Баткендин Өзбекстан менен чектеш Бүргөндү өрөөнүндө ондой айыл көгүлтүр отунсуз калды. Жергиликтүү тургундар газдын келбей калышын акиташ күйгүзгөндөрдөн көрсө, жергиликтүү бийлик аймактагы газ ишканалары Кыргызстандын карамагына өтпөй жатканын айтышат.
2015-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү эки эсеге азайган.
Орусиянын “Газпром” компаниясы жаңы жылдан тарта түркмөн газын сатып алуудан толук баш тартты.
Улуттук банк жыл жыйынтыкталар чакта 16 ирет акча базарына чыгып, 37 млн. доллар сатты. Азырынча сомдун АКШ акчасына катышы туруктуу кармалып турат.
Ички жана тышкы экономикалык байланыштар, сомдун кунунун түшүшү, Бажы биримдигинин күңгөй-тескейи туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Азаттыкка" маек курду.
Доллардын наркынын көтөрүлүшү менен өлкөдө соода-сатык сомго өттү. Мындан улам акча алмаштыруучу жайларда долларга муктаждык азайгандыгын анда иштегендер белгилешет. Ошол эле маалда доллардын наркы өскөн сайын баалар кымбаттап жатат.
2-январда Токтогул ГЭСине барган өкмөт мүчөлөрү калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынарын, учурда жетиштүү резервдер бар деп убада кылды.
Дүйнөлүк экономиканын абалына таасир көргөзгөн негизги тенденциялардын бири – мунайдын арзандашы 2016-жылы да уланганы турат.
Өкмөт Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Орусия менен келишимди денонсациялоо боюнча токтом кабыл алды.
Ар жуманын дүйшөмбү күнү Бишкектен Жалал-Абадга учак каттайт. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө, каттам эки эсе көбөйтүлмөкчү.
Кечээ таңкы саат 7лерге чукул Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде май тамганынан улам, эки генератор өчүрүлдү.
Президент өлкөдөгү Камбар-Ата жана Жогорку Нарын каскады ГЭСтерин курууга Орусия мындан ары катыша албай тургандыгын айтканы кызуу талкууга жем таштады.
Дагы жүктөңүз