Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:45

Саясат

Депутаттар соту: айып угузулду

Биринчи Май райондук сотунда иши каралып жаткан “Ата Журт” фракциясынын камактагы депутаттары көрсөтмө бере баштады.

Соттук териштирүү жүрүп жаткан Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында депутаттардын 50гө чукул тарапкери алардын бошотулушун талап кылып чыгышты.

Бийликти басып алуу пландалганбы?

31-январдагы соттук териштирүү прокурорлордун камактагы депутаттар Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, Талант Мамытовдун, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин жана Ташиевдин үч жан сакчысынын айып токтомун окуу менен уланды.

Мамлекеттик айыптоочулардын пикиринде, “Ата Журт” фракциясынын депутаттары 3-октябрда бийликти басып алууну алдын-ала пландаган. Прокурор Асаналы Иманбеков ал үчүн 25-сентябрда айыпталуучулар Садыр Жапаровдун парламенттеги иш кабинетинде жолугушкан дейт.

Камактагылардын жактоочулары, 25-январь, 2013-жыл
Камактагылардын жактоочулары, 25-январь, 2013-жыл
- Садыр Жапаров "Ата Журт" оппозициялык фракциянын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, ошондой эле Ташиевдин коомдук жардамчылары Исаев, Камчыбеков, Кадырбаев, Кожоналиев жана башка тергөөдө аныкталбаган адамдар менен бирге өзүнүн кызматтык кабинетинде алдын-ала сүйлөшүп, бийликти күчкө салып тартып алууну жана бийликти күч менен кармап турууну пландашкан. Ал кылмыштуу планды ишке ашырууну 2012-жылдын 3-октябрына белгилешкен.

Депутаттар 3-октябрда президенттин, өкмөт башчынын, башкы прокурордун жана УКМК төрагасынын иш ордуларында жоктугунан пайдаланууга аракет кылышканы да айтылды.

- Президент Атамбаев, башкы прокурор Салянова, УКМКнын төрагасы Атаханов жана премьер-министр Сатыбалдиевдин кызмат ордуларына жок экендигин анык билип, мурунтадан сүйлөшүлгөн кылмыштуу планды ишке ашырууга чакырык жасашкан.

“Тосмону эл үчүн аштым”

Ал эми айыпталуучулар келтирилген фактылардын баарын четке кагышууда. 31-январда түштөн кийинки соттук отурумда “Ата Журт” фракциясынын депутат Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча көрсөтмө берди:

- Бүгүнкү каралып жаткан кылмыш иши саясий өңүттөгү иш. Мени саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты жана шайлоодо жеңип чыккан “Ата Журт” партиясынын төрагасы катары саясий беделимди түшүрүү максатындагы козголгон иш экени билинип калды. Себеби бизге коюлуп жаткан беренелердеги кылмыш иштерди жасабаганыбызды тастыктап айтып берем. Мамлекеттик айыптоочу окуп бергендин баары калп.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Ташиев бийликти басып алуу үчүн эч ким менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барбаганын, ошол күнү бийлик башчылардын, атайын кызматтын жетекчисинин жана башкы прокурордун кайда экенин билбегенин жана билүүгө да кызыкдар болбогонун кошумчалады. Ташиевдин айтымында, Ак үйдүн тосмосун ашып өткөн учурунда аларда эч кандай ок атуучу жана бычак өңдүү курал-жарак болгон эмес.

- Тосмону ашамбы, же эки колумду жайып жатып аламбы, же болбосо парламентте талашып-тартышамбы, мунун баарын мамлекеттин, элдин жана шайлоочулардын кызыкчылыгы үчүн жасайм.

Ташиевден кийин Садыр Жапаров көрсөтмө берди. Соттук териштирүү 1-февралда кайрадан Жапаровдун көрсөтмө берүүсү менен уланмакчы.

Кылмыш иши боюнча 14 киши жабырлануучу катары саналууда. Алардын айрымдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери.

“Ата Журт” фракциясынын депутаттары былтыр 3-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн. Бирок анын арты депутаттар баштаган бир канча адамдын Жогорку Кеңеш жана президент жайгашкан Ак үйдүн тосмосун ашып өтүү аракети менен аяктаган. Үй камагына чыгарылган Кубатбек Кожоналиевден башкасынын баары ошондон тарта УКМКнын тергөө абагында отурушат.

Атаханов кеткени тууралуу кеп тарады

Ички иштер министри Шамил Атаханов кызматтан бошотуу тууралуу рапорт жазганын Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов айтып чыкты. Расмий булактар бул маалыматты ырасташа элек.

31-январда ички иштер министри Шамил Атаханов кызматтан бошотуу боюнча рапортун жазып бериптир деген сөз Бишкекте тарады. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Шамил Атахановдун кызматтан бошонгону тууралуу маалыматты тактоону парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдон сурады. Төрага андай маалыматы жоктугун билдирди.

Нышановдун айтымында, Атахановдун арыз жазганы боюнча маалыматтар Ички иштер министрлигинин өзүнөн бейрасмий түрдө чыгып, азырынча төгүндөлө элек.

Министрдин кызматтан кетип жаткан себеби тууралуу Сайдулла Нышанов буларды билдирди:

- Себеби ИИМдин ичиндеги мурунтадан бери иштеп келаткан көп структуралар, башкармалыктар министрлерге да баш ийбей калыптыр. Бул киши (Атаханов - ред.) күрөшүп, менин оюмча жогорку жактан да колдоо албай калган окшойт, ошол жердеги жагдайдын туура эместигинен арыз бергендей.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Атахановду кызматтан бошотууга байланыштуу эч кандай документти көрө электигин билдирди:

- Мен андай рапортту көргөн жокмун. Кызматтан бошотуу боюнча жардык бизде жок. Менде андай нерсе жок. Көргөн да жокмун.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов Шамил Атахановдун кызматтан бошогону тууралуу сөздөрдү ушак катары баалап, министр азырынча иштеп жатканын кошумчалады.

Бирок милиция кызматкерлери Шамил Атахановдун кызматтан бошотуу тууралуу арыз бергенин чындыкка жакын деп белгилешүүдө. Анын себептеринин бири катары Атаханов өзү иштешүүнү каалаган Болот Абакировдун министрдин орун басары кызматынан, Дмитрий Федоровдун министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулушун аташууда.

Шамил Атахановдун кызматтан кетүүсү боюнча имиш сөздөр көптөн бери эле чыгып келаткан. Өткөн жуманын соңунда Ички иштер министрлигинин коллегиясына катышкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев андай сөздөрдү төгүндөөгө аракет жасаган эле:

- Силердин араңарда Атаханов убактылуу гана келген дегендер бар экен. Андай нерсе жок. Ал тартипке келтирмейин аны бул жерде кармайбыз жана колдойбуз. Силер да угуп, буйрукту аткаргыла.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин офицерлерин бурч-бурчта имиш сөздөрдү токтотууну да талап кылган.

Шамил Атаханов ички иштер министри кызматына өткөн жылы ноябрь айынын башында дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматты жетектеп келген эле.

"Жер тыңшаар Мамыт" укугу кимде?

Жарандардын телефон аркылуу сүйлөшүүсүн жашыруун тыңшоо мүмкүнчүлүгү УКМКга гана ыйгарылганы турат.

Жогорку Кеңеш 30-январда тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүүнү колдоп, долбоорду биринчи окууда кабыл алууга жолдоду.

Азыркы кезде Кыргызстанда соттун уруксаты менен бир катар күч структуралары жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап, электрондук почталарды карай алат. Ал эмес кээ бир жарандар легалсыз түрдө өздөрүнүн менчик жабдуулары менен тыңшоолорду жүргүзүп жүргөнү маалым дейт Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов. Ошондуктан депутат бул тарапта тартип киргизүү үчүн тыңшоо иштерин техникалык жактан камсыздоону УКМКга гана берүү керек деп эсептейт:

- Улуттук коопсуздук боюнча кызматта бардык шарттар жана адистер бар. Жашыруун тыңшоого биринчи соттун чечими болуш керек. Тыңшоо жургүзүүнү бир органга берсек баары бир жерден болот. Бир органдын көзөмөлүндө болбосо, башаламандык, жөнсүз атаандашуулар болуп кетиши мүмкүн.

Осмоновдун айтымында, мыйзам долбоору жактырылып, биринчи окууда кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү. Мыйзам долбооруна карата Ички иштер министрлиги өз пикирин айтып, жашыруун тыңшоо мүмкүнчүлүгүн аларга да калтырууну сурап жатат.

Кыргызстандагы эксперттер бул мыйзам долбоору боюнча бир жактуу пикирде эмес. Бир тарабы жашыруун тыңшоо укугу УКМКга берилип, жыйнактуу болушун колдосо, экинчи тарап мындай чектөө башка органдардын оперативдүү ишине терс таасирин тийгизет деген пикирде.

Мына ошондой пикирин генерал Артур Медетбеков билдирди:

- Эгерде бир эле Улуттук коопсуздук кызматына берип койсо, анда монополизация болот. Башка органдардын укугуна да доо кетет. Экинчиден, көптөгөн операцияларды жүргүзүүгө, криминал, баңгизаттары менен алектенгендерге каршы күрөшүүдө абдан көп талаш-тартыштар жаратып, туура эмес иштер болуп калышы мүмкүн. Андан сырткары кечигип калышы мүмкүн.

Атайын кызматтардын дагы бир генералы Марат Иманкулов бул тармакты тартипке салуу үчүн жашыруун тыңшоо укугун бир органга берүү туура деп эсептейт:

- Бул туура. Анткени башаламан болуп кетпесин деген нерсе. Ар бир орган эле уюлдук компанияларга барып, алар менен кыжыңдашып, мен тыңшаймын деп жүрсө, таптакыр эле чаташып калышы мүмкүн да.

Иманкулов ошондой эле жашыруун тыңшоочу жабдууларды чет өлкөлөрдөн ташып келүү абдан күчөп, алар мыйзамсыз пайдаланылып жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда жергиликтүү тартип коргоо органдары эле эмес, чет өлкөлүк атайын кызматтар да жашыруун тыңшоолорду жүргүзөрү айтылып келет. Андай иштерди жүргүзүү азыркы техникалык мүмкүнчүлүктөр менен оор эмес дейт Иманкулов.

Кыргызстандагы адам укугун коргоочулар жашыруун тыңшоолор кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн зарыл нерсе деп билет. Бирок андай угуулар соттун чечими менен гана жүргүзүлүш керек дешет.

Азербайжан: Митинг артынан митинг

Полиция Бакудагы демонстранттарды таратууда. 26-январь, 2012-жыл.

Январь айы, байкоочулар баамында, Азербайжан үчүн адаттан тыш болду. Нааразылык митингдери биринин артынан бири өтүп, сыртынан бакутбачылык бардай сезилген өлкөдө баары ойдогудай эместигин, бийлик коррупцияланышканын көргөздү.

Акыркы бир ай аралыгындагы кеминде төрт нааразылык акция Азербайжандын мунайдан түшкөн эбегейсиз кирешесин элдин калың катмары анчалык сезе электигин, жакыр менен бай катмар ортосундагы ажырым улам кеңейип бара жатканына нааразылар көптүгүн дагы бир жолу каңкуулады.

Анын үстүнө Азербайжанда быйыл президенттик шайлоо жылы экендигин эске алганда чыңалуу алдыда дагы күчөчүдөй.

Бахтияр Гажиев - АКШдагы Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү, азери жаштарынын “Оң өзгөрүү” деп аталган оппозициячыл кыймылынын мүчөсү.

Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде буларга токтолду:

- Оппозициядагы саясий партиялар бул нааразылык акцияларын колдонуу менен өзүлөрүнүн шайлоо базасын кеңейтүүгө, 2013-жылдын октябрындагы президенттик шайллону жеңип алууга үмүттөнүшүүдө. Бирок адамдар октябрга чейин күтпөшү мүмкүн. Эгер өкмөт социалдык, саясий жана экономикалык реформаларга ыкчам киришип, адамдардын, өзгөчө билимдүү жаштардын үнүн укпаса, бул нааразылык жакынкы айларда бүткүл өлкөгө жайылып кетиши ыктымал. Анда жараянды көзөмөлдөө кыйын болуп калат.

Батыш өкмөттөрү жана адам укугун коргоочу уюмдар акыркы шайлоолорду бурмалаганы үчүн сындашкан президент Илхам Алиев бийликти атасынан өткөрүп алган 2003-жылдан бери эле башкача ойлонгондорго катаал мамиле жасап келет. Январдагы митингдерде деле мына ушул көрүнүш кайталанды.

14-январда армиядагы укук бузууларга нааразылык билдирип чыккандар арасынан кеминде 20 кишиге жаңы мыйзамдын негизинде айыппул салынды.

Бул айда Бакуда майда ишкерлер, дүкөн ижарачылары көтөрүлдү. Алар баш калаадагы эң ири соода борбордун ээлери ижара акысын кымбаттатканына нааразылык билдиришип, полиция менен кагылышты. Бери дегенде 15 демонстрант кармалды.


Исмаилиде демонстранттар өрттөгөн мейманкана.
Исмаилиде демонстранттар өрттөгөн мейманкана.
Борбор Бакудан 150 чакырым алыстыктагы Исмаили шаарчасынын тургундары жергиликтүү бийлик сойкуканага айланган мейманкананы жабуу боюнча кайра-кайра жолдонгон өтүнүчтөрдү жээригенине нааразыланып, ал мейманкана менен кошо акимдин кеңсесине өрт коюшту.

Маалыматтарга караганда, ишине эл нааразы болгон мейманканага Азербайжандын социалдык коргоо министринин баласы ээлик кылат.

Исмаили шаарчасындагы тополоңдун артынан ондогон адамдар кармалган.

Кармалгандарды бошотуу талабы менен Бакуда өткөн демонстрация да күч менен таратылды, 40тай киши кармалды.


Баку. 26-январь, 2013-жыл.
Баку. 26-январь, 2013-жыл.
Бийлик өкүлдөрү бул нааразылыктарды өлкөдөгү социалдык-саясий туруктуулукту бузууну көздөгөндөрдүн, түрдүү ушак-айыңдарды таратуу менен коомдо карама-каршылык жараткысы келгендердин аракети деп мүнөздөөдө.

Өкмөтчүл “Ана Ватан” партиясынын мүчөсү, парламент депутаты Захид Оруж ал нааразылыктар президент Алиевдин бийлигине каршы багытталган деп эсептебейт:

- Өзгөрүүлөрдү талап кылып жаткандардын баары үчүн мүнөздүү көрүнүш бар. Алар өзгөрүү президент Илхам Алиевдин жетекчилиги астында ишке ашуусун көздөшөт. Исмаилиде же Бина соода борборунда болсун башка жетекчиликтин пайдасы үчүн ураан-чакырыктар айтылган жок.

Байкоочулар баамында, Араб жазын баштан кечирген Тунис, Египет, Ливия сындуу эле Азербайжандагы нааразылык акцияларында да социалдык медиа жана шаардык билимдүү жаштар олутуу роль ойноодо.

Маселен армиядагы мыйзамсыздыкка каршы митингге Фейсбук баракчасы аркылуу 20 миң киши колдоо көргөзгөн.

Өлкө калкынын 40% жакынын 24 жашка чейинкилер түзөрүн эске алганда, “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун Түштүк Кавказ боюнча илимий кызматкери Георгий Гогиянын пикиринде, азери бийликтери азыр социалдык медидан чочуп турат:

- Бийликтер социалдык медиадан чочуганы анык. Алар буга дейре эле нааразылык акцияларына үндөгөн блоггерлерди, социалдык медиа активисттерди жазалап келишкен. Эми уруксат берилбеген митингдерди уюштургандар же ага катышкандар үчүн айыппулдун көбөйтүлүшү бийликтер Фейсбукту же башка социалдык медианы колдонгон активисттерди коркутууну көздөгөнүн каңкуулап турат.

Георгий Гогиа кошумчалагандай, январдагы нааразылык жүрүштөрү президент Алиевдин бийлигине чындап чакырык таштаган деңгээлге чыга алат деп айтуу азырынча эртелик кылат. Бирок аларды “кооптуу коңгуроо” катары кабыл алууга жарайт.

Ош мэрин шайлоо баш катырууда

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү бир көчөдөн көрүнүш.

Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун кызматтык мөөнөтү аяктады. Мэрликке жаңы шайлоо кандай тартипте өтөөрү талкуу жаратууда.

Төрт жыл мурда Ош шаар башчылыгына келген Мелис Мырзакматовдун мөөнөтү 29-январда аяктап, ал мэрдин милдетин аткарууга өттү. Эми февраль айында Ошто мэрликке жаңы шайлоо болот. Бул шайлоо жаңы тартипте өтүшү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары “Ош шаарынын макамы жөнүндө” мыйзамды чукулунан карап, кабыл алууга макул болушту.

Эски мыйзам боюнча шаар мэрин президент көрсөтүп келсе, жаңы мыйзамга ылайык талапкерлерди премьер-министр жана шаардык кеңештин фракциялары көрсөтө алат.

Бирок Ош мэри Мелис Мырзакматов премьердин талапкер көрсөтүшү демократияга жатпаган көрүнүш деп эсептээрин мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Камил Сыдыков “Азаттыкка” билдирди:

30-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мелис Мырзакматовду Ош мэринин милдетин аткаруу кылып дайындады.
30-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мелис Мырзакматовду Ош мэринин милдетин аткаруу кылып дайындады.
- Мелис Мырзакматов премьер-министр да, президент да Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлигине талапкер көрсөтпөшү керек деген ойдо. Ал талапкерди шаардык кеңеште түзүлгөн коалиция гана көрсөтүшүн колдойт. Зарыл болсо мэрди шаардыктар шайлашы керек. Бирок президент же премьер-министр эмес.

Айтмакчы, Ош шаардык кеңешинде Мелис Мырзакматовго ыктаган “Улуттар биримдиги” партиясы басымдуулук кылат.

Шаршембиде Жогорку Кеңеш “Ош шаарынын макамы жөнүндө” мыйзам менен бирге “Борбор шаар жөнүндө” мыйзамды да талкуулады. Анда бир катар депутаттар эки шаардын мэрин шайлоо тартибине көңүлүн бурушту.

Маселен, “Ата-Журт” фракциясынын атынан чыгып сүйлөгөн депутат Надира Нарматова Бишкек менен Ош мэрине талапкерди көрсөтүү тартиби окшош болушу керек десе, депутат Курманбек Осмонов премьердин талапкер көрсөтүшү талашка алып келбейби деген суроону койду:

- Премьер-министр аткаруу бийлигинин башында турган киши. Мэрлер болсо жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын аткаруучу органы болуп жатат. Мындан тышкары шайлануучу орган болуп саналат. Эми премьер-министр бир талапкерди жылдырып, үч фракция үчтү жылдырса, бул нерсе башаламандыкка алып келбейби деген суроо жаралат.

Эл өкүлдөрүнүн арасында өзгөчө макамга ээ эки шаардын мэрин эл шайлашы керек дегендер да болду. Алардын бири депутат Өмүрбек Абдрахманов:

- Мэр менен шаардык кеңештин депутаттары биригип алышып, маселелерин чечүү менен гана алек. Канча жолу шаар кеңеши мэрди такалады эле? Эч качан такалабайт. Премьер-министр да өзү сунуштаган кишисине эч качан каршы болбойт. Ошондуктан мэрди эл шайлашы керек.

Бирок эки мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын азыркы шартында мэрди элге шайлатууга эртерээк деп эсептейт. Себеби эл арасында баркы бар, бирок радикалдуу маанайдагы адамдар шаар башчылыгына келип калышы мүмкүн.

Ал эми шайлоодо премьер-министрдин талапкерди көрсөтүшүндө саясий өңүт жок, дейт Өмүрбек Текебаев.

- Талапкер көрсөтүүдө жергиликтүү кеңештин депутаттары ээ болгон укукту бир фракция катары премьер-министрге берсек ашыкча болбойт. Буга чейинки үч премьер-министр башка шаарлардагы мэрлерди шайлоодо бул укугун пайдаланган жок. Кайсы бир кырдаалдарда керек болуп калабы деп мүмкүндүк бердик. Эми бул премьердин сунушу гана. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бул сунушту колдобой, премьер-министрдин шагын сындырып коюшу мүмкүн.

Жаңы мыйзам долбоорлоруна ылайык, республикалык деңгээлдеги эки шаардын өзүн-өзү башкаруусуна жакшыраак шарт түзүлөт. Маселен, кадрдык дайындоолордо мэрдин ыйгарым укуктары кеңейсе, мэрдин ишин тескөөдө шаардык кеңештерге мүмкүнчүлүк берилет.

Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары каражатты бөлүштүрүү жана кадрларды дайындоодо Бишкек мэрине көбүрөөк укук берилгенин сынга алып, эки мэрдин ыйгарым укуктарын теңдөөнүү сунуштады. Бул сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Партиялар шаар башчысын тандайт

БШКнын чечимине ылайык Кыргызстан боюнча 20 шаар жана 250 айыл өкмөт башчыларын шайлоо жүрүп жатат. Жергиликтүү аткаруу бийлигин шайлоонун алгачкы күнү кандай тыянактарга алып келди?

Кыргызстан демократияга карай дагы бир кадам жасады деп айтууга негиз барбы? Ушул жана башка суроолорго “Азаттык” кезектеги “арай көз чарай” талкуусунда жооп издеди.

Талкууга БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров, "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Бектур Асанов жана саясат таануучу Аалыбек Акунов катышты.

“Азаттык”: Жер-жерлердеги кабарчыларыбыздын маалыматтарына караганда, алгачкы күнү - 28-январда өткөн шайлоолордо Талас шаар мэрин шайлоо бүйүр кызытарлык болду окшойт. Ичте – шайлоо, сыртта - шаар кеңештеги азчылыктын тарапкерлеринин митинги. Жыйынтыгында шаардык кеңештеги азчылыктагы “Республика” фракциясынын талапкери шайланды деген кабар келди. Мында карама-каршылыктар жокпу? Маселен, көпчүлүктү түзгөн коалиция оппозицияда калган сыяктуу. Бул мыйзамда кандай чечмеленет?

Рашид Бекбасаров: Эми мунун бардыгы тең эле мыйзам чегинде. Эмне үчүн дегенде ар бир фракция өз талапкерин көрсөтүүгө укугу бар. Мэрди жашыруун добуш менен аймактык комиссия өткөрөт. Кворум болсо жергиликтүү кеңеш аймактык комиссиясынан бюллетендерди алып, добуш беришет. Депутаттарды шайлоо ыкмасынын негизинде эле депутаттардын добуштары саналып, ким көп добуш алса аткаруу органына, мэрби, айыл өкмөтүбү, башчы болуп калат.

Бирок бир айта турган нерсе бар. Шаар кеңештери Жогорку Кеңештегидей эле фракцияларды, коалицияларды түзүү ыкмасы менен иштеп атат. Анткени шайлоо пропорционалдык ыкма менен өткөн. Ал эми азчылыктын талапкери өттү дегенди кандайдыр бир деңгээлде жыйынтыкка келтириш керек. Ал жыйынтык мындай болуп атат: түзүлдү деген коалициянын иш жүзүндө жок экендигин көрсөтүүдө. Себеби жалпы идеяга бириккен көпчүлүктүн коалициясы бар болсо добушу да ошондой аныкталып, көпчүлүктөн көрсөтүлгөн талапкер өтүп келиши керек эле.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




“Азаттык”: Жалал-Абад шаар башчысын шайлоо тескерисинче, экинчи ирет болбой калды. Бул шаардык кеңеште да Таластагыдай эле көпчүлүктү жана азчылыкты түзгөн топтор бири-бирин тааныбай жатышкандыгы себеп болуп жаткан сыяктуу. Бул партиялар ортосунда жүрүп жаткан кадырэсе күрөшпү же жергиликтүү деңгээлде партиялык башкаруу али бышып жете элекпи?

Бектур Асанов: Партиялык тизме менен жергиликтүү шайлоолор биринчи болуп атат. Андайда боло турган иш, бара-бара ордуна келет. Бир жолу эле шайлоо өтпөй калса, бышып жете элек экен деген туура эмес. Менин байкашымча көп эле шаарларда шайлоо жакшы өттү. Жалал-Абад шаарында проблема болуп калды. Бул жерде үч гана партиянын өткөндүгү себеп болуп калды. Эгер төрт же беш партия өткөндө мындай кризис болмок эмес. Мыйзам боюнча үч жолку аракетте шайлоо болбосо, кеңешти таркатып, кайра шайлоо керек болот. Менимче, депутаттар ага барбайт деген ишенич бар. Себеби кайра шайлоо болсо, бул партиялар кайра ушундай добуш топтой аларына кепилдик жок.

Аалыбек Акунов: Эгер шайлоолор чыр-чатагы, талаш-тартышы жок, нанга май сүйкөгөндөй өтүп кетсе кабатырлансак болмок. Биз ошентип эле келгенбиз. Ошонун азабын эмдигиче тартып атпайбызбы. Талаш-тартыш болгону туура. Жалал-Абадда болобу, Таластабы же башка жергиликтүү кеңештерби таркап кетип, кайра шайланса андан бетер жакшы болот. Парламент да ошентсе болмок. Анткенден коркуп эле депутаттар ич ара сүйлөшүп алып, маселени чечип атышпайбы. Дүйнөлүк практикада бул боло берчү көрүнүш. Биз ага жете элекпиз дагы.

Бектур мырза айтып атат, балким, төрт-беш партия өтсө жакшы болот эле деп. Илимий негизден алганда эки эле партия өтсө, андан бетер жакшы болот. Бул дайындоонун эле тандоо түрү. Мурда ким мэр, ким айыл өкмөт башчысы болорун алдын ала билчүбүз. Азыр депутаттарды эл тандап, депутаттар мэрди же башка орган жетекчилерин шайлап атат. Бул - демократиянын пайдубалы.

Египеттин үч шаарына өзгөчө абал киргизилди

Өлкөнүн бир нече шаарлары менен катар соңку күндөрү баш калаа Каир да нааразылык толкунунда калды.

Президент Мухаммад Мурси бир айга Өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Жумуриятта соңку күндөрдөгү нааразылыктан чыккан тополоңдордо ондогон киши набыт болду, жүздөгөн адам жаракат алды.

Президенттин Өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыгы жекшембиде кечинде жарыяланды. Ага ылайык, дүйшөмбүдөн тарта үч шаарда – Порт-Саид, Исмаилия жана Суэцте – саат 21:00дөн тарта 6:00гө чейин коменданттык саат режими иштейт.

Элге кайрылуусунда Мурси азыркы кризисти тезирээк жөнгө салыш үчүн мамлекеттеги “саясий фигуралар” менен диалогду тездетүүгө да касам ичти.

Сүйлөшүүдөн башка бир да жол жок
М.Мурси

Соңку күндөрдөгү башаламандыкта 50 адам набыт болду. Каза болгондордун көбү Порт-Саидден болушат.

Жекшембидеги нааразылыкта коопсуздук күчтөрү менен кайрадан кагылыш болуп, кеминде жети адам окко учту, дагы 400дөн ашууну жарадар болду.

Ишембиде Порт-Саидде сот футбол фанаттарынын катышуусундагы былтыркы кандуу окуялар үчүн айыпталгандарды өлүм жазасына өкүм кылган. Ошондо тутанган башаламандыкта 30дан ашуун киши өлгөн. Ушул шаарга жана Суэцке армиянын күчтөрү жайгаштырылды.

Демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылыштары жекшембиде баш калаа Каирдеги “Тахрир” аянтында, өлкөнүн экинчи ири шаары Александрияда да болду.

Египеттеги акыркы тополоң өлкө 2011-жылы узактан берки жетекчиси Хосни Мубаракты бийликтен кулатканынын эки жылдыгын белгилегенден бир нече күндөн кийин болуп отурат.

Президент өзгөчө кырдаал жөнүндө жарлыгын окуп жатып, бул абал полицияга “вандалдар менен мыйзамды бузгандарга” чечкиндүү чара көргөнгө кеңири укук берет деп айтты.

"Кан төгүүнү токтотуп, бүлүнткүчтөр менен кылмышкерлерге каршы коопсуздукту сакташ үчүн, жарандарыбызды коргош үчүн мен Конституцияга таянып, Порт-Саидде, Суэцте жана Исмаилияда 30 күнгө өзгөчө кырдаал абалын жарыялоону чечтим, - деди президент. - Ал бүгүн түнү күчүнө кирет".

Мурси өлкөдөгү азыркы жагдайды “өтө оор” деп атады жана аны жөнгө салыш үчүн саясий күчтөр менен сүйлөшүүнү сунуш кылды.

"Сүйлөшүүдөн башка бир да жол жок, - деди ал. - Ошондуктан мен саясий фигураларды азыр биз баштан кечирип жаткан өтө оор абалдан кантип чыгып кетүүнү бирге талкуулап, бирге чечели деп чакырып жатам".

Мурсинин аппаратынан билдиришкендей, бүгүн президенттик резиденцияда өтө турган сүйлөшүүлөргө мамлекеттеги негизги оппозициялык күч - Улуттук куткаруу фронту да чакырылган.

Оппозициялык коалициянын расмий өкүлү “азыркы башаламандыкка май тамызган” деп президент Мурсинин талаштуу саясатын айыптады. Улуттук куткаруу фронтунун өкүлү Халед Давуд “Рейтер” агенттигине сүйлөп жатып, президент абалды азыркыдай деңгээлге чыга элегинде токтотконго аракет көрсө болмок деди.

Азыр жумуриятта реформаларды талап кылган демонстранттар Мурсини ыңкылаптын демократиялык максаттарын аткара албады деп күнөөлөп, өнүгүү планын толугу менен эле “Мусулман агайындарга” берип койду деп айыптап жатышат.

Депутат Кочкоров Баткенде эмне деген?

Жогорку Кеңеш депутаты Улукбек Кочкоров эл алдында сүйлөп жатканы тартылган видео тасма интернет айдыңында чоң талкууга түштү.

Тасма "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров Баткендеги шайлоочулары менен жолугушуу учурунда тартылгандай. Анда депутаттын кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал, эки өлкөнүн президенттери: Алмазбек Атамбаев жана Ислам Каримов тууралуу айткан сөздөрү камтылган.

Бирок депутат Кочкоров 28-январда кечке жуук атайын башка видео кайрылуу таратып, мурдагы видео тасмада айтылгандарды четке какты.

Бул видеокайрылуусунда депутат анын сөзүн бурмалап коюшканын, бул кыргыз жана өзбек элинин ортосуна от жаккысы келгендердин иши экенин айтат:

- Менин кайрылуу жасоомо айрым сайттарга жайгаштырылган Сох анклавы туралуу айткан сөздөрүмдү бурмалаган материалдар себеп болду. Бул жасалма видео тасма менин жеке позициям жана Баткенде эл арасында айткан сөздөрүм менен эч кандай байланышы жок. Кимдир бирөөлөр менен сөздөрүмдү бурмалап, эки бир тууган элдин жана эки элдин жетекчилигинин ортосуна түшүнбөстүктү жана ишенбөөчүлүктү орнотууга аракеттенип жатат. Мындай бузуку саясий аракеттер акыркы кездери күч алып жатканы байкалат. Биз аларга жол бербешибиз керек. Президент жана өкмөтүбүз коңшу өлкөлөр менен бир туугандык жана боордош мамиде түзүүгө болгон аракеттерин жасап жатышат. Бул ишке баардыгыбыз, парламент болобу, эл болобу, өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек. Мен да Жогорку Кеңештин депутаты катары өз салымымды кошууга дайым даярмын.

Депутат Улукбек Кочкоров өзү Баткенден болот жана жакында жердештери менен жолугушууда айткан сөзү делген видео тасма бир күн мурда интернет сайттарга тараган. Тасмада депутат чек ара маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен көзмө-көз жолукканы тууралуу элге айтып берип жатканы чагылдырылган:

- Эл менден талап кылып жатат, мамлекет мамлекеттик вазийпасын аткарсын, же анда чек арадан өзбек жарандары да өтпөсүн, эки тарапка бирдей шарт болсун, Оштон барып, өтүп келсин деген маселени коюп жатат, ушуну чечип бериңиз дедим...

Бул жерде сөз Сох анклавына жол жабылганга чейин жарандардын Өзбекстандын негизги аймагына кирип-чыгуусу тууралуу болуп жатат. Анткени Сохтогу өзбек жарандары Өзбекстанга түз эле кирип-чыкса, чек арадагы кыргыз жарандары кошуна өлкөдөгү тууган-уруктарына баруу үчүн 200 чакырымдан ашуун жол басып, Ош шаарынын жанындагы "Достук" чек ара бекети аркылуу өтүүгө туура келген.

Видеодо андан ары коңшулардын аскерий кудурети, өзбек президенти Ислам Каримовдун келечеги тууралуу сөз уланат.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты, атайын кызматтын мурдагы офицери Улукбек Кочкоровдуку делген бул тасма боюнча президенттин маалымат кызматы азырынча эч кандай комментарий тарата элек.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов "Азаттыкка" бул видео коңшулардын өз ара ишенимине чок сала албайт деген көз карашын билдирди:

- Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосуна ойногон ар кандай саясий күчтөр бар. Андайлар Кыргызстан менен Өзбекстандын ичинде да, тышында да бар. Буга Ташкент анчейин деле реакция кылбаса керек. Анткени буга чейин да канча жолу эки мамлекеттин ортосунда чагымчыл ойлор айтылган.

Баткендеги Сох анклавында 5-6 январда чыккан чек ара чатагынан бери эки өлкөнүн бир катар чек ара бекеттери жабык турат. Кыргызстан өз аймагындагы Өзбекстандын Сох жана Шаймерден анклавдарына, ал эми Өзбекстан өз аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавына өткөн жума сонунда бир жолу гуманитардык жүктөрдү өткөргөн соң жолдор кайра жабылды. Ошондой эле темир жол бекеттеринде бир жумадан бери токтоп калган вагондор да кечээтен тарта аз-аздап өткөрүлө баштаганы кабарланган.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 14-январда өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү стратегиясын жарыялап жатып, чек ара маселелерин чечүүдө сабырдуулук керектигин билдирген болчу:

- Ошол эле АКШ менен Канаданын чек арасы эки жүз жылдан бери тактала элек. Бизге эми жүз жыл кереги жок. Бирок кыска бир мөөнөттө чечип салалы деп айтсак да болбойт.

Ал эми Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 18-январда Ташкенде өкмөт жыйынында кыргыз, казак, тажик жана өзбек элдерин эч ким уруштура албасын, бул элдер ага жол бербесин билдирген. Бирок ал ошол эле кезде чек арадагы коркунучтарга Өзбекстан жооп кайтарарын айтып келатат.

Премьер "миллионер-милиционерди" билет...

ИИМ өз ичиндеги тартип бузууларды, кылмыштуулукту аныктап, алдын алуу үчүн атайын инспекция түздү.

Жакында ИИМдин коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев милиция чоңдору сойку бизнесин, сауналарды калкалайт, күмөндүү кирешелерге хан сарайларды салып, ресторан-кафелерди ачышат деп кескин сындаган эле. Мындан улам ИИМ өз ичиндеги мыйзам бузууларды аныктоо үчүн атайын инспекция түздү.

"Комбайн" деген ким?

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев милициянын жылдык жыйынында айрыкча күмөндүү киреше таап, бир катар ресторан-кафе ачкандар бар экенин айтып, Оштогу “комбайн” деген каймана аттуу бир полковникти мисалга тарткан:

- Бандиттериңердин кличкасын, кликухасын, кайда жашаганынан өйдө билесиңер. Анда эмнеге кармабайсыңар? Кандайдыр бир кызыкчылыктар пайда болдубу? Коомчулукта катардагы эле полковниктердин 2 миң метр квадратты ээлеген хан сарайлары бар деп айтылып жатат. Кайсы кирешесине салып жатат? Ошто “комбайн” деген кличкалуу полковнигиңер бар. Мен билгенден транспорт милициясында иштейт. Анын Ошто ресторан, кафе-чайханалар түйүнү бар экен. Ал каражатты кайдан алган? Кана силердин ички коопсуздук кызматыңар? Бир порция лагман, же төрт манты жесеңер да бир курсак акыры тоёт. Токтотуш керек. Тартипке салыш керек.

Божомолдор боюнча, сөз ИИМдин транспорт башкармалыгынын Ош бөлүмүндө иштеген полковник тууралуу болуп жатат.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Рустиван Токтоналиев бул полковниктин аты-жөнү аныкталып жатканын айтып, башка комментарий берүүдөн баш тартты:

- Биздин ИИМдин ички коопсуздук кызматы ал боюнча иштеп жатат болушу керек. Биз өзүбүз да теришитирип жатабыз. Бирок андай полковникти аныктай элекпиз. Эгерде премьердин өзү ошол полковниктин аты-жөнүн айтса, анда биз айтып беребиз. Эгерде сиздер жөн эле “бизге бул, же тигил айтты” десеңер анда комментарий бербейбиз. Бизге премьер жазуу түрүндө аты-жөнү ушундай деп берсин.

ИИМге ишеним качан артат?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин сын пикирине жооп иретинде ички иштер министри Шамил Атаханов сауна, сойку бизнесин калкалаган айрым кызматкерлер кармалып, кылмыш иш козголгонун маалымдады:

- Мисалы кээ бир кызматкерлер бирөөлөргө маңзат сала коюп кармап, андан кийин ири суммадагы акча өндүрүп алып турган. Ошондуктан эң башкы максаттын бири – ушундай көрүнүштөрдү тыюу. Мунун баары Ички коопсуздук кызматынын ишиндеги алешемдик. Алар мунун алдын алган эмес. Эгер 2012-жылы уюшма кылмыш топтун 65 мүчөсү кармалса, тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы 118 кылмыш иш козголгон. Ошондуктан жарандар “куралчан, кылмышка аралашкан милиция кызматкерлери коомго көбүрөөк коркунучтуубу, же уюшма кылмыш топторбу?”, - деп сураганга акылуу.

Кыргызстанда ИИМ коррупцияга малынган органдардын алдыңкы сабында турганы белгиленип жүрөт.

“Биздин укук” коомдук уюмунун жетекчиси Калича Умуралиеванын баамында, паракорчулукту күч менен азайтуу мүмкүн эмес:

- Милиция бул биздин коомдун бир бөлүгү гана. Ошондуктан аларды биздин коомдогу жалпы коррупциялык схемалардан бөлүп кароо туура эмес. Көп эле өлкөлөрдө тартип коргоо органын коррупциядан тазалап турган ички коопсуздук кызматы бар. Бирок бул аздык кылат. Биздин милициянын мындай кызматынин иши мени канааттандырбайт. Анткени ал өзү коррупцияга малынган кызмат. Ошондуктан жарандык коом такай мониторинг жүргүзүп туруш керек. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары да кошулушу зарыл. Күч колдонуу менен корруцияны азайтуу мүмкүн эмес.

2010-жылы бийликке келген жаңы өкмөт күч органдарын реформалоону максат кылган. Мурунку премьер Өмүрбек Бабанов тартип коргоо органдарын тазалоону МАИ кызматкерлеринен баштайм деп сөз берип, бирок аягына чыкпай калган. Ал эми жаштар тобу милицияны кайра түзүүнүн өз программасын сунуштап келатат.

Кыязы, милиция системасын реформалоо бир гана каалоо-тилектен кыйла кыйын жана узак мөөнөттү түйшүк окшобойбу.

Бекназаровго кылмыш иши козголдубу?

Азимбек Бекназаров оппозиция уюштурган Элдик курултайда, Бишкек, 2010-жылдын 17-марты.

Ыңкылаптардын “бульдезору” аталган Азимбек Бекназаровго байланыштуу кылмыш иши козголгону айтыла баштады. Башкы прокуратура иликтөө иштери гана жүрүп жатканын тастыктаса, Бекназаров жардамчылары суракка чакырыла баштаганын билдирди.

Азимбек Бекназаровдун 28-январда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кылмыш иши 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин түштүк регионду турукташтыруу үчүн бөлүнгөн 10 млн. сомго байланыштуу козголгондой. 10 млн. сом Бекназаровго берилип, ал тарабынан тийиштүү адамдарга таратылган.

Бекназаров өзү суракка чакырыла электигин, бирок жардамчылары чакырылганын билдирди:

- Мени чакырыша элек. Бирок балдардын баарын чакырыптыр. Менин ошол кездеги жардамчыларымды, акчаны алып кеткен балдарды чакырышыптыр. Ошолордун баары мага айтышты.

Бекназаровдун айтымында, 10 млн. сом ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын буйругу менен бөлүнгөн. Мына ошол каражаттын эсебинен 13-апрелде Жалал-Абадда, 14-апрелде Ошто курултай өткөрүлүп, жаңы губернаторлор шайланган. Жалал-Абадга Бектур Асанов, Ошко Сооронбай Жээнбеков шайланган. Жасалган иштер жана коротулган акчалар боюнча Убактылуу өкмөткө маалымат берилген.

28-январда Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп бергенин Азимбек Бекназаровдун жакындарынын бири Исраиль Шериказиев билдирди. Анын айтымында, суроолор 2010-жылы түштүк облустарды турукташтыруу үчүн бөлүнгөн 10 млн. сом боюнча болду:

- Эми ошол турукташтыруу үчүн бөлүнгөн акчанын суммасын сурашты. Барганбы, барган эмеспи, каяка жумшалды, ошолорду сурашты.

Ал 29-январга Башкы прокуратурага Бекназаровдун дагы бир пикирлеши Сартбай Жайчыбеков да чакырылганын тастыктады.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев болсо маселе иликтенип жатканын айтат:

- Жооптуу кызматкерлерден сурасам, материал изилденип жатат деди. Ал эми бизге расмий маалымат түшө элек. Эгерде бизге расмий түшсө эле дароо таратмакбыз.

Белгилүү болгондой, өткөн жумаларда “Элдик кайрат” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да маалымат жыйынын өткөрүп, апрель ыңкылабы учурунда өкмөт үйүнөн 16 млн. сом алынып, ал Азимбек Бекназаровго берилген деп билдирген. Башкы прокуратура мына ушул билдирүүнүн негизинде да иликтөө жүрүп жатканын кабарлоодо.

Ал эми Азимбек Бекназаров 16 млн. сом ошол кезде эле документалдуу түрдө Улуттук банкка тапшырылган дейт.

Азимбек Бекназаров жана Темир Сариев апрель ыңкылабы учурунда банк уячаларын талап-тоноого катышкан деген сөздөр да уу-дуу болуп айтылып келген. Башкы прокуратура бул маселени иликтеген. Бирок кылмыш болгон деп кабарлап чыккан эмес. Бекназаров бул айыптоолорго жооп берип жатып “эгерде күнөөм болсо, мени камашсын” дегени маалым.

Өткөн жылы “Эл үнү” аттуу оппозициялык кыймыл түптөгөн Азимбек Бекназаров апрель ыңкылабы учурундагы тилектеши Алмазбек Атамбаевди акыркы мезгилде кескин сынга ала баштады.

Апта: Кумтөр чечими, депутаттар соту

Камактагы депутаттардын тарапкерлеринин акциясынан бир көрүнүш. Бишкек, 25-январь, 2013.

Өкмөт Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди бузууну жактады. Кайсы күчтөр үчүнчү ыңкылапты көтөрө баштады?

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча 2009-жылы “Центерра голд инк” менен түзүлгөн келишимден чыгууну чечти. Мындай чечим 24-январда болгон өкмөттүн жыйынында Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Өкмөттүн чечимин үч фракциядан турган башкаруучу коалиция да 25-январда карап, аны толугу менен колдоду.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, кыргыз өкмөтү келишимди бузуу боюнча “Центерра голд” менен сүйлөшүүгө барууга аракет жасайт. Эгерде андан натыйжа чыкпаса, бир жактуу түрдө келишим бузулат.

Кыргызстан келишимден чыкса, “Центерра голд” эл аралык сотко кайрылышы күтүлөт. Ал сотто Кыргызстан утулуп калышы да мүмкүн дейт Шыкмаматов:

- Албетте биз эл аралык соттордон утулуп калышыбыз толук ыктымал. Биз ошол тобокелчиликтерден корксок, анда ушул келишимдер 2042-жылга чейин иштей берсин дешибиз керек. Анда 953 тонна алтындын 260 тоннасы казылса, дагы 700 тоннасы эмне болот? Биз ага бара албайбыз. Аны баарыңыздар түшүнүп турасыздар. Экинчи маселе - эл тарабынан шайланган парламент жоопкерчиликти алып, келишимди денонсациялап салыш керек.

Башкаруучу коалициянын жыйынында эл аралык сотторго чейин Кыргызстан атынан "Камеко" жана “Центерра голд” менен келишимдерди түзгөн кыргыз чиновниктерин жоопко тартып, келишимдин коррупциялык жана көз бойомочулук мүнөздө экенин далилдөө керектиги айтылды.

Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеген экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев Кыргызстан үчүн эң зыяндуу келишим 2003-жылкы келишим экенин белгилеп, аны түзүүгө катышкан чиновниктердин ысмын атап өттү:

- Өкмөттөн Эмирлан Төрөмырзаев, Алымбаев, Макаров, Кириченко дегендер кирген. Жогорку Кеңештен Акылбек Жапаров менен Жеңиш Эшенкулов кирген. Премьер-министрдин кеңешчиси Богдецкий, аппарат башчысынан Мелис Сатыбеков, аппараттан Белковский, Жолдошев, “Кыргызалтындан” Камчыбек Кудайбергенов кирген. Мына ушул делегация бир айдын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "2003-жылкы келишим туура, буга кол коюш керек" деп жыйынтык чыгарып беришкен.

Белгилүү болгондой, 2003-жылкы келишим боюнча Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" 67% үлүшү кыскартылып, 33% болуп калган. 33% акциянын 17% дароо эле 82 млн. долларга сатылып кеткен.

2007-жылы "Кумтөр" боюнча кайрадан сүйлөшүү башталып, аны ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн.

"Центерра голддун" президенти Ян Аткинсон (оңдо)
"Центерра голддун" президенти Ян Аткинсон (оңдо)
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" боюнча 1993-жылы, 2003-жылы жана 2009-жылы келишимдерди түзүүгө катышы барлардын баарын жазалоону сунуштады. 2009-жылдагы келишимге караганда Кыргызстандын үлүшү аз болгон келишим 2007-жылы даярдалган.

Кумтөр боюнча өкмөт кабыл алып жаткан чечим “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын корутундусунан аз эле айырмаланат. Эгерде Жапаров кенди улутташтыруу талабын койсо, Сариев жетектеген комиссия келишимден чыгып, жаңы келишим түзүүнү сунуштап жатат.

Башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов өкмөттүн чечими Кумтөргө тезинен атайын башкаруучу дайындоо менен коштолуш керек деп эскертти. Куловдун айтымында, ансыз кенде иш токтоп калат же башка нерселер болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан Кумтөрдү дароо көзөмөлгө алуу үчүн атайын башкаруучу киргизүү зарыл. Куловдун бул сунушун Темир Сариев колдоп, өкмөт жана парламент тийиштүү чечимдерди кабыл алыш керек деди.

Башкаруучу коалиция толугу менен Темир Сариев жетектеген комиссиянын корутундусун жана сунушун колдоду. Эми маселе парламенттин жыйынында каралыш керек. Ал эми “Центерра голд инктин” өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен дурустап сүйлөшүүгө келбей жатат. Мекеменин сайтында да кыргыз өкмөтү кабыл алып жаткан чечимдерге жооп бериле элек.

Жолду жаптырган жаңжал

Сох жаңжалы кыргыз-өзбек мамилесинде бири-бирине каршы чараларды көрүү жарышына же жол согушуна алып келди. Адегенде кыргыз тарап Өзбекстандын Риштан районунан Сох анклавына баруучу жолду коопсуздукка байланыштуу жапса, экинчи тарап Сох анклавынын жанында жайгашкан Кыргызстандын Бөжөй айылына бара турган жолду жапты. Ага удаа эле Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстандын Барак эксклавына жол жабылды.

Өзбек тараптын чечимдери андан кийин улам катаалданып отуруп, соңунда темир жолдорду жабууга алып келди. Ага чейин Ташкен "Достук" өткөрмө бекети баш болгон бир катар бекеттерди бир жактуу түрдө жапкан эле.

25-январда Кыргызстан Сох жана Шаймерден анклавдарына гуманитардык жүк үчүн жолду ачып берди. Өзбек тарап Баракка жол ачты. Бирок темир жолдор, өткөрмө бекеттер жабык турат.

Кыргызстан Нефтетрейдерлер бирикмесинин башчысы Жумакадыр Акенеев Өзбекстан аркылуу миңге жакын вагон өтпөй жатат дейт:

- Бүгүнкү күнү күйүүчү май жүктөлгөн 136 вагон Өзбекстандан чыкпай жатат. Кошуна мамлекеттин аймагынан өтө албай жаткан вагондордун саны миңге жакындап калды. Ошондуктан премьер-министр, президент Алмазбек Атамбаев тез арада киришпесе, биздин экономика үчүн абдан орчундуу маселе болуп жатат. Анткени жазгы талаа жумуштары башталганы турат.

Акенеевдин айтымында, өтпөй жаткан жүктүн арасында курулуш товарлары, жер семирткичтер, азык-түлүк бар.

Кыргызстан өкмөт башчысы же президенти Ташкен менен байланышка чыгып, маселени чечүүгө киришкени байкалган жок. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев темир жол маселесин министрлер деңгээлинде чечүүнү транспорт жана коммуникация министри Калыбек Султановго дайындаганы маалым.

Ошентип буга чейин эле мамилеси жылуу-жумшак болбогон эки кошуна мамлекет бири-бирине эшигин жаап, жолун тосуп отурган чагы. Кыш мезгилине окшоп тоңуп турган эки мамлекеттин мамилесин жумшартуу үчүн ким тарабынан жана качан кадам ташталары белгисиз. Болгону кыргыз тарап Ташкен менен тил табышуу үчүн активдүү аракеттерди көрүп жатканы, анын натыйжасы март айларында анык болоору айтылууда.

Абактан митингге умтулган депутат

Узап бараткан аптада Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытовдун ишин кароону улантты. 3-октябрдагы митингден кийин камакка алынган депутаттар өздөрүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдиришти. Садыр Жапаров абактан чыгып калса, башкы максаты Кумтөр боюнча митинг уюштуруу экенин айтса, Камчыбек Ташиев 3-октябрда бийликти басып алуу болбогонун айтты:

- Эч кандай кылмыш болгон эмес. Колубузда курал же таш жок болчу. Бир да адамдын бетин чийген жокпуз, жаман айткан жокпуз. Саясий жактан алып караганда мен туура иш жасадым жана мындан ары да ушундай кадамга даярмын. Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган эмеспиз. Мен ар дайым айтып келем - биз бийликке күч колдонуп же зордук менен келбейбиз. Мен ал кадамды мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоонун негизинде жасадым. Ал эми мамлекеттик бийликти басып алууга эч кандай аракет жасаган эмеспиз.

Ташиевдин айтымында, ал саясий куугунтуктун айынын абакта отурат.

Президент Алмазбек Атамбаев бул маселе мыйзамдын алкагында гана чечилиш керектигин буга чейин билдирген.

Бирок депутаттардын камалышы юридикалык эмес, саясий маселеге айланып баратат. Анткени оппозициялык саясатчылар аны туу катары көтөрүп, элдик акцияларды уюштурууда. Андай акциялардын биринчиси Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда өттү. Апрель ыңкылабы кезинде Алмазбек Атамбаевдин тилектеши болгон, азыркы кезде Камчыбек Ташиевдин адвокаты болгон Азимбек Бекназаров “биздин талап - камалган депутаттарды үй камагына чыгаруу. Бирок бийлик аны аткарбай жатат. Мурунку бийликтердин катасын кайталап, үчүнчү ыңкылапка алып баратат” деп билдирүүдө. Бекназаров ошондой эле Алмазбек Атамбаев Конституцияда каралбаган ыйгарым укуктарды өзүнө алып алды деп да айыптоодо.

Башкаруучу коалициянын мүчөсү Өмүрбек Текебаев азыркы кезде үчүнчү ыңкылап үчүн моралдык себеп жок деп эсептейт. Бирок Текебаев айрым маселелерде президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына каршы келген жүрүштөрдү жасоого өтө баштады. Маселен, ал Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу боюнча келишимди Кумтөр менен түзүлгөн келишимди кайталоо деп атады:

- Кумтөрдүн кейпин кийди деген ушул, карызды алар алып келишет, анын жарымын биз төлөйбүз. Калган жарымы ГЭСтин эсебинен төлөнөт. Орус тарап да ГЭСтин эсебинен төлөйт. Орустар өздөрү инвестор эмес. Ошондуктан мен муну туура эмес дейм. Мен Кумтөргө, "Центеррага" каршы добуш бергем. Эл алдында туура кылгам дейм. Мен ошол окуя кайра кайталанышын каалабайм.

Текебаев ГЭСтердин акциялары орус тарапка кайсы бир мөөнөткө гана берилиш керек деп эсептейт.

Кыргызстандагы энергетиктер бирикмесинин жетекчиси Жамалбек Түлөбердиев депутаттардын тынчсыздануусун негиздүү деп эсептеп, Орусия менен түзүлгөн келишимдин шартын Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмес деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстан ГЭСти куруу үчүн орус тараптан насыя алып, анан аны төлөсө, анда эмне үчүн акциялар алардын колунда калыш керек?

ГЭСтер боюнча келишимдерди бийлик башындагылар эң ири жеңиш катары баалап келатат. Ал эми Кумтөр боюнча келишимди өзгөртүү мүмкүн эместигин президент Алмазбек Атамбаев билдирген жайы бар. Бирок өлкөдө түзүлүп келаткан саясий кырдаал же Темир Сариевдин саясий өз алдынчалыгы Кумтөр боюнча радикалдуу кадамдарга түртүүдө.

Саясий кырдаал демекчи, ал жаз алдында Кыргызстанда адатта кызыйт. Мына ошого кошумча шыкак бербеш үчүн бийлик “Центерра голд” менен түзүлгөн келишимден чыга турууну эп көргөндөй. Мүмкүн Темир Сариев оппозиция катарында жүргөн мезгилди эстеп, Кумтөр боюнча ва-банкка барууну чечти. Бийлик башындагылар болсо, саясий кырдаалга жараша ага каршы болгон жок.

Кандай болгон күндө да Кумтөр боюнча келишимди бузууну өкмөттүн колдоп чыгуусу узакка созула турган талаш-тартышка биринчи кадам. Ага экинчи кадам жаңы жумада парламент тарабынан коюлушу күтүлөт. Анткени Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын корутундусун Жогорку Кеңеш кароосу күтүлөт.

Мына ошентип кыргыз тарап Кумтөр боюнча келишимден чыгууга баратат. Эгерде “Центерранын” акционерлери жаңжалды ырбатпайлы десе, сүйлөшүүгө келишет, болбосо эки тарап эл аралык сотто беттешет.

Кумтөр: коалиция корутундуну колдоду

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырды. Анда өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. Эгер канадалык компания бул сунушка көнбөсө, келишимди бузуу керектиги да айтылат.

Мамкомиссиянын корутундусунда өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүүнү баштоо сунушу жолдогон. Анда учурдагы келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келип, Кумтөрдөгү казылган алтындан түшкөн каражат адилетсиз бөлүштүрүлүп калганы белгиленет.

Ал эми жаңы келишимге ылайык, “Центерра голд” компаниясы экологияга келтирген зыяны үчүн Кыргызстанга төлөп жаткан компенсациянын өлчөмүн көбөйтүү, салык жана башка төлөмдөр Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүргүзүү керектиги көрсөтүлгөн.

Андан сырткары рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар да камтылган. Ошондой эле “Центерранын” вице-президенти, ал эми 2015-жылдан соң президенти да Кыргызстандын жараны болушу керектиги айтылат.

Комиссиянын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, канадалык компания сүйлөшүүлөргө барбаса, өкмөткө чечкиндүү чара кабыл алуу сунушталган:

- Биз өкмөткө “Центерра голд” үч айдын ичинде жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек дедик. Мындай шарттарга экинчи пунктту сунуштап жатабыз. Анда өкмөт бир жактуу келишимдерди жокко чыгаруу ишин башташ керек.

Эгер өкмөт келишимди бир тараптуу бузса, “Центерра голд” эл аралык сотко кайрылышы мүмкүн. Темир Сариевдин айтымында, эл аралык деңгээлде соттошуу болуп калса, мурдагы келишимдердин коррупциялашканын далилдей турган мүмкүнчүлүк бар:

- Эксперттер эгер юристтер жакшылап иштесе, бизде өз кызыкчылыктарыбызды коргоп калганга мүмкүнчүлүк бар деп айтып жатышат. Кумтөрдө болгон бардык мыйзам бузууларды мыйзамдаштырып берген биздин аткаминерлер болгон. Ошондуктан бул келишимдерге кол коюп, шарт түзүп берген мамлекеттик кызматчылардын баарын Башкы прокуратура жоопкерчиликке тартышы зарыл. Антпесе эл аралык соттон биздин аргументтерибиз аз болуп калат. Эгер келишимдин коррупцияланышына жол бергендерди өзүбүз далилдеп, эл аралык соттон "мына, биз буларды жоопко тарттык, эми “Центерра голддун” башкаруучуларын жоопко тарткыла" дегенге жол ачылат.

Бул тизмеде экс-президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баш болгон бир катар жогорку чиновниктер бар.

Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү
Буга чейин өкмөт “Центерра голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча топ түзүү жана коррупциялык келишимдерге кол койгондорду жоопкерчиликке тартуу тууралуу токтом кабыл алган.

Эми комиссиянын токтому парламенттин жалпы жыйынына чыгарылганы жатат. Коалициялык көпчүлүктүн төрагасы Феликс Кулов “Центерра голддун” жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү сунуштады:

- Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тездетүү керек. Болбосо эл түшүнбөй калат. Аны менен бирге эле Кумтөрдүн финансылык, чарбалык жана экологиялык тараптарын көзөмөлдөө үчүн өкмөт жаңы кызматты түзүшү зарыл. Ошондой эле өз укуктарыбыздан пайдаланып, эл аралык арбитраждык сотко доо менен биз биринчи болуп кайрылышыбыз керек.

Ошол эле учурда айрым эксперттер кыргыз өкмөтү радикалдуу кадамга барса, арты тобокелдүү болоорун болжолдоп жатышат. Мисалы, эксперт Шерадил Бактыгулов Кыргызстандын эл аралык сотто утулуп калуу коркунучу чоң деп эсептейт:

- Бул жерде тобокелчилик абдан чоң. Биринчиден, келишимди бир тараптуу бузуу үчүн орундуу, далилденген негиз аз болуп жатат. Мамлекеттик комиссия далилдерди топтодук дегени менен “Центерра голддун” жетекчилиги өз ишин кынтыксыз кылып, документтерди топтоп койгон. Мындан улам эл аралык сот канадалык компаниянын пайдасына чечип берип коюшу мүмкүн. Андай болсо Кыргызстан үчүн кесепети кыйын болот.

Эми мамлекеттик комиссиянын корутундусу жакынкы күндөрү парламент жыйынында каралып, Кумтөрдүн алдыдагы тагдыры аныкталат.

Ташиев: Туура иш жасадым

"Ата Журт" партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сотто. Бишкек, 10-январь, 2013-жыл.

24-январда "Ата Журт" фракциясынын депутаттарынын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму жанданды.

Үч депутат камакка алынгандан бери биринчи ирет кылмыш иши боюнча өз ойлорун айтты.

Соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда Биринчи Май райондук сотунун имаратына чогулган депутаттардын 150гө чукул тарапкери митинг уюштуруп, аларды бошотууну талап кылышты.

3-октябрдан бери камакка отурган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов күнөөлөрү жоктугун, анткени кылмыш ишинде белгиленгендей бийликти басып алууга аракет кылышпаганын айтууда. Партия лидери Камчыбек Ташиев:

- Эч кандай кылмыш болгон эмес. Колубузда курал же таш жок болчу. Бир да адамдын бетин чийген жокпуз, жаман айткан жокпуз. Саясий жактан алып караганда мен туура иш жасадым жана мындан ары да ушундай кадамга даярмын. Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган эмеспиз. Мен ар дайым айтып келем - биз мамлекетке күч колдонуп же зордук менен келбейбиз. Мен ал кадамды мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоонун негизинде жасадым. Ал эми мамлекеттик бийликти басып алууга эч кандай аракет жасаган эмеспиз.

Бүгүнкү бийликтин негизги атаандашымын деп айткан Камчыбек Ташиев козголгон кылмыш ишин саясий буйрук деп сыпаттады. Ал эми камактагы депутат Садыр Жапаров кылмыш иши жана аны камакка алуу чечими мыйзамсыз болгон деп эсептейт.

- Тергөөчүлөргө “менин сөздөрүмдө бийликти басып алууга чакырык барбы, дарбазадан ашып өттүмбү” десем, “жок, сизди козголгон кылмыш иши боюнча эле камап турбасак болбойт” деп айтты. Муну судья угуп отуруп, эч кандай далили жок эле чечим чыгарып койду.

10-январда башталган сот отурумунда айыпталуучулардын адвокаттары судья Абдуразак Боромбаевге ишенбөөчүлүк боюнча өтүнүч келтиришкен. Ал өтүнүч канааттандырылып, азыр соттук отурумду судья Адылбек Субанкулов алып барууда.

24-январдагы сотто адвокаттар депутаттардын баш коргоо чарасын камакта кармоо эмес, башка түргө өзгөртүү боюнча өтүнүчүн келтиришти. Адвокаттар аны эл өкүлдөрүнүн эч кайда качып кетпей турганы жана ден соолуктарынын туруктуу эместиги менен негиздешти. Баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн камактагы эл өкүлдөрү өздөрү да колдоого алышууда.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Бирок мамлекеттик айыпталуучулар депутаттарды үй камагына чыгарууга каршы. Алардын айтымында, козголгон кылмыш иши өтө оор жана депутаттарды качып кетет деген чочулоо бар. Мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков сот иши бүткөнчө депутаттардын камакта болгонун кубаттайт.

- Буларга өтө оор берене боюнча айып коюлган. Ошондуктан мыйзамда белгиленгендей, оор кылмыш жасаганы үчүн аларга бөгөт коюу чарасын сот камакта болсун деп чыгарган. Биз ошол чечим күчүндө калсын деп жатабыз.

Депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүү же камакта калтыруу боюнча чечимди сот 25-январда чыгармакчы. Бул иш боюнча “Ата Журт” фракциясынын үч депутатынан башка коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев, ошондой эле депутат Ташиевдин үч жардамчысы айыпталууда. Алар 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп, кылмыш иши козголгон болчу.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында Кумтөр кени боюнча уюштурулган митингдин арты Ак үйдүн темир тосмосун ашып өтүү менен аяктаган.

Камактагы депутаттарга сөз берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Кыргыз-өзбек темир жолу жабылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы темир жол бекети, Кара-Суу району, 23-январь, 2013.

Өзбекстан Кыргызстан менен эми темир жол өткөрмөлөрүн да жаап салды. Аз күн мурда кара жол да жабылган болчу.

Учурда чек арада эки тарапта тең жүздөгөн вагондор жол карап отурушканы кабарланууда. Чек аралаш аймакта жашаган туугандар да ары-бери каттай албай азапка түшүүдө.

Кара-Суу шаарынын жака белиндеги Өзбекстан менен чектешкан 11-кварталдагы темир жол түз эле коңшу өлкөгө кирип барат. Чек ара зымдарынын жанында түркүкчөдө бир жагында “Узбекистон темир йуллари”, а бир тарабында “Киргизская железная дорога” деген жазуулар турат. Андан арыракта эле өзбек чек арачысы автомат кармап, Кыргызстан жакты тиктеп турат. Поезд өтчү жолдо эч кандай зым, же атайын шлагбаум да жок. Бирок темир жолдун үстүн кар басып турганынан эле мында бир канча күндөн бери кыймыл жок экенин билүүгө болот.

Кара-Суудагы темир жол бекети, 23-январь, 2013.
Кара-Суудагы темир жол бекети, 23-январь, 2013.
Бир эле темир жол эмес, башка өтмө жайлардан өтүү да мүмкүн болбой турганын кварталдын комитет башчысы Акбаржан Арипжанов айтып берди:

- Темир жолдун чек арасы мобу биздин көрүстөндөн кийинки жер. Ошондон ары жагы Өзбекстанга карайт. Темир жолдун бул жак капталы дагы коңшу өлкөгө тиешелүү жер. Кечээ 2-3 күндөн бери поюздар такыр өтпөй калды. Жөнөкөй адамдарды өткөрүү пункттары деле жабык бойдон турат. Тууган-урук, келин-кесек менен эч эле катыша албай калдык. Чынын айтсак, өлгүдөй кыйналып жатабыз. Бул жактан эч кимди, ары да, бери да өткөзбөйт. Наркы бетинде Өзбекстандын аскерлери, биз тарапта Кыргызстандын жоокерлери. Бирок өзбек аскерлери эч кимди өткөзбөйт деп биздин жоокерлер бул жакты көп деле кайтарбайт.

Кара-Суунун дагы бир жашоочусу Калилжан азыр “Достук” өтмө бекетинен да адамдар ары бери каттай албай жатканын айтат:

Кара-Суу темир жол бекети, 23-январь, 2013.
Кара-Суу темир жол бекети, 23-январь, 2013.
- Мурдараак “Достук” бекети аркылуу ары-бери каттап аткан элек. Эми 15-январдан бери эч жакка каттай албай убарабыз. Кээде өтүп баратып эки өлкөгө тең тиешелүү эмес, нейтралдуу жерде, ортодо бир-эки күндөп калып калган учурлар болуп атат. Мобу кышкы суукта, ошол жерде калып жатышты. Өзбекстанга өтсөң мөөнөтү 3 күн гана. Үч күндун ичинде каттоого турушуң керек, же чыгып кетишиң керек. Чыкканга үлгүрбөй калсаң, айып салат. А алар Кыргызстанга өтсө 5 күнгө чейин эркин жүрө берет.

Аңгыча эле чек ара тилкесинде Өзбекстандын аскерлери көбөйүп бизди, атып жиберчүдөй акмалай башташты. Бизге кооптуу сезилген менен, жергиликтүүлөр мындайга көнүп деле калышкандай.

Кыргыз-өзбек темир жолунан негизинен курулуш материалдары, көмүр-отун, күйүүчү майлоочу майлар, тиричилик буюмдары, буудай жана башка азык-түлүктөр ары-бери ташылып турчу. Учурда Кара-Сууда 120дай, Ош шаарында 100дөй вагон чек аранын ачылышын күтүп турат. Алар Кыргызстанга, Өзбекстанга, Кытайга жана Казакстанга тиешелүү жүктөр. Өзбекстан тарапта да ушундай эле вагондор жолдун ачылаарын күтүп турушканы жөнүндө маалымат бар.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Кара-Суу бекетинин башчысы Алижан Сайгазиев буларды айтат:

- 21-январда эмес, 17-январдан бери эле бизде каттоо жок. Өзбекстандын вагон ташып кете турган локомотиви бузулуп калыптыр деп жатышат. Негизи биздеги вагондордун баарын ошолордун Локомотиви тартып кетет. Ортодогу келишим боюнча ушундай болуш керек. Биз жүктөрдүн баарын Кыргызстандын башка жактарынан ушул жерге чейин ташып келебиз, алар бул жерден ары сүйрөп кетишет. Бул шылтоо эле болуп жаткандай. Анткени Кара-Суу ушинтип жабылып жатса, калган темир жолдор эмнеге иштебей турат. Муну аныкташ үчүн алар менен байланышсак жооп бербей жатышат.

Кара-Суудагы темир жол бекети, 23-январь.
Кара-Суудагы темир жол бекети, 23-январь.
Кыргызстан жана Өзбекстан темир жолдорунун жабылышы чек ара чатактарынын эле уландысы экенин серепчилер белгилешүүдө. Оштук байкоочу Эркин Абдыразаков “Азаттыкка” мындай деди:

- Бул Кыргызстандагы Сох анклавында эле болгон окуялардын уландысы. Бул биринчиден. Экинчиден, Өзбекстан өзүнүн амбициясын дагы көрсөтүп коёюн деп жатат. Булар Борбор Азиядагы биринчи, же таасирлүү, күчтүү мамлекет экенин сездирип коюш үчүн, саясатты мына биз аныктайбыз дегендей кылып аткандагысы. Алар ансыз деле ЖККУдан дагы, ШКУдан дагы, КМШдан дагы чыгабыз деп келаткан болчу да. Бирок эми өкмөтүбүз тез аранын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өзбекстанга мамлекеттик келишимдердеги милдеттерин эскертип коюшу керек. Маселени чечишпесе аймакта дагы нааразылыктар күчөп, дагы конфликттер чыгышы мүмкүн.


Кара-Суудагы кыргыз-өзбек чек арасы, 23-январь.
Кара-Суудагы кыргыз-өзбек чек арасы, 23-январь.
Серепчи темир жолдордун иштебей калышы эки тарапка тең экономикалык зыян алып келээрин кошумчалады:

- Эл аралык деңгээлдеги транзит жүктү кошуна мамлекетке алдын ала эскертип, себептерин айтып, макулдашып туруп, анан кийин гана жабыш керек эле. Бул албетте өзбекстандыктардын өздөрүнүн эрки. Ошентсе да аларда өндүрүлгөн азык-түлүктөр бышканда кайра эле бизге күнү түшөт.

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактагы Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Жалал-Абад жана Шамалды-Сай темир жол өткөрмө бекеттерин Өзбекстан 21-январда өзү жагынан жаап койду деп кыргыз чек ара кызматтары кабарлаган. Кара-Суудагы бекет техникалык себептен улам жабылганы, ал эми калгандары боюнча өзбек тарап так маалымат бербегени айтылууда.

Эски-жаңы акыйкатчы

Турсунбек Акун 23-январда Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстандын акыйкатчылыгына кайрадан шайланды.

Парламентте акыйкатчыны шайлоо эки айлампа менен өттү. Биринчисинде парламенттеги 5 фракция көрсөткөн 16 талапкердин бири дагы добуштардын жарымынан көбүн ала алган жок. Натыйжада 20 депутаттын добушун алып, калган талапкерлерден озуп чыккан учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун менен мурдагы акыйкатчы, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Турсунбай Бакир уулу экинчи турга өттү. Экинчисинде 51 добуш менен Турсунбек Акун озуп чыкты.

Бул тууралуу акыйкатчыны шайлоо боюнча комиссиянын төрагасы Акуналы Досалиев жарыялады:

- Добуш берүүнүн жыйынтыгында Турсунбек Акунга 51 депутат макул, 43 каршы добуш беришти. Ал эми Турсунбай Бакир уулуна болсо 35 депутат макул деген, 59у каршы добуш беришти. Ошентип Турсунбек Акун Кыргызстандын акыйкатчылыгына кайрадан шайланды.

Акыйкатчылыкка кайрадан шайланган Турсунбек Акун экинчи мөөнөттөгү максаттары тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Биз азыр БУУнун алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиянын Б тобуна мүчөбүз. Мына ушуну эң жогорку А тобуна мүчө кылууга аракет кылам. Экинчиден, акыйкатчы аппаратындагы кызматкерлерди кыскартып, алардын айлыгын көбөйтүү менен иштин сапатын күчтөйм. Укук коргоо жаатында болсо аялдардын, майыптардын укуктарын тебеленишине каршы маанилүү иштер аткарылат.

Бирок бир катар депутаттар жана талапкерлер акыйкатчы шайлоодо мыйзам бузулганын айтып чыгышты. Акыйкатчылыкка талапкерлердин бири “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулованын айтымында, тиешелүү мыйзамга ылайык, акыйкатчылыкка талапкерлерге өз-өзүнчө добуш берүү зарыл болчу:

- Бүгүнкү шайлоо кандай чыр менен башталса, ошондой чыр менен аяктады. Буга депутаттардын мыйзамды бузуу менен жараянды өткөргөнү себеп болду. Аны талапкерлер эле эмес, депутаттар деле айтып жатышат. Ошондуктан мыйзам бузуу менен шайланган акыйкатчынынын легитимдүүлүгү боюнча көп суроолор пайда болуп калды.

Бирок акыйкатчыны шайлоо боюнча комиссиянын мүчөсү, депутат Абдыжапар Бекматов айтылган дооматтар негизсиз деп эсептейт:

- Мыйзам бузулду деген болбогон кеп. Биз Жогорку Кеңештин регламентин да, Акыйкатчы боюнча мыйзамды да бузбай туруп шайлоо өткөрдүк.

Эми кайрадан акыйкатчылыкка шайланган Турсунбек Акун 14-февралда Жогорку Кеңеште ант берип, расмий түрдө кызматына киришет.

54 жаштагы Турсунбек Акун Кыргызстан эгемендик алгандан баштап укук коргоочулук миссияны аткарып келе жатат. Аны бүт дүйнөгө тааныткан окуя 1999-жылы Баткенге сырттан өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы атаган куралдуу топ кол салганда болгон эле. Жапондук төрт геологду, кыргыз генералын алар туткундап кеткенде Турсунбек Акун жалтанбастан тил кат жеткирип барып, кармалгандар аман-эсен экенин билип кайткан.

2000-жылдары Акун тынымсыз митингдер менен жүрүштөрдү уюштуруучу катары белгилүү болгон. Бир сапар аны уурдап кетип, кайра аман соо кайтып келгени бар. 2002-жылы Аксыда демонстранттарга ок атылганда алдыңкы сапта турган. Акундун акыйкатчылык ишмердүүлүгүндө аны менен кошо иштешкен мурдагы шакирттери акыйкатчы өзү кээде адилетсиз иш кылат деп айгак болуп, басма сөз жыйынында айтып чыккан. Бирок Акун бул билдирүүнү касын тиккендердин ойдон чыгарганы деп жооп кайтарган.

Муну менен катар анын мен “Акыйкатчы болуп төрөлгөм. Бул жерге менден башка киши чыдабайт. Мен мындан башка жумуш кыла албайм” дегени эсте калаарлык учкул сөзгө айланып калды. Эми эски-жаңы акыйкатчынын кызмат мөөнөтү 2018-жылга чейин созулат.

Кыргызстанда акыйкатчы институту мындан 11 жыл мурда түзүлүп, алгачкы акыйкатчы азыркы депутат Турсунбай Бакир уулу болгон.

Британия Евробримдикке мүчөлүк маселесин элге салат

Британиянын өкмөт башчы Дэвид Кэмерон узактан бери күтүлгөн сөзүндө, эгер анын партиясы келерки шайлоодо жеңсе, Евробиримдикке мүчөлүк боюнча маселени жалпы элдик референдумга алып чыгууну убада кылды.

Консервативдик партиянын лидери Британия менен Еврошаркеттин мамилесин референдумга чейин эле кайра кароо зарылдыгын да айтууда. Британиянын мындай кадамынын Еврошаркет үчүн оң жана терс кесепеттери кандай?

Дэвид Кэмерондун айтымында, өлкөсүнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча жалпы элдик референдум, эгер ал лидерлик кылган Консервативдик партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңсе өткөрүлөт.

- Консерваторлордун 2015-жылдагы программасында (шайлоо) британ элине консерваторлордун өкмөтүнө биздин европалык өнөктөштөр менен жаңы келишимди талкуулоого мандат берүү өтүнүчү жасалат. Жаңы келишимди макулдашкан соң, биз британ элинен Евробиримдикте жаңы шарттарда калуу же анын курамынан чыгуу боюнча жөнөкөй эле тандоо жасоону суранабыз.

Дэвид Кэмерон кошумчалангандай, бул үчүн тиешелүү мыйзамдык база келерки шайлоого чейин даярдалат.

Консерваторлор шайлоодо жеңсе, ал мыйзамдар дароо кабыл алынып, референдум кийинки парламенттин ишинин биринчи бөлүгүндө, же 2017-жылдын аягына чейин уюштурулат.

“Көңүл калуу”

Британ өкмөт башчы өлкөсүнүн Еврошаркет менен мамилесин кайра кароо же андан кетүү маселеси күн тартибине чыгышын мындайча түшүндүрдү:
- Бүгүн коомдун Евробиримдиктен көңүл калуусу буга чейин болуп көрбөгөндөй жогору. Буга бир нече себеп бар. Эл Евробиримдик буга чейин макулдашылбаган багытта кетип жатканын сезүүдө. Алар биздин улуттук турмушубузга керексиз эрежелер, тескөөлөр менен кийлигишип жатканына нааразы.

Бирок Кэмерон бул маселеде ашыкпоо зарылдыгын, адегенде алаканы “туура нукка” салуу мүмкүнчүлүгүн колдонуу керектигин белгиледи.

Британия чын эле Евробримдиктен кетсе бул кадам шаркеттин тышкы жана кеңейүү саясатына кандай таасир бериши мүмкүн.

“Трагедиялуу жоготуу”

Европадагы Карнеги корунун талдоочусу Стефан Лин Британия шаркетке мүчө өлкөлөрдүн ичинен аскерий бюджети жана дипломатиялык корпусу эң чоң экендигин эске салат:

- Чыгып кетүү [Британия] - Евробиримдик үчүн эбегейсиз жоготуу болот. Менимче, аны ар тараптан, аскерий жактан, дипломатиялык жактан, экономикалык кубаты жагынан алсыратат. Демек, бул Евробиримдик үчүн трагедиялуу жоготуу болот.

Ал эми аймактык кеңейүү маселесинде Британия Евробиримдиктин тегерек- чекедеги кырдаалды турукташтыруу жана шаркеттин британ товарларына толгон бирдиктүү базарын дагы чоңойтуу аргасы катары карап келген. Маселен Балкан чөлкөмүнүн батышындагы өлкөлөрдүн маанилүү өнөктөшү болгон.

Андыктан,талдоочулардын пикиринде, быйыл июлда Евробиримдикке Хорватия кошулгандан кийин анын эшиги башкалар үчүн узак жылдарга жабылып калышы мүмкүн.

Бирок Евробиримдиктин Орусия менен мамилесине оң таасир бериши ыктымал.

Анткени шаркеттин Британиядан башка ири өлкөлөрү: Германия, Франция, Италия, Испания Орусия менен олуттуу суроолорсуз эле энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкка кызыкдар.

Британиянын кадамы Европа борборлорунда жана АКШда тынчыздануу жараткандай.

АКШ президенти Барак Обама өткөн атада Кэмерон менен сүйлөшкөндө, Вашингтон “күчтүү Британияны жана күчтүү Евробиримдикти” баалай турганын айткан.

​Германия канцлери Ангела Меркел шаршембиде Британияны Евробиримдиктен кетпөөгө үндөп, шаркеттин иши боюнча башка өлкөлөрдө да суроолор бардыгын жана мунаса табуу зарылдыгына токтолду.

Британиянын өзүнөн оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидери Эд Милибэнд азыркы премьердин саясатын сындап, аны улуттук эмес, партиялык кызыкчылыктарга байланыштырды.

Израилде парламенттик шайлоо өтүүдө

Бүгүн Израилде Кнессет же парламентти шайлап жатышат. Премьер-министр Бенямин Нетаняхунун оңчулдар коалициясы добуштардын көпчүлүгүн алат деп күтүлүүдө. Ал эми бул шайлоо Израил-Палестина тынчтык процессине дем берээрине ишенгендер аз.

Израил жетекчилигинин күн тартибинде азыр экономика жана Ирандын ядролук программасына байланышкан маселелер турат.

Өткөн аптада премьер-министр Бенямин Нетаняху Тегерандын ядролук программасы Израил үчүн негизги миссияны түзөт деп айткан эле. Бирок элдин пикирин сурап билүүлөр көрсөткөндөй, экономикалык абал Иран же Палестина маселелерине караганда катардагы израилдиктер үчүн алда канча маанилүү.

Өткөн жылы бюджеттин дефицити пландалгандан 2 эсе ашты. Бул - жакынкы келечекте үнөмдөө чаралары көрүлүшү мүмкүн дегенди билдирет. Ошол эле сурамжылоолорго караганда, бул шайлоодо Нетаняху позицияларын бекемдейт деп күтүлүүдө. Бирок анын коалицияга кирген күчтөр ортосундагы балансы өзгөрүшү ыктымал.

Бенямин Нетаняху
Бенямин Нетаняху
Премьер-министрдин борборчул-оңчул “Ликуд-Бетейну” партиясы Кнессеттеги 120 орундун 35ин жеңет деп болжолдонууда. Борборчул-солчул “Эмгек партиясына" 16-18 мандат тийиши мүмкүн.

Ашынган улутчулдардын “Жөөт мекени” партиясы жаштарды жана мурдагы СССРден көчүп келген шайлоочуларды тартууну максат кылып койгон. Анын лидери, 40 жаштагы харизматикалык Нафтали Беннет өзүн “Израил саясатындагы жаңы рок жылдыз” деп атайт. Ал чындап эле улутчулдар партиясына жаңы дем берип, имиджин көтөргөнсүдү. Мекенчилдер "Ликуддун" эсебинен мандаттарынын санын көбөйтүп, 10дон ашуун орун алышы мүмкүн.

Беннеттин ролунун артышы Палестина менен сүйлөшүүлөр процессин татаалдаштырышы ыктымал. Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө жаш саясатчы - анын сөзү менен айтканда – “Израил жергесинде” Палестин мамлекетинин пайда болушун алдын алуу үчүн бар аракетин жумшаарына убада берип келди.

Сурамжылоолор так болуп чыкса, Беннетт Нетаняхунун коалициядагы негизги шеригине айланып, кабинетте жогорку кызматты талап кылышы ажеп эмес.

Нафтали Беннет
Нафтали Беннет
Иерусалимдеги университеттин профессору Рафаэл Израэли Нетаняху палестиналыктар менен жаңжалды жөнгө салууда эки мамлекет принцибин колдоорун айтып келгени менен, оңчулдардын позицияларынын бекемдеши бул платформадагы сүйлөшүүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарат.

Палестинанын Израил менен сүйлөшүүлөрдөгү мурдагы жогорку өкүлү Саеб Эрекат да парламенттик шайлоо тынчтык жараянын алдыга жылышына салым кошпойт деген пессимисттик көз карашта.

- Азыркы өкмөт диалогду эмес, өз планын таңуулоону, тынчтыкты эмес, конуштарды кеңейтүүнү тандап алган. Эмки коалициялык өкмөт ушундай таңуулоо жана конуштар саясатын уланта берсе, анда жаңжалды эки мамлекет принцибине таянып чечүү жолу буулат. Израил эли тынчтыкты тандап алат деп ишенебиз. Биз тигил же бул партия менен эмес, бардык израилдиктер менен тынчтыкта жашоону каалайбыз.

Жогоруда айтылгандай, карапайым израилдиктер Палестина маселесине караганда күнүмдүк экономикалык абалга көбүрөөк кабатыр. Хайфа университетинин окутуучусу Идо Зелкович:

- Израил коомчулугу Палестина маселесинен чарчап бүттү. Калың эл эки мамлекет принцибинен башка жол жок экенин түшүнүп калган. Израилдиктердин көбү палестиналыктардан бөлүнгүсү келет. Бирок экинчи жагынан палестиналык өнөктөштөрдөн бир аз иренжип калгандай, аларга ишенбөөчүлүк маанайы өкүм сүргөндөй. Ошон үчүн Палестина маселесине катардагы израилдиктер арасында анча көп маани берилбей калган.

"Карапайым палестиналыктар да Израилдеги шайлоого көп үмүт артпайт", - дейт журналистика боюнча мугалим Дауд Куттаб. Анын айтымында, алар Израилдеги партиялар ортосунда көп айырманы көрүшпөйт.

Сирияны курал менен ким камсыздоодо?

БУУнун башкы катчысы жана эл аралык атайын чабарманы “тышкы күчтөрдү” Сириядагы каршылашкан тараптарды курал-жарак менен камсыздайт деп сындашты.

Бирок Нью-Йоркто дүйшөмбү күнү болгон жыйында Пан Ги Мун жана Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими Сирия өкмөтүн жана көтөрүлүшчүлөрдү курал-жарак менен камсыздаган бир да мамлекеттин атын аташкан жок.

Анткен менен Орусия жана Иран экөө президент Башар Асаддын өкмөтүн курал-жарак менен камсыздаганы мурдатан маалым. Сирия өкмөтү козголоңчу күчтөрдү куралдандырууда деп, Түркияны, Катарды жана башка Перс булуңундагы араб мамлекеттерин күнөөлөп жүрөт.

21-январда удаа эле Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык иштерди жүргүзгөн мекемелери эл аралык коомчулуктун сириялык качкындардын муктаждыктарын жетерлик камсыздабай жатканына көңүл бурду.

Үңкүрдө жашырынган сириялык качкындар
Үңкүрдө жашырынган сириялык качкындар
Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгынын менеджери Жон Гинг 21-январда Дамаскидеги маалымат жыйынында сүйлөп, азыр донор өлкөлөр көрсөткөн жардам сириялык бозгун-качкындардын керектөөсүнүн 15 процентин гана жабат деди:

“Биздин донорлор жамаатыбыз, биздин эл аралык донорлор коомубуз, бул жерге зарыл каражаттын 15 процентин гана беришет. Бул бизди аябай кыжаалат кылат. Иликтөөнүн натыйжасы гуманитардык оорчулук демейдегиден алда канча бийик экенин көрсөттү. Бул азык-түлүктү муктаж адамдардын баары албай жатат дегенди билдирет. Биз, донорлор, коомубузду чындап жанданткыбыз келет.”

Улуттар Уюму 30-январда Кувейтте болчу донорлор жыйынында Сирияга берилчү гуманитардык жардамдар корунун каражатын 1, 5 миллиард долларга чыгарабыз деген үмүттө.

Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Сирияда 22 айдан бери жүрүп жаткан куралдуу коогалаңдын кесепетинен 600 миң адам турак жайын таштап, бозгун болуп кеткен. Ушул тапта 2,5 миллион сириялык тамак-аштан тартыш. Ич ара куралдуу тирешүүдөн апаат болгондордун саны 60 миңден ашып кетти. Жыл башынан бери эле Иорданияга 25 миң сириялык качып өткөн. Алардын көбү аялдар менен балдар экенин расмий Аман билдирди.

Улуттар Уюму эгерде Сирияда уруш токтобосо, июнь айына барып коңшулаш өлкөлөрдөгү сириялык бозгундардын саны 1, 1 миллионго жетиши ыктымал деп кооптонот.

Дүйшөмбү күнкү Нью-Йорктогу кеңешмеде Пан Ги Мун жана Лахдар Брахими Сириядагы бийликти алмаштыруу боюнча былтыр июндагы Женева макулдашуусун жүзөгө ашырууда эл аралык биримдик жок экенин өкүнө белгилешти.

Улуттар Уюмунун Сирия боюнча ошол кездеги атайын өкүлү Кофи Аннандын демилеси менен былтыр Женевада жетишилген планды ишке ашыруудагы негизги оюнчулар: АКШ, Орусия, Британия, Франция, Кытай жана башка ири өлкөлөр. Бирок Орусия жана Кытай эки жолу Асаддын өкмөтүнө каршы санкцияны күчөтүү боюнча Коопсуздук кеңешинин резолюциясына каршы чыгып, өткөрбөй койгон.

Москва Сириянын өткөөл өкмөтүнө сөзсүз Башар Асад кириш керек деп эсептейт. Европа мамлекеттери жана АКШ болсо Асад бийликтен биротоло кетиш керек дешет. Ал эми Сирия оппозициясы Асад менен сүйлөшүүнү эгерим каалабасын айтууда.

Апта: Транзиттик борбор, жабылган жолдор...

"Манас" аба майданындагы АКШ транзиттик борбору, 7-июнь, 2012.

Бишкекте "Манастагы" транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык талкуулады.

Кошмо Штаттар Ооганстандагы миссиясын дурустап аяктоонун үстүндө иштеп жатат. Бул маселени АКШнын президенти Барак Обама өткөн жумада Вашингтондо ооган президенти Хамид Карзай менен талкуулады.

Транзиттик борбордун тагдыры кайрадан талкууда

Ага удаалаш бул аптада АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Бишкекке келди. Ал сапарынын максаты - Ооганстандагы антитеррордук миссияны аткарууда чечүүчү ролду ойноп жаткан транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшүү экенин алдын-ала билдирип келди.

Кыргыз бийлиги Роберт Блейк менен жолугушуу болгонго чейин эле жообун берип, 2014-жылдан кийин "Манаста" аскердик компонент болбойт деп чыкты.

16-январда президент Алмазбек Атамбаев Роберт Блейкти кабыл алган учурда бул сөздөрүн дагы бир ирет тастыктады. Бирок мына ушундай бир жактуу жоопко карабай, транзиттик борбордун келечеги боюнча үмүтүн үзө электигин Америка тарап кыйытты.

Роберт Блейктин
айтымында, транзиттик борбор боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, ошондуктан азырынча бир жактуу айтуу кыйын:

- Азыркы мезгилде биз транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүнүн үстүндөбүз. Ошондуктан анын жыйынтыгы боюнча чайкоочулук кылгым келбейт. Биз президент мырзанын "Манас" аба майданында коммерциялык-логистикалык борбор куруу боюнча максатын толук түшүнөбүз жана аны колдоого аларыбызды билдиргенбиз. Өзүбүздүн кеңешибизди бергенбиз.

Демек АКШ "Манас" боюнча бир канча варианттарды кармап турат. Анын бири - "Манаста" түзүлө турган коммерциялык-логистикалык борборго катышуу, экинчиси - соодалашуу же саясий кырдаалды өзгөртүү аркылуу транзиттик борборду сактап калуу болушу мүмкүн. Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Блейктин сөзүн мына ушул варианттарды эске алуу менен ар кандай түшүнүүгө болот дейт.

Кошмо Штаттар 2014-жылдан кийин Ооганстанда тынчтык орноп, расмий бийлик баарын көзөмөлдөп каларына ишене бербейт. Ошондуктан АКШ аскерлери чыгарылгандан кийин да ооган күчтөрүнө жардам бере ала тургандай шарт сакталып калыш керек. Демек "Манас" алар үчүн 2014-жылдан кийин да керек. Андан сырткары Кытай, Орусия көзөмөлүнө алууга умтулуп жаткан региондо базаны сактап калуу Вашингтондун геосаясий кызыкчылыгы үчүн да маанилүү.

Өз кезегинде Орусия Роберт Блейктин сапарына өзгөчө көңүл бөлүп, тыкыр көз салып турду. Муну орус маалымат каражаттарынын анын сапарын кеңири чагылдырып, олуттуу маани берүүсүнөн байкасак болот.

Транзиттик борбордун чыгарылышы боюнча Кыргызстандын эксперттик чөйрөсүндө бир жактуу пикир жок. Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул маселеде президенттин позициясын колдоп чыкты. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев шайлоо учурунда Транзиттик борборду чыгарууга убада кылган. Эми ошол убадасын аткарып жатат. Ал эми коопсуздук маселесин Кыргызстан ШКУ, ЖККУ менен чечүүгө тийиш дейт:

- Негизи бизди коопсуздукту Америка эмес, ЖККУ, ШКУга кирген өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдер боюнча биргеликте Борбор Азияда коопсуздук маселесин камсыз кылабыз. Эгерде кимдир бирөө кол салса, ЖККУ мамлекеттери аскер менен да, аскердик жабдыктар менен да бизге түздөн-түз жардам бериш керек.

Аликбек Жекшенкулов Кошмо Штаттар Кыргызстанга өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берген жок, инвестиция салган жок деп да сынга алды.

Ал эми дагы бир мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев транзиттик борбор Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги пайдубалдардын бири деп атап келатат. Транзиттик борбор чыгып кетсе, Кыргызстандын АКШ өкмөтү менен байланышы үзүлөт дейт:

- Бул жердеги проблема транзиттик борбор кыргыз-америка кызматташуусунун, байланышуусунун бирден-бир каналы жана механизми экендигинде жатат. Биздин ортобузда андан башка кызматташуу жок. Бул - байланыштын жалгыз каналы.

Талдоочулардын баамында, Кыргызстандын Кошмо Штаттар менен байланышы солгундаса, анда эл аралык финансылык уюмдар менен да кызматташуулар начарлашы күтүлөт. Коопсуздук жагында да маселе чыгышы ыктымал.

Ири мамлекеттердин Борбор Азия регионунда тирешүүсү бул жердеги өлкөлөрдүн карама-каршылыгын күчөтүшү ыктымал. Маселен, чек ара сыяктуу орчун маселелерди чечүүдө Кыргызстан Орусия, ЖККУга таянып, ал эми Өзбекстан Батышка таянып, ортодо тирешүүлөр курч мүнөзгө өтүшү мүмкүн.

Анын учкундары Сохто байкалып, ал жаңжал эки тараптан эшиктерди жабууга алып келүүдө. Маалым болгондой, Кыргызстан Сохко барчу жолду жапкандан кийин Өзбекстан бир жактуу түрдө "Достук" жана башка бир катар өткөрмө бекеттерди жаап салды. Андан ары карыз үчүн деп түндүк регионго газ берүүнү азайтты. Абал азырынча ушундай болуп турат.

Жолго чыккан "Жол картасы"

Ички саясатта бул жумада президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын, же “Жол картасын” бекитип алууга жетишти. Стратегия беш жылга эсептелип, бул мөөнөт ичинде ички дүң продукцияны эки эсе көбөйтүү каралган.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн мезгил келди дейт:

- Ички дүң продукция жыл сайын жок дегенде 7% өсүш керек. Айтылгандардын баары чыныгы ишке аша турган нерселер. Эгерде Кыргызстанда тынчтык эле болсо, өлкө өсүп, алдыга кете турган мезгил келди. Мындан да көп долбоорлор жазылбай калды. Аларды стратегияга жазып салууга бир аз эртерээк болду.

“Жол картасында” каралган экономикалык маселелер өкмөткө жүктөлдү.

Стратегия финансылык жактан бекемделген эмес деген күмөндөр да жок эмес.

“Ата Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев ал маселени ачык койду:

- Бул жерде өкмөт жоопкерчиликти кандай кылып мойнуна алат? Бул стратегияда өлкөнүн реалдуу тармагы боюнча долбоорлор өз-өзүнчө киргизилиптир. Алар кайсы мөөнөттө ишке ашырылат жана аларга кайсы булактардан каражат издейбиз? Эгер кредит болсо, кайсы банктардан, ал эми грант болсо, кайсы мамлекеттерден? Эгер бюджеттен болсо, ар бир жылга биз канча акча бөлөбүз?

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ар бир долбоорду каржылоо булагы такталган деп ишендирүүдө. Жалпысынан “Жол картасында” 70 долбоорду аткаруу каралган.

Президент жана өкмөт “Жол картасын” кабыл алууда олуттуу кыйынчылыктарга кабылган жок. Бирок Сох, чек ара маселесинде кызуу талаш-тартыштар күтүп турду. Мына ошондуктан бул маселени караган парламенттин жыйынын жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.

Парламент чечим кабыл алганга чейин президент өз жардыгы менен Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовду кызматтан алып, анын ордуна “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Токон Мамытовду дайындады.

Токон Мамытов бул кызматта буга чейин да иштеп келген. Ал эми депутат катары чек арачыларга айлык акыны көтөрүү демилгесин ырааттуу көтөрүп, ага жетишкен жайы бар. Демек чек арачылар аны дурус күтүп аларында шек жок.

Токон Мамытов өзү жаңы кызматка киришип жатып, негизги көңүлдү чек арачылардын социалдык абалын жакшыртууга жана ички тартипти бекемдөөгө бураарын билдирди:

- Ички тартип бекем болуш керек. Экинчиден, ички тартипти камсыз кылууну талап кылаардан мурда, аларга социалдык жактан шарт түзүш керек. Социалдык маселелер чечилбесе, мен кантип андан муну жасабайсың, аны жасабайсың деп сурай алам?

Парламент чек ара боюнча 19-январда токтомун кабыл алды. Анда Өзбекстан менен чек араны аныктоодо эгемендүүлүк жылдары жетишилген келишимдерге таянуу өкмөткө милдеттендирилди. Андай беш келишим бар экенин буга чейин парламент мүчөсү Исмаил Исаков билдирген:

- Бизде бир топ документтер бар. Өзбекстан боюнча айтып кетсем, биринчи документибиз 1991-жылы 14-мартта Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда түзүлгөн “Достук жана кызматташтык” жөнүндөгү келишим. Ошол келишимдин 3-беренесинде так жана ачык жазылган: тараптар Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн, СССРдин алкагында калыптанган эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын тааныйт жана сактайт деп. Ошону менен бирге кол тийбестигин так сактаганга да милдеттенет деп айтылган.

Исаковдун айтымында, андан кийин 1991-жылы Алматы декларациясы, 1992-жылы Минск декларациясы, 1994-жылы Москва декларациясы кабыл алынган. 1996-жылы Ташкенде кыргыз-өзбек түбөлүк достук жөнүндө келишимге жетишилген. Анда тараптар чек араларды таануу, аны бузбоого милдеттенишкен. Бул келишимдердин баарына өзбек жетекчиси колун коюп, парламенти ратификациялаган.

Жогорку Кеңештин токтомунда андан сырткары Сохтун айланасындагы Кыргызстан айылдарын облус борбору жана Айдаркен шаары менен туташтыруучу жолдорду куруу, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү өкмөткө тапшырылды.

Кооптондурган пайыздар

Камбар-Ата-1 ГЭСинин тагдыры кайрадан таразага түшө баштады. Белгилүү болгондой, учурда ГЭСтерди куруу боюнча кыргыз-орус келишимдер Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүүдө.

Келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин буга чейин “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Жылдызкан Жолдошева жалгыз көтөрүп келген болсо, эми аны колдогон депутаттар пайда боло баштады. Болгондо да Жолдошева айымдын кырчылдашкан оппоненти Өмүрбек Текебаев Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди колдой албасын, ал Кумтөр боюнча келишимди эске салып жатканын билдирип чыкты.

Эгерде Өмүрбек Текебаевдин бул позициясы бекем болсо, анда ал келишимдин тагдырына коркунуч туулушу ыктымал. Анткени Текебаев башкаруучу коалицияга кирген фракциянын лидери. “Ата-Журттун” таасирдүү депутаты Акматбек Келдибеков да Жогорку Нарындагы ГЭСтерди насыя алып эле курууну сунуштады.

ГЭСтер боюнча келишимдерге өткөн жылы сентябрда орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда кол коюлган. Ага ылайык, тараптар Жогорку Нарында төрт ГЭС, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашкан.

Кыргыз депутаттарын ал ГЭСтердин 50% орус тараптын түбөлүк ээлик кылуусу, ал эми долбоор өзүн актаганга чейин акциялардын 75% орустардын колунда болушу чочулатып, Кумтөр боюнча келишимди эске салып жаткандай.

Кошуна Тажикстан Орусия менен мына ушундай мазмундагы келишимден баш тартып, Иран менен келишим түзгөн. Ал келишимге ылайык, ирандыктар Сангутта-2 ГЭСин курууга 180 млн. доллар, тажиктер 40 млн. доллар бөлгөн. ГЭС курулуп бүткөндөн кийин сатылган электр энергиясы үчүн акчаны 12.5 жыл бою ирандыктар алып, андан кийин ГЭСти толугу менен тажиктерге өткөрүп берет.

Мына ушундай эле формуладагы келишимге Иран менен Армения Аракс дарыясында Мегрин ГЭСин куруу боюнча жетишкени да маалым. Мына ушундай мазмундагы келишим Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмеспи деген суроо туулат.

Эгер база кетсе...

Кыргызстан “Манастагы” транзиттик борборду чыгарса, АКШ өкмөтү менен карым-катнаш кандай болушу мүмкүн?

Коомдук саясат институтунун директору Муратбек Иманалиев Кыргызстан “Манастагы” транзиттик борборду чыгарса, АКШ менен карым-катнаш үзүлөөрүн эскертти:

- Бул база америка-кыргыз кызматташтыгын байланыштырган негизги түйүн. Эгерде бул базаны чыгарчу болсок, АКШ өкмөтү менен болгон бардык байланыштар үзүлөт деп ишенимдүү айта алам.

Иманалиевдин ою боюнча, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, ким менен болбосун эсептешүүгө мажбур кылган нерсе дал ушул база болуп саналат. Үлкөн дипломаттын билдирүүсү АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейктин 17-январда Бишкекке кезектеги сапарына туура келип отурат. Бул жолу да америкалык даражалуу өкүл АКШнын “Манастагы” жүк ташуучу транзиттик борборунун келечеги тууралуу кыргыз тарап менен дагы эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген пикирин айта кетти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк
Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк
Ал эми Блейк менен жолугушууда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев антитеррордук күчтөрдүн транзиттик борбору боюнча келишим 2014-жылы аягына чыгарын дагы бир жолу эсине салып, “макулдашуу мөөнөтү аяктаган соң "Манас" аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес” деди.

Роберт Блейктин белгилешинче, президент Атамбаев АКШга “Манас” аэропортунда транспорттук түйүн, башкача айтканда хаб түзүүнү сунуштаган. Эгерде хаб түзүлсө, АКШ Ооганстандагы аскерлерин Бишкектеги түйүн аркылуу киргизип-чыгарууга укугу бар, бирок аскерий эч нерсе болбойт жана азыркыдай дипломатиялык статустан ажырайт.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул 2014-жылы транзиттик борбор чыгарылса, АКШ Кыргызстан менен аскерий алаканы гана токтотуп, калган багыттарда иштеше берет деген ойдо:

- Аскерий маселеден тышкары идеологиялык фактор да бар. Ошол эле Роберт Блейк “Кыргызстан Борбор Азияда демократиялык жактан жакшы мисал болууда” деп айтпадыбы. Ошон үчүн Кыргызстан АКШ үчүн актуалдуу бойдон кала берет деп ойлойм, анткени биз кошуналарга караганда башкача жол менен баратабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков АКШ базасынан кыргыз жак саясий, аскерий жана акчалай пайда таап келатканына көңүл бурат:

- Транзиттик борбор коопсуздук жагынан алганда эле үч катмарга жооп берип атат: мамлекетке, аймакка жана глобалдык коопсуздукка. Экинчиден, жылына биздин бюджетке 60-100 миллиондогон доллар төлөп, экономикалык кызыкчылыгыбызга да жооп берет. Бул экономикалык кыйын абалдагы биздин мамлекетке чоң салым. Иманалиевдин айтканына толук кошулам, база чыгарылса, эки өкмөттүн ортосунда мамиле токтойт, анткени базадан башка АКШ өкмөтү менен кыргыз өкмөтүн бириктирген эч нерсе жок.

АКШ транзиттик борборду калтырууга болушунча жан үрөп, акыркы чечимге чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. "Бирок саясий жана экономикалык кызыкчылыктарга карабай президент Атамбаев 2014-жылы транзиттик борборду биротоло чыгарары белгилүү болуп калды", - дейт саясат таануучу Марс Сариев. Сариевдин айтымында, АКШ менен Орусиянын геосаясий кызыкчылыктарынан улам азыр кыргыз бийлиги чайналып турган учуру:

- Кыргызстанга транзиттик борбор үчүн акча деле көп келип атат, бирок азыр биздин бийликтер чочулап жатышат. Анткени Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, АКШ Ооганстандан аскерлерин алып чыгып кеткенден кийин Орусиянын колдоосун алалбай калбайлы деп коркуп турушат. Атамбаев да Бакиевдин катасын кайталап албайын деп коркуп жатат. Азыр эки дөөнүн ортосунда кысылып турабыз.

Марс Сариев 2014-жылы транзиттик борбор чыгарылгандан кийин АКШ өкмөтү Кыргызстанга жардамын токтотуп, байланыш токтоп калат деген пикиге кошулат:

- Американын Кыргызстанга болгон кызыкчылыгы - бул аскерий база. Башка кызыкчылыгы жок. Экономикалык, маданий жактан алганда деле, АКШ 20 жыл мурун элчилик ачкан бизде, эч кандай жылыш жок. Буларга база керек. Ошон үчүн азыр акыбал курч.

"Манас" аба майданында АКШ базасы 2001-жылы ачылган. Ал эми транзиттик борбор тууралуу келишим эки өлкө ортосунда 2009-жылы 5 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Борбордун ижара акысы үчүн АКШ жылына 60 миллион доллар төлөйт.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк “Манас” аэропортунда жайгашкан жүк ташуучу транзиттик борборду кошпогондо 1992-жылдан тарта АКШ Кыргызстанга 1,3 миллиард доллар жардам иретинде бергенин, былтыр транзиттик борбор да өзүнчө 200 миллион доллар төлөгөнүн белгиледи. Эмки жылы Кыргызстан бул транзиттик борборду чыгарса, андан түшчү каражаттын ордун ким кантип толтурат? – бул суроого азырынча жооп жок.

Тагдырлаш, көйгөйү бир кошуналар

Кыргызстан менен Тажикстан энергетика тармагында кызматташа алат.

Кыргызстан менен Тажикстан дипломатиялык мамиле түзүлгөндүн 20 жылдыгын белгилеп жатат.

Кыргызстан менен Тажикстан 1993-жылы январда дипломатиялык мамиле түзгөн. Дипломатиялык мамиленин жыйырма жылдыгын белгилеп жаткан эки өлкө көп жагынан окшош. Эки мамлекет тең социалдык-экономикалык кыйынчылыктардан арыла албай келатат. Бул өлкөлөр мунай, газга жакыр, бирок гидроэнергетикалык ресурска, сууга бай.

Энергетикалык маселелерин чечүү үчүн ири гидроэнергетикалык долбоорлорду турмушка ашырууга умтулуп келишет. Маселен, Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСин, Тажикстан Рогун ГЭСин курууга аракеттенүүдө. Бул аракеттер Ташкендин каршылыгына туш болуп келатканы маалым. Транспорт, коопсуздук жагынан да Бишкек менен Дүйшөмбү окшош абалда.

Эки мамлекет тең ири саясий, опурталдуу окуяларды башынан өткөргөн. Мисалы, Тажикстан жарандык согуштан көп зыян тартса, Кыргызстан ыңкылаптардан туруктуулукка өтө албай келатат. Андай ыңкылапчыл көрүнүштөрдү тажик жетекчилиги кыртышы сүйбөгөнү да белгилүү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн соодасы өсүү жолунда. Мисалы, мурунку жылдары эки тараптуу сооданын көлөмү 20 млн. доллардын тегерегинде болсо, акыркы жылдары ал 40 млн. долларга жакындап баратат.

Жол, транспорт багытында кызматташууда Кыргызстандын ролу жогору дейт Тышкы иштер министрликтин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков:

- Азыркы мезгилде Дүйшөмбү-Хожент аркылуу Кыргызстанга жол салынып, Кыргызстандын Тажикстанды Орусия, Казакстан, Кытай менен байланыштыра турган коммуникациялык-транзит катары да мааниси өскөнү турат.

Бул функцияны Кыргызстан азыркы мезгилде да кайсы бир деңгээлде аткарып келатканы белгилүү.

Кыргызстандын Тажикстандагы мурунку элчиси Мирослав Ниязов Кыргызстан менен Тажикстан кызматташа турган чөйрөлөр тууралуу буларды билдирди:

- Бул эки өлкө Борбор Азияны 90% суу менен камсыз кылат. Ошондуктан эки өлкө гидроэнергетика тармагында келишимге келип, бир энерго алкак түзсө болот эле. Учурунда ошондой келишим Акаев жана Эмомали Рахмондун ортосунда болгон. Ошол энерго алкакты түзүп, биргелешип иштесек болот. Анткени Пакистан, Индия, Иран деген мамлекеттер электр энергиясына өтө муктаж.

Мургабда жашаган памирлик кыргыздар
Мургабда жашаган памирлик кыргыздар
Ниязов ошондой эле энергияны көп талап кылган аллюминий, жез, коло өндүрүү сыяктуу өнөр жайын өнүктүрүүдө да кызматташууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. Ал эми коопсуздук багытында кызматташуу эки тарапка тең пайдалуу дейт Ниязов:

- Бул өтө керектүү нерсе. Бул жөнүндө суроо да болбош керек. Эки өлкө жакын, көп жагынан окшош. Бул экөө биргелешип коопсуздук маселесин чечсе, абдан туура болот эле.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда айрым чечилбеген маселелер да бар. Маалым болгондой, эки өлкө чек араларын аныктап бүтө элек. Андан сырткары маданий байланыштар үзүлүп калды дейт журналист Мырзахалим Каримов:

- Мурдагы маданий-достук байланыштар алыстап кетти. Мисалы, илгери Тажикстандын Кыргызстандагы, Кыргызстандын Тажикстандагы маданият күндөрү өтчү. Ушул адабият, маданият майрамдары эки элди аябай жакындаштырып, бириктирип турчу эле. Бул нерселер жоголуп кетти.

Мырзахалим Каримовдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 50 миңдей тажик, Тажикстанда да ошончо санда кыргыздар жашайт. Бирок ал жактагы кыргыздар Кыргызстандан гезит-журнал албайт, телерадио дээрлик укпайт, көрбөйт. Жол, транспорт проблемасы алардын Кыргызстан байланышына да кыйынчылык туудурууда.

Депутаттар чек ара боюнча сунуштарын беришти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде чек ара чатагынан байланышсыз калган айылдарга гумжардам жеткирди.

Баткен облусунун Чарбак айылында болгон чек ара чатагынын себептерин жана кесепеттерин жабык талкуулаган Жогорку Кеңеш өкмөткө бир катар сунуштарын берүүдө.

Баткендин Чарбак айылында 5-7-январда болгон чек ара чатагын Жогорку Кеңеш 10 күндөн кийин, 17-январда жабык талкуулады.

Негизи депутаттар бул маселени 16-январда карай баштаган, бирок жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өзү да келсин деген талап менен кийинки күнгө жылдырышкан болчу. Ага ылайык, парламент жыйынына Жантөрө Сатыбалдиев баштаган тиешелүү өкмөт мүчөлөрү жана башка бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш 5-7-январдагы Чарбактагы чек ара окуясын иликтеген депутаттык жумушчу топтун сунуштаган токтом долбоорун негизинен кабыл алып, бирок алымча-кошумчалардан кийинки акыркы вариантын ишемби күнкү жыйында дагы талкуулашмай болду.

Сунуш көп

“Ата Журт” фракциясынын депутаты, чек ара чатагын иликтеген депутаттык жумушчу топтун мүчөсү Улукбек Кочкоровдун айтымында, парламент 17 пункттан турган токтом долбоорун иштеп чыккан. Анда өкмөткө чек арадагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча бир катар сунуштар бар.

- Жумушчу топ 17 пункттан турган токтомдун долбоорун сунуштадык. Депутаттардан да бир топ сунуштар түшүп жатат. Жалпылап айтканда, кандай иш-чаралар болот, чек ара чатактарын кантип чечебиз деген маселелер. Элди чек арадагы айылдарга кантип сактап калабыз, аларга кандай шарттарды түзүп беребиз, жолдорун кантип оңдойбуз деп, ушулар туурасында талкуулап жатабыз.

Айрым маалымат булактарынын жазышынча, маселен, токтом долбоорунда чек ара тилкелерин делимитация жана демаркация иштерин жүргүзгөн өкмөттүк комиссиялардын ишин тездетүү, чек араны курчоо иштерин чечүү, Айгүл-Таш-Согмент, Согмент-Чарбак-Таян-Кан, Таян-Сай-Айдаркен, Өтүкчү-Бөжөй-Сөгөтү-Бел, Капчыгай-Аксай-Тамдык-Кишемиш унаа жолдорун бүтүрүүнү тездетүү, ошондой эле токтомдо анклавдарга жана көбүрөөк чыр-чатактуу делген чек ара тилкелеринде чек ара тосотторун күчөтүү, ал жердеги чек арачылардын маяналарын жогорулатуу сунуштары бар. Ошондой эле “Мегаком” компаниясы менен биргеликте Баткен районунун Согмент, Дара, Газ жана Кыштут айылдарына уюкфон байланышын орнотуу сунушу камтылган.

Мындан тышкары да жалпы эле Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактардагы чек ара тилкелери боюнча бир катар сунуштар айтылган.
Маселен, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев парламентте төмөндөгүдөй сунуштарын берген.

- Кыргызстандын жарандары кыйналбасы үчүн биринчи кезекте жолдорду салып беришибиз керек. Бир айылдан экинчи айылга каттаган ички жолдорду да бүтүрүү зарыл. Ошол эле кезде чек арачылардын санын көбөйтүшүбүз да керек. Мисалы, мен алардын санын 500гө чейин көтөрүүнү сунуштадым. Эми биз илгерки заманда жашап жаткан жокпуз, айры-күрөктү алып, согушуп-чабышкыдай. Баарын сүйлөшүү жолу менен акырындап чечишибиз керек. Жөн эле кыйкырып-өкүрүп, 100 депутат чек арага барып алсак деле бул маселе азыр эле чечилип кетпейт.

Сабырдуулук - мезгил талабы

Бул жыйынга Баткен районунун окуя жүз берген Чарбак жана анын жанындагы Кыштут, Дара, Бөжөй айылдарынын тургундары да келип катышты. Сохтогу чек ара бекеттери 10 күндөн бери жабык турганынан улам байланышсыз калган Бөжөй айылынын тургуну Мамашарип Абдраимов буларга токтолду:

- Бөжөйгө байланыш такыр жок деп койсок да болот. Мамлекет тараптан эч кандай жардам жок. Бир гана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары тик учак менен барып, балдардын кийим-кечесин алып барып бериптир.

17-январда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков да билдирүү таратты. Анда чек ара боюнча маселе эми гана чечиле баштаганда айрым коомдук ишмерлер жана Жогорку Кеңеш депутаттарынын комментарийлери кырдаалды жөнгө салуу саясатына зыян келтирип жатат деп айтылат. Ал маселени чечүүдө чыдамдуулук жана сабырдуулук талап кылынаарын кошумчалаган.

Ал аралыкта кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетин Өзбекстан тарап жаап койгону маалымдалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов билдирди.

- Бүгүн эртең менен биздин жарандарды Өзбекстанга киргизбей жатат. Ошол эле кезде өздөрүнүн жарандарын Өзбекстандан Кыргызстанга киргизбей жатат. Бирок бизде калып калган өздөрүнүн жарандарын киргизип, биздин жарандарды да чыгуп кетүүгө тоскоолдук кылышкан жок. Ал эми “Достук” өтмөгү үчүнчү өлкөнүн жарандары үчүн ачык.

5-7-январда Баткендин Чарбак айылында чек ара чатагы орун алган. Андан бери эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыз жарандарына келтирилген материалдык чыгымдар төлөнүп жатат.

Блейк: Борбор боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк 17-январда Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешмеге катышкан соң Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Эрнест Оторбаев менен чогуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Роберт Блейк “Манастагы” жүк ташуучу борбордун тагдыры, Кыргызстан жана АКШ ортосундагы экономикалык байланыш жана этностор аралык мамилелер тууралуу сөз сүйлөдү.

“Мен кыргыз бийлигин 2010-жылы болгон июнь коогалаңынан кийинки кырдаалды жакшыртуу боюнча активдүү иштөөгө чакырам. Кыргызстандын улуттар аралык мамилелер боюнча компонентти Улуттук стратегияга кошкону өтө кубандырат”, - деди Блейк.

АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстан жана АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтык тууралуу да сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады.

“1992-жылдан тарта АКШ Кыргызстанга 1,3 миллиард доллар жардам иретинде берген. Бул “Манас” аэропортунда жайгашкан жүк ташуучу транзиттик борборду кошпогондогу сумма. Былтыркы жылдын эсебинен Америка Кыргызстанга жардам иретинде 40 миллиондой доллар берди. “Манасттагы” транзиттик борбор өзүнчө 200 миллион доллар төлөдү”, - деп баса белгиледи Блейк.

Кечээ Роберт Блейк Кыргызстандын президенти, премьер-министри жана вице-премьер-министри менен жолугушкан. Президент Алмазбек Атамбаев жолугушуу учурунда антитеррордук күчтөрдүн транзиттик борбору тууралуу келишим 2014-жылы аягына чыгарын дагы бир жолу эскертип, “макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң, «Манас» аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес”, - деп билдирген.

Бүгүн Роберт Блейк “Атамбаевдин “Манас” аэропортунда транспорттук түйүн түзүү сунушун түшүнүү менен кабыл алабыз” деп жарыялады.

“Учурда “Манаста” жайгашкан транзиттик борбордун тагдыры тууралуу сүйлөшүүлөр дагы деле уланууда. Бирок алдын ала божомолдорду же аягына чыга элек сүйлөшүүлөр тууралуу сөздөрдү айтуудан алысмын”.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы Роберт Блейк мырзага “АКШ Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн территориясынан “Манастагы” транзиттик борборго альтернатива издейби?” деген суроону узатты.

“Өткөн аптада президенттер Барак Обама жана Хамид Карзай жолугушту. Алар эки тараптуу коопсуздук боюнча макулдашууну талкуулашты. Ал макулдашуу боюнча Ооганстанда канча америкалык жоокер калаары такталууда. Макулдашууга кол коюлганда, Ооганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү объекттер боюнча суроого жооп берсе болот”, - деп жыйынтыктады Роберт Блейк.

Ушуну менен АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейктин Кыргызстандагы иш сапары аягына чыкты.

Кыргызстан Сохтогу чек арасын тосууга киришти

Чарбак чек ара тозотунун жанына тартылган тикен зым. Баткен, 16-январь, 2013.

Баткенде Өзбекстандын Хушяр айылы менен чектеш аймакка тикен зымдарды тартуу иштери башталды.

Азырынча такталган, эки тараптуу макулдашылган чек ара тосмолонсо, жакынкы күндөрү Ташкенден да чек араны аныктоочу комиссия келип, аймактагы чек ара тилкесин биротоло чечүү болжолдонуп жатат.

Чек араны тосуучу шаймандар даяр

5-7-январдагы Өзбекстандын Сох анклавы менен Баткендин Чарбак айылындагы жаңжалдан кийин чек арадагы абал күч кызматтарынын көзөмөлүндө. Анклавга кирип-чыгуу токтотулган, жолдор жабык бойдон. Жол жабыктыганан обочодо калган Баткендин Бөжөй айылына тик учак менен гуманитардык жардам жеткирилип жатат.

Аймакта өкмөттүн абалды иликтөөчү атайын комиссиясы жана мекемелер аралык жумушчу тобу да иштеп жатат. Чарбак айылында болсо жаңжал башталганы жеригиликтүү эл чек араны тактоо, тосуу маселесин кабыргасынан коюп келет.

16-январда атайын адситер Чарбак айылына келип, эки өлкө четешкен чек араны тикен зымдар менен тосмолоого киришти. Чек араны тактоочу комиссиянын мүчөсү, жерге укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын жетекчиси Абдиназар Эргешов азырынча жалпысынан 10 чакырым чек ара тосулаарын билдирди:

- Өзбекстандын Сох району менен Кыргызстандын Баткен районунун чектешкен чек арасы 136 км. Анын 100 чакырымы такталып, эки тараптуу макулдашылган. Такталган чек аранын ушул Чарбак айылынын жанын тосолу деп жатабыз. Бизге 10 чакырымды тикен зымдар менен тосконго шаймандар келген.

Чек араны минтип тосуу жаңжалдарды жаңылабас бекен деген да түкшүмөлдөр жок эмес. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратов мындан эч кандай пикир келишпестик болбойт деп эсептейт:

-Тендер өткөрүлүп, 10 чакырымды тосууга бардык керектүү буюмдар келген. Эгер керек болсо дагы тособуз, бул ишти өкмөт колдоп жатат. Бардык иш макулдашылган жерде жүрөт. Бизге кошуналардын бир см. жери да кереги жок. Биз да бир укум жерди аларга бербейбиз.

Чарбактыктардын үмүтү

Чарбактыктар болсо ушуну гана күтүп тургансыйт. Алардын баамында, чек араны тикен зым менен тосуу жаңжалдардын санын кыскартып, чек арадагы башаламандыкка чекит коймокчу.

Чарбактык Ашым Мырзабеков кошуналар менен катташпай калсак да жаңжал болбосо болду дейт:

- Жакшы болот да. Чек ара тосулса кечээкидей бастырып кирбей калышат. Чек ара так болгондон кийин талаш-тартыш болбойт. Минтип тоспосо дагы жаңжал болбойт деп ким кепил болот? Катташпасак жок, аймакка кирип-чыгуу тартиби орнойт да.

Чарбак айылында чек ара толук такталып бүтө элек. Андыктан азыркы чек араны тосуу толук эки айылды бөлүп калбайт.

Облус башчысынын орун басары Саитжан Эратов жакынкы күндөрү Өзбекстандан да чек араны аныктоочу комиссия келип, Хушяр айылынын айланасындагы чек ара маселесине биротоло чекит коюлат деген пикирде:

- Биз кошуналарга талап коюп, чек араны тактоочу комиссия келсин деп айттык. Бүгүн болбосо да эртеңден отуруп, чек ара маселесин тактайбыз.

Канткен менен аймактагы абал кыйчалышып, Сох анклавы жабык турган мезгилде көптөн бери жанданбай келген чек араны тактоо иштери кайра канчалык жанданаары азырынча беймаалым.

Бул арада өзбек тарап Чарбак жаңжалында зыян тарткан кыргыз жарандарына материалдык чыгымдарын төлөп бере баштады. Азырга чейин талкаланган 12 автоунаа үчүн 56 миң АКШ доллары төлөнүп берилди. Калган чыгымдарды тактоо иштери уланууда. Кыргыз тарап чыгымдар толук төлөнмөйүн Сох анклавына жол ачылбастыгын эскеркткен.

5-7 январдагы Сох-Чарбак жаңжалында Кыргызстандын 30 жараны барымтага алынып, бир күндөн кийин бошотулган. Барымтадан бошотулган отуз адамдын сегизи азыр облустук ооруканада дарыланууда.

Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтса, Кыргыз чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, чек арачылар эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарышканын билдирген.


Атамбаев: "Манаста" аскерий эч нерсе калбашы керек

"Манас" Транзиттик борбору, Бишкек, 7-июнь, 2012.

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк Бишкекте өлкө президенти жана өкмөт башчы менен жекеме-жеке сүйлөштү.

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк адегенде Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрүнүн чакан тобу менен жолугушту. Анда тараптар коомдук-саясий кырдаал, парламенттик башкаруунун өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө салымы, диндин, улут аралык мамилелердин таасири өндүү маселелер боюнча пикир алмашты. “Манас” транзиттик ташуу борбору тууралуу атайын сөз болгон жок. Роберт Блейк жарандык лидерлердин биринин борбордун ишмердигиндеги ачык-айкындыкка шектенүүлөр тууралуу суроосуна жооп берди.

Бул тууралуу жолугушуунун катышуучуларынын бири Дмитрий Кабак билдирди:

- Дал ошол ачык-айкындык жок деген шектенүүлөр АКШны олуттуу демилгелер менен чыгууга мажбурлады деди. Азыр бардык маалыматтар сайттарга чыгып атат деди. Ошол эле мезгилде ал борбордун башкы милдети – логистика, башкача айтканда, Ооганстандагы операцияларды тейлөө, АКШ биринчи кезекте ал жердеги коопсуздукту ойлойт, ал жердеги коопсуздук - бүтүндөй региондун коопсуздугу деди.

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамкатчысынын өкүлү Роберт Блейк менен учурашып жатат. Бишкек, 16-январь, 2013.
Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамкатчысынын өкүлү Роберт Блейк менен учурашып жатат. Бишкек, 16-январь, 2013.
Кыргызстандын бийлиги “Манас” аба майданынында аскерий эмес, жарандык жүк ташуучу борбор болушу керек деген турумду карманууда. Бул тууралуу акыркы жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев дагы бир ирет кайталады. Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, Атамбаев Блейкке “Макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң, «Манас» аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес”, - деп айтты.

Ошентсе да транзиттик борбордун кетиши же калышы Кыргызстандан эмес, атаандаш Орусия менен АКШнын соодалашуусунан көз каранды деген жоромолдор дале кала берүүдө. «Манас» эл аралык аба майданында жайгашкан транзиттик ташуулар борбору тууралуу Кыргызстан менен АКШ макулдашуусунун мөөнөтү 2014-жылы июнь айында аяктайт.

Роберт Блейк былтыркы апрель сапары маалында “Азаттыкка” берген интервьюсунда транзиттик ташуулар борбору АКШ-Кыргызстан кызматташтыгынын негизин түзбөйт, демократияга тоскоол болчу маңзаттарга, терроризмге каршы күрөш жаатында да кызматташып келатабыз деп билдирген эле:

- Келечекке караганда транзиттик база АКШ - Кыргызстан кызматташтыгында башкы орунда деп эсептелбейт. Мындан башка да биз кызыккан нерселер бар. Алар – демократиялык өзгөрүүлөр.

Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөр жана өлкөнү турукташтыруу жаатында буга чейинки жардамдары үчүн АКШга ыраазычылыгын премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамкатчынын өкүлү менен ушул күнкү жолугушууда билдирип, мындан аркы экономикалык кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов буларды айтты:

- Премьер-министр жардамдарды координациялоо маселесин да койду. Жардамдарды координацияласак натыйжасы мындан да бийигирээк болот эле деди. Ошондой эле өлкөгө инвестицияларды тартуу, анын климатын жакшыртуу маселелери талкууланды. КАСА-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча эки тараптуу жумуштарды күчөтүү, аймактагы наркотрафикке каршы туруштук берүү маселелери талкууланды.

Роберт Блейк жолугушууда учурда АКШ кабыл алып жаткан Борбор Азия мамлекеттерине колдоо көрсөтүү программасынын алкагында да экономикалык кызматташтык күчтөндүрүлөөрүнө ишеним артты.

Американын бийик даражалуу өкүлү менен бул күнкү жолугушууларга журналисттердин кеңири чөйрөсү чакырылган жок. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча эртең маалымат жыйыны уюштурулаары кабарланууда. Анын алдында Бишкекте эки тараптуу кызматташтык боюнча жылдык кеңешменин кезектеги отуруму болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG