Украинанын өкүмөт башчысы Виктор Янукович кечээ газдын баасын 2006-жыл бою төлөп келе жаткан калыбында калмак болду деп айтты. Ал андай макулдашуу Сочиде орусиялык өкүмөт башчы Михаил Фрадков менен бетме-бет олтуруп сүйлөшкөндөн кийин такталганын билдирди. Бирок Украинанын 2007-жылы Орусиядан алып жакчу газынын баасы бычыла электигин жана анын кийинкиге жылгандыгын айтты. «Эркин Европа жана Азаттыктын» кызматкери Жан Максимюк жазаган анализдин мазмуну менен кабарчыбыз Муса Мураталиев тааныштырат.
Эмдиги жылдын экономикалык өнүгүшү 5,5%, инфляция деңгээли андан бираз төмөн болору эмитен эле болжолдонууда. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги оорчулугу салык менен бажы төлөмдөрүнө түшөт. Бул ирет деле өкмөт социалдык тармакка өзгөчө көңүл бура тургандыгын ырастоодо.
Нарын АЙЫП, Прага Ливанда 34 күнгө уланган согуш өлкө чарбасына миллиарддаган доллар зыян тийгизди. Израилдин аскерий чыгашалары дагы милларддап саналат.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда июлдун башынан тартып ЕГАИС (Биргелешкен мамлекеттик автоматташтырылган маалымат системасы) ишке кирген. Анын жардамы менен бийлик өлкөдөгү алкоголдун кирешесин баштан аяк көзөмөлгө алмак болууда. Бирок анын натыйжасында дүкөндөрдөн сапаттуу арак – шараптар жоголду дешет. Татарстанда ичимдик кризисинен пайдаланып почто кенселеринде арак сата баштаган. Муну мамлекеттик ык менен акча табуунун жаңы жолу деп аташууда. Ошондон улам Татарстан жумуриятында почта тармагы элет жердеги тургундарды азык-түлүк менен камсыз кылууну моюнуна алып аткандыгын «Эркин Европа жана Азаттыктын» кабарчысы Роберт Парасюк далилдейт.
Эларалык валюта корунун миссиясы Кыргызстанга келди. Эксперттер тобу Кыргызстандын жарым жыл ичиндеги экономикалык өнүгүшүн, үч жылдык программанын аткарылышын талдоого алышмакчы.
Орусиянын Сочи шаарында Евразиялык Экономикалык Шериктештикке – ЕвразЭШке - мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейрасмий саммити өз ишин улантууда. Курамына Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген бул шериктештиктин жыйыны маалында Орусия менен Украинанын бийликтери да газ баасы жана башка эки тараптуу кызматташтык жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүштү.Саммиттин жүрүшүндө Өзбекстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынгандыгы да кабардалды.
11-августа Өзбекстандын Мурунтау алтын кенин иштеткен Зарафшан-Ньюмонт америкалык-өзбекстандык компанияга каршы кылмыш ишин ачылды. Ньюмант өлкөдө 1992-жылдан бери иштеп жаткан жана АКШ Өзбекстандын экономикасына салган түз инвестициянын бештен бири ага таандык. Июнда сот теңорток компанияны 48 миллион доллар салык төлөбөдү деп тапкан жана жакында анын мүлкүн камакка алынды. Ньюмонт- алтын кенге салган 94 миллион долларын кайтара алса, өз үлүшүн сатып кетүүнүн амалын издөөдө.
Украинанын жаңы премьер-министри Виктор Янукович бүгүн Орусиянын Сочи шаарына келмекчи. Украинанын Жогорку Радасы – парламенти анын бул кызматты аркалосуна макул болуп добуш бергенден кийин Янукович алгачкы ирет Орусияга сапарга аттанып жатат. Сочиде ал Орус президенти Владимир Путин жана премьер-министр Михаил Фрадков менен сүйлөшүү жүргүзөт. Сүйлөшүүлөрдүн башкы өңүтү Украинаны орус газы менен камсыз кылуу маселеси болоору алдын-ала белгилүү.
Бишкек-Ош автожолун куруунун 3-фазасы аяктап бараткан азыркы учурда жардыруу иштерине байланыштуу аталган жол бир нече күнү белгилүү сааттар ичинде жабык болот. Ошол эле кезде Бишкек-Ош автожолунун ашууларындагы, тоолуу чөлкөмдөрүндөгү аба ырайы, көчкү, таш кулоо, автокырсык ж. б. боюнча ыкчам маалымат алуу максатында спутник байланышындагы автоматтык метеорологиялык бекеттер жана патрулдук автомобилдер ишке берилди.
АКШ мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия жана Борбордук Азия аймагы боюнча жардамчысы Ричард Баучер бүгүн президент Курманбек Бакиев менен жабык эшик артында жолугушту. Анда негизинен кыргыз-америка кызматташтыгын жакшыртуу тууралуу сөз болду. Кечке жуук ишкерлер менен жолугушкан Ричард Баучер Кыргызстандагы энергетика тармагына АКШдан инвестиция тартууга кызыкдар экендигин билдирген.
Дагы жүктөңүз