Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 19:21

Экономика

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан кабар алган учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы Кыргызстан макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу сактоо менен чыкты. Өкмөт ички дүң өнүмдүн өсүшү мерчемделгендей жыйынтык берди деп ишендирүүдө. Бирок айрым көрсөткүчтөрдө өсүш күтүлгөндөй болгон жок.

Ошол эле кезде өтүп бараткан жылы өлкөнүн тышкы соодасы кыскарды. Анын ичинде импорт азайып, экспорт өскөндөй болду. Арийне сатылган товарлардын көбүн алтын түздү. Алдыда 2019-жылдагы экономикалык тенденцияларга сереп салабыз жана 2020-жылга күтүлгөн көрсөткүчтөрдү талдайбыз.

Ички дүң өнүмү

2019-жыл толук аяктаганы менен 12 айлык көрсөткүчтөр эсептелип бүтө элек. Ошол себептүү биз баяныбызда тогуз, он жана он бир айлык жыйынтыктар менен талдоо жүргүзөбүз.

Демек, экономикадагы эң негизги көрсөткүч катары саналган ички дүң өнүмү (ИДӨ) өкмөттүн алгачкы эсебинде 2019-жылы 604 млрд. 707,4 млн. сом болот деп мерчемделген. Башкача айтканда, анын өсүү темпи 4,0% деп болжолдонгон. Ал эми «Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда, өсүш 3,8% деп күтүлгөн.

Азырынча 11 айдын эсебинде ИДӨ 513 млрд. сомду түздү жана өсүү темпи пландан ашып түшчүдөй болуп турат. Бирок "Кумтөрсүз" көрсөткүч мерчемделген өсүшкө жетпей калышы мүмкүн.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев жагдайды мындайча чечмеледи.

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

- 2019-жылы макроэкономикалык туруктуулукту сактап калдык. Биз бул жылы өсүү 4% болот деп болжолдогонбуз, 11 айдын жыйынтыгы менен жалпы көрсөткүч 4,9% болду. Ал эми «Кумтөр» кенин эске албаганда өсүү темпи 3,5% болду. Жалпы көрсөткүчтө 4,9% өсүш камсыздалганына «Кумтөр» кенинде алтын өндүрүүнүн көбөйүшү себеп болду. Былтыркы жылы анда 17,2 тонна болсо, быйылкы жылдын аягына чейин 18,2 тоннага чейин алтын өндүрүлөт деп жатышат.

Өкмөт адатта ички дүң өнүмдүн жалпы көрсөткүчүнүн ичинен негизги тармактарга да өзүнчө болжол сунуштайт. Маселен 2019-жылы өнөр жай тармагы 5,1%, айыл чарба, токой жана балык чарбасы 3,0%, курулуш тармагы 9,0%, кызмат көрсөтүү (тейлөө) тармагы 2,9% өсөт деп эсептелген. Бирок реалдуу көрсөткүчтөр мындан такыр алыста калды.

- Албетте кээ бир тармактарда бир аз төмөндөө бар. Айыл чарбасында 3,0% өсүү күтүп жатсак, азыр болгону 1,9% болду. 11 айдын жыйынтыгында жыйын-терим толук бүттү, бирок декабрдын башында кызылча түшүмдөрү калган. Жыл аягына чейин малдын төлү да толугураак такталат. Ошону менен жок дегенде 2,2% чейин жетебиз деген план бар. Ал эми өсүү курулуш тармагында 9,8%, кызмат көрсөтүү тармагында 2,8 пайызга чыкты. Акыркы айды кошкондо бул экөө тең биз биз пландаган көрсөткүчкө чыгат деп ойлойбуз. Бизде өнөр жайда бир аз көйгөйлөр пайда болду. Биринчиден, соттук териштирүүлөр жана кээ бир маселелердин негизинде Кара-Балтадагы “Жунда” мунай иштетүүчү заводдо өндүрүш дээрлик эки эсе аз болду. Себеби токтоп турду. Жаңы жылдын башынан тарта кайра иштейт деген божомол бар. Экинчиден, быйыл жаз жылуу болду, ошондуктан электр энергиясын өндүрүү төмөнүрөөк болду. Анын үстүнө суунун тартыштыгы болуп жатпайбы, ошого 2019-2020-жылкы кыш мезгилине үнөмдөштү. Ошондуктан электр энергиясын чыгаруу жыл башынан бери басаңдап, ал жалпы өнөр жайдын өсүшүнө терс таасир этти.

Баса, эгер айларга бөлүп караганда ИДӨнүн өсүү темпи 2019-жылдын башында 4-5% болуп турган. Июнь-июль айларында ал тургай 6,4-6,9 пайызга чейин жетти. Августтан тарта өсүү темпи акырындап, 11 айдын жыйынтыгында жогоруда белгиленгендей 4,9% чейин түшүп отурат.

Экономикалык өсүш каалагандай чекти бербей жатканына адистер да бир нече себептерди атап жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров буларга токтолду:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Буга инвестициялардын көлөмү анча жакшы болбой жатканы да себеп болууда. Экинчиден, Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында биздин ишканалар атаандаштыкка туруктуу болбой калды. Мына, карап көрсөңүздөр, бизде 2 миң компания 70% салыкты берет. Ошонун 300ү салыкты эки эсе аз төлөдү. Демек алар чыгарган өндүрүм Кыргызстандын ичинде сатылбай жатат, анткени Орусия менен Казакстандын товарлары кирип биздин өлкөнү каптап кетти. Же алар өздөрү да ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн рыногуна товар алып чыга албай жатат. Аткезчилик бул экономикада өсмө (рак) оору сыяктуу эле. Ошондуктан экономиканын структурасы өзгөрүшү керек. Модернизация деп жатканыбыз ошондон, аны жасабасак болбойт. Фискалдаштырууну жандантсак гана ички дүң өнүм туруктуу өсө баштайт.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2018-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДӨ) 557 млрд. сомду түзгөн (2017-жылга салыштырмалуу 3,5 пайыз өсүү деп белгиленген). Натыйжада 2019-жылкы 4,0% өсүү темпи мына ушуга чагылып, сунушталган.

Бирок Статком 2019-жылдын декабрында 2018-жылдын ички дүң өнүмү боюнча такталган статистикасын жарыялады. Ага ылайык, 2018-жылы жалпы республика боюнча ИДӨнүн көлөмү 569 млрд. ашык сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү. Эми 2019-жылкы өсүү темпинин катышы да ушуга карата чыгат жана алгачкы базалык сан өзгөргөндүктөн жыйынтык өкмөт күткөндөй болбой калышы ыктымал.

ИДӨнүн өсүү темпи 2014-жылдан бери 4 пайыздын тегерегинде кармалып келе жатат.

Тышкы соода жүгүртүү

Кыргызстандын башка өлкөлөр менен алып-сатуу алакасы боюнча азырынча он айдын гана санагы чыкты.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы маалыматтарына ылайык, тышкы соода жүгүртүү 2019-жылдын январь-октябрында 5,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 2,1 пайызга төмөндөдү. Мунун ичинен импорт 7,2 пайызга кыскарып, экспорт 14,1 пайызга көбөйдү.

Сыртка товар сатуудагы жылышты өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана президент Сооронбай Жээнбеков жыл бою ийгилик катары атап келишти. Мамлекет башчысы жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынында да ушул темага кайрылды.

Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында.
Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында.

- Жалпысынан алганда 562 миллион сомго ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар курулду, оңдоо жана жабдуу иштери жүргүзүлдү. Талас, Кара-Көл, Баткен жана Балыкчы шаарларында төрт ветеринардык лаборатория жаңыдан салынды. Быйыл Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасы ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан эквиваленттүү деп табылды. Бул жана башка аткарылган иштердин натыйжасында экспорттун көлөмү жогорулады, айрыкча айыл чарбасыныкы. Баса белгилей кетүүчү жагдай ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге айыл чарба азыктарын экспорттоочу ишканалардын саны беш эсе өстү. 2017-жылы алардын саны 21 болсо, бүгүнкү күндө жүздөн ашты. Орусия Федерациясы тарабынан 2007-жылы коюлган ветеринардык убактылуу чектөө быйыл алынды, Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кээ бир товарлар боюнча макулдашууларга жетиштик. 2019-жылы Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон товарлар 25% өстү. Экспортту дагы да көбөйткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар,-деди Сооронбай Жээнбеков 25-декабрдагы басма сөз жыйынында.

Деген менен ЕАЭБге экспорт өскөн жок. Ал тургай импорт да кыскарды. Ошол эле Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2019-жылдын январь-октябрында Кыргызстандын ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2 млрд. 185,0 млн. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 3,8 пайызга азайды.

Мунун ичинен экспорттук жөнөтүүлөрдүн 2,5 пайызга, ошондой эле импорттук келип түшүүлөр 4,1 пайызга кыскарганы белгиленди. Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (61,6 пайызы) жана Казакстанга (36,3 пайызы) туура келди.

Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Эгер жалпы экспортту алсак, эт жана эт азыктарын, жер семирткичтерди, цементти, жер-жемиштерди, тамеки жана тамеки буюмдарын башка өлкөлөргө сатуу аз-аздан көбөйгөн. Бирок негизинен жалпы көрсөткүчтүн өсүшү алтын менен гана байланыштуу.

Тагыраагы, алтын 2018-жылы экспорттун 31 пайыз үлүшүн гана түзсө, 2019-жылы ал жогорулап 41,5 пайызды түзүп жатат. Же дагы толугураак айтсак, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 9 тонна 296,2 килограмм (382,6 млн. доллар) алтын сыртка сатылса, 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 13 тонна 094,6 килограмм (563,3 млн. доллар) алтын экспорттолгон.

Кыргызстан экспорттогон негизги товарлар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Кыргызстан экспорттогон негизги товарлар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Жылдын толук жыйынтыгы чыкканда алтындын экспортунун өсүү темпи мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Өзүңүз байкагандай, бул чоң эле көрсөткүч жана ал жалпы экспорттун көлөмүн арбыгандай көрсөтөт.

Муну мурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев да белгиледи:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

- Биздин өндүрүш негизинен тоо-кен тармагына, анын ичинде өзгөчө Кумтөр кенине гана байланып жатат. Кумтөрдө алтын өндүрүү көбөйсө, биздин өндүрүш да өсөт. Ал жерде казууга бай кен катмары туш келип калган жылы бизде экспорт да өсөт. Быйыл да ошондой болуп, Кумтөрдө алтын көбүрөөк өндүрүлдү. Ошонун эсебинен экспортубуз өстү. Ошондуктан биз бир эле алтын кендин гана көзүн карап отура бербей, башка тармактарды да өнүктүрүшүбүз керек. Болбосо мен баягыда алты айбы, же сегиз айдынбы көрсөткүчүн алганымда, жеңил өнөр жай товарларын экспорттоо 60% төмөндөп кетти, бут кийимди экспорттоо 50% кыскарыптыр. Буга окшогон тармактардын үстүнөн өкмөт максаттуу программа менен иш алып барышы керек. Өкмөт атамекендик товар өндүрүүчүлөргө, өзгөчө экспортко ылайыкталган товар өндүрүүчүлөргө колдоосун күчөтүшү керек. Аларга жеңилдетилген насыяларды береби же Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан береби тезирээк чара көрүшү кажет.

Ооба, Улуттук статистика комитетинин эсебинде, ошол эле кийим жана кийимге тиешелүү буюмдарды экспорттоо 1,7 эсе, бут кийимдерди экспорттоо 1,7 эсе азайган. Кара металл 26,8 пайызга, жездин калдыктары 25,1 пайызга, чийки мунайзат 23,9 пайызга, ошондой эле айнек 5,2 пайыз азайган.

Мындай жагдайды өкмөт да моюнга алып жатат. Ошол себептүү бийлик жалпы өндүрүштө жана экспортто Кумтөрдөн көз карандылыктан чыгуу аракеттерин көрүп жатканын билдирет. Мында биринчиден башка алтын кендерин ишке киргизүү жана башка тармактарды колдоо.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев кайрадан кепке кошулду.

- Жалпы экспортто алтындын үлүшүн биз 30 пайыздын тегерегинде эсептейбиз. Эми ал 41 пайызды түзүп калганын мен кооптуу жагдай деп айта албайм. Ооба, келерки жылдары Кумтөрдө алтындын запасы азаят. Бирок биз анда экспорттун ордун толтуруучу башка ишканаларга колдоо кылып жатабыз. Маселен кайра иштетүүгө, Жогорку технологиялар паркын түзүп, текстил ишканаларын ишке киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Биздин экспорттук потенциал айыл чарба тармагында да бар, муну да жандантышыбыз керек. Талды-Булак сол жээктеги алтын заводу, Токмоктогу айнек заводу толук экспортко иштей баштайт. Алдыда ишке кире турган цемент заводдор да экспортко чыгат, Тажикстан менен Казакстанга көмүрдү, мунайды экспорттоону күчөтөбүз. Башкача айтканда бизде кийин алтын экспорту азайып кетсе анын ордун толуктай турган өндүрүштөр да жанданып калат.

Ал эми импорттун азайышын өкмөт алгач Кыргызстанда чет элдик товарлардын ордун толтуруучу өндүрүштөр ишке кире баштаганы менен байланыштырган. Кийинчерээк реэкспорттун кыскарышы менен түшүндүрдү.

Кыргызстан импорттогон негизги товарлар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Кыргызстан импорттогон негизги товарлар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде, 2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жалпысынан 7 миллиард 128,8 миллион доллар болгон. Мунун 1 миллиард 836,8 млн. доллары экспортко туура келет. Башкача айтканда, 2018-жылкы экспорт 2017-жылкы (1 миллиард 764,3 миллион) сандан бир аз ашкан.

Бюджет, инвестиция жана мамкарыз

2019-жылы өкмөт салык чогултуудан көп кыйналды. Ал тургай айрым ишкерлер салыкчылар алардын келерки жылдагы салыгын да жыйнап алганын даттанып жатышты. Бажы төлөмүн жыйноодо да акыбал ушундай болду. Он айдын жыйынтыгында эле салыктан 3,5 млрд. сом, бажы төлөмүнөн 4,5 млрд. сомго планга жетпей калды.

Натыйжада өкмөт 2019-жылга карата бюджет боюнча мыйзамды өзгөртүүнү парламенттен суранып, салыктык кирешелерди пландалган бюджеттегидей 117,9 млрд. сом эмес, 111,7 млрд. сом өлчөмүндө азайтып берүүнү суранды. Ортодогу 6 млрд. сомдон ашыгыраак чогултулбай калган акчаны өкмөт Кумтөрдөн түшкөн акча менен, атайын каражаттар жана трансферттерден түшкөн акча менен жапты.

Аткарылган жана пландалган бюджеттерди салыштыруу. Финансы министрлигинин маалыматы. «Азаттыктын» инфографикасы.
Аткарылган жана пландалган бюджеттерди салыштыруу. Финансы министрлигинин маалыматы. «Азаттыктын» инфографикасы.

Ноябрдын ортосунда кабыл алынган бюджет ошентип 155,3 млрд. сом киреше, 165,3 млрд. сом чыгаша менен өзгөртүлүп, жыл аяктады.

Доңуз жылында ошондой эле өкмөт тышкы инвестицияны тартууну көбөйткөнүн кабарлады. Мында да 12 айдын жыйынтыгы чыга элек, бирок тогуз айдын жыйынтыгында салыштырмалуу тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 67,3 пайызга көбөйдү жана 576,8 млн. АКШ долларын түздү. Бирок мында белгилеп койчу жагдай бул сумма салыштырылган 2018-жылдын көрсөткүчү өзү мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыраак болчу.

Мамлекеттик карыз боюнча көрсөткүчтүн декабрдагы эсебин ала элекпиз. Эгер 2019-жылдын 31-октябрына карата алсак, Кыргызстандын ички-тышкы карызы 316 млрд. 279,22 млн. сомду же 4 млрд 530,78 млн. АКШ долларын түздү.

Бирок эгер 2018-жылдын 31-октябрдагы көрсөткүчтү алса, мамлекеттик карыздын көлөмү 308 млрд. 497,99 млн. сомду же 4 млрд. 427,11 млн. АКШ долларын түзгөн. Башкача айтканда бир жыл ичинде карыздын өскөнү көрүнүп турат. Ага карабай бийлик жагдайга позитивдүү карайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы жана мурдагы экономика министрлери менен чогуу Бишкек эркин экономикалык аймагын кыдырып жүрөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы жана мурдагы экономика министрлери менен чогуу Бишкек эркин экономикалык аймагын кыдырып жүрөт.

25-декабрдагы басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков буларга токтолду.

- Сырткы карыздын туруктуу түрдө төмөндөп жатканын да айта кетишим керек. Мамлекеттик карыздын ички дүң өнүмгө карата катышы мурдагы жылы 53 пайызды түзсө, 2018-жылы 48 пайызды түздү. 2019-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ИДӨгө карата катышы 44-45% чейин төмөндөйт. Тышкы карыздар боюнча да саясатты өзгөртүп жатабыз. Биз пайда алып келе турган, айрыкча ирригацияга, жумушчу орунду түзө турган кайра иштетүү өнөр жайына, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө гана, гранттык элементтери бар насыяларды алууга аракеттерди жасап жатабыз. Билесиздер дүйнө жүзүндө андай каражаттар көп, аны издеп тапсак болот. Биздин донорлор да ушуга көңүл буруп жатышат.

2019-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 24 634,6 млн. сом жумшалды. Анын ичинде тышкы карызга – 12 962,5 млн. сом, ички карызга 11 672 млн. сом төлөндү.

Жалпы карызды тейлөөгө 2016-2017-жылдары 20 млрд. сомдон жумшалса, 2018-жылы бул сумма 23 млрд. сомдон ашкан. Бирок 2020-жылдан тарта бул дагы өсөт жана мамлекеттик бюджетке күч келе баштайт. Ушундан улам бир катар саясатчылар өкмөттүн буга даярдык көрбөй жатканын сынга алышууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев буларга токтолду.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

- 2024-жылга барып мамлекеттик карыздын максимум төлөмү жылына жарым миллиард доллардай акча төлөп турабыз. Муну бюджет көтөрө албайт. Анын ордун кайсы тармактан түшкөн киреше менен жабарыбызды өкмөт бүгүн билбейт. Эмдиги жылы, эки-үч жылдан кийин эмне болору бүдөмүк. Менин таң калганым, кыжырданганым, өкмөттүн карызды кечтирүү же узартуу бюнча иш алып барганын көрбөй жатам. Бүгүн өкмөт дегенде президентти кошо түшүнүшүбүз керек. Мына ошол өкмөт иши боюнча парламенттин, коомчулуктун алдында отчет бергенин көрбөй жатам.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан 1992-жылдан 2018-жылга чейин сырттан 10 млрд. 193 миллион доллар жардам алган. Анын 7 млрд. 320 млн. доллары насыя, 2 млрд. 873 млн. доллары грант болгон.

2020-жылга болжол

Кыргыз өкмөтү жаңы жылга карата да чоң үмүт берип, экономикалык өсүү 2019-жылдан көбүрөөк болот деп ишендирүүдө. Натыйжада ал өлкөнүн бюджетине жана жарандардын жашоосуна да оң таасир этерин билдирүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште 2020-жылга карата бюджет мыйзамын коргоо учурунда бул жылга карата макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мындайча токтолду.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- 2020-жыл да биз үчүн маанилүү жылдардан болот. Эң башкысы – биз негизги багыттарыбызбы аныктадык. Негизги параметрлерге кыскача токтолсок. 2020-жылга ИДӨнүн реалдуу өсүш темпи 5% болот, номиналдык көлөмү 667,1 млрд. сомду түзөт деп жатабыз. Инфляцияны 3,7% деңгээлден ашпайт деп жатабыз. Бюджеттин киреше бөлүгү 163,7 млрд. сом өлчөмүндө болжолдонду. 2019-жылга салыштырмалуу 8,4 млрд. сом өсүш болот. Чыгаша – 173,7 млрд. сом. 2019-жылга салыштырмалуу 8,3 млрд. сомго көбөйөт. Бюджеттин тартыштыгы 9,9 млрд. сомду түзөт. Ал көрсөткүч ИДӨгө карата 1,5% түзөт. Тартыштыкты азайтуу саясаты күчөтүлөт.

Өкмөт 2019-жылы ЕАЭБден алган жеңилдиктер жана айрым чаралар 2020-жылы Кыргызстандын экспортуна да оң таасир этет деп үмүт артууда.

Ошол эле кезде өкмөттүн эки жылдык аракетин жана жасап жаткан иштерин талдоо менен кирип келген жылдан көп секирик күтпөгөндөр да бар. Экономист Төлөнбек Абдыров колду-бутту байлаган бюрократиялык чаралар жоюлбаса, реформалар ишке ашпаса 2020-жыл деле көп жылдардын бири болоорун боолгоолойт.

Төлөнбек Абдыров.
Төлөнбек Абдыров.

- 2020-жылга экономикалык өсүш 3,5-4%дын тегерегинде эле болот. Мамлекет аракет кылбаганда күндө деле жыйынтык ушундай болот. Башкача айтканда инерция менен келе жаткан нерсе, ошол бойдон келе берет. Эгерде биз “өсөлү, мындан жакшыраак жыйынтыкка жетели” десек, анда реформаларды жасашыбыз керек. Ошондо гана өсүштөр болот, өсүү темпи кеминде 7-8% чейин чыгат, балким андан да ашыкчараак болот. Мына президент баштап, сот реформасын жандантабыз, укук коргоо органдарын, милицияны реформалайбыз деп жатышат. Мындай караганда бул экономиканын өзөгү. Себеби кримчөйрөнүн басымына кабылган, менчигин тарттырган жана соттон акыйкат көрбөгөн ишкерлер өнүкпөйт. Иштеп жаткан ишканалар, инвесторлор жабыр тартат. Натыйжада экономика да аксайт. Эгерде ушул реформалар натыйжалуу болбосо анда абал ушул бойдон калат. Ал тургай абал күндөн күнгө начарлап, ошол эле 3-4% өсүш да болбой калышы мүмкүн.

2020-жылы эң чоң саясий иш-чара катары – Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттарын шайлоо деп аталып жатат. Өкмөт өзү да, адистер да бул окуяга даярдыктар, саясий жарыштын жүрүшү жана анын жыйынтыгы да экономикага таасир этерин болжошууда. Ал таасир оң болобу, же тескери болобу кайра эле шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG