2012-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагындагы казинолор жана оюн автоматтары жабылат.
Германия парламентинин төмөнкү палатасы евромейкиндикти кризистен куткаруу фондуна кошумча каражат бөлүү планын колдоду.
Кыргызстандын көмүр кендерин казууга Британиянын, Кытайдын, Ирландиянын компаниялары кызыгып жатканын Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондорунун дыйкандары өстүргөн жер-жемишин Казакстандын Жамбул облусуна сатышат. Дыйкандар чек арадан өтүү күн санап кыйындап баратканын айтышууда.
Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын жашоочулары 10 жылдан бери алтын казып, чайкап өткөрүшөт. Бул айылдын айрым жашоочулары башка айылдан өзгөчөлөнүп 2-3 кабат үйлөрдү сала башташты. Сырттан караган кишиге экономикасы көтөрүлүп келе жаткан айылдардай көрүнөт.
Кыргызстан Казакстан менен 300 млн. куб метр газга келишим түзүп, аны 195 доллардан сатып алмай болууда.
Кыргыз өкмөтү 2012-жылдан тарта өлкө аймагында Ан-24 үлгүсүндөгү учактарды пайдаланууга тыюу салган токтом чыгарды.
"Манастагы" Транзиттик борборго күйүүчү май сатуу боюнча келишимди “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясы утуп алды.
Энергетика тармагындагы ачык-айкындуулук өлкөнүн чыныгы экономикасын пландоого, аны андан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, пайда көрөбү же зыян тартабы” деген суроонун тегерегинде сөз болду.
Баткендин өрүгүн билбеген киши аз чыгар. Кезинде Сибирден бери бул жердин өрүгүн алдырып жешчү. Баткен өрүгүн тамактан башка дарылык касиетин айтып жүрүшөт.
Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коррупция тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Дагы жүктөңүз