Ар бир элдин залкар шайыры жаңы ырларын, күүлөрүн чыгарууда чыгармачылыктын ар кандай толкундоолоруна туткундала, кыялданууларга бата жараткандарына күндөлүк турмушта көп эле күбө болуп жүрөбүз. Маркум Рыспай ар бир жаңы обонун жазып жатканда жалгыздыкты көксөп, өткөн-кеткендерди эстеп, обонуна тамызгы болгон тексттин тегерегинде өзүн-өзү азапка салып, удургуп, күчү жетпей баратканда көз жашын мөлтүлдөтө төгүп, бугун чыгара чыгарма жаратчу. “Эгер ал ырлар силердин да жүрөгүңөрдү козгоп ойго салса, жакшы тилегиңерге жетүүчү жолдо кызмат өтөй алса, анда көз жашым текке кетпептир, ырларым көңүлүңөрдөн түнөк тааптыр деп эсептейм” деп, ал басса-турса да айтар эле.