Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызмунайгаз" ишканасынын жамааты кээ бир жетекчилердин бут тосуусунан улам мекеме кризистик абалга кептелип, жумуш орундарынын кыскарышына нааразычылык билдирип чыгышты.
Европанын Батышын көздөй умтулган мигранттар үчүн Балкан жолундагы маанилүү түйүн болгон Македониянын Грекия менен чек арасында соңку күндөрү чыңалган кырдаал түзүлдү.
Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын имаратынын өрттөлүшү боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Буга чейин 2010-жылы апрель апаатында Бишкекте Башкы прокуратуранын имараты өрттөлүп, азыркыга чейин ээнсиреп турат. Күч түзүмдөрүнө тийиштүү имараттардын өрттөлүшүнүн артында кандай сыр болушу мүмкүн же бул кокустукпу? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде саясатчы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” маек курду.
Өлкөдө экономикалык кризис тереңдеп, калктын социалдык абалы оордогон шартта бийлик партиялары менен оппозициялык күчтөр жергиликтүү кеңештерге шайлоого адаттан тыш камылга баштады.
Жер-жерлерде калктын нааразы маанайы оппозициянын жанданышына алып келди. Журналист Турат Акимовго кол салуу министрдин дарегине күмөн жаратты.
Шаардык кеңеш президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадры Албек Ибраимовду дээрлик бир добуштан Бишкек мэрлигине шайлашты.
Коалициялык көпчүлүктүн лидери Алмаз Кененбаев калаанын жаңы башчысын куттуктап чепкен жаап, калпак кийгизип, камчы тапшырды.
Бишкектин жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланды. Анын талапкерлигине шайлоого катышкан 43 депутаттын 42си “макул” деп добуш берди.
"Эки бир" долбоорунун бул жолку коногу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов болду. Ал республикадагы саясий-экономикалык абал, Бишкектеги мэр шайлоо жана келечектеги президенттик шайлоо тууралуу "Азаттыкка" маек берди.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков саясий карьерасы кандайча бат өскөнү, фракциялар, анын ичинде КСДПга таасир этчү күчтөр, президент менен журналисттин соттошуусу тууралуу өз көз карашын айтты.
Өзүнө кол салууга министр Мелис Турганбаевди айыптаган журналист Турат Акимовдун колунда ага каршы кандай материал болушу мүмкүн?
Соңку эсептер боюнча быйылкы жылдын толук эмес эки айында эле Евробиримдиктин чек арасынан 100 миңден ашуун качкын өттү.
Дагы жүктөңүз