Быйыл өлкө эгемендигинин 25, Үркүндүн 100, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы өңдүү ири тарыхый жана маданий окуялар болот.
Астрологдор маймыл жылы төрөлгөн адамдардын арасында артисттер, жазуучулар жана саясатчылар басымдуу болорун, мындан улам жаңы жыл өзгөчө саясий чөйрөдө жүргөндөр үчүн бурулуш жыл болорун эскертишет.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жаңы жылдык куттуктоосунда терроризм маселесине токтолуп, бирөөлөрдү ээрчип, маңкурт болбош керектигин айтты.
Жогорку Кеңеште 30-декабрда акыйкатчыны шайлоо маалында добуш берүүнүн ачык көзөмөлдөнүп жатканы талкуу жаратты.
Парламент депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Кубат Оторбаевдин талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдоп берди.
КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика - Ата Журт” фракциясынан айрым депутаттар ар бир бюллетендеги добуш берүүлөрдү байкоого алып жатышты. Добуш берген депутаттар өз ыктыяры менен бюллетендерди шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө көрсөтүп, андан кийин гана урнага салып жатышты.
Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына 63 добуш менен Кубат Оторбаевди шайлады.
Узап бараткан аптада өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыкканын жарыялады. Орусия ГЭСтерди куруу боюнча келишимди аткарбай жатканы маалымдалды.
Суу кодекси Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Кыргызстан менен “Центерранын” ортосунда түзүлгөн кырдаалда саясатка айланды.
Кыргызстандын муруңку омбудсмени Турсунбек Акун Орусия президенти Владимир Путинди колдоо комитетин түздү
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятниковго таандык фирма балдарга берилчү жаңы жылдык белекти даярдоо боюнча тендерден утуп алганы көп суроону жаратты.
Ош шаардык кеңешинин 35-сессиясы 25-декабрда экинчи жолу үзгүлтүккө учурады. 24-декабрда бүтчү жыйын депутаттар төраганы шайлай албагандан улам кийинки күнгө калтырылган эле.
Дагы жүктөңүз