Узап бараткан жумада Кыргызстанда башкы прокурор алмашып, Салянованын ордуна Жолдубаева сунушталды. Оппозициялык саясатчылар Кошмо Штаттарга сапар алышты.
Жогорку Кеңештеги КСДП жана “Республика” фракциялары баш прокурор кызматына Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды.
Кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү 23-январда АКШга жөнөп кетти. Алар АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Конгресстин өкүлдөрү менен жолугушуп, саясий маселелерди талкуулайбыз деп ачык билдиришүүдө. Бул сапарды уюштурган депутат Равшан Жээнбеков сапар алдында “Азаттыкка” маек курду.
Кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү бүгүн АКШга жөнөп кетти. Алардын бул сапары басма сөздө жана интернет коомчулугунда бир топ талкуу жаратты.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына бир эле учурда Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги эки кылмыш ишин козгоду.
Кылмыш иши козголгон депутаттар Нариман Түлеев менен Акматбек Келдибековдун ишке келбей айлык алып жатканы коомчулукта кызуу талкууланууда.
Жогорку Кеңеш Аида Салянованын кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды. Салянованын арызы талкууланып жаткан кезде аны колдогон 50дөй адам Ак үйдүн алдына акцияга чыкты.
Башкы прокурор Аида Салянованын отставкасы тууралуу кептер коомчулукта анын соңку убактагы ишмердиги боюнча кызуу талкуу жаратты.
Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кетүүгө арыз бергени тастыкталды. Бул маалыматка удаа УКМК Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго байланыштуу кылмыш ишин козгогону маалым болду.
Жогорку кызмат адамдарына жана алардын жакындарына мамлекеттик тендерлерге катышууга тыйуу салган мыйзам натыйжалуу иштебей жатканы айтылууда.
“Республика” фракциясы депутат Элмурат Обдуновду мандатынан ажыратуу сунушун киргизди. Жогорку Кеңештин комитети ал маселени шейшемби күнү кароону чечти.
Узап бараткан жумада өлкөдө саясий күрөш күч ала баштаганы байкалды. Өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөр жарыяланды.
Дагы жүктөңүз