейин эле тариф көтөрүү же көтөрбөө маселесин Жогорку Кеңеш менен макулдашуусу керек деген демилгени көтөргөнбүз. Эгер макулдашпай туруп көтөрүп койсо эл түшүнбөй калат...

Ормон уулу: Фергана өрөөнүндө этияттык зарыл

Кыргыз-өзбек чек арасында соңку күндөрү түзүлгөн кырдаал өтө эле кооптуу. Мындай пикирин "Азаттыкка" Искендер Ормон уулу билдирди.

- Өзбек тараптын кыргызстандыктарды барымтага алуу себеби канчалык жүйөлүү?

- Анын себебин азыр так айтуу кыйын. Анткени маалымат өтө аз. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, чек ара маселеси өтө эле кооптуу болууда. Окуяны тергөө жергиликтүү органдар арасында эмес, мамлекет аралык комиссиянын коштоосунда жүргүзүлүүсү абзел. Анын жыйынтыгын элге көрсөтүш керек. Себеби буга чейин иликтөө комиссиялары түзүлгөнү айтылып, ошол бойдон кала берген учурлар бар. Канча деген жарандарыбыз, жада калса чек арачыларыбыз окко учкан учурлар болду.

- Эмне себептен аягына чыкпай калып жатат ал иликтөөлөр?

- Биринчиден, жергиликтүү тергөө бригадасынын деңгээлинде эле калып жатканы себеп болушу мүмкүн. Экинчиден, эл аралык саясаттагы окуяларга да байланышы бар ыктымал.

Кабарларда айтылып жатпайбы, биринчи күнү эл кайтып кеткени, кийинки күнү кайра топ болуп чогулуп келгени... Белгилүү болгондой, анклавдагы адамдар эч убакта жогору жактан же коштоочу күч болбосо кайра жанагыдай болуп чогулбайт. Бул окуяны эл аралык саясат өңүтүндө, тагыраак айтканда Камбар-Атага, кыргыз-орус мамилелерине, Өзбекстандын ЖККУ менен байланышынын үзгүлтүккө учурашы жана АКШ менен мамилеси чыңдалганына байланыштуу карап талдоо да зарыл.

- Азыркы кырдаал канчалык кооптуу? Себеби жакынкы эле күндөрү Ош облусунда өзбек чек арачылары кыргызстандык жаранды атып салды... Чыңалууга алып келбейби?

- Абал өтө эле кооптуу. Чыңалууга сөзсүз алып келиши мүмкүн. Дүйнөлүк тарых көрсөткөндөй, бир эле адамдын өлүмүнөн дүйнөлүк согуштар чыккан. Өзгөчө көп улуттун эли жашаган Фергана өрөөнүндө этияттык керек. Өлкөлөр ортосунда парламенттик негизде түзүлгөн комиссиялар иштеши зарыл.

- Кыргыз бийлигинен кырдаал өрчүп кетпеши үчүн кандай кадамдар талап кылынат?

- Эки тараптуу түзүлгөн комиссиянын натыйжасы сөзсүз айкын болушу керек. Заманбап арачы, көпүрө инструменттер колдонулуп, элге түшүндүрүү иштери так, даана жүргүзүлүүсү шарт.

Чек ара бекеттерге жана жергиликтүү элдин социалдык инфраструктурасына өзгөчө мамиле жасалып, аларды чыңдоо зарыл. Парламенттик комиссия түзүлүп, анын иши да натыйжалуу болушу талап. Анклавдар маселесин эл аралык тажрыйбанын жана укуктун негизинде чечип, иретке келтириш керек. Экономикабыз бекемделген, эгемендигибизди коргой ала турган мамлекет экенибизди элге да, кошуналарга да сыйдыра ала тургандай болуу зарыл.

Тажиматов: Тышкы саясатта тең салмак жоголууда

Саясат таануучу Санжар Тажиматов Кыргызстандын тышкы саясаты, "Манас" аба майданына Орусия менен Логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу ой бөлүштү.

- Орусиянын маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, “Манаска” Логистикалык борбор куруу боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү Кыргызстан тараптын сунушу боюнча башталыптыр. Айрым саясатчылардын азыркы кыргыз бийлиги бир гана Орусияга ыктап жатканы келечек үчүн кооптуу деген чочулоосу канчалык негиздүү?

- Эгер эгемендүүлүк жылдарына, соңку 21 жыл ичине саресеп салып карасак, 2012-жылы жана азыр биздин суверендүүлүккө коркунучтун күчөгөнүн байкоого болот. Бир гана мамлекетке приоритет берүү – келечек үчүн коркунучтуу. Соңку мезгилде биз жалгыз гана Орусияга приоритет берип жатабыз. Акыркы пресс-конференцияда президент Атамбаев Евробиримдикти кош стандартуулук саясатын жүргүзүп жатат деп күнөөлөдү. Мунун баары келечек үчүн туура эмес болуп калат.

- Эмнеси менен туура эмес, эмнеси кооптуу?

- Суверендүүлүктү сактап калуу үчүн бардык мамлекеттер менен тегиз мамиледе болуп, тең салмактуулук саясатын жүргүзүш керек. Бул азыр актуалдуу маселе. Тигил же бул мамлекетти, же державаны күнөөлөөгө болбойт. Себеби алар өзүлөрүнүн улуттук геосаясый кызыкчылыктарын ишке ашырып жатат.

Ал эми биз үчүн өз кызыкчылыгыбызды коргоп калуу эң маанилүү. Бүгүнкү күндө бизде тышкы саясатта жүргүзүлүп жаткан иштер улуттук кызыкчылыкка жооп бербейт. Ошол маселени коомчулуктун деңгээлине алып чыккан, туура эмес болуп жатканын айткан күчтөр да саясий чөйрөдө байкала элек. Бул өтө өкүнүчтүү.

- Балким мындай саясат экономикалык жактан алып караганда Кыргызстан үчүн пайдалуудур...

- Парламенттик шайлоо болобу, президенттикпи, биздин саясатчылар биринчи кезекте Орусия, Казакстандан колдоо издеп, өзүлөрү жол ачып жатпайбы. Экономикалык кызыкчылыкты деле бир жактуу, бир гана мамлекетке таянуунун негизинде эмес, тең салмактуулукта алып барса болот. Бирок ал үчүн саясий эрк, ошол багытты алып кете ала турган шык жакшы болбой жатат...

- Жамааттык коопсуздук келишим уюму 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгарылгандан кийин аймакта коопсуздукту камсыз кылуучу күч боло алабы?

- Тигил же бул уюмга бириккенде кандайдыр бир деңгээлде суверендүүлүктүн бөлүгүн берүүгө туура келип жатат. Жамааттык коопсуздук келишим уюму ушу күнгө чейин жакшы бир натыйжа көрсөткөн жок. Бизде болуп өткөн окуялар ага далил. Мындан ары кандай болоорун да айтыш кыйын.

Ооганстан жалаң гана аймактык эмес, дүйнөлүк коопсуздукка байланыштуу маселе. Ошондуктан глобалдык масштабда алып караганда да башка мамлекеттер менен, керек болсо АКШ, Кытай жана башка өлкөлөр менен да ушул багытта жигердүү кызматташсак болмок. Жалгыз гана Орусиянын позициясын колдоо келечекте биздин эгемендик үчүн чоң коркунуч туудурушу мүмкүн.

Юлдуз Усманова Гүлүгө арнап ыр жазды

Юлдуз Усманова

“Гулисан” – өзбек ырчысы Юлдуз Усманова президенттин кызы Гүлнара Каримовага арнап, аны даңктап жазган ыр.

“Кардан коркпос байчечек,
Гүлдөй берсең кышта да,
Кыштын Гүлүсүң.

Ар көңүлгө жол таап,
Козголоңун баса алсаң,
Көңүл Гүлүсүң”,
- деген саптары менен Юлдуз Усманова президенттин кызын мактаган.

Бул ырында мындан сырткары, Усманова Каримованы роза гүлүнө салыштырып, “Атыр гүлдү баары сүйөт, бирок тикенеги бар, абайлап мамиле кылат”, - деп ырдайт.

Бул эле эмес, Усманова президенттин кызынын сулуулугун даңазалап, “Сенден сүйүү жанат, сулуулук сенде, ошон үчүн Гүлүсүң”, - деп ырдайт.



Бирок Усманованы заматта интернетте плагиат үчүн айыптагандар пайда болду. Анткени “Гүлисанга” окшош ырды буга чейин түркиялык ырчы Таркан аткарыптыр.

Жаңы ырды сындагандар анын айрым кайрыктары Таркандын “Ашыктык кетти бизден” деген ырынан деп жазышты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00
Түз линк
(баяндын аудиосун угуңуз)

Кандай болсо да азыр өзбекстандык атактуу ырчынын соңку чыгармасы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. Көптөр муну Усманованын “президенттин кызын мактап-жактап, жагалданганы” деп эле баалашууда.

Акыркы бир нече жылдан бери Өзбекстанда Юлдуз Усманованын ырларына телерадиодо тыюу салынган эле. Бирок өткөн айда, декабрда президенттин кызы Гүлнара Каримова уюштуруп келаткан “Жылдын мыктыларын” аныктоочу конкурста Усманова калыстар тобунун мүчөсү катары катышып калды.

Анан эле 31-декабрда Усманованын Гүлнарага арнаган “Гүлисан” ыры жаңырды.

Айрым байкоочулар бул ырдан кийин Усманова үчүн Өзбекстанда жабылган көптөгөн эшиктер кайрадан ачылат го деп болжоп жатышат.

Апта: Өткөөл мезгилден кийин эмне күтөт?

Сүрөттө: Бишкектеги такси айдоочусу

Кыргызстанды 2013-жылы кандай иштер, долбоорлор күтүп турат? Өткөөл мезгил соңуна чыктыбы?

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, 2012-жылы апрель ыңкылабынан кийинки өткөөл мезгил бүттү. Бардык шайлоолор өткөрүлүп, жаңы бийлик концепциясына ылайык бийлик органдары калыптанды. Эми алдыдагы үч жылда шайлоо, бийлик алмашуулар болбостон, туруктуулук сакталат.

2010-жылы парламентти, 2011-жылы президентти, 2012-жылы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен Кыргызстанда бир шайлоо цикли соңуна чыкты. Саясий чукул бурулуштар болуп кетпесе, жакынкы шайлоо 2015-жылы болуш керек. Анда Жогорку Кеңешке шайлоо болот.

Бирок парламентти таркатууну көздөгөн күчтөр жаз келери менен жанданып, жаңы саясий күрөш башталат деген божомол бар. Буга “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын билдирүүсү күбө. “Ата Журт” партиясынын лидери Акматбек Келдибеков да Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү талабын коюуда.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков быйылкы жылы жаңы оппозиция түзүлөт деген ойдо. Өлкөдөгү саясий жараяндарды 10-январга белгиленип жаткан сот да жандантышы мүмкүн. Бул күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытовдун үстүнөн сот башталмакчы. Ал тууралуу Талантбек Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев билдирди:

-Биринчи сот жараяны 10-январь саат ондо башталат.

Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдыразак Боромбаев карайт.

Өкмөт менен коалициянын колу канчага чейин кармашат?

Башкаруучу коалиция жана президент азыркы өкмөткө күзгө чейин мөөнөт берип, андан кийин кырдаалга жараша чечим кабыл алышы күтүлөт. Тактап айтканда, эгерде быйылкы жылы экономикалык көрсөткүчтөр оңолуу жолуна түшсө, Сатыбалдиевдин өкмөтү өз ордун сактоого мүмкүнчүлүк алат.

Азырынча бул өкмөттүн алдында Бажы биримдигине кирүүгө даярдыктарды көрүү, Кумтөр боюнча чечим кабыл алуу, Жерүйдү конкурстук негизде сатуу, электр энергиясына тарифтерди көтөрүү сыяктуу иштер турат. Андан сырткары сот бийлигин акыр-аягына чейин түзүү, апрель окуясы, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча соттук иштерди жүргүзүү, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарында ГЭСтерди курууну баштоо сыяктуу маселелер да турат.

Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов энергетика тармагында быйылкы жылы аткарыла турган иштер тууралуу буларды билдирди:

- “Датка-Түштүк” электр линиясын март айында ишке киргизебиз. Ошону менен түштүктө энергетикалык жактан көз карандысыздыкты камсыз кылабыз. Андан сырткары “Датка” деген подстанция бүт ылдыйкы ГЭСтерди бир энергетикалык түйүнгө чогултат. Анан Кеминге зым тартууга шарт түзүлөт.

Калмамбетовдун айтымында, учурда Датка-Кемин электр линиясынын техника-экономикалык негиздемеси түзүлүп жатат. Ушул жылы курулуш иштери башталып, ал 2015-жылы ишке киргизилет.

Орусия менен курула турган ГЭСтер тууралуу Калмамбетов буларды белгиледи:

- Жогорку Нарындагы төрт ГЭСтин техника-экономикалык негиздери бүтүп жатат. Ошол станциялардын курулушу башталат. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча даярдыктар көрүлө баштайт. Анткени бул ири масштабдуу курулуш. Ошондуктан ага даярдык көрүлүш керек.

Энергетиктер ошондой эле тариф саясатын өзгөртүүгө да камданууда. Министрдин айтымында, эгерде бөлүштүргүч компанияларга керектүү өлчөмдө каражат берилбесе, анда авариялар токтобойт.

Газ системасында да өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Биринчиден, “Газпром” "Кыргызгазды” менчиктештирүүсү белгиленген. Ошол эле “Газпромдун” түштүк региондо газ кендерин чалгындоосу башталмакчы.

Жалпы экономикада “100 күн ичиндеги реформа” сыяктуу өткөн жылдагыдай опол тоодой убадалар берилген жок. Бирок экономикада 7% өсүш күтүлүүдө дейт Экономика жана антимонополдук саясат министринин орун басары Санжар Муканбетов:

- 7% өсүш күтүп жатат, буйруса. Баары биздин сайтыбызда көрсөтүлгөн.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев тоо-кен тармагына өзгөчө көңүл бурууну өткөн жылы сунуштаган. Ал өз сөзүндө кендерди ийгиликтүү иштетүүгө компаниялар менен жергиликтүү калк ортосундагы түшүнбөстүктөр, бийликтин алсыздыгы себепкер болуп жатканын белгилеген.

Орозбек Дүйшеев
Орозбек Дүйшеев
Быйылкы жылы өкмөт тоо-кен тармагында ишти активдештирүүгө аракет жасашы күтүлөт. Бул ошол эле Жерүй алтын кенин аукцион аркылуу сатуудан башталат. Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, аукционду өткөрүү боюнча комиссия 15-январга карай түзүлөт. Жалпысынан тоо-кен тармагында абал түзөлөт дейт Дүйшеев:

- Тоо-кен тармагы бир топ жакшырат. Анткени жаңы өкмөт тоо-кен өнөр жайына көңүл буруп жатат. Быйыл, буйруса, “Жерүй” курулуп баштаса, ошондой Талды-Булак иштеп жатат. Ошентип, эки ишканадан 8-10 тоннага чейин алтын алууга болот. Быйыл ошондой эле Андаш кенин кура башташыбыз керек. Андан башка Чаткалдагы жана башка жерлердеги кендер иштей баштайт. Кантсе дагы быйыл алдыга жылабыз деген ойдобуз.

Орозбек Дүйшеевдин айтымында, “Центерранын” акционерлери да Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштарын оң кабыл алат. Ошону менен андан түшкөн салык көбөйөт. Эгерде тескери кетсе, анда эки тарап тең жабыркайт.

Өкмөт быйылкы жылы айылык акыларды, пенсияларды көтөрүүгө убадаларды берген жок. Бирок Социалдык фонд май айында пенсияларды 10% көтөрүүнү белгилеген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG