Финпол Жунусовго "бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген айып менен эки ай мурда иш козгогон.
Кенди кримчөйрөнүн лөгү атыккан адамдар кармап, үлүш алып турабы?
Жалал-Абаддын Чаткал районунда алтын кендерине байланыштуу мыйзамсыз иштерге жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашканбы? Кенди кримчөйрөнүн лөгү атыккан адамдар кармап, үлүш алып турабы? "Азаттык" ушул чуулгандуу жагдайларды иликтеп чыкты.
Орусияда октябрдан тарта дан азыктарынын кымбатташы күтүлүп жатат. Эксперттер муну буудай менен унга баанын өскөнү менен түшүндүрүшүүдө.
Кытай бүтүндөй Африка континентин өнүктүрүүгө убада берүүдө. Бээжинде өткөн саммитте Си Цзиньпин бул үчүн 60 миллиард доллар бөлүнөрүн жарыя кылды.
Голландиялык фотограф Алберт Дростун Кыргызстан тууралуу фотобаянын чет элдик бир катар маалымат каражаттары жарыялашты. Ала-Тоонун кооз жаратылышын, адамдардын жай турмушун чагылдырган сүрөттөрдү Алберт алгачкы сапарында эле тарткан.
Европадагы кубаттуу эки өлкө Британия менен Германия Африкага өзгөчө көңүл бурууда. Үч күндөн бери континентти кыдырып жүргөн Тереза Мэй "Африкадагы эң чоң инвестор болобуз" деген дымактуу планын жарыялады. Ангела Меркел да Африкада жумуш орундарын көбөйтүүгө кызыгып жатат.
Нарын шаары менен Кочкор районунда "Демилгелүү жаштар" долбоорунун алкагында 14 жаштан 28 жашка чейинки 60тан ашуун жумушсуз жаштар кыска мөөнөттөгү кесиптик билим алышты.
Окуу жылы башталарына саналуу күндөр калды. Кыргызстанда ата-энелер балдарына кийим-кече камдап, кызуу даярдык көрүүдө. Бишкектеги дүң базарларда мектеп кийимдери, окууга керектүү китеп-дептердин баасы арзан болгондуктан Казакстан, Орусиядан да келген кардарлар көп.
Сооронбай Жээнбеков Арал боюнча саммитте чөлкөмдөгү суу бөлүштүрүү маселесин көтөрдү.
Кыргызстанда айыл чарбасынан өндүрүлгөн азыктар иштетилбей, чийки бойдон сатылганынан улам дыйкандын кирешеси арбыбай жатат дешет адистер.
Аймакта айыл чарбасынан өндүрүлгөн азыктардын дээрлик 90 пайызы кайра иштетилбей, чийки бойдон сатылганынан улам кирешеси арбыбай жатат дешет адистер.
Дагы жүктөңүз