“Таңкы шоокум” музыкалык берүүбүздө бул жолу бразилиялыктардын карнавалдык шаан-шөкөтү тууралуу кеп кылабыз.
Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева баатыр кыздардын образдарын жаратып, ички темпераменти күчтүү актриса экенин далилдей алды.
Кыргызстанда хор искусствосуна анчейин маани берилбей келатканы тууралуу А.Жумакматов атындагы камералык хордун концертинен кийин адистер билдиришти.
Анттын куту жана куну тууралуу Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург Бексултан Жакиев ой бөлүштү.
Ооганстандын Памир өрөөнүндө бир жарым миңден ашуун кыргыз жашайт.
ОББО брэндинин негиздөөчүсү Сумсарбек Мамыралиев ишкердүүлүгүн Бишкекте чакан дүкөндөн баштаган. Кийин дүйнөдөгү эң атактуу университеттердин бирин бүтүрүп, бүгүн кыргыз модасын сүрөөнгө алууда.
Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов “Азаттыкка” курган маегинде маалыматтык коопсуздук жаатында айтып берди.
Кыргызча таптаза сүйлөгөн бул кызды караколдуктар "Биздин Маша" деп коюшат.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Борис Кубаев чет өлкөдө окуп жүргөн студенттердин абалы тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Уикипедия энциклопедиясынын түзүлгөнүнө он жыл толду. Бирок кыргыз тилиндеги макалалардын саны бир кыйла аз.
Жаш режиссер Элнура Осмоналиеванын “Дордойдон чыккан асыл таш” аттуу даректүү тасмасы коомчулуктун көңүлүн буруп, кино адистеринин баасына татыды.
Таластык коңур үндүү 74 жаштагы ардагер Койчубай Сагындыковду жакындан билгендер айылдык "Шаляпин" деп атап коюшкан.
Дагы жүктөңүз