Ыктыярчылардын бири, АКШнын Калифорния штатынан келген Брендон Шеффер кыргыз тилин 9 аптанын ичинде өздөштүргөн.
Соңку кездер наристелер көркөм дүйнөдөн оолак калып, компьютер оюндары, терс тарбия берчү кинолор гана балдарды руханий азыгы болуп калганы айтылып жүрөт.
30-майда кечкурун Казанда түрк калктарынын онунчу эларалык “Нооруз” театр фестивалы башталды. Анын ачылыш аземи Камал театрынын маңдайындагы аянтта өттү. ЭЕ/АҮ Татар-Башкыр кызматынын баяны. 30.5.11.
Жакында жаш ырчы Иса Өмүркулов Казакстандын Кустанай шаарында өткөн “Алтын микрофон” эл аралык сынакта II орунду жеңип алды. Бул сынакка Болгария, Италия, Орусия, Украинанын ырчылары да ат салышты.
19 жаштагы Бишкектик студент Борончу Чытырбаев Кыргызстандагы балдар үйлөрүндөгү абал жана андагы жеткинчектердин турмушу тууралуу кыска даректүү тасма тарткан.
30-майда Тажикстандын Кожент шаарында В.И.Лениндин бийиктиги 23 метр болгон эстелиги алынып салынды. Эми анын ордуна Саманийлер сулалесинин негиздөөчүсү Ысмайыл Саманиге арналган эскерүү жайы тургузулмакчы. ЭЕ/АҮ Тажик кызматы. 2011.
25-майда Амурдагы Комсомольск шаарында байырлаган татарлар алыскы Казан шаарынан келген конокторду салтанат менен кабыл алышты. Коноктордун арасында Бүткүл дүйнөлүк Татар Конгрессинин жетекчиси Ринат Закиров да болду. ЭЕ/АҮ Татар-Башкыр кызматынын сүрөт баяны. 25.5.2011.
Түрмөктүн бүгүнкү чыгарылышында ырчы Асылбек Өзүбековдун репертуарындагы «Фаридам» деп аталган ырдын тарых-таржымалы туурасында сөз болот.
“Шырылдаң” берүүcүнүн мейманы - гитарчы Темиралы Кунашов. Ал эч кандай музыкалык билими жок туруп, өз алдынча нотаны өздөштүрүп, отуз жыл аралыгында гитараны профессионалдык деңгээлде черткенге жетишкен.
Ооганстандын Мазари Шариф шаарынын ортосунда ажайып бир жай бар. Ал Көк Мечит комплекси.
Китеп жана китепканалардын орду, ролу туурасында акын, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты Абдырашит Урбаев “Азаттыкка” ой бөлүштү.
Өкмөткө караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкулов “Азаттыкка” маек курду.
Дагы жүктөңүз