Буга чейин эл арасына кеңири тараган “илгерки кыргыздар бийлеген эмес” деген түшүнүктү “Кара жорго” деген бир гана ыр-бий жокко чыгарды.
21-январда, мурдагы советтик расмий тил менен айткандай, дүйнөлүк пролетариаттын көсөмү Владимир Ильич Лениндин келбес сапарга аттанганына туура 90 жыл толду. "Азаттыктын" кабарчысы шаар тургундарынын айрымдарына кайрылып, "Ленин ким, билесиңби?" деген суроо узатты.
21-январда, мурдакы советтик расмий тил менен айткандай, дүйнөлүк пролетариаттын көсөмү Владимир Ильич Лениндин келбес сапарга дүйнө салганына туура 90 жыл толду. Лениндин көсөмдүк сөздөрү орундалдыбы? Аны экс-советтик өлкөлөрдүн мектеп окуучулары билишеби?
Кыргыз мамлекетинин алгачкы өкмөт башчысы Баялы Исакеевди кызы Лариса Исакеева эскерет.
Жыл сайын Италияда өтүүчү Саймачылардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмө фестивалы быйыл да сентябрь айында он бешинчи ирет Валтопина шаарында өткөн атат. Ага Кыргызстандан биринчи жолу саймачы Нагима Аламанова катышмакчы.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Акыркы жылдары кавказ элдерине таандык лезгинка бийи жаштар арасында кеңири кулач жаюуда. Лезгинка ансамблдерде кыргыз балдар дагы мыкты бийчи экендиктерин көргөзүп келишет.
Композитор Исрадин Аманбаевдин чыгармачылыгы жана анын бүгүнкү маданият менен көркөм өнөрдөгү оош-кыйыштарга карата көз карашы.
Ольга Мануйлова советтик Кыргызстанда жалгыз айкелчи аял болгон. Азыркы күндө да бул кесипти аркалаган аялдар аз.
Бишкектин чок ортосундагы Ольга Мануйлова жашап, узанган үй - музей. Ольга Мануйлова советтик Кыргызстандагы аялдардын ичинен чыккан алгачкы жана жалгыз айкелчи. СССРде согушта курман болгондорго арналган эстеликти да эң алгачкы болуп жасаган.
Кыргыз республикасынын эл артисттери Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаеванын сахнада жүргөнүнө 60 жылга чукулдады.
Дагы жүктөңүз