Бажы союзу койгон бөгөттөр "Дордой" базарындагы, Өзбекстан менен чек аранын жабылышы "Кара-Суу" базарындагы дүң сооданын көлөмүн кыйла азайтты.
Кыргыз өкмөтү эл аралык каржы уюмдарынан жаңы насыяларды алып жатканы тышкы карызды көбөйтүп, мамлекеттин келечегине коркунуч жаратпайбы?
Европа өлкөлөрүндө жумушчулар иш таштап, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн катаал үнөмдөө чараларына каршы демонстрацияларга чыгууда.
Энергетика министрлиги электр кубатынын өздүк наркын жарыя кылды. Ушу тапта электр баасы элге өздүк наркынын жарымында сатылып жатканы айтылууда. Ортодогу айырманы энергокомпаниялар кошумча кирешелердин эсебинен жаап келатканы жарыя кылынды.
Азия Өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Каржы министрлигинин ортосунда Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүү боюнча келишим жана өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын жоюудагы аракеттер туурасында каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
Өткөн түнү Иордан дарыясынын батыш жээгинде жөөт конуштарын куруу боюнча Израил өкмөтүнүн 10 айлык мораторийи бүттү.
Кыргызстанда апрель жана июнь айларында болгон коогалуу окуялардан кийин бир аз арзандаган кыймылсыз мүлктүн кайра кымбаттай баштаганы байкалууда. Адистер турак-жайдын кымбатташын күзгү сезонго жана элеттен борборго көчүп келгендердин саны көбөйүп жатканы менен байланыштырууда.
Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү геосаясий жарыштар менен коштолууда. Өлкөнүн экономикасы аксоо жолуна түштү. Орус аскердик базалары бириктириле турган болду.
Быйылкы саясий-экономикалык кыйынчылыктар кыш алдында өлкөнү ого бетер түйшүккө салды. Түштүктөгү калабада үй-жайсыз калгандардын абалы сарсанаа кылса, Нарында калың кар жаашы айласын таппай турган өкмөттү ого бетер ойлонтту.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы энергетика тармагындагы көйгөйлөргө арналды.
Быйыл май айында “Кыргызгаз” акционердик коомунун жеткчилиги алмашылды. Компаниянын өзбекстандык өнөктөшү алдындагы карызы 1,7 миллион долларга жетти. Анткен менен тармакта жоготуулар кескин кыскарган жок.
“Өтүгү жокко өзү келчү” кыш бийик тоолуу Нарында өз өкүмүн жүргүзүүдө. Жаздан бери кагылыш-сүрүлүштөн башы чыкпаган Кыргызстанда кыш камылгасы кандай? Кыштан кыйналбай чыгуу үчүн отун-суу жетиштүүбү? “Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу мына ушул суроолордун тегерегинде болду.
Дагы жүктөңүз