Жашы отуздан жаңы ашкан Рыскүл Базарбаева биринчи топтогу майып жана жалгыз бой эне. Мектепти бүтөөрү менен Орусияда иштеп жүрүп, майып болуп кайткан Рыскүл күрөөгө коюлган үйдө жашап жатат. Эртең үй сатылып кетсе кайда барарын билбеген келиндин келечеги туман.
Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун өз күчү менен ишке ашырууга белсенүүдө.
Нарын районунун Жер-Көчкү айылы айыл болуп түптөлгөнү таза суу көрө элек. Арыктан суу ичкен бул айылда боор, ичеги оорулары менен жабыркагандардын саны элүүдөн ашык.
Баткен шаарынын 30 миңдей калкын таза суу менен камсыздоо үчүн акыркы 15 жылда эле 100 млн. сомдон ашык каражат сарпталды. Быйылкы жылы дагы жаңы долбоор башталып, 40 млн. сомго жакын каражат сарпталат.
Киров суу сактагычында быйыл суу былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 180 миллион метр кубга аз топтолду. Бул сугат суунун тартыштыгын жаратпайбы?
Жалал-Абадда акыркы жылдары тамчылатып сугаруу системасынын алкагында суу жетпеген аймактар өздөштүрүлүп жатат.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда дары чөп өстүрүп, саткандар көбөйдү.
Маалымат технологиясы боюнча адис, Жогорку технологиялар паркынын байкоочулар кеңешинин мурдагы мүчөсү, NSP жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директорунун орун басары Эрмек Ниязов “Азаттыкка” Кыргызстандын “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга чама-чаркы жетиштүү экенин билдирди.
Бүгүнтөн тарта Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд каттай баштады. Каттамды "Өзбек темир жолу" ишканасы жүргүзөт. Билеттин баасы Бишкектен Ташкентке чейин плацкарттык вагон үчүн 2500 сом, купе вагон үчүн 3378 сом жана люкс вагон үчүн 6432 сом турат.
Маалымат технологиясы боюнча адис, NSP компаниясынын башкы директорунун орун басары Эрмек Ниязов менен маек.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жыл сайын жарым миллиарддай сом түшүп турат. Бирок калкты колдоо жана объекттердин курулушу үчүн бөлүнгөн ал миллиондор кайда кетти? “Азаттыктын” кабарчысы Адилет Бектурсунов мекемедеги жемкорлук жана курулган объекттердин сапаты тууралуу иликтеди.
Шарап өндүрүү да адамзаттын маданий тарыхынын бир бөлүгү. Америкалык шарап өндүрүүчүлөрдүн аңгемесине кулак салалы.
Дагы жүктөңүз