Өткөн аптада башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясы баш болгон бир катар адамдарга кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго "коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук соту териштирип жатат.
Ош шаарынын мэринин кызматына Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталды.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин баласы Санжар Нариман уулунун атына катталган үйдү сот аткаруучулардын конфискация кылуу аракети чыр менен коштолду.
Брюсселде бүгүн НАТОнун саммити башталды. Түндүк Атлантикалык Альянстын бул жолку эки күндүк эң жогорку отуруму анын бир нече жыл ичиндеги эң татаал жыйыны катары бааланууда. Саммитти утурлай АКШнын президенти Дональд Трамп адаттагыдай эле НАТОнун Европадагы мүчөлөрүн каржылык милдеттенмелерин аткара албай жатышканы үчүн сындаса, Брюссел тарап өз кезегинде Вашингтонго анын Европадан артык өнөктөшү жок экенин эскерткен.
Орусияда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык мигранттар эми жашаган жеринде гана каттоого тура алат.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 4-сессиясын жыйынтыктап, учурда эки айлык эс алууда. Эл өкүлдөрү 1-сентябрда ишке чыгат. Депутаттар жыл ичинде эмне кылды? Кандай мыйзам, токтомдорду кабыл алды? Бул суроолорго инфографиканын жардамы менен жооп табууга аракет кылдык.
КСДПнын айрым мүчөлөрү уюмдун азыркы лидерин кетирүү демилгесин көтөрүп чыгышты.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Чүй облусунун Москва районундагы мүчөлөрү партия лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйынга чогулду. Алар өз конференциясын “Атамбаевсиз КСДП” деп аташкан.
Азимбек Бекназаров мурдагы ички иштер министринин кылмыш иши кыскарганын сындап чыкты.
Азимбек Бекназаров мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскарышын сындап чыкты.
Президент Сооронбай Жээнбеков 9-июлда Анкарада түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына катышты.
Дагы жүктөңүз