Алкоголдук продукцияга акциздик марканын баасынын өсүшү – арак чыгаруучу ишканалардын продукциясынын бир бөлүгүнүн көмүскөдө калышына себеп болуп, спирт ичимдиктеринин мыйзамсыз көлөмүн жогорулатты.
“Реформа” саясий партиясынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акция өткөрүштү.
Биз эркин Кыргызстан үчүн!
Планетадагы эң бай адамдардын бири Билл Гейтс дүйнө жүзүндө – анын ичинде Кыргызстанда жакырчылык 20 жылда - 2035- жылга чейин жоюлат деп ишендирди.
Кыргыз-тажик чек арасы жабылышы Баткен облусуна чектеш Тажикстандын түндүк аймактарына кымбатчылык алып келди.
21 жаштагы студент Бакай Боромбаев жарым жылдан бери тоок бизнеси менен шугулданып келет. Учурда анын миң тоокту батырган жеке фермасы бар. Анын айтымында, учурда тооктордун 85 пайызы жумурткалайт. Орто эсеп менен күнүнө 4 миң сомдун тегерегинде киреше түшөт. Корозду талап кылбаган шейвер тооктору жылуулукту жактырат. Ферма ичинде дайыма бирдей температура сакталышы шарт.
Өткөн жуманын соңунда Мамлекеттик Дума “Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча келишимди ратификациялады.
Кыргыз-тажик чек арачыларынын 11-январдагы атышуусунан бери эки өлкөнүн чек арасы жабык турат. Экономикалык тыгыз мамиледеги коңшу райондордун элинин турмушунда чек аранын жабыктыгы заматта сезилди.
Алтынга дүйнөлүк талап жогорулаганы менен, кенди казуу көлөмү кыскарды. Кээ бир талдоочулар алтындын баасы 1000 доллардан төмөн түшөт деп божомолдошууда.
Улуттук статистикалык комитет 2013-жылдагы Кыргызстандын экономикасынын көрсөткүчтөрүн жарыялады. Ага ылайык былтыр ички дүң өнүм 110.5% өскөн.
Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып албайт.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча келишим артка чакырылбасын, “Центерра Голд” 50 пайыздан аз үлүшкө азырынча макул боло электигин бүгүн журналисттер менен жолуккан учурда билдирди.
Дагы жүктөңүз