Төрөкул Дооров, Москва Үч күндөн кийин, 15-январда, Орусияда чет-өлкөлүк мигранттарга тиешелүү эки жаңы мыйзам күчүнө кирет. Адистердин айтымында, ал мыйзамдарга ылайык, мигранттар үчүн Орусиянын аймагында каттоодон өтүү жеңилдейт жана жумушка орношуу үчүн уруксат алуу да оңой болуп калышы керек. Бирок чет-өлкөлүк мигранттарга базарларда сатуучулук кылууга тыйуу салынат. Мына ушул өзгөчөлүктөрдүн маани-мазмунун кыргыз мигранттары билишеби?