Гүл сатуу өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өндүрүш тармагындагы ири сектор. Буга жыл сайын гүл сатуудан айланган капиталдын суммасы 26 миллиард доллар экени далил.
2014-жыл Кыргызстан экономикасында өсүштүн басаңдоо жылы болду. Ошондой эле улуттук валюта сомдун курсун кармоо үчүн жыл аягына чейин тынымсыз күрөш жүрдү.
Азырынча газды шаардын ар бир колдонуучусуна жеткирүүгө көп батирлердин ээлери майрамды өткөрүү үчүн айылга кеткени тоскоол болууда. Анткени айрым батирлерде газ ачык бойдон калышы мүмкүндүгүнөн чочулаган шаар бийлиги шаарга газды толук бере элек."Ош газ" чарба башкармалыгына байланган Ош шаары жа
2015-жылга дүйнөлүк экономика элдир-селдир ыргак менен кирүүдө. Анткени эл аралык каржы уюмдары белгилегендей, аяктаган жылы глобалдык экономиканын калыбына келүүсү уланган менен өсүү ыргагы бир калыпта жана бекем боло алган жок. Буга геосаясий тобокелчиликтердин күчөшү да өз салымын кошту. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө дүйнөлүк экономиканын жыл жаңырган учурдагы акыбалы талдоого алынат
Австралияда ар бир үй-бүлө жаӊы жылдык майрам үчүн орто эсеп менен 939 доллар коротот. Англияда бул сумма 350 фунт стерлингдин тегерегинде болсо, Америкада жаӊы жылдык арзандатуулар октябрь айында эле башталган.
Кыргызстан Бажы биримдигинин жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1.9 пайызын ала турган болду. Бул республиканын Бажы кызматы буга чейин топтоп келген бажы төлөмдөрүн жаба алабы?
Москвада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлду. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9% деп аныкталды.
“Русгидро” ишканасынын башчысы Евгений Дод Жогорку Нарында курулуп жаткан ГЭСтердин баасы кайра эсептелиши мүмкүн экенин кыйытты.
Кыргыз өкмөтү “Манас” банк боюнча эл аралык соттун чечимин аткарат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өткөн аптада Латвияга жасаган сапары учурунда сөз болгон.
Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Кыргызстан эми жакыр өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Бирок калктын 38 пайызы дагы эле кедей деп эсептелет.
23-декабрда Алмазбек Атамбаев Бажы Биримдигине, анын артынан ЕАЭБга кирүүгө кол коет. Бул уюмга кирүү үчүн Кыргызстан бир нече жылдан бери даярданып келаткан. Бирок жуп киребиз деген учурда Биримдикке мүчө Орусия менен Беларустун мамилеси сууп кетти.
Кыргызстанда коммерциялык банктар насыя берүүнү да убактылуу токтотту. Улуттук банк бул валюта базарындагы соңку жагдайга байланыштуу утурумдук көрүнүш экенин айтууда.
Дагы жүктөңүз