Мурдагы жана азыркы президенттердин тиреши Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга жеткирди.
Каржылык чалгын кызматы “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар Кыргызстандан чыгарылып кеткенин ырастады. Аталган кызматтын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев бул акча которуулар “шектүү” деп эки ирет Ички иштер министрлиги менен Финполицияга маалымат берилгенин тактады.
Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга кетердин астында кабыл алган чечимдерин тарыхый кадам катары сыпатташты.
Жогорку Кеңеш күзгө чейин каникулга тарады. Парламент ушул жылы кандай иштеди? Депутаттар өз милдетин так аткардыбы?
КСДП Алмазбек Атамбаевдин кайтаруудагы күзөт кызматкерлери алып салынганын айтып чыкты.
Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү кийинкиге жылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Осака шаарында кездешти. Стамбулдагы мэр шайлоодо бийликтин талапкерин жеңип чыккан оппозициянын өкүлү Экрем Имамоглу кызматка киришти.
Кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик жана буга байланыштуу атышууда аты аталган депутат Урматбек Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов мурдагы президент Курманбек Бакиевди парламенттик шайлоодо кантип утуп чыкканын жана андан кийин чоң саясатка аралашып бийликтин басымына кабылганын "Бийлик сырлары" көрсөтүүсүндө айтып берди.
АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен “өтө жакшы” мамилелерин кубаттады.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттин аны экс-президент макамынан ажыраткан чечимине карата комментарий берди. Кылмыш иши козголуп калса, тергөөгө барбай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Эксперттер талдайт" талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков, парламент депутаттары Акылбек Жапаров, Анвар Артыков, жарандык активист Динара Ошурахунова жана БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев катышты.
Дагы жүктөңүз