Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:39

Саясат

Кубат Оторбаев: Санарип ТВ саясаты баш аламан жүрүүдө

Роза Отунбаева жана Кубат Оторбаев, 13-октябрь, 2011-жыл

Кыргызстандын санариптик бекер телекөрсөтүүлөрүнө Орусиянын телеканалдарын кошуу демилгесин жергиликтүү адистердин кыйласы колдобой жатышат. Алардын бири - "Шанкай" телерадио компаниясынын башкы директору, КТРКнын мурдагы жетекчиси Кубат Оторбаев.

Кубат Оторбаев: Өкмөттүн ичинде Маданият, маалымат жана туризм министрлиги санарипти киргизүү боюнча негизги ишти жүргүзүп жаткан министрликтердин бири болуп эсептелет. Менин оюмча, эң чоң түшүнбөстүк менен баш аламандык - ушул убакка чейин ошол социалдык деген пакетке телеканалдар кандай критерийлер менен тандалып алынаары иштелип чыккан жок. Ошол министрлик буга байланыштуу токтом токугандай болду, бирок ал дегеле так эмес.

Ошондон улам чет элдиктерди кошуу-кошпоо өңдүү ушундай маселелер чыгып атат. Менимче, критерийде тил, мамлекеттин коопсуздугу, контентти толтуруу, жергиликтүү рынокто иштөө шарттары, жарнактар боюнча маселелердин бардыгы комплекстүү каралышы керек болчу. Андай болбогон үчүн артынан кошо коймойлордун башы кылтыйып атат. Бул туура эмес.

“Азаттык”: Демек бул Орусия тараптын демилгеси эмес, контентти толтуруу, башка өксүктөрдү жабуу максатындагы жергиликтүү аракеттердин бир көрүнүшүбү?

Кубат Оборбаев: Орусия кызыкдар деп ойлойм. Орусиянын бул жерде бир нече телеканалы бар. Социалдык пакетке өткөндө эл ошол каналдарды көрбөй калат деп кооптонуп атышат. Бул туура эмес.

Экинчиден, эки ай мурда Кыргызстан чет элдиктерге бекер эле бир мультиплексти кармата берет деген дагы бир маалымат таратышкан. Кийин аны төгүнгө чыгаргандай болду. Бирок мунун баары чоң оюн болуп атканынан кабар берет.

Мультиплекс, социалдык пакет Кыргызстандын кен байлыктары, суусу, аба мейкиндиги сыяктуу эле эң чоң байлыгы. Ошондуктан буга этият мамиле керек. Таптакыр эле бекер беребиз деген туура эмес. Анткени биз анчалык бай мамлекет эмеспиз. Ошондуктан кайсы бир чоң оюндар жүрүп атабы же кимдир бирөөлөр бирөөлөрдүн колун толгоп жатабы – таң калычтуу.

Мен билгенден мындай тажрыйба бир да мамлекетте жок. Алар соцпакетке кириш үчүн бул жерде каттоодон өтүшү керек. Эмне үчүн менчик жана мамлекеттик каналдарга коюлуп аткан талаптар ошол эле чет элдиктерге коюлбайт?

“Азаттык”: Соцпакетке кирүү дымагы бар жергиликтүү каналдардын жагдайы кантип атат? Алар кандай шарттар менен кирип атат же кире албай калып атышат?

Кубат Оторбаев: Социалдык пакетке бюджеттен каржыланган телеканалдар кирет деп айтылган. Ага мен иштеп турганда ачылган “Маданият”, “Баластан”, “Музыка” каналдары, КТРКнын өзүнүн Биринчи каналы, Бешинчи канал, “Пирамида”, областтык каналдар, ЭлТР, ЭлТРдин “Ден соолук” каналы кирери белгиленген. Аларга “Мир” да кошулган. “Мир” - дээрлик Орусиянын каналы. Анда бир күндө кыргыз жыттанган үч мүнөттүк бир берүү кетсе кетет, кетпесе жок. Ушу деле Орусия үчүн жетиштүү.

Экинчиси - менчик 22 телеканал бар экен. Ошолор биригип эки мультиплекске ээ болушкан. Өкмөткө рахмат, чынында аларды менчик телеканалдарга бекер берди. Бирок ошол телеканалдар сигнал тарата турган жабдыктарды курабыз деп акча чогултушуп, кыйналып-кысталып жаткан убагы.

Мультиплекс, социалдык пакет Кыргызстандын кен байлыктары, суусу, аба мейкиндиги сыяктуу эле эң чоң байлыгы.

Мамлекетибиз, өкмөтүбүз ашып-ташып, чет элдиктерге мультиплекстерди бекер берип аткан болсо, ошол менчик каналдарга бекер болбосо да, жеңилдетилген кредит түрүндө деле беш-он жылга каражат бөлсө азыркыдай кыйналыш болбойт эле.

“Азаттык”: Маселенин дагы бир өңүтү - орусиялык телеканалдардын келиши маалымат коопсуздугуна шек келтирет деп чочулагандар да бар...

Кубат Оторбаев: Орусиянын каналдары бир мамлекетти жөн эле титиретип коюуга кудурети жетерин 2010-жылы көрбөдүкпү. Ошол ОРТ, РТР каналдары үч мүнөттүк, жыйырма мүнөттүк атайын репортаждарды бир нече жолу бергенден кийин түшпөс хан болуп отурган Бакиевдердин алапайы эки күндө кетти. Ошондуктан биз алды-артыбызды карап иш кылышыбыз керек.

Экинчиден, жакшы контенттин артында кандай саясат жүрүп атат? Ошону да ойлонуш керек. Кыргызстандын каналдары Орусиянын эле эмес, Американын, Батыштын, анын ичинде “Азаттыктын” материалдарынан кем эмес материалдарды бергенге кудурети жетет.

“Азаттык”: Эми даярдык маселеси. Белгиленген убактысында санариптик телеберүү ишке киреби?

Кубат Оторбаев: Мен санап өткөн соцпакеттеги каналдарды таратуу милдетин Кыргызтелеком менен Байланыш министрлиги мойнуна алган. Мен уккан акыркы кабарга караганда алар жыйырма жерге сигнал таратуучу станцияларды коюптур. Менчик каналдар деле, Кыргызтелеком деле жетишпей жатат.

Бул жерде Өзбекстан менен Казакстан 17-июнга даяр болуп, санариптик сигналдарды дароо кошсо, чек арадагы аналог телекөрсөтүүнү өчүрүүгө кыргыз тарап аргасыз болот. Бул Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас аймактарына тиешелүү. Ысык-Көл, Нарын облустарын болсо эки жылдан кийин өткөрсө деле эч нерсе болбойт. Бирок былтыртан бери тест түрүндө көрсөтүүлөрдү берип жатканына караганда даярбыз го деген ойдомун.

Апта: Үркүн, Кумтөр, Жерүй...

Үркүндө каза тапкандардын сөөгүн жерге берүү. 2006-жыл

Узап бараткан аптада Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча президенттин жардыгы чыкты. Канаданын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрүп, Кумтөр маселесин талкуулады.

Келерки жылы кыргыз эли өз тарыхындагы эң трагедиялуу мезгилди, Үркүн деген аталыш менен тарыхта калган каргашалуу окуянын 100 жылдыгын эскерет.

Падышалык Орусиянын импердик баскынчылык жана жазалоочулук саясатынан Чүй, Ысык-Көл жана Нарын региондорунун калкынын 40% кырылып, оң миңдеген адамдар Кытайга жан сактап качууга аргасыз болгон.

Бул каргашалуу окуялар 1917-жылдагы Октябрь ыңкылабынан кийин кыргыз жазуучулары тарабынан сүрөттөлүп жазылып, бирок тарыхый жана саясий баасын ала электиги маалым.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 27-майда чыккан жардыгында 1916-жылдагы кандуу окуяга тарыхый баа берүү каралган. Анда Үркүн учурунда кыргынга учураган адамдардын сөөгүн жерге берүү, Бишкекте жана сөөктөр коюлган жерлерге эстелик орнотуу, тарыхый баа берүү үчүн тарыхчы жана окумуштуулар кирген жумушчу топ түзүү каралган. Бул иштерге президенттин фондунан 10 млн. сом каралган.

Кыргыз коомчулугунда 1916-жылдагы кандуу окуяга тарыхый эле эмес, саясий да баа берилиши керек деген улутчул-мекенчил күчтөр бар. Алар өз демилгеси менен коомдук-саясий комиссия түзүп, Үркүнгө тарыхый гана эмес, саясий да баасын берүүнү чечишти.

Үркүндө өлгөндөрдү эскерүү тажыясы. 2-август, 2014-жыл
Үркүндө өлгөндөрдү эскерүү тажыясы. 2-август, 2014-жыл

Коомдук-саясий комиссиянын төрагалыгына Азимбек Бекназаров шайланды:

- Коомдук-саясий комиссиянын курамына негизинен ушул Үркүн маселесине күйүп жүргөн адамдар кирди. КДКнын, "Асабанын" мүчөлөрү жана азыркы жаш муун, улутчул күчтөр бар. Ошондой эле башка коомдук-саясий ишмерлер кирди.

Коомдук-саясий комиссия 11-августта Ысык-Көлдүн Барскоон айылында жалпы элдик курултай өткөрүп, ошол жерде өз корутундусун жарыялоону чечишти.

Азимбек Бекназаров 11-августтун тандалып алынышынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Ушул геноцид болгондон 15 жылдан кийин Кыргызстандын ошол кездеги өкмөт башчысы Жусуп Абдырахманов өкмөттүк жана Фрунзе шаардык деңгээлде иш-чара өткөргөн. Ал биринчи жана акыркы расмий иш-чара болуп калган. Сталин өлгөндөн кийин бул маселе такыр эле жабылган экен. Таң калычтуусу Сталиндин убагында Жусуп Абдырахманов, тарыхчы Белек Солтоноев жана башкалар, орустардын Гроссман аттуу жазуучусу изилдешкен. Бирок андан кийин токтоп калган. Ошондуктан биз жалпы улуттук курултайды 11-августта өткөрөлү деп чечтик.

Бекназаровдун айтымында, алар түзгөн комиссия 1916-жылы геноцид болуп-болбогонун да иликтөөгө алышат.

1916-жылдагы кандуу жана трагедиялуу окуяны геноцид деп атоого Орусия тарап кескин каршы. Алар буга жол бербеш үчүн тийиштүү чараларды да көрүп келатат.

Өлкөдөгү талдоочулар арасында 1916-жылкы трагедияны ички жана тышкы геосаясий күчтөр пайдаланып кетет деген чочулоо бар.

Маселен, “Дин, саясат жана жана укук” талдоо борборунун жетекчиси Кадыр Маликов 1916-жылга саясий баа берүүгө мезгил жете элек деп эсептейт. Анын пикиринде, саясий баа берүү геноцидди таанууга карай кадам. Ошондуктан азырынча тарыхый баа берүү менен чектелүү туура дейт Маликов:

- Акылмандуулуктун белгиси өткөнүңдү унутпай, бирок аны менен гана жашап калбай, ага баа берүүдө азыркы кездеги абалыңа, келечегиңе зыян келтибиргендей кадамга барууда турат. Ошондуктан мамлекеттин тарыхый баа берүү чечими туура кадам.

Кадыр Маликовдун пикиринде, 1916-жылдагы окуяны геноцид катары таануу аракети менен Орусиянын Кыргызстан жана Борбор Азиядагы таасирин азайтууга аракет жасалат. "Бирок биз бул маселенин саясатташуусуна жол бербешибиз керек", - дейт Маликов.

Кумтөр маселесин чечүүгө Канада элчиси киришти

Узап бараткан апта ичинде Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, ал башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов, вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушту.

Жолугушууларда күтүлгөндөй эле көңүл борборунда Кумтөр маселеси болгонун расмий маалыматтар тастыктады. Шон Стайл премьер-министр Темир Сариевдин сөзүн кайталап, Кумтөр боюнча талкуу жана талаш-тартыштар саясий мүнөздө болуп жатат деген пикирин айтып, кызыкдар тараптарды кендин иши менен жакындан тааныштырууну сунуштаган.

Темир Сариев да Кумтөр маселесинде саясат үстөмдүк кылып калганын, аны экономикалык маселе катары чечүү керектигин билдирген эле.

Канада элчисинин аракетин “Центерра Голд” коштоп, маалыматтык өнөктүгүнүн алкагында жыл башынан бери 3 млрд. сомго жакын салык жана башка төлөмдөрдү төлөгөнүн кабарлады.

Темир Сариев айткан Кумтөр маселесин экономикалык жол менен чечүүнүн сыры жана жолу эмнеде экени азырынча табышмак. Белгилүү болгондой, Кумтөр маселесин чечүүнүн эки жолу буга чейин сунушталып, аракеттер жасалган. Анын биринчиси боюнча, өкмөт Кумтөрдө 50-50% үлүш бөлүштүргөн биргелешкен ишкана түзүүгө багыт алынган. Андан сырткары “Центерранын” директорлор кеңешин алмаштыруу аракети жасалган. Булардын экөө тең кургуйга түшкөн менен, өкмөт азырынча алардан расмий түрдө баш тарта элек. Бирок жаңысын да сунуштай элек.

Ошондуктан Кумтөрдө мурда тапталган үчүнчү жол менен иш баратат. Өкмөттүн мына ушул үчүнчү жолду тандап алганын Суу кодексине киргизип жаткан өзгөртүүлөрү тастыктайт. Бул кодекске өзгөртүү киргизүү менен өкмөт мөңгүлүү тоолордо кен казууга уруксат берүүнү өз колуна алгысы келет. Азыркы кезде Кумтөрдө мөңгүнү жылдырып, анын астындагы алтынды алуу “Центерра” жана бийлик башындагылар үчүн маанилүү болуп жатат. Ошондуктан кодекске өзгөртүү киргизүүнүн артында кимдер турганы да маалым. Бирок мөңгүлөрдү жылдырууга жана талкалоого парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы кескин каршы чыкты.

Кумтөрдө мөңгү жылдан жылга эрип баратканы айтылууда. 2013-жыл
Кумтөрдө мөңгү жылдан жылга эрип баратканы айтылууда. 2013-жыл

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү мамлекет башчылары менен “Центерранын” жетекчилери ортосундагы жең ичинен чечилген коррупциялык чечим катары мүнөздөдү:

- Эч нерсе деп айта албайсыңар. Анткени "кожоюнуңар" силер үчүн чечип койгон. Анткени "кожоюнуңар" ала турганын алып койгон. Болбосо, силердин кожоюнуңар силерге минтип зордоп туруп, бул мыйзам долбоорун киргиздирмек эмес. Эми буга окшогон кылмыштын эскирүү мөөнөтү деген жок. Бул үчүн камаласыңар. Бул - чыккынчылык! Кезинде Бакиевдин абийири ушуга жол берген эмес! Анын колу ушуга барган эмес! Анан эми силер жасайлы деп жатасыңарбы? Бул мыйзам кабыл алынса, зыянбы же зыян эмеспи деген суроого жооп бере албай жатасыңар.

Кыргыз өкмөтү азыркы кезде “Центерранын” Кумтөрдө кен казуусунан пайда болгон экологиялык зыянга карата да өз позициясын билдире элек. Келтирилген зыян ондогон миллиард сом экени мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын ишинин жыйынтыгы менен айтылган. Бирок ал унутулуп, учурда мөңгүнү жылдыруу аракети дагы жасалууда.

Жерүй кезектеги жаңжалды жаратпайбы?

Бул арада Таласта Жерүй алтын кени боюнча да жаңжалдын учкуну тутанып, жергиликтүү калк жыйындарды белгилеп жатат. “Талас эл ынтымагы” кыймылынын лидери Серен Шейшенов кезектеги элдик жыйын 7-июнда Таласта өтөөрүн кабарлады. Анын айтымында, жергиликтүү калк Жерүй кенин иштетүүдөн чочулап жатат:

- Эл бийликке ишеним көрсөтпөй жатат. Кумтөрдүн таз кейпин көрүп, эл чочулап жатат. Экинчиден, экологиялык коопсуздук чочулатууда. Кургак концентрат болобу, зыянсыздандырылабы, акыры барып тоо жок болот. Жардыруулар жүрөт. Кургак концентраттар ошол жерде калат. Көп маселе жаралып жатат. Эл жайлоосунан, жайытынан, таза суудан айрылып атат. Кен жаткан жер суу башында.

Жерүй алтын кени
Жерүй алтын кени

Серен Шейшенов жыйынга Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт адамдары чакырылганын кошумчалады.

Жерүй боюнча конкурсту утуп алган “Восток геолдобычанын” өкүлдөрү жума башында Таласта жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүп, тил табышууга аракет жасады. Бирок андан дурус натыйжа чыкпаганын Шейшенов белгиледи.

Кыргызстандык эксперттер арасында да Жерүй боюнча бир жактуу пикир жок. Дүйшөнбек Зилалиев Жерүйдү иштетүү адилет чечилгенин билдирүүдө:

- Жерүй мыйзамдуу жана кыргыз мамлекети үчүн пайдалуу иштейт. Биз бул жерде башынан эле бюджетке 100 млн. доллар түшүрүп атабыз. Андан тышкары конкурсту мыйзам чегинде ачык-айкын өткөрдүк.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмеси болсо узап бараткан жумада Жерүй боюнча президент, өкмөт башчы жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, анда Жерүйдүн берилүү шарты Кумтөргө караганда да начардыгын билдиришкен. Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев:

- Жерүй менен Кумтөрдү салыштырып болбойт. Кумтөр татаал кен, казылышы кыйын. Ал эми Жерүй Кыргызстандагы эң жакшы кен. Бардыгы белен, чалгындалып бүткөн. Тоо-кен өнөр жайынан түшүнүгү жок адамдар ушундай иштерди жасап жатат. Бир топ катачылык кетти. Адеп баштаганда эле иштетүү шартын туура эмес түзүп коюшту. Экинчиден, комиссиянын курамында бир дагы тоо-кен адиси жок. Бул тармакты түшүнбөгөн адамдар болду. Ошондуктан ушундай абалга алып келишти.

“Восток геодобыча” бюджетке 10 млн. доллар которуп, дагы 90 млн. долларды келерки жумада которору күтүлүүдө. Кенди иштетүүгө жергиликтүү калктын каршылыктарына карабай, которула турган акчаны кандай иштетүү өкмөт жана парламентте талкуулана баштаганы айтылууда. Маалыматка караганда, өкмөт башчы ал акчага район борборлорунда жолдорду оңдоону сунуштаса, Жогорку Кеңеште башка дагы маселелер бар экенин айтышууда. Айрыкча шайлоо алдында кенден түшкөн акча менен упай топтоо бийлик башындагылар үчүн оңтойлуу болуп тургандай.

Журналистке кол салуу боюнча генералдарга айып тагылды

Сыргак Абдылдаев

Кыргызстандык журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши сотко өттү. Бул иш боюнча атайын кызматтын жана милициянын мурунку жооптуу кызматкерлери айыпталууда.

Аскер прокуратурасы бул иш боюнча мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев баштаган атайын кызматтын жана милициянын мурунку жооптуу кызматкерлерине айып такты. Абдылдаев 2009-жылы жазында бычакталып аман калган. Журналист өмүрүнө кол салууну Бакиевдер уюштурду деп айтып чыккан жана Швециядан баш калка алууга аргасыз болгон.

Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча айыпталгандар арасында генерал, полковниктер бар. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, иликтөөнүн жүрүшүндө Жаныш Бакиев кылмыштын уюштуруучусу, анын башында турган деп табылган. Ошол кезде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев мындан сырткары киши өлтүрүү, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, кызмат укугунан аша чабуу деген берене менен айыпталган. Ушундай эле айыптар ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурунку жетекчиси, милициянын полковниги Бакыт Парманкулов, ИИМдин башкы башкармалыгынын мурунку жетекчи орун басары, полковник Туратбай Үмөтовго жана атайын кызматтын өкүлү, майор Искендер Сооданбековго тагылды. Ал эми эки-генерал, тактап айтканда, УКМКнын мурунку жетекчисинин орун басары Турдубек Алмаматов менен ИИМдин башкы башкармалыгынын мурунку жетекчиси Расулберди Райымбердиев кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кылмышты жаап-жашыруу боюнча күнөөлөнүп жатат.

Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу. 2009-жыл
Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу. 2009-жыл

​Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Санжар Абжаловдун билдиришинче, аскердик прокуратура кылмыш ишти 26-майда сотко жөнөттү:

- Бул кылмыш иши Бишкек гарнизондук сотуна жөнөтүлдү. Иликтөөнүн жүрүшүндө, укук коргоо органдарынын мурунку алты жооптуу кызматкерине айып тагылды. Ушул тушта кылмыш иш соттун кароосунда турат.

Башкы прокуратура бул иштин алкагында айыпталгандардын камалып-камалбагандыгы тууралуу маалымат берген жок. Буга чейин Курманбек Бакиевдин администрациясынын мурунку башчысы Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча Расулберди Райымбердиев менен Бакыт Парманкулов камакка алынган. Райымбердиев кийин үй камагына чыгарылган. Айыпталгандар же алардын жактоочулары жана жакындары азырынча үн ката элек.

Сыргак Абдылдаев ошол кезде "Репортер-Бишкек" гезитинин серепчиси болуп иштеп жаткан. Гезиттин редактору Турат Акимов ал убакта басылманын айланасында опурталдуу кырдаал түзүлүп калганын айтып берди. Ага ылайык, гезит буйрутма киши өлтүрүүлөр тууралуу иликтөө макалаларды жарыялаган жана бийлик ачыкка чыгышын каалабаган жашыруун маалыматтар болгон:

- Биз Жусупжан Жээнбековдун баласы Бактияр Амиражанов жана депутат Руслан Шаботоевдин өлтүрүлүшү боюнча чоң иликтөө макалаларды жазганбыз. Мындан улам биздин гезит көп нерсени билип калган. Сыргак ушундай ыкчам маалыматты жакшы көрчү жана жакшы анализ жасачу. Биз өзүбүз деле кооптонуп турганбыз. Бийлик уюштурган ОБОН аялдар келип, биздин офисти талкалаганга аз калган. Мени издеп келишкен, мен офисте болбой калган үчүн кол салбай калышкан. Андан сырткары Чоң-Кеминдеги алтын кен тууралуу жазган штаттан тышкаркы кабарчыбызды сабап кетишкен. Ал туугандары келип калып аман калган. Ал да Швециядан башпаанек алып кетти.

Турат Акимовдун айтымында, Сыргак Абдылдаевге кол салуу менен Бакиевдин администрациясынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнүн байланышы бар.

- Ошол кезде Сыргак Абдылдаев Медет Садыркулов менен жакын болуп, чогуу бир долбоор баштаганы жаткан. Сыргакты 3-мартта бычакташты, Садыркуловду болсо 13-мартта өрттөп өлтүрүштү. Бизде ошол кезде буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча тымызын маалыматтар көп түшүп турчу. Биздин гезит жабылбаганда Садыркуловдун өлүмү тууралуу бизге биринчи маалымат келмек. Биз ушул темада көп жазып, көп нерсени билип калганбыз. Эми мындай нерсени, тымызын кол салууну уюштурууну бир-эки киши гана чечет. Он генерал топтолуп алып чогуу-чаран талкуулабайт да. Бул – мафиялык система. Ошол кылмыш иш козголуп, айып тагылгандар арасында бир-экөөнүн кылмышка түздөн түз тиешеси болушу мүмкүн. Кылмыш “каралардын” колу менен жасалган. Ал эми “караларга” ким буйрук берген? Бул башка маселе.

Сыргак Абдылдаевге 2009-жылы март айында белгисиз адамдар кол салып, 29 жолу бычак сайып, колу-бутун сындырып кеткен. Ушул окуядан кийин журналист өмүрүнө кол салууну Бакиевдер уюштурганын айтып Швециядан башпаанек алып кеткен.

Журналистке кол салууга буйрук берген деп мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин аты аталып жүрөт
Журналистке кол салууга буйрук берген деп мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин аты аталып жүрөт

Абдылдаевге кол салуу боюнча укук коргоо органдарынын мурунку жооптуу кызматкерлерине оор айыптардын тагылышы азыр күч органдары канчалык тазаланды деген суроо жаратты. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова атайын кызмат да, милиция да коркутуп-үркүтүү, кол салуу деген тажрыйбадан арыла электиги, болгону ыкмалар гана өзгөргөнүн айтууда:

- Күч органдары тазаланды же тазаланган жок деп бир беткей кесе айтуу кыйын жана минтип айткан да туура эмес. Себеби, ошол эле мамиле калып калды. Буларда жашыруун буйрук, жашыруун көрсөтмө деген болот. Азыр булар бирөөлөрдүн колу менен жасаган “балит” саясатка өтүп алышты. Мурун коркутуп-үркүтүү, кол салууларды өздөрү жасачу. Азыр болсо "Кырк чоро" өңдүү кыймылдар аркылуу кол салууларды уюштуруп, коркутуп-үркүтүүгө өттү. Ыкмасы гана өзгөрдү, бирок куугунтук өңдүү көрүнүштөр калды.

Абдылдаев азыр деле чет өлкөдө жашайт. Былтыр Кыргызстанга келип кеткен жана президент Алмазбек Атамбаев аны “Эрдик” медалы менен сыйлаган.

Бакиевдердин тушунда, 2009-жылдын этегинде дагы бир оппозициячыл журналист Геннадий Павлюк киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө байланыштуу эки мурунку чекист камакка алынган болчу.

Демократтык козголуш кантип туулду?(2-бөлүк)

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:38 0:00

Демократтык козголуш кантип туулду?(1-бөлүк)

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:42 0:00

Саясий дагы баа берүү керекпи?

Үркүн курмандыктарына арналган эстелик. Боом капчыгайы

Келерки жылы 1916-жылдагы Үркүнгө 100 жыл болот. Кыргыз элинин тарыхында эң эле алааматтуу окуяны эскерүү жана тарыхый баа берүү үчүн президенттин жардыгы чыкты. Өлкөдөгү улутчул жана мекенчил күчтөр 1916-жылдагы каргашалуу окуяга тарыхый эле эмес, саясий дагы баа берилиши керек деп, коомдук-саясий комиссия түзүштү.

Мамлекет Үркүнгө тарыхый баа берүүнү чечти

27-майда жарыяланган президенттин жардыгында 1916-жылдагы каргашалуу окуя тарыхый баасын ала элек деп аталып, бул кенемтени толтуруу үчүн атайын иш-чараларды өткөрүү тапшырылган. Иш-чаралардын алкагында 1916-жылы кыргынга учураган адамдардын сөөгүн жерге берүү, Бишкекте жана сөөк коюлган жерлерге эстелик орнотуу, тарыхый баа берүү үчүн тарыхчы жана окмуштуулар кирген жумушчу топ түзүү каралган. Бул иш-чараларды өткөрүү үчүн президенттин фондунан 10 млн. сом бөлүнөт.

Президенттин жардыгында 1916-жылдагы каргашанын себепкери катары падышалык Орусиянын колониалдык жана жерлерди басып алуу саясаты аталган.

Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөндө 1916-жылы кыргынга учурагандардын сөөгү коюлган. 02.8.2014.
Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөндө 1916-жылы кыргынга учурагандардын сөөгү коюлган. 02.8.2014.

Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Түркстан чөлкөмүнөн букараларды аскерге чакыруу жергиликтүү калк ичинде нааразылык жаратып, ал Кыргызстанда улуттук-боштондук кыймылы мүнөзүнө өтө баштаган. Мындай каршылыкты падышалык жазалоочу топтор катаалдык менен басып, Нарын, Чүй, Ысык-Көлдүн тургундары жөө-жалаңдап Кытайга качкан. Үркүн учурунда жергиликтүү калктын 40% кырылганы жардыкта тарыхчыларга шилтеме берүү менен белгиленген.

Президенттин жардыгында 1916-жылдагы кыргын Орусиянын прогрессивдүү күчтөрү тарабынан ошол кезде эле айыпталганы, 1917-жылдагы февраль, октябрь ыңкылаптары кыргыз калкынын абалын жакшы жагына өзгөрткөнү аталган.

Мамлекет тарабынан 1916-жылдагы окуяга тарыхый баа берүү максаттары менен катар республикадагы улутчул-мекенчил күчтөр ал каргашалуу окуяга өзүнчө баа берүүгө аракеттенүүдө.

Мамлекеттин башкача баа берүү аракети

Белгилүү болгондой, 1916-жылдагы кандуу окуялар кыргыз-орус мамилесинде өтө талылуу жана сезимтал маселе. Орус тарап ал окуяларга “геноцид” деген баа берилбеши үчүн алдын ала чараларды көрүп келатат. Кыргыз бийлигинде да геноцид деген баа берүү ниети жок.

"Бирок 1916-жылдагы окуя тарыхый эле эмес, саясий-тарыхый баасын алышы керек, анда геноцид болгонбу, болгон эмеспи, ал дагы иликтениши керек",- дейт улутчул-мекенчил күчтөр тарабынан түзүлгөн коомдук-саясий комиссиянын жетекчиси Азимбек Бекназаров:

- Тарыхый жана саясий жактан да маани берели деп жатабыз. Анткени бул ошол кездеги орус падышачылыгынын кыргыз улутуна карата саясатынын негизинде келип чыккан кыргын болгон деген пикирлер бизде көбүрөөк айтылды. Ошондуктан коомдук-саясий комиссия түзүү жана 11-августта тыянак чыгаруу чечими кабыл алынды.

11-августа Ысык-Көлдүн Барскоон айылында жалпы улуттук курултай чакырылып, мына ошол жерде коомдук-саясий комиссиянын баяндамасы угулат. Белгилей кете турган нерсе, улутчул жана мекенчил күчтөр Үркүндүн 90 жылдыгын да Барскоондо белгилеп, аш беришкен. Ашууларда калган сөөктөрдү топтоп, куран окуп, көмүшкөн.

Комиссиянын курамына кирген адамдар тууралуу Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

- Коомдук-саясий комиссиянын курамына негизинен ушул Үркүн маселесине күйүп жүргөн адамдар кирди. КДК, "Асаба" партиялары жана азыркы жаш муундан чыккан улутчул күчтөр бар. Ошондой эле башка коомдук-саясий ишмерлер киришти.

Коомдук-саясий комиссиянын мүчөлөрү Үркүн учурунда канча кишинин каза болгонун тактоо жана башка бир нече багытта иш алып барарын Азимбек Бекназаров кошумчалады.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев 1916-жылдагы окуяга тарыхый баа берүү менен чектелүү керек дейт:

- Менин оюмча тарыхый баа берүү керек. Анткени саясий баа саясий системага берилет. Саясий баа мамлекетке, анын саясатына берилет. Ал 1916-жылдагы мамлекет азыр жок.

Бөрүбашев 1917-жылы ыңкылаптан кийин бийликке келген Ленин баштаган ыңкылапчылар орус падышачылыгынын саясий мураскери болбогонун кошумчалады.

“Дин, саясат жана жана укук” талдоо борборунун жетекчиси Кадыр Маликов 1916-жылга саясий баа берүүгө мезгил келе элек деп эсептейт. Анын пикиринде, саясий баа берүү геноцидди таанууга карай кадам. Азыркы кырдаалды аны геосаясий жана ички саясий күчтөр пайдаланууга аракеттенет. Ошондуктан азырынча тарыхый баа берүү менен чектелүү туура дейт Маликов:

Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

- Акылмандуулуктун белгиси -өткөнүңдү унутпай, бирок аны менен гана жашап калбай, ага баа берүүдө азыркы кездеги абалыңа, келечегиңе зыян келтирбегендей кадамга баруу. Ошондуктан мамлекет тарабынан тарыхый баа берүү чечими туура кадам.

Кадыр Маликовдун пикиринде, 1916-жылдагы окуяны геноцид катары таануу аракети менен Орусиянын Кыргызстан жана Борбор Азиядагы таасирин азайтууга аракет жасалат. "Бирок биз бул маселенин саясатташуусуна жол бербешибиз керек", - дейт Маликов.

Шайлоо эрежесин өзгөртүүдөн ким утат?

Кыргызстанда быйыл парламенттик шайлоо октябрда же ноябрда өтөт

"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов парламенттик шайлоодо республикалык босогону көтөрүү, ал эми аймактык босогону төмөндөтүү сунушу менен чыкты.

Шайлоого жакын калганда босогону ары-бери жылдыруу кимге пайдалуу?

Парламентте “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча жаңы долбоор каралды. Анда шайлоодо жеңишке жетишүү босогосун көтөрүү сунушталган.

Парламенттик шайлоого төрт-беш ай калган мезгилде Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын лидери Феликс Кулов шайлоо мыйзамына жаңы өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Долбоордо жалпы республикалык босогону 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү, ал эми аймактык босогону 0.7 пайыздан 0.5 пайызга төмөндөтүү сунушталган. Аймактык босогону төмөндөтүү сунушун Феликс Кулов мындайча негиздеди:

Феликс Кулов
Феликс Кулов

- Аймактык босого формалдуулук болуп эсептелет. Анткени партиялар жалпы республика боюнча добуш алуу керек. Аймактык босого минималдык көрсөткүчтү камсыз кылуу үчүн эле керек. Мен эсептеп да бере алам, мыйзамдын эски варианты боюнча 0.7% пайызды камсыздоо үчүн Нарын облусунан 627 добушту камсыз кылуу керек эле. Ал эми 0.5% болгондо 448 добуш алуу керек. Бул жерде чоң айырмачылык жок. Босогону төмөндөтсөк, партиялар республикалык программалар менен иштей баштайт. Ал эми көтөрсөк, көпүрө куруп бер деген талаптар көбөйө баштайт. Жолду асфальттоо жана көпүрө салуу депутаттын иши эмес да.

Феликс Куловдун эсеби боюнча, 9% босогодон өтүү үчүн партиялар республика боюнча 153 миңдин тегерегинде добуш чогултуу керек.

Босоголорду көтөрүү жана төмөндөтүү аракети башкаруучу коалиция жана ири партиялардын кызыкчылыгында экени маалым. Алар өз кезегинде босогону көтөрүү менен келечектеги коалициянын, демек, өкмөттүн, бийликтин туруктуулугун камсыздоого шарт түзүлөт деген жүйөнү карманып келет. Башкаруучу коалициянын мына ушундай жүйө менен республикалык босогону 7% пайыздан 10% пайызга көтөрүү демилгеси буга чейин Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес. 10% көтөрүү өтпөй калгандан кийин Феликс Кулов 9% пайызды сунуштап чыкты. Депутат Өмүрбек Абдрахманов мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы чыгууда:

- Бул жерде партиялардын монополиясын орнотуу аракети жүрүп жатат. Бизде дайыма “Алга Кыргызстан” өтүп келген. Андан кийин “Ак жол” өтүп келген. Ошол эле Бакиевди кыргыз эли бир добуштан шайлаган. Демек, ким бийликте болсо, ошол өтөрүн сезип, ушундай нерселерди түрткүлөп атат. Биз демократияны жаңы баштап келаткан мамлекетпиз. Партиялардын ар түрдүү түсү болушу керек. Монополия болгон жерде саясат болобу, экономика болобу, эч качан өспөйт.

Өмүрбек Абдрахманов 7% босого сакталышы керектигин жактады. Депутаттардын көпчүлүгү босогону көтөрүүгө каршы болушту. Депутат Абдыжапар Бекматов да монополия жакшы натыйжага алып келбесин эскертти:

- Бул мыйзам кабыл алынса, партиялардын монополиясына алып барат. Биз буга чейин эгемендүү Кыргызстандын тарыхында саясий партиялардын монополиясы эмнеге алып келгенин көргөнбүз. Ошон үчүн мындай кадамдарга барбашыбыз керек. Тескерисинче, биз коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүн парламентке алып келишибиз керек. Парламент деген өзү элдин өкүлү.

Шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы да каршы. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, шайлоого жакын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Башкача айтканда, шайлоого аз убакыт калганда оюн эрежелери күтүүсүз өзгөрбөшү керек жана ал бардык тараптарга түшүнүктүү болушу зарыл.

Депутаттар бул долбоорду талкуулоодон кийин добуш берүүгө жөнөтүштү. Демек, долбоордун келечеги жакынкы күндөрү добуш берүү менен аныкталат. Мыйзам конституциялык болгондуктан, ал кабыл алынышы үчүн үч окуудан өткөрүлүшү керек.

Күзгү парламенттик шайлоонун датасы боюнча да Борбордук шайлоо комиссиясында, парламентте бир пикир жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абраимов парламенттик шайлоону 4-октябрга белгилөөнү сунуштаса, БШКнын бир катар мүчөлөрү ноябрда өткөрүү мыйзамга ылайык келерин белгилөөдө. Жогорку Кеңеште да бул маселе боюнча кайчы пикирлер айтылууда.

Кыргызстан Конституциясынын 64-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоону президент мыйзамдарга ылайык дайындайт. Демек, парламенттик шайлоонун датасы мамлекет башчысынын чечими менен аныкталат.

Кытай аскерий доктринанын "Ак китебин" жарыялады

Кытайдын аскерий кемелери. Чыгыш Кытай деңизи, 2012 -жыл.

Кытайдын Мамлекеттик кеңеши ушул шейшемби күнү жарыялаган жаңы документте Бээжин эми “ачык деңизди” коргой турганын да ачыктады. Аскерий саясаттагы бул өзгөрүү Кытайдын коңшулары анын Түштүк Кытай деңизиндеги аракеттеринен кооптонуп турган учурга туш келди.

Мамлекеттик “Синхуа” агенттиги аскерий стратегия боюнча "Ак китеп" деп атаган документ Кытайдын өкмөтү - Мамлекеттик кеңештин пресс- кызматы тарабынан жарыяланды.

“Синхуанын” ырастоосунда, өкмөт аскерий доктринага арналган "Ак китепти" алгачкы ирет жарыялап жатат жана анда Кытайдын “активдүү коргонууну” кармануу турумунун зарылдыгы белгиленип, коопсуздукту камсыздоодо тыгыз эл аралык кызматташтыкка чакырык жасалган.

Өкмөттүк агенттик белгилегендей, "Ак китеп" коопсуздукту камсыздоонун төрт маанилүү чөйрөсүн бөлүп көргөзөт. Алар: деңиз, космос, интернет жана өзөктүк куралдар.

Кытайга адистешкен талдоочулар жана Батыш маалымат агенттиктери жарыяланган аскерий доктринанын деңизге караштуу жоболоруна өзгөчө көңүл бурушууда.

Анткени Бээжиндин Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Азиядагы коңшулары менен Чыгыш Кытай жана Түштүк Кытай деңиздери боюнча чоң талашы бар.

Баш кеңсеси Токиодо жайгашкан The Diplomat журналынын Вашингтондогу редактору Шеннон Тиези (Shannon Tiezzi) Кытайдын аскерий стратегиясы боюнча "Ак китепте" айтылгандарды комментарийлеп, төмөнкүлөргө токтолду:

Шеннон Тиези
Шеннон Тиези

​- Бул документинде Кытай жээктеги сууларын, деңиздин жакын жагын гана коргобостон ачык деңизди коргоого да чыгарын айтууда. Салтка айлангандай, бул ишти Азия -Тынч океан аймагында Кошмо Штаттар аркалап келе жатат. Менимче, Кытай эми бул ролду биз аткара алабыз, биз жасай алабыз, соода жолдорун коргой алабыз, Кошмо Штаттардын эми зарылдыгы жок дегенди каңкуулап жатканы. Жогорудагы кадам Кытайдын Азия - Тынч океан чөлкөмүндө башкы аскер оюнчуга айлануу мүдөөсүн бекемдейт. Бирок алар аймактын калган бөлүгүн мындай өзгөрүүгө көндүрө алабы, бул абдан суроо жараткан маселе. Анткени Кытайдын коңшуларынын ич ара кызматташтыгы күчөгөнү азыр эле байкалууда. Маселен, Жапония менен Филиппин, Жапония менен Вьетнам, Индия менен Вьетнам. Айтор биз Кытайдын деңиз чөйрөсүндөгү аракеттеринен кооптонгон өнөктөштөрдүн ич ара жакындашуусун көрүп жатабыз. Эгер Кытай ачык деңиздин коргоочусу болгусу келсе, ал ойной турган бул ролду башка мамлекеттер да кабыл алышы керек. Азыр мен алар буга барууга дилгирлигин көрбөй турам.

"Ак китепте" айтылгандай, Кытайдын аскер-деңиз күчтөрү “жээк аймактарды гана коргоодон” эми акырындык менен коопсуздукту жээк райондордо жана ачык деңизде камсыздоого өтмөкчү.

Документте Кытайдын деңиздеги укуктары менен кызыкчылыктарына туулган коркунучтар эскертилип, “чагымчыл аракеттерге” барып жаткан коңшулары жана “өздөрүн Түштүк Кытай деңизинин маселелерине аралаштырып алган сырткы тараптар” сынга алынган. “Сырткы тараптар” дегенде Кошмо Штаттарды эске алып жатышы мүмкүн.

Маселен, 20-майда эле АКШнын байкоочу учагынын Түштүк Кытай деңизинде курулуш жүрүп жаткан талаштуу аралдын үстүнө келишин Бээжин сынга алган эле.

Америкалык дипломаттар Бээжиндин сынына алардын учагы эл аралык суулардын үстүнөн учууга укуктуу экенин айтып, жооп берген.

Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу Спратли аралы.
Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу Спратли аралы.

The Diplomat журналынын Кытайга адистешкен редактору Шеннон Тиезинин (Shannon Tiezzi) пикиринде, Түштүк-Кытай деңизи бир жагынан АКШ жана анын Азиядагы өнөктөштөрү, экинчи жагынан Кытай ортосундагы өтө талылуу маселе:

- Кытай “активдүү коргонууну” көздөй багыт аларын ачык айтканына карабай, коргонуунун принциптерин бекем сактай турганын да баса белгилөөдө. Муну менен алар алдын ала сокку уруу философиясына же ушул сыяктуу нерселерге барбай турганын айтып жатышат. Бул маселенин оң өңүтү. Терс өңүтү - Кытай Азия – Тынч океан аймагындагы аскерий ролун кеңейтүүнү көздөө менен катар Түштүк Кытай деңизиндеги ишмердигин басаңдатпаганы. Кытай АКШнын, Вьетнамдын, Филиппиндин Түштүк Кытай деңизиндеги курулушту токтотуу чакырыгын ачык эле жерип, тескерисинче курулушту кеңейтүүдө.

Кытай деңиздеги талаштуу аймакта аскерий доктринанын "Ак китеби" жарыяланган 26-май күнү да эки маяктын курулушун баштоо салтанатын өткөрдү.

Вашингтон Бээжин Түштүк-Кытай деңизинде мындай аракеттери менен эл аралык нормалар менен эрежелерди сактабай, коңшуларынын укугун бузуп жатат деп эсептейт. Мунай менен газдын ири кору бар деп болжолдонгон бул деңиздин кеминде 90% Бээжин өзүнүкү деп санайт.

Ошол эле учурда анын бөлүктөрүн Бруней, Малайзия, Филиппин, Вьетнам да өзүнүкү катары көрөт. Түштүк - Кытай деңизи аркылуу азыр дүйнөлүк сооданын 40% жүрүп, жылына беш триллион доллардык товар ташылат.

Конституцияга толуктоо-өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду

Баш мыйзам

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлери күздө болчу парламенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүп, Баш мыйзамга толуктоо киргизүүнү сунуштоодо.

Сунушталып жаткан жаңы Баш мыйзамда президенттин, өкмөт башчынын жана фракция лидерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган. Бирок мындай өзгөртүүлөргө көз караштар бир беткей эмес. Айрымдар муну бийликти узурпациялоо десе, кээ бири үй-бүлөлүк башкарууга алып баруу коркунучун белгилешүүдө.

Конституция бийликтин укугун көбөйтөт

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын лидерлери Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков жана Өмүрбек Текебаев сунуштаган. Мыйзам долбоор 2010-жылдагы референдумда камтылбай калган айрым тактоолорду киргизүү максатында иштелип чыкты деп түшүндүрүлүп жатат.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр президенттин, өкмөт башчынын жана фракция лидерлеринин бийлигин бекемдөөгө багытталган. Баш мыйзамды өзгөртүүгө негиз берген жагдайлар туурасында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буларга токтолду.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

- Беш жылдык парламенттин иштөө учурунда коомчулукта, өзгөчө Жогорку Кеңештин өзүндө, депутаттар арасында талкуулар болуп, мамлекеттик деңгээлде айрым иштердин аткарылбай калганы, премьер-министрдин күчү алсыз болуп, акимдерди башкара албаганы, иштен ала албаганы айтылып келген. Ошондуктан премьер-министрдин укугун күчөтүү керек деген маселе болуп келген. Өзгөртүү киргизүү демилгеси сот реформасынын аксап атканынан, нааразылыктын дале көп болушунан улам аларды кантип жакшыртабыз дегенден келип чыкты. Президентке байланыштуу эч нерсе деле жок. Бир гана нерсе Жогорку Соттун төрагасына талапкерди Жогорку Кеңешке президент көрсөтөт деген эле нерсе бар.

Ошентсе да бул өзгөртүүлөр мамлекет башчынын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат деген сындар коомчулукта айтыла баштады. Негизинен президенттин жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу Жогорку Соттун төрагасын жана орун басарларын дайындоодо көбөйөт. Эгер Баш мыйзам өзгөртүлсө, алар президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайланат. Мындан сырткары Коргоо кеңеши Коопсуздук кеңешине алмаштырылат. Бул жагынан да президенттин ыйгарым-укугу кеңейери айтылууда.

Cот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш бул өзгөрүүлөр бийликти узурпациялоого алып келерин айтып чыккан. Кеңештин өкүлү Рита Карасартова сунушталган демилге колдоо тапса, Конституциялык палатага кайрылып жаткан 87% карапайым эл ал мүмкүнчүлүктөн ажырап каларын белгилөөдө.

- Эгер кирип аткан өзгөртүүлөрдүн бири эл үчүн иштесе макул демекмин. Мисалы, сот системанын ичинен Конституциялык палатаны чыгарып салабыз деген демилге бар экен. Ал эксперттик гана палата болуп, "бул Баш мыйзамга ылайык, бул ылайык эмес" деп гана айтып калышат. Конституциялык палата ар кайсы бийлик бутактардын ортосундагы тең салмактуулукту кармап турган орган. Менин Конституциядагы укуктарым тебеленди деп кайрылгандардын 87 пайызын жөнөкөй жарандар түзөт экен. Эгер Конституциялык палата болбосо, анда жарандар конституциялык укуктарын кайсыл жерден коргошот?!

Конституцияны өзгөртүү боюнча акыркы референдум 2010-жылы өткөн.
Конституцияны өзгөртүү боюнча акыркы референдум 2010-жылы өткөн.

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү долбоору кабыл алынса, өкмөт башчынын ыйгарым-укуктары бекемделет. Премьер-министр кызматтан кетсе депутаттык ордуна кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Андан сырткары өкмөт башчы жергиликтүү кеңештин макулдугу жок эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик башчыларын кызматтан ала алат. Мындан сырткары фракция, партия лидерлеринин укугу кеңейет. Лидер фракциядан чыккан депутатты мандатынан ажырата алат. Бул жолку чыгарылыштагы Жогорку Кеңеште фракциядан чыгып, өзүнчө топ болуп иштеген көрүнүштөр арбын болгону маалым.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова башында турган “Күчтүү Кыргызстан” партиясы билдирүү таратып, өлкөнүн фундаменталдык негизин тартипке салып турган Баш мыйзам, саясий күчтөр ортосундагы күрөшүүдө куралга айланганын айткан. Ошондой эле Конституцияны ар бир келген бийлик өз ыңгайына жараша оңдоп-түзөтө берип, анын беделин түшүргөнү белгиленген.

Буга чейин айрым саясий партиялар Конституцияны өзгөртүүгө чакырып, Кыргызстанга президенттик-парламенттик башкаруу жарашарын айтып келишкен. Анткен менен айрым депутаттар бул өзгөрүүлөр үй-бүлөлүк башкарууга алып барышы ыктымалдыгын белгилешүүдө. Алардын бири “Ата Журт” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков ушул Баш мыйзам менен деле мыкты иштөөгө болот деп эсептейт.

Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

- Биз беш жылда өзүбүздү, парламент, 2010-жылдагы Конституция кандай иштегинин көрсөтпөдүкпү. Эмне себептен өзгөртүп жатышат мен билбей турам. Азыр ар кандай саясатчынын ар кандай ою болуп атат. Президенттик башкарууну алып келебиз, депутаттардын санын кыскартабыз, аткаруу бийлигин, соттордун шайлануусун башка механизм менен өткөрөбүз дегендер бар экен. Кайра эле үй-бүлөлүк башкаруу системасын түзүп койсок, Кыргызстандын эли демократиянын туу чокусун билип, көрүп калган калкыбыз андайга чыдабайт.

Кыргызстан эгемендикти алгандан бери Конституция сегиз жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. Акыркы жолу элдик референдум аркылуу 2010-жылы өзгөртүлүп, анда 2020-жылга чейин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө мораторий киргизилген.

Демократиянын алгачкы карлыгачы

Шайлоо: тизмени капчык чечеби же беделби?

Жогорку Кеңеш

Шайлоого аттанган ири партиялардын алдыңкы сабына кирүү үчүн ири өлчөмдө акча талап кылынууда. Бул тууралуу өзүнүн байкоолорун “Алтын Ордо” уюму жарыялады.

“Алтын Ордо” уюмунун маалыматында талапкердин партиялык тизмедеги ордуна жараша акчанын өлчөмү 100 миңден 500 миң АКШ долларына чейин деп көрсөтүлгөн. Бирок көпчүлүк партия өкүлдөрү тизмедеги орун үчүн акча сураган көрүнүш артта калганын белгилешип, бул ирет талапкердин добуш алуу мүмкүнчүлүгүн аныктоого өзгөчө маани берилгенин белгилешүүдө.

Акча аралаган шайлоонун арааны

Парламенттик шайлоого төрт айдан ашуун убакыт бар экенине карабастан, бир катар саясий партиялар катарларын толуктап, партиялык тизмелерин түзүүгө киришти. “Алтын Ордо” коомдук уюму айрым партиялардагы талапкерлерди тандоо жараянына байкоо жүргүзгөн. Айрыкча капчыктуу ишкерлер арасында чоң акча сунуштап, ири партиялардын тизмесине кирүү өнөкөтү байкалган.

“Алтын Ордо” коомдук уюмунун төрагасы Келдибек Жээнбеков учурда талапкердин жетиштүү добуш алып келүү кепилдиги саясий салмак менен эмес, “чөнтөктүн” өлчөмү менен аныкталып жатканына токтолду:

- Азыр аты аталып жаткан партиялардын бардыгында эле тизмеге кандай инсандар кирип жатканы белгилүү болуп калды. Мында эң эле башкы талап – талапкердин капчыгынын калыңдыгы. Бир дагы партия талапкердин элге кылган эмгегине, тазалыгына, көз карашынын жаңычылдыгына жана саясий тажрыйбасына көңүл бурган жок. Партиялардын алдыңкы тизмесине умтулгандардын бардыгы эле акчасы көп адамдар. Алар мына ошол акчаны каяктан жана кантип тапканы менен эч кимдин иши жок. Биздин тымызын сурамжылоо боюнча алдыңкы жыйырмалыкка же кээ бир күчтүү партиялардын отуздугуна кирүү үчүн 100 миңден 500 миң долларга чейин акча беришкен.

Учурда шайлоого аттанган партиялар талапкерлердин тизмесин толук түзүп, беките элек. Ошондуктан андагы катар орундар талапкерлердин саясий жана каржылык капиталына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн. Жүргүзүлгөн мониторингде партия тизмесинин алдыңкы катарына кирүү үчүн капчыктуулар сунуштаган акчанын өлчөмү роль ойногон конъюктура байкалган.

Ошол эле кезде КСДП фракциясынан депутат Мамытбай Салымбеков тизме саясий кеңеш менен партия лидери кандай айтса, ошондой түзүлө турганын белгиледи:

Мамытбай Салымбеков
Мамытбай Салымбеков

- Партиянын саясий кеңеши чечет. Саясий кеңеште анан партиянын лидери чечет. Партиянын катардагы мүчөлөрүнүн бардыгы чечпейт. Анан эми партиялык тизме түзүлүп, бүтүп курултайдын кароосуна коюлганда гана мына ошол мүчөлөр кайсы бир талапкерлер боюнча өз ойлорун айтып чыгышы ыктымал. Анан эми партиялар добуш алуу үчүн кээ бирлери акчалуу адамдарды киргизет, айрымдары бедел—баркы жогору инсандарды тартышат. Муну эми ар бир партия өзү чечет да.

Өтүмдүү талапкердин "өзгөчөлүгү"

Мыйзам боюнча партиялык тизме гендердик айырмачылыкты, жаш өзгөчөлүктү жана этникалык ар-түрдүүлүктү ичине камтууга тийиш. Тизмедеги бир жыныстагы талапкерлердин катышы 70 пайыздан ашпасын деген талап бар. Ошондо буга чейинки тажрыйба көргөзгөндөй ар бир төртүнчү позицияда аял-талапкер болот. Ошондо партиялар үчүн “өтүмдүү талапкер” - жашы 35ке чейинки аялзаты болсо, анда ал бир эле учурда тизмедеги эки квотаны толтурат. Эгерде ал башка улуттан болсо, анда этникалык квотанын дагы ордун басат. Жыйынтыгында тизмедеги калган орундар үнөмдөлөт. Анан дагы талапкердин капчыгы менен саясий салмагы айкалышып турууга тийиш.

“Бир бол” саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев талапкердин саясий капиталы же каржылык мүмкүнчүлүгү жогору болуш керек деген жүйөнү четке какпайт:

- Эң башкы эле шарт – мына ошол белгилүү бир өрөөндө же аймакта өзүнүн колдоочулары болгон талапкерлерди тарталы деп жатабыз. Анан эми каржы маселесине келсек, чынында бул шайлоо эң көп акча талап кылына турган шайлоо болот. Себеби шайлоо күрөөсү көтөрүлдү. Үгүт өнөктүгү мурдагыга караганда кымбатка түшөт. Бул жерде биз негизги каржылоону ишкердик менен алектенген партия мүчөлөрүнө артабыз. Анан мурдагыдай кылып, “мынчанчы орун мынча турат” деген принциптен кетели деп чечтик. Себеби биз аны менен жеңишти камсыздай албайбыз. Ошондуктан партиялаштар арасындагы тилектештик принциби менен жеңишти камсыздоого барабыз.

Добуш алууга жасалган “добулбас”

“Ата Мекен” социалисттик партиясы да шайлоонун чыгымдарын жабуу үчүн капчыктуулардын таасиринен баш тарта албайт. Анткени добуш алуудагы партиянын саясаты коомдук аң-сезимден көз каранды дешет. Ошондуктан кайсы гана партия болбосун капчыктуу талапкерди катарына алып калууга жан үрөп жаткан кез. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев саясаттагы каржы факторун мындайча мүнөздөдү:

Ташболот Балтабаев
Ташболот Балтабаев

- Эгерде кырдаал өзгөрүп, шайлоочулар “мен талапкердин чөнтөгүнө эмес, анын саясий ишмердигине, принципиалдуулугуна жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргогонуна карата добуш” берем десе, анда чынында эле акчанын мааниси жоголот. Бирок азыр кырдаал ага жете элек. Ошондуктан партиялар “тондорун тескери кийип алып” шайлоого барып, акчалай же башка бир материалдык нерсе менен адамдардын колдоосун сурап жүрүшөт. Анан мына ушундай абалда канткенде башка адамдар парламентке келиши мүмкүн? Анан эми тизме түзүүдө бизде жылыш болушу мүмкүн. Бирок биздин партия башкалардан айырмаланып, башкача болуп кетет дегенден алысмын. Анткени мына ушул коомдо жашап туруп, андан сыртка чыга албайсың.

Ошол эле кезде көпчүлүк шайлоого аттанган партиялар депутаттык мандатты жетиштүү добуш алган талапкерге ыйгаруу тартибин караган жобону бекиткен. Ага ылайык, талапкер тизмеде канчанчы болуп турбасын, партияга жетиштүү добуш албаса, депутат болуп келе албайт. Ал эми талапкер добушту акчанын күчү менен алабы же саясий салмагы аркылуубу, ал экинчи маселе.

Анткен менен “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Сюита Соурбаева тизмедеги талапкердин репутациясы да маанилүү экенин айтты:

- Эң башкысы тизмедеги талапкерлер партиянын атын булгабагыдай болуп, таза адамдар кириши керек деген принцип бар. Анан элеткораты бар, шайлоочулардын арасында кадыр-баркы бар, өз ишинин жыйынтыгын далилдей алган талапкерлерге басым жасалып жатат. Анан акчасы эле болсо, талапкер болот деген туура эмес. Биринчи кезекте ал талапкер канча добуш ала алат? Ал тизмеде биринчи турабы же жүзүнчү турабы, канча добуш алып келсе, ошого жараша добуш алат.

Ошондо депутаттыкка талапкердин идеалдуу образы - саясий салмак, таасын таасир, кайрымдуу капчык жана кынтыксыз бедел-барк катары жыйынтыкталат. Бирок турмушта мындай идеалдуулук сейрек кездешүүчү көрүнүш экени белгилүү.

Польша: Анджей Дуда президент болуп шайланды

Анджей Дуда. Варшава, 24-май 2015

Польша жаңы президенттүү болду. 24-майда болгон шайлоонун экинчи турунда, экзит-полдун жыйынтыгына караганда, Анджей Дуда 53% добуш алды.

Президент Бронислав Комаровскийди шайлоочулардын 47% колдоду.

63 жаштагы президент Бронислав Комаровский шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды. Ал 24-майда Варшавада жактоочулары алдында сүйлөп, демократия элдин эркин тааныганга катар аны сыйлоону да талап кыларын айтты жана атаандашын жеңиши менен куттуктады:

- Президенттик шайлоодогу атаандашым Анджей Дуда мырзаны куттуктайм. Аны натыйжасы менен куттуктайм жана ага ийгиликтүү президенттик иш каалайм. Себеби Польшага ийгилик каалайм.

Польшаны акыркы 8 жылда башкарган оңчул центристтик Граждандык платформанын өкүлү Комаровский 2010-жылы президент болуп шайланган эле.

Анджей Дуда шайлоонун биринчи айлампасында көпчүлүк добушту алган, бирок анысы жеңиш үчүн (50%+1 добуш) жеткен эмес. Дуданын жеңиши оппозициячыл Мыйзам жана адилеттик партиясынын соңку 10 жылга чукул мезгилдеги чоң жеңиши.

Оңчул центристтик Граждандык платформа өлкөнү башкарган акыркы сегиз жылда Польшанын экономикасы тез өнүгүп, маяналар да жогорулап жатты. Ага карабай, көпчүлүк поляктар социалдык теңсиздик өсүүдө, өз бизнеси барлар гана байууда деген пикирде. Ошон үчүн шайлоочулардын көбү Комаровскийди эмес, Дуданы колдошту дешет байкоочулар.

43 жаштагы Анджей Дуда өз тарапкерлери менен кездешүүдө жалпы шайлоочуларга жана атаандашына ыраазылыгын билдирди:

- Айымдар жана мырзалар, сиздерге чоң алкыш! Керемет чечим кабыл алганыңыздарга ырахмат. Президент Бронислав Комаровский мырзага шайлоо өнөктүгүндө атаандаш болгону үчүн, мени куттуктаганы үчүн ырахмат. Ырахмат!

Буга чейин саясат айдыңында анча белгисиз Анджей Дуданы көбүнесе айылдык шайлоочулар колдоду. Ал пенсия курагын азыркы 67 жаштан төмөндөтөм, жаш жана кирешеси аз үй-бүлөлөрдү колдойм, салыктарды кыскартам деп убада кылган. Дуда Польшанын Европа монетардык союзуна кошулуусун жактабайт жана чет элдик банктардын таасирин чектөө зарыл деп эсептейт. Азыр өлкөнүн банк секторунун үчтөн экиси чет элдиктердин колунда. Ал Венгриядагыдай банктардын мүлкүнө салык киргизүүгө ынтызар.

Бронислав Комаровскийдин союздашы, премьер-министр Ева Копач экзит-полдун жыйынтыгын уккандан кийин өкмөттөн кетерин билдирди.

Польшада өкмөттү премьер-министр жетектейт. Президент Куралдуу күчтөрдү башкарат, тышкы саясатты Тышкы иштер министри менен бирге координациялайт. Мыйзамдарга кол койот, мыйзам долбоорун сунуш кылуу укугуна ээ. Борбордук банктын төрагасын дайындайт.

Консерватордүү көз караштагы Анджей Дуда Краковдо окумуштуулардын үй-бүлөсүндө туулган. Польшанын эң эски Ягеллон университетинин юридикалык факультетин бүтүп, илим докторлугун жактаган. 2005-жылы Мыйзам жана адилеттик партиясынын парламенттик фракциясынын кеңешчиси катары өкмөттүк кызматтардагы мурдагы коммунисттердин өткөн иштерин териштирүү боюнча мыйзам долбоорун жазууга жардамдашкан. Кийин Юстиция министринин орун басары, анан 2010-жылы Орусияда авиакырсыкта ажал тапкан президент Лех Качинскийдин юридикалык кеңешчиси болгон. 2011-14-жылдары Сеймге депутат болгон. Былтыр Европарламентке депутат шайланган.

Кээ бир серепчилердин айтышынча, Качинскийдин бир тууганы жетектеген Мыйзамдуулук жана адилеттик партиясынын саясатта анча белгисиз Анджей Дуданы тандоосуна Ярослав Качинскийдин эл арасында популярдуу Бронислав Комаровский менен шайлоодо беттешкенге даабаганы себеп болгон.

Орусия: бейөкмөт уюмдарга буроо күчөдү

Орусиядагы “Мемориал” бейөкмөт уюму

Орусияда президент Путин бейөкмөт уюмдар боюнча жаңы мыйзамга кол койду. Эми өлкөдө “ылайыксыз” деп табылган чет өлкөлүк жана эл аралык бейөкмөт уюмдарды сот чечимисиз эле жаап салууга жол ачылат.

Бул документ да жарандык коомго урулган кезектеги сокку катары бааланууда.

Президент Путин 23-майда кол койгон мыйзам Орусиянын өзүндө азыр “ылайыксыз уюмдар” тууралуу деп аталып жатат. Документти ушул ай ичи өлкө парламентинин кош палатасы тең жактырган эле.

Жаңы мыйзамга боюнча Орусияда кайсыл бир чет элдик же эл аралык бейөкмөт уюм “ылайыксыз” деп табылса, ага өлкө аймагында өз бөлүмдөрүн түзүүгө, маалымат материалдарын таратууга, ага катар өзүнүн долбоорлорун ишке ашырууга тыюу салынат.

Чет өлкөлүк же эл аралык бейөкмөт уюмдун Орусиядагы ишмердиги “ылайыксыз” деген чечимди өлкөнүн Башкы прокурору же орун басары Тышкы иштер министрлиги менен кеңешип туруп эле чыгарып койо алат. Мындай уюмдардын "кара тизмесин" Юстиция министрлиги түзөт.

“Ылайыксыз” деп табылган бейөкмөт уюмдарда иштегендер ар кандай өлчөмдөгү айыппулдан тартып, алты жылга чейин эркинен ажыратуу аркылуу жазаланышы мүмкүн.

Талдоочулар Орусиянын жаңы мыйзамын бейөкмөт уюмдарга каршы чабуулдун уландысы катары сыпатташууда. Кремлдин сынчылары болсо бул ансыз деле басмырланып жаткан саясий оппозицияга каршы багытталганын белгилешет. Анткени, мыйзамдын жоболорун ар башка чечмелөөгө болот.

Мыйзам боюнча ишмердиги Орусиянын коргонуу кубатына, коопсуздугуна, коомдук тартибине жана коомдун саламаттыгына коркунучу туудурду деп саналган уюмдар “ылайыксыз” деп табылат.

Президент Путин өзү быйыл мартта ФСБнын кеңейтилген жыйынында сүйлөп жатып, четтен каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишмердиги боюнча төмөнкүлөргө токтолгон болчу:

- Сырттан буйрук алып, өзүнүн эмес, бөлөк өлкөнүн же өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандар менен талкууга түшүүнүн мааниси жок. Биз мындан ары да бейөкмөт уюмдардын чет өлкөдөн каржылануусуна көңүл бурабыз. Алардын уставындагы максаттарын практикалык иши менен салыштырып, текшеребиз. Кандай мыйзам болсо анын токтотуу зарыл.

Орусияда буга чейин 2012-жылы “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган эле. Ал күчкө киргенден кийин орус бийликтери ишмердигин саясатка байланыштуу деп санаган бейөкмөт уюмдар бир топ чектөөлөргө кабылышкан. Айрымдары жабылып, ишин токтотууга мажбур болушкан.

АКШ Орусиянын бейөкмөт уюмдар боюнча жаңы мыйзамына камтамачылык билдирди.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марие Харф документ жарандык коомдун ишин чектей турганына токтолуп, аны “Кремлдин көз карандысыз добушту басуусунун жана Орусиянын калкын дүйнөдөн изоляциялоосунун дагы бир мисалы”,- деп атады.

Эл аралык Мунапыс жана "Хьюман Райтс Уочт” уюмдары өткөн аптада биргелешкен билдирүүсүндө жаңы мыйзам жарандык коомдун жашоосуна кысымды дагы күчөтөрүн, ал чет өлкөлүк эмес, ириде жергиликтүү уюмдарга каршы багытталганын белгилешкен.

Орусиялык ардагер укук коргоочу Людмила Алексеева жаңы мыйзам буга чейинки “чет элдик агенттер” мыйзамына илинбей калгандарды “бычактын мизине саларын” айтат.

Жаңы мыйзамды үч күн мурда Орусиянын акыйкатчысы Эла Памфилова да сынга алып, ал тикелей же кыйыр түрдө орусиялык бейөкмөт уюмдардын бир катарын сокку алдында калтырарын эскерткен. ЕККУ уюму президент Путинди мыйзамга вето салууга чакырган болчу.

Апта: Ак үйдөгү “кара тешик”, ЕАЭБге кирүү чечилди

Узап бараткан жумада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча бардык чечимдерди кабыл алды. “Вечерний Бишкектин” кожоюнуна 400 млн. сомго жакын айып салынды.

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Эмгек” партиялары бирикти.

ЕЭАБге кирүү чечимдери кабыл алынды

21-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдерге кол койду. Андан бир күн мурун Жогорку Кеңеш ал келишимдерди ратификациялап берген эле. Эми Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения парламенттери ал келишимдерди ратификациялап, андан кийинки жол-жоболор аткарылган соң Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калат. Бул үчүн бир-эки ай талап кылынары айтылууда.

Кыргызстан биримдиктин толук кандуу мүчөсү болгондон кийин Казакстан менен чек ара ачылып, эмгек мигранттары жеңилдиктерди алмакчы.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен капиталдын, товардын, кызмат көрсөтүүнүн жана жарандардын кирип-чыгуусу эркин болорун белгиледи. Өкмөт башчы бул биримдикке кирүүнү жалпы эле колдоду дейт:

- Мына акыркы сурамжылоо көрсөткөндөй, элибиздин 80-90% ушул саясатты толук колдоп атат. Мындан башка өтө маани берип айтып кете турган сөз - президент, парламент, өкмөт бул маселеде бир муштум болуп, туруп берди.

Президент да, премьер-министр да Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине ыңгайлуу шартта киргенин белгилешти. Өкмөт башчы ыңгайлуулуктардын катарына биримдиктин бюджетине түшкөн жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1.9% Кыргызстанга чегерилишин, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун түзүлүшүн, кээ бир товарлар боюнча беш жылдык жеңилдетилген мөөнөт берилишин жана чек ара, бажы инфраструктуралары үчүн 200 млн. доллар Орусиядан грант алынышын атады.

Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстанга 170 млн. калкы бар базарды ачуу менен катар күчтүү атаандаштыкты да алып келет. Анткени Кыргызстан өнөр жай, айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармактары бир топ күчтүү жана өнүккөн Казакстан, Орусия жана Беларус жана Арменияга базарын ачат. Бул мамлекеттерде айыл чарбасын жана башка тармактарын мамлекеттик колдоо жана каржылоо күчтүү экени да маалым. Ошондуктан азыркы кезде Кыргызстандын канаттуулар, ун өндүрүш тармактары оор атаандаштыкка туш болору күтүлүүдө.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Казакстан ун өндүрүшү Кыргызстанда үстөмдүк кыларын белгилейт. Мурунку мезгилдерде Кыргызстан дыйкандарды жана жергиликтүү ун өндүргөн компанияларды коргоо үчүн буудай, унга бажы төлөмдөрүн көтөрүп турчу. Жаңы шартта андайга жол берилбейт.

Кыргызстандын тигүү тармагы да кыйынчылыктардан арылышы кыйын. Анткени алар тиккен буюмдарын Евразия экономикалык биримдигинин стандарттык жана техникалык талаптарына туура келерин тастыктаган документтерин камдоону үйрөнүш керек.

Ошондой эле сүт-азыктары үчүн да Казакстан чек арасы дароо ачылышы күтүлбөйт. Анткени Кыргызстан ветеринардык кызматы талапка жооп бербейт. Ошондуктан өкмөт ага аудит жүргүзүү тууралуу биримдиктин талабына каршы болду. Жумкадыр Акенеев бул маселе мезгили менен чечилет дейт:

- Биздин эмгек мигранттары жакшы укуктарга ээ болот. Андан тышкары товарлар өтө баштайт. Жеңил автоунаалар дагы кире берет экен. Товарлардын ичинен эт жана сүт азыктары үчүн маселе бар экен. Анткени лабораториялар толугу менен жабдылып бүтө элек. Эми ал бир айлык иш. Аны Казакстандан комиссия келип текшерет экен.

Эмгек мигранттарына Орусия жана Казакстанда жол ачылат жана жеңилдик түзүлөт деген менен Кыргызстандын өзүндө жумуш орундары түзүлбөй, республиканын калкын иш менен камсыздоо милдети Астана менен Москвага биротоло жүктөлгөн сыяктуу деген сөздөр айтылууда. Эмгек мигранттарына шарттын оңолуусу жакшы. Бирок эмгек миграциясы ата-эне менен баланын ажырашуу азабына, канчалаган үй-бүлө, жаш тагдырлардын трагедиясына алып келип жатканы да белгилүү.

"Вечерний Бишкектин" тагдыры жазылган сценарий боюнча чечилүүдө...

“Вечерний Бишкектин” айланасындагы окуялар алдын-ала жазылган сценарий менен баратканы байкалат. Ал сценарийге ылайык, адегенде “Вечерний Бишкекке” ээлик кылган “Рубикон” фирмасынын 50% акциясы Александр Рябушкинге сот аркылуу өткөрүлүп берилди. Андан кийин “Вечерканы” толук колго алуу үчүн “Рубикондун” кожоюну Александр Кимди финансылык кудуретсиздикке учуратып, 50% үлүшүн жана үй-мүлкүн сатууга мажбур кылыныш керек эле. Окуя мына ушул сценарийде баратканын 20-майдагы Биринчи Май райондук сотунун чечими тастыктады.

20-майда Биринчи Май райондук соту Александр Кимди Рябушкиндин пайдасына 388 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Рябушкин “Рубикон” фирмасынын 2005-жылдан берки ээси катары сот тарабынан аныкталгандан кийин, ал мына ошол жылдан берки пайдасын Александр Кимден өндүрүп берүүнү талап кылган. Райондук сот Рябушкин албай калган кирешени 388 млн. сом деп эсептеп чыгып, мына ошончо сумманы төлөп берүүгө Кимди милдеттендирди.

Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцовдун билдирүүсүнө караганда, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев 20-майда сот жараянын жашыруун өткөрүп, мыйзамдарды жана Конституцияны бузду. Ал Александр Ким жана анын жубайы Анна Власенкону сотко катыштырбай чечим чыгарып, алардын өз кызыкчылыгын коргоосуна, жүйөлөрүн келтирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок.

Адвокат Воронцовдун айтымында, алар Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрылат:

- Бул чечим күчүнө кире элек. Биз мыйзамды сыйлаган жарандар катары аны жокко чыгарууга арыз жазабыз. Биздин карамагыбызда 30 күн бар. Биз Башкы прокуратурага да кайрылып, судьялар Алмаз Калыбаев жана Эмил Аксамаевдин үстүнөн коррупция боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз.

Рябушкин болсо Александр Кимге соттон чакыруу кагазы барган деген ойдо. Ал Александр Ким коргонуу максатында "сот чакырбады" деген тактиканы тандап алган дейт.

“Вечерний Бишкек” гезитинин чыгармачыл жамааты жана жетекчилиги, Рябушкиндин пайдасына соттордун ырааттуу жана системалык чечимдеринин артында бийлик башчылары турат, гезитти рейдерлик жол менен басып алуу жүрүп жатат деп билдирүүдө. Бирок бийлик аны четке кагып келет.

Кыргызстан коомчулугунда да гезитти рейдерлик жол менен басып алуу жүрүүдө деген пикирлер арбын.

Президент Алмазбек Атамбаевдин саясий өнөгү, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик бийликти космостогу баарын жутуп, өзүнө тартып турган “кара тешик” менен салыштырып, “Вечерний Бишкекти” тартып алуунун артында президенттик бийлик турганын туюнтту.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков мындай окуялардын болушун президенттин колуна чексиз бийликтин топтолушу менен байланыштырды. Ал эми мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов “Вечерканын” айланасында болуп жаткан окуяны мыйзамсыздык катары баалады:

- Мыйзамсыз болуп атканы айдан-ачык болуп турат. Анткени 13 жыл мурун сатканы маалым. 13 жыл мурун болгон башка окуяларга келгенде эскирип кеткен деген жобо колдонулуп, “Вечеркага” келгенде эмнеге колдонулбай калат? Тартып алуу, рейдерлик болуп атканын элдин баары билип атпайбы.

Ошентип, “Вечерний Бишкек” жаңжалында системдик эмес оппозиция бийликти кескин сындап чыкты. Жогорку Кеңештеги оппозиция жана депутаттар болсо президенттин каарынан чочулап, “Вечерний Бишкектин” тагдырына көз жумуп турат. Жаңы саясий маданият жана принциптер жөнүндө көп сөз кылган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев гана бул жаңжалда президент эмес, “Вечерний Бишкектин” таламын көбүрөөк талашып, анын натыйжасында эки ортодо карама-каршылык оту тутанып баратат.

21-майда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Өмүрбек Текебаев президентке тап койду. Текебаев “Суу кодексине” жаңы өзгөртүүлөр бийлик тарабынан сунушталып, ал Кумтөрдөгү экологиялык апаатка көз жумууга алып келет деп кескин сынга алды.

Парламенттик шайлоо алдында Өмүрбек Текебаевдин абалды мындай курчутууга барышы, анын төө бастыга алынышына, күзгү шайлоодо жеңүүчүлөрдүн катарында болбой калышына алып келиши мүмкүн. Дал ушундай келечектен жана ыңкылаптык тилектештиктен улам бийликтин айрым аша чапкандарына чыдап келген Өмүрбек Текебаевдин чыдамына “Вечерний Бишкектин” айланасындагы окуялар, Кумтөр маселеси чекит койду окшойт.

Партиялардагы ажырашуу жана биригүүлөр

Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында саясий партиялардын биригүүсү жана ажырашуулары активдүү жүрүүдө. Бийликтин жандоочу партиясы катары саналган “Замандаш” партиясы узап бараткан жумада оор жоготууларга учурады. “Замандаштан” көп жылдан бери партиянын теңтөрагасы болуп келген Станислав Епифанцев баш болгон беш активдүү жана таасирлүү, орус тилдүү мүчөлөр кетти. Алардын кетүүсүнө партиянын ураанын жана позициясын алмаштыруу себеп болду. Белгилүү болгондой “Замандаш” мурда “Замандаш-Современник” деп аталып, интернационализм туусун көтөрүп келген. Бирок жыл башында интернационализм ураанын патриотизмге алмаштырып, анын натыйжасында орус тилдүү лидерлер партбилеттерин таштады. Алардын кетүүсү көчкү эффектисин жаратып, Рустам Маманов, Назарали Арипов, Арзыбек Бурканов сыяктуу “Замандашка” жакында эле баш баккан саясатчылардын да чыгып кетүүсүнө алып келди.

“Бирөө жоготсо, бирөө табат дегендей”, “Замандаштан” кеткендердин айрымдары Чүйдүн губернатору Канат Исаев жаңыдан түзүп жаткан “Кыргызстан” партиясына барса, башкалары “Өнүгүүгө” барды.

“Замандаш” мына ушундай жагымсыз окуяларды башынан кечирип жаткан мезгилде “Бүтүн Кыргызстан” жана “Эмгек” партиялары биригишкенин жарыялашты. Эки партия биригүү курултайын 21-майда Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрында өткөрдү. Бириккен партиялар “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” деп аталат. Жетекчилери Адахан Мадумаров жана Аскар Салымбеков.

Бул эки партия биригүү менен Жогорку Кеңешке келүүгө мүмкүнчүлүгүн көбөйтүштү. “Эмгек” партиясы “Дордой” базары аркылуу Бишкекте добуш алууга аракеттенсе, “Бүтүн Кыргызстан” түштүк региондордон ийгиликке жетүүгө умтулат. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоодо, 2011-жылы президенттик шайлоодо олуттуу добуш чогултууга жетишкен. Демек, "Бүтүн Кыргызстандын" айрым кенемтелерин “Эмгек” партиясы толтурса, "Эмгектикин" "Бүтүн Кыргызстан" толтурат.

Паспорт берүү тармагы талаштабы?

Кыргыз паспорту

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда кырк миңге чукул адам аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алганын жарыялады.

Алардын ичинен 227 факты боюнча иликтөө жүрүп жатканы белгилүү болду. “Ата Мекен” фракциясы муну Орусиядагы эмгек мигранттары "кара тизмеден" чыгуу үчүн жасаган аргасыз айла-амал экенин белгилеп, Ички иштер министрлиги аларды кылмышкер катары кош кабат куугунтуктоону токтотушу керектигин эскертти. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлиги паспорт берүүнү өзүнө алуу үчүн ал жарандардын өлкөгө кирип-чыгуусуна тоскоолдук жасап жатканын сынга алды.

Паспорт алмаштыруунун кайгысы

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 40 миңге чукул адам аты-жөнүн өзгөрткөн. Ички иштер органдары алардын арасынан жаңы паспорт берүүдө 227 жарандын пин-коду жана аты-жөнү мыйзамсыз алмашканын таап чыккан. Ички иштер министри Мелис Турганбаев аты-жөнү өзгөртүлгөн жарандардын тизмесин чек ара кызматына берип, алардын паспортторун кайра текшертүүнү буюрган.

Кыргыз паспорту
Кыргыз паспорту

Ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев мына ошондой паспорттор тартылып алынып, алардын ээлерине иш козголуп жатканын айтты:

- Мыйзамсыз паспорт берген 11 киши бүгүнкү күндө жоопко тартылып жатат. Бул бирок акыркысы эмес. Анан эми пин-коддорду өзгөртүп, паспорт алган жарандардын паспортторун кайра тартып алып жатабыз. Орусиядан жана Түркиядан депортация болуп келгендер мына ушул ишке барууда. Коррупциялык жол менен башка бирөөнүн фамилиясын алуу үчүн бир баланы төрт жолу үйлөндүрүшкөн. Ал жигит "колуктуларынын" бирин дагы тааныбайт экен. Ушуга окшогон фактылар чыгып жатат.

Чылпакты алам деп көзүн ойгондор

Ички иштер министрлигинин мындай кадамын “Ата Мекен” фракциясы сындап чыкты. Фракция мүчөлөрүнүн айтымында, Орусияда "кара тизмеге" түшүп калып, Кыргызстанга кайтып келип, атасынын же күйөөсүнүн фамилиясына өтүп, паспорт алган жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартып, куугунтуктоо аларды кош кабат эзүү менен барабар. Депутат Ташполот Балтабаев Орусиянын жетеги менен жарандардын укугун басмырлоодон алыс болууга чакырды:

- Чылпагын алгыла десе, көзүн кошо ойуп салып жатышат. Фактыга кайрыла кетейин. Чынтемирова Айпери деген кыз, Базарбаева деген атасынын атына фамилиясын өзгөрткөн экен. Анан аны Оштун аэропортунан милиция кармап алып, паспортун алып коюптур. Эми ушул кантип болсун? Ал жаран паспорту жок эч жакка жыла албай калдым деп даттанып жүрөт. Ал эмне кылмышкерби? Ага кылмышка шектүү деген негиз болбогон соң кармап, паспортун алганга кандай акыңар бар?

Мыйзам боюнча жаран аты-жөнүн өзгөртүүгө акысы бар. Бирок жаңы паспорт алууда анын мурдагы берилген пин-коду сакталууга тийиш. Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев паспорт берүүнүн тартиби боюнча маселе бар экенин айтып, бирок анын айрым бир жагдайлары ашкере көбүртүлүп жатканын айтты:

- Коргоо кеңешинде Социалдык фондго тапшырма берүү менен эки-үч жолу пин-код ыйгарууну токтотуу жана анын негизинде паспорт берүү тартибин жөнгө салуу жолун сунуштоо жагы каралган. Мына ошондон соң Ички иштер министрлиги 227 паспорт мыйзамсыз берилген деп чыкты. Бирок иш жүзүндө мына ушул күнгө чейин мыйзамсыз паспорт берүү фактысы боюнча бизден эки жыл мурун кызматтан алынган кызматкерибиздин иши гана сотко чейин жетти. Башка иш жок. Анан эми ошондуктан бул маселе көпчүлүк учурда саясий жагына айланып кетип жатат.

ИИМ паспорт тармагын эмнеге талашат?

2015-жылга карата Орусияда "кара тизмеге" илинген кыргызстандык жарандар 77 миң адамды түзгөн. Алардын көпчүлүгү андагы майда миграциялык эрежелерди бузуп алып же болбогон себептер менен тизмеге кирген. Анан эми Кыргызстандын ички иштер органдарынын Орусиянын федералдык миграция кызматына колдоо көрсөтүү аракети жарандардын кыжырдануусун жаратары белгиленди.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев мында Ички иштер министрлиги паспорт берүү тармагын ачык эле өзүнө кайра кайтарууга аракет жасап жатканын сынга алды:

- Ар бир мыйзамсыз берилген паспорт үчүн миң доллардан алганда 40 миң адамдыкы канча болот? Демек бул тармакты алуу керек деп ачык эле талашып жатат. Ички иштер министрлиги мына ушул жагдайды кантип оңдойбуз, канткенде жарандарыбызга жардам беребиз деген маселени көтөргөн жок. Булар ачык эле паспорт берүүнү өзүбүзгө алабыз дегенге өтүштү. Мындай нерсеңерди токтоткула. Аны парламент менен өкмөт чечет. Анан бербесе мына ошол паспорт алган адамдарды кармай баштасак, алар нааразы болот. Ошону менен паспорт берүү тармагын өзүбүзгө алабыз деген болбошу керек.

Буга чейин Ички иштер министрлиги жарандар аты-жөнүн өзгөртүп мыйзамсыз паспорт алуу үчүн 200 доллардан бир жарым миң долларга чейин пара сунушташарын жарыялаган. Мына ошондуктан паспорт берүү тармагын тартипке келтирүү үчүн аны Ички иштер министрлигинин курамына өткөрүү жагы сунушталган болчу.

Түлеевге дагы бир кылмыш иши козголду

Нариман Түлеев

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаты, учурда камакта отурган Нариман Түлеевге жаңы кылмыш иши ачылганын маалымдады.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, экс-мэр кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Бишкектин 6-кичирайонундагы 4,5 сотых жерди мыйзамсыз саткан.

- 2010-жылы мэрияда Нариман Түлеевдин жардамчысынын апасына жер үлүшүн мыйзамсыз сатуу боюнча чечим кабыл алынган. Жердин аянты 4,6 сотых. Аталган жер 6-кичирайондогу троллейбус аялдамасынын акыркы жер аянты болчу. Убагында ал жерге соода жана тейлөө борборун курууга уруксат берилген. Тергөөдө жер тилкесинин баасы 9 млн. сомго төмөндөтүлүп сатылганы аныкталды.

Сулайманов айтып жаткан жер жана андагы соода-тейлөө борбору Түлеевдер ээлик кылган “Экспо Строй” жоопкерчилиги чектелген ишканага таандык экени аныкталган. Коррупцияга каршы кызмат бул факт боюнча Нариман Түлеевден тышкары 2010-жылы мэрияда иштеген бир катар кызматкерлерге да иш козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Анткен менен экс-депутаттын бир тууган иниси Нарынбек Түлеев аталган жер мэриядан эмес, жеке колдордон сатылып алынганын айтууда. Анын ишендиришинче, ал жерге азыр башкалар ээлик кылат.

- Үч жылдан бери кайра-кайра текшере беришкенде ал жерди мурда эле сатып жибергенбиз. Бирок жерди жеке жактардан сатып алган болчубуз. Биз билгенден ишти жабышкан. Эми эмнесин таап чыкканын түшүнбөй жатабыз.

Нариман Түлеев 2012-жылдан бери камакта. Бишкек шаардык соту райсоттун чечимин колдоп, аны 11 жылга эркинен ажыраткан. Кийинки отурум 9-июнда Жогорку Сотто болот. Түлеевдин мурдагы кылмыш ишинде күнөөсү жок экенин айтып келаткан жактоочу Кубанычбек Ташбалтаев жаңы козголгон иш боюнча айыпталуучу тарап ага кайрыла электигин билдирди.

Түлеевдин саясий жолу биротоло буулдубу?

Түлеевге козголгон кылмыш иштерине коомчулукта ар кандай баа берилип келет. Саясат талдоочу Марс Сариев анын аброю аз болсо да, бийлик бул иш менен Түлеевдин саясаттагы жолун биротоло буушу мүмкүн деген ойдо.

- Түлеевдин саясаттагы салмагы анчалык деле чоң эмес. Бирок бийлик анын саясий фигурага айланышынан чочулайт. Балким бул кылмыш иши менен анын жолун биротоло буугусу келип жатышат. Бирок Түлеев Бишкек мэри катары жакшы иштеген жана аны саясий технологдор кайра жасап чыкса болот.

Марс Сариев Түлеевдин салмагы ал камакка алынганда эле билингенин, анын артында Келдибеков, Ташиевдерди колдогондой колдоочулары аз экенин кошумчалады.

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болуп иштеген. Ага Кытайдан автобус жана таштанды тазалоочу техника сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып тагылып, 2012-жылы камакка алынган. Былтыр декабрь айында Бишкек шаардык соту Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга кескен. Түлеев соттун мындай өкүмүн “саясий чечим" деп баалап келет.

“Ата Мекен” өкмөттүн сунушун четке какты

Жогорку Кеңеш

Өкмөттүн алтын кендерин ачык казып, мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берген ченемдерди Суу кодексине киргизүү демилгесин "Ата Мекен" фракциясы колдогон жок.

“Ата Мекен” фракциясы мындай өзгөртүүлөр “Центеррага” каршы Кумтөр боюнча экологиялык доолордон баш тартууга алып келет деген негизде бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Бул мыйзам долбоору боюнча “Ата Мекен” фракциясы өкмөт менен президенттин саясатына каршы экенин ачык жарыялады.

Суу кодексине сунушталган өзгөртүү

Бул өзгөртүүлөрдү ичине камтыган мыйзам долбоору менен өкмөт алтын кендерин ачык казууга жана мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берүү укугун өзүнө алууну көздөйт. Ошондой эле бул багытта Суу кодексине өзгөртүүлөр алтын казуучу компанияларды өндүрүштө иштетиле турган суу агындылары үчүн акы төлөөгө милдеттендирет. “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында бул боюнча баяндама жасаган айыл жана суу чарба министри Таалайбек Айдаралиев Суу кодексине бул өзгөртүүлөр экономикалык кызыкчылыктан улам киргизилип жатканын белгиледи:

- Буга чейинки жанагы тыюу салууну өкмөттүн карамагына берүүнү сунуштап жатабыз. Канчалык зыян келиши мүмкүн экенин өкмөт аныкташы керек. Анан кен казуучу компаниялар жер астынан казабы же ачык казабы өкмөт сунушташы керек. Экспертизалар өткөндөн кийин буга уруксатты өкмөт берүүгө тийиш. Өкмөт эми өзүнө же элге каршы токтом чыгармак беле. Ал кен казуучуларга тиешелүү сунушун айтат да.

Кумтөр кени. 2013-жыл
Кумтөр кени. 2013-жыл

Буга чейин Жогорку Кеңеш Суу кодексин иштеп чыгып, анда мөңгүнү бузууга жана кенди ачык шартта казууга тыюу салган ченемдерди киргизген. “Ата Мекен” фракциясы сунушталган өзгөртүүлөр мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча “Центеррага” коюлган экологиялык доодон баш тартууга алып келет деп шекшийт.

Мамлекеттик геология агенттигинин статс-катчысы Шеркул Султанов Суу кодексинин айрым талаптары алтын казуучу компаниялардын тоо-кен иштетүү планына каршы келип калып жатканын айтты:

- Былтыр да, быйыл дагы өкмөттүн атайын буйругу чыккан. Анан ошого карата “Центерранын” Кумтөрдөгү тоо-кен иштеринин планы бекитилген. Биздин агенттик эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын мунун экологиялык зыяны болбойт деген корутундусу чыкса, аны биз колдоп беребиз дегенбиз. Анан эми мөңгүнү алар талкалаган жери жок. Мында мөңгүнү башка жакка жылдыруу тууралуу сөз болуп жатат. Анан эми ошонун экологиялык зыяны болобу же болбойбу, аны биз айта албайбыз.

“Буга Бакиевдин абийири жол берген эмес...”

Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилсе, Кумтөр сыяктуу бийик тоо-кыркаларында жайгашкан кендердин айланасындагы 18 миллион метр кубдан ашуун көп жылдык муз катмарын ордунан жылдырууга уруксат берилет. Мыйзам долбоорун сунуштаган негиздемеде Кыргызстанда мына ошондой он алты жер тилкеси бар экени көрсөтүлгөн. “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев муну өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги менен “Центерранын” ортосундагы жең ичинен чечилген коррупциялык чечим катары мүнөздөдү:

- Эч нерсе деп айта албайсыңар. Анткени кожоюнуңар силер үчүн чечип койгон. Анткени кожоюнуңар ("Центеррадан") ала турганын алып койгон. Эгерде ала турганын алып койбосо, силердин кожоюнуңар силерге минтип зордоп туруп, бул мыйзам долбоорун алып киргиздирмек эмес. Эми буга окшогон кылмыштын эскирүү мөөнөтү деген жок. Бул үчүн камаласыңар. Артыңарда турган катталариңер менен кошулуп туруп. Бул деген чыккынчылык! Кезинде Бакиевдин абийири ушуга жол берген эмес! Анын колу ушуга барган эмес! Анан эми силер жасайлы деп жатасыңарбы? Бул мыйзам кабыл алынса, зыянбы же зыян эмеспи деген суроого жооп бере албай жатасыңар.

Мөңгүлөрдү талкалоонун планыбы?

Депутаттар мыйзам долбоордогу мөңгүлөрдү жылдырууну мыйзамдаштыруу чарасы андагы өндүрүштүк суу агындысына акы төлөтүү жагы менен жашырылганын таап чыгышты. Депутаттар бул багытта Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин ачык позициясын билүүгө кызыгышты. Агенттиктин жетекчи орун басары Рустам Абдыкалыков бул маселедеги жеке өзүнүн позициясын айтты:

- Албетте бул туура эмес. Ал мөңгүлөргө терс таасир этет. Экологдор 96-жылы эле бул боюнча дооматын айткан. 2014-жылдагы долбоордо мөңгүлөр жок болчу. Азыркы долбоордо мөңгүлөр алынат деген бар экен. Анан эми чыгымдалган суунун баасын дагы аныкташ керек. Мына ошол Кумтөрдөн мынча көлөмдөгү мөңгү кетти деген эсеп болушу керек. Ошол боюнча тарифтерди иштеп чыгуу зарыл.

Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев

​Ошол эле кезде өнөр-жай суулары үчүн төлөм киргизүү жана анын тарифин аныктоо маселесин фракция мүчөлөрү сындап чыгышты. “Атамекенчи” депутат Жоомарт Сапарбаев алтын казуучу компаниялар мөңгүнү талкалагандан кийин, андан кайсыл суунун акысын талап кыласыңар деген маселени көтөрдү:

- Силер иштетилген сууга тариф дейсиңер. Мөңгү талкаланса, суу жок болот. Тарифиңердин кереги жок болот. Анан каяктагы тариф. Бул көз боёмочулук. Ушул жагын ойлодуңарбы. Суу каяктан келет? Мөңгүдөн келип жатат да. Силер болсо, суроого түз жооп бербей эле тариф дейсиңер. Силер мына ошол беренеге өзгөртүү киргизүү менен уруксат берүүнү кыйтыр жол менен кыпчып жатпайсыңарбы. Бул иштин жоопкерчилиги чоң болот.

Өмүрбек Текебаевдин өлкөнүн жетекчилиги “Центерранын” ыңгайына жараша саясат алып барып жатат деп айыптаган билдирүүсүнө карата өкмөт менен Президенттин аппараты азырынча жооп берүүгө шашыла элек.

"Бүтүн Кыргызстан" менен "Эмгек" кол кармашты

Парламенттик шайлоого карата Кыргызстанда саясий партиялардын биригип, ирилешүү жараяны уланууда.

21-май күнү “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиялары курултайда расмий түрдө бириккенин жарыялады. Бул эки партиянын идеологиялык багыттарында чоң айырмачылыктар болсо дагы, депутаттык мандат алуу үчүн күчтөрүн бириктирип, шайлоого бир партиянын туусу астында бармай болушту.

Такташуудан кийинки “чакташуу”

Эки партиянын биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын лидерлери ортодогу бардык маселелер боюнча позициялар такталып бүткөнүн жарыялашты. Курултайда парламенттик шайлоого бирге барууга макулдашкан бул эки партиянын саясий кеңешин уюштурууда жана партиялык тизмесин түзүүдө мунаса табылганы жар салынды.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров эки партиянын идеологиялык айырмачылыктарын жакындаштырууда тил табышканын айтты:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

- Биздин партия менен “Эмгек” партиясынын көз карашы жана карманган баалуулуктары дал келди. Мына ошондуктан биз биригүүгө шерттештик. Ортодогу бир катар талкуу жараткан принциптер кайсылар? Биз айыл аймагынын башчыларын, акимдерди, окуу жайларынын ректорлорун шайлоого каршыбыз. Элибиздин курсагы тоюп, кийими бүтүн болмоюнча бул нерсени токтотуп турууну сунуш кылаар элек. Алакандай айыл алтыга бөлүнүп жатат. Окуу жайдын бир имаратында беш-алты штаб түзүлүп отурат. Ал окуу жай эмес эле, тирешүүнүн аренасына айланды.

“Биригүүгө багыттардын түрдүүлүгү тоскоол эмес”

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2010 - жылдан бери президенттик башкарууга кайтууга үндөп келет. Бул үчүн партия 1993-жылкы Баш мыйзамды негиз катары кабыл алууга чакырган. “Эмгек” партиясы өнөктөшүнүн бул талабына каршы эмес. Ошол эле кезде эки партия тең аймактык - административдик бирдиктерди ирилештирүүгө макул. Бирок эки партиянын идеологиялык багыттары эки башка. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы консервативдик мүнөздө болсо, “Эмгек” партиясы либерал-демократиялык багыттын жактоочусу. Бирок мындай чоң идеологиялык өзгөчөлүктөр эки партиянын биригишине тоскоолдук кылган жок.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков мындагы айырмачылыктарды айкалыштырууга аракет болгонун белгиледи:

Аскар Салымбеков
Аскар Салымбеков

- Биз өзүбүздүн идеологиялык багыттагы союздаштарыбызды издеп табууга көп аракет кылдык. Мына ошолордун арасынан “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен тил табышууга бара алдык. Бул багытта кайсы бир маселелер боюнча биз артка чегинсек, айрым бир маселелер боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясы биздин ынанымыбызга көндү. Анан позицияларды жакындаштырып отуруп, биз неоконсервативдик багытты карманууга бел байладык. Анткени мында консервативдик салттуу баалуулуктар менен бирге заманбап либерал-демократиялык баалуулуктардын бизге ылайыктуу жактарын алдык.

Партиялык курултайда биригүүнүн максаты - өлкөнүн биримдигин жана саясий туруктуулукту камсыздоо менен байланыштырылды. Бирок эксперттер арасында эки партия шайлоодо жеңишти камсыздоо үчүн гана күчтөрүн бириктирүүгө мажбур болгонун белгилешүүдө. Өлкөдө максатка жеткен соң, партиялар эки айрылыш жолго түшкөн учурлар аз эмес. Курултайга конок катары чакырылган коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев саясий жоопкерчилик маселесин көтөрдү:

- Мына ушул мезгилге чейин өлкөдө жоопкерчиликти ала турган эч ким болбой жатат. Өлкөдөгү абалга президент дагы, парламент дагы толук жооп бербейт. Кадрларды дайындап коюшат. Министрлерди тандашат. Болду. Анан бир нерсе болсо, өкмөттү кызматынан кетирет экен. Ошону менен иштин жыйынтыгы үчүн жооп бере турган институт калбай калды. Ушуга чейин өкмөт башчысын алмаштыргандан башка эч кандай жумуш болгон жок.

Жыйында жарыш сөзгө чыккандардын айрымдары нукура президенттик башкаруу формасына кайтуу маселесин көтөрүштү. Президент аткаруу бийлигинин башында турганда гана жоопкерчилик көтөрүлөт дешет алар. Бул партиянын Акыл Ордосунун өкүлү, мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиев өлкөнү туңгуюктан алып чыгуу үчүн саясий күчтөр жоопкерчиликти алууга милдеттүү деди:

- Азыр деле ушул учурда коррупция менен күрөшөбүз деп жатышат. Бирок анын катары суюлган жок. Уурдап-тоноо мурункудай эле ашып-ташып турат. Ортодо эл кыйналууда. Акыйкаттык болсо жок. Эки ыңкылаптан кийин тең элге адилеттүү сот системасын түзөбүз деп убада бергенбиз. Бирок андай болбоду. Ошону үчүн жаш партиялар демилгени колго алууга учур келди.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын курамында Түгөлбай Казаков, Керим Турапов, Роза Аманова ж.б. дагы бир топ маданият ишмерлери, Алтай Бөрүбаев, Аалыбек Акунов сыяктуу мурдагы ректорлор, Рашид Тагаев, Орзубек Назаров сыяктуу айрым мурдагы депутаттар бар.

Сот Кимдин моюнуна 388 млн. сом илди

"Вечерний Бишкек"

Биринчи Май райондук соту “Вечерний Бишкек” гезитинин кожоюну Александр Кимди Александр жана Галина Рябушкиндердин пайдасына 388 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Буга чейин соттор “Вечерний Бишкекке” ээлик кылган “Рубикон” компаниясынын 50% акциясын Рябушкиндерге өткөрүп берген эле. Гезиттин жамааты жана жетекчилиги муну рейдерлик катары баалап, Рябушкиндин жана соттордун артында президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар турат деп айыптоодо.

20-майда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев Александр Рябушкиндин талабын канааттандырып, “Рубикон”фирмасынан анын пайдасына 388 млн. сом төлөп берүү чечимин чыгарды. Бул доону камсыз кылуу үчүн сот Александр Кимдин жана “Рубикондун” мүлкүн камакка алды. Сот “Рубикон” фирмасынын ээлери Александр Ким жана Анна Власенкону катыштырбай эле маселени карап, чечимин чыгарып койгон.

Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев муну менен мыйзамга, Конституцияга каршы келген чечим чыгарды. Бул чечимди жокко чыгаруу үчүн алар Жогорку Сот инстанцияларына кайрылат:

- Бул чечим күчүнө кире элек. Биз мыйзамды сыйлаган жарандар катары аны жокко чыгарууга арыз жазабыз. Биздин карамагыбызда 30 күн бар. Биз Башкы прокуратурага да кайрылып, судьялар Алмаз Калыбаев жана Эмил Аксамаевдин үстүнөн коррупция боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз.

Сергей Воронцовдун айтымында, судья Алмаз Калыбаев 20-майдагы соттук жараянга “Рубикон” фирмасын жана Александр Кимди катыштырбай чечим чыгарып, алардын өз жүйөлөрүн келтирүү, кызыкчылыгын коргоо укугун одоно түрдө бузган.

Өз кезегинде Александр Рябушкин Ким жана “Рубикон” фирмасына соттон чакыруу болгон дейт:

- Албетте алар сотко чакырылган. Алар мени менен соттошууда “бизди сотко чакырбай жатат, кордоп-басынтып, кысым көрсөтүүдө” деген коргонуу ыкмасын тандап алышкан. Бул мени менен күрөштө алардын юристтери тандап алган кадимки жол.

Александр Рябушкин ошондой эле “Рубикондун” 50% акциясына анын ээлигин тааныган соттун чечими күчүнө киргенин, аны ишке ашыруу үчүн укуктук жана мыйзамдык жолдор менен аракеттенип жатканын кошумчалады.

Александр Рябушкин “Вечерний Бишкек” гезитине ээлик кылган “Рубикон” фирмасынын 50% акциясына 2000-жылга чейин ээлик кылган. Бирок ал өз үлүшүн ал кездеги президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге сатып жиберген. Тойгонбаев андан кийин жалпы “Вечерний Бишкекти” колуна алганы маалым.

Бирок 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин соттун чечими менен гезит толугу менен Александр Кимге өткөрүлүп берилген. Александр Кимге мүлкү кайтарылганда "менин сатып ийген үлүшүм да кайтарылды" деп эсептеп, Рябушкин 15 жылдан кийин сотко кайрылып отурат. Соттор толугу менен анын талабын канааттандырып келатат.

“Вечерний Бишкек” гезити соттордун чечимин мыйзамсыз жана рейдерлик катары баалап, анын артында президенттин жакын адамдары Икрамжан Илмиянов, Фарид Ниязов турат деп эсептейт. Бийлик өз кезегинде аны четке кагып келатат.

Кыргызстан коомчулугунда болсо “Вечерний Бишкек” рейдерлик менен басып алынууда деген пикирлер арбын. Маселен, 20-майда өткөрүлгөн “Вечерний Бишкек” боюнча коомдук угууда президенттин саясий өнөктөрүнүн бири, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин бийлигин баарын оп тартып бараткан космостогу “кара тешик” менен салыштырып, гезитти тартып алуунун артында президент тарап турганын туюнтту.

“Бир дүйнө” укук коргоо уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова “Вечерний Бишкекти” коррупциялык жана рейдерлик жол менен басып алуу жүрүп жатканын, ага жол берилбеши керектигин билдирди.

Өлкөнүн мурунку башкы прокурору Кубатбек Байболов гезиттин айланасындагы абалга мындай баасын берди:

- Мыйзамсыз болуп атканы айдан ачык болуп турат. Анткени 13 жыл мурун сатканы маалым. 13 жыл мурда болгон башка окуяларга келгенде эскирип кеткен деген жобо колдонулуп, “Вечеркага” келгенде эмнеге колдонулбай калат? Тартып алуу, рейдерлик болуп атканын элдин баары билип атпайбы.

Кубатбек Байболов өзү да Бакиевдин мезгилинде тарттырып жиберген мүлкүн ушул кезге чейин кайтара албай келатканын кошумчалады.

Эсенгул: партиялардан түңүлгөн маанай бар

Чынара Эсенгул

Парламенттик шайлоого камданып жаткан Кыргызстанда партиялар бири-бирине "куда түшүп", түрдүү процесстер жүрүүдө. Бул багытта "Азаттык" Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчи орун басары, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул менен маектешти.

"Азаттык": Парламенттик шайлоо жакындаган сайын партиялар өз ара бириге баштады. Муну айрымдар эптеп илешип, парламентке өтүп алуунун амалы катары баалап жатат. Сиз дүйнөдөгү, аймактагы демократия процесстерин илимий жактан изилдеген адис катары кандай деп ойлойсуз, мунун баары кадыресе көрүнүшпү же Кыргызстандагы партиялык курулуштун өзгөчөлүгүбү?

Эсенгул: Сурооңузга так жооп берейин. Партиялардын биригип жатканы өзүнүн шансын жогорулатуу үчүн жасалган амал-аракет. Бирок саясий партиялардын жалпы эле өнүгүү деңгээли тууралуу айта турган болсок, бул боюнча айрым теориялык аныктамалар бар. Биздин азыркы объективдүү реалдуулук – партиялар абдан начар өнүккөн. Саны көп, 200гө жакын, бирок сапаты төмөн. Бул, албетте, өлкөнүн саясий системасын алсыраткан жагдай.

"Азаттык": Мындай жагдайдын түзүлүшүнө эмне себеп?

Эсенгул: Жогоруда айткандай, объективдүү реалдуулук ушундай болууда. Негизги себеп жалпы саясий маданиятка байланыштуу. Эки тарап тең максималдуу пайда көрүүнү көздөөдө. Бир жагынан депутат болом деген талапкерлер беш жыл ичинде салган инвестициясын кайтарып алуу, пайда көрүү аракетин жасайт. Экинчи жагынан, шайлоочулар шайлоо сезону башталганда акча түрүндө болобу, жардам же кызматынан жогорулоо болобу, иши кылып, убактылуу пайда көрүүнү көздөп жатат.

"Азаттык": Бул канчага чейин созулушу мүмкүн?

Эсенгул: Биз демократияга өткөнүбүзгө аз эле болду, көз карандысыздык алганыбызга араң эле 20 жылдан ашты. Демократиялык жолго реалдуу түшүп, 2010-жылы парламенттик башкарууга өтөбүз деп аракет кылып жатабыз... Бул абдан аз убакыт. Азыркы Конституция боюнча жашай баштаганыбызга 5 жыл гана болду. Чоң тобокелдиктер бар.

Менимче, быйылкы шайлоодо эч нерсе өзгөрбөйт. Баягы эле эски партиялар, эски адамдар программа менен иштебей эле лидерине караган уюмдар болуп кала берет, бирок эң чоң тобокелчилик – элдин саясий системага болгон ишеничин жоготуп коюшубуз ыктымал. Мисалы, ушундай светтик системага ишенбей, тилекке каршы, диний радикалдуу уюмдардын кучагына түрткөндүк болуп калышы ыктымал.

"Азаттык": Азыркы парламенттин курамындагы фракцияларды алып карасак КСДПдан башкасынын дээрлик баары ич ара бөлүнүп кетти. Келерки шайлоону, ага даярдыкты, партиялардын биригип жатышын эске алганда, кийинки парламентте кандай окуялар өнүгүшү мүмкүн деген суроо жаралууда...

Эсенгул: Социалдык материя деген түшүнүк бар. Бул коомдогу маданият жана негизги нормалар. Бизде да түндүк-түштүк, трайбализм сыяктуу көрүнүштөр болуп жатат... Менин оюмча, алдыдагы 5-10 жылдын ичинде өтө чоң өзгөрүүлөр болбойт, бирок кийин, 2020-жылкы шайлоодо, балким, жаңыча ойлонгон, саясатка туура мамиле кылган партиялар пайда болсо гана, эл эффективдүү башкарууга алып келе турган байланышты көргөндө гана чыныгы өзгөрүүлөр боло алат. Азырынча андайды байкай элекмин. Бирок биздин Стратегиялык изилдөөлөр институту эл арасында сурамжылоо жүргүзгөндө адамдар түңүлө баштаганы байкалды. Азыркы саясий системага, партияларга, КСДПсы болобу, башкасы болобу, ишенбөөчүлүк маанай бар. Бул эң жаман индикатор.

"Азаттык": Демек азыркы жагдайды реалдуу объективдүүлүк деп кабылдаш керек, бирок ошол эле учурда тобокелчиликтер да бар деген пикирдесизби?

Эсенгул: Ооба. Бирок саясий теорияда элиталар, массалар деген аныктамалар бар. Дал ошол элита массанын маданиятын, бардыгын бир нукка салып кетиши керек. Ошондуктан ал элита деп аталат. Демек өзгөрүүлөр партиялардын өзүнөн башталышы керек. Алар чыныгы жоопкерчилик, отчеттуулук, өлкөнүн өнүгүү жолдорун факт түрүндө көрсөтүшү керек. Азыркы партиялардын программалары номиналдуу гана болуп калууда. Ошол эң жаман жагы.

Келдибеков акталганы калдыбы?

Акматбек Келдибеков зот залында, 2014-жыл

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун сотунда күбөлөр көрсөтмө берип жатат.

Анын коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров 19-майдагы процессте мурунку башкы прокурор Аида Салянованы сотко чакыруу тууралуу өтүнүч келтирди. Күбөлөрдүн дээрлик баары Келдибековду жактап, айрымдары баштапкы көрсөтмөсүн анын пайдасын өзгөртүп жаткандыктан экс-спикер акталышы ыктымал деген сөздөр айтыла баштады.

Акматбек Келдибековдун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров сотко мурунку башкы прокурор Аида Саляновадан сырткары өкмөттүн жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлдөрүн да чакыруу тууралуу өтүнүч келтирди. Бекназаровдун айтымында, Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу парламенттин токтому боюнча алар да көрсөтмө бериши керек:

- Эгер ошол өкүлчүлүк мыйзамсыз ачылса, аны каржылоо үчүн өкмөт акча таап жатканда силер эмнеге каршы болгон жоксуңар, ал эми президенттин өкүлү эгер ошол токтом элге каршы болсо, анда эмнеге тыйган жоксуңар деп сурайбыз.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаровдун ырасташынча, Келдибековдун спикерликке байланышкан кылмыш иши боюнча Жогорку Кеңештин ондой депутаты сотто көрсөтмө берди жана дээрлик баары парламенттин мурунку төрагасын жактап сүйлөдү:

- Келдибековду күнөөлүү деген бир да адам, бир да далил болбой жатат. Баары эле келип "иштин саясий өңүтү болгон, кылмыш иш козгоого негиз жок болчу" деп айтып кетип жатышат. Жогорку Кеңештин токтому үчүн парламенттин спикери жооп бербейт да. Эгер ал кыянатчыл токтом болсо, анда ага макул болгон депутаттардын баары жооп берет.

Башкы прокуратура Келдибеков спикер кезинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, өкүлчүлүк мыйзамсыз ачылган жана ага он миллион сом акча бөлүнүп, өлкө казынасына зыян келген деген айып таккан.

Келдибековго мындан сырткары дагы эки кылмыш иш козголгон. Биринчиси Социалдык фонддун төрагасы, ал эми экинчиси Салык кызматын жетектеп турган маалга туура келет. Мамлекеттик айыптоочулар Келдибеков Салык кызматынын башында турганда бир миллион сомдон ашык салык өлкө казынасына түшпөй калган деген доо койгон.

Миллиондор кымырылганбы?

Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго эң оор - коррупция боюнча айыпты Социалдык фонддогу ишине байланыштуу койгон эле. Ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова Келдибеков “Ротак-Бишкек” деген ишкана түзүп алып, ошол аркылуу коррупциялык айла-амал менен милллиондогон сом акчаны кымырып алган деп айтып чыккан:

- Келдибеков боюнча прокуратура кызматкерлери өз милдетин так аткарды. Кандай гана тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабай, кылмыш ишин тергеп бүтүп сотко жеткирди.

Буга чейин Келдибековдун жактоочулары Социалдык фондго байланыштуу кылмыш иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч келтиришкен эле. Азыр бул өтүнүч боюнча чечим кабыл алына элек.

Келдибековдун жактоочулары, 17-июнь, 2014-жыл
Келдибековдун жактоочулары, 17-июнь, 2014-жыл

Сотто күбөлөрдүн дээрлик баары Келдибековду жактап, айрымдары баштапкы көрсөтмөсүн анын пайдасын өзгөртүп жаткандыктан экс-спикер акталышы ыктымал деген сөздөр айтыла баштады.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, юрист Мукар Чолпонбаев кылмыш иштердин козголушунун саясий өңүтү бар деген пикирде:

- Келдибековго коюлган кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айыпты далилдеш кыйын. Бул иштин саясий өңүтү болгондуктан башында эле токтотушса болмок. Аягы ушинтип бүтөрү башында эле белгилүү болгон да. Саясий өңүтү болгонун эми жашыруун деле эмес. Бизде эми бирөө бийликке карата туура эмес сүйлөп койсо баса калмай көрүнүшү бар. Мына, Карганбек Самаковду төрт жылдан бери камабай, бир жолу оппозицияга тамак берип койсо эле камап коюшпадыбы. Эмнеге бир күн мурда, же эмнеге ошондон эки күндөн кийин камабайт?

Келдибековдун кийинки сот процесси 26-майда болот. Ал 2013-жылы күзүндө камакка алынган болчу. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу сот үй камагына чыгарган жана чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген. Кыргызстанга Аида Салянова баш прокурорлук кызматтан кеткенден кийин кайтып келген жана сот аны үй камагына калтыруу тууралуу чечимин күчүндө калтырган.

Бул жагдай Келдибеков бийлик менен тымызын саясий соодалашууга барды, мындан улам аны актоо аракети башталды деген сөздөргө жем таштаган.

Акматов: БШК акчаны ашыкча сарптабайт

18-майда жарандык уюмдар БШКнын максатсыз чыгашалары көбөйүп кеткенин айтып, муну текшерүүнү Жогорку Кеңештен жана Эсеп палатасынан талап кылышты. БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Жарандык коом өкүлдөрүнөн тышкары бул маселени өзүңүздүн кесиптешиңиз, БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков да көтөрдү эле. 2013-2014-жылы БШК миллиондогон сомдорду негизсиз коротту деген маалыматтар канчалык жүйөлүү?

Акматов: Бул акчанын баары солго кетти деген дооматтар туура эмес. Анткени ар бир сарпталган акчанын орду бар. Ишенбай Кадырбеков бул маселени БШК мүчөлөрүнүн арасында да көтөргөн. Биз талкуулап, анда эч кандай мыйзамсыз аракеттер жок экенин айтканбыз. Ал андан кийин президентке жана Эсеп палатасына да кайрылган болчу. Эсеп палатасы да бул маалыматтар боюнча толук текшерүү жүргүзүп, эч кандай кынтык жок экенин билдирген. Ошондон кийин Кадырбеков муну маалымат каражаттарына жарыялаптыр.

"Азаттык": Эми жарандык коом БШК мүчөлөрү да бул маалыматтар боюнча отчет берсин деп талап кылып жатышат. Сиздер отчет берүүгө даярсыздарбы?

Акматов: Албетте. Анткени БШКнын эл аралык коомчулукта, эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелери бар. Мамлекеттер аралык макулдашууларга ылайык, БШКнын мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери ар бир өлкөдө өткөн президенттик, парламенттик шайлоолорго байкоочу катары барып катышууга милдеттүүбүз. Ошонун баарына барып-келүүгө каражат талап кылынат.

Кадырбеков төраганын сапарлары көбөйгөнүн, көп каражат сарптаганын айтыптыр. Анткени төрага башка мүчөлөргө салыштырмалуу көп чыгат, ар кандай жолугушууларга барып, келишимдерди түзүп, кол коюуга милдеттүү.

Мына быйыл шайлоо келатат, анда жаңы технологияларды колдонуу боюнча эл аралык жармаңке өткөрдүк. Мына ушулардын баарына каражат сарпталат. Кадырбеков өзү деле Молдавияда, Боснияда өткөн шайлоолорго байкоочу болуп барып келди. Жакында эле Шри-Ланкага бардык. Негедир маалыматтарында бул тууралуу айтылбаптыр.

"Азаттык": Быйыл боло турган парламенттик шайлоо тууралуу кеп козгоп калдыңыз. 17-майда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жаңы технологиялар жакшы иштебей, добуш берүү үзгүлтүккө учураганы айтылып, нааразылыктар чыкты. Күзүндө парламенттик шайлоодо мындай болбойбу?

Акматов: Айылдык кеңештерде шайлоодо эки жаңы технология сыноо иретинде колдонулду. Санариптик добуш берүү үкөктөрү жакшы иштеди, эч кандай мүчүлүштүк болгон жок. Ал эми шайлоочулардын тизмесин биометрикалык маалыматтардын негизинде түзүп, идентификациялоодо бир аз мүчүлүштүктөр болду. Бирок каттоо кызматынын кызматкерлери бул кемчиликтерди оңдоого толук мүмкүнчүлүк бар деп айтып атышат. Алдыда дагы үч ай бар, шайлоо системасын жакшыртууга убактыбыз кенен.

Ирак: өкмөт Рамади шаарын кайра алабы?

Рамадиден качкан сунниттер Багдаддын чет жакасына жеткен учур. 19-май, 2015-жыл.

Иракта “Ислам мамлекети” радикал тобунун колуна өтүп кеткен Рамади шаарын бошотуу аракети көрүлүүдө. Өкмөт ыктыярчыларды жардамга жана контрчабуулга кошулууга чакырды.

Бул аралыкта Кошмо Штаттарда президент Барак Обама да коопсуздук кеңешчилери менен Рамадини кайра алууда Иракка жардам көргөзүү боюнча атайын жыйын курду.

Вашингтондо президент Барак Обама, вице-президент Жо Байден жана администрациянын коопсуздук саясатын тейлеген өкүлдөрү катышкан кеңешмеден соң Ак үй маалымдагандай, анда Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абадиге колдоо бар экендиги кайрадан ырасталды.

Президент Обама Ирак өкмөтүнүн армияга чакырылгандардын санын көбөйтүү жана жергиликтүү урууларды тезинен машыктырып, жабдуу үчүн Рамади борбору болгон Анбар провинциясынын бийликтери менен иштешүү чечимин кубаттады.

Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Алиастер Баскинин "Франс Пресс" агенттигине айтканына караганда, Рамадини бошотуу боюнча операцияны колдоо, анын ичинде жергиликтүү урууларды жабдып, аларды аскерий даярдоого жардамды күчөтүү жагын Вашингтон да караштырууда.

Рамадиден бир көрүнүш. 18-май, 2015-жыл.
Рамадиден бир көрүнүш. 18-май, 2015-жыл.

Борбор Багдаддан 100 чакырым ашуун алыстыктагы Рамади шаарын ушул дем алыш күнү “Ислам мамлекети” тобу басып алганы үчүн президент Обаманын администрациясы да Конгресстеги республикачылардын сынына кабылган.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бейнер Обама администрациясын “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы стратегиясы жок деп айыптады.

Ал эми айрым талдоочулар Рамади окуясынан кийин АКШнын Ирактагы кырдаал, “Ислам мамлекети” тобу алсыраганы боюнча буга чейинки комментарийлери абдан эле оптимисттик болгонуна көңүл бурушту. Рамадини бошотуу үчүн расмий Багдад кайра эле шиит кошуундарынын жардамына таянганы жатат.

Лондондо жашаган ирактык журналист Камран Карадаги “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Рамадини бошотуу Тикритке караганда кыйла оор болот:

- Менимче, азыркы учур менен Тикриттегинин чоң айырмасы бар. Тикрит бошотулган кезде ал жерде калк дээрлик калбай калган эле. Башкача айтканда, шаардан чыгып кетишкен. Шиит кошуундары менен Ирак армиясы Тикритке кирген кезде шаарда эл дээрлик жок болчу. Ооба, Рамади менен анын айланасынан да бир нече миң киши качып кеткени туура. Бирок шаардын өзүндө эл дагы деле көп. “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери эл менен аралашып жүрөт. Чабуулга шиит согушкерлери да кошулса эмне болот айтыш кыйын. Кырдаал кооптуу болуп турат.

Иран колдогон шиит кошуундары өткөн айда Тикрит шаарын “Ислам мамлекети” тобунан бошотууда чечүүчү роль ойногон. Бирок алар сунниттерден өч алуу аракеттерине барганы үчүн да айыпталган. Шиит кошуундары негизинен сунниттер байырлаган Рамадиге ичкери киргенде диний негиздеги араздашуу тутанып кетпейби деген тобокелчилик жана АКШ менен Ирак өкмөттөрүндө мына ушундай тынчсыздануу бар. Анткен менен кырдаал шиит кошуундарынын жардамын талап кылып жаткандай.

Рамадиден качкандар. 15-май, 2015-жыл.
Рамадиден качкандар. 15-май, 2015-жыл.

Учурда алардын 3000дей согушкери Рамадинин жанындагы аскерий базада чабуулга даярдык көрүүдө.

Рамади борбору болгон Анбар провинциясынын бөлүктөрүн “Ислам мамлекети” тобу мурдатан эле көзөмөлдөп келген эле. Журналист Камран Карадагинин айтымында, халифатчылар Рамадиге буга чейин да кирип-чыгып турган. Бирок шаарды ээлеп, басып алышы биринчи ирет болуп отурат:

- Бул күтүлгөн нерсе эле. Окуя ушундайча өнүгөрүнүн көптөгөн белгилери бар эле. Бирок, тилекке каршы, Ирак өкмөтү Рамадини коргоо боюнча чечкиндүү, жетиштүү чара көрө алган жок. Рамадинин калкы, жергиликтүү бийликтери борбордук өкмөттөн акыркы алты айдан бери ыйлактап, жардам сурап жаткан. Өкмөт сунни-шиит ажырымынан улам Рамадиге жетиштүү санда аскер жөнөтмөк тургай, жергиликтүү урууларды, сунниттерди курал менен жабдуудан баш тартып келген.

Соңку маалыматтарга караганда, Ирактын өкмөттүк күчтөрү жана аларга өнөктөш сунни урууларынын согушкерлери өткөн түнү алар Рамади менен Фаллужа шаарларынын ортосундагы Халидия деген жерде ИМ тобунун чабуулунун мизин кайтарышкан.

Ирак өкмөтү кечээги жыйынынан кийин ыктыячыларды Рамадини алуу үчүн армиянын катарына кошулууга чакырды. Өкмөттүн ишениминде, азыр ирактыктарга “Ислам мамлекети” тобуна каршы биригүү зарыл болуп турат.

Орусия: бейөкмөт уюмдарга соңку соккубу?

Орусия -- "Мемориал" уюмунун дубалына бирөө жазып кеткен "Чет элдик агент" деген жазуу. Москва, 21-ноябрь, 2012.

Орусияда Мамлекеттик Думанын төмөнкү палатасы “ыңгайсыз чет өлкөлүк” уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзам долбоорун колдоду.

Ага ылайык, ушундай уюмдарда иштеген жарандар 500 миң рублге чейин айыпка жыгылышы же алты жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Укук коргоочулар жаңы мыйзам долбоору буга чейин эле кысымга алынып келген Орусиядагы бейөкмөт уюмдар чөйрөсүнө кезектеги сокку болоорун белгилешүүдө.

Негизинен кремлчил партиялардан турган Мамлекеттик Думанын төмөнкү палатасынын өкүлдөрү 19-майда үчүнчү жана акыркы окууда көпчүлүк добуш менен “Ыңгайсыз чет элдик уюмдар” тууралуу мыйзам долбоорун колдошту.

Бул мыйзам эми прокурорлорго Орусиянын коргонуу жөндөмүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же саламаттыгына коркунуч келтирген чет элдик уюмдарды “ылайыксыздардын” катарына кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Эми мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши бекитүүгө тийиш. Андан соң президент Владимир Путин кол койсо, жаңы мыйзам күчүнө кирет.

Бул мыйзам долбооруна Кремлдин адам укуктары боюнча ыйгарым өкүлү каршы чыкты. Эгер ал күчүнө кирсе, чет элдик уюмда иштеген адамдар 500 миң рублге чейин айыпка жыгылышы же алты жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Укук коргоочулар бул мыйзам долбоорун кескин сынга алышты. Өткөн жумада долбоор Мамлекеттик Думанын экинчи окуусунан өткөндө эл аралык Amnesty International жана Human Rights Watch уюмдары биргелешкен билдирүү жасап, “Кремль жарандардын жашоосун кысымга алган ажыдаардын репрессияларын колдоп жатканын” билдирген.

2012-жылдын июль айында Орусияда «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, тыш өлкөлөрдөн же демөөрчүлөрдөн грант алган коомдук уюмдар автоматтык түрдө «чет өлкөнүн агентине» айланат.

Мыйзам боюнча бейөкмөт уюмдар жылына эки ирет өз ишмердиги жана жетекчилиги тууралуу өкмөткө отчет берип турууга милдеттүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн алган акчалай жана башка жардамдын документтерин жылына төрт жолу тиешелүү органдарга көрсөтүп, жылына бир жолу интернет аркылуу же башка жолдор менен коомчулукка эмне иш кылганын жарыялап турушу шарт.

Ал арада “ылайыксыз уюмдар” тууралуу мыйзам “чет элдик агенттердин” тизмесине кирбей калгандарга коркунуч туудурат деп билдирди Орусиядагы укук коргоочулардын ардагери Людмила Алексеева Snob.ru агенттигине курган маегинде.

Ал эми Орусия президенти Владимир Путин чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары Орусиядагы абалды солкулдатуу үчүн бейөкмөт уюмдарды пайдаланып жатканын белгилеген. Бул тууралуу ал быйыл 26-мартта ФСБнын жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугуп жатып айткан:

“Батыштын атайын кызматтары мурдагыдай эле Орусиядагы бейөкмөт жана саясий эмес уюмдарды пайдалануу менен ички абалды солкулдатып, бийликти жаман көрсөтүү аракеттерин көрүүдө”, - деген Путин.

Укук коргоо жана кайрымдуулук иштери менен алектенген Эл аралык “Мемориал” коомунун жетекчилеринин бири Александр Черкасов “Ылайыксыз чет элдик уюмдар" тууралуу мыйзам Орусиядагы МакДональдс уюмуна жана аны менен иштеген башка уюмдарга да өз кедергисин тийгизет. Ошондой эле Amnesty International жана Human Rights Watch уюмдарынын да Орусиядагы өкүлчүлүктөрү жабылышы мүмкүн,” - деп билдирди.

19-майда кабыл алынган мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк уюмду “ылайыксыздардын” тизмесине киргизүү чечимин Орусия Тышкы иштер министрлиги менен Ички иштер министрлиги топтолгон документтердин негизинде макулдашып чыгарышы керек.

“Ылайыксыз” уюмдардын тизмесин түзүү Юстиция министрлигине тапшырылган. Ал эми Орусия Федерациясына коркунуч туудурган белгилерди жана уюм өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирип жатканын аныктоо Башкы прокуратуранын компетенциясында болот.

“Замандаштагы” ажырым ачыкка чыкты

Замандаш партиясынын жетекчилери

18-майда партиянын орус улутундагы беш мүчөсү саясий бирикме өз идеологиясынан четтеп кетти деп курамынан чыкса, бүгүн да ушундай эле жүйө менен анын теңтөрагасы Рустам Маманов партиядан кеткенин жарыялады.

Дүйшөмбүдө “Замандаш” партиясынын катарынан чыгарын анын беш мүчөсү: Любовь Ардамина, Станислав Епифанцев, Григорий Зозуля, Александр Степанюк жана Галина Кетова билдирди. Алар өз чечимин “партия Мухтар Өмүракунов көздөгөн баалуулуктардан тайып, макулдашылган шарттар аткарылбай жатканы” менен түшүндүрүштү. Аталган партияны маркум Мухтарбек Өмүракунов негиздеген.

Саясий бирикмеден чыгууга арыз жазгандардын бири, Кыргызстандагы орустардын “Гармония” маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюктун “Азаттыкка” билдиришинче, партиянын учурдагы лидерлери интернационалдык идеологияны жокко чыгарып жатат:

- Мен партияга Мухтар Өмүракуновдун көзү тирүү кезде киргем. Аны жеке да таанып, ал көтөргөн идеяларды колдоп келгем. Бирок акыркы учурда Өмүракунов колдоп сүрөп келген баалуулуктар өзгөрүп, баркталбай калды. Бул радикалдуу түрдө болбосо да сезилип жатат. Маселен, партияда мурдагыдай интернационалдык дух сезилбей, анын ордун башка идеялар ээлеп алды.

Степанюк мындай өзгөрүүлөр партиянын былтыр декабрдагы курултайынан соң ачык сезилип калганын кошумчалады.

Чындыгында эле былтыр жыл аягында “Замандаш-Современник” деп аталып келген партия өзүнүн аталышын “Замандаш” улуттук кайра жаралуу партиясы деп өзгөрткөн эле. Бул улуттук баалуулуктарды колдоорун билдирип келген “Улут жүзү” фондунун негиздөөчүсү, ишкер Рустам Маманов партияга теңтөрага болуп шайланган жана жаңы мүчөлөр кабыл алынган учурга туш келген.

Рустам Маманов
Рустам Маманов

Ошондуктан жогорудагы беш адамдын партиядан чыгып кетүүсү дал ушул идеологиядагы өзгөрүүлөр себеп экендиги айтылып жаткан эле. Бирок бүгүн "Замандаштын" былтыртан берки теңтөрагасы Рустам Маманов да партия катарынын чыкканын жар салды. Ал “Азаттыкка” сүйлөп жатып, мындай чечимге партиялаштардын ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөр себеп болгонун билдирди:

- Саясий көз караштын ар түрдүүлүгү, бир максатка болгон кайчы пикирлер жолубузду эки бөлбөй койгон жок. Кайсы бир бийик максатты ишке ашыруу үчүн бириккен, бир багытка бет алган тилек керек. Андай болбосо жолуңдан калбоо үчүн жалгыз сапарга чыгууга туура келет. Пикир келишпестиктер болгон үчүн партиядан чыктым.

Анткен менен “Замандаштын” учурдагы жетекчилиги түзүлгөн кырдаал партиянын ишмердигине таасир этпей турганын билдирүүдө. Анын теңтөрагасы Сапарбек Асанов жогорудагы адамдардын партиядан чыгуу боюнча расмий кайрылуусу келбегенин кабарлады:

Сапарбек Асанов
Сапарбек Асанов

- Азырынча бул сөздөр ушак-айыңдын деңгээлинде болуп жатат. Бизге эч кандай расмий түрдө кайрылуу келип түшө элек. Эгер түшсө чечим кабыл алып, билдиребиз. Ошондо кеңири түшүндүрмө болот. Ал эми партия өз ишмердигин уланта берет.

Ал эми партиянын дагы бир мүчөсү, анын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева “Замандаш” өз багытынан тайган жок деп ишенимде:

- “Замандаш” мурун кандай идеологияны көздөсө, азыр деле ошондой баалуулуктарды колдойт. Эч кандай деле кескин өзгөрүүгө барган жок. Ал эми учурдагы кырдаалды утурумдук маселе катары карасак болот. Анткени, бардык партияларда эле ушундай өйдө-ылдай маселелер болуп жатпайбы.

Саясий партиялар боюнча изилдөө жүргүзүп келген социолог Самар Сыргабаевдин айтымында, “Замандаштагы” түзүлгөн кырдаал өлкөдөгү башка партияларга мүнөздүү көрүнүш:

- Кыргызстанда “Замандаш” эле эмес, башка партиялар деле классикалык маанидеги көздөгөн, ишке ашырып жаткан идеологиясы жок. Алар саясий максат-мүдөөсүн утурумдук кызыкчылыкка опоңой алмаштырып, позициясын күн сайын өзгөртүшү мүмкүн. Ошондуктан, адистер бул партиялардын идеологиялык чектерин аныктоо кыйын экенин айтып келишет. Алар аталышында идеологиялык багытын көрсөткөн менен жасаган иштеринде ал билинбейт. “Замандашта” деле учурда ошондой кырдаал түзүлдү. Алар тигил же бул идеологияны так сактабайт. Бирок мигранттардын маселесине басым жасап, саясий упай алып келген болчу. Балким партия ичиндеги пикир келишпестиктер ушул багыттын өзгөрүшүнөн болушу мүмкүн.

Мухтарбек Өмүракунов
Мухтарбек Өмүракунов

“Замандаш” партиясы маркум Мухтарбек Өмүракунов тарабынан Орусияда жана Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын укугун коргоо максатында алгач ассоциация катары түзүлүп, кийин партияга айланган. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо жаңы түзүлгөн партия болгону карабастан, жакшы жыйынтык көрсөтүп, 29 партиянын ичинен сегизинчи орунду ээлеген. Бирок 2011-жылы Өмүракунов күтүүсүз кырсыктан каза болгон соң “Замандаштын” активдүүлүгү солгундап кеткенинин саясий серепчилер айтып жүрүшөт.

“Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү Мухтарбек Өмүракунов 2011-жылы 1-майда алыскы Куба өлкөсүндө деңиз жээгинде эс алып жүргөн учурунда күтүлбөгөн кырсыктын айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG