Бишкек шаарында төрт шахматчыны тарбиялаган Сьездбек Таштакеевдин үй-бүлөсү бар. Кичинесинен шахмат ойноону үйрөнгөн бир туугандар өзү теңдүүлөр арасында Бишкектин, Кыргызстандын чемпиондуктарын утуп, Азиялык, дүйнөлүк биринчиликтерге катышып Кыргызстандын намысын коргоп келишет.
Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тургунбек Бекболотовдун сөөгү бүгүн кичи мекенинде жерге берилди. Адабиятка кечигип келип, бирок аз жыл аралыгында поэзия күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө татыган акын 66 жаш курагында оорудан улам 23-декабрда дүйнө салган.
Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын директору Александр Кулинскийге карата Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.
Чыгармачыл жубайлар Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшев кырк жылдан ашуун убакыттан бери өнөрдө да, үй-бүлөдө да эриш-аркак болуп, угармандардын руханий дүйнөсүн аруулап келет.
Чыгармачыл жубайлар Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшев кырк жылдан ашуун убакыттан бери өнөрдө да, үй-бүлөдө да эриш-аркак болуп, сахна төрүнөн түшпөй угармандардын руханий дүйнөсүн асылдантып келе жатат.
11-декабрда Брюсселдеги орус элчилигинин маданий борборунда Чыңгыз Айтматовго арналган көргөзмө ачылды.
Акыркы мезгилде залкар манасчылар Сагынбай Орозбак уулунун, Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Манас" эпосунун академиялык басылмалары, Жусуп Мамайдын Манастын сегиз мууну тууралуу китептери жарык көрдү. Окумуштуулар жалпы жонунан аталган эпостун сексенге жакын варианты бар экенин айтып келишет.
Ош: арканда баскан дарчылар
Дагы жүктөңүз