Кызматтык мөөнөтү аяктап кетип жаткан АКШнын элчиси Памела Спратлен айым Кыргызстандагы демократияны колдоо көйгөйүнө камтама болду.
Швеция Батыш Европанын чоң өлкөлөрү арасынан мындай саясий кадамга барган алгачкысы болду.
Кыргызстан Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык аймакка кирсе, алды менен мигранттарга пайдалуу болору айтылып келе жатат.
Жаңы бириккен “Республика - Ата-Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев “Эки-бир” форматында “Азаттыктын” кабарчылары Бурулкан Турдубек кызы менен Айданбек Акмат уулунун суроолоруна жооп берди.
24-октябрда Париждеги эл аралык арбитраж латвиялык ишкер Валерий Белокондун пайдасына 16.5 млн. доллар төлөп берүүгө кыргыз өкмөтүн милдеттендиргени кечээ белгилүү болду. Ага чейин түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясы “Ак кеме” мейманканасы боюнча соттошууда кыргыз өкмөтүн утуп, “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын акцияларын камакка алууга жетишкен. Андан кийин Канаданын “Стэнс энержи корп” компаниясы сейрек кездешүүчү Куттуу-Сай кени боюнча кыргыз өкмөтүн Москвадагы арбитражга берип, 118 млн. долларга утуп алган. Мындай утулуулардын себеби эмнеде? Бул боюнча "Азаттыктын" таңкы түз обосундагы суроолоруна юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.
Президент башында турган улуттук кеңеш кезектеги жыйынга чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясын жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык маселесин талкуулады.
Кыргыз өкмөтү эл аралык арбитраждарда катары менен утулууда. Кезектеги сот чечими өткөн жума күнү чыкты.
Бүгүн, 26-октябрда Украинада улуттук парламент Жогорку Радага кезексиз шайлоо башталды. Шайлоога 29 партия ат салышууда, ага 600дөй эл аралык байкоочулар көз салып жатат. Добуш берүү Украинанын чыгышындагы москвачыл жикчилдердин ээлигиндеги 14 райондо болбойт. Улуттук парламент - Жогорку Радага шайлоо өлкө чыгышында украин армиясы менен орусиячыл жикчилдер ортосунда уруш жүрүп жатканына карабай өткөрүлүүдө. Шайлоо учурунда Донецк, Луганск облустарында милиция жана Украин аскерлери коопсуздукка көзөмөл кылышмакчы. Шайлоо алдында президент Петро Порошенко бирдиктүү Украинага добуш берүүгө үндөгөн.
Узап бараткан жумада соттолгондугуна карабай Жогорку Кеңеш Кубанычбек Турдубаевди энергетика жана өнөр жай министрлигине бекитсе, “Ата Журт” жана “Республика” партиялары бирикти.
Бүгүн Украинада шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. 26-октябрда улуттук парламент - Жогорку Радага кезексиз шайлоо болот.
Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин имараты башка жакка көчүрүлгөнү жатат. Өкмөт бошогон имаратка Жогорку Сотту жайгаштырууну пландоодо.
22-октябрь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди жана анын өнөктөштөрү Михаил Надел менен Евгений Гуревичти сыртынан соттоду.
Дагы жүктөңүз