Кыргызстан Бажы биримдигинин жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1.9 пайызын ала турган болду. Бул республиканын Бажы кызматы буга чейин топтоп келген бажы төлөмдөрүн жаба алабы?
Москвада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлду. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9% деп аныкталды.
“Русгидро” ишканасынын башчысы Евгений Дод Жогорку Нарында курулуп жаткан ГЭСтердин баасы кайра эсептелиши мүмкүн экенин кыйытты.
Кыргыз өкмөтү “Манас” банк боюнча эл аралык соттун чечимин аткарат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өткөн аптада Латвияга жасаган сапары учурунда сөз болгон.
Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Кыргызстан эми жакыр өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Бирок калктын 38 пайызы дагы эле кедей деп эсептелет.
23-декабрда Алмазбек Атамбаев Бажы Биримдигине, анын артынан ЕАЭБга кирүүгө кол коет. Бул уюмга кирүү үчүн Кыргызстан бир нече жылдан бери даярданып келаткан. Бирок жуп киребиз деген учурда Биримдикке мүчө Орусия менен Беларустун мамилеси сууп кетти.
Кыргызстанда коммерциялык банктар насыя берүүнү да убактылуу токтотту. Улуттук банк бул валюта базарындагы соңку жагдайга байланыштуу утурумдук көрүнүш экенин айтууда.
Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен Москвадагы сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктады.
Улуттук банктын төрагасы Толкун Абдыгулов валюта рыногунда болуп жаткан кырдаал тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.
Балдардын эмгегин колдонуудан дүйнө экономикасы канча киреше табат? Бала эмгегинин экономикада орду кандай?
Коомчулукта рублдин кунунун кескин түшүп кеткени сомго дагы таасир этет деген кооптонуулар күчөдү.
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Кумтөрдү улутташтыруу, эл аралык соттордогу Кыргызстанга каршы доо, бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы катары таануу тууралуу мыйзам долбоор жана башка маселелер боюнча "Азаттыкка" маек берди.
Дагы жүктөңүз