Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (25-ноябрь - 1-декабрь).
Батукаевдин иши боюнча соттук отурумдардын жабык өтүшүнө иштин 27-томуна тергөөнүн «купуя сыр» деп жазганы негиз болгон.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.
Райымбек Матраимов 29-ноябрда беш сааттан ашык сурак берген соң, саат 19:40 чамасында УКМКдан чыкты. Ал тышта күтүп турган журналисттердин суроолоруна жооп бербестен үнсүз гана автоунаасына отуруп, кетип калды. Мындан ары ал дагы суракка чакырылабы, сурак учурунда эмне жөнүндө сөз болду деген маалым
Анын тергөөдөгү макамы күбөдөн башкага өзгөртүлүшү мүмкүнбү же жокпу, анысы белгисиз.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин, ошол эле учурда ал тергөө абагынан алып чыгууда каршылык көрсөтпөгөнүн билдирди.
Ноокенде лидер аялдар футбол аянтында мелдеште. Алар кийинки жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкер болууга камынып жатышат. “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнү демилгелеп өткөрүп жаткан бул саамалыктар коомдогу аялдардын ордун көтөрүү максатын көздөйт.
Мурдагы башкы консулдун камакка алынышы коомчулуктун талабына алгачкы реакция катары бааланып жатат.
Жогорку Кеңеште 2019-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы талкууланды.
Жогорку Кеңеш беш жылга байланыштуу бюджеттик үч мыйзамды шашылыш кабыл алды.
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – коомдук-саясий ишмер Камчыбек Ташиев.
Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорундагы коррупция боюнча соттук териштирүү жыйынтыктала баштады.
Дагы жүктөңүз