Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:55

Экономика

Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын килейген «Бирдиктүү газ транспорттук системасы» анын Евробиримдик менен алакаларынын начарлашына алып келген негизги себеп болуп жатат. Бул маселе келерки айда Санкт-Петербургда өтө турган «Чоң сегиздиктин» саммитинде да көтөрүлөт деп күтүлүүдө. «Анын аралыгында өлкө ичиндеги газ компаниялары ортосунда экспорт үчүн согуш бүттү» окшойт. Анткени, мамлекет буга чейин деле монополисттик мүнөзү менен таанылып келген «Газпром» компаниясына эми колдоону дагы күчөткөнү турат.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык өлкөнүн негизги деп эсептелген газ куурларын бир гана компания иштетип, газды чет-мамлекетерге сатууга укуктуу. Бул – орусиялык газ тармагындагы монополист «Газпром».

Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда ыйкы-тыйкы проблемалардын баары ушунда жатат. Евросоюздун ишениминде, мына ушул жагдайдан пайдаланып, «Газпром» бул тармакка башка майдараак ишканалардын киришине бөгөт болуп жатат жана газдын баасын өзү ойго келгендей аныктап турат. Навада өлкөдө стратегиялык деп эсептелген газ куурларына мамлекеттик эмес башка компаниялар да кирүүгө укук алышса, анда газды сатып алуучулар көгүлтүр отту кимден алууну өздөрү билишмек. Натыйжада көгүлтүр отундун баасы да асман теппей, кичине түшмөк.

Анткен менен «Газпром» газдын баасын компания өзү эмес, бүгүнкү рынок аныктап жатканын айтууда. Орусиялык монополист ишкана «Газдын кымбатташына мунай баасынын жогорулап жатканы да түрткү болууда» деп ишенет.

Чынында көптөгөн орусиялык компаниялар бул абалдан утушкан жок. Алар көпкө чейин өздөрү өндүрүп алган газды чет-өлкөлөргө сатуу үчүн куурларды иштетүүгө уруксат алууга аракет кылышты. Бирок «Газпром» аларга макул болгон жок. Жыйынтыгында ал компаниялар бүт газды «Газпромдун» өзүнө гана сатууга мажбур болуп жатышат. Мисалы, орусиялык «Лукойл» компаниясы 1 миң куб.метр газды «Газпромго» 22 жарым доллардан сатууга мажбур болду. Аны кийин «Газпром» Батышка орточо эсеп менен 230 долларга сатат.

Кырдаалдын дал ушундайча түзүлүшүндө саясий чечимдер да бар. «Коммерсант» басылмасы 3-июнда жазгандай, президент Путинге жакын адамдардын ичинде айрымдар «Өлкөдө газды да, мунайды да өндүрүп саткан жалгыз ири компания болуп, ал Кремлдин көзөмөлүндө турушу лаазым» деген ойду улам бекемдеп жатышат.

Айрым аналитиктер, балким, кеп «Транснефть» менен «Транснефтьпродукт» жөнүндө болуп жаткандыр деп болжошту.

Мындан сырткары, эртең, 16-июнда, Мамдума бир катар депутаттар тарабынан сунуш этилген «Газды экспорттоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карамак болуп турат. Эгерде ал долбоор чын эле жактырылып, мыйзам катары күчүнө кирсе, анда Орусиядагы газды экспорттоо бир эле компанияга, «Газпромго, мүмкүн болуп калат. Анткени анда айтылгандай, өлкөдөгү газды «Бирдиктүү газ транспорттук системасын иштетүүгө уруксаты бар ишкана гана экспорттой алат» экен. Бул идеяны, кайсыл бир деңгээлде, өлкө президент Владимир Путин да 13-июнда Санкт-Петербургдагы Экономикалык форумда колдогондой болду.

Москвадагы «Саясий маалымат борборунун» башкы директору Алексей Мухин ал мыйзам долбоору сөзсүз кабыл алынат деп ишенет. Анткени «Путиндин сөзү депутаттар үчүн закүн»! Ал эми жагдайдын мындайча калыптанышын Мухин төмөнкүчө түшүндүрдү.

- «Газпромду» монолист катары кармап, анын эсебинен мамлекет бааны да өзү аныктап, башка эрежелерди да өзү көзөмөлдөп тура алат. А эгерде бул базарга «Газпромдон» башка ишканаларга да кирүүгө уруксат берилип калса, анда жергиликтүү ишканалардан сырткары, чет-өлкөлүктөр да кирип келиши мүмкүн. Мындай учурда контрол такыр жоголот. Мунун өзү өлкөнүн экономикалык коопсуздугу үчүн өтө опурталдуу. Азырынча Орусиянын мыйзамдары бул абалды жалаң экономикалык жолдор менен чечүүгө кудурети жетпейт, - дейт «Саясий маалымат борборунун» директору Алексей Мухин.

Кыргызстандын экономикасындагы тескери көрүнүштөр тышкы соодадагы тескери сальдо, энергетика тармагынын кризистик абалдан чыга албай жатышы жана ири өнөр жай ишканаларынын жандана албай жатканына байланыштуу болуп келген. 2006-жылдын беш айы боюнча статистикалык маалыматтар экономикада ал тескери көрүнүштөрдүн сакталып калгандыгын айкындап турат.

Маселен, быйылкы жылдын төрт айында тышкы соода 707 миллион доллар болуп, ал өткөн жылга салыштырмалуу 28% өскөн. Бирок анын ичинде импорт 44%, ал эми экспорт 3.5% гана көбөйгөн. Натыйжада тескери сальдо 244 миллион долларды түзгөн.

Талдоочулардын пикиринде, эгерде кыргыз эмгек мигранттарынын салымы болбосо, мындай тескери сальдо сомдун күчүнүн кетишине, анын натыйжасында инфляциянын арымдашына алып келмек.

Экономика жана каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын беш айында Кумтөрдү кошпой эсептегенде, экономика 5.6% өсүш берген. Ал эми Кумтөр кени болсо өндүрүш көлөмүн өткөн жылга салыштымарлуу -33.7% төмөндөткөн. Өлкөнүн энергетика тармагы карыздардын чырмоогунда калып, 0.5% гана өсүштү берген.

Өнөр жайдагы жалпы абалды текстиль жана тигүү 12.3%, айыл чарба продукциясын кайра кайра иштетүү 6.8% жана машина жана жабдууларды жасоо тармагы 3.5 эсе өсүш берүү менен алдыга сүрөгөн. Ошону менен жалпы өнөр жай тармагы Кумтөрдү кошпогондо 7.4% өскөн. Инфляция көлөмү болсо 3.7% болгон.

Жаңы бийлик өлкөнүн экономикасын ири өнөр жай ишканаларын жандантуу жана жаңы ишканаларды куруу менен көтөрүү максатын койгон. Ал максаттардын ичинен бир гана Кызылкыя цемент заводун куруу ишке ашууда. Ал эми Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин куруу жана башка ири өнөр жайларга байланыштуу пландардын реалдуу башаты байкала элек.

Кызылкыя цемент заводу боюнча Кытайда жакында эле 80 миллион долларлык контрактыга кол коюлду. Биринчи вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун айтымында, 15 айдан кийин цемент чыгарыла башташ керек.

Ал эми Камбарата ГЭСтерин «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин статусу» жөнүндөгү мыйзамдын алкагынан чыгарууга Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети макулдук берген менен, жалпы парламент карай элек. Жайкы каникулга тарап кеткенге чейин депутаттар аны кароого үлгүрөбү же жокпу, азырынча белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG