Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 19:10

Экономика

Кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" автожол өткөрмө бекетинде бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болду. 7-январь, 2020-жыл

Өткөн дем алыштан тарта кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" автожол өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду.

Айдоочулардын айтымында, буга казак тараптын эл керектөөчү товарларды жүктөп, транзит менен бараткан автоунааларга электрондук пломбу басуу тартиби себеп болду. Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги эки тараптын чек арачылары жүктү жана жүргүнчүлөрдү өткөрүүгө атайын чектөө жок, бирок Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин электрондук пломбго байланышкан текшерүүлөрү чек арада оор жүк ташуучу унаалардын тыгынын пайда кылууда деп билдирди.

Жаңы эреженин "жаңылыгы"

Кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек - Кара-Суу" автожол өткөрмө бекетинде өткөн дем алыш күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын узундугу бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болду. Кыргызстан тарабында кезек күткөн айдоочулардын алды үч аптадан бери Казакстандын чек ара көзөмөлүнөн өтө албай турушканын айтып, даттанышты.

Кыргызстандан Орусияга жүк тартып бараткан Павел аттуу айдоочу тыгындын себебин былтыр жыл соңунда казак тарабы жаңыдан киргизген чек арадан өткөрүү тартиби менен байланыштырды:

- Электрондук пломбулар жок болгондуктан, чек ара көзөмөл өткөрмөсүнөн ары коё бербей жатышкандыгын айтышууда. Бул жерде кезекте турган оор жүк ташуучу унааларды артына, кайра Кыргызстан тарапка кайтарып жатышат. Бизге мындан башка эч нерсе деп айтышкан жок. Жүк ташуучу унаалар жаңы жылга чейин чек арадан электрондук пломбусу басылбай эле кирип жатышкан болчу. Азыр эми бизге "транзиттик жүктү Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүү үчүн жүк ташуучу унааларга электрондук пломбу бастыруу керек деген жаңы эрежелер чыкты" деп, бизге эми гана эскертип жатышат. Чек аранын ары жагына чейин ошондой пломбу менен өтүшүбүз керек экен.

Пломбулар жетишпей калганда...

Кыргызстандын айдоочулары Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети текшерип, эл керектөөчү товарларды алып өтүү үчүн электрондук пломбуларды бастырууну талап кылып жатканын айтышууда.

Кыргыз-казак чек арасы. 7-январь, 2020-жыл
Кыргыз-казак чек арасы. 7-январь, 2020-жыл

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев Казакстан тараптан басылчу электрондук пломбунун жетишсиздигинен улам үч күндөн бери чек арада жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болгонун ырастады:

- Азыркы убакта "Ак-Тилек" авто жол чек ара өткөрмөсүндө жүзгө чукул оор жүк ташуучу унаалар кезекте туруп, ал жерде тыгын болуп жатат. Биздин жүк ташуучу автоунаалар Казакстандын аймагына өткөндө казак тарап аларга электрондук пломбу басышат. Анан аны Казакстан менен Орусиянын чек арасына жеткенге чейин текшерип турушат. Бул эми эл керектөөчү товарларды жүктөгөн машинелерге гана тиешелүү. Анын башка жүктөргө эч кандай тиешеси жок. Мына ошого байланыштуу өткөн дем алыш күндөрү бизде бир аз көйгөйлүү маселе пайда болду. Анткени казак тараптын айтымында, электрондук пломбулардын жетишсиздигинен чек арада топтолгон оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду. Азыркы мезгилде ошол маселени жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтарынын ортосунда жолугушуу өтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен биз оор жүк ташуучу унааларды тездетип өткөргөнгө аракет кылабыз.

Кыргызстан менен Казакстан Орусия баш болгон ЕАЭБ уюмуна мүчө. Уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында капиталдын, товарлардын жана эмгек күчүнүн эркин жүгүртүлүшү бул келишимдин негизги жобосу катары каралган. Бирок Казакстан тарап өз кезегинде кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөр менен текшерүүлөрдү "Кыргызстан аркылуу кирчү аткезчилик товарлардын агымын көзөмөлдөө аракети" деп чечмелеген жайы бар.

Казак тараптын катаал текшерүүсү

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң 2018-жылы бул маселе жөнгө салынгандай болгон. Бирок Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандан кирген жүктөрдү чек аранын ары жагында кайрадан текшере баштаганы былтыр 10-декабрдан тарта күчөгөнү белгилүү болгон.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев казак тарап чек аранын аркы жагында фискалдык текшерүү иштерин жүргүзүп, мындай текшерүүлөр оор жүк ташуучу унаалардын агымын чек арадан ылдам өткөрүүгө тоскоолдук жасап жатканын айтты:

- Эки тараптын мамлекеттик чек ара кызматтары тарабынан жүктүн жана жүргүнчүлөрдүн өтүшүнө эч кандай тоскоолдук жок. Бирок Казакстандын кирешелер боюнча мамлекеттик комитети биздин жүк ташуучу унааларды чек аранын ары жагынан текшерип жатышат. Бирок ал текшерүү чек ара тилкесинде эмес. Ары жагында. Ошондуктан казак тараптын чек арачылары "оор жүк ташуучу унааларды тез эле өткөрүп жатабыз, тигил жактан комитеттин кызматкерлери текшерип жатышат" деп айтышууда. Мына ошолор биздин жүк ташуучу машинелердин чек арадан өтүшүнө тоскоолдук келтирип жатышат. Бул маселе боюнча эки тараптын өкмөттөр ортосунда дагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Соңку эки жылдан бери кыргыз ишкерлеринин товарларын Казакстандын чек арачылары өткөрбөй койгон учурлар бир нече ирет катталды. Муну Казакстан тарап расмий түрдө бышыктабаганы менен, чек арадагы чектөөлөрдүн чыныгы себебин экономикалык талдоочулар Кыргызстан аркылуу өтчү транзиттик жүктөрдүн агымын басаңдатууга байланыштырган.

Транзиттик жүктү "Хоргоско" буруунун амалы

Казакстандын мурдагы премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Кыргызстанды чек арадагы чабал бажы көзөмөлү үчүн сындап, аткезчилик тыйылбай жаткандыгын жүйө келтирген. Буга байланыштуу 2017-жылы кыргыз-казак чек арасы бир нече күнгө жабылган. Кыргызстан аны экономикалык басым көрсөтүү катары кабыл алып, кандайдыр бир доомат болсо, чек араларда үч тараптуу бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуштаган. Айрым кыргыз дипломаттары жасалма тоскоолдуктарды Кыргызстан аркылуу өтчү эл аралык транзиттик жүктүн агымын азайтып, аны казак-кытай чек арасындагы "Хоргос" базары аркылуу алып өтүүгө багыттоо далалаты катары карашкан.

Экономика боюнча адис Айылчы Сарыбаев муну мамлекеттик деңгээлдеги экономикалык блокада катары кабыл албаган менен анын артында тымызын тиреш бар деп түкшүмөлдөдү:

- Орусия же болбосо Казакстан мамлекеттик деңгээлде Кыргызстанга ачык түрдө экономикалык басым жасай алышпайт. Анткени ошондой жол менен мамлекеттер аралык мамилени бузууга эч ким кызыкдар эмес. Ал эми эң эле негизги себеп - аларда дагы, бизде дагы эң эле кооптуу таасир эткен аткезчилик каналдары. Ал эми электрондук пломбу деген аны эч качан оозуктай албайт. Бул эми жөн эле шылтоо. Жөн эле көз жазгырмай. Аткезчиликтин өтө турган жолдору толтура. Ошондуктан бул жерде эки ортодогу акча кызыкчылыгы биринчи орунда. Мына ушул сыяктуу талаш-тартыштарды шылтоолоп, эки ортодогу кандайдыр бир маселелерди чечип алуу ыкмасы деп түшүнсөк болот.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы учурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы сегиз чек ара өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Буга чейинки чек ара инфраструктурасын жаңылоого байланыштуу эки тараптуу макулдашууга ылайык "Ак жол-Кордой" автожол өткөрмө бекети быйыл январь айынын экинчи жарымынан тарта белгисиз мөөнөткө чейин жабыла турганы мурда жарыяланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Акбекова: Балдарга так илимдерди көп окутуу керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:25 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG