Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:55

Саясат

Кыргызстанда 150дөй интернет сайтка бөгөт коюлду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда экстремизм менен терроризмди жайылтат деп саналган 150дөн ашуун интернет-булактын ишине бөгөт коюлду.

Сайттардын көбү "Хизб-ут-Тахрир", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу ишмердүүлүгү Кыргызстанда тыюу салынган уюмдарга тиешелүү. Диний эксперттер жаштарды террордук топторго социалдык тармактар, сайттар аркылуу азгыруу уланып жатканын айтышууда.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, экстремисттик, террорчул уюмдарга таандык жана ушул багыттагы маалыматтарды тараткан деп таанылган 159 сайттын Кыргызстандын аймагында ачылышына бөгөт коюлду.

Мекеменин басма сөз катчысы Алмамбет Абдраманов белгилегендей, соттун чечими менен тыюу салынган сайттардын басымдуу бөлүгү "Хизб-ут Тахрир", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга тиешелүү.

- Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылы экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү маалыматтарды тараткан веб-сайттарды жабуу боюнча сотко 15 арыз жиберген. Анын натыйжасында 159 интернет-булактын ишине тыюу салынды.

Кыргызстанда "Хизб-ут Тахрир", "Талибан", "Ислам мамлекети", "Түркстанды бошотуу кыймылы", "Өзбекстан ислам кыймылы", "Ал-Каида" сыяктуу 20дай уюмдун, айрым диний агымдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Буга чейин социалдык тармактар жана Интернет боюнча адистер экстремисттик уюмдарга тиешелүү ондогон сайттар тоскоолдуксуз ачылаарын сынга алышкан. Интернеттеги "Facebook" сыяктуу коомдук түйүндөр аркылуу да барак ачып алып, дүйнөбий (светтик) демократиялык түзүлүштү кулатып, халифат курууга кыргыз тилинде үндөгөндөр да болгон.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиевдин пикиринде, сайттарды көзөмөлдөөгө каражат жана адистер жетишпейт. Ал элдин диний сабатсыздыгы жоюлуп, өзү эле экстремисттик материалдарды талдап окуй ала тургандай деңгээлге жетиши керек деп эсептейт.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Жөнөкөй эле сайттардын ичине деле экстремисттик материалдарды чыгарып койгондор болуп калып жатат. Мунун баарын карап чыгыш үчүн каражат да, адистер да тартыш. Бирок ошого карабай экстремисттик сайттарды жаап, аларга каршы иш жасап турган жакшы. Анткени "Ислам мамлекети" террористтик уюму сайттарды кандайча натыйжалуу колдонсо болорун көрсөттү. Материалдарды жарыялап, аны көргөн улуу-кичүү дебей азгырылып Сирияга кетишти. Сайттарга бөгөт койгону - бул күрөштүн бир эле жагы. Маселенин натыйжасы менен күрөш болуп жатат. Бирок ошол сайттардын мазмунун "бул экстремисттик сайт экен" деп окуган киши биле тургандай деңгээлге жетсек - ошондо жакшы натыйжа болот.

Башкы прокуратуранын арызынын негизинде 2016-жылы дагы жүзгө чукул сайттын ишине бөгөт коюлган. Адистердин айтымында, ошол эле интернет-булактар атын өзгөртүп же башка өлкөдөн туруп сайт ачып ишин уланта бериши толук ыктымал.

Диний серепчи Аман Салиев ушул тармакта отурган атайын кызматкерлер зарыл деп эсептейт. Анын айтымында, Интернет, анын ичинде социалдык тармактар жаштарды террордук топторго азгыруунун, өз тобуна тартыш үчүн тузак коюунун эң ыңгайлуу жолу катары кала берүүдө.

Аман Салиев.
Аман Салиев.

- Албетте, мындай сайттарды жабыш керек. Анткени адамдарды азгыруунун негизги булагы - бул Интернет. Бирок Башкы прокуратура тыюу сала албаган, жалпыга жеткиликтүү, глобалдуу сайттар бар да. Мисалы, "You Tube" сайтынан абдан көп видеоматериалдарды таба аласыз. Бир жылдары "ИГИЛге үгүттөө багытында эле 15 миңдей киши иштейт" деген маалымат чыккан. Булар жогорку квалификациядагы адистер, өтө чоң ресурс. Ал эми бизде сайттарга тыюу салуу бул күрөштө 100 пайыз жардам берет деп айта албайм. Бирок кандай болсо да маалымат алгандарды азайтышы мүмкүн. Бул бир жерди басып салсаң, экинчи жерден өсүп чыгып алгандай эле дайыма иштеп турчу гибриддик согуш. Негизи Интернеттеги маалымат агымдарын көзөмөлдөп, талдап, ага чабуул коюп, контрүгүт жүргүзүүчү жоон топ адамдардан турган борбор болушу керек.

Терроризм сөз менен жеңилбейт

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тыюу салынган топтордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, алар ачкан сайттар, барактар жабылып, жок кылынып турат. Мисалы, бул кызмат былтыр Башкы прокуратурага 62 сайтка бөгөт коюу боюнча сунуш киргизген. Кызматтын башчысы Ратбек Турусбековдун айтымында, учурда төртөөнүн иши кароодо турат.

- Бизде адистер жетиштүү. Убагында Интернет тармагынан таап, убагында чара көрүлүп жатат. Жаңы сайттар ачыла берет. Бирок биз аларды аныктап, алар сот аркылуу жабылып жатат.

Буга чейин УКМК Сирия менен Иракта болуп жаткан согушка жарандарды азгыруунун алдын алуу максатында Кыргызстанда экстремисттик болуп эсептелген уюмдардын сайттарына сот чечими жок эле бөгөт коюуну сунуш кылган.

Борбор Азияга террордук, экстремисттик идеяларды жайылткан 500-600дөн ашык ар кандай интернет-сайттар бар экени айтылып жүрөт.
Аларда жихадга, бийликке баш ийбөөгө, халифат курууга чакырган ураандар жана жардыргыч заттарды жасоону үйрөткөн сабактар кезигет.

5-январда президент Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алып, дүйнөдө коомду радикалдаштыруу жана экстремисттик, террорчулук идеяларды таркатуу өнөкөтү күчөгөнүн, бул көрүнүш Кыргызстанга да коркунуч туудуруп жатканын белгилеген.

Сирияга кеткен 29 тоңдуктун кийинки тагдыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:03 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Депутат делегацияга калпак кийгизгиси келет

Кыргызстандагы Калпак күнү. 3-март, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуш кылып жатышат.

Бул боюнча мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду. Ал арада "коррупцияга каршы күрөш, экология, экономика сыяктуу стратегиялык, орчундуу маселелер эл өкулдөрүнүн популисттик демилгелеринин көлөкөсүндө калып жатат" деп сындагандар да бар.

Жогорку Кеңештин депутаттары ​Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков калпакты герб, гимн, туу сыяктуу мамлекеттик символдорго теңөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында президент, премьер-министр, спикер жана башка делегация мүчөлөрү ак калпакты чечпей кийишин милдеттендирүү жагы да каралган. Мындай милдеттенме эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга да тийиштүү болот.

Нью-Йоркто өткөн түрк элдеринин парадына катышкан кыргыздар, 18-май, 2013
Нью-Йоркто өткөн түрк элдеринин парадына катышкан кыргыздар, 18-май, 2013

Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзамдын максаты - кыргыздын улуттук баш кийимин кастарлоо жана коргоо.

- Кыргызстандын өкмөтү, президенти болобу, депутаты болобу, чоң расмий иш-чара болгондо, чет өлкөгө чыкканда, делегаттар биз жакка келген учурда калпак кийип чыкса. Малайзияда, Индонезияда, араб мамлекеттеринде өз баш кийимдери менен чыгып эл менен учурашып, улуттук символун, тиричилигин көрсөтүп жатышпайбы. Бул жерде эң биринчи маселе - коргоо. Экинчиден, биздин атрибуттарды эл таанысын.

Күчтүү парламент демократиянын кепили

Күчтүү парламент демократиянын кепили

Буга чейин Бишкектин соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада итке калпак кийгизилгени кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга түшкөн. Бул маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, айрым депутаттар иш-чаранын уюштуруучуларын жазага тартып, ак калпакты сактоого үндөшкөн. Байбакпаев сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун иштеп чыгууга да ушул окуя себеп болгонун белгилеп жатат.

Депутаттардын бул демилгеси кызуу талкууланып, колдогондор да, сындагандар да чыкты. Улуттук идеяларды колдоп жүргөн экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков калпакты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү зарыл экенин айтып жатат.

- Мен жакында Казакстандын Олимпиадага катышкан спортчуларын көрүп таң калдым. Биздин чоң, Бакай калпакты кийип алышыптыр, ал эми биздин спортчулар кичине калпак кийип алыптыр. Жаман ичим күйдү, чынын айтканда. Негизи калпак казактарга караганда кыргыздардыкы да. Албетте, бул улутчулдук сезимди ойготот, каада-салт, үрп-адат, өзүбүздүн кийимибизди көтөрмөлөгөн жагынан бул жакшы.

Калпак кийген жигиттин ишине көңүл бурулса...

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков көп улуттуу Кыргызстанга бул осолураак көрүнүп каларын белгилеп жатат.

- Кыргыз экенибизди элге көрсөтүш үчүн идентификация кылып калпакты кийип жатканыбыз болбогон нерсе. Анда кыргыз кыздары элечек кийиши керек. Чапан кийип алып камчыны алып жүргөнүбүз деле жакшы. Ушуга көңүл бурбай деле койсо болот эле. Майдаланып кетишти Жогорку Кеңештин депутаттары, башка иштери жок болуп тургансып. Канча орчундуу маселелер болду, Казакстан чек араны жаап койгондо кыйын абал түзүлдү. Чукул жыйынга чогулуп ушул маселени чечкенге кудурети жеткен жок. Мөңгүнү талкалап жатканда билмексен болуп, көпчүлүк добуш беришти. Энергетика маселеси орчундуу болуп жатат. Эң негизги мыйзам - республиканын бюджет маселеси. Бир ай болобу, эки ай болобу элдик талкууга алып чыгып, комитетке салып, эл билип, ушунун тегерегинде сүйлөшкөндүн ордуна калпак жөнүндө маселени алып чыгып жатышат.

Жарандык активист Рита Карасартова чет өлкөлөрдөгү расмий иш-чараларда калпак кийип жүрүү сыймык экенин айтып, бирок бул өкмөт эле чечип койчу маселе экенин белгилеп жатат. Ал ошондой эле кийген кийимге эмес, калпак кийген жигиттердин жасаган ишине, ишиндеги тазалыгына маани берүү зарыл деп эсептейт. Рита айым учурда орчундуу болуп турган коопсуздук, экстремизм жана коррупцияга каршы күрөш маселелерине көңүл бурууга эл өкүлдөрүн чакырды.

Ал эми укук коргоочу Динара Ошурахунова Жогорку Кеңеш өзүнүн вазийпасын, күчүн сезбей жатат деген пикирде.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Мисалы коррупция, экология, коопсуздук маселелерине көңүл буруш керек. Азыр парламент аябай майдаланып кетти. Кийим-кечек, ким кандай сүйлөш керек дегенге көбүрөөк көңүл бурушат. Мазмун, контент дегенди ойлонушпайт. Калпак кийгенде эмне өзгөрүлөт, көтөрүлүп жаткан демилге Кыргызстанга кандай пайда алып келет? Аны бийлик башындагылар кийбесе деле тааныйт, мыйзамдаштырбаса деле кийип жүрүшөт. Бизге бир айда 30 мыйзамдын кереги жок. Бир жылга беш же үч болсо дагы, абдан керектүү, бирок иштей турган мыйзам кабыл алып бергилечи!

Буга чейин депутат Айнуру Алтыбаева улуттук кийимдер күнүн белгилөө демилгесин көтөргөн. Эл өкүлү Тазабек Икрамов намаз үчүн тыныгуу убактысын узартууну сунуш кылган. Ал мыйзамдар талкууга түшүп, бирок парламентте кабыл алынган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Түркия: өзгөчө кырдаал үч айга узарат

Түркиянын атайын күчтөрү, Стамбул, 18-июль 2016-жыл.

Түркия дээрлик бир жарым жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан өзгөчө кырдаал режимин дагы үч айга узартканы турат. Түрк өкмөтү мындай режим өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл десе, оппозиция ал бийликтин каршылаштарын куугунтуктаганга гана жардам берет деп сындап келет.

Түркия бийлиги 2016-жылдын июль айындагы 240 кишинин өмүрүн алган төңкөрүш аракетинен кийин өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялаган. Андан бери бул режим беш жолу үч ай сайын узартылып отуруп, акыркысынын мөөнөтү 19-январда аяктаганы турат.

Президент Режеп Тайып Эрдоган төрагалык кылган Министрлер кеңешинин дүйшөмбүдөгү жыйынан кийин өкмөт башчынын орун басары Бекир Боздаг өзгөчө кырдаал режими боюнча суроолорго жооп берди:

"Өзгөчө кырдаал режими дагы бир жолу узартылат. Эреже катары Улуттук коопсуздук кеңеши сунуш иретинде бул боюнча чечим кабыл алышы керек. Андан соң бул маселе министрлер кабинетинде талкууланат. Маселе Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибине коюлат".

Евробиримдик баштаган эл аралык уюмдар өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде эле бул аракет түрк бийлигине өлкөнү каалагандай башкарууга шарт түзөт деп сындашкан.

Кайсери шаарындагы камоолор, 25-апрель 2017-жыл.
Кайсери шаарындагы камоолор, 25-апрель 2017-жыл.

Мындай режим өкүм сүргөн бир жарым жыл ичинде Түркияда буга чейин болуп көрбөгөн "тазалоо амалдары" жүргүзүлдү.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетинин артында турат деп АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүленди жана анын тарапташтарын күнөөлөсө, Гүлен бул дооматтарды четке кагып келет.

Кантсе да төңкөрүш аракетинен бери Түркиянын аймактарында Гүлендин кыймылына тиешеси бар деген негизде кеминде 110 миңден ашуун киши кызматтан четтетилди. 50 миңдей киши камакка алынды. Жазага кабылгандардын арасында мамлекеттик кызматкерлерлер, полиция, билим берүү жана армия тармактарында иштегендер бар.

5-январда түрк президенти Эрдоган менен Парижде жолуккан француз лидери Эммануэл Макрон Түркияда журналисттер, окутуучулар жана студенттер соттолуп жатканына тынчсыздануусун билдирип, мыйзам үстөмдүгүн сыйлоо зарылдыгын белгилеген:

"Бардык лидерлер үчүн оңой болбогон бир жол бар. Ал - заманбап дүйнөдө мыйзам үстөмдүгүн жана демократияны камсыз кылуу жолу. Биздин демократия террорчулукка каршы бекем турушу керек. Себеби мамлекет өз жарандарын коргоого милдеттүү. Ошол эле учурда биздин демократиялар мыйзам үстөмдүгүн да сыйлашы керек".

Бирок түрк бийлиги Батыш мамлекеттеринде жана өлкө ичинде айтылган мындай айыптоолорду суу кечпейт деп мүнөздөйт. Ошондой эле өзгөчө кырдаал режими өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл экендигин, соттолуп жаткандар террорчул уюмдарга жан тартаарын белгилеп келет.

Француз президенти Макрон менен түрк лидери Эрдогандын Париждеги жолугушуусу, 5-январь 2018-жыл.
Француз президенти Макрон менен түрк лидери Эрдогандын Париждеги жолугушуусу, 5-январь 2018-жыл.

Мындай позицияны президент Режеп Тайып Эрдоган Макронго жооп кылып, Парижде кайра кайталады:

"Террор өзүнөн өзү түзүлө калбайт. Террор менен террорчуларды бапестеп өстүргөн багбандар бар. Ал багбандарды "ойчул" деп коюшат. Алар өз гезиттеринде ал тарапты сугарып турат. Ал жердин багбаны, акылманы катары аларды өстүрүшөт. Бир күнү ал адамдар маңдайыңа террорчу болуп чыга келет".

Өзгөчө кырдаал режиминин узартылышы менен катар "тазалоолордун" аягы да көрүнө элек.

2017-жылы декабрь айынын соңунда эле Түркияда мамлекеттик кызматтарда иштеген дагы 2756 киши террордук топко байланышы бар деген жүйө менен иштен бошотулду. Иштен алынгандардын 637си аскердик кызматкерлер, 360ы жандармерия өкүлдөрү, 150дөйү илим жаатында иштегендер, калганы университет кызматкерлери болгон.

Түркиянын Куралдуу күчтөрү кызматтан айдалган 40 миң адамдын ордуна жаңыларын алууга киришип жатканын быйыл январь айынын башында түрк мамлекеттик басылмалары кабарлап чыгышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өкмөт башчы ачуусун аппараттан чыгарды

Артем Новиков менен Кубанычбек Кулматов.

Премьер-министр Сапар Исаков Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндөгү мыйзам долбооруна жооптуу аткаминерлерге сөгүш берди. Өкмөт аппаратынын айрым кызматкерлери иштен алынды.

Сөгүш берүүгө жеткирген жагдай

Жыл жаңырар алдында Жогорку Кеңеш Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча президенттин каршы пикирин караш үчүн чукул жыйынга чогулган.

Анда мыйзамдын күчүнө кире турган датасы туура эмес жазылып калганы белгилүү болгон эле. Соңку окуя өкмөттүн, андагы кадрлардын жана мыйзам чыгаруучу органдын жоопкерчилиги тууралуу маселени дагы козгоду.

Өкмөт башчы Сапар Исаков "Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексин ратификациялоо келишими жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоодо алешемдикке жол берген бир катар аткаминерлерге чара көрдү.

Ага ылайык, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен экономика министри Артем Новиковго сөгүш берилди. Ал эми алардын орун басарлары Баккелди Түмөнбаев менен Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Евразия экономикалык биримдиги боюнча бөлүмдүн башчысы, бул биримдиктеги Кыргызстандын өкүлү Санжар Үмөталиев кызматтан алынды. Ошондой эле бул бөлүмдүн жетекчисинин орун басары баштаган беш кызматкер дагы иштен кетти.

Жыл жаңырарда, тактап айтканда, 30-декабрда парламент мыйзам долбоорундагы катага байланыштуу кезексиз жыйынга чогулган. Анда мыйзамдагы "президент кол койгон күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет" деген жазуу "2018-жылдын 1-январынан баштап" деген жазууга алмаштырылган.

Жоопкерчилик өкмөттө

Жогорку Кеңеште премьер-министр баштаган аткаминерлерге чара көрүү боюнча сунуш айтылган. Параменттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өкмөткө жоопкерчиликти караш үчүн 15 күндүк мөөнөт чектеген. Комитеттин төрагасынын орун басары, Социал-демократтар фракциянын депутаты Абдувахап Нурбаев негизги жоопкерчилик өкмөттө экенин белгиледи жана бул окуя аткаминерлерге сабак болушу керек экенин айтты:

- Биринчиден, жоопкерчилик демилгечилерде болот. Долбоордун демилгечиси өкмөт болгон. Биз эми "бул жалпы мамлекеттик деңгээлде чечилген маселе, бардык мүчө мамлекеттер кирип жатат" деп колдоп бергенбиз. Бирок бизде дагы долбоорлор юридикалык экспертизадан өтөт. Ошол жерден да негизи карап коюшса болмок экен. Бирок мөөнөтүн өкмөт карайт, бул алардын түз иши. Бул туура чечим болду. Биз ал тургай бир-эки министр иштен да алынса керек деп ойлодук эле. Сөгүш бергенине сөгүш берди, аппараттын айрым кызматкерлери иштен айдалды. Негизи бул аппараттагылардын иши болчу. Бирок бул башкаларга чоң сабак болушу керек. Акыркы окуя "ойгонгула" деп бетке муздак суу сепкендей эле болду.

Абдувахаб Нурбаев.
Абдувахаб Нурбаев.

Абдувахап Нурбаев соңку учурда парламентке "чала, бышпаган" мыйзам долбоорлору көп келе баштаганын кошумчалады. Муну ал Юстиция министрлигинин ишинин алсыздыгы менен да байланыштырды.

Сөгүш жана саясат

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев болсо өкмөт башчынын айрым аткаминерлерге сөгүш берүү тууралуу чечиминин башка да себептерин атады. Анын баамында, премьер-министр депутаттардын дооматынан арылыш үчүн ушундай кадамга барган:

- Өкмөт башчы вице-премьерлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлигин көрсөтүп жатат. Муканбетовдун талапкерлиги парламентте каралып жатканда депутаттар сындабасын, өзүнүн дарегине сын көбөйбөсүн деп сөгүш берип, анча-мынчаларды жумуштан алды. Буларда ишин карап, жакшы иштеди, жаман иштеди деген талдоо жок. Эми айрым депутаттар премьерди "азамат экен, өткөндө биз айтканды жасады, чара көрдү" деп мактайт. Саясат болгону ушул. Ал жөн эле бир канча адамдарды курмандык кылды, сөгүш берди. Кубанычбек Кулматов керек болсо ошол күнү кызматка отурган. Мындан бир дагы жетекчи жыйынтык чыгарбайт. Булар аткаминерлерди жоопкерчиликке чакырып, алардын иши начар болгон үчүн же мыйзамдарды карабай койгону үчүн, бюджетти толтурбай койгон үчүн бир дагы жетекчиге сөгүш бербейт. Анткени бардык жетекчилер шайлоодо иштеп берген. Бирөөгө сөгүш берейин десе ал азыркы же мурдагы президенттин жакыны болуп чыгып калат. Колу-буттары тушалган, сөгүш бере албайт.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Мурунку депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, мамлекеттик кызматтын сапаты жоопкерчиликке таасир этип жатат:

- Акыркы жылдарда өкмөт, бийлик кадр даярдоого, билимге, тажрыйбага басым жасабай калды. Биринчи кезекте партиялык принцип, экинчиси "өзүбүздүн адам болушу керек, бизге каршы чыкпашы керек" деген пикир аябай үстөмдүк кылып жатат. Өкмөттө талдай турган, экспертизадан өткөрө турган ушунчалык көп бөлүмдөр бар. Жогорку Кеңеште да толгон-токой бөлүмдөр бар. Анан аны депутаттар карабаса, төрага карабаса, анысы аз келгенсип президент жана анын администрациясы карабаса, анда бул бүгүнкү күндө мамлекетте башкаруу системасы толугу менен талкаланганынан кабар берет. Мамлекетте күчтүү саясий атаандаштык, күчтүү оппозиция өкмөт башчынын кызматтан кетишин, министрликтердин, комитеттердин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылмак. Бизде азыр андай эмес. Ошондуктан ортодогу кичинекей кызматкерлерди иштен кетирип, алы жетпегендерге сөгүш берүү менен чектелип жатышат. Бул өкмөт башчыны кызматтан кетире турган маселе.

Соңку күндөрү кыргыз өкмөтүндөгү кадр саясаты талаш-талкуу жараткан маселеге айланды. Маселен, премьер-министр сөгүш берген аткаминерлердин бири, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов бул кызматка өткөн айда эле дайындалган, ага чейин бир жылдын эле ичинде Улуттук банкты, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектегенге да үлгүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мамлекетти түйшөлткөн дин маселеси

Бишкек.

Президент дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат дүйнөбий принциптерге таянып жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ал диний уюмдар менен окуу жайлары бирдиктүү программанын негизинде иштешин камсыз кылууну тапшырды.

Өткөн жуманын аягында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешовду кабыл алып, диний уюмдар жана окуу жайлардын каттоосун кайра карап чыгып, алар менен иш алып барууну жандандыруу маселесин көтөрдү.

Радикалдашуунун булагы

Жолугушууда бардык медреселерде жана диний окуу жайларында бирдиктүү окуу программасын киргизүү жагынан көзөмөлдү күчөтүү маселеси талкууланды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчысынын тапшырмасынын маани-маңызына мындайча токтолду:

Радикалдык идеяларды жайылтууга бөгөт коюш үчүн керек болсо мечиттерде эмне сөз болуп жатканына чейин көңүл буруу боюнча тапшырма берилди.

- Президент диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат дүйнөбий (светтик) мамлекеттин принциптерине таянып жүргүзүлүшү керек экенин өзгөчө баса белгиледи. Дин боюнча биринчи туура маалымат берүү, айрыкча мечиттерде, медреселерде жана диний уюмдарда дин таануу кандай тартипте жүргүзүлүп жатканына көзөмөлдү күчөтүү маселеси көтөрүлдү. Радикалдык идеяларды жайылтууга бөгөт коюш үчүн керек болсо мечиттерде эмне сөз болуп жатканына чейин көңүл буруу боюнча тапшырма берилди. Анан президент ошол эле учурда "мечиттер менен медреселерди мамлекет башчысы көзөмөлгө алсын деди" деп эле, ашкере текшерип, жаап, күч колдонууга жеткирбеш керек экенин да эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков "салттуу диндин негиздерин калкка жеткирүү керек" деп да белгилеген.

Сооронбай Жээнбеков менен Зайырбек Эргешов.
Сооронбай Жээнбеков менен Зайырбек Эргешов.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов жолугушууда диний билим берүүнү жөнгө салуу маселеси коюлганын айтты:

- Кыргызстанда диндер ортосундагы өз ара сабырдуу мамилени бекемдөө маселеси каралды. Бул биринчи кезекте туура диний билим берүүгө байланыштуу экени белгилүү. Бизге муфтият менен бирге диний билим берүүнү бирдиктүү окуу программасынын негизинде тартипке келтирүү боюнча тапшырма берилди. Айрыкча салттуу исламды элге жеткирип, анын баалуулуктарын кеңири түшүндүрүү аркылуу радикалдык идеяларга каршы туруу жөнүндө айтылды.

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

Себеп менен натыйжа

Диний чөйрөдөгү талдоочулар Кыргызстанда диний кырдаал туруктуу болуп турганы менен бир топ татаал экенин айтышат. Салафизмдин такфирчилер өңдүү багыттары, "Йакын-Инкар" сыяктуу радикал жамааттар тамыр алып, Кыргызстанда өз алдынча кыймылдарга чейин өсүп жетип жатканы белгиленди. Дин иштери боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов коомду курч карама-каршылыктарга алып келе турган андан башка дагы бир топ жагдайлар бар экенин мисал келтирди:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы диний кырдаал туруктуу, бирок чыңалуу абалында турат. Соңку мезгилде бир динден экинчи динге өтүү маселеси коомду ажырымга алып келе турган жана радикалдык чакырыктарга жем таштай турган жагдай болуп баратат. Ошонун кесепетинен көрүстөндөн жай талашкан жагдайлар кездешүүдө. Диний азчылыктын өкүлдөрүнө басым көрсөтүү жагы да курчуп баратат. Албетте дин эркиндиги жана адам укуктары деген маселе бар. Бирок бул жерде диний ар түрдүүлүктүн көбөйүшү жана бир эле диндеги ар түрдүү жамаатташуу, анын негизинде жаатташуу жараяны жүрүп жатканы коомду ажырымга алып келиши мүмкүн. Бул нерсенин алдын алып, азыртан чара көрө билишибиз зарыл.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

2014-жылы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча атайын концепция кабыл алынган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2330дай диний мекеме бар. Буга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет. Анын 1900дөйү ислам багытындагы уюмдар жана мечиттер болсо, 370 уюм христиан динине таандык.

Кыргызстандын соттору тарабынан 18 диний уюм экстремисттик деп табылып, өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы бир журналист өлкөдөн чыга албай калды

Алканованын иликтөөсүндө сөз болгон үйлөр.

"Фергана" маалымат агенттигине иликтөө материал даярдаган журналист Элнура Алкановага өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.

Журналист Элнура Алканова өзүнө Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынганын чет өлкөдө жүргөн жеринде уккан. 8-январда өлкөгө кайтып келген Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка суракка барды.

Журналисттин айтымында, ал БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатат.

Алканова эч кандай банктык чырды коомчулукка жарыялабаганын, иликтөөсүндө ачык булактардан алынган маалыматтар гана колдонулганын айтууда.

Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

- Бул иште күбө катары суракка чакырылганым бүгүн мага маалым болду. Мен сурак учурунда тергөөчүдөн "керектүү документтерди, токтомдорду көрсөтүңүз" деп сурасам "сиз күбө катары өтүп жатканыңыз үчүн көрсөтө албайбыз" деп баш тартышты. Ал эми өлкөдөн чыгышыма бөгөт бар экен. Мен: “Күбөгө карата эмне себептен мындай чара колдоносуңар?” десем: “Биз тергөө органы катары өз ыктыярыбыз менен ушундай чараны колдоно алабыз” деп түшүндүрүштү.

Журналисттин айтымында, анын өлкөдөн чыгышына чек койгон чечимди тергөөчү кабыл алган. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирип тим болду.

Кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур "Азаттыкка" иштин купуялыгына байланыштуу тергөө ашыкча маалымат бербей турганын жазуу жүзүндө маалымдады.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен кошо аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген.

Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер болгонун, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган эле. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Натыйжада Башкы прокуратура имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш ишин ачкан.

Башкы көзөмөл органы 18-декабрда маалымат таратып, журналисттик иликтөөдө Сапар Исаковго байланыштуу маалыматтар далилденбегенин билдирген. Андан соң өкмөт журналистке кайрылып, жарыяланган макаланы төгүндөөнү жана расмий түрдө кечирим суроону талап кылган.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева журналистке жана басылмага коюлган талап боюнча буларды айткан болчу:

- Журналисттик иликтөөдө келтирилген жүйөлөр Башкы прокуратура тарабынан текшерилип, алардын чындыкка дал келбегени аныкталды. Ушундан улам "Фергана.ру" басылмасына жана журналист Элнура Алкановага кайрылып, маалыматты төгүнгө чыгарышын жана коомчулук алдында кечирим сурашын талап кылдык.

Өкмөт башчысынын командасы дагы эле ушундай талап коюп жатат. Ал эми журналист болсо кечирим суроодон баш тартууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат болсо "Фергана.ру" сайтында жарыяланган Алканованын иликтөөсүндө "банк сырын ачыкка чыгаруу фактысы орун алган" деген негизде кылмыш ишин козгогон. Эми дал ушул иште күбө катары Алканованын өлкөнүн сыртына чыгышына тыюу салынды.

Юрист Нурлан Садыков кылмыш ишинде күбө катары өтүп жаткан адамдын өлкөдөн чыгышына тыюу салуу туура эмес деген пикирде.

Нурлан Садыков.
Нурлан Садыков.

- Жарандардын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салуу практикасы анча деле көп тараган эмес. Акыркы учурда тергөө ушундай ыкманы көп колдоно баштагансыйт. Мындай ыкма шектүү же айыпталуучу абдан олуттуу күмөн ой жараткан кезде колдонулушу керек. Бирок журналисттердин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган кийинки фактылар бул чара негизсиз колдонулуп жаткандай таасир калтырат. Мисалы, журналист Элнура Алканова күбө катары өтүп жатканда анын өлкөдөн чыгышына тыюу салуу негизсиз.

Элнура Алканова - өлкөдөн чыгышына тыюу салынган жалгыз журналист эмес. Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "кадыр-баркына шек келтирди" деген негизде кылмыш иши козголгон "Zanoza.kg" сайтынын негиздөөчүлөрү журналисттер Дина Маслова менен Нарын Айыптын да өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Ошондой эле бул иштин алкагында мурдагы депутат Чолпон Жакупова, "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова да ушундай эле негизде өлкөдөн чыга албайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Энергетика: натыйжа бербеген насыялар

Энергетика тармагына миллиарддаган сом насыя жана гранттык акча жумшалып, бирок алар натыйжалуу колдонулбай калганы боюнча парламентте маселе көтөрүлдү.

Ошондуктан айрым депутаттар бюджеттен жана чет элдик насыянын эсебинен тармакка бөлүнгөн каражаттардын колдонулушун текшерип чыгууну сунуш кылышты. Бул тууралуу электр энергиясын өндүрүүчү жана ташып жеткирүүчү эки компаниянын 101 миллиард сомдон ашуун насыясын бюджетке кайтаруу мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөттүн буйругун бекитүү учурунда айтылды.

Жаңы карыз үчүн эски карызды төлөөнү узартуу

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов парламентте баяндама жасады. Ал "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын электр тармагы" компанияларынын 101,2 миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик карызын төлөө мөөнөтүн узартууга уруксат берүүнү өтүндү. Уланбек Рыскулов мындай кадам тармактын жабдууларын жаңылоого жаңы насыяларды алуунун шарты экендигин түшүндүрдү.

Уланбек Рыскулов.
Уланбек Рыскулов.

​- Бул карыз 2017-18-жылдары төлөнүшү керек болчу. Эми аны төлөө мөөнөтүн 2038-40-жылдарга чейин узартып берүүнү суранып жатабыз. Анткени Токтогул ГЭСинин 3-фазасын жана Камбар-Ата ГЭСинин 2-гидроагрегатын коюшубуз зарыл. Анан дагы жогорку чыңалуудагы электр берүү тармагынын объектилерин оңдоону каржылаш үчүн ошол карыздын оорчулугун жеңилдетип бериш керек болуп жатат.

Өкмөттүн бул сунушун парламенттин көпчүлүк депутаттары колдогону менен айрымдары буга чейинки алынган насыялар кайда жумшалганын билгиси келди. КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева энергетикага жумшалган насыя 1 миллиард доллардан ашканын айтып, анын натыйжалуу колдонулушун изилдеп чыгууну сунуш кылды.

Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов энергокомпаниялар эмне себептен акчаны өз убагында төлөй албай жатышканына кызыкты.

Алмазбек Токторов.
Алмазбек Токторов.

- Сиздер эми карыздарды төлөөнү жылда эле артка жылдырып берүүнүн сурайсыздар. Анын себебин элге түшүндүрүп берип койсоңуздар. Эмне себептен жылда бюджеттен тармакты каржылоо болот дагы, анан ал мурда алынган карыздарды төлөө мөөнөтү жылып кетип жатат? Эмне себептен энергетикалык компаниялар аны төлөй албайт?

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев электр энергиясын өндүрүүчү, ташып жеткирүүчү жана таратуучу компаниялардын кирешесине караганда чыгашасы көп болуп жатканын айтып, анын себебин тарифтин төмөндүгү менен түшүндүрдү. Айбек Калиев ошондуктан алынган карыздарды төлөө оор болуп жатканын белгиледи:

Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

- Биз тарифтерди кайра карап чыгышыбыз керек. Бизде тарифтер өзгөрбөгөн үчүн кирешеде дагы өзгөрүү жок. Ал эми алган карыздардын эсебинен чыгашабыз көбөйүп жатат. Кийин тариф саясаты өзгөрсө, ошонун негизинде карыздарды төлөөгө мүмкүнчүлүк болот. Азыр КМШ алкагында электр энергиясынын баасы Кыргызстанда эң арзан.

Ортомчулардын "бизнеси"

Анткен менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу мамлекеттик компаниялар зыянга учурап жатса, электр энергиясын коммерциялык баада саткан жеке менчик ортомчулар кирешеге туйтунуп жатканын мисал келтирди. Депутат бул жагдайдын себебин билүүгө кызыкты.

- Сиздер "электр энергиясынын баасы арзан" деген бир эле себепти айтып жатасыздар. Бирок ошол эле учурда электр энергиясын ири кардарларга коммерциялык баа менен сатып жатышкан жеке менчик компаниялар киреше менен чыгып жатышат. Тескерисинче, алар өнүгүүдө. Өткөндө "Чыгыш электр" ишканасынын жана дагы башка мамлекеттик компаниялардын жетекчилери "Макмал", "Кумтөр", "Кыргыз деңизи" сыяктуу ири кардарларды жеке менчик ортомчу компаниялар тейлейт" деп ыйлап жатышат. Мамлекеттик энергокомпанияларда калкты тейлөө гана калтырылган. Анан кантип өнүгүү болот? "Кумтөр", "Казакмыс" сыяктуу ири кардарларга электр энергиясын силер өзүңөр эле беш сомдон сатпайсыңарбы? Мына ошондо чыгаша боло бербей, кирешеңер көбөйө баштамак.

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Жогорку Кеңеште электр энергиясынын тарифин кайра кароо маселеси көтөрүлдү.

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев учурда жеке менчик компаниялардан ири кардарларды алууга аракет бар экенин айтуу менен чектелди. Электр энергиясын арзан баада сатып алып, аларды кайра кымбат баада сатуу менен алектенген ортомчу компаниялар мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык экени айтылып келген. Бирок 2010-жылдагы үй-бүлөлүк бийлик режими кулап, элдик бийлик келгенден бери бул тармактагы табышмактуу киреше эми кимдин энчисинде калганы ушул күнгө чейин белгисиз.

КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов энергетика тармагы "Ширшовдун схемаларынан" арыла албай жатканын айтты:

- Айбек Рысбекович, өзүңүз жакшы билесиз, жанагы Ширшов, Елисеев дегендердин калдыктары азыркы күндө дагы энергосектордо калып жатат. Ошолорду жоюу боюнча кандай иш-чараларды аткардыңар? Биз ошону парламентте толук талкуулап, элге жеткиришибиз керек. Бул тармак кирешелүү, бюджетти түзө турган тармак болушу керек эле. Анан 101 миллиард сом карыз менен чыгып жатканыңар уят, урматтуу энергетиктер.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш 2010-жылдан 2012-жылга чейин энергетика тармагындагы коррупциялык тобокелчиликтерди изилдеп, талдап чыккан. Бул коомдук уюмдун баш катчысы Нурипа Муканова тармакта эчактан бери калыптанып калган коррупциялык схемалар азыркы учурда деле кеңири жайылып жатканын белгиледи:

- Мындан беш жыл мурун эле биздин энергетиктер жогорку чыңалуудагы электр берүү зымдарын оңдоп-түзөп, жаңы жабдууларды сатып алып, турбиналарды алмаштыруу менен алек болуп жүрүшкөн. Алар жаңы насыяларды алып, улам жаңы жабдууларды сатып алып, иштеп жаткандарын чыгыштап, ошого үйрөнүп калышкан. Мурда жасалган эле жумуштарды кайра баштап, анан анын негизинде акчаны пайдаланып келе жатышат. 2010-жылы эл аралык аудит энергосектордогу коррупциялык жолдор менен төрт миллиард долларга жакын акча айлана турганын аныктап чыккан. Бул ошол алынган насыялардын эсебинен алынып, сыртка чыгарылып кетет да. Анан аны биздин элибиз, биздин бала-чака, неберелер кийин төлөйт.

Парламент "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын электр тармагы" компанияларынын 101,2 миллиард сом бюджеттик карызын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну караган токтомду көпчүлүк добуш менен колдоду. Бирок энергетикадагы коррупция боюнча маселени "өкмөттүк саатта" карап чыгуу боюнча сунуш түштү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Депутаттар сынга терикти

Жогорку Кеңеш.

Депутат Исхак Масалиев парламенттин кадыр-баркына шек келтиргендерге каршы чара көрүүгө чакырды.

Жаңы жылда Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан талаштуу билдирүүсү менен коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул ирет “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев парламенттин дарегине айтылган сынга кабатыр болду.

Ал депутаттардын кадыр-баркын коргоого биринчи кезекте төрага кызыкдар болушу керектигин билдирип, эл өкүлдөрүн негизсиз каралагандарды жоопко тартууга чакырды:

-Урматтуу төрага, жаңы жылдан баштап ар бир депутаттын аброюна шек келтирген факты боюнча сиз чара көрүшүңүз керек. Болду, токтотолучу, депутаттарды коёнго окшотуп кубалаганды. Бул сиздин түздөн-түз милдетиңиз. Эртеден баштап жардамчыларыңыз гезиттерди окуп, кайсы депутатты эмне деп жамандап, каралап жатышканын сизге айтып бериши зарыл. Эгерде туура эмес болсо жоопко тартыш керек. Кандай жоопко тартылат, бул башка кеп. Бирок Жогорку Кеңешти жөндөн-жөн каралоого мүмкүнчүлүк бербешиңиз керек.

Масалиев журналисттерди парламентке көп чакырып, депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип туруу керек экенин кошумчалады.

Күчтүү парламент демократиянын кепили

Күчтүү парламент демократиянын кепили

Парламент төрагасы Дастан Жумабеков депутаттарды медианын сынынан кантип коргоонун жол-жобосун ачык айткан жок. Бирок бул талаптан соң төрага Жогорку Кеңештин ишмердигинде ачык-айкындыкты камсыздап, журналисттер менен тыгыз иштешүүнү тапшырганын парламенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Парламенттин кадыр-баркына кабатырланган депутаттын билдирүүсү башка учур болгондо балким көңүл бурулмак эмес. Бирок өлкөдө маалымат каражаттарына миллиондогон сомду чапчыган доолор коюлуп, бийликтин бир катар бутактары доомат артып жатканда талкууга жем таштады. Анын үстүнө азыркы чакырылыштагы парламенттин соңку ишмердигине байланыштуу сындын бутасына айланган эле.

Ошондуктан айрымдар эл өкүлдөрү эсептелген депутаттардын сынга чычалашын осол иш катары баалап, мындай пикирлерге терикпей, тиешелүү жыйынтык чыгарыш керек экенин айтышууда. Андай пикирди колдогондордун бири - Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев:

- Жогорку Кеңештин депутаттары саясий кызматты ээлеген адамдар. Эл назарында турган адамдар. Эл көзүндө жүргөн адамдардын сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы, кылган аракети сын көз менен каралып, көзөмөл алдында болот. Депутаттыкка белсенген адам ошол сынга чыдайм деп барышы керек. Бул эл өкүлүнө коюлган талап. Экинчиден, кандай депутат болуп иштеп жатканын көрүп жатабыз. Айрым учурда депутаттарыбыз өз кадамы менен парламенттин кадыр-баркына, парламентаризмдин өнүгүшүнө жолтоо болчу аракеттери жасап жатышат.

Экс-спикер депутаттарды маалымат каражаттарынын сынынан чочулабай, тескерисинче, алар менен кызматташууга чакырды.

Ал эми мурда журналист катары бир нече жыл эмгектенген, учурда Социал-демократтар фракциясынын депутаты болгон Аида Касымалиева кырдаалга эки тараптан баа берүү керектигин белгилейт:

- Исхак Абсаматовичтин сунушу бир чети күлкүлүү, бир чети ойлондурчу маселе катары сезилди. Күлкүлүү жагы, азыр социалдык тармактар өнүккөн мезгилде сынды токтотом деп саясатчы олуттуу мамиле жасаса болбойт деп ишенем. Себеби социалдык тармакка ар бир адам катталган. Алар өз оюн жазат. Аны жүрөккө жакын кабыл алууга болбойт. Экинчиден, олуттуу жагы коомдогу ар бир маселеге эмнегедир депутаттарды күнөөлөп, жек көргөн учурлар бар. Ал пикир азыр эле калыптанган жок. Он жылдап, жыйырма жылдап келе жатат. Биз муну чектеп же журналисттерди жемелөө менен чече албайбыз. Биз, тескерисинче, билим деңгээлди жогорулатып, ушак эмес, мыйзамды талкуулаганда жана журналисттердин кесиптик деңгээли жогорулаганда бул жоюлат. Мен бул жагынан Исхак Абсаматовичтин оюну кошулам.

Ошол эле кезде депутат мындай талкууларды парламент бийликтин башка бутактарына караганда ачык-айкын иш алып барганы менен түшүндүрөт. Муну менен катар мындай мамилеге депутаттар өздөрү негиз түзүп берип жатканын айтышат.

Депутаттардын өздөрү да азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишмердигин сынга алышкан эле. Маселен, өткөн айда парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш "нотариалдык кеңсеге" айландыбы деп кескин сын айткан. Ал эми депутат Каныбек Иманалиев болсо парламентти "канаты сынган кушка" салыштырган болчу.

Иманалиев: Азыркы парламенттин канаты кыркылган
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:34 0:00

Депутат Жанар Акаев болсо өкмөт мүчөлөрү ант берүү аземине келген учурдагы парламент төрагасынын жана айрым депутаттардын аракетин кескин сынга алып, депутаттарды өзүн сыйлоого чакырган.

Кыргызстан 2010-жылдагы Баш мыйзам менен парламенттик башкарууга өткөнүн жарыялаган. Бирок иш жүзүндө өлкөдө президенттин таасири күч болуп, негизги чечим дал ушул бийлик институтунан кабыл алынары айтылып келет.

Парламенттин дарегине айтылган сындарда депутаттардын демилгени колдон алдырганы менен катар акыркы учурда эл өкүлдөрүнө карата козголгон кылмыш иштери да себеп болгонун айткан эксперттер да бар. Бул чакырылыштагы депутаттардын тогузуна кылмыш иш козголду.

Айтмакчы, Исхак Масалиев парламентти негизсиз сындаган журналисттерге чара көрүүнү сунуштаган алгачкы депутат эмес. Былтыр Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров өлкөдөгү айрым журналисттер "рэкетке" айланып, эл өкүлдөрүнөн опузалап акча табууга кынык алганын айтып чыккан эле. Ал медиа уюмдарды жана журналисттерди кирешесин ачык айттыруу демилгесин көтөргөн.

Депутаттын бул сунушу сынга кабылганы менен өлкөдө айрым кесибин чайкоочулукка айландырган калемгерлер бар экени, алар журналистиканын кадыр-баркын кетирип жатканы боюнча пикир айткандар да чыккан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сарпашев жабылган телеканал менен соттошот

Тайырбек Сарпашев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрагасы Тайырбек Сарпашевдин "Сентябрь" телеканалы боюнча доо арызы сотко жетти.

Арызда ар-намысын, ишкердик беделди коргоо максатында үч миллион сом моралдык чыгым өндүрүп берүү боюнча өтүнүч жазылган.

"Сентябрь" былтыр жайында сот чечими менен жабылгандыктан анын мурдагы жетекчиси Кайыргүл Орозбай кызы жабылган каналга келген арыз тууралуу адвокаттар менен кеңешерин билдирди.

Ал арада Сарпашевге байланыштуу кылмыш иштеринин баары кыскарганы белгилүү болду. Ага мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык жердин сатылышы, "Учкун" басмаканасы уткан тендер боюнча айып тагылып, кызматтан кеткен эле.

Тайырбек Сарпашев "Сентябрь" телеканалындагы материал боюнча сотко кайрылганын "Азаттыкка" ырастады. Бирок арыз бир канча ай мурун жазылганын белгиледи:

Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

- Ал былтыр болгон. Арыз бергениме бир жыл болуп калды. Силерге эми жеткен турбайбы. Былтыр июнда бекен же майда бекен, айтор арыз бергем. Сот процесси болсо өзүнүн нугу менен жүрөт да. Каналдан мага "20 миң долларга паспорт жасап сатып жатат" деп ачык күнөө койгон. Мен ошонун негизинде сотко бергеним чын.

Сарпашев сотко арызданган материал былтыр 4-мартта эфирге чыккан. Анда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров паспорт коррупциясы боюнча Тайырбек Сарпашевди айыптаган мазмунда сөз сүйлөгөн.

"Сентябрдын" мурдагы жетекчиси Кайыргүл Орозбай кызынын айтымында, аларга Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан чакыруу 3-январда келди. Материалда Сарпашевдин арызынын катталган мөөнөтү катары 22-декабрь көрсөтүлгөн жана биринчи процесс 10-январга белгиленген. Анда телеканалдын Жалал-Абаддагы кабарчысы Талгат Бакиевдин аты-жөнү жазылган. Ошондой эле жоопкер катары “Сентябрь” жоопкерчилиги чектелген коому, Абдилат Капаров аттуу жаран да көрсөтүлгөн.

Кайыргүл Орозбай кызы.
Кайыргүл Орозбай кызы.

- Канал жабылган да. Сарпашев арызын алып деле койсо болмок экен. Эми эмне кылмак элек, өзүбүздү коргойбуз да. Экинчи жактан алып караганда, коргонгондо деле эмне, канал жабылган да. Соттон келген материалда арыз кабыл алынган күн 22-декабрь деп турат. Азыр адвокат издеп жатабыз. Телеканал жабылгандан кийин эч нерсебиз жок да. Азыр сүйлөшүп жатабыз.

"Сентябрь" телеканалы ушул тушта камакта отурган Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жакындарына таандык болгону белгилүү. Башкы прокуратура былтыр жайында бул телеканалды жабуу боюнча сотко кайрылган. Анда 2016-жылы 29-сентябрда эфирге чыккан Абдылда Капаровдун маегинде "экстремисттик чакырык болгон, улут аралык кастыкты козуткан" деген айып тагылган. Ошондой эле Капаров ал кездеги өкмөт башчы, азыркы президент "Сооронбай Жээнбековго "июнь окуясына байланышуу келген акчаны кымырып алган" деген доомат коюп, кадыр-баркына шек келтирди" деген күнөө коюлган. Соттун үч инстанциясы тең Башкы прокуратуранын пайдасына чечим чыгарган жана телеканал август айында толугу менен жабылган. "Сентябрдын" жабылышын саясат менен да байланыштыргандар болгон.

Кыскарган иштер

Тайырбек Сарпашев былтыр февраль айында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын кызматынан убактылуу четтетилген жана июнь айында өз арызы менен иштен биротоло кеткен. Буга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык Бишкек шаарынын борборундагы бир гектардан ашык жердин сатылып кеткени боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон. Башкы прокуратура февраль айында премьер-министрге Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөткөн.

Ошондон бир ай өтпөй Башкы прокуратура Сарпашевге каршы "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Тактап айтканда, 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоого керектелген бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланыштуу "мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген" деп айтылган. Кыргызстанда 2012-2013-жылдары төрөлгөн 40 миңдей баланын күбөлүгү жараксыз экени, документте “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуунун алдында майда тамгалар менен "нике күбөлүгү" деп ката жазылып калганы аныкталган.

Тайырбек Сарпашев өзүнүн аты аталган кылмыш иштери сотко жетпей эле кыскартылганын "Азаттыкка" билдирди:

- Мен кыскача эле айта алам: ал жерде баары чечилген, кылмыш иштери жок. Ошол учурунда эле чыкпады беле. Бардыгы боюнча менин күнөөмдүн жоктугуна байланыштуу кылмыш иши былтыр эле кыскартылган.

Сарпашевге козголгон кылмыш иштери кыскарганы атайын кызматтын маалыматында да белгиленет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиргенине караганда, "2017-жылдын 30-май күнү кылмыш белгилери аныкталбагандыгына байланыштуу мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата козголгон кылмыш иши токтотулган".

Былтыр апрель айында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жумушчу тобу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан. Бул жумушчу топ былтыр жыл башында паспорттордун мыйзамсыз берилиши, жасалма паспорттор, коррупция жана дагы башка мыйзам бузуу фактыларын текшериш үчүн түзүлгөн болчу. Анда да Сарпашевдин аты аталган. Бул жумушчу топтун башчысы, КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов комитетте бул маселе дагы каралат деп ишендирди.

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

- Биз материалдардын, фактылардын баарын бергенбиз. Бул маселеге сөзсүз түрдө кайрылабыз. Ал жерде биз мөөнөттөрдү койгонбуз. Ар бир мамлекеттик органдын иши боюнча депутаттык топ түзүп, топтун ишине байланыштуу берилген тапшырмаларды көзөмөлгө алабыз. Комитеттин алдында түзүлгөн жумушчу топтор берген тапшырмалардын аткарылышын эми жакында комитетте карайбыз.

Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, ишкер Тайырбек Сарпашев 2012-жылдан бери мамлекеттик маанилүү кызматтарда жүргөн. Ал 2014-жылга чейин өкмөттө экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, андан кийин биринчи вице-премьер-министр болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп 2015-жылы дайындалган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Грузия: Михаил Саакашвилиге алгачкы сот өкүмү чыкты

Михаил Саакашвили Киевдеги сот отурумунда. 3-январь, 2018-жыл.

Тбилисинин соту учурда Украинада жүргөн мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвилини үч жылга сыртынан абакка кести. Ага 12 жыл мурдагы грузин банкирин өлүмүнө байланыштуу айып тагылган. Украинада да сот жообуна тартылып жаткан Саакашвили өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.

Грузияны дээрлик тогуз жыл башкарып, кийин Украинанын Одесса облусун бир жарым жылдай жетектеген Михаил Саакашвилиге биринчи жолу сот өкүмү чыкты. Тбилисинин соту аны 2006-жылы киши колдуу болгон грузин банкири Сандро Гиргвлианинин өлүмү боюнча "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп таап, үч жылга сыртынан абакка кести.

Прокуратура Саакашвилини "банкирдин өлүмүнө байланыштуу далилдерди жаап-жашырууга аракет кылган жана бул иш боюнча соттолгон төрт кишиге мөөнөтүнөн мурда кечирим берген" деп айыптаган.

Кезинде "Бириккен грузин банкынын" тышкы иштер департаментин жетектеген Гиргвлианинин бир нече жеринен жараланган өлүгү 2006-жылдын январь айында Тбилисинин чет-жакасында табылган. Анын киши колдуу болушу жана бийликтин бул ишти иликтөөгө анча дилгир болбогону Саакашвилинин өкмөтүнө каршы кескин сын пикирлерге жем таштаган.

Михаил Саакашвили жубайы Сандра менен, 30-май, 2010-жыл.
Михаил Саакашвили жубайы Сандра менен, 30-май, 2010-жыл.

Мурдагы грузин президентинин адвокаттары сот өкүмүн саясий куугунтук катары мүнөздөштү. Бирок соттук отурумдардын биринде прокурор Ираклий Нодарейшвили жактоочулардын мындай билдирүүлөрүн четке каккан:

- Мен жактоочулардан бир дагы мыйзамдуу жүйөнү уккан жокмун. Алар саясий куугунтук жөнүндө гана кеп кылып, "күбөлөргө ишенбеш керек" деп жатышат. "Күнөөлүү" деген чечим чыгаарына ишенем.

2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыккан Саакашвили 2013-жылга чейин өлкөнү башкарып келген.

Анын Грузиядагы саясий тагдырын 2012-жылдагы парламенттик шайлоо аныктаган. Себеби ал шайлоодо Саакашвилинин партиясы белгилүү грузин бизнесмени Бидзина Иванишвилинин "Грузин кыялы" партиясына утулуп калган. Саакашвили кыйла төмөн рейтинг менен президенттиктен кетип, көп өтпөй Украинага келген.

Украинадагы "Евромайдан" окуяларынан кийин бийликке келген Петро Порошенко студент кезинде чогуу окуган Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Дал ушул мезгилде Саакашвили грузин жарандыгынан баш тарткан.

Деген менен 2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштаган. Өткөн жылы украин жарандыгынан ажыратылгандан кийин ал өзүнүн "Жаңы күчтөр кыймылы" менен Киевде ири митингдерди өткөрүп, президент Порошенконун кызматтан кетишин талап кылып келди.

Украинанын прокуратурасы Саакашвилини Орусияга качкан мурдагы украин президенти Виктор Януковичтин "уюшкан кылмыштуу тобунан" акча алып, "өкмөткө каршы кутум уюштурган" деп айыптап жатат. Учурда бул иш боюнча Киевде сот уланып жатат.

Украинанын коопсуздук кызматынын Михаил Саакашвилини кармап кетүү аракети майнапсыз аяктап, саясатчыны тарапташтары бошотуп кетишкен. Киев, 5-декабрь, 2017-жыл.
Украинанын коопсуздук кызматынын Михаил Саакашвилини кармап кетүү аракети майнапсыз аяктап, саясатчыны тарапташтары бошотуп кетишкен. Киев, 5-декабрь, 2017-жыл.

Саакашвили Грузия менен Украинадагы өзүнө каршы ачылган иштер кокусунан эмес экенин Киевде 3-январда өткөн соттук отурумда айткан:

- Тбилисиде сот башталган убакта Украинада да менин үстүмөн сот башталды. Бул кокустук деп ойлойсузбу? Доо арыздарды караган сотту жоюп, бир эле күнү Тбилиси менен Киевде сот башталганы кокустукпу? Олигархтар макулдашканды билишет. Бирок алар ушунчалык аңкоо экенин билген эмесмин. Байкатпаш үчүн жок дегенде эки башка күнгө коюшса болмок. Киевдеги бул соттон кийин мени макамымдан ажыратуучу миграциялык сот болот. Олигархка баш ийген грузин сотунан кийин мени Грузияга экстрадициялоого киришүү боюнча макулдашуу бар.

Саакашвилиге грузин банкиринин өлүмү боюнча эки жыл мурда айып тагылган. Мындан тышкары мурдагы грузин президентине дагы бир нече кылмыш иши козголгон. Ал "грузин ишкери Валерий Гелашвилиге кол көтөргөн, 2007-жылы нааразылыкка чыккандарды күч менен кубалап тараткан жана мамлекеттик бюджеттин каражатын короткон" деген иштердин алкагында айыпталып жатат.

Саакашвилинин Грузиядагы "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын мүчөсү Хатия Деканоидзе Тблисидеги соттун чечими украин бийлигине мурдагы президентти Грузияга өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Бирок Саакашвилинин Украинадагы адвокаты Руслан Чернолуцкий саясатчынын мыйзамдык макамы экстрадицияга жол бербестигин, мыйзам боюнча "украин жараны болгон жана соңку бир канча жылдан бери Украинада жашаган адам" башка өлкөгө өткөрүлүп берилбей тургандыгын билдирди.

Кантсе да бул жагдайда чечүүчү роль ойной турган украин бийлиги Тбилисидеги сот чечиминен кийин экстрадиция маселеси боюнча үн ката элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Президент менен премьер: тараза ташы

Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Сапар Исаков.

Талдоочулар Баш мыйзамга чечим кабыл алуунун эки борбору кирип калганын жана анын натыйжасында президент менен премьер-министрдин ортосунда кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн экени белгилешүүдө.

Ошол эле кезде башкаруучу партиянын таасири жана алдыдагы парламенттик шайлоого ылайыктап, аны жаңыча куруунун маселелери талкуулана баштады.

КСДП - өзгөртүүгө муктаждык

"Перспектива" аналитикалык борборунун жетекчиси Валентин Богатырев жарандык активисттерге Кыргызстандагы саясий абал боюнча божомолдору менен бөлүштү. Ал былтыр бийлик мыйзамдуу алмашканын айтып, муну жагымдуу жагдай катары мүнөздөдү. Ал партиялык система өзүн актабай, парламентке өткөн фракциялар партиялык баалуулуктардан тышкары калганын белгиледи. Саясий технолог Валентин Богатырев керек болсо парламенттеги башкаруучу партия болуп саналган Кыргызстан социал-демократтар партиясы да өзгөрүүгө муктаж экенин айтты.

- Ал жакта, менимче, бардыгын алмаштырыш керек болот. Биринчи кезекте партиянын максатка жетүү жолдорун аныктаган стратегиялык концепцияны иштеп чыгуу милдети турат. Ошондой эле партиянын саясий жана идеологиялык багыттарын турумдаштыруу зарыл. Анткени бул партиянын партиялык курулушу көп жылдан бери каралбай, стихиялуу шартта өнүгүп келди. Бул партия дайыма бийликте болуп келгендиктен анын катарына улам ар кайсы топтор кирип, чогулуп калган. Ал топтор партияга кандайдыр пайда алып келгендин ордуна анын арасы териштирүүгө жык болду. Жууркандын учун улам бири өзүнө тарта берип, бул ар кайсы саясий топтордун күрөшүнө айланып кеткен.

Валентин Богатырёв.
Валентин Богатырёв.

Ошол эле учурда саясий технолог Валентин Богатырев Баш мыйзамдын күчүнө кирген ченемдерине ылайык, президенттик бийликтин таасиринин сакталышы жана премьер-министрдин ыйгарым укугунун көбөйүшү менен байланышкан жагдайга токтолгон. Валентин Богатырев премьер-министрге аткаруу бийлигиндеги кадр саясатын өз алдынча аныктап, ага өкмөт мүчөлөрүн бошотуу укугу берилгенин парламенттик системадагы натыйжалуу чара катары баалады. Ал ошондой эле премьердик бийликти андан ары чыңдаш үчүн атайын кызматты өкмөттүн курамына киргизүү маселесин көтөрдү.

Богатырев белгилеген бийлик партиясындагы иштер тууралуу КСДПнын өкүлдөрү Рыскелди Момбеков менен Иса Өмүркуловго кайрылганыбызда алар бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Чатакташууга себептер

Саясатчы Равшанбек Жээнбеков президенттик жана премьердик бийликтин таасири тууралуу төмөндөгүчө ой бөлүштү:

- Жаңы Баш мыйзамдын негизинде деле премьер-министр толук күчкө ээ боло албайт. Анткени президенттин колунда УКМК менен Башкы прокуратура турат. Кандай болгон күндө дагы кандайдыр убакыт өткөндөн кийин президент ал жакка өз кадрларын коёт. Бул биринчи кезекте жаңы президенттин өз алдынчалыгын көргөзөт. Мына ошондуктан ал эки кызматтын жетекчилерин кызматтан алуу маселесинде чатак чыгышы мүмкүн. Чатакташуу мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосунда болбосо дагы, алардын тегерегиндегилердин ортосунда чыгышы мүмкүн. Ошондой эле учурдагы президент менен премьер-министрдин командаларынын ортосунда тирешүү бар экени азыр эле байкалып калды. Жазга жуук мындай чатактар ачыкка чыгышы мүмкүн. Чатактын негизги себептери кадр саясаты жана чечимдерди кабыл алуу маселесине байланыштуу болушу мүмкүн.

​Валентин Богатырев да президент менен премьер-министрдин ортосунда бийлик ресурстары үчүн тирешүү бышып калганын айткан. Ал мындай карама-каршылык эки жактын командасынын ортосунда байкалып, тең салмактуулукту сактап калуу бара-бара татаалдаша бере турганын болжолдогон.​

Ыйгарым укуктардын салмагы

Ошол эле кезде юрист, конституциялык укук боюнча адис Клара Сооронкулова муну тирешүү деп атоого мүмкүн эмес экенин айтып, бирок ошол эле кезде президентти күчтөндүрүүгө укуктук негиздер жок экенин белгиледи.

- Азыр эми бул эки борбордун ортосунда айыгышкан деле тирешүү байкалбайт. Атаандаштык - табигый эле көрүнүш. Негизи жаңы Баш мыйзам боюнча бийликтин көпчүлүгү премьер-министрдин колунда болушу керек. Эгерде президент менен премьер-министрдин ортосунда тирешүү күчөп кете турган болсо, анда "парламенттеги саясий күчтөр кимди колдойт" деген маселе күн тартибине чыгат. Бул жерде мурдагы президент КСДП партиясын күчтөндүрүп, ал аркылуу өзүнүн парламенттеги көзөмөлүн алып барышы мүмкүн.

- Бизде "көмүскөдөгү реалдуу башкаруучу" деген дагы бир бийлик институту пайда болду. Атамбаев президенттиктен кеткени менен бийликтин реалдуу рычагдарын сактап калды.
Равшан Жээнбеков.

Ошол эле учурда адистер Баш мыйзамда чечим кабыл алуунун эки "борбору" болуп калып, президент менен премьер-министрдин ыйгарым укуктары кесилишип калган жагдайлар бар экенин белгилешүүдө. Мурдагы вице-премьер-министр, коомдук ишмер Базарбай Мамбетов муну башкаруу системасынын өксүгү катары мүнөздөдү:

- Жаңы Баш мыйзам боюнча биз премьер-министрге көп ыйгарым укуктарды бердик. Ошол эле кезде президент деле бир топ ыйгарым укуктарын сактап калган. Мунун өзү бара-бара экөөнүн ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшүнө алып келет. Бул жагдай мамлекеттик башкарууга зыянын тийгизет. Учурда биз мамлекеттик бийлик органдарынын укуктарын жана милдеттерин тактап, жоопкерчилигин көтөрүшүбүз керек. Биз президент өкмөттүн иши үчүн жооптуу болгон саясий системаны калыбына келтиришибиз зарыл. Өкмөт азыр эч нерсе чече албайт. Штаттык орундар болсо аябай эле чоң.

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

Мындан сырткары айрым саясатчылар жаңы мамлекет башчысы качанга чейин экс-президенттин жана башкаруучу партиянын таасиринде калат деген суроонун үстүндө баш катырышууда.

Саясатчы Равшан Жээнбеков жаңы президенттин өз алдынча саясат жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгү сыноодо экенин айтып өттү:

- Бизде "көмүскөдөгү реалдуу башкаруучу" деген дагы бир бийлик институту пайда болду. Атамбаев президенттиктен кеткени менен бийликтин реалдуу рычагдарын сактап калды. Учурда президент Сооронбай Жээнбеков бир адамдын эмес, жалпы элдин президенти болом десе, анда ал анын таасиринен чыгып, өз алдынча саясат жүргүзүшү керек. Анын жалпы эл тарабынан шайланышы буга мүмкүнчүлүк берген. Президенттин чөйрөсү дагы анын реалдуу бийликти колуна алып, иш алып барышына түрткү бериши керек. Бул эки фактор жакында аябагандай маанилүү жагдайга алып барат.

2016-жылы 11-декабрда өткөн референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, өкмөт башчысынын ыйгарым укуктары кеңейтилген болчу. Конституциядагы өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарын кеңейткен айрым беренелери 2017-жылдын 1-декабрынан тартып гана күчүнө киргизилген. Премьер-министрге өкмөт мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин жетекчилерин кызматынан бошотуу укугу берилген. Ага Ички иштер министрлиги, Коргоо комитети жана Чек ара кызматы сыяктуу күч түзүмдөрү дагы карайт. Ошол эле кезде күч түзүмдөрү президент тарабынан дайындала турган Генералдык штаб менен Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө да турат. Анткени жаңы Баш мыйзам боюнча мамлекет башчысынын карамагында тышкы саясатты аныктоо жана Коопсуздук кеңеши менен Генералдык штаб аркылуу куралдуу күчтөргө жетекчилик кылуу укугу калтырылган. Ошондой эле президент УКМКнын төрагасы менен башкы прокурорду дайындап жана бошото алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Исаевдин адвокаты сот өкүмүнө каршы арызданат

Канатбек Исаевдин сотунан бир көрүнүш.

Жогорку Кеңештин коррупция боюнча айыпталган депутаты Канатбек Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды. Аны менен кошо дагы эки шериги он жылдан абакка кесилди. Сот аларды "Токмок шаарын жетектеп турушканда кызматынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барган" деп тапты. Бирок Исаев жана анын тарапкерлери бул өкүмдү “саясий буюртма” деп баалашууда.

4-январда эртең менен саат тогуз жарымда башталган сот түнкү саат он экилерге чейин уланды. Түшкө чейин негизги айыпталуучу, депутат Канатбек Исаевдин адвокаттары Сергей Слесарев жана Бакыт Осмоналиев жарыш сөз сүйлөштү. Алар тергөөчүлөрдүн ишин сынга алып, “Исаевдин айыптуу экенине ишеничтүү далил келтире алышпаганын”, “айыптарды жөн гана көркөмдөп токуп салышканын” айтышты.

Түштөнүүгө берилген танапистен кийин Канатбек Исаев өзү жарыш сөзгө чыкты. Ал өзүнө коюлган айыптардын бирине да макул эмес экенин айтып, мунун баары “ойлоп табылган жалаа экенин” белгиледи. Акыркы сөзүндө болсо Исаев “сот акыйкат чечим чыгарарына ишенбестигин, бирок үмүт кыларын” билдирди:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

- Мени "мыйзамсыз жасады" деп белгиленген иштердин баары мыйзамдуу болгон. Анын мыйзамсыз экендигин тергөөдө бир да документ менен далилдеп бере алышкан жок. Мага жок жерден эле жалаа жаап салышты. Ак ийилет, бирок сынбайт, кийин баары бир чындык чыгат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда соттор эч нерсе чечпей калды. Ак үйдөгү бир бөлүм башчы адам күнөөлүүбү, күнөөлүү эмеспи, “момунча жыл бергиле” дейт, болду, сот ошончо жылга кесет. Сиздин да шаштырып өкүм чыгарып, "бүгүн-эртең бүтүрө калалы" деп жатканыңыз да ошондон кабар берет. Бирок ошого карабай адилеттүү, акыйкат чечим чыгарат деп мен сизге ишенем. Мени актабасаңыз да, мени менен кошо айыпталып жаткан адамдарды актап бериңиз. Ошондой эле керек болсо алардын айыптарын мага кошуп бериңиз.

Исаевден кийин, аны менен чогуу айыпталып жаткан Болот Имамадиев, Мирлан Эсенбеков, Алмаз Сейталиев, Каныбек Аблабеков, Любовь Чудинова жана Бактыбек Асыгалиевдер да акыркы сөзүн сүйлөштү. Баарын тыңдагандан кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев кеңешме залында төрт саатча жүрдү. Натыйжада даярдалган өкүмдү дагы толук үч саат окуп, саат дээрлик түнкү он экиге чукулдаганда гана айыптарды угузду:

- Тергөөдө келтирилген бардык далилдерди карап чыгып сот Канатбек Исаевди Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп табат жана он жылга эркинен ажыратууга өкүм кылат. Ушул эле мыйзамдын 59-беренесине ылайык ("Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн") үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен жазасын он эки жылга чейин көбөйтөт. Ошондой эле Исаевге үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат. Сот Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, жазасын күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөөгө өкүм кылат.

Сот ошондой эле айыпталуучулар Болот Имамадиев менен Мирлан Эсенбековду да Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, 10 жылга эркинен ажыратты. Аларды да күчөтүлгөн абакка кесүү боюнча өкүм чыгып, сот залынан камакка алынды. Алардын мүлкү да мамлекеттин эсебине алынмак болду. Соттун айтымында, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мунапыс боюнча декретинин негизинде абакка кесилген үч жарандын жаза мөөнөтүнүн төрттөн бири кыскарат.

Ал эми Алмаз Сейталиевдин, Каныбек Аблабековдун, Любовь Чудинованын жана Бактыбек Асыгалиевдин кылмыш иштери айрым фактылар далилденбегени үчүн жана кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскарды.

Канатбек Исаев он эки жылга эркинен ажыратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Маалым болгондой, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Исаевдин тушунда жооптуу кызматтарда иштеген жана бул ишке аралашканы айтылган алты адам да ушул боюнча айыпталган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө Исаевге дагы эки эпизод боюнча айып коюлуп, бирок алар боюнча акталды.

Соттун соңку өкүмү боюнча Исаевдин адвокаттары апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрыларын айтышты. Алар бул өкүмдү мыйзамсыз деп эсептешет. Канатбек Исаевди коргоо комитетинин башчысы, мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев бул соттук ишти жана өкүмдү саясий куугунтук катары мүнөздөдү:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Тергөөнүн жана соттун жүрүшүн, өзгөчө келтирилген далилдерди карап келгенде юрист эмес, жөнөкөй эле адам үчүн да алар күнөөсүз соттолуп атканы түшүнүктүү болуп турат. Ага карабай сот ушундай чечим чыгарганы, аны да өтө шашып-бушуп чыгарганы бул иштин артында саясий кызыкчылык, саясий буюртма бар экенинен кабар берип турат.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев өзү да башынан эле ага каршы кылмыш иши саясый себеп менен козголгонун, айрыкча 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча бийликтин демилгесине каршы чыккандан бери ага “саясий куугунтук” башталганын айтып келген.

Бирок парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков бул маселеге саясий өңүт берүү туура эмес экенин буга чейин “Азаттыкка” айткан эле:

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

- Чындыгында булардын баары эле маалында кылмыш кылып коюп, сот боло турган болсо “саясий куугунтук” деп айта беришет. Эгерде ал Токмоктогу жерлерди чындап эле саткан болсо, жооп бериши керек. Бирок азыр иш козголсо эле бийликке шылтай салуу өнөкөт болуп калды. Мунун бардыгы коомдун көңүлүн башка жакка буруп, тергөө органдарына басым көрсөтүш үчүн айтылууда. Системанын өзүндө саясий куугунтук болсо болушу мүмкүн, бирок Исаевге андай болуп жатат деп айта албайм.

4-январда өткөн соттук процесске Жогорку Кеңештин депутаттарынан, анын ичинде Исаев мүчө болгон “Кыргызстан” фракциясынан эч ким катышкан жок.

Депутат Исаев мындан тышкары "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деп да айыпталып жатат. Былтыр президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган эле. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек.

Депутат Канатбек Исаевге өкүм чыгаруу учуру:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Соцтармактагы билдирүү кенемте төлөөгө себеп болобу?

Кыргызстанда "жалган маалымат таратканы" үчүн моралдык кенемтенин баштапкы өлчөмү боюнча сунуш талкууга түштү. Жарандык кодекске сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү атуулдук коом өкүлдөрү сөз эркиндигин кысым катары баалап чыгышты. Моралдык кенемте талап кылуу мыйзамдарда буга чейин эле болгону менен анын баштапкы суммасы аныкталган эмес. Азыркы долбоордо моралдык зыян үчүн кенемтенин эң төмөнкү чеги катары 20 миң сом каралган.

Жарандык кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдү парламент коомдук талкууга эки ай мурун чыгарса да, ага акыркы эки күндө көңүл бурулуп, кайчы пикирлерди жаратты.

Кодекске киргизиле турган өзгөртүүлөр маалымат каражаттары жана социалдык тармактарда жарыяланган жарандардын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнүн жол-жобосун аныктайт. Ага ылайык, сот жарандарга социалдык түйүндөрдө кайсы бир маалыматты төгүндөөнү милдеттендирсе, бардык колдонуучулар таанышкандай шартта жарыялашы керек болот. Төгүндөөнү дароо өчүрүп салууга тыюу салынат.

Ошондой эле сот эгер социалдык тармакка жарыяланган пикир кайсы бир адамдын кадыр-баркына шек келтирет деп тапса, аны көчүрүп баскан маалымат каражаты да дароо өчүрүүгө милдеттүү болот.

Буга кошумча сот чечим чыгарганда таянууга тийиш болгон моралдык зыян үчүн кенемтенин эң төмөнкү чеги катары 20 миң сом каралган. Бул арыз берген жаран кенемтенин суммасын өзү аныктабаган учурда колдонулат.

"Сынчылар унчукпай калат"

Дал ушул моралдык кенемтенин төмөнкү чегин аныктоо сунушу жарандык активисттердин сынына кабылып, аны маалымат каражаттарына көзөмөлдү күчөтүү катары сыпаттап чыгышты.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, мыйзам долбоору медиа жана социалдык тармактарда жарандардын эркин пикир билдирүү укугун чектейт:

- Бул акыркы учурдагы сөз эркиндигине басым менен бир тенденция катары кабыл алдым. Соңку окуялардан кийин Кыргызстанда жарандар ачык пикирин айтып, бугун чыгара турган бир эле тармак калган. Ал - социалдык тармактар. Мына ушул жакты да тейлеп, көзөмөлгө алуу аракети болуп жатат. Албетте, булар массалык маалымат каражаттарындагы ашыкча сын көз карашты токтотсун деген аракет болду. Ал эми мыйзамдын демилгечиси Дастан Бекешовдун жалган маалымат үчүн кенемтенин базалык сумма болушу керек дегенинин өзү туура эмес.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Мыйзамдын демилгечиси болгон Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешев айтылган сындарды четке кагып жатат. Ал сунушталган өзгөртүүлөрдү Жарандык кодексти учурдагы талапка ылайык келтирүү аракети менен гана байланыштырууда. Депутаттын айтымында, бул маселени ашкере саясатташтыруунун кереги жок:

- Интернеттеги пикирлерге чара көрүү мыйзамдарда так көрсөтүлгөн эмес. Кээ бир судьялар интернет, анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүнбөйт. Ошондуктан Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз. Бул туура эле сунуш. Азыр бизде ансыз деле сотко берип жатышат. Биз соттун чечиминин кантип аткарылышынын жол-жобосун аныктап жатабыз. Сөз эркиндигине кысым жок.

Ошол эле кезде Бекешев моралдык кенемте маалымат каражаттарына эле эмес, башка учурда да колдонуларын эскертти. Аталган мыйзам долбоору учурда парламенттин кароосуна келип түштү.

Жарандык иштен кылмыш жоопкерчилигине...

Кыргызстанда социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаты деп таанылган эмес. Ошондуктан анда жазылгандарды массалык маалымат булагы катары саноо туура эмес экенин айтышат. Бирок ага карабай акыркы жылдары социалдык тармактарга жазылган пикирден улам бир нече ирет соттошуулар болгон. Алардын арасында мыйзамдын демилгечиси Дастан Бекешевдин арызынын негизинде каралган иштер да бар.

Маселен, Бишкектин Октябрь райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековго карата чечим чыгарып, Facebook социалдык тармагына депутат тууралуу жазган сөздөрүн толук төгүндөөнү жана бул төгүндөөнү бир ай бою социалдык тармактан өчүрбөөгө милдеттендирген.​

Мавлян Аскарбеков эл өкүлү Бекешов Кыргызстандагы дүлөйлөр жана азиздер коомдук бирикмесиндеги мыйзамсыз иштерге аралашкан деген мазмундагы пикирин жазган.

Ал эми социалдык тармактарга жазган пикиринен улам улут аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча "Сергий Радонежский жана Айкөл Манас" атындагы коомдук уюмдун башчысы Игорь Трофимов төрт жылга эркинен ажыратылганы 4-январда белгилүү болду.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, бул иштер жарандык тартипте каралганы менен кылмыш жоопкерчилигине чейин тартууга алып барышы мүмкүн:

- Негизи мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн кереги жок болчу. Бедел жана ар-намыс боюнча каралган иштерде сот адилеттик, өлчөмдөштүк жана аткаруу деген принциптердин негизинде кабыл алат. Башкача айтканда, чечим адилеттүү болуш керек, моралдык чыгымдын өлчөмү туура аныкталышы керек жана аткара алгандай болушу керек. Эгер аткарылбаса, анда чечимдин негизинде кылмыш иши козголот.

Чынында эле акыркы жылы маалымат каражаттарына карата доо арыздар көбөйгөн.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15, анын негиздөөчүлөру Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган. Журналисттер бул айыппулду төлөй албаса, кылмыш иши козголушу мүмкүн экени айтылган.

Андан тышкары "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков “азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине далилсиз маалыматтарды таратты” деп, 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Мындан башка бир нече аткаминерлер маалымат каражаттарына карата бир нече миллион сомдук доо арыздарды талап кылышкан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Канатбек Исаев он эки жылга эркинен ажыратылды

Канатбек Исаев он эки жылга эркинен ажыратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Канатбек Исаев он эки жылга соттолду (видео)

Канатбек Исаев

Сот Канатбек Исаевди эки иш - муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушу боюнча күнөөлүү деп таап, калган эки эпизод боюнча актады.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кесүү өкүмүн чыгарды. Ошондой эле Исаевге үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат.

Өкүмдү судья Абдразак Боромбаев окуду.

Сот Исаевди эки иш -муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушу боюнча күнөөлүү деп таап, калган эки эпизод боюнча актады.

Судьянын айтышынча, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мунапыс боюнча декретинин негизинде Исаевдин жаза мөөнөтүнүн төрттөн бири кыскарат.

Исаевдин адвокаты Сергей Слесарев базардын жана автобекеттин курулушу боюнча чечимдер шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынганын айтып, бул иштер боюнча айыптоо өкүмү чыкканына таң калып отурганын билдирди. Ал райондук соттун чечимин жогорку инстанцияга арызданышарын кошумчалады.

26-декабрда жарыш сөзгө чыккан прокурорлор Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүшкөн.

Бул сот ишинде Исаев менен кошо дагы алты кишиге айып тагылган.

Анын ичинде Болот Имамадиев менен Мирлан Эсенбеков да Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Аларды да күчөтүлгөн абакка кесүү өкүмү чыгып, сот залынан камакка алынды. Болот Имамадиев менен Мирлан Эсенбековдун мүлктөрүн да мамлекет эсебине алуу өкүмү чыкты.

Ал эми Алмаз Сейталиев, Каныбек Аблабеков, Любовь Чудинова жана Бактыбек Асыгалиев иштери кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскарды.

Канатбек Исаев он эки жылга эркинен ажыратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Бүгүн сотто акыркы сөзүн сүйлөгөн Исаев айыптоочулар сотту атайылап адаштырып жатат деген пикирин айткан. Ал тергөөдө ишеничтүү документалдык далилдер келтирилбегенин, жок айып тагылып жатканын билдирген.

УКМК Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган жана далил жетишүү экенин айтып, ишти сотко өткөрүп берген. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон.

Депутат Исаев мындан тышкары "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деп да айыпталып жатат. Былтыр президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Парламентте элчилердин маселеси козголду

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин, өкүлчүлүктөрүнүн иши тууралуу маселе көтөрүлдү. Алардын баарын парламентке чакырып отчет, маалымат алуу боюнча сунуш түштү.

Тышкы иштер министрлиги болсо элчилердин ишине ушул айдын этегинде мекеменин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында гана баа берилерин маалымдады.

Элчилер маселесин парламентте Каржы жана бюджет комитетинин төрагасы, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев 4-январда жалпы жыйында көтөрдү. Депутат аларды тышкы иштер министри менен кошо эмки айда Жогорку Кеңешке чакырууну планга киргизүүнү сунуш кылды:

- Бизде баары биригип 38 дипломатиялык өкүлчүлүк бар экен. Бирок алардын иши тууралуу бир көрүнүктүү жумушту көрбөй жатабыз. Миллиондогон акча жумшап, биз аларды өкүл катары кармап турабыз. Кээ бир өкүлчүлчүктөр айлык алып, ошол жумушта отурганына эле сүйүнүп жүрөт. Кыргызстанга туристтерди алып келип, эң башкы иши болгон инвестиция тартуу боюнча саналуу гана элчиликтердин жумушун көрүп жатабыз. Тилекке каршы көпчүлүк элчиликтер жумушту алгылыктуу алып бара албай жатат. Аларды чакырып, үлгүлүү иштеген элчиликтердин кандай жумуш алып барып жатканын угуп, иштей албай жаткан элчиликтерге инвестиция тартуу, туристтерди алып келүү боюнча тапшырмаларды берели.

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Тиллаев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө айрым бир дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кыскартуу, алардын эсебинен кыргыз жарандары көп жүргөн, жакшы иштеген айрым өлкөлөрдөгү элчиликтерди чыңдоо зарыл экенин айтты:

- Кээ бир мамлекеттердеги элчиликтер бир дагы жумуш жасабай жатышат. Керек болсо аларды кыскартып, алардын ордуна чоң жумуштарды жасап жаткан элчиликтерди чыңдайлы. Мына, Кытай, Түркия, араб өлкөлөрү боюнча бизде жакшы жумуштар болуп жатат. Орусияда биздин миңдеген мигранттар жүрөт. Андан көрө ошолорго жардам берсин. Тажикстандагы элчиликти Душанбе шаарында отургузуп койгонсуңар. Бирок негизги карым-катнаш экинчи шаар Хожент шаарында болот. Ал жерде бир дагы өкүлчүлүк жок экен. Ошондуктан Душанбедеги элчиликти Хожентке көчүрүп койсоңуздар.

Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбакиев элчиликтер боюнча кандайдыр маалымат берүүдөн баш тартты. Алардын ишине коллегияда баа берилет деп ишендирди:

- Бизде азыр андай маалымат жок. Мен сизге эч нерсени далилдеп айта албайм. Биз эми ар ким айтса эле уга беребизби? Бизге тапшырма берилсе гана ошого реакция кылабыз. Биз жылдын жыйынтыгын январь айынын этегиндеги коллегияда карайбыз. Ошондуктан элчилер кандай иштегени тууралуу маалыматты январь айынын этегинде эле беребиз. Министр деле азыр парламентке барса ушундай эле сөздөрдү айтат. "Биз карап жатабыз, талдап жатабыз, бизде ушундай эреже бар" деп эле айтат.

Кыргызстандын чет өлкөлөрүндөгү элчиликтерине байланыштуу соңку окуя өткөн айда Германияда катталды. 9-декабрда качкын президент Аскар Акаевдин Берлиндеги мейманканалардын биринде кыргызстандыктар менен өтө турган жолугушуусу үзгүлтүккө учурап, иш-чарага келгендердин бири көчөдө ага жумуртка ыргыткан эле. Кыргызстандын Германиядагы элчилигине "мурдагы президент Аскар Акаевдин мекендештери менен жолугушуусуна жолтоо болду" деген доомат айтылган, элчилик буга комментарий берген эмес.

Андан сырткары кыргыз жарандары көп жүргөн Орусия, Казакстан, Түркия өңдүү өлкөлөрдөгү элчиликтердин иши боюнча да сын-пикир көп айтылат. Маселен, 15-октябрдагы добуш берүү жараянын уюштуруу нааразылык жараткан.

Президенттик шайлоодо Москва шаарында иштеп, жашаган үч жүз миңдей мигранттын ичинен 1252 кыргызстандык гана добуш берген. Шайлоо күнү добуш бере албай калган 500-600дөй мигрант Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулуп, нааразылыгын билдиришкен. Алардын көбү биометрикалык маалымат тапшырбай, консулдук каттоодон өткөн эмес. Кээ бири мигранттарга жетиштүү маалымат берилбегенин айтышса, айрымдары өздөрүн тизмеден таппай калышкан.

Мигранттар: шайлоо укугубуз тебеленди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, элчиликтердин ишин Жогорку Кеңеш гана эмес, коомчулук да көзөмөлдөшү керек:

- "Мамлекетке канча инвестиция алып келди, канча грант алып келди, канча долбоорду ишке ашырды, экономикалык, гуманитардык, маданий маселе боюнча кайсы жерде кандай маселе көтөрдү, аны ишке ашырууга кандай аракет кылды, улуттун кызыкчылыгына жараша кандай иш кылып жатат" деп ар бир элчи маалымат берип турушу керек. ТИМ коллегиянын жыйынтыгын жыл сайын чыгарат. Ал жерде бири-бирин "сылап", "сен жакшы, мен жакшы" деп, баары жакшы болот деген эле жыйынтык болот, көрөсүңөр го. Акыркы беш-алты жылда иштөй албаган бир элчини жумуштан алды же сөгүш берди деген маалыматты уктуңар беле? Ошондуктан бүгүнкү күндө элчиликтердин натыйжалуу жумушу жокко эсе деп айтса болот. Азыр кайсы элчилик мактанып, "ушунча инвестиция алып келдим, инвесторлорду алып келдим" айта алат? Башка кишилер эле билбесе, мен мисалы алардын эч кимисин билбейм.

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Чет жердеги кыргыз элчиликтеринде иштеп жүрүп, Кыргызстандын беделине көлөкө түшүргөн дипломаттардын кылык-жоруктары иликтенет. Пара алган, аткезчилик менен алектенген же бейбаштык кылык-жоругу ашкереленген дипломаттар аныкталган.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында бийлик дипломатияга тиешеси жок өз чөйрөсүндөгү кадрларды же саясий оппоненттерин, айрым саясий күчтөрдүн лидерлерин, журналисттерди элчи кылып дайындаган учурлар болгон. Бул ошол адамдын эмгегин баалоо же тескерисинче "сүргүн" өңдүү өздөрүнөн оолак кармоо сыяктуу ар кандай максаттарда жасалган.

Өткөн жылдын этегинде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттер менен жолугуп, өзү башкарган мекеменин бир жылдык иши тууралуу маалымат берген. Бирок анда элчилердин иши тууралуу сөз болгон эмес. Болгону мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун Малайзияга элчи болуп барар-барбасы тууралуу суроого андай маалыматы жок экенин айтуу менен чектелген.

Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. 30 дипломатиялык өкүлчүлүк, 8 консулдук бөлүм бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Экстремизм кенебестикти кечирбейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы жыл алдында КМШ мамлекеттеринин чоң жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал террористтик коркунучтар жагынан чочулатып жатканын билдирген эле.

Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы коопсуздук боюнча коркунучтар жана чакырыктар кайсылар? Кооптонууга негиз боло турган кандай факторлор бар? Аймактагы кырдаалдын курчушуна мамлекет ичиндеги диний радикал күчтөрдүн таасири барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Эрик Асаналиев жана саясат илимдеринин кандидаты, дипломат Орозбек Молдалиев катышты.

“Азаттык”: Орозбек агай, Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекеттерде бүгүнкү оор кырдаалдын кесепеттери Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга тийиши мүмкүн деген кооптонууга кайсы кырдаалдар себеп болууда?

Терроризм сөз менен жеңилбейт

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Орозбек Молдалиев: Биринчиден, Жакынкы Чыгыштагы окуяларды эске алганда ал жакта Кыргызстандын 500дөн ашык жараны “Ислам мамлекети” террордук тобунун идеясы үчүн кызмат кылып, согушуп жүрүшөт. Алардын аракеттеринен майнап чыкпай талкаланганы менен Сириядагы согушкерлер жакынкы башка аймактарга тарап кетишти. Эми ушулардын канчоо кайра Кыргызстанга кайтып келет, канчасы келди, канчасы башка өлкөлөргө барат, белгисиз. Мына ушул жагдай кооптуу.

Экинчиден, алардын бир тобу Ооганстандын аймагында мурдатан бери эле орун алып калууга аракет кылып келишкен, бул кооптуу. Мурда бул күчтөргө Ооганстандагы “Талибан” кыймылы каршы туруп келсе, эми алардын колдогон талибдер да бар деген маалыматтар бар. Азыркы глобалдашкан заманда кайсы бир мамлекетте кризисттик кырдаал түзүлсө башка өлкөлөргө таасири сөзсүз тиет, кошуналарга өзгөчө.

Үчүнчүдөн, бул маселеде Борбор Азия мамлекеттерине реалдуу жана реалдуу эмес деген коркунучтарды эске алышыбыз керек. Мисалы, Ооганстанда талибдер бийликке келгенде алардын максаты - Борбор Азия таасир тийгизүү эмес. Алардын башка максаты – Ооганстанда эле бийликке келүү. Башка жактарга канчалык күчү жетет, ал өзүнчө суроо.

Экинчи жагы - эгерде алар аймакта “Өзбекстан ислам кыймылы” сыяктуу таяныч же колдоо тапса, анда аймакка коркунуч туулбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттык”: Эрик мырза, “Ислам мамлекетин” курууну көздөгөн күчтөрдүн Сирия, Ирак ж.б. өлкөлөрдө алсыраганынан улам, алардын негизги күчтөрү, куралдары Ооганстанга топтолууда деген пикирлер көп. Эгер ал чын болсо жакынкы убакта ал уюмдар биздин аймакка кандай кесепеттерди алып келиши мүмкүн?

Эрик Асаналиев: Бул маселе биздин, баарыбыздын көңүлүбүздүн чордонунда болуш керек. Биринчи кезекте Орусия жана башка кошуна мамлекеттер менен маалыматтык кызматташтык болуш керек. Баарыбызды тынчсыздандырып жаткан кырдаал Кыргызстандын чек арасына жакын жерде болуп жатат, ага көңүл бурбай коюу кечиримсиз. Мамлекеттердин ортосунда терроризм менен күрөшүү жаатында келишимдерибиз бар, аларды аткаруу зарыл. Кыргызстан өз чек арасын жаап алып эле маселени чече албайт, өзүбүздү өзүбүз коргой албайбыз.

“Азаттык”: Орозбек агай, адатта терроризм менен күрөшүү, аны жеңүү бир мамлекеттин колунан келбейт деп көп айтылганы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттери байкалбагандай сезилет же анын натыйжаларын коомчулук билбей жатабызбы?

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

Орозбек Молдалиев: Биздин тажрыйбабызда бар, Баткен окуясы башыбыздан өттү. “Өзбекстан ислам кыймылы” Кыргызстанга Ооганстан, Тажикстан аркылуу келип, Өзбекстанга коридор берүүнү талап кылбадыбы. Ошол кезде Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан да жамааттык уюмдун мүчөсү болчу, тилекке каршы террористтерге сокку уруу боюнча кошуналардан жардам кеч келди да. Ошол окуядан сабак алышыбыз керек.

“Бул жакта мындай болуп жатат” деп маалымат алмашууну жолго коюшубуз зарыл. "Биргелешкен иштин натыйжасында мындай окуянын алдын алдык” деген маалыматты уга элекмин. Орусия "Американын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) жардам берди" деп уялбай эле айтып жатпайбы. Кыргызстандын күч органдары өздөрү көп окуялардын алдын алып, колго түшкөндөрүн соттоп, жакшы эле иш кылып жатышат.

Биздин мамлекет бир топ антитеррордук иштерди жасап жатат, бирок контртеррордук маселеде көп иштер чийки боюнча калууда. Биздин өлкөнүн эң башкы максаты - экстремисттик идеологияга каршы күрөштү уюштуруш керек.

Кыргызстан үчүн Сирияга кеткен 500 кыргыз жараны көп, кооптуу. Эч ким так санын айта албайт. “Алар эмне үчүн Сирияга кетип калышты?” деген чоң суроого жооп издеш керек. Бизде демократиялык баалуулуктарга каршы идеологияларга каршы күрөшүү жагы абдан солгун болууда.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Кыргызстан экстремисттик идеологияга каршы тура алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:05 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бабановдун саясий сапары бүттүбү?

Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткени тууралуу күтүүсүз билдирүүсү ар түрдүүчө талданып жатат.

Кыргызстандагы бай адамдардын сап башында турган, президенттик шайлоодо экинчи болуп келген Бабанов буга чейин, 2007-жылы да саясаттан кеткенин жарыялап, бирок кайра кайтып келген эле.

Ал коомчулукту эң ириде тез арада партия курап, шайлоолордо жеңип келгени, команда топтоп, ал тургай каршылаштары менен да тандем түзө алганы, чуулуу окуяларда аты аталса да саясаттагы иши илгерилеп келгени менен таң калтырды. Соңку президенттик шайлоодо бир убактагы партиялашы, ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен ажырымы ачыкка чыкты.

Өмүрбек Бабанов былтыр күзүндөгү президенттик шайлоо өткөндөн бери эле чет өлкөдө жүргөн жана партиялаштары, фракциялаштары "ден соолугун чыңдагандан кийин кайтып келет" деп ишендирип жаткан. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин шайлоонун жыйынтыгын тааныган, саясатта күрөштү улантарын айткан, "Алдыга жол" деген шайлоодогу программасын ишке ашырууга да убада берген:

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

- Кыргызстанда 600 миңден ашуун адам мени колдоду. Бул колдоочуларым мамлекетибизде өзгөрүү, жаңылануу, алдыга жол болсун деп административдик ресурстан, укук коргоо органдарынын кысымынан коркпой өз үнүн угузду. Биз бул шайлоодо жеңдик, биздин жеңишибиз - биз элибиздин аң-сезимин өзгөрттүк. Биздин жеңиштерибиз али алдыда. Кудай буюрса "Алдыга жол" деген программабызды сөзсүз түрдө ишке ашырабыз.

Бирок Бабановго кылмыш иши козголуп, оор айып тагылгандыктан анын кайра Кыргызстанга кайтып келишинен күмөн санагандар арбын эле. Башкы прокуратура аны "үгүт учурунда сүйлөгөн сөзүндө конституциялык түзүлүштү бузууга чакырган жана улут аралык кастыкты козуткан" деп айыптаган.

"Элге башка жол менен жардам берет"

Эми минтип Бабанов так жыл жаңырар алдында саясаттан биротоло кеткенин жарыялап, депутаттык мандатын тапшырды жана муну азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим деп атады. Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаевдин айтымында, Бабановдун чечимин анын саясаттагы үзөңгүлөштөрү, санаалаш-пикирлештери туура кабыл алды:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Аны эл күчтүү, жаш саясатчы, реформатор катары тааныды эле. Ал киши "саясатчы катары, саясат аркылуу мамлекетимди өзгөрткөнгө салымымды кошоюн дедим эле, тилекке каршы ал ниетиме жетпей калдым" деди. Биз менен сүйлөшкөндө да "президенттик шайлоодон өтпөй калсам саясаттан биротоло кетем" деген. "Саясат эмес, инвестиция тартуу, бизнес аркылуу элиме жардам берем" деген ниети бар. Өзү "13 жыл саясатта жүрдүм" дейт. "Тилекке каршы, оор-жеңили, ысык-суугу, жакшылыгы-жамандыгы да болду" дейт. Ал киши көрөгөчтүгүн көрсөттү. "Эми саясаты жок, башка жол менен элге жардам берем" дейт. Биз дагы анын ошол чечимин туура кабыл алдык.

Бирок анын саясаттан кеткени тууралуу билдирүүсүн анын бизнесин коргоо аракети катары сыпаттагандар да кездешет. Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев анын саясаттагы кадамдарын сынга алды:

Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

- Саясатта жүргөн киши эки кабыргасы менен кеңешүүсү керек. Саясаттын ар кандай жагы, караңгысы, жарыгы да болот. "Жаман жагы келип калса сотко, түрмөгө чыдай аламбы же чыдай албаймбы?" деп суроо коюп, "эмне болсо да чыдайм" деп сөз берсе - анда саясатка келиши керек эле. "Өмүрбек, Өмүрбек" деп өтө көп айтылып, премьер-министр да болду. Кыргызстан ал үчүн көп эле мүмкүнчүлүк берди да. Бирок эң жаман жактарын көрсөттү. Ал кимдер менен гана дос болгон жок? Эгер ал өзүнүн байлыгын мээнети менен тапса, эч качан качмак эмес.

Реформаны талап кылган жаш депутат

47 жаштагы Бабанов тектүү үй-бүлөдөн чыккан. Атасы кыргыз ССРинин депутаты болгон, Таластагы бай колхоздордун бирин көп жыл башкарган. Ал эмгек жолун ишкерликтен баштаган жана негизинен Казакстанда, Кыргызстанда күйүүчү май бизнеси менен алектенген. 2000-2004-жылдары Жалал-Абадда "Кыргызпахта" ишканасын жетектеген. 2005-жылы Талас облусунун Кара-Буура райондук шайлоо аймагынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Март ыңкылабынан кийин мурунку президент Аскар Акаевге жана анын жакындарына таандык мүлктү аныктоо боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссияны жана анын жетекчиси, ошол кездеги вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун ишин кескин сынга алган да жайы бар.

Коомчулуктун калың катмарына Өмүрбек Бабанов саясатчы катары 2006-2007-жылдары оппозициялык күчтөрдүн нааразылык акцияларында таанылды. Ошол кезде аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган 36 жаштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал Талас облусунун Кара-Буура райондук шайлоо аймагынан шайланып келген жана жигердүү депутаттардын бири болгон.

Оппозициялык "Реформа үчүн" кыймылынын лидерлеринин бири катары ошол кездеги президент Курманбек Бакиев кетишин талап кылып чыккан. Бийликтин конституциялык реформа жүргүзүү аракетин сынга алган жана президентти "өз ыйгарым укуктарын, үй-бүлөлүк башкарууну бекемдөөгө жол ачып жатат" деп айыптаган.

Алмазбек Атамбаев менен тааныштыгы 2007-жылы башталган. Ошол жылы ал КСДПнын катарына кошулган, парламенттик шайлоодо партиянын тизмесин баштап барган. Шайлоо маалында анын жарандыгына байланыштуу маселе кайра көтөрүлгөн жана бул сотко чейин жеткен.

Бишкектеги райондук сот "анын казак жараны экени ырасталды" деп чечим чыгарып, шайлоодон четтеткен, бирок Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, шайлоого катышуу укугун калыбына келтирген.

Бабанов депутаттык мандаттан партиялашы Роза Отунбаеванын пайдасына баш тарткан. Аны "тажрыйбасы чоң ишмер, ири саясатчы" деп атаган. Кызыгы, ошол учурда шайлоо бюллетенин жарыялап жибергени үчүн кылмыш иши козголуп, сыртта жүргөн партиянын мүчөсү Эдил Байсаловдун сыртка чыгып кеткенин туура эмес деп да атаган жайы бар. Ал ошол жылы да саясаттан кеткенин жарыялаган.

Бабанов Бакиевдин өкмөтүндө.
Бабанов Бакиевдин өкмөтүндө.

Өмүрбек Бабанов 2009-жылы январь айында вице-премьер-министр болуп дайындалган жана ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин мындай чечими күтүүсүз болгон. Ал бул сунушту ишкердиктеги жетишкендиктери менен байланыштырган. Бабановдун чечими партиялаштарынын нааразылыгын жаратып, өзү партиянын катарынан чыгарылган.

2009-жылы вице-премьер-министр болуп турганда "ВООСТ" ишканасынын жетекчиси Валерий Хон Бабановду анын нефтебазасын мыйзамсыз ээлеп алган деп айыптап чыккан, Бабанов болсо дооматтардын баарын четке каккан.

Ал вице-премьерлик кызматтан 2009-жылы октябрда өз эрки менен кеткен жана 2010-жылы апрель ыңкылабына чейин дайыны коомчулукка дээрлик билинген эмес.

Адаштардын тиреши

Бабанов 2010-жылы парламенттик шайлоодо "Республика" партиясын жетектеп барды. Программасында Орусияга ачык ыктады. Тизмеде мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда майлуу-сүттүү, жооптуу кызматта иштегендерди чогултканы менен сынга да кабылды. Бирок жеңген беш партиянын бири болду. Алардын жеңишин акча менен байланыштыргандар чыкты.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында башкаруучу коалиция куроо түйшүгү менен коштолду жана анда Бабанов "башкы саясий оюнчулардын" бири катары таанылды, өз талаптарын койду.

Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов.

Бабанов менен ошол кездеги парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тиреши 2011-жылы жазында башталды. Текебаев ошол маалда вице-премьер-министр болуп турган Бабановду "мыйзамсыз ишкерлик менен алектенип жатат" деп айыптап чыккан. Бабанов болсо мындай дооматтарды "коалицияны ыдыратуу аракети" деп сыпаттаган. Андан сырткары анын аты "Мегаком" компаниясынын айланасындагы чууда да айтылган. Бабановду айыптап чыккан ошол кездеги башкы прокурор Кубатбек Байболов иштен алынган. Андан көп узабай эле Бабанов өзүнүн аты аталган чуулуу иштер териштирилип бүткүчө убактылуу кызматтан кеткен жана бир айдан кийин кайра ордуна кайтып келген.

Ошол учурда да анын жарандыгына байланыштуу маселе кайра көтөрүлгөн. "Атамекенчилер" Бабановду "кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган" деп да айтып чыгышкан.

Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев.
Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев.

Бирок Бабанов 2011-жылдын этегинде премьер-министр болуп дайындалды. Көп узабай парламенттеги оппозициялык азчылыктын лидери Камчыбек Ташиев менен Бабанов тиреши ачыкка чыкты. Ташиев Бабановду өлкөгө радиациялуу көмүр ташылып келгени боюнча айыптап чыккан.

Оппозиция ошол жылы март-апрель айларында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында митинг өткөргөн. Анда катышкандар өкмөттүн кетишин, Кыргызстан президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүн, 2010-жылдын апрель-июнь окуялары боюнча күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону талап кылышкан.

Ошол жылы август айында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы премьер-министр Өмүрбек Бабанов түрк компаниясынан баасы 500 миңден 1 миллион 300 миң долларга чейин турган аргымакты пара катары алганын айтып чыккан. Бабанов жана анын фракциясы "Республика" болсо апрель окуяларындагы талап-тоноочулукту кайра козгогон жана талоончулук боюнча "атамекенчилерди" айыптаган. Саясий тиреш Бабановдун кызматтан кетиши менен аяктаган.

2011-жылы шайлоодон кийин анын партиясы ичинен ыдырады. Өзү болсо саясий тандемдер менен да аты чыкты.

"Тараза ташында байлык турат"

2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында анын саясий оппоненти катары каралган Камчыбек Ташиевдин "Ата-Журт" партиясы менен биригип, "Республика-Ата-Журт" деген партия түптөдү. Шайлоодо марага экинчи болуп келди, бирок бул тандем шайлоодон кийн тез эле ыдырады. Партиянын талапкерлерге ант бердирген жоругу талкуу жаратты.

Бабанов эл арасында президенттик шайлоого катышаары жана анда жеңип чыгышы да мүмкүн экени айтылып жүргөн саясатчы эле. Ал тургай ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин дагы көзү түз экени белгилүү болчу. Бирок шайлоого жакын Атамбаев Бабановду ачык да, тымызын да сындай баштады. Муну ал өзү баштаган жолду улантуудан баш тартканы менен да түшүндүрдү.

Бирок Бабанов соңку кайрылуусунда Алмазбек Атамбаевди "өлкөдөгү туруктуулук менен тынчтыкты чыңдоодо чоң салым кошту" деп кыстара кетти.

Азыр анын саясаттан кеткени тууралуу билдирүүсү түрдүүчө талданып жатат. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Бабановго "жетиле элек саясатчы" деп баа берди жана саясатка бизнес долбоор катары мамиле кылды деген пикирин айтты:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Өмүрбек Бабанов акыркы он жылдагы аттуу-баштуу саясатчылардан болду десе жаңылбайм. Бирок аны бышып жетилген саясатчы деп айта албайм. Меним билишимче, бул киши ушуну менен экинчи жолу "саясаттан кеттим" деп жатат. 2007-жылы болсок керек, анда да "мен саясаттан кеттим, чарба иштери менен алек болом" деген маалымат берген болчу. Саясатчы катары мен мындай деп айтат элем: бизнесте ийгилик жаратып, саясатты да бизнестей карап, ийгиликке жеткендер болгон. Аны жок деп айта албайбыз. Мисалы, шайлоого бир-эки ай калганда партия түзө коюп, ийгиликке жетүү ушул ишмердиктин белгиси деп койсок болот. Бирок бир-эки айда партия таанымал болуп, элдин сүйүктүү партиясына айланышы мүмкүн эмес. Бул бизнес-долбоор болуп жатат. Аброю бар кыз-жигиттерди тандап, жер-жерлерге дайындап, каражатты аябай ийгиликке жетишүүнү партиялык түзүлүш эмес, бизнес-долбоор ийгиликтүү болгон деп түшүнүшүбүз керек.

Исхак Масалиев Бабанов кийинчерээк кайра саясатка кайтып келсе таң калбаш керек экенин кошумчалады:

Эгер адам саясатчы болом, сындоочу болом десе, анда бизнесте, соодада ийгиликке жете албайт. Бийлик мүмкүнчүлүк бербейт.

- Бул жигитибизди "саясаттан кетти" деп айтпаш керек, убагы келгенде кайра кайтып келиши мүмкүн. ​Анын билдирүүсүнө таң калбаш керек. Акыркы кадамында таразанын бир жагында өзүнүн тынчтыгы, бизнес кызыкчылыктары турду, экинчи жагында саясий ишмердиги турду. Ушул нерселердин баары убакыт өткөн сайын бири-бирине дал келбей калат. Эгер адам саясатчы болом, сындоочу болом десе, анда бизнесте, соодада ийгиликке жете албайт. Бийлик мүмкүнчүлүк бербейт. Экинчиден, бизнеске байланыштуу ал өзү да көз каранды болот. Анткени мамлекеттин колунда укук коргоо органдары, тергөө органдары бар. Алар текшергенде чоң ишканалардан сөзсүз кандайдыр бир кемчиликтерди табышы мүмкүн. Ошондуктан адам саясатка келсе, бизнестен алысташы керек деген ойдомун. Ал эми ийгиликтүү бизнесмен көпкө ийгиликтүү саясатчы боло албайт. Эртеби-кечпи карама-каршылык болот. Адамдын өз байлыгы менен элдин талабы, саясаттын талабы туура келбеген учурлар сөзсүз болот.

Бабановдун саясаттан кетүү жөнүндөгү убадасынын бул жолу канчалык аткарыларын сынай турган шайлоо өңдүү ири саясий иш-чаралар жакын арада болоору белгисиз. Азыркы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантарын билдирген. Ал эми талапкерлер шайлоочуларга платформасын жар салган КТРдеги дебаттарда учурдагы мамлекет башчысы коррупция менен күрөштү адегенде Бабановдон баштаарын, ага карата коррупцияга байланышкан 25 суроосу топтолуп калганын айтканы бар.

Жогоруда айтылгандардан улам жана Бабановдун буга чейинки саясий кадамдарын эске алганда, анын Атамбаевден кийин келген бийлик менен кандай алака-катышта болорун айтыш кыйын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ирандагы нааразылык: өлгөндөр көбөйдү

Тегеранда 30-декабрда өткөн жүрүш.

Ирандагы өкмөткө каршы ири демонстрацияларда түндө дагы тогуз адам мерт болуп, беш күн ичинде каза тапкандардын саны кеминде 22 кишиге жетти. Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи "өкмөткө каршы демонстрацияларга шыкак берди" деп өлкөнүн "душмандарын" айыптады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон Ирандын борбордук бөлүгүндөгү Кахдерижан шаарында демонстранттар полиция бөлүмүнө чабуул койгону көрүнөт. Ирандын мамлекеттик телеканалы 2-январга караган түнү каза болгон тогуз кишинин алтоо бул полиция бекетинен "курал-жарак уурдоого аракет кылган" деп кабарлады.

"Тасним" жаңылыктар агенттиги Нажабад шаарында бир полиция куралчан демонстранттын огунан каза тапканын жазды. Иранда беш күн мурда башталган өкмөткө каршы демонстрацияларда коопсуздук кызматкерлеринин арасында курмандыктар каттала элек болчу.

Миңдеген адамдар катышкан митингдер Ирандын Керманшах, Ахвах, Санандаж сыяктуу ондогон ири жана чакан шаарларында өтүп жатат. Башкалаа Тегерандын бир катар райондорунда өкмөткө каршы акциялар катталды.

Тегеран, 30-декабрь.
Тегеран, 30-декабрь.

Демонстранттар "Диктаторго өлүм!" деген сыяктуу саясий чакырыктарды айтып жатканын Тегерандагы акцияларда тартылган видео тасмалар күбөлөп турат. Башка шаарлардагы митингдерде өлкөнүн диний лидерлери менен молдолоруна да сын айтылууда. Айрым демонстранттар Иранды 1989-жылдан бери башкарып келе жаткан диний жолбашчысы Али Хаменеинин сүрөттөрүн айрыганга чейин барышкан.

Демонстрациялар алгач 28-декабрда Мешхед шаарында башталып, ага чогулгандар өлкөдө азык-түлүк баалары кымбаттаганына жана экономикалык кыйынчылыктарга нааразы болушкан. Бирок андан бери митингдер башка шаарларга да жайылып, ар кыл кагылыштарда мерт болгондордун саны кеминде 22 адамга жетти.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи митингдер боюнча 2-январда үн катып, "өкмөткө каршы демонстрацияларга шыкак берди" деп өлкөнүн "душмандарын" айыптады.

Ирандын президенти Хасан Роухани да 1-январда парламент комитетинин жыйынында нааразылык акцияларын "сырткы душмандардын" өч алуу аракети катары баалап, ошол эле учурда өлкөдө маселелер бар экенин моюнга алды:

- Менин оюмча, соңку бир канча күндө болуп өткөндөр үстүртөдөн коркунуч сыяктуу көрүнөт, бирок биз аны мүмкүнчүлүккө айлантышыбыз керек. Маселе эмнеде экенин аныкташыбыз зарыл. Көчөгө чыккандардын баары эле башка өлкөлөрдөн буйрук алган деп айта албайбыз. Кеп экономикалык маселелерде эле эмес, башка талаптар да бар. Алардын бири - эркинирээк шарттын түзүлүшү.

Күч органдарынын жообу

Роухани бир күн мурдагы кайрылуусунда коомдук тартипти бузгандарга, мамлекеттик мүлккө зыян келтиргендерге чара көрүлөрүн эскерткен.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Тегерандагы жыйында, 2-январь.
Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Тегерандагы жыйында, 2-январь.

Соңку бир канча күндө башкалаанын Фирдоуси аянтында чогулган демонстранттарды полиция суу чачып таратууга аракет кылды. Митингчилер менен полициянын кагылышы Ирандын башка шаарларында да катталды. Беш күн ичинде Ирандын аймактарында 450дөй демонстрант кармалганы кабарланууда.

- Негиздүү талаптарды айткандарга мыйзамдуу жол көрсөтүлүшү керек. Атайылап зыян келтиргендерге, зомбулукка баргандарга жана мамлекеттик, жеке менчик имараттарга от койгондорго кескин чара көрүлөт, - деп эскертти Ирандын сот системасынын башчысы Аятолла Садих Амоли Ларижани Тегерандагы жыйында.

Өкмөт Иранда кеңири колдонулган "Инстаграм" жана "Телеграм" социалдык түйүндөрүнө бөгөт койгону белгилүү болду. Бул эки Интернет түйүнү өкмөткө нааразы тараптардын митингге чогулушу үчүн кеңири колдонулганы кабарланып жатат.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Шамхани демонстрациялардын күчөгөнүн Интернеттеги социалдык тармактардан көрүп, айрым чет өлкөлөр Ирандын ички ишине кийлигишип жатканын айтты.

- Ирандагы кырдаал боюнча билдирүүлөр жана хэштегдер АКШдан, Британиядан жана Сауд Арабиясынан келип жатат, - деди ал.

Дүйнөнүн реакциясы

АКШнын президенти Доналд Трамп Иранда өкмөткө каршы нааразылык билдирип чыккандарды кубаттап, "өзгөрүүгө мезгил жеткенин" "Твиттердеги" барагына жазды.

Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл демонстранттардын өлүмүнө тынчсыздануусун билдирип, Иран бийлигин адам укуктарын сыйлоого чакырды. Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон демонстранттар көтөргөн маселелерди маңыздуу талкууга алыш керек экенин жазды. Ирандын Сирия согушундагы тарапташы Орусиянын Тышкы иштер министрлиги окуяны өлкөнүн ички иши деп баалады.

Израилдин премьер-министри Биньянмин Нетаньяху 1-январдагы видео кайрылуусунда митингчилерди "эр жүрөк ирандыктар" деп атады:

- Бүгүн Ирандын президенти Роуханинин "митингдердин артында Израил турат деген" сөзүн уктум. Бул жалган гана эмес, күлкү келтирерлик. Роуханиден айырмаланып, мен Иран элин мазактабайм. Алар мындан жакшы жашоого татыктуу. Эр жүрөк ирандыктар көчөгө чыгышты. Алар эркиндикти, акыйкаттыкты, ондогон жылдардан бери жетпей келген жөнөкөй эркиндикти каалашат.

Иранда жумушсуздук 12 пайыздын тегерегинде, бирок быйыл жаштар арасындагы жумушсуздук 28 пайызга өскөн.

Роухани 31-декабрдагы кайрылуусунда митингчилер бийликти сынга алууга укуктуу экенин айтып, бирок демонстрациялар коомчулуктун коопсуздугуна шек келтирбеши керек деп айткан. Ал ошондой эле Трамптын "Твиттерге" жазгандарын сынга алып, АКШ президенти бир канча ай мурда эле Ирандын элин "террорист" деп атаганын белгилеген.

Иранда саясий митингдер сейрек өтөт. Бул өлкөдөгү акциялардын басымдуу бөлүгүнө айлык акы, баалар сыяктуу экономикалык маселелер себеп болот.

Бул өлкөдө 2009-жылы Махмуд Ахмединежаддын экинчи ирет президент болушун шарттаган талаштуу шайлоодон кийин ири нааразылык акциялары өтүп, анда 30дай адамдын өмүрү кыйылган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өкмөт "Кумтөр" үчүн дагы бир фонд ачты

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү Кумтөрдө.

Өкмөт өлкөдөгү экологиялык абалды оңдош үчүн "Жаратылышты өнүктүрүү фондун" түздү.

Аталган фондго "Кумтөр" компаниясы 50 млн. доллар которуп, бул каражат Ысык-Көлдөгү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө жумшалмакчы. Бирок экологдор өкмөт "Кумтөрдөн" 50 млн. доллар алганын "буга чейинки экологиялык доодон баш тартууга тете иш жана кыргыз өкмөтүнүн келишим боюнча уттуруп койгонунун белгиси" деп сыпатташууда.

"Кумтөрдөн" дагы бир фонд

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү, анын ичинде "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу учурундагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" деп аталган коомдук фондду түзгөнүн декабрдын этегинде коомчулукка кабарлады.

Токтомго ылайык фонддун түзүүчүсү кыргыз өкмөтү болот жана анын каржылык жана башка мүлкү "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому бир жолу бере турган 50 миллион доллардын жана 2017-жылдан тартып кен казылып бүткөнгө чейин жыл сайын бөлө турган 2,7 млн. доллардын эсебинен түзүлөт. Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул Стратегиялык келишимге ылайык жүргүзүлөт.

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун башкармалыгынын мүчөсү Дүйшөн Касенов “Азаттыкка” билдиргенине караганда каражат фондду уюштуруу иштери бүтөрү менен которулат:

Дүйшөн Касенов.
Дүйшөн Касенов.

- Бул акча даяр турат. Фонд расмий иштегенден тартып каражат которуларына кепилдик бере алабыз. Алгач фондду түзүш үчүн катташ керек, фонддун уставы болушу зарыл. Финансылык реквизиттер ачылгандан кийин гана биз тараптан каражат которулат.

Дүйшөн Касеновдун айтымында, фондго бөлүнө турган каражат буга чейинки төлөмгө салыштырмалуу 10 эсе көп.

- 2017-жылдан баштап "Кумтөр" жыл сайын 2,7 млн. долларды экологиялык зыян үчүн берип турат. Бул каражат "Кумтөр" ишин токтотконго чейин жыл сайын которула берет. Буга чейин "Кумтөр" бул беренеге жылына 310 миң доллардан гана берип келген. Акыркы сүйлөшүүлөрдө "Кумтөр" он эсе көп төлөгөнгө макул болду.

Сапар Исаков (солдо) Кумтөр кенинде. 9-сентябрь, 2017-жыл.
Сапар Исаков (солдо) Кумтөр кенинде. 9-сентябрь, 2017-жыл.

Унутта калган жоопкерчилик

Өкмөт азырынча фондду уюштуруу иштери кайсы баскычта экени, иштөө механизмдери кандай болору тууралуу кеңири маалымат тарата элек.

Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов фондго түшчү 50 млн. доллар Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын суу калдыктарын тазалоочу cистемаларын оңдоого жумшаларын “Азаттыкка” айткан. Ага кошумча экологиялык долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Экологдор менен жаратылыш коргоочулар болсо бул демилгеге түрдүү көз карашта болуп жатышат. "Ири тоо-кен компаниясы экологияга зыяны үчүн которгон акчаны көбөйтүү менен буга чейин келтирилген зыяндан толугу менен кутулуп жатат" дегендер да бар.

"Кумтөр" ишканасы.
"Кумтөр" ишканасы.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр боюнча парламенттик комиссиянын курамына кирген Эркингүл Иманкожоева “Азаттыкка” билдиргендей, 2012-жылы мамлекеттик комиссия "Кумтөр" иштей баштагандан бери 7 млрд. сомго экологиялык зыян келтиргенин аныктаган.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

- Мамлекеттик органдар экологиялык зыяндын өлчөмү 7 млрд. сомго чукул экенин аныктап, райондук сот аркылуу жеңишке жеткен. Кийин өкмөт өз чечими менен доону чакыртып алган. Бирок азыр Сапар Исаковдун өкмөтү расмий түрдө “өкмөттүн Кумтөргө доосу жок” деген мааниде келишимге жазып койду. Демек биз "Кумтөрдүн" буга чейинки экологиялык зыяны, мөңгүнү бузганы, аба менен таза сууну булгаганы үчүн келтирилген зыянын өндүрө албай калат турбайбызбы. Бул өкмөт азыркы келишим боюнча келечекте жооп берет деп ойлойм.

Экология боюнча адис Динара Кутманова болсо жаңы фонд түзүүнүн дегеле зарылчылыгы жок деп эсептейт.

- Жаңы фондду түзүүнүн эмне зарылчылыгы бар? Бизде Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине караштуу Жаратылышты коргоо фонду бар, анан калса Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду бар. Фонддордун санын көбөйтпөй, жоопкерчиликти "Кумтөрдүн" өзүнө эле жүктөш керек болчу. Эми жаңы фондго өзүнө тиешелүү кишилерди коюшат, акчаны каалагандай бөлүштүрүшөт, көзөмөл эч кандай болбойт. Айтор, жаңы фондго менин ишенимим аз.

Ушул жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Жогоруда сөз болгон “Жаратылышты коргоо фондунан” жана жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм каражатынан тышкары, аталган келишимге ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча, бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулушу керек.

Ошондой эле онкологиялык кызматты өнүктүрүүгө канадалык инвесторлор 10 млн. доллар бөлүүгө даяр экенин айтышкан. Бирок бул келишимдин толук расмий версиясы ачыкка чыга элек. Ошондуктан жаратылышты коргоочу активисттер өкмөт жең ичинен “Кумтөргө” жеңилдиктерди берген болушу мүмкүн деп шектенип, документтин толук версиясын ачыкка чыгарууну талап кылып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Оң рулдуу таксиге тыюу салынбайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги рулу оң жакта жайгашкан автомашиналарды такси катары колдонууга 2018-жылдын башынан тартып тыюу сала турган мыйзам долбоорун кайтарып алды.

Мыйзам долбоорун чакыртып алган чечим

Оң рулдуу таксилерди көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгуу Транспорт жана жолдор министрлигине тапшырылды. Эксперттер оң рулдуу унааларга тыюу салуу менен жол кырсыктарын азайтуу мүмкүн эмес экенин белгилеп жатышат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлагандай, Кыргызстанда оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам долбоору дагы кошумча иштелип чыкмай болду.

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

Аталган башкармалыктын өкүлү Нур Сатыбалдиевдин "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, рулу оң жакта жайгашкан унааларды көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгуу Транспорт жана жолдор министрлигине тапшырылды:

- Өкмөттөн мыйзам долбоорун кайра кайтарып алдык. Анткени президенттик шайлоо маалында да "талдап, механизмди иштеп чыгып, тапкыла" деп айтылган. Ошондуктан азыр механизмдерди Транспорт министрлиги даярдап жатат.

2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу автоунааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген.

Оң рулдуу автоунаа айдагандар мындай чечимге каршы акцияларды да маал-маалы менен уюштуруп жүрүшөт. Эксперттердин жана нааразы болгон тараптардын сунуштарынын негизинде парламент 2016-жылдын жазында оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга тыюу салына баштай турган учурду 2020-жылга жылдырууну колдоп берген болчу.

Кийинчерээк Коопсуздук кеңеши жол кырсыктарын азайтуу боюнча чечим кабыл алып, анын негизинде ИИМ оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга 2018-жылдан тартып тыюу салчу мыйзам долбоорун коомдун талкуусуна чыгарган. Муну менен катар өкмөт ушул жылдын 1-январынан тартып Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана "Автомобилдик транспорт жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, айыппулду дагы көбөйтүүнү көздөп жаткан.

Жыл соңунда Жогорку Кеңеш айдоочунун жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун колдогон. Демилгечилердин бири, парламент депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, анда кырсыкка кабылган айдоочуга байланыштуу тараптардын тосмо арызы эсепке алынбайт.

- Чындыгында айта беребиз, бирок дүйнөдө ушундай изилдөө тууралуу маалымат тапкан жокмун. Ошондуктан мен милиция кызматкерлерине, министрге мындай тыюу таасирин бербейт деп айтып жүрөм. Аны кантип көзөмөлдөй алабыз, бул кыйыныраак болот.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Айдоочулар эмне дейт?

Ал эми Ички иштер министрлиги жолдогу кырсыктардын 83% айдоочу күнөөлүү экенин айтып чыккан.

Жол коопсуздугу боюнча жарандык активисттер менен айдоочулар болсо кырсыктарга машинанын рулу эмес, жолдогу эрежелердин сакталбай келатканы себеп болуп жатканын айтып келишет.

Садык: Өзүм автомобилист, инженер-механикмин. Бул маселе рулга эмес, айдоочуга байланыштуу. Көп айдоочулар күбөлүктү сатып алып жатышат.

Болот: Негизи бизде оң тараптуу кыймыл болгондон кийин оң рулдууларга бир аз ыңгайсыз болот. Жогорку ылдамдыкта баратканда, машинаны ашып өтүүдө булар кооптуурак. Бирок кандай болсо да айдоо маданиятын үйрөнүш керек.

Низам: Өзү трассада машинанын баары эле оң рулдуу болсо оң рул кырсыкка учурайт да. Бул машиналардын эмнесине кызыгышат? Ыңгайлуу, кышында меши, жайында кондиционери иштейт. Бирок өкмөт иш таап берсе, биз деле 600-700 чакырым такси кылып жанды кыйнабай эле отурат элек.

Жээнбековдун убадасы

Президент Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо өнөктүгүндө дал ушул маселени оң рулдуу автоунаа айдоочулардын кызыкчылыгына чечүүгө убада берген.

- Муну 2018-жылдан деп коюшту. Мурун 2020-жылга чейин болчу. Мен, буюрса, муну чечип берем. Баары эле бала-чакасын багып жатат, аны түшүнүп турам.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодогу үгүт маалында.
Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодогу үгүт маалында.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын 11 айында 820дан ашуун адам жол кырсыгынан каза болсо, анын 220дайы оң рулдуу унаалардын айынан болгон.

Кыргызстанда 1 миллион 73 миң автоунаа болсо, болжол менен алардын 16 пайызга жакынын оң рулдуу машиналар түзөт.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнү алыс-жакын каттамдарга, шаар ичинде такси кызматын көрсөткөн машиналардын 25% оң рулдуу автоунаалар.

Кыргызстан 2015-жылдан тартып оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө бөгөт койгон. Оң рулдуу унааларды колдонууга коңшу өлкөлөр Казакстан, Тажикстан тыюу салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Масалиев: Бабанов саясатка кайра келиши мүмкүн

Исхак Масалиев.

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты, саясатчы Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан биротоло кетерин 30-декабрда жарыялады. Буга байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев “Азаттык” үналгысына маек курду.

“Азаттык”: Өмүрбек Бабановдун саясаттан кетүү тууралуу чечимин кандай баалайсыз?

Масалиев: Өмүрбек Бабанов акыркы он жылдагы аттуу-баштуу саясатчылардан болду десе жаңылбайм. Бирок аны бышып-жетилген саясатчы деп айта албайм. Меним билишимче, бул киши ушуну менен экинчи жолу "саясаттан кеттим" деп жатат. 2007-жылы болсок керек, анда да "мен саясаттан кеттим, чарба иштери менен алек болом" деген маалымат берген болчу.

Саясатчы катары мен мындай деп айтат элем: бизнесте ийгилик жаратып, саясатты да бизнестей карап, ийгиликке жеткендер болгон. Аны жок деп айта албайбыз. Мисалы, шайлоого бир-эки ай калганда партия түзө коюп, ийгиликке жетүү ушул ишмердиктин белгиси деп койсок болот. Бирок бир-эки айда партия таанымал болуп, элдин сүйүктүү партиясына айланышы мүмкүн эмес. Бул бизнес-долбоор болуп жатат. Аброю бар кыз-жигиттерди тандап, жер-жерлерге дайындап, каражатты аябай ийгиликке жетишүүнү партиялык түзүлүш эмес, бизнес-долбоор ийгиликтүү болгон деп түшүнүшүбүз керек.

Ал эми депутаттык милдетин аткарганда Бабанов бир топ жакшы маселелерди көтөргөн болчу. Эгер экөөбүздү алсак, менде аны менен идеологиялык карама-каршылыктар бар. Себеби анын көз карашын мен толук колдобойт элем. Баарын сатып, менчикке өткөрүүгө мен каршымын. Бул менин идеологиялык көз карашым.

“Азаттык”: Анын билдирүүсү күтүүсүз болдубу?

Масалиев: Бул жигитибизди саясаттан кетти деп айтпаш керек, убагы келгенде кайра кайтып келиши мүмкүн.​Анын билдирүүсүнө таң калбаш керек. Акыркы кадамында таразанын бир жагында өзүнүн тынчтыгы, бизнес кызыкчылыктары турду, экинчи жагында саясий ишмердиги турду. Ушул нерселердин баары убакыт өткөн сайын бири-бирине дал келбей калат. Эгер адам саясатчы болом, сындоочу болом десе, анда бизнесте, соодада ийгиликке жете албайт. Бийлик мүмкүнчүлүк бербейт.

Экинчиден, бизнеске байланыштуу ал өзү да көз каранды болот. Анткени мамлекеттин колунда укук коргоо органдары, тергөө органдары бар. Алар текшергенде чоң ишканалардан сөзсүз кандайдыр бир кемчиликтерди табышы мүмкүн. Ошондуктан адам саясатка келсе, бизнестен алысташы керек деген ойдомун. Ал эми ийгиликтүү бизнесмен көпкө ийгиликтүү саясатчы боло албайт. Эртеби-кечпи карама-каршылык болот. Адамдын өз байлыгы менен элдин талабы, саясаттын талабы туура келбеген учурлар сөзсүз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Эрдогандын ачуусу, "чөнтөк аңтарган" Лавров

Иллюстрациялык сүрөт.

Саясатчылар такай эл көзүндө. Ар бир сөзүнө кунт коюлуп, мааниси экчелет. Ошон үчүн протокол аларды жипке тизгендей кармап, күн мурунтан даярдалгандан ашыкча сөз айттырбаганга тырышат. Бирок дайым эле андай боло бербейт. Өткөн жылкы айрым орой билдирүүлөргө орун берели.

"Семиз кодоо" же "айныган чал"

Сөздөн чалынган, же атайылап эле кычаштык менен күчөтүп айткан учурлар быйыл деле аз болбоду. Анын үстүнө согуш, санкциялар дегендей оор кырдаалдар буга өбөлгө түзүп атпайбы.

Өзгөчө Америка Кошмо Штаттарын Доналд Трамп жетектей баштагандан тарта көндүм дипломатияга сыйбаган көп сөздөрүн угуудабыз. Өзгөчө Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу далалатынын артында санкцияларды салгандан тышкары "Түндүк Кореяны жок кылып иебиз" деп чамынып, Улуттар Уюмунун трибунасынан ал өлкөнүн лидерине ат коюп ийгенге да жетишти.

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

- Кошмо Штаттар эбегейсиз күч жана чыдамкайлыкка ээ. Бирок өзүн же өнөктөштөрүн коргоо зарылдыгы келип чыкса, биз Түндүк Кореяны толугу менен жок кылгандан кайра тартпайбыз. "Ракета-киши" жеке өзүн жана бийлигин жок кылчу жанкечтиге айланды. АКШ аны жок кылганга даяр, ага кудурет, күчү жетет, бирок андай зарылдык келип чыкпайт деп үмүттөнөбүз.

Албетте, быйыл эле жыйырмадан ашуун ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра сынап, алтынчы ирет өзөктүк жардыруу да жасаган Пхеньяндын жоругу мактай тургандардан эмес. Бирок, бул үчүн дипломатия чегинен тыш ачуу сөз айтуу же жетекчилигинин жоругу үчүн бүтүндөй өлкөнү "жок кылып коебуз" деп ачуулануу кантип болсун деп көп саясатчы аң-таң болду.

Ага чейин деле өзүнө душман эсептегендерди ар кандай шыбап келген Түндүк Корея Трампка жооп бербей калган жок. Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Хо ошол эле трибунадан:

- Бийликте турган сегиз айында ал Ак Үйдү бакылдаган базарга айлантты. Эми ал Улуттар Уюмунун аренасын акчанын эрежеси менен кан төгүү кадимки иш саналган бандиттердин уясына айландыргысы келет, - деген кызуу кандуу кайым айтышууга улай кийин түндүк кореялыктар лидерине тил тийгизгени үчүн АКШ президентин өлүм жазасына кыйып ийгенин да жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Ал тургай “акылдан айныган чал” деп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын каяша айтты.

Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

Сүйлөгөндөн да билдирүүлөрүнүн көбүн "Твиттерге" жазып жүргөн Трамп буга: “Неге Ким Чен Ын мени “кары” деп, келекелейт? Мен аны эч качан “семиз кодоо” деген жокмун го? деген такмазасын Интернет аркылуу жылдырды.

Ошентип өткөн жылдын аягынан тартып кайра күчөгөн өзөктүк курал маселеси боюнча чыңалуу дале жазыла элек.

"Э-эй Трамп!..", "Көзүңдү ала качпа!"

Өзү негизи көп талаш, кайым айтышуу АКШ жана анын президентинин сөзүнө, саясатына байланыштуу болуп келди. Маселен, Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп таанганы ага карата ачуу сөздөрдү жаадырды. Анын бири Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган болду. Бу киши да кызуу сүйлөйт эмеспи.​

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

- Палестина 1947-жылдан тарта оккупацияда болуп келди. Израил - баскынчы өлкө. Израил – террорчу өлкө. Э-эй, Трамп, сен жасаган жаңылыштыкты биз жасабайбыз.

Буга Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху "өз жарандары күрттөрдү бомбалап, террорчуларга жардам берип аткан Түркия бизге акыл үйрөтпөсүн" деп дароо каш кайтарды.

Айтмакчы, “эй” деп сөөмөй кезегендей мындай дипломатияга сыйбаган кайрылуулар быйыл ага чейин да болду.

Эсиңиздеби, Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Владимир Сафронковдун 12-апрелде Коопсуздук кеңешиндеги күрөөздүгү да сөзсүз дүйнөлүк коомчулуктун талкуусуна түштү эле:

- Кептин баары "биз Кошмо Штаттары менен кызматташабыз" дегенде силердин коркуп, түн уйкудан безип калганыңарда. Муну Улуттар Уюмундагылардын көбү билет. Ушундан коркосуңар. Ошол кызматташтык үзүлүшү үчүн баарын кыласыңар. Бери кара! Эмне көзүңдү ала качып жатасың? Дал ошон үчүн сен бүгүн саясий процесс тууралуу эч нерсе айткан жоксуң!

Ооба, анда ал жанында отурган Британия өкүлү Мэтью Рикрофтко опурулган. Андан мурда Рикрофт "Орусия Коопсуздук кеңешиндеги вето укугун кыянат пайдаланып, Сириядагы режимди жана химиялык курал колдонууну жактап атат, Москва ишенимди жоготту" деген болчу. Улуттар Уюмундагы бул институтта курч сындар көп эле айтылып турат, бирок "сен" деп туруп адамдын жеке өзүнө асылуу дипломаттарга таптакыр жат көрүнүш.

Атамбаевдин ачуусу

Албетте, Кыргызстандын президенти, тагыраагы быйылдан тартып экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин деле катуу айтып алмайы, ага кийин же ошол эле билдирүүлөрүнүн соңунда өкүнүп, кечирим сурамайы бар. Саясий оппоненттерине, сынчыл журналисттерге жана активисттерге карата көп пикирлерине каяша болбогону менен октябрда Казакстандын президентине каршы айтканы эки өлкө ортосундагы чыңалууга алып келди.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Анда Атамбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусуна ачууланган эле. Аны Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалап, катуу сындаган.

- Казакстандын ички дүң жыйымы Кыргызстандыкынан 20 эсе көп. Ар бир жаранга орточо алганда киреше Кыргызстандагыдан он эсе көп туура келет. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсия он эмес, бир жарым гана эсе жогору?! Тарифтер беш эсе жогору?! Эмнеге?! Анткени Казакстандын байлыгын уурдап атышат. Ал казак элине жетпей атат. Ошон үчүн биз алар үчүн терс үлгү көрсөтүп жатабыз. Атамбаев акыйкат бийликтин үлгүсүн көрсөтүп атат. Бабанов менен жолуккандагы Назарбаевдин "Кыргызстан үчүн жаш президент болгону жакшы" деген сөзүн колдойм. Бирок бизде президенттикке талапкерлердин эң аксакалы Назарбаевден 20 жаш кичүү. Мен 16 жашка кичүүмүн. Демек, жаш президент кимге керек?! Бизгеби же Казакстангабы?

Коңшулардын реакциясы көп күттүргөн жок. 10-октябрдан тартып чек арада текшерүү кескин күчөдү. Кийин Казакстан Кыргызстандын айрым товарларды артка кайтара баштады. Атамбаев муну "казак тараптын блокадасы" деп атап, 2010-жылы да ушундай болгонун эске алды. Ошентип эки айдан ашуун өтүү кыйындап турган чек ара маселеси жаңы президент Сооронбай Жээнбеков ишке киришкенден кийин гана чечилди.

Чындык аралаш саясий тамаша

Албетте, саясат татаал, ары оор жумуш дешет. Бирок ортодогу мамилелер канчалык солгун болбосун тамаша аралаштырып деле маселе чечилип келатат. Жогоруда Орусия өкүлүнүн Британияныкына күпүлдөгөнүн мисал кылбадыкпы. Бирок дайыма эле андай эмес. Маселен, жакында Москвага келген британ тышкы иштер министри Борис Жонсонго кызык суроо узатылды.

- Орусияга келер алдында парламентарийлердин бирөө сизге "сак болуңуз, тыңшабасы үчүн телефон албаңыз, арак ичпеңиз, тамакты этияттап жеңиз, лифтке жалгыз түшпөңүз" деп кеңеш берди эле. Бул жер чын эле сизге коркунучтуу бекен?

Анда Жонсон:

- Бул менин ишенимимди билдирет. Бул жакка келерим менен пальтомду, кол кабымды, чөнтөгүмдө болгондун баарын тышкы иштер министри Сергей Лавровго бердим. Ал киши аларды кайтарарын, эч нерсени жоготпосун билдим. Мен бу айтканымдын башкы маанисин кайталай кетейин - биздин өлкөлөрдүн ортосунда айрым кыйынчылыктар бар, байкалат. Бирок биз чогуу иштей ала турган көптөгөн маселелер бар. Азыр ишенимди өстүргөнгө бардык себептер бар.

Лавров: - Мен айтат элем, Бористин пальтосунун чөнтөгүндө эч нерсе деле жок экен..

Жонсон жана Лавров.
Жонсон жана Лавров.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтканы азырынча "британ министри мамилени оңдой турган конкреттүү бир нерсе алып келбеди" дегенди туюндурган сыяктанды.

Путинден анекдот

Албетте, чоң эле жыйындарда, эл алдында анекдот айтып, күлдүргөн деле лидерлер бар. Алардын бири Орусиянын президенти Владимир Путин:

- Бир олигарх жакырлана баштаптыр. Анан аялы менен сүйлөшүп атат дейт: "Мерседести" сатып, "Лада" алыш керек болуп жатат.

Аялы: - Макул.

Рублевкадагы хансарайдан Москвадагы батирге көчүш керек.

Аялы: - Аныңа да дакул.

- Сен мени сүйө бересиңби?

Аялы: Сүйө берем, сагына да берем... дептир. Анын сыңары мен силерди көпкө сагындырбайм.

Ошентип Путин бийликтен кетпесин тээ октябрда тамашага салып кыйытты эле. Эми ошол оюн бекемдеп, 2018-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышканы турат. Ал кишинин жеңишинен көпчүлүк күмөн санабай турат, Орусияны дагы алты жыл башкармакчы. Андай эле болсо дагы көп анекдотторун угарбыз.

2018-жыл да саясий чоң окуяларга бай. Саясатчылар, өзгөчө өлкө тагдырын чечкен адамдар тилден жаңылбаса дейли.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Күлкүгө айланган турмуш

Күлкүгө айланган турмуш
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:59 0:00

Бишкек-Астана-Ташкент: өзгөргөн мамилелер

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 13-декабрь, 2017-жыл

Кыргызстандын өтүп бараткан жылдагы тышкы саясий ишмердиги жакынкы коңшулар жана стратегиялык өнөктөштөр менен болгон карым-катышка бай болду.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев көп жылдан бери солгундап кеткен Өзбекстан менен мамиле түп орду менен жакшырса, экинчи бир кошуна Казакстан менен чоң сыноолорду баштан кечиргенин билдирди.

Ал эми талдоочулардын пикиринде, тышкы саясаттагы мындай өзгөрүүлөр расмий Бишкекке көз каранды болбогон жагдайларга байланыштуу.

Кыргыз-өзбек дипломатиясы

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өтүп бара жаткан 2017-жылы тышкы саясий ишмердүүлүктө Борбор Азия багыты негизги орунда болуп, кошуналар, Орусия жана Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр менен мамилени чыңдоого өзгөчө көңүл бурулганын билдирди.

Эрлан Абдылдаев быйыл Өзбекстан менен көп жылдан бери солгундап кеткен мамиле жакшырып, бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилгенин билдирди:

- Биз үчүн тышкы саясий ишмердиктеги негизги мамиле Борбор Азия багыты болуп саналат. Быйыл бул багытта Өзбекстан менен мамиледе тарыхый бурулуш болду. Биз буга чейин такталган мамлекеттик чек аранын 85 пайызын бекиткен келишимге кол койдук. Келишим күчүнө кирди. Мындан сырткары биз өткөн үч-төрт айдын аралыгында Өзбекстан менен кырктан ашуун ар түрдүү макулдашууларга жана келишимдерге кол койдук.

Ошол эле кезде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кыска убакытта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 280 миллион долларга жеткенин белгиледи.

Өзбекстандык "ДжиЭм Өзбекистан" компаниясы Ravon автоунаасынын Isuzu автобустарынын төрт түрүн Кыргызстанда чыгара баштай турган болду. Автоунааларды куроо заводдору Ошто, Бишкекте жана Кара-Балтада курулмакчы.

Бишкектен көз каранды болбогон жагдай

Бирок саясат таануучу Орозбек Молдалиев мамиленин жылышын Бишкектен көз каранды болбогон жагдайлар менен байланыштырды:

- "Кошуналар менен мамиле жакшы болду" деп аны өзүбүзгө ыйгарып жатабыз. Бирок бул жерде маселе башка жакта. Анткени Өзбекстанда президент алмашты эле. Жаңы келген мамлекет башчысы "келгиле мамилени оңдойлу" деп чыкты. Ошонун негизинде эки тараптуу мамиле оңоло баштады. Болбосо, кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып, аныкталганына көп жыл болгон. Ал жактын мурдагы президенти гана кол койбой жаткан болчу. Эми биздин акыбалыбыздын кандай экени Казакстан менен болгон соңку маселеде көрүндү. Биз бул регионалдык саясатта объектибизби же субъектибизби деген маселе бар. Анткени бизде аларга таасир эте ала турган рычагдар дээрлик жокко эсе.

Казакстандын "сыноосу"

Мындан сырткары тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев чек арадагы чектөөлөргө байланыштуу өткөн эки айда Кыргызстандын Казакстан менен болгон мамилеси чоң сыноого дуушар болгонун кошумчалады.

Эрлан Абдылдаев
Эрлан Абдылдаев

Жаңы президенттин кызматка киришүүсү менен эки ортодогу келишпестик жөнгө салынганын айткан министр Эрлан Абдылдаев Кыргызстан мындан ары түзүлгөн кырдаалдан сабак алуу үчүн башка багыттарды жана рынокторду өздөштүрүшү керек экенин белгиледи:

- Бул жерде транспорттук жана соода жолдорубузду диверсификациялоо маселеси турат. Анткени бизге кайсы өлкөлөрдөн жүк келип, каякка кайсы тарап аркылуу кайра кетет деген маселе бар. Биз муну дайыма эске алышыбыз керек. Бул бизге эң чоң сабак болушу кажет. Бир гана мамлекетке көз каранды болуп калбаш үчүн биз сабак алышыбыз зарыл. Өткөндө биздин президент Казакстанга расмий сапар менен барганда эки тараптуу жакшы сүйлөшүүлөр болду. Ага ылайык, алдыдагы кызматташтык туурасында бир топ жакшы жыйынтыктарга жетиштик. "Жол картасын" дагы бир сыйра карап чыктык.

Ортомчулар "оюндан" чыгабы?

Кыргызстандык саясатчылар арасында Бишкек эки коңшу менен бирдей мамилени жогорку деңгээлде кармашы керек деген пикирлер үстөмдүк кылып келет.

Эки тараптуу мамиле оңдолуп, кызматташтык жолго коюла баштаган учурда биз Өзбекстанга электр энергиясын жана сууну берүүнү калыбына келтирсек, Өзбекстан бизге газ берсе, ортодогу айрым бир ортомчулар "оюндан" чыгат эле.
Абай Алымкулов

Логистика боюнча адис, экономист Абай Алымкулов карым-катнаштын салтуу багыттарын калыбына келтирип, эки ортодогу ортомчуларды "оюндан" чыгарууга маани берүү зарыл экенин айтты:

- Бизде илгертен келе жаткан суу-энергетикалык баланс бар болчу. Анткени биздеги 90 пайыздык суу-энергетикалык потенциал Өзбекстандын муктаждыктарын камтууга багытталчу. Анын ордуна Өзбекстан бизге газ берчү. Кийин мындай алака-катыш токтоп калган эле. Азыр эки тараптуу мамиле оңдолуп, кызматташтык жолго коюла баштаган учурда биз Өзбекстанга электр энергиясын жана сууну берүүнү калыбына келтирсек, Өзбекстан бизге газ берсе, ортодогу айрым бир ортомчулар "оюндан" чыгат эле. Анткени Өзбекстан жайкысын газдан электр энергиясын алат. Ал аябай кымбатка түшөт. Ал эми мурда калыптанган алака-катыш боюнча иш алып барсак, аларга дагы бизге дагы ыңгайлуу болмок.

Кыргызстан 2014-жылдан бери өзбек газын Орусиянын "Газпром" компаниясынын ортомчулугу менен алып келет. Ага чейин кыргыз-өзбек мамилесинин начарлыгынан улам, Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газын берүүнү айрым учурларда үзгүлтүккө учуратып келген.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Астанага келгенде Борбор Азиядагы кошуна өлкөлөр менен ынтымакты чыңдап, эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты күчөтүүнүн тарапкери экенин билдирген. Анын мындай кайрылуусун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы колдоп чыккан болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG