КСДП Алмазбек Атамбаевдин кайтаруудагы күзөт кызматкерлери алып салынганын айтып чыкты.
Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү кийинкиге жылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Осака шаарында кездешти. Стамбулдагы мэр шайлоодо бийликтин талапкерин жеңип чыккан оппозициянын өкүлү Экрем Имамоглу кызматка киришти.
Кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик жана буга байланыштуу атышууда аты аталган депутат Урматбек Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов мурдагы президент Курманбек Бакиевди парламенттик шайлоодо кантип утуп чыкканын жана андан кийин чоң саясатка аралашып бийликтин басымына кабылганын "Бийлик сырлары" көрсөтүүсүндө айтып берди.
АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен “өтө жакшы” мамилелерин кубаттады.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттин аны экс-президент макамынан ажыраткан чечимине карата комментарий берди. Кылмыш иши козголуп калса, тергөөгө барбай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Эксперттер талдайт" талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков, парламент депутаттары Акылбек Жапаров, Анвар Артыков, жарандык активист Динара Ошурахунова жана БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев катышты.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Жапониядагы сапары учурунда АКШ президенти Дональд Трампты Иран менен сүйлөшүү жүргүзүүгө, эгер башталып кетсе, Жакынкы Чыгышты кыйроо алып келе турган согушту болтурбай калуу жолдорун издөөгө ынандыруу ниетин билдирди.
Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинин алынышын "демократияга балта чабуу" катары баалады.
Венесуэладагы орусялык аскерлер өлкөдөн чыгып кетип жатканы маалым болду. Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуудан кийин эвакуацияланган кишилер бийликке талап коюшту. Өзбекстанда абакта отурган адамды сабаган эки түрмө сакчысы эки жылга кара жумушка кесилди.
Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды.
Дагы жүктөңүз