29-январда парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч комитети «Кумтөралтын» долбоорунун маселесин карап, алтын кени боюнча парламенттик талкуу өткөрүү керек деген чечимге келди.
Сапар Орозбаков, Бишкек Эларалык валюта корунун аткаруу комитети 16-январда “«Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу 3 жылдык программанын 2 жылдыгын Кыргызстан ийгиликтүү аткарды” деп билдиргенин айтканбыз. Бейшембиде Кыргызстандын Каржы министри Болот Абилдаев жана Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Башор Мухападия пресс-конференция өткөрүп, Кыргызстан бир көрсөткүч боюнча милдеттемесин аткара албай калгандыгына карабай, аткаруу комитети чечим кабыл алганын билдиришти.
Сапар Орозбаков, Бишкек Шаршемби күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Анатолий Макаров маалымат жыйынын өткөрүп, менчиктештирүүнүн 3 жылдык программасы ийгиликтүү аткарылганын билдирди.
Сапар Орозбаков, Бишкек Айрым массалык маалымат каражаттары, чет өлкөлүк адистерге шилтеме берип, быйыл электр энергиясына тариф көтөрүлө тургандыгын айтып жатышат. Бул тууралуу кабарчыбыздын берген суроосуна Энергетика боюнча агенттиктин директору Уларбек Матеев «мен аны билбейм» деп, ачык жооп берүүдөн баш тартты.
Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөт башчы өзүнүн дүйшөмбү күнү өткөргөн маалымат жыйынында «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо боюнча өкмөттүн чыгарган чечими Кыргызстан үчүн пайдалуу» деп баалады. Бирок, көз карандысыз эксперттер анын күмөн санаткан жактары бар экендигин, толук маалымат болбосо бир жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес экендигин айтып жатышат. Ал эми өкмөт менен «Кыргызалтын» ишканасынын өкүлдөрү бул жөнүндө толук маалымат бербей келишет.
Бишкек шаары Кыргызстандын жылдык ички дүң продуктусунун төрттөн бир бөлүгүн өндүрөт. Быйылкы жылы бул көрсөткүчтү дагы 5 миллиард сомго жогорулатуу милдети коюлду. 2008-жылы башкалаа өндүрчү ички дүң продукттун өлчөмүн 40 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда. Кийинки жылдары шаар келбети өзгөрүлүүдө, азыркы заман талабына шайкеш ири соода үйлөрү ачылды, биртоп көчөлөр оңдолду, жайма базарларды иретке келтирүү аракеттери жасалууда. Ошентсе да борбор калааны айланта жайгашкан жаңы турак-жай конуштарынын толгон-токой социалдык маселелери бар.
Үстүбүздөгү жумада Кошмо Штаттарынын улуттук акчасы - доллар арзандоосун токтотуп, кыска мөөнөткө кубаттана түштү. Доллардын арзандоосу анын дүйнөлүк рыноктогу атаандашы евронун күчтөнүшү менен коштолуп, Европа өлкөлөрүнүн экономикалык өсүүсүнө коркунуч туудуруп жаткан. Талдоочулар доллар акыркы айларда жоготкон кубатын тез арада калыбына келтирээрине ишенишпейт. Алардын айтышынча, доллардын тагдыры АКШ өкмөтүнүн колундагы иш.
Сапар Орозбаков, Бишкек 1-январдан тартып акционердик коомдордун жалпы чогулуштары өткөрүлө баштады. Быйыл андай жалпы чогулуштар өткөн жылы кабыл алынган «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдын негизинде жаңы тартип менен өткөрүлүүгө тийиш.
Сапар Орозбаков, Бишкек Улуттук банктын жетекчилеринин айтымында, банк секторуна ишеним өсүп, эл жана чарба субъектилери өздөрүнүн бош акчаларын банкка көбүрөөк сала башташты. «Өлкөнүн банк сектору динамикалуу өнүгүп барат», - дешет алар.
Сапар Орозбаков, Бишкек Өзбекстандын жергиликтүү бийлик органдары Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп жаткан Кыргызстандын автоунааларынан 300 доллардан чогулта башташты. Премьер-министр Николай Танаев кыргызстандыктардан мындай жыйым алууну токтотууну өтүнүп, өзбек өкмөтүнө кат жөнөттү.
Президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик делегация өткөн жылдын 25-декабрында Казакстанга ырасмий сапар менен барган. Анын жыйынтыгына ылайык Кыргызстан өзүнүн аймагында жайгашкан Казакстандын мүлктөрүн алардын менчиги катары тааныганы белгилүү болду. Талдоочулар кеп ириде - Ысыккөлдүн жээгинде жайгашкан, мурдатан талаштуу деп эсептелип келген пансионаттардын Казакстандын ээлигине биротоло өткөнү тууралуу жүрүп жатат дешет.
Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда мындан 10 жыл мурда агрардык-жер реформасы башталган. Ушул жылдын февраль айынан тартып өлкөдө ал реформанын экинчи баскычы башталат. Андагы негизги максаттардын бири – айыл-чарба тармагында кооперация системасын түзүү болуп эсептелет.
Дагы жүктөңүз