Бронислав Залесский 1820-1880-жылдары жашаган поляк адамы, сүрөтчү, саякатчы десе болот. Ал 1865-жылы Парижде чыгарган: “Кыргыз талаасындагы өмүр” аттуу китеби менен Европада белгилүү болгон. Ага чейин, студент кезинен эле революциялык толкунга катышканы үчүн азыркы Казакстандын Оренбург тарабына аскердик сүргүнгө айдалат. Ал жерде убакытты өткөрүү үчүн, офорттук ыкма менен 22 сүрөттү жараткан.
Ирактын Басра шаарындагы Маданият жана көркөм өнөр сарайында жайгашкан тарыхый мурастар музейиндеги экспонаттардын көпчүлүгүн ирактык атуулдар топтоп беришкен. 29.3.14. ЭЕ/АҮ Ирак кызматы.
Ысык-Көл облусунун күңгөй жээгинде кыштын кыраан чилдесинде таң атпай көлгө түшүп, саламаттыгын чыңдагандар бар. Алардын бири, жай-кыш дебей 12 жылдан бери таң эртелеп муздак сууга түшүп келаткан Вера Дубавскованы аймактык кабарчыбыз Мария Колесникова өз көзү менен көрүп, кеп-кеңешин угуп келди.
Иван Айвазовскийдин эмгеги Бишкекте гана эмес, Ташкенде дагы уурдалды. Өзбек музейлеринен бир нече кыл калем чеберлеринин эмгектери Женевадагы Гүлнара Каримованын үйүнөн жана Москвадагы аукциондо табылган. Өзбек сүрөткерлери шедеврлерди уурдоого музейлердин кызматкерлери аралашканын айтышууда.
21-марттагы Нооруз салтанаты Бишкектин борбордук аянтында түрдүү оюн-зооктор, спорттук мелдештер менен коштолду. (Видеого "Кыргыз руху" тобунун "Жаз майрамы" аттуу ыры колдонулду) (Дастан Үмөттегин)
Нооруз (Улустун Улуу күнү) бир катар чыгыш элдеринде, анын ичинде пост-советтик Борбордук Азияда кеңири майрамдалды. 21-22.3.2014.
Быйылкы жазда эл кандай кийинет, кандай түстөргө басым жасалат деген суроо мода агымы менен жүргөндөрдү түйшөлтсө керек. Анткен менен ар бир адам өз табитине ылайык кийим тандайт эмеспи. Кабарчыбыздын Бишкектин көчөлөрүнөн тарткан сүрөттөрүнөн борбор калаа тургундары ар түрдүү кийинээрин көрүүгө болот. (Медина Талипбекова)
Италияга баратып, үч жыл мурун 22 жашында Орусиядан каза тапкан сүрөтчү, маркум Жылдыз Заркунованын көргөзмөсүн апасы Жыргал Молдакматова Рим шаарында өткөрдү.
12-мартта Чехияда жыл сайын өтүүчү “Бир дүйнө” кинофестивалы жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр сыйланып, көрүүчүлөр дүйнөнүн ар тарабындагы адилетсиздик, адам укуктары, жумушсуздук, жашоо-турмушту жакшыртууга болгон умтулуунун учкундарын көрө алышты.
Бишкекте, Сибир жана Орто Азия ырчылары “Биримдикти ойготуу” аттуу этнографиялык ырлардын концертин беришти. Ырчылар аймактар ортосундагы маданий байланышты чыңдап, руханий күлазык берүү максатын күчөтүүнү көздөшүүдө.
Кыргызстандык жаш сүрөтчү, маркум Жылдыз Заркунованын эңсеген кыялы ишке ашып, эмгектери Италияда өткөн көргөзмөгө коюлду. Жылдыз бир нече жыл мурда дал ушул көргөзмөсүн өткөрүү үчүн Италияга баратканда Орусиядан киши колдуу болгону айтылган. 22 жашында көз жумган Жылдыз Заркунова компьютерлик графикада иштеген алгачкы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эң бир көрүнүктүүсү да, эң жашы да болуп калды. Ал жүздөн ашык эмгектин автору.
Адамдын жүзү, көзү анын ким экенинин, жаш курагынын жана ички дүйнөсүнүнүн бир бөлүгүнүн чагылышы. Бул чагылышты Бишкек шаарындагы айрым адамдар аркылуу көрсөттүк. (Дастан Үмөттегин)
Дагы жүктөңүз