Айжан Шаботева, Бишкек Өткөн аптада тажик кинорежисеру Сафарбек Солиев киноишмерлери менен жолугушту. Кыргыз драма театрынын артистери жаңы жылдык жомок көрсөтүштү. “25 кадр” журналынын демилгеси менен кыргыз драма театрында 7-декабрда рождествого арналган концерт болуп өттү.
Төрөкул Дооров, Москва. Эми назарыңыздарга «Азаттыктын» ар аптанын бейшемби күндөрү ушул убакта обого чыкчу «Тасма» программасын сунуш кылабыз. Бул жолу берүүнүн автору Төрөкул Дооров Орусиянын белгилүү режиссеру Эльдар Рязановдун «Тагдырдын тамашасы, же жеңилденишиңиз менен!» аттуу тасмасы жөнүндө айтып берет.
Төкмө акын Жеңишбек Токтобеков менен ырчы Гүлзат Байзакова жаңы жылга карата концерт өткөрүштү. “Калемгер” адабий клубунун отчеттук кечеси өттү. Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын артистери 29-30-декабрда “Жаңы жылда жаңы ырлар” атуу чоң программадагы концертин беришти.
Төрөкул Дооров, Москва. Назарыңыздарга «Азаттыктын» ар аптанын бейшемби күндөрү ушул убакта обого чыкчу «Тасма» программасын сунуш кылабыз. Бул жолу берүүнүн автору Төрөкул Дооров аяктап бараткан жылдын эң мыкты тасмалары жөнүндө айтып берет. Сиздер ошондой эле кыргыз киносунун соңку 15 жылдагы өнүгүү жолу тууралуу Жаннат Токтосунованын атайын макаласын уга аласыздар.
Кеткен жумада мамлекеттик залкар ишмер Искак Раззаковдун 95 жылдык мааракеси белгиленди. Улуттук опера жана балет театрында атактуу ырчы Болот Миңжылкиевдин эскерүү кечеси өттү. Мамлекеттик тарых музейинде “Айкөл Манас” китебинин бет ачары болду.
«Маданият күндөлүгү” берүүбүздүн бул чыгарылышынан, апта ичинде болчу маданий окуялар тууралуу маалыматтарды жана “Камбаркан” этнографиялык ансамблинин солисткасы Дилшат Кангелдиева менен болгон маекти сунуш кылабыз.
Төрөкул Дооров, Москва. Төрөкул Дооров кыргыз режиссеру Эрнис Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү» же дүйнөлүк прокатта «Саратан» деген ат менен белгилүү фильми жөнүндө айтып бермекчи. Сиздер аталган фильмде ойногон белгилүү куудул, актер Абдылда Иманкуловдун интервьюсун уга аласыздар.
Бул жума ичинде Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева аталган мамлекеттин көз карандысыздык күнүнө карата Бишкектин тургундарына жеке концертин берди. Американын Борбор Азиядагы университетинде классик акын Алыкул Осмоновдун 90 жылдыгына арналган кече өттү. Жазуучулар союзу 70жылдык мааракесин белгиледи.
Түрмөктүн бул жолку жаңы саны кезегинде ырдаган ырлары, үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен угуучулардын алкоолоруна ээ болгон Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлмайрам Момушеванын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналат.
«Бакай» корпорациясынын жетекчиси Мухаммед Ибрагимов 26 жыл бою чачылган тарууну бирден терип чогултуп, түйшүктүү ишке баш байлаган. Анын акыбети катары 10 551 кыргыздын макал-ылакап, учкул сөздөрүнөн турган китепти калкына тартуу кылды. 17-декабрда жаңы эмгектин бетачар аземи болуп өттү.
12-декабрда бир катар калемгерлер, маданият ишмерлери, окурмандар чогулуп, “Аларча” көрүстөнүндөгү Алыкул акындын күмбөзүнө гүл коюп, куран окутушту. Андан кийин Алыкул Осмоновдун үй-музейинде эскерүү кечесин өткөрүштү.
Дагы жүктөңүз