“Кумтөр” долбоору боюнча канадалык “Центерра” менен жаңы келишим түзүү боюнча өкмөттүн сунушун “Ата Мекен” фракциясы четке какты.
Оштогу курут саткан базар борбордук базардын капталында жайгашкан. Бул жерде болжол менен 40-50дөй адам соода кылат.
Жаңы 2014 - жыл келгенден тарта инвесторлордун тез өнүгүп бараткан өлкөлөрдөн салган акчасын чыгарып кете баштаганы байкалат.
Оштун Кара-Суу районундагы "Уркуя" кичи базарынын сатуучулары соода орду үчүн жер акынын 2 миң сомдон 2,5 миңге көбөйүшүнө нааразы болушту. 29-январь. (Ыдырыс Исаков)
Ысыккөлдүк Анатолий Антоненко жалаң ак кой бакканына туура 50 жыл болду. Ал чарбасын эки козудан баштаган, учурда койдун саны 500гө чукул. Жылына 500 койдон 3 тонна жүн алат.
28-январда Бишкекте бир катар эксперттер Бажы биримдиги тууралуу жыйын куруп, Кыргызстан бул уюмга кошулса экономикалык ири утушка ээ болорун белгилешти. Бирок бул пикирге көз карандысыз экономисттер караманча каршы.
2013-жылы улуттук экономика 10 пайызга өстү. Ал эми эмгек мигранттарынын которгон акчасы 2 млрд. 270 млн. долларды түздү.
Давос форумунун алкагында жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында, Кыргызстан экономикалык кудурети боюнча дүйнөдө 121-орунга илинди. Ал эми алтындын дүйнөлүк баасы 15 долларга кымбаттады.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуп же кошулбоосу тууралуу Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири саналган Кара-Суу базарынын соодагерлери кандай пикирде? Кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун сурамжылоосу.
Британ илимпоздору көздүн өлүк клеткаларына тирүү ДНКны көчүрүү менен азиз адамды айыктырышты.
Кумтөрдү улутташтырууга же келишимден бир тараптуу чыгууга өкмөт макул эмес экенин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 24-январда дагы бир кайталады.
Алкоголдук продукцияга акциздик марканын баасынын өсүшү – арак чыгаруучу ишканалардын продукциясынын бир бөлүгүнүн көмүскөдө калышына себеп болуп, спирт ичимдиктеринин мыйзамсыз көлөмүн жогорулатты.
Дагы жүктөңүз