Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:28

Саясат

Апта: Өкмөттүн "буйругу", президенттин "укуругу"

Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков

Узап бараткан жумада президенттик аппарат да Кумтөрдүн ишине аралаша баштады. Жаңы өкмөт башчы экономиканы буйрук менен көтөрүүнү чечти. Ислам Каримов Москвага иш сапары менен барды.

Кумтөргө президенттин "укуругу" неге созулду?

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун парламент төрагалыгына шайланышы менен Кыргызстанда бийлик бир кишинин, бир партиянын колуна топтолуп, бийлик вертикалы түзүлдү дегенге болот. Экинчи жагынан, бул вертикалдын алдында 2017-жылды кантебиз деген маселеден баштап, Кумтөр, экономика, тышкы саясат жана башка татаал маселелерди чечүү жана жалпы жоопкерчилик жүгү турат. Буларды чечүү багытында айрым кадамдар жасалып жатканы бийликтин акыркы кыймыл-аракеттеринен байкалууда.

Маселен, 28-апрелде капысынан эле УКМК, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура биргелешип “Кумтөр Голд Компани” ишканасын текшерүүгө киришти. Расмий маалыматтарда анда финансылык мыйзам бузуулар аныкталганга байланыштуу ушундай текшерүү жүргүзүлдү деп кабарланды.

Күч органдары “Кумтөр Голд Компани” жапырт текшерүүгө алып жаткан күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өткөн жыл боюнча отчет берип жатып, Кумтөр кени боюнча маселени чечүүгө президенттик аппарат да киришкенин билдирди. Ошону менен күч структуралары финансылык мыйзам бузуу эмес, жогору жактын буйругу менен "Кумтөрдү" текшерүүгө киришкени дароо эле ашкере болуп калды.

Кумтөрдө финансылык, экологиялык, коррупциялык жана башка мыйзам бузуулар буга чейин болуп келгени маалым. Анын бир мисалы 200 млн долларды которуп жиберүүгө тиешеси бар деп эки жылдан бери камакта отурган “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун кылмыш иши.

Президенттик аппарат, күч структуралары анда “Кумтөр Голд Компаниден” документтерди алып, тыкыр текшерүүгө алган эмес. Демек анда убакыт келе элек болгон. Эми убакыт келип калгандай. Президенттин түздөн-түз колунда турган күч структуралынын бирдиктүү чабуулуна караганда президент Атамбаев мөөнөтү бүткөнгө чейин Кумтөрдү бир жагына чечүүнү көздөп калдыбы деген суроо жаралат.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Кумтөр маселесин чечүүдө азыркы бийлик кечикти деп, алардын бийлик башына келгенине алты жыл болгонун эске салды. Ал Кумтөр эки себепке байланыштуу текшерүүгө алынышы ыктымал дейт:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчилиги бардык документтерди бермек. Ал жерде жашыруу деле мүмкүн эмес. Ал жерде текшере турган эки жер бар. Бул сатып алуулар. Ишканада аябай көп өлчөмдө сатып алуулар болот. Мына ушул жерде чоң коррупция болушу мүмкүн. Мен аны билем. Экинчиси - “Кумтөр Голд Компани”​ массалык маалымат каражаттарына аябай көп акча бөлүп жатат деген сөздөр чыгып атпайбы. Бийлик ушул жагына да кызыгышы мүмкүн.

Юрист Мукар Чолпонбаев Кумтөр кени боюнча маселенин чечилбей келишин анда Кыргызстандын азыркы жана мурунку бийлик башчыларынын кызыкчылыгы болушу менен байланыштырат:

- Аягына чыкпай жатышында эки чоң маселеден. Биринчиден, ошол “Центерра голд инктин” акционерлери ким экени ачык айтылбай келатат. Ошолордун ичинде кыргызстандыктар канча, алардын үлүшү канча экени белгисиз. Ошол эле Сариев да, Жапаров да билет алардын ичинде Акаев баштаган адамдардын жана азыркы бийликте отургандардын үлүшү бардыгын. Ошолор тоскоолдук кылып келатат. Эми чыр чыкса, ал ачыкка чыгышы мүмкүн.

Күч түзүмдөрү текшерүүгө алган “Кумтөр Голд Компани” “Центерра голд инктин” Кыргызстандагы ишканасы. “Центерра голд инк" менен бир жылга турбаган Кыргызстандын бардык эле өкмөттөрү сүйлөшүү жүргүздү. Бирок маселе алдыга жылган жок.

Темир Сариевдин өкмөтү өткөн жылы Кумтөр боюнча сүйлөшүүдөн чыкканын жарыялаган. Ошол бойдон бул маселе туңгуюкта турат.

Кумтөр кени бюджетке 6 млрд сомдун тегерегинде салык төлөйт. Жалпы экономикалык көрсөткүчтөргө олуттуу таасирин тийгизет. Быйылкы жылдан башынан бери Кумтөрдө иштин ыргагы төмөндөшү жалпы ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүнүн алсыз болушуна алып келүүдө. Кумтөр кенине ээлик кылган “Центерранын” Торонтодогу акциялары төмөн кетип, 8% жакынга арзандады. Канада бийлиги “Центерраны” текшерүүгө ала баштаганы да кабарланууда.

Жээнбеков экономиканы "буйрук" менен көтөрөбү?

Ошентип, Кумтөр маселесин чечүүнү президенттик аппаратка тапшырган Сооронбай Жээнбеков экономиканы буйруктар менен көтөрүүнү чечкендей. Ал өкмөт башына келгенден кийинки алгачкы жыйындарынын биринде экономика министри Арзыбек Кожошевге “экономиканы көтөрүүгө” буйрук берди. Экономика быйылкы жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча 5% ылдыйлап кеткени белгилүү.

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Бул жагынан Кожошевге Улуттук статистика комитетинин жаңы башчысы Акылбек Султанов жардам бериши ыктымал. Ал Өзгөн районунда милиция кызматкерин уят жана орой сөз менен сөгүп жатып белгилүү болгону маалым. Бирок бийликтердин буйругуна жана каалоосуна карабай, Азия Өнүктүрүү банкы быйылкы жылы Кыргызстан экономикасы 1% төмөндөйт деп жатат.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле экспортко жол ачуу аргасын издеп, аны ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруудан жана чек арадан өтүүнү жеңилдетүүдөн көрүп жатканы маалым болду. Ал чек ара өтмөктөрүн жеңилдетүүнү, лабораторияларды курууну тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдагандай, лабораториялар үчүн 9 млн. сом же 100 миң доллардан ашуун акча керек экен.

Бирок Кыргызстандын айыл чарбасы бытыранды болгондуктан кошуна өлкөлөр талап кылган көлөмдө жана стандартта айыл чарба продукцияларын бере албай жатканы маалым. Ал эми ирденип келаткан тоок фабрикалары, ун азыктарын өндүрүүчү комбинаттар Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөрдүн арзан товарларынын агымынан оор сокку алган.

Экономикалык каатчылык айрым ири долбоорлордун тагдырын оор жагдайга кириптер кылды. Маселен, ошол эле Темир Сариевди кызматтан кетүүгө мажбур кылган Балыкчы-Корумду жолу үчүн 7 млрд сомго жакын акча кайдан алынары белгисиз. Аны Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде парламентте билдирди:

- "Мегаком" сатылбай турат. 11-майда инвестор келеби, келбейби, белгисиз. Бул маселе оор бойдон турат. Жолду көрүп келдим. Көпүрө алынып, жолдор казылган. Кээ бир айылдар жабылган. Айланып өтүп жатат. Ал компания Кыргызстан келишимди бузуп, 680 млн. сомду бербей койгон кезде да 180 млн сом менен көп ишти аткарган. Ал компанияда күнөө жок. Күнөө акчасы жок баштап койгондо болуп жатат.

Темир Сариев "Мегакомду" сатып, андан түшкөн акча менен 104 чакырым келген Балыкчы-Корумду жолун курууну чечкен. Бирок "Мегаком" азыркы кезде сатылбай турат. Аны Мүлк фонду 18 млрд сомго баалап, саттыкка койгон. Бузулган жол менен Кыргызстан быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезонду кандай өткөрөт деген маселе да жаралат.

Темир Сариевге чабуул жол боюнча эле эмес энергетика тармагы боюнча коюлуп жатат. Сариевди келерки жылдагы президенттик шайлоодо мүмкүн болуучу атаандаш көрүп жаткан "Республика - Ата Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов Сариев өкмөт башчысы кезинде жоюлуп кеткен Энергетика министрлигин калыбына келтирүү талабын койду:

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

- Тез арада Темир Аргембаевич таш-талканын чыгарган Энергетика министрлигин калыбына келтириш керек. Энергохолдинг деген болбойт. Бул биздин расмий билдирүүбүз. Кайрадан карап чыгыңыз. Экономика, өнөр жай жана энергетика министрлиги дейсиз. Кожошев экономика менен иштейби, өнөр жай менен иштейби же энергетика менен иштейби?

Республиканын энергетика тармагы болсо кризис жана коррупциядан чыга элек. Быйылкы жылы республика кошуна мамлекеттерден электр энергиясын сатып алууга аргасыз болот. Ошол эле Энергохолдингдин маалыматы боюнча Казакстандан 218 миллион киловатт саат электр энергиясын 9 теңгеден сатып алат. Республика ошондой эле Тажикстандан дагы электр энергиясын сатып алууда.

Энергохолдингдин дарегине “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев да сынын айтты. Бирок Сариев өкмөттүн структурасын жана курамын парламентке сунуштаганда Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика Ата-Журт” да, Канат Исаев жетектеген “Кыргызстан” да каршылык билдирбестен, колдоп берген. Ошондуктан алардын сыны ириде келерки жылы президенттик шайлоодо мүмкүн болуучу атаандашты алсыратууга багытталганы байкалат.

Президенттик шайлоонун шоокуму байкалып калганын тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев да эскертип, азыркы президентти “бийликтен кетип бараткан” адам катары мүнөздөдү. Анын айтымында, КСДПнын өкүлдөрү өкмөт, парламент башына келиши мына ошол “кетип бараткан президенттин” бийлигин компенсациялашы керек.

Кызматтан кеткенден кийин сынга көбүрөөк кабылып жаткан Темир Сариев парламентте анча-мынча колдоочуларын тапкандай болууда. Маселен, аны “Бир бол” аркылуу парламентке келген мурунку өнөктөрү Бакирдин Субанбеков, Чолпон Жакупова колдоодо. Ошондой эле “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Тынчтыкбек Конушбаев да Сариевди колдоп үн катты. Бул жакындашуулар жалпы эле “Бир бол” фракциясы менен Темир Сариевдин ортосунда саясий союздун жаралышына да алып келиши мүмкүн.

Трамптын заманыбы?

Узап бараткан жума дүйнөлүк жана регионалдык саясатта да урунттуу окуялар көп болду. Кошмо Штаттарда беш штатта өткөрүлгөн праймериздин жыйынтыгы Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын өз партияларынан расмий талапкер болууга жакындатты.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

“Талапкер болорум чечилип калды” деген Дональд Трамп тышкы саясий доктринасын жарыялады. Анын негизги урааны “Эң башкысы Америка” экени айтылды. Ал эми Орусия менен сүйлөшүүгө аракет жасалат. "Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдардын күнү бүтөт деген Трамп, коопсуздугун камсыздоо үчүн Европадагы жана Чыгыштагы өнөктөр коргонуу тармагына чыгашасын көбөйтүш керек деди.

Азыркы кезде Дональд Трамп талапкер болуу үчүн талап кылынган 1237 добуштун миңге чукулун камсыз кылды. Алдыда да Калифорния, Индиана, Вашингтон сыяктуу ири штаттарда жана бир катар чаканыраак штаттарда праймериз болот. Ошондой эле Хиллари Клинтон да беш штаттын төртөөндө жеңишке жетишип, Демократиялык партиядан талапкер болууга жакындады. Мына ушул калган штаттарда Трамп жана Клинтон айымдын жеңишке жетишүүсү алардын өз партияларынан талапкер болуусун камсыздайт.

Республика жана Демократиялык партиялардын курултайы июль болот. Ошондо талапкерлер тандалат. Президенттик шайлоонун өзү болсо ноябрь айында болот.

Каримовдун Москвага сапары

Регионалдык саясатта Өзбекстан президенти Ислам Каримов 25-апрелде Москвада эки күндүк сапар менен болду. Орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдө соода-экономикалык жана регионалдык коопсуздук маселеси көңүл борборунда болду. Ислам Каримов Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн сүйлөшүүлөргө Москва сөзсүз тартылыш керектигин, Ооганстандагы туруксуздук жалпы регионго жайылуу коркунучу бар экенин эскертти:

Каримов менен Путин
Каримов менен Путин

- Ооган маселесин чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө Орусия Федерациясынын өкүлдөрүн чакыруу максатка ылайыктуу болмок.

Ислам Каримов сүйлөшүүлөргө Орусияны тартпоо чоң катачылык экенин кошумчалады.

Ооганстанда кырдаал болсо, оор бойдон калууда. Кундузга чабуул, андан кийин ондогон адамдардын өмүрүн алган, жүздөгөн адамдарды жарадар кылган Кабулдагы теракттар ооган президенти Ашраф Ганини Пакистандын дарегине кескин билдирүүлөр менен чыгууга аргасыз кылды. Ашраф Гани Пакистан талиптерди сүйлөшүүгө алып келүүгө аракеттенбей, өзүнүн аймагында жайгашкан талиптерге каршы аскерий операцияларды жүргүзүшү керек деди.

Ооганстан маселесин чечүү үчүн быйылкы жылдын башында АКШ, Кытай, Пакистан жана Ооганстандын катышуусу менен сүйлөшүү башталган. Бирок талиптер ал сүйлөшүүгө катышуудан баш тартып, өздөрүнүн шартын койгон. Ал шарттар аткарылган эмес. Ошондуктан сүйлөшүү үзгүлтүккө учурап, апрель айынын башында талиптер жазгы чабуулун баштаганын жарыялаган.

Борбор Азиядагы эксперттер Ислам Каримовдун Ооганстандагы туруксуздук жалпы регионго коркунуч келтирет деген пикирине кошулат. Генерал Токон Мамытов коркунуч реалдуу дейт:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Өзгөчө ооган-түркмөн, ооган-тажик, ооган-өзбек чек араларында кырдаал курчуп келатат. Мурда эл аралык эксперттер бул чөлкөмдөрдө 5 миңдей жоочу бар десе, азыр орус эксперттери 7-8 миңдей жоочу даяр турат деп жатат. Алар Фергана өрөөнүн дестабилдештирүүгө даяр турганы айтылууда.

Казакстандык саясатчы Амиржан Косанов регионго ооган тараптан коркунуч реалдуу дейт, ошол эле учурда региондогу мамлекеттердеги экономикалык кризис жана тоталитардык режимдер өздөрү туруксуздуктун булагы дейт:

- Ошо региондогу демократиялык жараянга да байланыштуу. Ошол тоталитардык, авторитардык түзүлүш болуп, бийлик алмашпагандан кийин элдин нааразылыгы күчөйт. Сырттан келген күчтөр ошол нааразылыкты пайдаланат.

Казакстан демекчи, Казакстанда узап бараткан жумада бир катар митингдер орун алды. Алар бийликке каршы багытталбаса да, бийликтин жерди узак мөөнөткө ижарага берүү максатына каршы багытталды. Атырау облусунда жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, жерди сатууга жол бербейбиз деген позицияны билдиришти.

Кытай: бейөкмөт уюмдарга көзөмөл күчөйт

Бээжиндеги Тяньаньмэнь аянты.

Кытайда чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү караган талаштуу мыйзам кабыл алынды. Бээжиндеги бийликтердин мындай кадамын Батыш өкмөттөрү, адам укугун коргоочу топтор, жергиликтүү активисттер сындашууда.

Бээжинден түшкөн кабарларда айтылгандай, бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзам азыркы президент Си Цзиньпиндин өкмөтүнүн терроризге каршы күрөшүү, кибер коопсуздук боюнча саясатына шайкеш жасалып жаткан иш.

Бул чаралар өлкөдө башкача ойлонгондорду басуу өнөктүгү кайра жанданган учурга туш келүүдө.

2017-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү мыйзам, полицияга бейөкмөт уюмдарды иштегендерди суракка алуу, бейөкмөт уюмдардын каржысына көзөмөл жүргүзүү, алардын ишин тескөө, кеңселерин жабып салуу жагынан кеңири укуктарды берет:

- Көп эмес сандагы чет элдик бейөкмөт уюмдар бар. Алар акча каражаттары, башка ыкмалар аркылуу Кытайдын улуттук коопсуздугуна шек келтирип, башка мыйзамсыз жана кылмыштуу ишмердикке бара алышат. Андыктан, биз көзөмөлдү күчөтүү, мыйзамсыз байланыштарга каршы чара көрүү өңдүү иштерди аткаруубуз керек, - деди жаңы мыйзамдын зарылчылыгын түшүндүрүп, Бээжиндеги басма жыйында Коомдук коопсуздук министрлигинде чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдарды тейлеген кеңсенин башчысы Цао Юнхонг (Hao Yunhong).

Кытайдын бул талаштуу мыйзамынын баштапкы долбоору бейөкмөт уюмдар менен катар чет элдик өкмөттөрдүн да сынына кабылган эле.

Алар мыйзамдын улуттук коопсуздукка коркунуч келтирилди делген түшүнүктөр боюнча аныктамалары так эместигин, мындан улам социалдык чөйрөдө иш жүргүзгөндөрдүн, жаратылышты коргоочу уюмдардын, атүгүл бизнес жана илимий багытта иштеген топтордун ишине да зыян тийип калышы мүмкүндүгүн эскертишкен.

Парламент өкүлдөрү жаңы долбоордо мунун баары эске алынды деп ырасташууда:

- Бул мыйзамдын жоболору чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар Кытайдын ичинде кыйла ырааттуу жана тартиптүү иштөөсүнө мүмкүндүк берет. Чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын мыйзамдуу укуктары жакшы эле кепилденген жана бул аларга пайдалуу, - дейт Кытай парламентиндеги укук комитетинин директор орун басары Жанг Йонг (Zhang Young).

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:19 0:00
Түз линк

Анткен менен Кытайдын бейөкмөт уюмдар боюнча жаңы мыйзамына жергиликтүү активисттер, укук коргоочу топтор, чет өлкөлүк өкмөттөр дароо эле терс реакциясын билдиришти.

Кандай болгон күндө да мыйзам “өкмөткө алар каалаган кезде жарандык коомдун уюмдарын өлкөдөн кууп чыгууга мүмкүндүк берет”, -деп айтылат кытайлык бейөкмөт уюмдарды окутуу менен алектенген Asia Catalyst тобунун билдирүүсүндө.

Гонконгдо нааразылык акциясын таратуу. 9-февраль, 2016-жыл.
Гонконгдо нааразылык акциясын таратуу. 9-февраль, 2016-жыл.

Ал эми Эл аралык Мунапыс уюму мыйзамда олуттуу кемчиликтер бардыгына, “бийликтер, асыресе полиция бейөкмөт уюмдарды бутага алуу үчүн чексиз укукка ээ болоруна, алардын ишмердигин чектеп, акыр аягында жарандык коомду муунта аларына” көңүл бурду.

Батыш өлкөлөрүнөн АКШ терең тынчсыздануу билдирди. Ак үйдөгү Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өкүлү Нед Прайстын айтымында, Кытайдын бейөкмөт уюмдар мыйзамы жарандык коомдун мейкиндигин дагы тарытат, америкалык жана кытайлык уюмдардын, жеке адамдардын өз ара байланыштарын кыскартышы да мүмкүн.

Германиянын Бээжиндеги элчилиги болсо өз билдирүүсүндө Кытайдын бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамы айрым оң өзгөртүүлөр менен кабыл алынганына токтолуп, бирок баары бир жалпысынан чектөөчү мүнөздө экенин, бейөкмөт уюмдардын иш жүргүзүүсү үчүн талап кылынган жактыруулар, документтер абдан көптүгүн белгиледи.

Энергохолдингдин дарегине сын арбын

"Кемин" подстанциясы

Мурдагы өкмөттүн тушунда жоюлган Энергетика министрлигин кайра калыбына келтирүү демилгеси Жогорку Кеңеште байма-бай көтөрүлүп жатат.

Депутаттар Кыргызстандын бирден бир байлыгы саналган энергетика тармагын башкаруу системасы бузулуп, ачык акционердик коомго айланып калды деп сындашууда.

Мурдараак кыргыз өкмөтү министрликтин ордуна түзүлгөн “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” тууралуу мыйзам долбоорун парламент кароосуна сунуштаган.

Улуттук энергетикалык холдингдин түзүлүшүн сынга алып, Энергетика министрлигин калыбына келтирүү демилгесин адегенде оппозициялык “Республика Ата-Журт” фракциясы көтөрүп чыкса, эми бул демилгени коалициялык көпчүлүктөгү депутаттар да жактай баштады. Бул кызуу талкууга кабылышына “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы жөнүндө” мыйзам долбоору түрткү берүүдө.

Келечеги күмөндүү холдинг

Коалициялык көпчүлүктөгү “Кыргызстан” фракциясы энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды 29-апрелде талкуулап, структуралык мындай өзгөрүүнүн мамлекет үчүн пайда келтиреринен шек санаган пикирлер басымдуулук кылды. Депутат Нурланбек Макеев өкмөт бул аракети менен элди алдап жатат деди:

- Бул холдингде директорлор кеңеши бар. Демек бардыгы ошол жакка көз каранды. Өкмөт холдинг 100 пайыз акциясы мамлекетке карайт деп жалган айтып жатат. Чындыгында холдингдин колунда 80 пайыз эле акция бар, калган 15 пайыз Социалдык фонддуку жана беш пайызы жеке ишкерлердики. Демек бул акционердик коом.

Улуттук холдингдин макамы Ачык акционердик коомго барабар экенин Экономика министрлиги да моюнга алууда. Бирок өкмөт Энергохолдингдин келечегине ишенип жатканын, башкарууну бир колго топтоо аркылуу бул кирешелүү тармакта коррупцияны жоюуга жол ачыларын айтууда.

Экономика министринин энергетика тармагы боюнча орун басары Нурлан Садыковдун айтымында, Энергохолдингдин алдында төрт бөлүштүрүүчү жана үч энерго компания бириктирилип жатат. Муну менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңүү, бирдиктүү кадр системасын алып баруу жагы колго алынууда.

- Улуттук энергохолдинг компанияларын бирдиктүү корпоративдик стандартта башкарат. Бул бирдиктүү стратегия энергетика коопсуздугун камсыздайт. Электрди өндүрүү жана үзгүлтүксүз камсыздап, жоготууларды 13 пайызга жеткирүү тапшырмасын коюп жатат. Ошондой эле 83 млн сомго чукул дебитордук карызды 50 пайызга азайтуу үстүндө иш алып барат.

Министрлик ордуна келеби?

Анткен менен Улуттук энергетикалык холдинг компаниясын түзүүгө караганда, кайра министрликти кайтарып келүүгө ыктаган саясатчылардын катары өсүп жатат. Маселен, 28-апрелде парламентте өкмөттүн 2015-жылкы отчетун талкуулаган отурумунда КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков энергохолдинг, тескерисинче, коррупциялык жаңы жолдорду ачат деп сындады:

- Биздин келечек энергетикада деп айтабыз. Бирок иш жүзүндө министрликти жоюп салдык. Коңшу Казакстанда Индустрия технология министрлигинен Энергетика министрлигин бөлүп өзүнчө түздү. Молдовада энергетика министринин вице-премьер деген макамы бар. Биздин энергобарондордун жасаган кыянаттыгы ушунда жатат. Эң чоң коррупция дагы ушул жерде жатат.

Ошентип энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын долбоору парламенттин чоң жыйынына жете элек жатып, кызыл чеке талаш-тартышты жаратты. Энергетика системасын мамлекеттик холдингдин алдына бириктирүү маселеси бир жыл мурун Коргоо кеңешинин жыйынында сунушталып, «Улуттук энергетикалык холдинг» былтыр жыл соңунан тарта ишке киришкен. Андан бери бул тармак өкмөт токтомунун негизинде иштеп келатат.

Өкмөт менен “Центерра” тиреше баштады

Кумтөр кени

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” ишканасындагы каржылык мыйзам бузуу боюнча кылмыш иш козгоду. 28-апрелде кечке жуук компаниянын Бишкектеги башкы кеңсеси тинтилип, керектүү документтер, материалдардын баары алынды.

Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра голд” компаниясы соңку окуяга байланыштуу эл аралык сотко кайрыларын эскертип билдирүү жасады.

“Кумтөр” ишканасындагы каржылык мыйзам бузууларды иликтөө үчүн Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрүнөн турган тергөө тобу түзүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Нурлан Тагаевдин ырасташынча, акча мыйзамсыз чыгарылган делген фактылар иликтене баштады:

- Тергөө тобу “Кумтөр Голд Компани” акционердик коомунан активдик каражат мыйзамсыз сыртка чыгарууга байланышкан каржылык мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Кылмыш ишине керектүү документтерди жана башка маалыматтарды алуу максатында тергөө тобу “Кумтөр Голд Компанинин” имаратында тинтүү жүрдү. Жакынкы күндөрү бул ишкананын жетекчилеринин кызматкерлеринин катышуусунда тиешелүү тергөө амалдары да жүргүзүлөт.

Кыргыз өкмөтү жана “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы Кумтөргө байланыштуу соңку окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

“Центерра Голд” Бишкектеги кеңсесинин тинтилишине байланыштуу кыргыз өкмөтүн зекиген мааниде дароо билдирүү жарыялады. Анда компанияда дивиденд бөлүштүрүү 2009-жылдагы келишимдин негизинде жүргүзүлөру айтылган. Эгер тараптар тил табышпаса, эл аралык сотко кайрыларын эскертти.

Каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу мындан эки жыл мурун “Кыргызалтындын” ошол кездеги жетекчиси Дилгер Жапаровго кылмыш иш козголуп камакка алынган. Ага кыргыз өкмөтү менен кеңешпей туруп 200 миллион доллар дивидендди “Центерра Голд” компаниясына которуп берген деп айып тагылган. Бул иш боюнча былтыр жылдын этегинде райондук соттун өкүмү чыккан. Ага ылайык, Жапаров үч жылга жатак абакка кескен, бирок тергөө абагында отурган күндөрү эсептелип, көп өтпөй эле эркиндикке чыккан.

Мурунку вице-премьер-министр, “Кыргызалтындын” мурунку жетекчиси Токон Мамытовдун баамында, Кумтөрдү иштеткен “Центерра Голд” компаниясы ошол дивиденддерди чыгарып кетүү боюнча ошол тажрыйбасын улантып жатышы мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын “Акционерлер жөнүндө” мыйзамы боюнча дивиденддер март-апрель айларында эсептелиши керек. Ал эми булар болсо жыл жыйынтыктала электе, ноябрь-декабрь айларында чечип, “Кумтөр” биздин мыйзамдарды бузуп ошондой чечим кабыл алган деп кылмыш ишин козгогон. Кийинки жылдары деле алар ушундай багытта аракеттенген. Айрыкча Темир Сариевдин өкмөтү сүйлөшүүлөрдөн чыгабыз дегенден кийин ушундай мыйзамсыз кадамга барып, анысы билинип калып, азыр кылмыш иши козголуп укук коргоо органдары чара көрүп жатса керек. Мындай чара көргөнү эң туура.

Кен маселелери боюнча эксперт Кубан Ашыркулов кылмыш ишти тергөөдө жүйө жана далилдер салмактуу болушу керек деп эсептейт:

- Негизи ушундай тергөө иштери боло берет. Аягында натыйжа чыкпай калат, далилдер такталган жок деп да коюшат. Кумтөр негизи коомго ачык компания деп эсептелет. Эл аралык биржаларда акциалары жайгаштырылган. Алардын акциялары жана башка каржылык операцияларына эл аралык критерийлер менен көзөмөл жакшы эле жүргүзүлөт. Биржадан да катуу көзөмөлгө алышат. Анан кандайча каржылык мыйзам бузуу болгонун жакшылап караш керек.

Ал арада соңку окуялардан улам Кумтөрдү улутташтыруу маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов азыркыдай шартта улутташтыруу жалгыз арга экенине токтолду:

- “Центерра Голд” бизди 2001-жылдан бери мышык-чычкан ойнотуп келатат. Болгондо да былыктын баарын өзүбүздүн колубуз менен жасап жатат. Мисалы, 2003-жылы Акаевдин, 2009-жылы Бакиевдин колу менен жасалган. Эми дагы өзүбүздүн колубуз менен Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимди узарталы деп жатышат. Биз улутташтыруу керек деген позициядабыз. Улутташтыруу деген маселенин түп-орду менен чечүү дегенди билдирет. “Центерра” кыргыз коомчулугун бөлүп-жарып бүттү. Азыр улутташтыруу чыккынчылык деп чыккандар, улутташтырса оңбой калабыз дегендер бар. Ушинтип азыр эки-үчкө бөлүнүп калдык. Алар болсо бизди ушинтип бөлүп-жарып коюп, өз кызыкчылыктарын көздөп отурат. Мына жакында 25 миллион доллар деп эсептелген чыгымды азайтып коюшту. Ага унчукпай отуруп бердик. Келишимди созуп атса да үндөбөй отурабыз. Эми минтип дивиденддерди экинчи жолу алып чыгып кетип жатышат.

Кумтөрдөгү экологиялык абалды иликтеген өкмөттүк комиссия 2015-жылы негизинен мөңгүлөрдүн абалына көңүл бурду. Комиссиянын мүчөсү, мөңгүлөр боюнча адис Рыскул Усубалиев комиссиянын бүтүмүнө жараша парламентте “Мөңгүлөр жөнүндө мыйзам” кабыл алынарын, же Суу кодексине өзгөртүү киргизилерин белгилейт. Ушул тапта кендеги экологиялык чыгымдарды кандай ыкма менен эсептөө жагы аныктала электигин адис "Азаттыктын" суроолоруна жооп бергенде айтты.

Кумтөр: экологиялык чыгымдарды кантип эсептөө аныктала элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:59 0:00

2010-жылы апрель ыңкылабынын шары менен келген бийлик Кумтөр маселесин чече албай келет. Буга чейинки сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап, жагдай туңгуюкка кептелип турат. Кумтөрдүн айынан өкмөт башчы да кызматтан кеткен эле.

Тендер чырын иликтөө туңгуюкка кептелди

Иллюстрация

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин кызматтан кетүүсүнө негиз болгон Балыкчы-Корумду жол тендеринин чырын иликтөө иши ара жолдо турат.

Азыркы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков ал кытайлык компания менен болгон тендер жокко чыгарылса, анда мамлекет 2 миллиард сомдон ашуун анын кетирген чыгымын төлөп берүүгө мажбур болорун жана анын жыйынтыгы соттошууга алып келерин белгиледи.

Жолду тез арада бүткөрүү милдети турганда мындай аракеттер курулуш иштерин кечеңдетери эскертилди. Мына ошондуктан парламент тендердеги мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча чечим кабыл алууну кийинкиге калтырды.

Акчасы жок башталган жолдун жоболоңу

Жалпы узундугу 104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун оңдоого мамлекеттен 6,8 млрд. сом бөлүп берүү тууралуу былтыр күзүндө өкмөт чечим кабыл алып, тендер өткөрүлмөй болгон. Бул каражат бюджетке кирбей калгандыктан аны ар кайсы булактардан издеп табуу жагы Каржы министрлигине жүктөлгөн. Анткени 2016-жылдын август айына чейин эл аралык "Көчмөндөр оюнун" өткөрүүнүн алдында ал жолду бүткөрүү тапшырмасы турган. Бирок жол курууга уруксаты жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы тендерди мыйзамсыз утуп алганы кийин иликтөө учурунда ашкере болгон.

Бирок азыркы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков кытайлык компания тендерден уткан чечимди жокко чыгаруунун кесепети тууралуу эскертти:

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

- Былтыр “Мегакомду” сатып, андан түшкөн акчаны жолго жумшайбыз деген экен. Бирок андан бери ал дагы эле сатылбай турат. Ачык айтканда, акчасы жок эле тендер болуп, иш башталган. Мен ал компания уткан чечимди жокко чыгарып койсом болот. Бирок калыстык үчүн айтып коюшум керек, ал компания он пайызды өзү кошпосо да 180 миллион сомдон ашуун жумуш аткарган. Биз аны менен келишимди жокко чыгарсак, анда ага 2,5 миллиард сомго чукул анын кетирген чыгымын төлөп берүүгө туура келет. Ал компанияда күнөө жок. Айып акчасы жок эле ишти баштап койгондон болуп жатат.

Депутаттык комиссия жол куруу долбоорунда 400 миллион сомдон ашуун акча ашыкча көрсөтүлгөнүн аныктаган. Мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев мында ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевдин кызыкчылыгы болгонун айткан. Темир Сариев болсо ал министр ишенимден чыкканын, аны кызматтан алуу сунушун киргизген. Бирок президент Алмазбек Атамбаев аны четке каккан эле.

Кызыкчылыктардын кагылышы

Мына ошондо Темир Сариев өзү кызматтан кетүүгө арыз жазган болчу. Депутаттык комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиев мында жетекчилердин жеке кызыкчылыгы кагылышканы аныкталганын мындайча белгиледи:

- Мурдагы транспорт министри Малабаев орун басары Уезбаев менен ошол кездеги өкмөт башчысы Сариевди күнөөлөштү. Алар кайра Малабаевдин өзүн айыптап чыгышы бюджеттин акчасын колдонууда кызыкчылыктар бар болгонун көрсөттү. Бул мамлекеттик башкаруу системасы үчүн кооптуу жагдайды түзөт.

Парламенттик комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда депутаттардын айрымдары аталган жол курулушу боюнча тендерди жокко чыгарууну сунуштаса, кээ бирлери аны уланта берүүнүн зарылдыгын айтып чыгышты.

Курмандыкка чалуу кутуму?

Парламенттин “Бир бол” фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков атууга кеткендерге дагы акыркы сөз берилгенин айтып, мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариевдин дагы бул чыр боюнча оюн угууга чакырды. Учурда бул ишти УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы иликтеп жатат.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев иликтөөнүн жыйынтыгына кызыкты:

- Иликтөө иштеринин бир топ бөлүгү аяктап калса керек. Мына ошол кыңыр иштерге Темир Сариевдин тиешеси бар же жок экени тергөө учурунда аныкталдыбы? Депутаттык комиссиянын корутундусунда болсо күнөөнүн көпчүлүгүн министрдин орун басары Уезбаевге оодарып коюпсуңар да. Жаш кадрларды кызматка чакырып туруп, анан аларды саясаттын курмандыгы кылган өнөкөткө айланды.

Парламенттеги талкууга катышкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары аталган жол куруу тендериндеги мыйзам бузуу боюнча тергөө бүтмөйүн анын жыйынтыгын ачыкка чыгара албасын билдирди.

Жогорку Кеңеш тендер чырынан улам кеткен жетекчилер Сариевди, Малабаевди жана Уезбаевди палатанын жыйынына чакыруу сунушун колдоп, комиссиянын корутундусу боюнча алардын катышуусунда жыйынтык чыгаруу чечимине келди. Мына ошондуктан бул маселе парламенттин кийинки жыйындарынын биринде каралмай болду.

Парламент өкмөттүн ишине оң баа берди

28-апрелде парламентте жаңы премьер-министр жана өкмөт курамы ант берди.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2015-жылдагы ишин “канаттандырарлык” деп тапты. Саясатчылар өкмөттү өткөн жылы Темир Сариев жетектеп тургандыктан, бул баа ага таандык экенин белгилеп жатышат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 59 депутат өкмөттүн өткөн жылдагы ишине оң ба берди.

Ант жана отчёт

28-апрелде парламентте күн жаңы премьер-министр жана өкмөт курамынын ант берүүсү менен башталды. Президент жана Жогорку Кеңештин алдында бардык министрлер кабинети ант берип бүткөн соң депутаттар дароо эле өкмөттүн өткөн жылдагы отчётун угууну улантты.

Жаңы эле ант берген премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2015-жылдагы баяндамасында буга чейинки өкмөт башчы Темир Сариевдин аткарган иштерин санап, Кыргызстанда экономиканын өсүү деңгээли ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, 3,5 пайызды түзгөнүн маалымдады. Өткөн жылы инфляциянын деңгээли эң төмөнкү 3,4 пайызды түзүп, инвестиция тартуу жаатында оң динамика байкалды дейт.

- Инвестиция тартуу 2014-жылга салыштырганда 12,6 пайызга көбөйүп, 818 млн. долларды түздү. Туруктуу өнүгүү стратегиясында каралган негизги тапшырмалар менен багыттардын алкагында, анда камтылган 77 ири долбоордун ичинен 18 долбоор ишке ашырылган. Капиталдык салым боюнча 98 социалдык объекттин курулушу бүткөрүлгөнүн жана көп жылдардан бери алгачкы жолу өлкө аймактарындагы ички жолдорду оңдоого миллиард сом каралган.

Жогорку Кеңеш, 28-апрель
Жогорку Кеңеш, 28-апрель

Сооронбай Жээнбеков тарабынан айтылган мындай сандар айрым депутаттарды ынандырган жок. Көпчүлүк эл өкүлдөрү ЕАЭБге киргенден соң дыйкандардын мээнети акталбай жатканын айтышты. Депутат Евгения Строкова мамлекеттик кызматкерлерге жеткиликтүү турак жай берүү долбоору иш жүзүндө аксап жатканын белгилейт.

Ал эми “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов “Коопсуз шаар” долбоору жана билим берүү тармагында жылыш жок экенин айтып, жаңы түзүлгөн энергохолдинг өкмөттүн өткөн жылдагы чоң катачылыгы экенин кошумчалады:

- Темир Сариев таш-талканын чыгарган Энергетика министрлигин кайра алып келиш керек. Энергохолдингдин келечеги жок, бул биздин расмий билдирүүбүз. Экинчиден, “Коопсуз шаар” долбоорун аягына чыгаруу керек. Сариев күнөсканаларды кургандан башка иш жасаган жок. Билим берүү министрлигине жаш айымды шайладык эле эч кандай реформаны ордунан жылдыра албай жатат.

Чечим парламентти капканга түшүрдү

Чечим кабыл алууга келгенде депутаттар өз добушунун курмандыгына айлангандай болду. Себеби, өкмөттүн былтыркы ишин “канааттандырарлык” деп тапканда де-юре бул экс-премьер-министр Темир Сариевге коюлган бааны билдирмек. Эгерде эле бир жылдык отчёт “канааттандырарлык эмес” деп табылса, Баш мыйзамга ылайык өкмөт отставкага кетиши абзел. Ал эми жаңы өкмөт күндүн башында президент жана депутаттардын алдында ант берип ишке киришкенин эске алганда мындай жагдай болушу мүмкүн эмес эле.

2015-жылдагы өкмөттүн ишине оң баа берилгени ошондогу премьер-министр Темир Сариевге гана упай алып келет. Бул чечим менен ал президенттик шайлоодо өзүн гана мактап көрсөтө алат.
Турат Акимов

Бул кырдаал парламентти оңтойсуз абалда калтырып, атүгүл юристтер менен кеңешүүгө туура келди. КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров 2015-жылдагы премьер-министр Сариев отставкага кеткенин айтып, бир жылдык ишин “канааттандырарлык эмес” деп табууга чакырса, анын фракциялашы Рыскелди Момбеков мындай чечим бүтүндөй парламентке көө сыйпай турганын айтты:

- Эгерде өкмөттүн бир жылдык ишин “канааттандырарлык эмес” деп тапсак, эң жакшысы Сооронбай Жээнбеков болот. Себеби калган министрлердин бардыгын токтоосуз кызматтан алса болот. Бул парламент үчүн чоң күнөө. Анткени бир жума мурун 118 добуш менен колдоп берген өкмөттү өзүбүз жарактан чыгарып жатабыз. Анда министрлердин бардыгы милдетин аткаруучу болуп калат.

Жыйынтыгында 59 депутат өкмөттүн 2015-жылдагы ишин “канааттандырарлык” деп таап, 54ү өкмөттүн ишине ичи чыкпаганын билдирди. Эксперттер парламенттин мындай баасы 13-апрелде премьер-министрлик кызматын тапшырган Темир Сариевдин аброюн жогорулатарын белгилешүүдө.

Өкмөттүн отчётунан Сариев утту

Саясат талдоочу Турат Акимов президенттик шайлоого катышууга дымагы күч Темир Сариев парламенттин бул чечимин сөзсүз саясий көшөгө катары колдонорун боолгоп жатат.

- 2015-жылдагы өкмөттүн ишине оң баа берилгени ошондогу премьер-министр Темир Сариевге гана упай алып келет. Бул чечим менен ал президенттик шайлоодо өзүн гана мактап көрсөтө алат. Сариев саясий куугунтукка калганын айтып, баштаган иштерин аягына чыгууга жолто болгонун белгилей берсе болот. Себеби, парламент ошондой болгонуна кол коюп беришти.

Ошентип депутаттар министрлер кабинетинин антын угуп, күндүн акырында эски жана жаңы өкмөт башчыны да таарынткан жок.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Балыкчы-Корумду жолундагы тендердин мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу 13-апрелде отставкага кетип, анын ордуна Сооронбай Жээнбеков дайындалган. Андан кийин жаңы өкмөт куралары айтылып, бирок анын курамы дээрлик өзгөргөн эмес.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө камылга

Башмыйзам

Президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев азыркы Баш мыйзамда өлкө эгемендигине жана улут коопсуздукка шек келтирген нормалар бар экенин айтып, чукул арада өзгөртүү зарыл деп билдирүү жасады.

Табалдиев Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча чечимин мисал келтирди. Азыркы Конституция кабыл алынып жатканда аны 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу атайын жобо да жазылган болчу.

Бусурманкул Табалдиев билдирүүнү 27-апрелде Коомдук телеканалдын кечки жаңылыктар бөлүмүндө жасады.

Билдирүү кылдат даярдалып, тартылгандыктан эксперттик чөйрөдө бул президенттин позициясы катары кабыл алынды. Табалдиев азыркы Баш мыйзамда олуттуу алешемдиктер ачыкка чыкты деп айтты:

- БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаров боюнча чечимине байланышкан жагдайда бир чындык айгине болуп турат. Биздин Конституцияда Кыргызстандын эгемендиги менен улуттук коопсуздугуна шек келтирген айрым бөлүктөрү бар экенине жаныбыз кейүү менен күбө болуп отурабыз. Менин көптөгөн кесиптештеримде Конституцияны иштеп чыгууга коопсуздук чөйрөсүндөгүлөр тартылган эмес го деген ой туулуп жатат. Илимпоздор менен эксперттердин атайын тобун түзүп, терең талдап туруп Баш мыйзамда катылган “миналарды” кантип жок кылуу сунуштарын берсе туура болоор эле.

Бусурманкул Табалдиев
Бусурманкул Табалдиев

Бусурманкул Табалдиев БУУнун Азимжан Аскаровго байланыштуу чечимин сынга алды жана анын кесепети оор болорун эскертти:

- БУУнун ошол эле адам укуктарын коргойт деген комитети кандайдыр бир диний террорчуларга же этнос аралык кастыкты жаккандарга карата ушундай чечим кабыл алганын элестетип көргүлө. Башкача айтканда, кайсы бир укук коргоочу сөрөйлөр БУУнун комитетинин чечимин бетине кармап алып, Кыргызстандан экстремисттерди бошотууну талап кылса, анын арты террордук тополоңго алып келсечи же жай тургундардын каны төгүлсөчү? Мунун жанында Аскаровду бошотуу талаптары баланын оюнундай эле болуп калат. Аталган комитетте 18 эксперт иштейт. Чечим 12 добуш менен кабыл алынат. Мына ошол 12 адамдын арасында Кыргызстан кайсы жерде экенин билбегендер да бар болушу мүмкүн. Анан ушулар бүтүндөй бир өлкөнүн тагдырын чечеби?

Талаш-талкуу азыркы Конституциянын Адам укуктары жана эркиндиктери деп аталган экинчи главасындагы 41-берененин экинчи бөлүмүнө байланыштуу чыгып жатат. Ал жерде “Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргызстан аларды калыбына келтирүү же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт” деп жазылган.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

2010-жылы азыркы Баш мыйзамды даярдаган кеңешменин мүчөсү, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова бул берене жарандык коомдун сунушу менен киргенин айтып берди:

- Эл аралык укукпу, же улуттук укук үстөмдүк кылышы керекпи деген маселе дайыма бар. Анан бул маселени ар бир мамлекет өзү чечет. Бир топ мамлекеттер эгер эл аралык укук менен улуттук укуктун ортосунда келишпестик болсо, анда үстөмдүк эл аралык укукка берилет деген норманы өз Баш мыйзамдарына киргизген. Мисалы, биздин Жарандык-процессуалдык кодексте деле ошондой берене бар. Азыркы Баш мыйзамга да киргизгенбиз. Ага чейин андай берене жок болчу. Анан биз адам укуктары деген бөлүмгө күчөтүп туруп киргизип койгонбуз. Эл аралык нормалар боюнча ар бир адамдын ошондой укугун эч ким чектей албайт. Эгер андай норманы өз Конституциябыздан алып салсак деле андай укуктан ажырап калбайбыз. Баары бир БУУнун комитетине кайрылган укугубуз болот. Мындай норма эл аралык келишимде көрсөтүлгөн. Ал биздин Баш мыйзам эл аралык келишимден келген. Эгер биз аны аткарбасак, БУУнун аны аткартуу боюнча өзүнүн механизмдери бар.

Кыргыз коомчулугунда соңку учурда Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу көбүрөөк айтылып жатат. Бул демилгени президент Алмазбек Атамбаев өзү да колдоорун былтыр жаңы шайланган парламенттин алгачкы жыйынында билдиргени белгилүү. Бирок азыркы Конституциянын "атасы" деген каймана ысымды алып жүргөн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев мындан эки күн мурун эле Баш мыйзамды өзгөртүүгө эч ким деле кызыкдар эмес деп билдирген эле:

- Формалдуу эмес чөйрөдө бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин билдиришти. Азыркы абалы баарын канааттандырат. Негизги саясий күчтөр Баш мыйзам өзгөрүүсүз калуусун каалайт деп билдирем.

Азыркы Конституция 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган. Өлкөнүн эгемен тарыхында Баш мыйзам бир канча жолу өзгөргөн. Ар өзгөргөн сайын президенттин бийлиги күчтөнүп келген. Ошол тажрыйбаны эске алганда, бул ирет дагы Конституцияны өзгөрткөндө авторитаризмге жол ачылышы ыктымал деген кооптонуулар жаралууда.

Президент жерди коргоп чыккандарга алкыш айтты

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00
Түз линк

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Тышкы иштер министрлиги. 2016-жыл

Чет жердеги кыргыз элчиликтеринде иштеп жүрүп, Кыргызстандын беделине көлөкө түшүргөн дипломаттардын кылык-жоруктары иликтенет. Пара алган, аткезчилик менен алектенген же бейбаштык кылык-жоругу ашкереленген дипломаттар аныкталган.

Буга байланыштуу парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети убактылуу депутаттык комиссия түздү. Ага чейин чет өлкөлөрдө пара алган, аткезчилик менен алектенген же бейбаштык кылык-жоругу менен иштен кеткен дипломаттар Тышкы иштер министрлигиндеги калың байланыштары аркылуу кайрадан кызматка кайтып келген учурлар ачыкка чыккан эле.

Депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети чет өлкөдө элчиликтер менен консулдуктарда иштеп жүрүп, туура эмес жүрүм-туруму менен белгилүү болгон дипломаттардын ишин изилдеп чыкмай болду. Буга Пакистандагы, Тажикстандагы, Казакстандагы жана Кытайдагы кыргыз элчиликтеринин айрым кызматкерлеринин кылык-жоруктары негиз болгон.

Эми депутаттык комиссия мына ошол туура эмес жүрүм-туруму жана мыйзамга жатпаган кылык-жоругу үчүн жумуштан кеткендердин айрымдары кайра кызматка орношкон фактыларды иликтөөгө киришти.

ТИМ
ТИМ

Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары Абдувахап Нурбаев бул тууралуу мына буларга токтолду:

- Дипломаттар чет өлкөгө мамлекеттин атынан баргандан кийин өздөрүн жакшы алып жүрүшү керек эле. Мамлекеттин беделине көлөкө түшүргөн дипломаттар тууралуу маалыматтар чогулду. Пакистандагы элчиликтин кызматкерлеринин пара талап кылганы, Бээжиндеги элчиликте кытайлык ишкерлердин акчасын алдап алганы тууралуу маалыматтар бар. Тажикстандан дагы нааразылык нотасы түшүптүр. Биз мына ошолордун бардыгын изилдеп чыгышыбыз керек.

Кылык-жоругу менен Кыргызстанды тааныткандар

2008-жылы “Манас” аба майданынан Лондонго багытталган контрабандалык тамекини "дипломатиялык жүк" деп каттаган фактынын бети ачылган. Бул боюнча атайын кызмат Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Канат Турсункуловго жана консулдук кызматтын башкы адиси Шамил Кайкиевге кылмыш ишин козгогон. Кийин ал дипломаттардын аракетинен кылмыштын курамы табылбай, алар кызмат ордун сактап калышкан.

Ошол эле Шамил Кайкиев 2013-жылы Москвадагы кыргыз элчилигинде вице-консулдук кызматта турганда жол-кайгуул полициясына кармалган. Кайкиев учурдагы тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиевдин иниси. Ошондуктан ал сөгүш менен гана чектелип, борбордук аппаратка кайтып келген.

2012-жылы Польшанын Белосток шаарында контрабандалык тамеки ташып баратып Дмитрий Ли жана Айгүл Жээнкулова деген эки кыргыз дипломаты кармалган. Дмитрий Ли учурда Тышкы иштер министрлигинин эл аралык укук департаментинин бөлүм башчысы. 2013-жылы Бээжиндеги кыргыз элчилигинин үч кызматкери кытайлык ишкерлерди алдап, акча алганы үчүн кызматынан айдалган. Алар - Эрмек Кыштобаев, Узарбек Кемелов.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов бул жагдай туурасында мындай ойдо:

- Кыргызстанга Кытайдан делегация келмек экен. Ошол делегацияга кошобуз, виза даярдап беребиз жана ишкердик макулдашуусуна жетишүүгө жардамдашабыз деп алар ири өлчөмдө акча котортуп алып, бирок айткандарын аткарбай коюшкан. Анан Кытай жарандары өздөрүнүн атайын кызматтарына арызданган экен. Ошондо ал жактан нота келип, ошого байланыштуу ал дипломаттар кызматтан алынган. Бирок көп өтпөй эле алар кайра Тышкы иштер министрлигине кызматка орношуп алышкан. Мамлекеттин беделин түшүрүп, дипломаттын этикасына сыйбаган иштерди жасаганы үчүн алардын бирөөсү дагы жазаланган эмес.

Көзгө көрүнбөгөн кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыз элчилигиндеги паракорчулук фактыларын четке кагып келген. Бирок бул жолу тышкы саясат мекемеси чет өлкөдө одоно кылык-жоругу менен таанылган дипломаттарга карата кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн ырастады. Бирок ошол эле кезде тышкы саясат мекемеси иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча айрым дипломаттардын мыйзамсыз иш-аракеттери ырасталган эмес деп эсептейт.

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков депутаттык комиссия менен кызматташууга даяр экенин айтты:

- Депутаттык комиссия түзүлүп, Тышкы иштер министрлигинин кандай иштеп жатканын иликтөөгө алууга алардын албетте укугу бар. Анткени эл аралык иштер боюнча комитет биздин ишти көзөмөлдөп турушу керек. Бирок бизде жанагы айтылган фактылар боюнча мурда эле кызматтык иликтөө болуп, анын жыйынтыгы чыккан. Ошонун негизинде мисалы үчүн Кытайдагы элчиликтин айрым кызматкерлери иштен кеткен. Алардын айрымдарынын жасаган иши далилденген эмес деген негизде алар учурда жумушун улантып жатышат.

Жакында эле бир катар укук коргоочулар жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү таратканы үчүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин кызматына шайкештигин кароо боюнча маселе көтөрүп, анын отставкага кетүүсүн талап кылышкан болчу.

Назарбаев: Жалган маалымат тараткандар жазалансын

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00
Түз линк

Түркиядагы секуляризм талашы

Парламент спикерине нааразылык билдирип, парламент имаратына келгендер полиция менен тирешүүдө. Анкара, 26-апрель, 2016-жыл.

Түркияда президент жана премьер-министр өлкөнүн жаңы Башмыйзамында секуляризм принциби сакталат деп ырасташты. Мунун алдында парламент спикеринин аталган жобону Конституциядан алуу чакырыгы нааразылык жараткан эле.

Премьер-министр Ахмед Давутоглы жаңы Конституцияда да секуляризм принциби калтырыларын азыр өзү лидерлик кылган АК партиянын шаршемби күнкү жыйынында билдирди:

- Жаңы Конституцияда секуляризм болот. Биз адамдардын диний жана ишеним эркиндиктери кепилденген принциптерди даярдап жатабыз. Бул ошондой эле мамлекеттин диний тайпалардын баарынан бирдей аралыкта турушун кепилдейт. Биз адамдын ар-намысын урматтаган, адамдын укуктары менен эркиндиктерине негизделген демократиялык Конституцияны каалайбыз.

Премьер – министр Давутоглы бирок жаңы Баш мыйзамда өкмөт “авторитардыкка” эмес, "либералдуу секуляризмге" басым жасарын кошумчалады.

Өкмөт башчынын алдында Хорватияда иш сапарда жүргөн жеринен Түркиянын жаңы Конституциясында секуляризм принциби сакталарын президент Режеп Тайып Эрдоган да ырастады.

Эрдоган АК партиянын өкүлү, Конституцияны кайра жазуу ишине жалпы жетекчилик кылып жаткан парламент спикери Исмаил Кахрамандын айткандарын бийликтеги саясий күчтүн эмес, саясатчынын “жеке көз карашы” деп сыпаттады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00
Түз линк

Парламент төрагасы 25-апрель күнү Стамбулдагы жыйында сүйлөп жатып, Баш мыйзамдан секуляризм принцибин алууга үндөгөн эле:

- Бир жагынан жаңы Конституцияда секуляризм болбошу керек. Дүйнөдө Конституциясында мындай нерсе жазылган үч эле мамлекет бар. Алар Франция, Түркия жана Ирландия. Мындай аныктама башкаларда жок. Соттор болсо муну каалагандай чечмелешет. Мындай нерсе болбошу керек. Биздин Башмыйзам диний түшүнүктөн качпашы зарыл. Дин анда каралышы керек.

Түркия парламентинин төрагасы Исмаил Кахрамандын бул сөздөрү коомчулуктун секуляризмди жактаган, диндин коомдогу ролу кеңейүүсүнөн чоочуган катмарында дароо нааразылыкты жаратты. Анкарада парламент спикерин, АК партияны айыптагандардын тобу көчөгө да чыгышты.

"Cекуляризм кетсе, караңгылык каптайт"

Түркиянын парламенттеги башкы оппозициялык партиясы - Республикалык элдик партиянын депутаты Махмут Танал мындай дейт:

- Биз бул жерге мамлекеттин секулярдык мыйзамдарын коргоо үчүн келдик. Бул принцип мамлекетти жана Түркиянын элин бириктирген орток негиз болуп турат. Эгер биз секуляризмди Конституциядан алып салсак, биз Жакынкы Чыгыштан көрүп жаткандай диний согуштар бул жерде да башталат. Эгер секуляризм болбосо бизди караңгылык каптайт, бул өлкөгө халифат келет.

Оппозициядагы Элдик Республикалык партия парламент төрагасын кызматтан кетүүгө, бийликтеги АК партияны эгер ал Исмаил Кахармандын секуляризмге каршы сөзүн чындап колдобосо, муну аны кызматтан кетирүү менен далилдөөгө да чакырды.

Түркиянын азыркы Конституциясынын башаты 1924-жылга барып такалат. Ислам мамлекеттин расмий дини катары Башмыйзамдан ал кабыл алынгандан төрт жылдан кийин алынган эле.

Мустафа Кемал Ататүрктүн доорунда жасалган бул кадамды тарыхчылар заманбап, демократиялык, секулярдык Түркиянын калыптанышына негиз болгон деп эсептешет.

Бийликте 2002-жылдан бери турган, тамыры исламчыл партияга барып такалган АК партия, асыресе анын негиздөөчүсү, президент Эрдоган Конституцияны өзгөртүү маселесин күн тартибине соңку эки-үч жылдан бери чыгарууда. Мындагы мүдөө катары буга чейин президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү экени айтылган.

АК партиянын 550 орундуу парламентте азыр 317 добушу бар. Баш мыйзамдын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуу үчүн кеминде 330 добуш талап кылынат.

Бул АК партияга парламенттеги башка саясий күчтөрдүн айрым депутаттарын да көндүрүүгө туура келет дегенди билдирет.

Түркия: Секуляризмди жактоочулардын нааразылыгы. Анкара, 25-апрель, 2016-жыл.

Жогорку Кеңешке төрага шайланды

Жогорку Кеңешке төрага шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

КСДП менен Турсунбековго оомат ооду

Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланды.

Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 120 депутаттын 88и колдоду. Фракциялар Турсунбековду колдой турганын алдын ала билдирген соң шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй эле болду. Ошентсе да шайлоо учурунда добуштарды көзөмөлдөөгө аракет кылган учурлар байкалып турду.

Өткөн жумадагы спикер шайлоодон айырмаланып, бул жолу бюллетендерге КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиевдин ысымы жазылды.

Бир жума мурун болгон спикер шайлоодогудай эле бул жолу да эсептөө комиссиясын “Республика Ата-Журт” фракциясынын өкүлү Мирлан Жээнчороев жетектеди. Ал шайлоо алдында депутаттарды добуш берүү бюллетенин телефондун камерасына тартууга тыюу салып, башка түстөгү калем сап менен добуш бербөө жана бюллетенге кандайдыр бир белги койбоого чакырды.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бирок ага карабай добуш берүү башталганда эле “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев добуштарды көзөмөлдөө башталганын айтып, бурмалоо жүрүп жатканына тынчсызданды.

- Депутаттарды таза добуш берүүгө чакырам. Азыр айрым депутаттар бюллетенди үч-төрт бүктөп, атайын белги кылып жатат. Бул жакта бир сүрөтчү сүрөткө тартып атат, ошол адам сыртка чыгып турсун. Таза добуш берсек, эртең абийирибиз да таза болот.

Жогорку Кеңешке төрага шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Депутат Алтынбековдун миссиясы

Добуш берүү учурунда эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири, “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Айбек Алтынбековдун урнага бараткан жолдо турганы журналисттерге түшүнүксүз болду. Ал эми айрым депутаттар кабинага жете электе эле Алтынбековго бюллетенди көрсөтүп жаткандай болду.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы Мирлан Жээнчороев “Азаттыкка” билдиргендей, депутат Айбек Алтынбековдун миссиясы депутаттарды бюллетенди сүрөткө тартып албоосун көзөмөлдөп турушу керек эле.

- Акыркы шайлоодон айырмаланып, бул жолу уюлдук телефондорду жанына алып барбасын, жанында дагы башка аппарат болбосу үчүн атайын көзөмөлдөп турганга бир адамды койгонбуз. Алтынбеков ошондойлорду көзөмөлдөп жатты. Бардыгыңар көрдүңөр кабинага бирден гана депутат барып, андан ары урнаны карай басып жатты, шайлоо процессинде одоно эреже бузуу деген болгон жок.

Шайлоо учурундагы дагы бир кызык жери добуштар саналып бүтө электе эле комиссиянын мүчөлөрү Турсунбековдун колун кысып куттуктап жатышты. Жыйынтыгында 88 добуш менен Турсунбеков алдыга озсо, 26 добушка ээ болгон Исхак Масалиев жеңилгенин моюнга алып, жаңы спикердин ишине ийгилик каалады.

Жогорку Кеңешке төрага шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Бийлик бир колдо

КСДП фракциясы төрагалык орунга ээ болгон соң, Социал-демократтар толугу менен Кыргызстандагы бардык жогорку бийлик бутактарын колго алды. Бир жума мурун премьер-министрлик орунга Сооронбай Жээнбеков келип, ал дагы КСДП партиясынын чечими менен бул кызматка келгенин кабарлаган.

Курманбек Дыйканбаев
Курманбек Дыйканбаев

Мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, КСДП акыркы жылдары буга чейинки президенттин партияларындай толук бийликти колго алуу максатын көздөп келген. Ошол эле учурда бул көрүнүш башка партияларга жоопкерчиликти КСДПга оодарып коюуга жакшы мүмкүнчүлүк берип жатат.

- Биринчиден, коалициянын ичинде ынтымак жок. Бир коалициядан эки талапкер чыкканы ынтымактын жоктугун көрсөтүп жатат. Экинчиден, башка партиялар эртең жоопкерчиликтен жеңил кутулат. Себеби, КСДП бардык бийликти колго алып алды.

Жаңы спикер Чыныбай Турсунбеков КСДПнын тегерегинде жогорку бийликтин чогулушун элдин жана парламенттин көрсөтүп жаткан ишеничи деп айтып, буга чейинки төрага шайлоону мисал келтирет.

- Баарынар билесиңер, буга чейин Исаев менен Төрөбаев спикерликке талапкерлигин көрсөттү. Бирок экөө “ит жыгылыш” болуп, тилекке каршы төрага шайланбай калды. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы талапкер катары мени жылдырды. Мына ошондуктан КСДП бардык бийликти бир колго чогултуп жатат дегенден алысмын, бул - ишенимдин белгиси.

Жаңы шайланган спикер Чыныбай Турсунбековдун 2014-жылкы декларациясында көрсөтүлгөнгө караганда 11,5 миллион сом киреше тапкан. Туугандары жети батирге, жер тилкесине, үч имаратка, алты компаниядан үлүштөргө ээлик кылышат.

Бийликке келген 2010-жылдан кийин анын туугандары Бишкек арак-ликер заводун, азыр Capital Bank деп аталган мурдагы “Акылинвестбанк” ачык акционердик коомун сатып алышкан.

Масалиев: Cаясий монополия жакшылыкка алып келбейт

Исхак Масалиев

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 120 депутаттын 88и колдоду. Исхак Масалиев 26 добуш алды.

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоодо Чыныбай Турсунбековго атаандаш болгон Исхак Масалиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Исхак мырза, президенттин партиясындагы адам спикер болгонун кандай кабыл алдыңыз?

Масалиев: Мен чыгып сүйлөгөндө саясий монополия жакшылыкка алып келбейт деп өз пикиримди айттым. Аны түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар. Биздин тарыхыбызда мындайлар болгон. Өз мезгилинде Коммунисттер партиясы, кийин “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” партиялары саясий монополияга аракет жасаган, жакшылык менен бүткөн эмес.

“Азаттык”: Айрымдар бийликтин бир гана партияга берилиши экинчи жагынан жакшы деп жатышат. Анткени жоопкерчиликти талап кылганда бир партиядан сураган жакшы деп?

Масалиев: “Ак жол”, “Алга Кыргызстан” болгондо да ушундай деп айтышкан да. Бир адам жоопкерчилик алса, жакшы болот эле деген сөздөр анда да айтылган болчу. Мен ошол мурдагы сабакты унутпагыла деп эскертип жатам. Себеби тарыхта бир окуянын кайталана бере турган адаты бар.

“Азаттык”: Сиз парламентте эгер мен шайлансам, бардык депутаттарга бирдей мамиле кылам деп айттыңыз. Жаңы шайланган төрага бирдей мамиле кылабы депутаттарга?

Масалиев: Туура, мен ошентип айттым. Ал (Чыныбай Турсунбеков) тең мамиле кыла албайт баары бир. Себеби ал башкаруучу партиянын мүчөсү, ошол партиянын активистти, каалайбы, каалабайбы, тең боло албайт. Менин антип айтканымдын себеби мындай: мен азыр “Өнүгүү-Прогресс” партиясында болгонум менен өзүм Коммунисттер партиясынын төрагасымын. Ошон үчүн депутаттарга тең кароодо ал кишиге караганда менде көбүрөөк мүмкүнчүлүгүм бар эле.

“Азаттык”: Чыныбай Турсунбековдун шайланышы саясий соодалашуунун жыйынтыгы болгон жокпу?

Масалиев: Жок. Мен антип айталбайм. Менин билишим боюнча соода болгон жок. Фракциялар өз ыктыярлары менен колдоп беришерин алдын ала эле айтышкан болчу. Бирок кызыктай жагдай болду. Оппозиция табияты боюнча атаандаш талапкер чыгарышы керек эле. Оппозиция атаандаш чыгарбай, колдоого даяр болгону – мени өкүндүрө турган ойлорго түрттү. Же оппозициядагы партиялар, айрыкча “Республика – Ата Журт” толугу менен КСДПга жоопкерчиликти өткөрүп беребиз, анан сындаганга жеңил болот деген ойдо, же башка бир ойдо болдубу, билбейм. ​

“Азаттык”: Буга чейин талдоочулар жаңы спикер шайланыш керек болгондо эле Чыныбай Турсунбековдун атын айтып жатышкан, бирок Канатбек Исаев менен Төрөбаев талапкер катары чыгып, тең добуш алып калышты. Сиздин оюңузча бул жерде кандайдыр бир оюндар болуп кеткен жокпу?

Масалиев: Ал киши башында эле талапкерлигин көрсөтсө, каршылык болбойт болчу, бирок андай чечим болгон эмес экен. КСДП башка партияларга аракет кылып көргүлө деген мүмкүнчүлүк берди. Жыйынтыгында шайлануу учурунда эки талапкер 51ден добуш алып калды. Өзүм күбө катары айтсам, чынында эле ошондой тең эсеп болуп калды.

Ал эми бүгүнкү шайлоо боюнча айтып кетсек, КСДПнын активисттери мага жана “Өнүгүү-Прогресске” рахмат айтышы керек. Эгер альтернативасыз шайлоо өтө турган болсо, коомчулукта кичине туура эмес түшүнүктөр болуп калмак. Анан кечээ кечинде “Өнүгүү-Прогресс” менин талапкерлигимди сунуштады. Биз таң атканча үгүт кылып, өз фракциябыздагы 13 депутатка дагы 13 добуш кошконубуз бул жаман эмес.

“Азаттык”: Демек, сиз үчүн бул ийгилик?

Масалиев: Чоң деп айталбайм, бирок жаман эмес. Эгерде бизде бир жума убакыт болсо, жыйынтыгы кандай болот эле мен айталбайм...

“Азаттык”: Жаңы төрага кайра эле президентчил адам болуп калгандыктан, “чөнтөк парламент”, “чөнтөк төрага” болуп калат деген кооптонууларга кандай карайсыз?

Масалиев: Эми ал киши андай болбойм деп айтты, жыйынтыгы кандай болот, мен билбейм.

“Азаттык”: Жалпысынан алганда Жогорку Кеңештин төрагасы президенттен кийинки экинчи адам. Бирок азыр спикерликтин аброюн сиз кандай баалайсыз? Түшүп кеткен жокпу?

Масалиев: Жок. Мен бул нерсени башкачараак айтат элем. Биздин Конституцияга ылайык, парламенттик республика эмеспиз. Азырынча Жогорку Кеңеш өз ордун таппай жатат, азыр издөө процесси жүрүп жатат. Президент мурда жетектеген адамдын өкүлдөрү көпчүлүк болгондуктан, кыргызча эле баары “шефтен” сурайлы деп аракет кылып жатышат.

“Азаттык”: Ал эми спикерликтин аброю жөнүндө эмне айтасыз?

Масалиев: Спикерликтин аброю адамдан көз каранды го. Мисалы, мурдагы спикердин иши мага жаккан. Саясатка аралашпай, тынч иштерин кылганы мага жаккан. Басканы, сүйлөгөнү түз, ийри-буйру жүрбөгөнү жакшы болгон. Ал эми азыркы спикерди мен билбейм. Ал чоң бизнесмен. Мени чочулаткан гана бир нерсе – бизнес кызыкчылык менен саясий кызыкчылык аралашып кетпесе эле болду.

“Азаттык”: Мурдагы спикерлердин бири, саясий ишмер төрагалардын депутаттар менен жеке мамилелери, демилгелүүлүгү өтө маанилүү деп айтты эле. Бул жагынан алганда жаңы спикерди сиз кандай баалайсыз.

Масалиев: Азырынча айталбайм. Бүгүнү күнгө чейин ал фракциянын жана коалициянын жетекчиси болуп иштеген. Башка жетекчилик кызматта иштегенин мен билбейт экем. Ошондуктан мен баа бере албайм.

Жогорку Кеңешке төрага шайланды

Жогорку Кеңешке төрага шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Турсунбеков спикер болуп шайланды

 Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 120 депутаттын 88и колдошту. Исхак Масалиев 26 добуш алды.

Баарына каршы үч добуш берилген. Дагы үч бюллетень жараксыз деп табылды.

Спикер тандоо жашыруун добуш берүү аркылуу өттү. Добуш берүүнүн ачыктыгын камсыздоо үчүн он эки депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлдү. Талапкер Исхак Масалиев шайлоо ачык өткөнүн билдирди.

Парламент спикерлигине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Исхак Масалиев, КСДП, “Ата Мекен”, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” фракцияларынан Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлгөн эле.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Ал Жогорку Кеңешти төрт жарым жыл башкарган.

Жаңы спикердин таржымалы

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери жана ийгиликтүү ишкер Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, филология илимдеринин кандидаты, акын.

Токсонунчу жылдары Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, “Азаттык” радиосунун Түркиядагы кабарчысы,Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы өнүгүү агенттигинин (TIKA) Кыргызстан боюнча адиси өңдүү иштерди аркалаган.

Ишкердик менен 1994-жылдан алектене баштаган. 1997-2010-жылдары “Акун”, “Бишкек ун комбинаты”, “Кереге” акционердик коомдорун башкарып, Кыргызстан ишкерлер Биримдигинин президенти, Кыргызстан-Түркия ишкерлер кеңешине тең төрага болуп турган.

Ишкердик эмгеги үчүн 1999-жылы мурдагы президент Аскар Акаев “Даңк” медалы менен сыйлап, мыкты ишкер атыккан. Ошентип ал ун өндүрүү тармагында монополист болуп, эң бай адамдардын катарына кошулган. 2009-жылы Курманбек Бакиевди президент кылып шайлоо компаниясына Нарын облусу боюнча кол кабыш кылган.

2010-жылы октябрдагы шайлоодо Жогорку Кеңешке Алмазбек Атамбаев негиздеген КСДПнын тизмеси аркылуу келген. Президенттин колдоосундагы саясатчы ошондон бери Социал-демократтар фракциясынын алмаштыргыс башчысы болду. Парламенттик коалиция түзүү мандаты ага 2011-жылдан бери беш ирет берилди. Президентке жана ал түзгөн партияга алты жылдык ишенимдүү кызматынын аркасы тийип, эми Жогорку Кеңештин спикерлик кызматы буюруп олтурат.

2014-жылкы декларациясында көрсөтүлгөнгө караганда, саясатчы бул жылы 11,5 миллион сом киреше тапкан. Туугандары жети батирге, жер тилкесине, үч имаратка, алты компаниядан үлүштөргө ээлик кылышат.

Бийликке келген 2010-жылдан кийин анын туугандары Бишкек арак-ликер заводун, азыр Capital Bank деп аталган мурдагы “Акылинвестбанк” ачык акционердик коомун сатып алышкан.

Чыныбай Турсунбеков - маалымат каражаттары менен ачык-айрым баарлашууга жөндөмдүү саясатчы. Ал соңку жылдары бийликтин негизги чечимдерин да жарыялап жүрөт.

Бурьян: Евробиримдик Кыргызстанды колдоону күчөтөт

Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Питер Бурьян

Евробиримдик Кыргызстандын негизги каржылык донору бойдон калмакчы. Кыргызстанга берилип келген каржылык жардамдын көпчүлүгүн кайтарымсыз гранттар түзөт.

Мындан сырткары жакында Кыргызстанга Европа инвестициялык банкынан жеңилдетилген шартта насыя берүү боюнча макулдашууларга кол койулары күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын европалык стандартка тууралоо, товарларды текшерүү үчүн Евробиримдик Кыргызстанда лаборатория курууга көмөктөшө турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Питер Бурьян “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Евробиримдик үчүн Кыргызстандын орду

"Азаттык": Евробиримдик негизги баалуулук катары адам укугун жана демократияны өнүктүрүүнү башкы орунга койору белгилүү. Борбор Азияда башка коңшуларына салыштырмалуу демократияны өнүктүрүүгө умтулуп жаткан Кыргызстанга карата Евробиримдиктин саясаты эмнеси менен айырмаланат?

Питер Бурьян: ​Биз Кыргызстанга аймактагы парламенттик демократия жолуна түшкөн өлкө катары үмүт менен карай турганыбызды жашырбайбыз. Бул жагдайда биз Кыргызстандын бул жараянга өтүп жатканда аны колдоого алуу өтө маанилүү экенин түшүнөбүз. Кыргызстандын бул тандоосун ага эч ким таңуулаган жок. Өлкөнүн жарандары жана саясатчылары мына ушул өнүгүү жолун тандап алышты.

Мен мындагы кайсы бир өлкөгө башкаларына караганда көбүрөк артыкчылык беребиз деп айтпайт элем. Тескерисинче, биз аймактагы өлкөлөр менен кызматташууда алардын каалоосун, керектөөлөрүн жана артыкчылык берген багыттарын эске алабыз.
Петер Бурьян

Бул баалуулуктарды кабыл алуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги деп айтар элем. Анткени мамлекет парламенттик системаны тандоо менен жарандардын буга чейин күткөн үмүттөрүн жана талабын аткаруу аракетин баштады десек болот. Кыргызстан бул кыска убакыт аралыгында көп жакшы жыйынтыктарга жетишти. Евробиримдик бул багытта бардык тараптан аны колдоп, дайыма жардам берүүгө даяр. Анткени биз Кыргызстандын бул демократиялык тандоосун сыйлайбыз. Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча стратегиясында андагы ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн, дымагын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кызматташуу жагы каралган. Ошондуктан аймактагы биздин колдоо көрсөтүү программаларыбыз менен долбоорлорубуз дагы мына ошол принциптерге негизделген. Демек, мында Кыргызстан артыкчылык берген тандоосу боюнча Евробиримдик менен кызматташуунун өзгөчө жолунда турат.

Ар өлкөнүн “артыкчылыгына” жараша мамиле

"Азаттык": Евробиримдиктин өкүлдөрү Кыргызстан өзүнүн коңшуларына караганда демократиялык өнүгүү боюнча айырмалана турганын өзгөчө белгилеп келишет. Бирок иш жүзүндөгү кызматташууда Евробиримдик жаратылыш байлыгына көбүрөөк ээ болгон Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу мамлекеттерге басым жасаганын эмне менен байланыштырууга болот?

Питер Бурьян: Мен мындагы кайсы бир өлкөгө башкаларына караганда көбүрөк артыкчылык беребиз деп айтпайт элем. Тескерисинче, биз аймактагы өлкөлөр менен кызматташууда алардын каалоосун, керектөөлөрүн жана артыкчылык берген багыттарын эске алабыз. Мына ошондуктан биз аймактын ар бир өлкөсү менен кызматташууда эки тараптуу мамилеге көбүрөөк басым жасайбыз. Албетте, мында ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү көйгөйлөрү бар. Анын ичинде Кыргызстандыкы дагы. Бул тууралуу сиздердин өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшкөндө дагы аларды ачык талкуулаганбыз. Мени Кыргызстандын өкмөтү менен парламентинин өлкөдө реформаларды жүргүзүү ниети бар экени кубандырат. Биз реформаларды ишке ашыруу багытында сиздердин өлкөдөгү негизги үч тармакты аныктадык. Алар – билим берүү, саламаттыкты сактоо жана жергиликтүү коомдоштуктарды өнүктүрүү багыттары. Ошондой эле буга чейин сот-укуктук тармакты реформалоого колдоо көрсөтүү жана калкты социалдык камсыздоо механизмдерин иштеп чыгууга көмөктөшүү долбоорлорун баштаганбыз. Мунун бардыгы бийликтин жарандардын жашоосун жакшыртуусуна көмөктөшүүгө багытталган. Ошондой эле коррупция сыяктуу көйгөйлөрдү ооздуктоого колдоо көрсөтүү жагын аныктадык. Бул программалардын бардыгы жакынкы келечекте жакшы жыйынтыгын берет деген үмүттөбүз.

“Парламенттик демократияны колдоо улантылат”

"Азаттык": Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн ичинен биринчилерден болуп, парламенттик системага багыт алганы менен белгилүү. Бирок көптөрү анын жакшы жактарын айтканы менен, өксүктөрү дагы толтура экенин белгилешет. Евробиримдик Кыргызстанда чыныгы жана натыйжалуу парламенттик башкаруу үлгүсүн калыптандыруу үчүн кандайча жардам көргөзө алат?

Питер Бурьян: Бардык эле башкаруу системасынын, анын ичинде парламенттик башкаруунун дагы алсыз жактары жана кемчиликтери бар. Бирок демократияны өнүктүрүү үчүн эч ким эч кайсы жерде андан артык нерсени ойлоп таба элек. Биздин тарыхый тажрыйбаны алганда деле, элдер көчөгө чыгып, коомдогу чыңалууну жана касташууну чыр-чатактар аркылуу чечкенге караганда курч маселелерди парламенттик талкуулар аркылуу чечүү эң эле жакшы жана ыңгайлуу ыкма. Кыргызстандын соңку тарыхында элдик толкундоонун натыйжасында бийлик алмашкан учурлар дагы белгилүү. Ошондуктан сиздер мына ошол белгилүү окуядан соң туура жолду тандадыңыздар. Бул сиздердин өлкөнүн туруктуулугу үчүн абдан маанилүү. Сиздер шайлоо жолу менен өкмөттү, парламентти, керек болсо президентти алмаштыруу мүмкүн экенин далилдей алдыңыздар. Мына ошондуктан бул системаны мындан ары дагы өркүндөтүү жагы турат. Өткөн жумада ачык-айкын шайлоолор аркылуу демократияны өнүктүрүү боюнча программанын алкагында Кыргызстанга 13 миллион евродон ашуун каражат бөлүү тууралуу макулдашууга кол койдук. Анткени, сиздерде соңку шайлоолор тынч жана салыштырмалуу ачык өткөнүнө карабастан, шайлоочулардын тизмелерин тактоо, добуш берүү жана эсептөө системасын өркүндөтүү үчүн алдыңкы ыкмаларды киргизүү маселеси турат. Бул багытта Кыргызстандын өкмөтү менен парламенти алдыдагы шайлоолордун ачыктыгын камсыздоо үчүн бул долбоорду ишке ашырууну тездетүү жагын суранышканын дагы айтпай койууга болбойт.

Өлкөнүн өзгөчөлүгүнө жараша каржылык жардам

"Азаттык": Кыргызстан буга чейин көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүнү жарыялаган. Бирок кийинки кезде Кыргызстан Москвага ыктаган тышкы саясат жүргүзө баштады деп ачык эле айтыла баштады. Кыргыз бийлиги болсо 2010-жылдагы окуялардан кийин Евробиримдиктен Украинага көргөзүлгөндөй күрдөлдүү бир каржылык жардам ала албаганын айткан эле. Мунун себебин эмнеге байланыштуу?

Питер Бурьян: Мен өзү ошол кезде ким-кимге канчалык көп жардам көргөздү жана Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын кайсыл жакка карата багыттап жатат дегенге көп деле токтолбойун деген элем. Биз өнөктөштөрдү Евробиримдик менен башка бир мамлекеттин ортосунда алардын кайсы бирин так аныктап тандашы керек деп мажбурлабайбыз. Бул алардын өзүнүн эркиндеги иш. Анан дагы Евробиримдик Кыргызстанга жардам бере албай калган дегенге макул эмесмин. Ал керек болсо ошол учурда сиздердин өлкөгө баарынан көп жардам берди.

Бардык эле башкаруу системасынын, анын ичинде парламенттик башкаруунун дагы алсыз жактары жана кемчиликтери бар. Бирок демократияны өнүктүрүү үчүн эч ким эч кайсы жерде андан артык нерсени ойлоп таба элек.
Петер Бурьян

Мисалы, 2014-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкка белгилеп, биз Кыргызстанга 184 миллион евро кайтарымсыз грант бөлдүк. Бул деген Кыргызстанга жыл сайын 30-40 миллион евро кайтарымсыз грант берилип турат дегенди түшүндүрөт. Европалык инвестициялык банк болсо жакында эле жеңилдетилген шартта Кыргызстанга 70 миллион евро насыя берди. Мындан башка ал банктын өкүлдөрү бул жакка келип, таштандыларды кайра иштетүү, агроишкердикти өнүктүрүү жана суу ресурстарын пайдалануу тармактарын каржылоо боюнча дагы эки кредиттик макулдашууга кол коюп кетишет. Европадагы реконструкция жана өнүктүрүү банкы дагы жакынкы убакта бул жакка атайын келгени турат. Мына ошондуктан Евробиримдиктен ар түрдүү багыттар боюнча ири колдоолор буга чейин дагы болгон жана мындан ары дагы дагы боло бермекчи деп так кесе айта алам. Евробиримдик Кыргызстандын эгемендикти алган жылдарынан бери эң ири донор катары каржылык көрсөтүүдө. Колдоого жана өнүгүүгө берилген каражаттын көпчүлүгү насыя түрүндө эле эмес, кайтарымсыз гранттар иретинде белек катары сиздердин өлкөнүн бюджетине салынып жатат. Бул каражаттар, албетте, алдын-ала макулдашуунун шарттары боюнча жана реформаларды жүргүзүүнүн жыйынтыгына жараша бөлүнүп берилет.

Экономиканы Европа базарына ыңгайлаштыруу

"Азаттык": Канткен менен өлкө азыр деле ири каржылык жардамга жана реалдуу секторго чет элдик инвестиция тартууга абдан муктаж экени белгилүү. Азыр Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн төмөнкү пайыздык үстөктөр менен насыя бере турган европалык банктар жокко эсе. Эки тараптуу кызматташуунун алкагында мына ошондой маселелерди чечүү канчалык деңгээлде реалдуу?

Питер Бурьян: Ооба, биз бул тууралуу көп ирет сүйлөшкөнбүз. Азыр эми инвестициялык банк сыяктуу европалык каржы институттардын насыя берүү өлчөмү көбөйтүлүп, бул жакка келип жатканын дагы бир жолу кайталасам болот. Анын бардыгы азыр айыл чарба жана жеңил өнөр-жайды колдоо боюнча долбоорлорго багыттала турган болду. Бирок ошол эле кезде экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында дагы да болсо пайдаланылбай келген потенциал бар дегенге кошулам. Бул жакка чет элдик ири инвестицияларды тартуу үчүн бир топ факторлор бар. Алардын бири ишкердик үчүн жагымдуу инвестициялык климаттын болушу жана ар кандай тобокелчиликтерди азайтуу жагын айтсак болот. Бул багытта Кыргызстан үчүн дагы аткара турган бир топ конкреттүү иштер бар. Ошон үчүн биз соода-экономикалык байланыштарды күчөтүү максатында жаңы механизмдерди киргизип жатабыз. Евробиримдик Кыргызстанды ВСП+ макамын алган тогуз өлкөнүн тизмесине киргизди. Бул деген биз сиздердин компанияларга жана товар өндүрүүчүлөргө бажы төлөмдөрүсүз жана тоскоолдуктарсыз европалык рынокко киргенге шарт түзүлдү дегенди түшүндүрөт. Бул айрыкча Кыргызстандагы айыл чарба жана жеңил өнөр-жай товарларын Европага экспорттоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин айта алам.

"Азаттык": Албетте, теориялык жактан Кыргызстан Евробиримдиктин ВСП+ макамын алган өлкөлөрдүн тизмесине кирүү менен өндүргөн товарларын Европага экспорттосо болот. Бирок иш жүзүндө бул жакта өндүрүлгөн продукциянын техникалык регламентин жөнгө салуу жана европалык стандартка туура келтирүү жагы турат. Ошондуктан талдоочулар бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу бир топ эле кыйын экенин айтышууда. Бул маселени чечүүдө Евробиримдиктен чынында эле реалдуу жардам болобу же берилген макам кагаз жүзүндө кала береби?

Питер Бурьян: Биздин экономикалык жана соода байланыштарыбызды өнүктүрүү жана Кыргызстандын продукциясынын сапатын жакшыртуу үчүн бул системаны түзүп алуу чынында эле өтө маанилүү. Бул маселелерди чечүүдө дагы бир топ алдыга жылуу болгонун айта алам. Биз бул максатта Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга карата европалык стандарттарды киргизүү боюнча өлкөгө техникалык жардам көргөзмөй болдук. Бул үчүн Европага чыга турган продукциянын сапатын текшере турган эл аралык стандарттагы лабораторияларды куруу үчүн кыргыз өкмөтүнө каржылык жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Анткени европалык стандарттагы лабораториянын сертификатын алган продукциялар гана Европада таанылып, рынокко кире ала турганы белгилүү эмеспи. Бул багытта сиздер өндүргөн товарлардын сапаты гана эмес алардын Европа рыногундагы курч атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу иштерин карап чыгуу дагы бир топ маанилүү маселе.

"Евробиримдик Кыргызстанды колдоону күчөтөт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:58 0:00

"Евробиримдик Кыргызстанды колдоону күчөтөт"

"Евробиримдик Кыргызстанды колдоону күчөтөт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:58 0:00

Түз эфир: Спикерди шайлоо

Түз эфир: Спикерди шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 2:38:48 0:00

Төрөбаев: Акчанын күчүнө ишенбейм

Төрөбаев: Акчанын күчүнө ишенбейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:15 0:00

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев (ортодо), АКШ мамкатчысы Жон Керри жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни. Бишкек, 31-октябрь

Бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы боюнча баяндамасына одоно жооп кайтарды деген пикирде.

ТИМ 16-апрелде АКШ Мамдепартаментинин жылдык баяндамасын “Терең анализденбеген, геосаясий кызыкчылыкты камтыган документ” деп сыпаттап, ага жооп иретинде билдирүү тараткан.

Жарандык коом министрликтин мындай билдирүүсү дипломатиялык мамиле менен ченегенде өтө одоно экенин айтып, “бүтүндөй Кыргызстанды уят кылганы үчүн” тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.

“Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова министр Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы адам укугу боюнча жасалган иликтөөгө оң баа берүү ордуна, АКШны душман көрсөтүп, билдирүүнү саясатташтырганын сынга алды:

- Бизде “шайлоо таза өттү” деп дүйнөлүк уюмдар айтса, анда АКШ жакшы. Ал эми адам укугу жаатында чыныгы сүрөттү көрсөтсө жаман экен да. Биз тескерисинче, алар айткан сындан сабак алып, адам укугу менен сөз эркиндигин жакшыртып, кыйноолорду оңдоо ордуна чычалайбыз.

Бейөкмөт уюмдар Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүү АКШ Мамдепартаментине кескин сын менен жазылып, мазмуну Кремлдин саясатына үндөшүп калганын белгилешет. Анткен менен министрлик азырынча онго жакын бейөкмөт уюмдун Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылып жатканы боюнча үн ката элек.

Укук коргоочу Турсунбек Акун министр Абдылдаев кызматынан кеткен маалда деле тышкы саясатта АКШ менен кайым айтышуу токтобойт деген пикирде:

- Министр Эрлан Абдылдаевди алмаштырып койгондо деле сүрөт өзгөрбөйт. Биздин ТИМ Ак үйдүн көргөзмөсү менен иш алып барып жатканын баарыбыз билебиз. Ошондуктан бейөкмөт уюмдар министр Абдылдаевди эмес, ачык эле 7-кабаттагыларды айтса болмок. Башынан эле АКШ менен мамилени президент баш болгон бийлик бузуп баштабадыбы. Ошондуктан азыр министр деле эч кандай билдирүү кыла албай отурат, себеби Ак үйдөн билдирүү келе элек.

АКШ Мамдепартаментинин дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндама БУУнун көмөгү менен жыл сайын жарыяланып келет. Мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаев иликтөөгө саясий билдирүү жасоо ордуна, Кыргызстан көрсөткүчтү оңдоонун аракетин көрүшү керек деген пикирде:

- АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы боюнча отчетко Кыргызстан эгемен өлкө катары расмий жооп берсе да болот, жооп бербей койгонго да укуктуу. ТИМ мындай билдирүүнү өзү эмес жогору жактагылар менен кеңешип туруп чыгарат. Бирок АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнөн ала турган пайда да көп. Себеби, батыш өлкөлөрдүн адам укугун иликтөө мониторингинин тажрыйбасы чоң. Ошого жараша көп пайдалуу кеңештерди берет.

Талдоочулар 2013-жылы Украинадан башталган АКШ-Орусия мамилелеринин бузулушу Кыргызстанды тышкы саясатта бирөөнү тандоого мажбурлаганын айтышат. Натыйжада Орусияга ыктаган кыргыз бийлиги иш жүзүндө Вашингтон менен мамилесин суутуп алды. Анын башы 2014-жылы “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик борбору чыгып кеткенден кийин башталган.

Бир жыл мурун АКШнын Мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгынан соң, ТИМ расмий Вашингтонду сындап, ошондо да дипломатияда колдонулбачу сөздөрдөн турган билдирүү жарыялаган. Ага улай өкмөт 1993-жылы кол коюлган Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуу тууралуу келишимин денонсациялаган. Буларга кошумча жарандык коомдук каршылыгына карабай Орусиянын аналогунда жазылган “чет элдик тыңчылар” тууралуу мыйзамды кыргыз парламенти үчүнчү окууда кароо алдында турат.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кээ бир эл аралык маселеде кыргыз бийлиги эмоцияга алдырып, натыйжада тышкы саясатта Кыргызстан аксап жатат деген ойдо:

- Акыркы кезде геосаясий оюндар Борбор Азияда аябай күчөдү. Эл аралык абал кооптуу болуп турган кезде биздин бийлик акыл калчап, бардык жагынан таразага салып иш кылса болмок. Тилекке каршы ал бүгүнкү күндө сезилбей, тышкы саясатта эмоцияга алдырып атабыз.

Адам укугу жаатындагы дүйнөлүк анализде 2015-жылы Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын абалы начарлап баратат деп жазылган. Дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндөгү адам укугу тууралуу баяндамада Кыргызстандагы абал 36 баракта камтылып, анда кыйноо фактылары кеңири кулач жайганы камтылды.

Украина Бишкектен жооп күтүүдө

Крым

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги расмий Бишкек анын жөнөткөн нааразылык нотасына жооп бербей жатканына тынчсызданды.

Бишкектеги украин элчилиги Кыргызстандын миграция кызматы жарандарды Орусия аннексиялаган Крым жарым аралына жумушка чакырган жарыя боюнча өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине кат жолдогон. Анда кыргыз жарандарын орус бийлигинин уруксаты менен ал жакка жумушка жөнөтүү оккупацияланган жарым аралды эл аралык легитимдештирүү аракети катары колдонулушу мүмкүн экени эскертилген. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга азырынча үн ката элек.

Жооп күткөн украин элчиси

Буга чейин Украинанын элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык канал аркылуу “өтө чукул” деген белгиси бар кат менен нааразылык нотасын жөнөткөн. Анда Кыргызстандын миграциялык кызматынын жарандарды Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралына жумушка чакырган жарыяны эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк мамилеге карама-каршы келген кадам катары каралган. Анда кыргыз жарандары үчүн Ялта шаарындагы мейманканаларга иштөө үчүн 500 орун каралганы көрсөтүлгөн.

Украин элчилиги Ялтадагы орусиялык компаниянын чакыруусун кабыл алган кыргыз жарандары атайын каттоого алынып, аларга карата кийин жазана киргизиле турганын эскерткен. Украин элчиси Николай Дорошенко бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Биз жиберген нотада бул Крым автономиялык республикасын Орусиянын курамына эл аралык легитимдештирүүгө жасалган кадам болушу мүмкүн экенин белгиледик. Буга чейин кыргыз бийлиги Тышкы иштер министрлиги аркылуу Украинанын бүтүндүгүн ырастаган. Мен ошол тастыктама мындан ары дагы сакталат деген үмүттөмүн. Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын демилгесине карата айтканыбыз оң жагына чечилип, биздин чакырыгыбызга кулак салынат деген ишенимдемин. Биз эки ортодогу ишенимди сактап калууга кудуретибиз жетет деген ойдомун.

Крым жарым аралын Орусиянын курамына кошууну буга чейин эл аралык коомчулук тааныган эмес. Алардын катарында Кыргызстан да Украинанын мамлекеттик бүтүндүгүн урматтоодон баш тартпастыгын жарыялаган.

Кыргызстан жумушчуларын жөнөтсө, Крымды Орусиянын аймагы катары тааныган болот. Бул эл аралык эрежелерге туура келбей калат.

Кыргызстан менен Украинанын ортосунда визасыз режим бар. Бирок украин бийлиги чет элдик жарандарга аннексияланган Крымга кирүү үчүн Украина тарабындагы өткөрмө бекет аркылуу өтүп, паспортуна штамп бастыруу эрежесин киргизген.

Бирок орусиялык компания Ялтага жумушка чакырган кыргыз жарандары Орусия тарабынан кирүүгө мажбур болот.

Эреже бузуунун кесепети тийбейби?

Мурдагы элчи жана депутат Турсунбай Бакир уулу кыргыз бийлигинин чакырууну кабыл алуусун тышкы саясатка шек келтире турган кадамы катары баалады:

- Кыргызстан ошол аймакка жумушчу күчүн жөнөтөм десе, мында бир эле Украина эмес, Евробиримдик, АКШ сыяктуу мамлекеттер да ага карата реакция жасашы мүмкүн. Анткени Орусияга карата санкциялар мына ошол Крымдын айынан киргизилген. Анан эми Кыргызстан ЕАЭБге кирип, экономикалык оорчулукка кабылып турган чакта дагы бир туура эмес нерселерге учурасак, мунун өзү Кыргызстанга керек эмес нерсе. Кыргызстан желбеген самсыга төлөп калгандай болбошу кажет. Анан эми Орусия менен Украинанын маселеси курчуп турган кезде алардын ортосуна кыпчылып эмне кылат дейм да. Украина Крымды кайтарып алууга аракет жасоодо. Ал эми Кыргызстан жумушчуларын жөнөтсө, Крымды Орусиянын аймагы катары тааныган болот. Бул эл аралык эрежелерге туура келбей калат. Ошон үчүн Кыргызстан бул маселеде этият болгону эле оң болчу.

Биз жиберген нотада бул Крым автономиялык республикасын Орусиянын курамына эл аралык легитимдештирүүгө жасалган кадам болушу мүмкүн экенин белгиледик.
Николай Дорошенко

Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин нааразылык нотасы боюнча Тышкы иштер министрлиги расмий жооп кайтара элек. Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматы Крым жарым аралындагы “Ялта-Турист” компаниясынан кыргыз жарандары үчүн жумуш орундары боюнча сунуш түшкөнүн ырастап, бирок эч кандай келишим түзүлө электигин билдирди. Миграция кызматынын өкүлү Алмаз Алыбаев жумушка чакыруу боюнча сунуш жекече тартипте келгенин белгиледи:

- “Ялта-Интурист” акционердик коому жумуш берүүчү катары бизге кайрылган. Эки тараптын келишими түздөн-түз жумуш берүүчү менен түзүлгөн. Мамлекеттик деңгээлде эмес, эл аралык келишимдердин негизинде түзүлгөн локалдык акт болуп саналат. Жаңы жумуш орундары ачылып жаткандыктан, буга саясий боёк берилбеши керек. Крымда буга чейин өз алдынча барып иштеп жүргөн жарандарыбыз деле бар да.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги 22-апрелде Кыргызстандын миграциялык кызматынын Крым жарым аралына жумушка орноштуруу жарыясына бушайман болгон нааразылык нотасын жиберген. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кадамдын тууралыгын же туура эместигин белгилеген билдирүү тарата элек. Крым жарым аралы 2014-жылы Орусия аннексиялап алганга чейин Украинанын курамында болчу. Расмий Киев муну Орусия оккупациялап алган аймак деп атап келет.

Курманов: Ыңкылап - бийлик менен байлык бөлүштүрүү

Курманов: Ыңкылап - бийлик менен байлык бөлүштүрүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:06 0:00

"Элдик парламент" эмитен эле ыдырай баштады

“Элдик парламенттин” лидерлери Бекболот Талгарбеков жана башкалар

Өткөн жумада расмий түзүлгөн “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин 26-апрелге пландалган митинги кийинкиге жылып калды жана анын таасирлүү мүчөлөрү катарынан чыга баштады.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев “президентти мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү, анын Икрам Илмиянов, Фарид Ниязов, Чыныбай Турсунбеков өңдүү үзөңгүлөштөрүн жоопко тартуу” өңдүү талаптарын колдобой турганын айтып, уюмдун катарынан чыкканын жарыялады. “Элдик парламенттин” лидерлери болсо муну бийликтин кысымы менен түшүндүрүп жатат.

Уюмдун урааны

“Элдик парламент” коомдук бирикмеси Бишкек шаарында 26-апрелде борбордук аянтта кеминде 20 миң адам катышкан жыйын өтөт деп маалымдап жаткан. Уюмдун лидерлеринин бири Бекболот Талгарбеков иш-чаранын 12-майга жылып калган негизги себептерин мындайча билдирди:

- Бизге бир топ адамдар чыгып, Атамбаевге, бийликке аз эле убакыт берип койдуңар, силер айткан талапты терең ойлонуп карап чыгышы керек деп айтышты. Андан сырткары чет жердеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү биз дагы катышат элек, өз ара жыйын өткөрүп, өкүлдөрүбүздү шайлап алганга убакыт керек дешти. Андан сырткары, май айынын алгачкы күндөрү майрамдар болуп калат экен. Дагы бир себеби – биз башында 20 миң адам чогулат деп санын чектеп атканбыз, бирок буга дагы эмнеге чектейсиңер, 50-60 миң адам чогулат деп айткандар болду. Биз ушунча адам катышканы жаткан жыйынга жакшылап даярданышыбыз керек, коопсуздук чараларын баарын карашыбыз керек. Ошондуктан 12-майда өткөрөлү дедик.

"Элдик парламентке" башында мүчө болгондор
"Элдик парламентке" башында мүчө болгондор

“Элдик парламенттин” алгачкы жыйыны 12-апрелде Бишкекте өтүп, өткөн жумада болсо коомдук бирикменин түзүлгөнү расмий жарыяланган. Анда уюмга 25 жылдан кем эмес өлкөгө кызмат кылган адамдар киргени жана 105 адамдан турары айтылган. Оппозицияга да, бийликке да көз карандысыз саясий уюм болот деп белгиленген.

Кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаевден отчет алуу жана мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков жана Тургунбек Кулмурзаев өңдүү анын санаалаштарын жоопко тартуу боюнча элдик комиссия түзүү, июнь коогасына күнөөлүүлөрдү эл аралык сотто жоопкерчилигин кароо деген үч талап айтылган.

"Элдик парламент" урааны менен келишпегендер

Мындан көп узабай Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев жогорудагыдай талаптарды колдобой турганын айтып, коомдук бирикменин катарынан чыкканын жарыялады. “Азаттыкка” комментарий берип жатып өткөн айда коомдук-саясий кырдаал курчуп турган маалда Бекболот Талгарбеков баштаган айрым саясий ишмерлердин өлкө кызыкчылыгын коргоо, Евразиялык интеграцияны колдоо жана коррупциялык иштерге кириптер эмес саясий ишмерлердин башын бириктирүү өңдүү демилгесин колдогонун, кийин талаптары белгилүү болгондон кийин кошулбай турганын эп көргөнүн айтып берди:

- Түпкүлүгүндө мен элдин, жарандык коомдун активдүү болуп, өлкөдөгү окуяларга кайдыгер карабай, коомдук бирикмелерге, саясий уюмдарга биригишин колдойм. Анткени коом жигердүү болсо мамлекет алга жылат. Бирок баары Конституциянын, мыйзамдын чегинде болушу керек. Мен “Элдик парламентти” түзүү, аны уюштуруу өңдүү иштерине катышкан жокмун. Бирок башта айтылган, оппозиция менен бийликтин ортосунда калыс пикирин айтуу, оң-терс жактарын көрсөтүп туруу өңдүү сунуштарынан улам колдоп жаткам. Кийин алардын талаптары менен таанышып чыккандан кийин, ал талаптар менин принциптериме, конституциялык нормаларга ылайык келбейт экен. Бир жактуу экен. Мисалы, Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда отставкага кетсин деп, тогуз себебин аташыптыр. Атамбаевдин кемчиликтерин гана айтышыптыр, ал кишинин жакшы жактары да бар да. Калыс болуш керек да.

Кубанычбек Жумалиев
Кубанычбек Жумалиев

Парламенттеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев да Абдыганы Эркебаев менен кеңешкенден кийин “Элдик парламенттен” чыкканын “Азаттыкка” билдирди:

- Башында киргем. Анан башында бирди айтып, азыр башка нерсени айтып жатышат. Түшүнүксүз болуп калды. Ошондуктан Абдыганы Эркебаев экөөбүз кеңешип, бирдей чечимге келдик.

Шайлоону утурлай түзүлгөн уюмбу?

- Мына мурунку президент Аскар Акаев Кыргызстанга келе албай жүрөт. Бакиевдер да Атамбаев жана анын бийлигине нааразы. Мунун артында чоң саясий оюндар болушу мүмкүн.
Марс Сариев

“Элдик парламенттин” лидерлеринин бири Бекболот Талгарбеков таасирлүү саясий фигуралардын айнып жаткан себебин бийликтин кысымы менен түшүндүрдү:

- Мен Абдыганы Эркебаевге башында да, кийин ооруканадан чыкканда да “биз менен барам десеңиз барыңыз, барбайм десеңиз барбаңыз” деп айткам. Ооруканадан чыккандан кийин бийлик жактан кысым болуп жатканын, кызматынан айрылып да калышы мүмкүн экенин кыйыткан. Анда кызматыңыздан ажырап калуудан корксоңуз чыгып туруңуз дегем. Дагы бир мүчөбүз, Жеңиш Молдакматов деген жигит башында кирем деп кирип алып кайра чыгып, бийлик аркылуу чагым кылды. Биз эч кимди кармабайбыз, чыгам дегендер чыга берсин. Биздин баамыбызда дагы кеминде беш адам бийликтин кысымына чыдабай катарыбыздан чыгышы мүмкүн.

Марс Сариев
Марс Сариев

Талдоочулар жаңы саясий уюмга ар түрдүүчө баа берип жатат. Серепчи Марс Сариевдин баамында, президенттик шайлоону утурлай ар кандай максат, кызыкчылыкты көздөгөн саясий күчтөр активдешмекчи:

- Мына мурунку президент Аскар Акаев Кыргызстанга келе албай жүрөт. Бакиевдер да Атамбаев жана анын бийлигине нааразы. Мунун артында чоң саясий оюндар болушу мүмкүн. Президенттик шайлоонун айланасында чоң, Орусия, АКШ өңдүү глобалдуу оюнчулар да бар. Акаевдин, Бакиевдин топторунун артында чоң оюнчулар турушу мүмкүн. Бул бирикме жөн жерден чыккан жок. Абдыганы Эркебаев, Кубанычбек Жумалиев дегендер интеллектуал, академиялык чөйрөдө астейдил жүргөн адамдар. Мунун баары жөндөн жөн эмес. Шайлоонун утурлай мындай окуялар дагы болот.

“Элдик парламенттин” талаптарына азырынча бийлик расмий реакция кыла элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG