Досалы Эсеналиев менен Алмаз Кененбаевдин дайындалышы түрдүүчө бааланууда.
Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлер көрсөтүлө баштады.
Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоору быйыл жыл аягына чейин ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.
Кыргызстандыктар 21-августта Курман айт майрамын белгилешти.
Түркия Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) АКШга каршы даттанды. Расмий Анкара бул кадамы аркылуу Вашингтон Түркиянын болот жана алюминий өндүрүмүнө кошумча бажы салыгын киргизгенине нааразылык билдирүүдө. АКШ НАТО боюнча өз өнөктөшүнө каршы экономикалык санкция киргизип жаткан кезде Түркиянын улуттук валютасы лиранын дагы бир сыйра куну кетти.
Жогорку соттун төрагасы боло тургандардын аты атала баштады.
Азиз Суракматов мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелерин кайтарууну сунуш кылды.
Тарыхта ГКЧП же "Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет" деген аталыш менен калган Совет өлкөсүндөгү мамлекеттик төңкөрүшкө туура 27 жыл болду. 1991-жылы 19-21-август күндөрү Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган. Ал күндөрү Кыргызстандын саясий жетекчилиги жана коомчулугу бул аракетке каршы чыгып, өз позициясын билдирген. Ошол күндөрү ГКЧПга каршы турган штабдын башчысы болгон, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) ошол кездеги теңтөрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” маек куруп, окуяларды эскерди.
Ооганстандын Кундуз провинциясында, расмий өкүлдөр кабарлагандай, "Талибандын" барымтасынан жүз элүүдөй киши бошотулду. Окуя ооган президенти Ашраф Гани Курман айтты утурлай "Талибанга" атышууну токтотууну кайрадан сунуш кылган кезде болду. АКШ Кабулдагы бийликтин демилгесин кубаттады. Бирок атышуу ал сунушка "Талибан" көнсө гана токтойт.
Өкмөт Матраимов боюнча райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрыла элек.
Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган жараянга нааразы болууда.
Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Дагы жүктөңүз