Белгилүү опера ырчысы, кыргыз эл артисти Сталбек Алмасбеков өзү жетектеген вокалдык квартети менен Нарындын Чаек айылына барып айылдыктарга чакан концерт тартуулады. Квартет жалаң жаштардан куралган. Анда Талант Токомбаев, Орозбек Бакытов, Тынчтык Байдылдаев жана Сталбек Алмасбеков бар. Опера ырчыларын эл абдан жакшы кабыл алып, кайра-кайра суранып ырдатышты. (Жанар Акаев, Мирлан Токталиев)